Загрузка документа…
|
| |
|
| Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 448 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларына мамлекеттик дотация берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 98 токтомунун редакциясына ылайык)
Бул Жобо "Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 7-беренелерине ылайык иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларына мамлекеттик дотация берүүнүн тартибин жана шарттарын аныктайт.
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо расмий статусу бар үрөнчүлүк чарбаларына артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн өндүрүү жана сатуу үчүн республикалык бюджеттен мамлекеттик дотация берүүнүн тартибин белгилейт.
2. Дотациялануучу үрөндөрдү берүү үчүн үрөнчүлүк чарбасын тандоодо негизги критерийлер болуп төмөнкүлөр саналат:
- белгиленген тартипте ыйгарылган үрөнчүлүк чарбасы статусунун болушу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында салыктык жана ижаралык төлөмдөр жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын жоктугу, ошондой эле бюджеттик кредиттер боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыздарынын жоктугу;
- Кыргыз Республикасында кабыл алынган схемаларга ылайык, "Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде сортту жаңыртууну жана сортту алмаштырууну жүргүзүү;
- сорттордун жана гибриддердин үрөндөрүн өндүрүү үчүн үрөндүк айдоо аянттарынын түзүмүндө Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга жол берилген өсүмдүктөрдүн сортторунун жана гибриддеринин мамлекеттик реестрине (мындан ары - Мамреестр) киргизилген артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн, ошондой эле үрөндөрдү, көчөт материалдарын сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматы боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнүн тартыш жана перспективдүү сортторунун болушу;
- үрөндөрдү, көчөт материалдарын сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адистери жүргүзгөн талаа инспекциясынын жыйынтыгы боюнча айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган, натуралдык көрсөткүчтөрдөгү (тонна), жогорку сорттук жана себүү сапаттарына ээ артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификатталган үрөндөрүнүн көлөмүнүн болушу;
- алуучуларга артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификатталган жана кара көсө илдетине каршы дарыланган үрөндөрдү берүүнүн камсыз кылынышы;
- дарыланган үрөн материалынын белгиленген үлгүдөгү этикеткасы бар тарада берилиши.
2. Квоталарды аныктоонун жана бөлүштүрүүнүн тартиби
3. Артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттук сертификатталган үрөндөрүнө квоталарды аныктоо айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максаттарына жараша жүзөгө ашырылат.
Артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттук оригиналдуу (суперэлиталык) үрөндөрүнүн түрлөрү боюнча сорттук сертификатталган үрөндөргө квота бөлүүгө айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген сорт жаңыртуунун жана сорт алмаштыруунун жылдык планынын негизинде биринчи топтогу статуска ээ үрөнчүлүк чарбалары үчүн гана жол берилет.
4. Айылдык аймактардын керектөөлөрүн эске алуу менен аларга үрөндөрдүн квоталарын бөлүштүрүүнү жана дотациялык үрөндөрдү берүү үчүн үрөнчүлүк чарбаларын аныктоону жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысынын чечими менен жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын айыл чарбасын тейлеген орун басарынын төрагалыгы астында, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын начальнигинин, үрөндөрдү, себүү материалдарын сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, айыл өкмөтүнүн (макулдашуу боюнча) жана райондук социалдык коргоо башкармалыгынын өкүлдөрүнүн курамында түзүлгөн райондук комиссиялар жүзөгө ашырат.
Райондук комиссиянын жыйналышы 3 мүчөдөн кем эмеси катышкан учурда укуктуу болуп эсептелет.
5. Төмөнкү учурларда квота чакыртып алынышы жана башка үрөнчүлүк чарбасына берилиши мүмкүн:
- Кыргыз Республикасынын айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнчүлүгү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттук үрөндөрүн өндүрүү технологиясын бузууларды аныктоо;
- артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн себүү жана сорттук сапаттарын бурмалоо;
- үрөн материалынын документтерин бурмалоо.
3. Үрөндөрдү сатуу бааларын эсептөө методикасы
6. Айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (мындан ары - УСК) тарабынан берилген өсүмдүк чарбасынын продукциясына өндүрүүчүнүн орточо баасынын негизинде ушул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттөргө ылайык ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн акчалай сорттук үстөктөрдү эске алуу менен артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн биринчи муундагы сортторунун жана гибриддеринин оригиналдуу (суперэлита), элиталык, биринчи жана экинчи репродукциядагы үрөндөрүнө сатуу бааларын аныктайт.
7. Артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн дотациялык үрөндөрүн сатуу үчүн сатуу бааларын аныктоодо өсүмдүк чарбасынын продукциясына өндүрүүчүнүн орточо баалары негиз катары алынат:
- жазгы себүү үчүн - өткөн жылдын декабрындагы;
- күздүк себүү үчүн - ушул жылдын июнундагы.
8. Артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү боюнча акчалай сорттук үстөктөр төмөнкү таблицага ылайык белгиленет:
Репродукция | Акчалай сорттук үстөк (УСКнын маалыматтары боюнча өндүрүүчүнүн орточо бааларына карата пайыз менен) |
Суперэлита | 150 |
Элита | 100 |
Биринчи репродукция | 80 |
Экинчи репродукция | 70 |
4. Дотациялык үрөн алууга айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн өтүнмөлөрүн кароо тартиби
9. Айыл чарба товар өндүрүүчүсү дотациялык үрөн алууга жана мамлекеттик дотацияны берүүгө өзүнүн байланыш маалыматтарын (почта дарегин, телефонун, электрондук почтасынын дарегин) көрсөтүү менен райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына өтүнмө берет.
Айыл чарба товар өндүрүүчүсү өтүнмөгө түп нускаларын жеринде берүү менен төмөнкүдөй документтердин көчүрмөлөрүн тиркейт:
1) жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн: ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ, ИСН;
2) юридикалык жактар үчүн: юридикалык жак катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк, устав, жетекчини дайындоо жөнүндө чечим, жетекчинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ жана ИСН;
3) жер участогунун бар экендигин ырастоочу документ (укук белгилөөчү жана/же укук күбөлөндүрүүчү документтер жана/же ижара келишими). Аталган документтердин көчүрмөлөрү юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
"Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу документтерди алуу мүмкүнчүлүгү болгон учурда ушул пунктта саналган документтерди талап кылуу жокко чыгарылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 98 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн өтүнмөлөрүнүн тизмесин түзөт жана аларды ушул Жобонун 9-пунктунда көрсөтүлгөн зарыл документтерди тиркөө менен 2 жумуш күндөн кечиктирбестен райондук комиссиянын кароосуна өткөрүп берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 98 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Райондук комиссия айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнөн келип түшкөн өтүнмөлөрдү карайт жана дотациялык үрөн алуучулардын тизмесин бекитүү жөнүндө чечимди арыз берилген күндөн тартып 5 жумуш күндөн кечиктирбестен кабыл алат.
Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн өтүнмөлөрүн жактыруу жана аларды дотациялык үрөн алуучулардын тизмесине киргизүү жөнүндө чечим кворум болгондо көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 98 токтомунун редакциясына ылайык)
12. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-февралындагы N 98 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
13. Райондук комиссия үрөн алуучунун катышуусунда ар бир айыл аймагы боюнча үрөн себүү фактысын текшерүүгө укуктуу, бул тууралуу үрөндү максаттуу пайдалануу жөнүндө эки нускада акт түзүлөт, алардын бири үрөн алуучуда калат, экинчиси райондук комиссияга жиберилет.
Райондук комиссия алуучу тарабынан үрөндү максатсыз пайдалануу фактысы аныктаган учурда бул алуучу республикалык бюджеттин эсебинен дотациялануучу үрөндөрдү андан ары сатып алуу укугунан ажыратылат.
5. Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотацияларды берүүгө өтүнмөлөрдү кароо тартиби
14. Мамлекеттик дотация төмөнкүлөр үчүн багытталат:
- артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн оригиналдуу (суперэлита) үрөндөрүн өндүрүүнү жана сатууну жүзөгө ашырган үрөнчүлүк чарбалары;
- сортторду жаңыртууну жана сорт алмаштырууну жүргүзүү максатында "Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык үрөндөрдү, көчөт материалдарын сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлүүчү Мамреестрге киргизилген элитанын жана биринчи репродукциядагы сорттук үрөндөрдү, ошондой эле артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн гибриддеринин биринчи муундагы үрөндөрүн өндүрүүнү жана сатууну жүзөгө ашырган биринчи топтогу үрөнчүлүк чарбалары;
- Мамреестрге киргизилген биринчи жана экинчи репродукциядагы сорттордогу артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификатталган үрөндөрүн өндүрүүнү жана сатууну жүзөгө ашырган экинчи топтогу үрөнчүлүк чарбалары.
Мамлекеттик дотация артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификатталган үрөндөрүн айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө берүү боюнча милдеттенмелерди толук көлөмдө аткарган үрөнчүлүк чарбаларына төлөнөт.
15. Үрөнчүлүк чарбаларына мамлекеттик дотация сатылуучу оригиналдуу (суперэлита) жана элиталык үрөндөрдү, артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн биринчи муундагы сортторун жана гибриддерин биринчи жана экинчи репродукциядагы үрөндөрүн өндүрүүгө чыгымдардын наркынын 30 пайызы көлөмүндө берилет.
16. Үрөнчүлүк чарбаларынан үрөндөрдү сатып алууга тиешелүү келишимдерди түзгөн айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү, ошондой эле түзүлгөн келишимге ылайык артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн оригиналдуу (суперэлита) үрөнүн өндүрүүнү жана сатууну жүзөгө ашырган үрөнчүлүк чарбаларынан жана биринчи топтогу үрөнчүлүк чарбаларынан дотациялык үрөн сатып алуучу үрөнчүлүк чарбалары дотациялык үрөндөрдү алуучулар болуп саналат.
17. Үрөнчүлүк чарбасына дотациялык каражаттарды берүү жер участогунун жайгашкан жери боюнча райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына өзүнүн байланыш маалыматтарын (почта дарегин, телефон, электрондук почтасынын дарегин) көрсөтүү менен өтүнмө берилген шартта жүзөгө ашырылат.
18. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-февралындагы N 98 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
19. Артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн өндүрүүнү жана сатууну жүзөгө ашырган үрөнчүлүк чарбалар өтүнмөгө үрөн берүү боюнча төмөнкүдөй документтерди тиркейт:
1) төмөнкүдөй документтердин көчүрмөлөрүн:
- жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн: ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ, ИСН;
- юридикалык жактар үчүн: юридикалык жак катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк, устав, жетекчини дайындоо жөнүндө чечим, жетекчинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ жана ИСН;
2) төмөнкүлөрдү ырастоочу документтердин түп нускаларын:
- үрөндүн сапатын жана билдирилген көлөмүнүн болушун;
- үрөндү өндүрүү чыгымдарын;
- салык төлөмдөрү, камсыздандыруу төгүмдөрү жана бюджеттик кредиттер боюнча карыздардын жоктугун.
"Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу документтерди алуу мүмкүнчүлүгү болгон учурда ушул пунктта саналган документтерди талап кылуу жокко чыгарылат.
Берилген документтердеги маалыматтардын аныктыгы үчүн үрөнчүлүк чарбасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-февралындагы N 98 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы өтүнмө келип түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күндөн кечиктирбестен өтүнмөнү жана тиркелген документтерди райондук комиссиянын кароосуна жиберет.
21. Райондук комиссия документтердин топтому менен өтүнмө келип түшкөн күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде дотациялык каражаттарды берүү жөнүндө маселени карайт.
Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин райондук комиссия өтүнмөнү жактыруу жөнүндө чечимди кабыл алат жана арыз ээсине дотациялык каражаттарды берүү жөнүндө кабарлайт.
Үрөнчүлүк чарбасынын дотациялык каражаттарды берүүгө өтүнмөсү четке кагылган учурда, райондук комиссия баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим чыгарат, бул жөнүндө арыз ээсине жазуу жүзүндө кабарлайт.
Өтүнүчтү четке кагуу үчүн негиз болуп ушул Жобонун 17-19-пункттарында берилген ченемдерди сактабоо, ошондой эле берилген документтерди бурмалоо эсептелет.
Баш тартуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
22. Райондук комиссия кабыл алган чечимдин негизинде үрөнчүлүк чарбасы менен үрөндөрдү, себүү материалдарын сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосунда мамлекеттик дотация алууга тиешелүү келишим түзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-февралындагы N 98 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Мамлекеттик дотация берүүнүн тартиби
23. Үрөнчүлүк чарбасы алуучуга дотациялык үрөндөрдү бергенден кийин райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына мамлекеттик дотация алуу үчүн райондук комиссиянын кароосуна төмөнкү документтерди берет:
- берилген дотациялык үрөндөрдү акыркы алуучулардын тизмесин;
- айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен үрөнчүлүк чарбасынын ортосунда түзүлгөн келишимдин көчүрмөсүн;
- үрөнчүлүк чарбасы менен дотациялык үрөндү алуучулардын ортосунда түзүлгөн келишимдердин көчүрмөлөрүн;
- дотациялык үрөндү ар бир алуучуга продукциянын көлөмүн жана бирдиги үчүн баасын көрсөтүү менен товардык-транспорттук коштомо кагаздардын көчүрмөлөрүн.
24. Райондук комиссия көрсөтүлгөн документтерди 5 жумуш күндүн ичинде карайт. Жактырылган учурда документтер райондук комиссиянын төрагасы тарабынан бекитилет жана ошол эле күнү үрөндөрдү, себүү материалдарын сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
Документтер жактырылбаган учурда райондук комиссия четке кагуу жөнүндө жүйөлүү чечимди кабыл алат жана бул жөнүндө үрөнчүлүк чарбасына жазуу жүзүндө кабарлайт.
Документтерди жактырбоо үчүн негиз болуп ушул Жобонун 22 жана 23-пункттарынын ченемдеринин талаптарын сактабоо жана/же берилген документтерди бурмалоо саналат.
Берилген документтерди жактыруудан баш тартуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
25. Үрөндөрдү, себүү материалдарын сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Жобонун 23-пунктуна ылайык документтер болгон учурда аларды айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мамлекеттик дотация алууга үрөнчүлүк чарбасынын документтеринин тизмегин жактыруу жана бекитүү жөнүндө райондук комиссиянын чечими келип түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күндөн кечиктирбестен жиберет.
Документтерди бурмалоо жана/же документтердин толук эмес топтомун берүү фактылары аныкталган учурда үрөндөрдү, себүү материалдарын сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган райондук комиссиянын чечими келип түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күндөн кечиктирбестен кайтаруунун себептерин көрсөтүү менен келип түшкөн документтерди кайтарып берет.
Райондук комиссия документтер келип түшкөн күндөн тартып 3 жумуш күндөн кечиктирбестен кайтарып берүүнүн себептерин четтетүүгө жана үрөндөрдү, себүү материалдарын сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын дарегине документтерди кайрадан жөнөтүүгө тийиш.
26. Үрөндөрдү, себүү материалдарын сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын документтерин алгандан кийин айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси үч жумуш күндүн ичинде берилген үрөндөрдүн иш жүзүндөгү көлөмү боюнча мамлекеттик дотацияны төлөө жөнүндө чечим кабыл алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-февралындагы N 98 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Үрөнчүлүк чарбаларына мамлекеттик дотацияны төлөө айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул Жобонун 26-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик дотацияны төлөө жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып ушул жылга республикалык бюджетте ушул максаттарга каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат.
28. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-февралындагы N 98 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотацияларды алуучулар үчүн маалыматтарды алуу мүмкүндүгүн камсыз кылуу
29. Айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгиленген тартипте бекитилгенден кийин 15 календардык күндүн ичинде өзүнүн расмий сайтына төмөнкү документтерди жайгаштырат:
1) тиешелүү жылга сортту жаңыртуу жана сорт алмаштыруу планын;
2) дотациялык үрөндөрдү түрлөрү жана репродукциялары боюнча сатуу бааларын бекитүү жөнүндө буйрукту;
3) облустар боюнча дотацияга бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын жана берилген дотациялык үрөндөрдүн көлөмү жана пайдаланылышы жөнүндө жылдык отчетту.
Дотациялык каражаттарды алуу үчүн айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн жана үрөнчүлүк чарбаларынын өтүнмөлөрүн кабыл алуунун башталгандыгы жөнүндө кулактандыруулар айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын сайттарына жайгаштырылат:
- жаздык өсүмдүктөр үчүн - ушул жылдын 1-ноябрынан кечиктирбестен;
- күздүк өсүмдүктөр үчүн - ушул жылдын 1-июлунан кечиктирбестен.
30. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар райондук комиссиялар тарабынан бекитилгенден кийин 15 календардык күндүн ичинде өздөрүнүн расмий сайттарына төмөнкү документтерди белгиленген тартипте жайгаштырат:
1) өзүнүн районундагы дотациялык үрөндү алуучулардын тизмесин;
2) дотациялык үрөндөрдү берүү үчүн тандалып алынган үрөнчүлүк чарбаларынын тизмесин;
3) өзүнүн районундагы айыл аймактары боюнча дотациялык үрөндөрдүн иш жүзүндө сатылган көлөмү жөнүндө жылдык отчетту.
8. Форс-мажордук жагдайлар
31. Үрөнчүлүк чарбаларынын жана дотациялык үрөндөрдү алуучулардын милдеттенмелерди аткарууга объективдүү тоскоолдук кылган ал жеткис күчтүн жагдайлары пайда болгон учурда дотациялык үрөн алуучуларга келтирилген зыяндын ордун толтуруу шарттары үрөнчүлүк чарбасы менен дотациялык үрөндөрдү алуучулардын ортосунда түзүлгөн келишимде эскертилет.