Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 12-августу № 446
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-октябрындагы № 709 "Электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасынын иштөөсүн камсыз кылуу, санариптештирүү чөйрөсүндөгү долбоорлорду илгерилетүү максатында, "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги "Электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасы" маалыматтык системасын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-октябрындагы № 709 "Электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасы электрондук төлөмдөр системасынын техникалык оператору болуп аныкталсын.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасы жөнүндө жободо:
- 3-пунктунун үчүнчү абзацындагы "түшкөн акчанын администраторлору" деген сөздөр "каражаттарды алуучулар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пунктунда:
экинчи абзацындагы "түшкөн акчанын администратору" деген сөздөр "каражаттарды алуучу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- электрондук төлөмдөр системасынын техникалык оператору - электрондук төлөмдөр системасын техникалык коштоо жана тейлөө функцияларын жүзөгө ашырууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген юридикалык жак.";
- 5-пунктундагы "монополияга каршы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча аткарылуучу иштердин жана көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтерине (бааларына)" деген сөздөр "аткарылуучу иштердин жана көрсөтүлүүчү кызматтардын ал тарабынан белгиленген тарифтерине (бааларына)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 8-пунктунун бешинчи абзацындагы, 9-пунктунун экинчи абзацындагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "түшкөн акчанын администратору" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "каражаттарды алуучу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10-пунктунун биринчи абзацындагы "түшкөн акчанын администратору" деген сөздөр "каражаттарды алуучу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 11-пунктунда:
экинчи абзацындагы "(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине (тизмегине) ылайык)" деген сөздөр алып салынсын;
төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 12-пунктунун үчүнчү жана төртүнчү абзацтарындагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "келип түшкөн акчанын администратору" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "каражаттарды алуучу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 13-пунктунда:
бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- каражаттарды алуучунун коду;";
төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- төлөмдүн коду;";
- 14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14. Кызмат көрсөтүүлөргө төлөөнү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча электрондук төлөмдөр системасы тарабынан автоматтык түрдө билдирүү түзүлөт, ал дароо төмөнкүлөргө жөнөтүлөт:
- төлөөчүгө - төлөм системасынын операторунан электрондук дарегине маалыматтардын тизмегин камтыган билдирүү түрүндө;
- төлөм системасынын операторуна - төлөм системасынын операторунун маалыматтык системасынын интерфейси аркылуу ушул Жобонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтардын тизмегин камтыган электрондук билдирүү түрүндө;
- каражаттарды алуучуга - электрондук маалымат алмашууну камсыз кылуучу API протоколу аркылуу ушул Жобонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтардын тизмегин камтыган электрондук билдирүү түрүндө.";
- 15-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- төлөмдүн кодун;";
- 17-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17. Каражаттарды алуучуларды электрондук төлөмдөр системасына туташтыруу, ошондой эле каражаттарды алуучунун төлөм системасынын техникалык оператору менен техникалык өз ара аракеттенүүсү өз ара келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 18-пункт менен толукталсын:
"18. Төлөм системасынын оператору операциялык күн аяктагандан кийин, бирок кийинки күндүн 10 саат 30 мүнөтүнөн кечиктирбестен электрондук төлөмдөр системасынын техникалык оператору тарабынан берилген төлөм реквизиттерине ылайык мурунку операциялык күн үчүн кабыл алынган төлөмдүн каражаттарын алуучунун пайдасына которот.".
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 23-августундагы № 76 жарыяланды
Председатель Кабинета Министров Кыргызской Республики |
| А.У.Жапаров |