Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-октябры № 709
Электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 446 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго кырк кадам" программасын ишке ашыруу максатында, "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасы электрондук төлөмдөр системасынын техникалык оператору болуп аныкталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 446 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул токтом 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга тийиш.
Премьер-министри | С. Исаков |
Тиркеме
Электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасы жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 446 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн жеке жана юридикалык жактардын төлөмдөрү жана республикалык же жергиликтүү бюджеттердин пайдасына башка төлөмдөрдү төлөө жөнүндө электрондук төлөмдөр системасынын катышуучуларынын ортосундагы маалымат алмашуу үчүн арналган электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасынын (мындан ары - электрондук төлөмдөр системасы) иштөө тартибин регламенттейт.
Электрондук төлөмдөр системасын түзүүнүн негизги максаты мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн (мындан ары - кызмат көрсөтүүлөр) сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, алар үчүн төлөөнүн ыңгайлуулугун жана оперативдүүлүгүн камсыздоо болуп саналат.
2. Ушул Жободо төмөнкүлөр аныкталат:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар үчүн төлөөгө зарыл болгон маалыматтардын тизмеги, ошондой эле башка төлөмдөрдү жүргүзүү, анын ичинде төлөнүүгө тийиш болгон сумма, мындай маалыматты алуунун жана берүүнүн тартиби;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар үчүн төлөнгөндүгүн ырастаган маалыматтардын тизмеги, ошондой эле башка төлөмдөрдү жүргүзүү, анын ичинде төлөнгөн суммасы, мындай маалыматта алуунун жана берүүнүн тартиби;
- электрондук төлөмдөрдүн системасына жетүү тартиби.
3. Электрондук төлөмдөрдүн системасы төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- төлөм системасынын туташкан операторлорунун инфраструктурасында ар кандай төлөм инструменттерин колдонуу менен кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөнүн ыкмаларын тандоо мүмкүнчүлүгүн берүү;
- каражаттарды алуучулар, төлөм системасынын операторлору менен интеграциялоо жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө процессинде төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүү;
- төлөм жол-жобосу башталганга чейин төлөм жүргүзүү үчүн төлөө өлчөмү жөнүндө маалыматты төлөөчүгө берүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 446 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Электрондук төлөмдөр системасынын катышуучулары:
- каражаттарды алуучу - акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдү берген мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы;
- төлөөчү - берилген кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөгөн жеке же юридикалык жак;
- төлөм системасынын оператору - төлөм системасынын тибине жана категориясына жараша Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы/каттоосу бар юридикалык жак, ал электрондук төлөм системасынын иштешин камсыз кылат жана электрондук төлөмдөр системасында катышуу жөнүндө электрондук төлөмдөр системасынын техникалык оператору менен келишим түзөт, ага ылайык оператор жана электрондук төлөмдөр системасынын катышуучулары өз ишин ушул жобого ылайык электрондук төлөмдөр системасынын алкагында жүргүзүүгө милдеттенишет;
- электрондук төлөмдөр системасынын техникалык оператору - электрондук төлөмдөр системасын техникалык коштоо жана тейлөө функцияларын жүзөгө ашырууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген юридикалык жак.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 446 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Электрондук төлөмдөр системасынын техникалык оператору аткарылуучу иштердин жана көрсөтүлүүчү кызматтардын ал тарабынан белгиленген тарифтерине (бааларына) ылайык электрондук төлөмдөр системасынын техникалык коштоосу жана тейлөөсү үчүн төлөөчүлөрдөн акы ала алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 446 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Электрондук төлөмдөр системасынын иштөө тартиби жана катышуучулардын милдеттери
6. Төлөм системасынын операторлорунун электрондук төлөмдөр системасына туташуу ыктыярдуу түрдө, электрондук төлөмдөр системасынын техникалык оператору менен төлөм системасынын операторлорунун ортосунда түзүлгөн электрондук төлөмдөр системасына туташуу жана андагы маалыматтык ресурстарды колдонуу жөнүндө келишимдердин (макулдашуулардын) негизинде жүргүзүлөт.
7. Электрондук төлөмдөр системасы мамлекеттик жана муниципалдык маалыматтык системалар менен өз ара аракеттенет.
8. Электрондук төлөмдөр системасынын техникалык оператору электрондук төлөмдөр системасын иштетүү максатында:
- электрондук төлөмдөр системасынын техникалык коштоосун жана тейлөөсүн камсыз кылат;
- төлөм системасынын операторлорунун жана төлөөчүлөрдүн ортосунда кызмат көрсөтүүлөр үчүн зарыл болгон маалыматтык-технологиялык өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;
- төлөм системасынын операторлорун электрондук төлөмдөр системасына туташуусун камсыз кылат;
- электрондук төлөмдөр системасынын алкагында маалымат берүүнүн форматтарын аныктайт, анын ичинде: төлөм реквизиттериндеги маалыматтардын форматтарын; төлөм системасынын операторлорунун төлөм жөнүндө маалымат берүү форматын; төлөөгө буйрук берүүнүн маалыматын камтыган төлөм системасынын операторлоруна маалымат берүү форматын; каражаттарды алуучу алар берген кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм акылар келип түшкөндүгү жөнүндө маалымат берет;
- төлөөчүлөр түзгөн төлөм реквизиттерин, төлөм системасынын операторлорунан алынган төлөмдөр жана төлөмдөрдүн статустары жөнүндө маалыматты жети жыл бою сактайт;
- төлөм системасынын операторлору жөнөткөн жана алардан алынган маалыматтарды төлөм системасынын операторлору менен салыштырып текшерет;
- электрондук төлөмдөр системасы иштегенде анын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылат;
- электрондук төлөмдөр системасы жана мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларынын ортосунда байланыш каналдары боюнча корголгон интерактивдүү маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн уюштурулушун камсыз кылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 446 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Электрондук төлөмдөр системасын иштетүү максатында төлөм системасынын оператору:
- каражаттарды алуучу пайдасына төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүүнү камсыз кылат;
- электрондук төлөмдөр системасынын техникалык операторун жүргүзүлүп жаткан жана жүргүзүлгөн төлөмдөр жөнүндө маалымат менен өз убагында камсыз кылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 446 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Электрондук төлөмдөр системасын иштетүү максатында каражаттарды алуучу:
- жеке жана юридикалык жактардын кызмат көрсөтүүлөрдү алууга арыздарын кабыл алат;
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык кызмат көрсөтүүнү өз убагында берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 446 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Төлөмдөрдү жүргүзүү жана ырастоо үчүн зарыл болгон маалыматтын тизмеги, электрондук төлөмдөр системасына жетүүнүн тартиби
11. Электрондук төлөмдөр системасында кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн, ошондой эле башка төлөмдөрдү, анын ичинде төлөнүүгө тийиштүү сумманы төлөө үчүн зарыл болгон маалыматтын тизмеги:
- кызмат көрсөтүүнүн аталышы;
- төлөмдүн суммасы;
- (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 446 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- төлөө каражаты (банктык төлөм картасы, мобилдик банкинг, Интернет банкинг).
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 446 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Төлөмдөрдү түздөн-түз жүргүзүү үчүн электрондук төлөмдөр системасы автоматтык түрдө билдирүүлөрдү түзөт:
- төлөөчүгө - төлөмдөрдү жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө;
- каражаттарды алуучу - төлөөчүнүн кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөгөндүгү, анын ичинде кызмат көрсөтүүнүн аталышы жана төлөмдүн суммасы;
- төлөм системасынын операторуна - төлөөчүнүн эсебинен каражаттарды каражаттарды алуучу пайдасына которуу зарылдыгы жөнүндө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 446 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөнгөндүгүн ырастаган маалыматтын тизмеги:
- квитанциянын номери, берилген күнү, айы жана жылы;
- төлөм системасынын операторунун аталышы;
- төлөм жүргүзүлгөн күнү;
- каражаттарды алуучунун коду;
- кызмат көрсөтүүнүн коду;
- төлөмдүн коду;
- төлөмдүн суммасы;
- төлөмдүн валютасы;
- транзакциянын номери;
- бардык милдеттүү төлөмдөрдү эске алуу менен төлөмдүн жыйынтыктоочу суммасы;
- төлөмдүн статусу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 446 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Кызмат көрсөтүүлөргө төлөөнү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча электрондук төлөмдөр системасы тарабынан автоматтык түрдө билдирүү түзүлөт, ал дароо төмөнкүлөргө жөнөтүлөт:
- төлөөчүгө - төлөм системасынын операторунан электрондук дарегине маалыматтардын тизмегин камтыган билдирүү түрүндө;
- төлөм системасынын операторуна - төлөм системасынын операторунун маалыматтык системасынын интерфейси аркылуу ушул Жобонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтардын тизмегин камтыган электрондук билдирүү түрүндө;
- каражаттарды алуучуга - электрондук маалымат алмашууну камсыз кылуучу API протоколу аркылуу ушул Жобонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтардын тизмегин камтыган электрондук билдирүү түрүндө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 446 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Кызмат көрсөтүүлөргө төлөм жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча төлөм системасынын оператору электрондук төлөмдөр системасынын техникалык операторуна төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган автоматтык билдирүүнү түзөт:
- транзакциянын номерин;
- төлөмдүн кодун;
- транзакция жүргүзүлгөн күнүн;
- транзакциянын суммасын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 446 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Төлөм системасынын операторлору электрондук төлөм системасына жетүүсү электрондук төлөмдөр системасынын техникалык оператору тарабынан төлөм системасынын операторунун ички актыларына ылайык келишимдердин (макулдашуулардын) негизинде ишке ашырылат.
17. Каражаттарды алуучуларды электрондук төлөмдөр системасына туташтыруу, ошондой эле каражаттарды алуучунун төлөм системасынын техникалык оператору менен техникалык өз ара аракеттенүүсү өз ара келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 446 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Төлөм системасынын оператору операциялык күн аяктагандан кийин, бирок кийинки күндүн 10 саат 30 мүнөтүнөн кечиктирбестен электрондук төлөмдөр системасынын техникалык оператору тарабынан берилген төлөм реквизиттерине ылайык мурунку операциялык күн үчүн кабыл алынган төлөмдүн каражаттарын алуучунун пайдасына которот.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 446 токтомунун редакциясына ылайык)