Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 440 токтомуна ылайык) |
Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги № 183, 2024-жылдын 30-январындагы № 36, 2024-жылдын 22-августундагы № 491 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында сервердин жайгашкан жерине карабастан казинолордо, оюн автоматтарында, компьютердик симуляторлордо, интерактивдүү мекемелерде, онлайн-казинолордо, электрондук (виртуалдык) казинолордо, букмекердик кеңселерде, тотализаторлордо кумар оюндарын уюштурууга, өткөрүүгө жана аларга кирүүгө мүмкүндүк берүүгө байланышкан оюн-зоок ишин мамлекеттик жөнгө салуунун укуктук негиздерин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасында оюн-зоок иши мамлекеттик жөнгө салынууга тийиш. Оюн-зоок иши жаатындагы мамлекеттик саясаттын максаты аларды уюштурууга жана өткөрүүгө байланышкан социалдык тобокелдиктерди азайтуу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү, ошондой эле кумар оюндарын уюштуруучулар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу болуп саналат.
3. Мамлекеттик жөнгө салуу өзүнө оюн-зоок иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү, тиешелүү мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууну, оюн-зоок жайларын лицензиялоону, контролдоону жана көзөмөлдөөнү, оюндардын катышуучуларынын, оюн-зоок ишинин субъекттеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камтыйт.
4. Оюн-зоок ишин жүзөгө ашыруунун негизги принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:
- кумар оюндарынын катышуучуларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыздоо;
- уюштуруучулар тарабынан оюн-зоок ишин жүзөгө ашыруунун мыйзамдуулугун камсыз кылуу;
- бардык оюнчулар үчүн кумар оюндарына катышуунун бирдей шарттарын жана катышуучулардын ушул шарттарды сактоосун камсыз кылуу;
- кумар оюндары жаатындагы ишти жүзөгө ашырууда адилеттүүлүктү жана объективдүүлүктү камсыз кылуу;
- кумар оюндарынын жыйынтыгына сырттан таасир этүү мүмкүндүгүнө жол бербөө;
41. Оюн-зоок жайларынын кардарлары үчүн белгиленүүчү чектөөлөр:
кумар оюндарына катышууга төмөнкүлөргө жол бербөө:
- Кыргыз Республикасынын жарандарына;
- 21 жашка толо элек чет өлкөлүк жарандарга;
- аракетке жөндөмсүз чет өлкөлүк жарандарга.
оюн-зоок жайларынын төмөнкү кардарларына тыюу салуу:
- алкоголдук же башка абдан мас абалында оюн-зоок жайларына барууга;
- оюн-зоок жайынын уруксаты жок видеого, сүрөткө, тартууга;
- оюн-зоок жайынын кызматтык зонасына кирүүгө.
5. Оюн-зоок ишин мамлекеттик жөнгө салуунун формалары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- оюн-зоок иши чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруунун тартибин аныктоо;
- оюн-зоок ишин лицензиялоону жүзөгө ашыруу;
- оюн-зоок ишине мамлекеттик контролду жүргүзүү.
6. Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишинин төмөнкүдөй түрлөрү жүзөгө ашырылат:
- казино;
- оюн автоматтары залы;
- букмекердик кеңсе;
- тотализатор;
- онлайн-казино;
- электрондук (виртуалдык) казино.
7. Кумар оюнун уюштуруучу оюн-зоок ишинин лицензияда көрсөтүлгөн түрлөрүн жана оюн-зоок ишинин ар бир түрүнө арыз берүүчүгө берилүүчү тиешелүү лицензияны алгандан кийин гана өткөрүүгө милдеттүү, ошондой эле оюн-зоок ишин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү эрежелерин макулдашкандан кийин кумар оюндарын өткөрүүгө жана кирүүгө мүмкүндүк берүүгө укуктуу.
8. Оюн-зоок жайына келүүчүлөр үчүн жеткиликтүү жерде уюштуруучу тарабынан белгиленген Оюн-зоок жайынын кумар оюндарын уюштуруунун жана өткөрүүнүн эрежелери, оюн-зоок жайына кирүү эрежелери, Ставкаларды кабыл алуу жана утуштарды төлөө эрежелери жайгаштырылууга тийиш.
9. Кумар оюндарын уюштуруучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
- оюнчулардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылууга;
- Кыргыз Республикасынын оюн-зоок иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында оюнга катышууга тыюу салынган адамдарды кумар оюндарына киргизбөөгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ушул Жобонун талаптарына, ошондой эле Кумар оюндарын уюштуруунун жана өткөрүүнүн ички бекитилген эрежелерине ылайык кумар оюндарын уюштурууга жана өткөрүүгө;
- оюн-зоок жайында көрүнүктүү жерге Кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү эрежелерин илип коюуга;
- ар бир оюнчуну жекече идентификациялык маалыматтары боюнча каттоону камсыз кылууга, берилген утуштарды каттоону жүргүзүүгө, оюн-зоок ишин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын онлайн жеткиликтүүлүгү менен электрондук базаны түзүүгө;
- бардык оюнчулар үчүн кумар оюндарына катышуунун бирдей шарттарынын сакталышын камсыз кылууга жана кумар оюндарынын натыйжасына сырттан жасалма таасир этүүнү болтурбоого;
- оюнчунун талабы боюнча алуучунун жана жөнөтүүчүнүн реквизиттерин көрсөтүү менен төлөм документинин көчүрмөсүн тиркөө менен ага утушту алгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү маалымкатты берүүгө;
- оюнчулардын дооматтарына байланыштуу чечимдерди Кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү эрежелеринде каралган мөөнөттөрдө кабыл алууга;
- оюнчулар утуп алган же уттурган суммалар жөнүндө маалыматтарды жашыруун сактоого жана бул маалыматты оюн-зоок ишин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана берүүгө;
- оюн жабдууларынын тиешелүү иштөөсүнүн ченемдерин жана параметрлерин кармап туруу үчүн күтүүгө жана сакталышын камсыз кылууга;
- алкоголдун, баңги, психотроптук же башка күчтүү таасир этүүчү заттардын таасири астындагы адамдардын, коомдук тартипти бузууга ачык ниети бар адамдардын кумар оюндарына кирүүгө мүмкүндүктү чектөө үчүн зарыл болгон укук ченемдүү чараларды жана кумар оюндарын талаптагыдай өткөрүүнү камсыз кылууга;
- Кыргыз Республикасынын оюн-зоок иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган отчетторду жана маалыматтарды өз убагында берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген салыктык жана башка жыйымдарды (төлөмдөрдү) өз убагында төлөөгө;
- утуп алган оюнчуга утушту берүүдө Кумар оюнун уюштуруу жана өткөрүү эрежелеринде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн шарттардан тышкары кошумча шарттарды коюуга жол бербөөгө;
- ушул Жобо жана башка ченемдик актылар менен өзүнө жүктөлгөн милдеттенмелерди аткарууга;
- ишин токтоткондон/кайра жаңылоодон кийин оюн-зоок ишин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ишин токтоткондугу/кайра жаңылоо жөнүндө өз убагында кабарлоого;
- оюн-зоок жайынын аймагын кайтаруу жана өрт сигнализациясы системалары менен коргоону камсыз кылууга, санитардык жана өрткө каршы ченемдердин, коомдук тартиптин сакталышын, ошондой эле оюнчулардын коопсуздугун камсыз кылууга;
- оюн-зоок ишин жүзөгө ашыруу шарттарынын аткарылышын текшерүүдө жана/же мониторинг жүргүзүүдө оюн-зоок ишин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын текшерүүчү адамына анын иши үчүн шарттарды түзүүгө жана оюн-зоок ишин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талабы боюнча керектүү документтерди жана маалыматтарды мындай талапта белгиленген мөөнөттөрдө тез арада берүүгө;
- кумар оюндарын башкаруу, уюштуруу жана өткөрүү үчүн атайын жабдылган имаратты жана курулмаларды, жайларды электр энергиясынын туруктуу булагы менен камсыз кылууга;
- электрондук-маалыматтык системаларды жана маалыматтар базасына коргоону жана сактоону камсыз кылууга.
10. Кумар оюндарын уюштуруучу төмөнкүлөргө укуктуу:
- оюн-зоок ишин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан оюн-зоок ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалыматты алууга;
- өз кызыкчылыгын жеке өзү же өкүл аркылуу коргоого;
- оюн-зоок ишин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине ылайык түзүлүүчү жана иштөөчү Сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссияга мамлекеттик органдардын жана/же алардын кызмат адамдарынын аракеттерине белгиленген тартипте кайрылууга.
11. Кумар оюндарынын катышуучулары төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекет жана кумар оюндарды уюштуруучу тарабынан өзүнүн укуктарынын корголушуна;
- ал катышкан кумар оюндарынын эрежелери жөнүндө толук, так жана анык маалыматты алууга;
- бардык оюнчулар үчүн оюндун бирдей шарттарын камсыз кылууга;
- утуштарды алууга.
12. Оюн-зоок жайларынын. кумар оюндарынын оюнчулары төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле кумар оюндарын уюштуруучунун Кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү эрежелеринде каралган талаптарды жана милдеттенмелерди сактоого;
- кумар оюнуна катышканга чейин Кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү эрежелери менен таанышууга;
- талап боюнча кумар оюндарын уюштуруучунун кызматкерине таанышуу үчүн ким экендигин ырастоочу документти көрсөтүүгө;
- кумар оюндарын уюштуруучунун кызматкеринин талабы боюнча ким экендигин ырастоочу документти көрсөтүүдөн баш тарткан, коомдук тартиптин эрежелерин бузган, оюн-зоок жайында жүргөн адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө кол салуу максатында күч колдонуу же коркутуу учурунда оюн-зоок жайынан тез арада чыгып кетүүгө;
- курал-жаракты сактоого жана алып жүрүүгө уруксаты бар экендигине карабастан, аны, ок-дарыларды, ууландыруучу жана жарылууга кооптуу заттарды өзү менен алып жүрбөөгө;
- кумар оюндарын өткөрүүдө кумар оюндарын уюштуруучунун маалыматтык жана/же адистештирилген системасына (интернетке Wi-Fi кирүүгө мүмкүндүктөн тышкары) санкциясыз кирүүгө мүмкүндүк алуу үчүн оюндун кокусунан болуучу натыйжасына таасир этүүчү же аны алдын ала көрүүгө мүмкүндүк берүүчү программалык камсыздоону жана (же) техникалык түзүлүштөрдү пайдаланбоого;
- кумар оюндарын өткөрүү боюнча мыйзамдуу ишке тоскоолдук кылбоого;
- кумар оюндарын өткөрүү эрежелерин бузбоого.
13. Кумар оюнун уюштуруучу оюн-зоок жайынын Кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү эрежелерин бекитүүгө тийиш.
Казинолордо, оюн автоматтарында, букмекердик кеңселерде же тотализаторлордо кумар оюндарынын, ставкаларды кабыл алуунун жана өткөрүлүп жаткан кумар оюндарынын эрежелери оюн-зоок ишин уюштуруучу тарабынан оюн-зоок жайындагы көрүнүктүү жерге, ошондой эле интернет-ресурста жайгаштырылат жана төмөнкү негизги маалыматтарды камтууга тийиш:
- жайгашкан жерин, каттоо документтери, банктык реквизиттери, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери, интернет-ресурсу, байланыш маалыматтары жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен оюн-зоок ишин уюштуруучунун аталышын;
- оюн-зоок ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензиялар жөнүндө маалыматтарды;
- өткөрүлүүчү кумар оюндарынын түрлөрүн, кумар оюндарын өткөрүү эрежелерин, кумар оюндарына катышуу шарттарын;
- кумар оюндарын уюштуруучунун жана кумар оюндарынын катышуучусунун укуктарын жана милдеттерин;
- кумар оюндарынын катышуучуларынын арыздарын, даттанууларын кароо жана талаш-тартыштарды чечүү тартибин;
- кумар оюндарын уюштурууга байланышкан жана оюн-зоок иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына каршы келбеген башка маалыматтарды.
14. Кумар оюнун уюштуруучу потенциалдуу жоготуулардын ордун толтурууну, оюн-зоок ишин жүзөгө ашырууда келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерден коргоону камсыз кылуу үчүн милдеттүү резервдик фондду түзүүгө тийиш. Оюн-зоок ишинин бир нече түрүн айкалыштырганда оюн-зоок ишинин субъекти оюн-зоок ишинин ар бир түрү үчүн "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген өлчөмдөрдө милдеттүү резервдик фонддорду түзүүгө милдеттүү.
15. Кумар оюндарынын катышуучусуна утушту төлөө үчүн кумар оюнун уюштуруучунун кассасында же эсептеринде акча жетишсиз болгон учурда, кумар оюнун уюштуруучу милдеттүү резервдик фонддун каражаттарын пайдаланууга милдеттүү.
16. Милдеттүү резервдик фонддон каражаттар кумар оюндарынын катышуучуларына утушту төлөө боюнча кумар оюндарын уюштуруучунун милдеттенмелерин аткаруу максатында гана жана кумар оюндарын уюштуруучунун эсептеринде жана кассасында акча жетишсиз болгон шартта гана пайдаланылышы мүмкүн.
17. Кардарлар менен акчалай эсептешүүнү жүзөгө ашыруучу оюн-зоок жайынын кассасы өзүнчө жайда жайгашууга жана төмөнкү каражаттар менен жабдылууга тийиш: видеобайкоо жана фотосүрөткө тартуу системасы, брондолгон терезе, тиешелүү күзөт кызматы менен байланыштыруучу кооптуулук сигналы жана Кыргыз Республикасынын оюн-зоок иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген талаптарды канааттандырышы керек.
Казинонун кассасында оюнчуларга мүмкүн болгон утуштарды төлөө үчүн жетиштүү болгон, ушул Жобого ылайык белгиленген утуштарды камсыз кылуу суммасы сакталышы керек.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 491 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Оюндарды онлайн режиминде өткөргөн кумар оюндарын уюштуруучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
- корголгон кошулуулар аркылуу реалдуу убакыт режиминде туруктуу кошулууну камсыз кылууга;
- коопсуздук функцияларын аткаруунун үзгүлтүксүз ишин, купуялуулукту камсыз кылууга;
- банктык карталар аркылуу накталай эмес акча каражаттарын кабыл алуу үчүн аппараттарды (POS-терминалдарды) орнотууга;
- эсептерди ачуу же банктык карталар аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуу жолу менен накталай эмес түрдө оюн-зоок керек-жарактарын сатып алуу үчүн акча каражаттарын кабыл алууну жүзөгө ашырууга.
181. Онлайн-казино жана электрондук (виртуалдык) казино чөйрөсүндө эсептешүүлөр жана төлөмдөр улуттук валютада же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурда чет өлкөлүк валютада жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги № 183 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Кумар оюндарын уюштуруучунун Онлайн-системасы кардарды идентификациялоону, ставканы кабыл алуу, утушту (байгени) төлөө (берүү) боюнча ар бир операцияны белгилөөнү, төлөөлөрдү жүзөгө ашырууну жана кумар оюндарын уюштурууга жана өткөрүүгө байланышкан башка операцияларды, маалыматтарды жоготуудан, бурмалоодон, жасалмалоодон, жок кылуудан, көчүрүүдөн, санкцияланбаган кирүүдөн жана ар кандай башка (санкцияланбаган) кийлигишүүдөн коргоону камсыз кылууга тийиш.
20. Кумар оюндарын уюштуруучу өз ишин Интернет тармагында веб-сайт аркылуу, ар кандай операциялык системаларда мобилдик колдонмолор аркылуу жүргүзө алат. Сунушталган маалыматта кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү чөйрөсүндө иш жүргүзүлө турган веб-сайттын дареги көрсөтүлөт.
Интернет тармагындагы кумар оюндарын уюштуруучу веб-сайтта Кыргыз Республикасынын маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген анык маалыматтардын, документтердин жана эрежелердин болушун жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга тийиш.
Оюнчу кумар оюндарын уюштуруучунун онлайн-системасында оюнчунун кардардык эсебин (жеке кабинетин) өз алдынча түзөт. Ставкаларды төлөө, интернет аркылуу кумар оюндарына катышуу үчүн оюнчулар тарабынан салынган каражаттарды кайтаруу, утуштарды төлөп берүү Интернет тармагындагы кумар оюндарын уюштуруучунун онлайн-системасы аркылуу накталай эмес түрдө жүзөгө ашырылат.
Акчаны кабыл алуу жана утуштарды төлөө оюн-зоок ишинин субъектинин Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкындагы кассасы же эсептешүү эсеби аркылуу гана жүргүзүлөт, онлайн-казино жана/же электрондук (виртуалдык) казино катары ишти жүзөгө ашырган оюн-зоок ишинин субъекттеринен башкасы, алар ушул Жобонун 18-пунктуна ылайык эсептешүү операцияларын жүргүзүшөт.
Оюнчулардын эсептерин толтуруу жана утуштарды алуу үчүн идентификацияланбаган электрондук капчыктарды жана төлөм терминалдарын оюн-зоок ишинин субъекттеринин жана алардын кардарларынын пайдалануусуна тыюу салынат.
21. Оюн-зоок жайы коноктор үчүн өзүнчө жана кызматкерлер үчүн көчөдөн түздөн-түз кирүү үчүн атайын уюштурулган өзүнчө кире бериштери бар имаратта жайгаштырылышы керек. Оюн-зоок жайынын кызматкерлери (менеджерлер, крупье, стол инспекторлору, кассирлер, официанттар) кызматтык убакта оюн-зоок жайынын ички регламентинде белгиленген форма кийимдерин гана кийиши, ошондой эле ар бир кызматкердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн бейджди тагынышы керек.
22. Кумар оюндарын уюштуруучу кумар оюндарынын катышуучуларынын, оюн-зоок жайына башка келгендердин, кумар оюндарын уюштуруучунун кызматкерлеринин оюн-зоок жайында болгон убагында алардын жеке коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүү.
23. Тиешелүү лицензия албастан, Кыргыз Республикасынын аймагындагы оюн-зоок жайынан тышкары компьютердик клубдарда жана залдарда кумар оюндарын уюштурууга жана өткөрүүгө тыюу салынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 491 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишинин субъекттерин текшерүү ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык текшерүү планына жана оюн-зоок ишин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын текшерүү барагына ылайык жүргүзүлөт.
25. Кумар оюндарын уюштуруучу Кыргыз Республикасынын оюн-зоок иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.
26. Казинолордо, оюн автоматтарында, компьютердик симуляторлордо, интерактивдүү мекемелерде, электрондук (виртуалдык) казинолордо, букмекердик кеңселерде, тотализаторлордо кумар оюндарын уюштурууга, жүргүзүүгө жана ага кирүүгө мүмкүндүк берүүгө байланышкан оюн-зоок иши сервердин Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жерине карабастан, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген лицензиянын негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
2. Казинодогу оюн-зоок ишине негизги талаптар
27. Казинодо (анын ичинде онлайн-казино, электрондук (виртуалдык) казино) кумар оюну оюн карталарынын колодасынын, оюн чакмак-таштарынын (нарддан тышкары), оюн дөңгөлөгүнүн (рулетка), казино столунун, оюн автоматтарынын жардамы менен жүргүзүлөт жана ага катышуу акчалай утушка ээ болууга мүмкүндүк берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 491 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Казинону күтүү оюнчулардын түздөн-түз катышуусу менен (анын ичинде онлайн режиминде) негизги оюн шаймандары (оюн столдору, америкалык рулетканын дөңгөлөгү ж.б.), көмөкчү оюн шаймандары (оюн карталары, шарлар, чакмак-таштар ж.б.) жана атайын оюн шаймандары (оюн фишкалары, жетондор ж.б.у.с.) менен атайын жабдылган жайларда жүзөгө ашырылуучу лицензиялануучу иш болуп саналат.
29. Казино рестораны бар мейманкана комплексинде жайгашышы керек. Мында ресторанда - жүздөн кем эмес орун, ал эми мейманканада талаптагыдай жабдылган жыйырмадан кем эмес бөлмө болушу керек.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 491 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Кыргыз Республикасынын борборунда жайгашкан казинолордо ондон кем эмес стол, облустук администрациялык-аймактык бирдиктерде бештен кем эмес стол иштеши керек.
31. Негизги жана көмөкчү оюн шаймандары төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
- өндүрүүчүнү, өндүргөн өлкөнү таануу белгилердин, заводдук номердин, башка техникалык спецификациялардын, ошондой эле өндүрүүчүнүн аталышын, даярдалган өлкөнү, даярдоо датасын жана зарыл болгон учурда импорттун датасын ырастаган документтердин болушу;
- оюн жөнүндө маалымдоо үчүн электрондук жабдуулардын жана салынган акча каражаттарынын жана берилген утуштардын суммасын текшерүү мүмкүндүгүн камсыз кылуучу эсептегичтердин болушу (оюндун түрүнө жараша).
32. Оюн шаймандарын/оюн-зоок жабдууларын программалык камсыздоодо ыйгарым укуктуу компетенттүү мамлекеттик органдар менен макулдашылбаган, технологиялык жана конструктордук документтерде жана оюн шаймандарын/оюн-зоок жабдууларын өндүрүүчүнүн программалык документтеринде каралбаган модификацияларды (өзгөртүүлөрдү) жүзөгө ашырууга жол берилбейт.
33. Казинодо кумар оюндарын уюштурууда жана өткөрүүдө казинонун ички регламентинде белгиленген алардын келип чыгышын, каттоосун, жүгүртүлүшүн жана сакталышын катуу эсепке алуу камсыз кылынган оюн шаймандары гана (рулетка үчүн шариктер, чакмак-таштар, оюн фишкалары ж.б.) пайдаланылууга тийиш.
34. Онлайн казинонун жана/же электрондук (виртуалдык) казинонун уюштуруучусу сайтта же атайын программада өзүнө төмөнкүлөрдү камтыган оюн эрежелерин жайгаштырууга милдеттүү:
- онлайн казинолорду башкаруу, кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү жүзөгө ашырыла турган иш жүзүндөгү даректи;
- кумар оюндарынын тизмесин жана сүрөттөлүшүн;
- утуп алган оюнчунун эсебине электрондук которуу жолу менен жүзөгө ашырылуучу утушту берүүнүн чектүү мөөнөтүн;
- оюнчунун дооматын кароо мөөнөтүн;
- веб-баракчанын дарегин, оюнчуну каттоо тартибин; депозитти/балансты башкаруу тартибин; веб-баракчада кумар оюндарын уюштуруучунун аталышы, юридикалык дареги, телефон номери, лицензиянын номери жана берилген күнү, оюндардын тизмеси, оюндун толук эрежелери, Кыргыз Республикасынын жарандарынын, 21 жашка толо элек чет өлкөлүк жарандардын, ошондой эле аракетке жөндөмсүз чет өлкөлүк жарандардын оюнга катышуусуна тьпоу салуу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш.
35. Казинодо пайдаланылуучу оюн шаймандары сейфте сакталат жана жумуш күнүнүн башында кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча казинонун оюн-зоок залына жана казинонун кассасына өткөрүлүп берилет, ал эми жумуш күнүнүн аягында кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде ички регламентте белгиленген форма боюнча кайтарылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 491 токтомунун редакциясына ылайык)
36. Кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү эрежелеринде белгиленген учурларды кошпогондо, казино кызматкерлерине казино оюн залдарынан оюн шаймандарын алып чыгууга тыюу салынат.
37. Казинонун оюн-зоок залдарында, казино кассасында, валюта алмашуу мекемесинде жана каттоо стойкасында болуп жаткан окуялардын бардыгы реалдуу убакыт режиминде иш күнү бою видео көзөмөлдөө жана видео жазуу системасы аркылуу көзөмөлдөнүүгө тийиш жана сакталышын камсыз кылуучу шарттарда үч айдын ичинде сакталышы керек.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 491 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Видеокамералар оюн столдорунан жана башка жумуш орундарынан так жана пайдалуу сигналды кабыл алуу үчүн ыңгайлуу жайгаштырылышы керек. Оюн столдорунун видео сигналы столдун бардык түшүрүлгөн сызыктарын, ошондой эле рулетка дөңгөлөгүн камтышы керек, ал эми анын сапаты, жок дегенде, фишкалардын түсү (банкноталардын номиналы менен), столдун түшүрүлгөн сызыктарында фишкалардын жайгашуусу, мамычадагы фишкалардын саны сыяктуу деталдарды карап чыгууга мүмкүндүк берүүгө тийиш.
39. Байкоо системасы алынган сүрөттү жакындатуу үчүн шайман, мобилдик видеокамераларды, фотоаппараттарды, аудио жазуу аппараттарын алыстан башкаруу үчүн шайман менен жабдылып, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздалууга тийиш.
40. Оюн столдорунун, оюн автоматтары залынын оюн зоналарынын, тотализаторлордун, букмекердик кеңселердин, оюн дөңгөлөгүнүн (рулетка) столдорунун жана казинонун кассасынын видеожазуулары үч айдын ичинде сакталышын камсыз кылуучу шарттарда сакталууга тийиш жана укук коргоо жана контролдоочу органдардын талабы боюнча алардын текшерүүсү үчүн берилип турушу керек.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 491 токтомунун редакциясына ылайык)
41. Казинодо кардарлар менен казинонун ортосунда пайда болгон мамилелерге байланыштуу кассалык операцияларды жүргүзгөн касса, ошондой эле валюта алмашуу мекемеси иштеши керек. Казино кассасында оюнчуларга мүмкүн болгон утуштарды төлөө үчүн жетиштүү болгон утуштарды камсыз кылуу суммасы сакталышы керек.
42. Казинодо кумар оюндарын уюштуруучуга (анын ичинде онлайн-казино) оюнчуларга ставка үчүн ссудаларды берүүгө тыюу салынат.
43. Кумар оюндарын уюштуруучу санкциясыз жетүүнүн, ошондой эле оюн-зоок жабдууларынын, оюн шаймандарынын иштешине ар кандай башка бөтөн (санкцияланбаган) кийлигишүүлөрдүн мүмкүн эместигин камсыз кылууга тийиш.
3. Оюн автоматтарында оюн-зоок ишине карата негизги талаптар
44. Оюн автоматтары залы - оюн автоматтарын пайдалануу менен кумар оюндары өткөрүлүүчү казинодо жайгашкан оюн зонасы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 491 токтомунун редакциясына ылайык)
45. Оюн автоматтары залы казинодо жайгашкан оюн зонасында болушу керек, андагы оюн зонасынын аянты 200 квадрат метрден кем эмес болууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 491 токтомунун редакциясына ылайык)
46. Оюн автоматтары залынын оюн зонасында милдеттүү түрдө алтымыштан кем эмес оюн автоматтары орнотулушу керек.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 491 токтомунун редакциясына ылайык)
47. Оюн-зоок жайында пайдаланылуучу оюн автоматтары төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
- оюндун киргизилген жана берилген шарттуу бирдиктерин (мындан ары - кредиттер) эсепке алуу каражаттарынын (эсептегичтердин) милдеттүү түрдө болушу;
- эсепке алуу каражаттарынын (эсептегичтердин) экиден кем эмес системасы болушу керек: электрондук жана электр механикалык;
- электр механикалык эсептегичтердин чыгышы санкцияланбаган кирүүдөн корголушу керек: пломбаланган каптоочу же номердик кулпу менен жабылууга тийиш;
- электрондук эсепке алуу системасы (же контролдук эс-тутум) топтолуучу, энергияга көз карандысыз жана оюн автоматын өчүргөн учурда өзүнүн көрсөткүчтөрүн өзгөртпөшү керек (автоматты кубаттоодон өчүргөн учурда маалыматтарды сактоо убактысы - 72 сааттан кем эмес);
- контролдоо эс тутуму эки разрядга ээ болушу мүмкүн: узак мөөнөттүү эс тутум жана суткалык эс тутум; узак мөөнөттүү эс тутуму бар автоматтарды гана иштетүүгө жол берилет;
- оюн автоматын башкаруу акысы (компьютердик төлөм) кирүү мүмкүнчүлүгү чектелген зонада болушу керек: пломбаланган корпус же номердик кулпусу болушу керек;
- жетондорду кабыл алуу системасы же купюраны кабыл алгыч (кредит бирдиктерин киргизүү жетондордун жардамы менен ишке ашырылуучу оюн автоматтарын иштетүүдө) атайын кассага бөлүнгөн жай менен жабдылууга тийиш, ага атайын кулпу же пломбалоо түзүлүшүнүн жардамы менен гана кирүүгө болот.
48. Оюн автоматтары кредит киргизүүнүн төмөнкүдөй режимдеринде иштей алат:
- кредит ачкычынын жардамы менен;
- жетондордун жардамы менен.
Оюн автоматына кредиттерди киргизген учурда залдын персоналы келүүчүлөрдү (кардарларды) төмөнкүдөй тартипте тейлөөгө милдеттүү:
- келген адамдан (кардардан) оюн автоматында ойноо үчүн төлөөгө накталай акча каражаттарынын суммасын алууга, аны эсептөөгө, так атоого, кардар үчүн көрүнүктүү жерге коюуга;
- кассалык аппаратта чекти чыгарууга;
- ашык сумманы алдын ала атоо менен бирге аны чек менен келүүчүгө (кардарга) тапшырууга.
Кассалык аппараттын чеги болсо, кардар оюн автоматында ойноого укуктуу болот.
Кредиттик ачкычтын жардамы менен кредиттерди киргизүү оюн автоматтар залынын кызматкерлери тарабынан гана жүргүзүлөт.
Кассалык чек менен бир мезгилде берилүүчү жетондордун жардамы менен кредиттерди киргизүү кардар тарабынан өз алдынча жүргүзүлөт. Жетондун күрөөлүк наркы бир же бир нече кредит бирдигине барабар болушу мүмкүн. Жетондун же кредит бирдигинин күрөөлүк наркын өзгөртүү юридикалык жактын жетекчисинин буйругу менен (жеке ишкердин чечими менен) таризделет.
49. Оюн автоматтарын иштетүүчү оюн-зоок жайлары алардын ишине ички контролду жүзөгө ашырууга милдеттүү.
50. Оюн автоматтарынын ишине ички контролду жүргүзүү максатында атайын комиссия тарабынан календарлык айда бир жолудан кем эмес инкассация (эсептегичтердин көрсөткүчтөрүн контролдук алуу) жүргүзүлөт. Эсептегичтердин көрсөткүчтөрүн контролдук алуу оңдоо алдында, оюн автоматын кайра жайгаштырууда жана эксплуатациядан чыгарууда милдеттүү түрдө жүргүзүлөт. Оюн автоматтарынын эсептегичтерин инкассациялоо максатында курамы үч адамдан кем болбогон комиссия түзүлөт. Комиссиянын курамына залды тейлөөчү персонал, техникалык кызматкерлер, ошондой эле оюн техникасын пайдалануу менен түздөн-түз байланышпаган ишкананын өкүлдөрү (анын ичинде бухгалтерия кызматкерлери) кирет.
51. Иштин ушул түрлөрүн жүзөгө ашыруу укугун ырастоочу документтери жок адамдар тарабынан оюн автоматтарын оңдоого жана техникалык тейлөөгө тыюу салынат.
52. Оюн автоматынын, ошондой эле кассалык жайлардын санкцияланбаган ачылышы же бузулушу аныкталса, тейлөө персоналы текшерүү жүргүзүүнү уюштуруу үчүн жогору турган жетекчиге токтоосуз билдирүүгө тийиш.
4. Букмекердик кеңселерде жана тотализаторлордо оюн-зоок ишине карата негизги талаптар
53. Букмекердик кеңселер жана тотализаторлор казинодо жайгашкан букмекердик кеңселерде же тотализаторлордо кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча ишти жүзөгө ашырууга карата лицензиялардын негизинде гана ачылышы мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 491 токтомунун редакциясына ылайык)
54. Кумар оюндарын уюштуруучу букмекердик кеңселерде же тотализаторлордо кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча ишти жүзөгө ашырууга лицензиянын негизинде төмөнкү кызматтардын бирин көрсөтө алат:
- кумар оюндарынын катышуучулары менен утуш жөнүндө тобокелдикке негизделген келишимдерди түзүү;
- кумар оюндарынын эки же бир нече катышуучуларынын ортосунда утуш жөнүндө тобокелдикке негизделген макулдашууларды түзүүнү уюштуруу.
55. Букмекердик кеңселердеги жана тотализаторлордогу кумар оюндарын уюштуруучулар расмий спорттук милдеттердин натыйжаларына карата укукка каршы таасирди аныктоо максатында төмөнкүлөргө милдеттүү:
- кумар оюндарынын катышуучусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык идентификациялоодон өткөн жана кумар оюндарынын уюштуруучусу кумар оюндарынын мындай катышуучусунун жаш курагын белгилеген шартта расмий спорттук мелдештерге ставкаларды кабыл алууга жана тиешелүү утуштарды төлөөгө;
- букмекердик кеңселерде жана тотализаторлордо Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар жаатындагы мыйзамдарын сактоо менен расмий спорттук мелдештерге ставкалар, интерактивдүү ставкалар кабыл алынган кумар оюндарынын катышуучуларын эсепке алууга жана мындай эсепке алуунун маалыматтарын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга анын суроо-талабы боюнча ушул суроо-талапта белгиленген мөөнөттө берүүгө.
56. Букмекердик кеңселерде, тотализаторлордо жабдуу гана пайдаланылышы мүмкүн, анын жардамы менен төмөнкүлөр ишке ашырылат:
- кумар оюндарынын катышуучуларынан кабыл алынган ставкаларды эсепке алуу жана иштеп чыгуу;
- акча каражаттарын убактылуу сактоо;
- интерактивдүү ставкаларды кабыл алууда кумар оюндарынын катышуучулары менен мелдешүү же мелдешти уюштуруу;
- кумар оюндарынын натыйжаларын фиксациялоо;
- төлөнүүгө тийиш болгон утуштардын суммасын эсептөө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 491 токтомунун редакциясына ылайык)
57. Букмекердик кеңсенин же тотализатордун ишин жүзөгө ашыруучу оюн-зоок бизнесинин уюштуруучусу мелдеш уюштуруу жана өткөрүү үчүн аппараттык-программалык комплекс жана жабдуулар аркылуу жасалган ставкалардын жалпы суммасын кабыл алууну, бирдиктүү эсепке алууну, мелдешке катышуучулардын ставкаларын иштеп чыгууну жана утушту төлөөнү камсыз кылууга милдеттүү.
58. Букмекердик кеңсенин ишин жүргүзгөн оюн-зоок бизнесинин уюштуруучусу окуяларды өз алдынча аныктайт, окуянын жыйынтыгына карата мелдеш түзүлөт.
59. Букмекердик кеңсенин ишин жүзөгө ашыруучу оюн-зоок бизнесинин уюштуруучусу аппараттык-программалык комплекс тарабынан эсептелген коэффициенттердин негизинде жана аккредитацияланган спорт федерациялары же эл аралык спорттук уюмдардын, федерациялардын, комитеттердин колдоосу астында өткөрүлгөн спорттук мелдештердин алкагында боло турган реалдуу окуяларга гана ставкаларды кабыл алат.
60. Букмекердик ишти жүзөгө ашырууда накталай акча каражаттарын кабыл алууну жана берүүнү букмекерлер кассалык суммалоочу аппараттарды жана (же) атайын компьютердик системаларды пайдалануу менен жүзөгө ашыра алышат.
61. Букмекердик кеңселер иште типографиялык ыкма менен басылган букмекердик картаны пайдалана алышат, анын коргоо торчосу, букмекердик кеңсенин жайгашкан жерин, ставканы кабыл алуу датасын жана убактысын, ставканын суммасын көрсөтүү үчүн орду болот.
Букмекердик карта оюндун жүгүртүү көлөмүн эсепке алуу үчүн финансылык документ болуп саналат жана букмекердик конторалар тарабынан ставкаларды кабыл алуу жана утуштарды төлөө үчүн пайдаланылат.
62. Оюнчу алдыда боло турган окуялар жана ставкаларды кабыл алуу шарттары жөнүндө букмекердик кеңсе сунуштаган маалыматтан кайсыга ставка коюу, ставканын суммасын өз алдынча аныктайт жана букмекерге өзүнүн ниети жөнүндө билдирет.
63. Эгер оюнчунун ниети эрежелерге ылайык келсе, букмекер ставканын суммасына дал келген акчаны кабыл алат жана төмөнкүлөр көрсөтүлгөн картаны толтурат:
- букмекердик кеңсенин жайгашкан жери;
- ставканы кабыл алуу датасы жана убактысы;
- окуя жана ставканы кабыл алуу шарттары жөнүндө толук маалымат;
- ставканын суммасы.
Карточканын биринчи нускасы оюнчуга берилет, ал букмекер тарабынан көрсөтүлгөн ставканын шарттарынын тууралыгын текшерет. Карточканын экинчи нускасы ставка коюлган окуя (бардык окуялар) аяктаганга чейин букмекерде сакталат.
64. Ставка коюлган окуя (окуялар) аяктагандан кийин букмекер оюнчуга карточканын биринчи нускасын көрсөткөндө утушту төлөйт. Мында букмекер картанын экинчи нускасында утушту эсептейт. Утуштар оюнчу өзүнүн ким экендигин ырастаган документтерди көрсөткөндө, ошондой эле букмекердик кеңсе оюнчуда (букмекердик конторадагы мелдештин кардары же катышуучусу) Кыргыз Республикасынын жарандыгы жок экендигин аныктагандан кийин гана төлөнөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 491 токтомунун редакциясына ылайык)
65. Утуш карталары ставкалар кабыл алынган күндөн тартып бир айдын ичинде утушту алуу үчүн жарактуу болот. Бир ай өткөндөн кийин утуш жокко чыгарылат жана ставканын суммасы киреше катары кириштелет. Бир айдан ашык убакыттан кийин боло турган окуяларга жасалган ставкалар эсепке алынбайт.
66. Эгерде букмекердик иш басылмалардын беттеринде же башка жалпыга маалымдоо каражаттарында, ошондой эле Интернет тармагында жүзөгө ашырылса жана ставкаларды кабыл алуу Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкындагы букмекердик кеңсенин эсептешүү эсебине накталай эмес которуу жолу менен (төлөм тапшырмасы, почта аркылуу которуу, кредиттик карточка менен) жүзөгө ашырылса, анда ставкаларды кабыл алуу үчүн букмекердик кеңсе тарабынан белгиленген үлгүдөгү форма колдонулат (ставкаларды кабыл алуу шарттарына ылайык), ал тиешелүү басма сөз басылмасында же башка жалпыга маалымдоо каражаттарында, ошондой эле Интернет тармагында жайгаштырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 491 токтомунун редакциясына ылайык)
67. Тотализатордун ишин жүзөгө ашыруучу оюн-зоок бизнесинин уюштуруучусу ат-спорттук мелдештердин (ат чабыш, жарыш) жана (же) ит жарышынын жана башка ушул сыяктуу иш-чаралардын алкагында боло турган реалдуу окуяларга ставкаларды кабыл алат.
68. Уюштуруучу сунуш кылган мелдештердин жана ставкаларды кабыл алуу шарттарынын ичинен оюнчу кайсы мелдешке ставка коюуну, ставканын суммасын аныктайт жана бул жөнүндө уюштуруучуга билдирет. Эгер оюнчунун ниети ставкаларды кабыл алуу шарттарына дал келсе, уюштуруучу оюнчунун ставкасын каттайт.
69. Бардык ставкалар уюштуруучу тарабынан аныкталган мөөнөттө жана шарттарда жүргүзүлөт жана иш-чара аяктагандан кийин түзүлгөн утуш фонду кумар оюндарынын эрежелерине ылайык оюнчулардын ортосунда бөлүштүрүлөт.
70. Утуш оюнчуларга утуш билеттерин көрсөтүү менен же уюштуруучу тарабынан белгиленген башка тартипте төлөнөт. Утуштар оюнчу ким экендигин ырастаган документтерди көрсөткөндө гана төлөнөт.
71. Интерактивдүү ставкаларды кабыл алуучу, букмекердик кеңседе же тотализатордо кумар оюндарын уюштуруучу интерактивдүү ставкаларды кабыл алуу жана тиешелүү утуштарды төлөө тартибин сактоого милдеттүү.
72. Эгер утуш жөнүндө макулдашуу тобокелдигинин негизинде түзүлгөн окуялардын жыйынтыгы кумар оюндарын уюштуруучунун, анын кызматкерлеринин жана кумар оюндарынын катышуучуларынын аракеттерине, кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү менен байланышкан аракеттерге көз каранды болсо, букмекердик кеңселерде, тотализаторлордо кумар оюндары өткөрүлүшү мүмкүн эмес.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 491 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Онлайн-казинолордо жана электрондук (виртуалдык) казинолордо оюн-зоок иштерине карата негизги түшүнүктөр жана талаптар
73. Терминдер жана аныктамалар:
1) Администратор - онлайн-казинодо жана электрондук (виртуалдык) казинодо оюн-зоок ишин ишке ашырган, жоопкерчилиги чектелген коомдун же жабык акционердик коомдун уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак;
Администратор ушул Жобого ылайык өз функцияларын аткаруу максатында келишимдерди түзө алат, ар кандай түрдөгү мүлктү сатып алат жана ээликтен ажырата алат, ошондой эле бардык ушундай аракеттерди жасай алат жана анын бардык функцияларын ишке ашырууга же аткарууга көмөктөшүүчү же коштоочу бардык бүтүмдөрдү түзө алат (мындан ары - Администратор);
2) онлайн-казино - бул кумар оюн жайында же башка жайларда кумар оюндарын өткөрүүгө ылайыкташтырылган аппараттык-программалык комплекстерди же Интернет аркылуу (пайдалануу жайына карабастан) утуштарды алууну караган байланыш каражаттарын пайдалануу аркылуу бир оюнчу, ошондой эле көп оюнчу режимдеринде реалдуу убакыт режиминде кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү;
3) Оператор - онлайн-казинолордо жана электрондук (виртуалдьж) казинолордо оюн кызматтарын көрсөтүүчү жоопкерчилиги чектелген коом же жабык акционердик коом уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак (мындан ары - Оператор);
4) электрондук (виртуалдык) казино - интернет тармагында кумар оюндарына мүмкүндүк берген сайт же программа;
5) оюн кызматы - бул түздөн-түз же кыйыр түрдө, өз алдынча же башкалар менен биргеликте, экономикалык иш-аракет катары оюнчулардын катышуусу үчүн онлайн режиминде оюн берүү;
6) оюн жеткирүү - бул оюн кызматынын бир бөлүгүн түзгөн оюндун же оюндардын натыйжасын аныктоо үчүн зарыл болгон жана маалыматтарды иштеп чыгуу жана башкаруу үчүн зарыл компонент болуп саналган материалдарды жеткирүүнү кошо алганда, оюн кызматына байланыштуу товарды же кызматты жеткирүү;
7) онлайн оюн сектору - бул оюн кызматтарын жана оюн материалдарын, ошондой эле алар менен байланышкан же ага тиешелүү башка кызматтарды жана товарларды берүүгө багытталган экономикалык сектор;
8) оюнчу - бул чет мамлекеттин жараны болуп саналган, 21 жашка толгон, аракетке жөндөмдүү, кумар оюндарына түздөн-түз катышкан жеке адам;
9) оюн процесси - бул оюнга катышуудан, оюн кызматын сунуштоодон же оюн сунушун жүзөгө ашыруудан турган иш;
10) ставка - бул оюнчу тарабынан берилген акча каражаттары, алардын өлчөмүнүн негизинде мындай оюндун эрежелерине ылайык угуштун (байгелердин) өлчөмү аныкталат;
11) аялуу адам - бул кумар оюндары менен байланышкан проблемалары бар, анын социалдык жагдайлары аны проблемалуу кумар оюндарына көбүрөөк тартышы мүмкүн болгон каалаган адам же эрки жана түшүнүү жөндөмдүүлүгүнүн кемчилигинен улам кумар оюндарына көбүрөөк тартылышы мүмкүн болгон адам жана буга өзүн-өзү четтетүү мезгилинен өтүп жаткан оюнчулар, медициналык адистер тарабынан патологиялык проблемалуу оюнчулар катары диагноз коюлган адамдар, азыркы мезгилде проблемалуу кумар оюндарынан дарылоо үчүн изделип жаткан адамдар жана алкоголдун же баңги заттардын таасиринде турган адамдар кирет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 491 токтомунун редакциясына ылайык)
74. Онлайн-казинону жана электрондук (виртуалдык) казинону башкаруу жана көзөмөлдөө жөнгө салуунун төмөнкү негизги принциптерине ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш:
1) коомдук кызыкчылыктарда онлайн-казинону жана электрондук (виртуалдык) казинону жөнгө салууну камсыз кылуу;
2) Администраторго берилген ыйгарым укуктар аркылуу оюн-зоок бизнесинин легалдуулугун жана мыйзамдуулугун камсыз кылуу;
3) кумар оюндарын адилеттүү, коопсуз жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу;
4) жашы жете электердин жана башка аялуу адамдардын кызыкчылыктарын талаптагыдай коргоону камсыз кылуу;
5) туруктуу онлайн-казинолорду жана электрондук (виртуалдык) казинолорду өнүктүрүүгө көмөктөшүү.
75. Онлайн-казино жана электрондук (виртуалдык) казинолор Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын жалпы көзөмөлүндө турат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-январындагы № 36 токтомунун редакциясына ылайык)
76. Онлайн-казинолор жана электрондук (виртуалдык) казинолор Администратордун карамагында турат жана ал тарабынан башкарылат.
77. Администратор онлайн-казинолорду жана электрондук (виртуалдык) казинолорду натыйжалуу жана так башкаруу үчүн кошумча эрежелерди белгилейт жана Операторлордун ишин контролдойт.
78. Администратор тиешелүү инфратүзүм үчүн толук критерийлерди иштеп чыгат жана аларды жайылтууну жана Операторлор үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат.
79. Онлайн-казинодогу жана электрондук (виртуалдык) казинодогу оюн-зоок иши интернет мейкиндигинде жүзөгө ашырылат.
80. Администратордун иши Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишине лицензия алган учурдан тартып жүзөгө ашырылат.
81. Оператордун иши Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишине лицензия алган, ошондой эле Администратордон кирүүгө мүмкүндүк алган учурдан тартып жүзөгө ашырылат.
82. Администратордун функциялары төмөнкүлөр:
1) ушул Жобо менен жөнгө салынуучу же ага ылайык каалаган маселеге тиешелүү бардык практиканы, операцияларды жана ишти, ошондой эле онлайн-казинолордун жана электрондук (виртуалдык) казинолордун ишин жөнгө салуу, контролдоо жана өз контролунда кармоо;
2) онлайн оюн сектору жана анын катышуучулары үчүн инфратүзүм боюнча кызматтарды түзүү, жөнгө салуу жана башкаруу;
3) колдонуудагы мыйзамдарга ылайык оюн кызматтарын акыйкат жана жоопкерчиликтүү жарнамалоону камсыз кылуу;
4) оюнчулардын даттанууларын алуу жана иликтөө, оюнчулардын жана, менен Операторлордун ортосундагы талаш-тартыштарды өз убагында, адилеттүү жана компетенттүү чечүүгө жардам берүү жана көмөктөшүү;
5) Кыргыз Республикасында онлайн оюн секторуна мониторинг жүргүзүү жана ал зарыл деп эсептеши мүмкүн болгон мындай изилдөөлөрдү, иликтөөлөрдү же текшерүүлөрдү жүргүзүү же тапшыруу;
6) ушул Жобо менен жөнгө салынуучу же ага ылайык каалаган маселеге тиешелүү маалыматты берүү жана жетекчиликке алынуучу принциптерди чыгаруу жана коомчулук үчүн отчетторду берүү;
7) Администратор өзүнүн функцияларына жана милдеттерине байланыштуу зарыл деп эсептеген бардык тиешелүү маалыматтарды суроо, чогултуу, компиляциялоо жана эсебин жүргүзүү;
8) Финкөзөмөлгө жалпысынан оюн-зоок бизнеси жана онлайн оюн сектору менен түздөн-түз же кыйыр байланышкан саясатты иштеп чыгуу маселелери боюнча консультация берүү, Финкөзөмөлгө Администратордун пикири боюнча Администратордун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө функцияларына кирген маселелерге карата кабыл алуу максатка ылайыктуу деп эсептеген иш-аракеттер боюнча сунуштамаларды берүү;
9) оюн-зоок бизнесиндеги жана онлайн оюн секторундагы жаңы өзгөрүүлөр, муктаждыктар жана тобокелдиктер боюнча Финкөзөмөлгө консультация берүү жана аларга карата чара көрүү үчүн зарыл же максатка ылайыктуу деп эсептелген сунуштарды киргизүү;
10) Оператор ылайык келүүгө тийиш болгон минималдуу талаптарды белгилөө;
11) каалаган иште иштеген же алектенген же ушул Жобо менен жөнгө салынуучу же ага ылайык каалаган маселеге тартылган каалаган адамдын өзүнүн функцияларын аткарууга жарамдуу жана талаптагыдай жана ылайыктуу болушун камсыз кылуу үчүн алардын жарамдуулугуна текшерүү жүргүзүү;
12) ушул Жобо менен жөнгө салынуучу маселе менен байланышкан ишти жүзөгө ашырууга жетүү мүмкүндүгүн берүү;
13) жактар тарабынан ушул Жободо же ага ылайык белгиленген талаптардын сакталышына баа берүү;
14) өзүнүн ыйгарым укуктуу адамдарынан, арыз ээлеринен же ушул Жобого же каалаган башка Жобого ылайык өз функцияларын аткаруу же максаттарга жетүү үчүн өз ыктыяры боюнча зарыл деп эсептей алган каалаган башка адамдардан каалаган маалыматты суроо;
15) оюн-зоок бизнесине салыкты белгиленген салыктык базага жараша эсептөө жана ушул Жобого же каалаган башка Жобого ылайык ал контролдоого ыйгарым укуктуу болгон башка акча каражаттарын контролдоо;
16) ушул Жобого ылайык зарыл, кошумча же анын максаттарына жетүүгө же анын функцияларын аткарууга көмөктөшкөн башка функцияларды жүзөгө ашыруу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-январындагы № 36 токтомунун редакциясына ылайык)
83. Администратордун ыйгарым укуктары төмөнкүлөр:
1) ушул Жобого ылайык оюн-зоок кызматтарын көрсөтүү үчүн Операторлорго кирүүгө мүмкүндүк берүү;
2) ушул Жобого жана жалпы талаптарга, кирүү мүмкүндүгү, аларды берүү, өзгөртүү, жаңылоо, токтото туруу, чакыртып алуу жана токтотуу жана башка ушул сыяктуу аракеттер үчүн шарттарга ылайык кирүү мүмкүндүгүнүн категорияларын белгилөө;
3) оюндарды, оюндардын белгилүү бир категорияларын же конкреттүү оюндарды жана аны менен байланышкан бардык маселелерди жөнгө салуу, анын ичинде белгилүү бир оюндарды же оюн категорияларын каалаган же бардык уруксат берүү талаптарынан бошотуу.
84. Оператор онлайн-казинолордо жана электрондук (виртуалдык) казинолордо төмөнкүлөрдү камтыган оюн эрежелерин веб-баракчага же атайын программага жайгаштырат:
1) онлайн-казинону жана электрондук (виртуалдык) казинону башкаруу жүзөгө ашырыла турган иш жүзүндөгү дарек;
2) кумар оюндарынын тизмеги жана сыпаттамасы;
3) утуп алган оюнчунун эсебине электрондук которуу жолу менен жүзөгө ашырылуучу утушту берүүнүн чектик мөөнөтү;
4) оюнчунун дооматын кароо мөөнөтү;
5) веб-баракчанын дареги, оюнчуну каттоо тартиби, депозитти/балансты башкаруу тартиби;
6) оюн ишине лицензиянын реквизиттери;
7) оюнга Кыргыз Республикасынын жарандарынын, 21 жашка чыга элек чет өлкөлүк жарандардын, ошондой эле аракетке жөндөмсүз чет өлкөлүк жарандардын катышуусуна тыюу салуу жөнүндө маалымат.
85. Администратор тарабынан аткарылуучу инфратүзүм боюнча кызмат көрсөтүүлөр ушул Жобонун тиркемесинде аныкталат жана толук сыпатталат.
86. Администратор инфратүзүм боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салууга жана колдоого укуктуу жана Операторго ушул Жобого ылайык иштөөгө ыйгарым укук берет, мында Администратор инфратүзүм боюнча кызматтарды түзүү жана көрсөтүү үчүн өз ыктыяры боюнча үчүнчү жактын кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрүн тартууга укуктуу.
87. Администратор жыл сайын Финкөзөмөлгө Операторлорго карата төмөнкүдөй маалыматтарды билдирет:
1) Оператордун аталышын көрсөтүү менен Операторлордун тизмесин;
2) Оператордун катталган веб-сайттарын;
3) чогултулган алымдарды жана жыйымдарды;
4) интерактивдүү ставкаларды эсепке алуу системасынан отчетторду.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-январындагы № 36 токтомунун редакциясына ылайык)
88. Администратор мындай отчетту Финкөзөмөлгө өзүнчө файлдар түрүндө же ушул Жободо талап кылынган маалымат бар системага кирүү мүмкүндүгүн берүү жолу менен берүүгө укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-январындагы № 36 токтомунун редакциясына ылайык)
89. Ушул Жободо каралган өзгөчө учурларды эске алуу менен эч бир адам ушул Жобого ылайык жашы жете элек болуп саналбаган адамдарга гана сунушталууга тийиш болгон оюн жайларына, электрондук (виртуалдык) казиного кирүүгө уруксат берүү, оюн билетин сатуу, жумушка орношуу же оюн кызматын көрсөтүүгө катышуу, оюн кызматын жарнамалоо же илгерилетүү аркылуу же каалаган башка жол менен болсо да оюнга катышууга жашы жете элек адамга же аялуу адамга сунуш кылбоого, уруксат бербөөгө, кызыктырбоого, чакырбоого же көндүрбөөгө тийиш.
90. Ушул Жобонун ченемдерине жараша жүзөгө ашырылуучу каалаган ыйгарым укуктарга зыян келтирбестен Администратор каалаган убакытта Операторго ушундай түрдө жана кабарлама көрсөтүлүшү мүмкүн болгон ушундай акылга сыярлык убакыттын ичинде Администраторго белгилүү болгондой же Оператордун карамагында турат деп эсептөөгө жүйөлүү негиздер бар болгон же анын функцияларынын ичинен каалаганын аткаруу максатында ага белгилүү болууга тийиш болгон китептерди, документтерди, видеолорду, аудиолорду, маалыматтарды же каалаган башка нерселерди Администратор же анын атынан текшерүү үчүн көрсөтүүнү же берүүнү талап кылган кабарламаны тапшыра алат.
Эгерде жүйөлүү себептерсиз ушул беренеге жараша тапшырылган кабарламада коюлган каалаган талап сакталбаса, Оператор ушул Жободо каралган укук бузууларда күнөөлүү болот.
91. Оператор отчеттук жылдан кийин 60 күндүн ичинде түшүндүрмө кат менен жылдык финансылык отчетту берүүгө тийиш.
92. Администратор Операторлордон кошумча финансылык отчетторду берүүнү талап кылууга укуктуу, бирок кварталына бир жолудан көп эмес, эгерде Администратордо мындай отчетторду тез-тез берүүнү талап кылууга жүйөлүү негиздер жок болсо.
93. Оператор салыктарды Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык төлөйт.
94. Оператор башка төлөмдөрдү Администратор тарабынан коюлган эсепке же башка төлөм документине ылайык Администратордун эсебине которуу жолу менен жүзөгө ашырат.
95. Кирүү мүмкүндүгү мамлекеттин жана Администратордун алдында өткөн мезгил үчүн карыздардын жоктугун, кийинки сертификациялык мезгил үчүн Администратордун алдында толук төлөөнүн болушун жана мамлекеттин алдында салыктык карыздын жоктугун кошо алганда, Администратор тарабынан Операторго зарыл шарттар сакталган учурда, бир (1) жылга автоматтык түрдө узартуу менен берилет.
96. Эгерде Администратор Оператордун операциялык жол-жоболорунун шайкеш эместигин байкаса, эгерде Оператор Жобого жана ички буйруктарга ылайык Администратор тарабынан коюлган талаптарды сактабаса же эгерде Оператор Жобонун ченемдерин башкача түрдө бузса, Администратор мындай уруксатты берүүдөн, узартуудан же чакыртып алуудан баш тарта алат.
Мында Оператор оюн-зоок иши боюнча кызматтарды көрсөтүү үчүн үчүнчү жактын кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрүн (юридикалык жактарды) тартууга укуктуу.
97. Администратор Операторго төмөнкү шарттарда кирүү мүмкүндүгүн берет же узартат:
- Оператор мыйзамдардын талаптарына жооп берсе;
- Оператор Администратордун талаптарын аткарса жана Администратор Оператордун уруксаттын колдонуу мөөнөтүнүн ичинде аларга ылайык иштөө мүмкүндүгүнө ээ экендигине канааттанса;
- Оператор Администратор менен инфратүзүмдү пайдаланууга келишим түзсө.