Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМУ
2023-жылдын 4-апрели № 183
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 440 “ Кыргыз Республикасында оюн-зоок иштер чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Онлайн-казино жана электрондук (виртуалдык) казино чөйрөсүндөгү төлөмдөрдү андан ары регламентөө максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциалык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 440 “Кыргыз Республикасында оюн-зоок иштери чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө жободо:
- төмөнкүдөймазмундагы 181-пункт менен толукталсын:
“181. Онлайн-казино жана электрондук (виртуалдык) казино чөйрөсүндө эсептешүүлөр жана төлөмдөр улуттук валютада же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурда чет өлкөлүк валютада жүргүзүлөт.”.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына эки айлык мөөнөттө өзүнүн актыларын ушул токтомго ылайык келтирүү сунушталсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 7-апрелиндеги № 28(3477) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |