Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-августу № 475
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-декабрындагы № 640 "Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын кызматкерлерине атайын класстык чиндерди ыйгаруунун (төмөндөтүүнүн жана андан ажыратуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-декабрындагы № 640 "Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын кызматкерлерине атайын класстык чиндерди ыйгаруунун (төмөндөтүүнүн жана андан ажыратуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы жана 1-пунктундагы "кызматкерлерине" деген сөз "системасынын кызматчыларына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын кызматкерлерине атайын класстык чиндерди ыйгаруунун (төмөндөтүүнүн жана андан ажыратуунун) тартиби жөнүндө жободо:
- аталышындагы "кызматкерлерине" деген сөз "системасынын кызматчыларына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын системасынын кызматчыларына атайын класстык чиндерди берүүнүн, сактоонун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартибин аныктайт.";
- 2-пунктундагы "Юстиция министрлигинин системасынын органдарынын" деген сөздөр "юстиция органдарынын системасынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин системасынын кызматкерлеринин" деген сөздөр алып салынсын, "чиндери" деген сөз "чиндер" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 5, 6, 7-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Юстиция органдарынын системасынын юридикалык жогорку билими бар жана белгиленген талаптарга ылайык келген ар бир кызматчысына ээлеген кызмат орду боюнча каралган атайын класстык чин ыйгарылат.
6. Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын системасындагы мамлекеттик жарандык кызматтын административдик кызмат орундарына кызмат орундарынын тобун эске алуу менен төмөнкүдөй атайын класстык чиндер туура келет:
1) кенже топтогу кызмат орундарына - кенже юрист;
2) улук топтогу кызмат орундарына - 3, 2, 1-класстагы юрист;
3) башкы топтогу кызмат орундарына - юстициянын 3, 2, 1-класстагы кеңешчиси;
4) жогорку топтогу кызмат орундарына - юстициянын 3, 2, 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
7. Атайын класстык чин алгачкы жолу, кезектеги тартипте же кезексиз тартипте ыйгарылышы мүмкүн.
Атайын класстык чин биринчи жолу атайын класстык чини жок кызматчыга ыйгарылат. Кызматчынын мурдагы кызматында ыйгарылган класстык чини, дипломатиялык рангы, аскердик же атайын наамы болгон учурда атайын класстык чинди ыйгаруу ушул Жобонун 18-пунктуна ылайык жүзөгө ашырылат.";
- 9-пунктундагы "ишин баалоонун жыйынтыгы боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
- 10-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Кезектеги атайын класстык чин кызматчыга мурдагы атайын класстык чинде кызмат өтөө үчүн белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин ыйгарылат.
Атайын класттык чинди ыйгаруунун кезектүүлүгү кызматчы кызмат орундарынын бир тобунун чегинде кызмат ордун ээлеген шартта сакталат.";
- 11-пунктунда:
биринчи абзацындагы "ишин баалоонун жыйынтыгы боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
экинчи абзацында:
биринчи сүйлөмү "болуп саналган" деген сөздөрдөн кийин "кезексиз" деген сөз менен толукталсын;
экинчи сүйлөмүндөгү "ишин баалоонун жыйынтыгы боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
- 12-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул пунктта көрсөтүлгөн мөөнөттөр кызматчыны ушул Жобонун 6-пунктуна ылайык башка атайын класстык чиндер каралган кызмат орундарынын башка тобуна кирген бир кыйла жогорку кызмат ордуна дайындоодо эске алынбашы мүмкүн.";
- 14-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"14. Жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген кызматчылар үчүн юстициянын 1, 2 жана 3-класстагы мамлекеттик кеңешчисинин атайын класстык чини Кыргыз Республикасынын юстиция министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ыйгарылат.
Кыргыз Республикасынын юстиция министрине юстициянын 1, 2 жана 3-класстагы мамлекеттик кеңешчисинин атайын класстык чини Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ыйгарылат.
Башка атайын класстык чиндер Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын системасынын персоналды башкаруу боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын юстиция министри тарабынан ыйгарылат.
Кыргыз Республикасынын юстиция министри кызматчыга тиешелүү атайын класстык чинди өз убагында ыйгаруу боюнча чараларды көрөт.
Орто жана улук атайын класстык чиндерди ыйгаруу жөнүндө сунушту өз убагында киргизүү үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын системасынын персоналды башкаруу боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисине жүктөлөт.
Сунуш кызматчыга тиешелүү атайын класстык чинди ыйгаруу укугу пайда болгон учурдан тартып 10 жумуш күндүн ичинде киргизилиши керек.";
- 16-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 17-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17. Кызматчыга атайын класстык чинди ыйгаруу жөнүндө маалымат кызматчынын эмгек китепчесине жана өздүк делосуна жазылат. Кызматчыны атайын класстык чинден ажыратуу же андан төмөндөтүү жөнүндө маалымат кызматчынын өздүк делосуна жазылат.
Атайын класстык чин Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын системасынын кызматкеринин кызматтык күбөлүгүндө көрсөтүлөт.";
- 18-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. Аскердик же атайын наамы, класстык чини, дипломатиялык рангы бар кызматчыларга Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын системасына мамлекеттик жарандык кызматка кирүүдө алардын жогорку юридикалык билими бар болсо, ушул Жобонун 9-пунктунда белгиленген мөөнөттү сактабастан, ошол аскердик же атайын наамга, класстык чинге, дипломатиялык рангга ылайык келген атайын класстык чин ыйгарылат.";
- 19, 20-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19. Ыйгарылган атайын класстык чин кызматчыда ал атайын класстык чинден ажыратылган учурларды кошпогондо, өмүр бою сакталат.
20. Кызматчыга жүктөлгөн милдеттерди аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн кызматчынын атайын класстык чини ал ээлегенден бир атайын класстык чинден көп эмес төмөндөшү мүмкүн.
Орто жана улук атайын класстык чиндерди төмөндөтүү Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын системасынын персоналды башкаруу боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинин сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын юстиция министринин тейлөөчү орун басарынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын юстиция министри тарабынан жүргүзүлөт.
Юстициянын 1, 2 жана 3-класстагы мамлекеттик кеңешчисинин атайын класстык чинин төмөндөтүү Кыргыз Республикасынын юстиция министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен макулдашылгандан кийин Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жүргүзүлөт.";
- 21-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Атайын класстык чинден ажыратуу атайын класстык чинди ыйгарган кызмат адамы тарабынан жүргүзүлөт.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткүндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |