Загрузка документа…
| ||
|
| Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-сентябрындагы № 480 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин Элдик Курултайдан жана юридикалык коомчулуктан мүчөлөрүнө материалдык сый акы төлөө ТАРТИБИ
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин (мындан ары - Кеңеш) Элдик Курултайдан жана юридикалык коомчулуктан мүчөлөрүнө материалдык сый акы төлөө тартибин аныктайт.
2. Кеңештин мүчөлөрүнө материалдык сый акы төлөө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти тарабынан ай сайын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызматтык маянасынын өлчөмүндө республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
3. Кеңештин Элдик Курултайдан жана юридикалык коомчулуктан мүчөлөрүнө материалдык сый акы Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментине Кеңештин төрагасынын (ал жок учурда - орун басарынын) Кеңештин мүчөсү катышпаган Кеңештин жыйналышынын күндөрүнүн саны жөнүндө ар бир айдын аягында берилген маалыматынын, ошондой эле жумуш убактысын эсепке алуу табелинин негизинде эсептелет.
Материалдык сый акы мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык киреше салыгын жана чегерүүлөрдүн суммасын кармоо менен төлөнөт.
4. Материалдык сый акынын суммасын эсептөөдө Кеңештин жыйналыштарына катышпаган ар бир күн үчүн ушул Тартиптин 2-пунктунда белгиленген материалдык сый акынын суммасынын 1 пайызына барабар болгон азайтуу коэффициенти колдонулат.
5. Кеңештин Элдик Курултайдан жана юридикалык коомчулуктан мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментине эмгек китепчелеринин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн берүүгө тийиш.
6. Материалдык сый акынын суммасы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти тарабынан эмгек акы долбоорунун алкагында тейлөөгө келишим түзүлгөн банктын өздүк эсебине которулат.