Загрузка документа…
| ||
|
| Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-августундагы № 473 токтомуна) |
Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоого байланышкан сатып алууларды жүргүзүү ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзам) ылайык иштелип чыккан жана мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоого байланышкан мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү тартибин аныктайт.
2. Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоого байланышкан мамлекеттик сатып алуулар (мындан ары - сатып алуу) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталган катышуучу/катышуучулар (мындан ары - берүүчү) менен мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы аркылуу жүзөгө ашырылат.
2. Кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды жүргүзүүнүн этаптары
3. Кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды жүргүзүүнүн этаптары:
1) сатып алууну пландоо;
2) сатып алуу жөнүндө документтерди иштеп чыгуу;
3) сатып алуу жөнүндө кулактандырууну жарыялоо;
4) сунуштарды ачуу;
5) сунуштарды баалоо жана салыштыруу;
6) жеңүүчүнү тандоо;
7) контракт түзүү;
8) контрактты администрациялоо.
4. Сатып алууларды пландоо "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамдын 11-беренесине ылайык жүзөгө ашырылат.
5. Сатып алуучу уюм курамында үч адамдан кем эмес комиссия түзөт, аларды тандоо мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында туш келди тандоо жолу менен жүргүзүлөт. Комиссиянын мүчөлөрүнүн бири сатып алуулар боюнча сертификатталган адис болушу керек.
Башка мамлекеттик органдардын жана уюмдардын кызматкерлери, жарандык коомдун өкүлдөрү кызматкерлери болуп саналган мамлекеттик органдын же уюмдун жетекчисинин колу коюлган каттын же берген арызынын негизинде сатып алуу боюнча комиссиянын курамына киргизилет. Комиссиянын курамына киргизүү жөнүндө кат же арыз кулактандыруу жарыяланганга чейин берилет. Мындай катты/арызды алганда сатып алуучу уюм көрсөтүлгөн адамдарды сатып алуу боюнча комиссиянын курамына киргизүүдөн баш тартууга укугу жок.
Комиссиянын курамына киргизилген учурдан тартып мамлекеттик органдардын жана уюмдардын кызматкерлерине, жарандык коомдун өкүлдөрүнө "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамдын 9-беренесинин 5 жана 9-бөлүктөрүндө каралган милдеттер жана жоопкерчиликтер жүктөлөт.
6. Сатып алуучу уюм веб-порталда "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамдын 12-беренесинин талаптарына ылайык документтердин электрондук формасынын негизинде сатып алуу жөнүндө документтерди түзөт.
Кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча документтер милдеттүү түрдө техникалык спецификацияны, кызмат көрсөтүү боюнча талаптардын тизмесин, жеткирүү графигин жапа шарттарын, ошондой эле контракттын долбоорун камтууга тийиш.
7. Сатып алуучу уюм сатып алуу боюнча документтерде сатып алуунун конкреттүү предметин, атап айтканда мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоону көрсөтөт.
8. Кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу чектелген метод менен жүргүзүлөт.
9. Катышууга сунуш Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталган катышуучудан гана кабыл алынат.
10. Сатып алуучу уюм берүүчү тарабынан сунушту берүү үчүн акыркы, бирок кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып беш жумуш күндөн кеч эмес мөөнөттү белгилейт.
11. Берүүчү сатып алууларды жүргүзүү жөнүндө кулактандырууда белгиленген мөөнөттө сунуш берет.
12. Ачуу протоколу жана сатып алуу жол-жоболорунун протоколу веб-портал тарабынан "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамдын 25 жана 27-беренелерине ылайык топтолот, алар сатып алуучу уюм жана өз сунушун берген берүүчү үчүн гана жеткиликтүү болот.
Баалоонун жыйынтыктары жана сатып алуу жол-жоболорунун протоколу сатып алуучу уюмга жана катышкан берүүчүгө гана жеткиликтүү болот. Сатып алуу жол-жоболорунун протоколу контракт түзүлгөндөн кийин жалпыга жеткиликтүү болуп саналат.
13. Электрондук форматта мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорун уюштуруу жана жүргүзүү тартиби ушул Тартипке каршы келбеген бөлүгүндө Электрондук мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү тартиби менен регламенттелет.
14. Сатып алуучу уюм берүүчү менен 3 жылдан ашпаган мөөнөткө жабык алкактык макулдашуу түзө алат.
Алкактык макулдашууну колдонуу шарттары жана тартиби "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзам менен жөнгө салынат.
15. Сунуш берүүчү тарабынан белгиленген баа боюнча берилет.
3. Тандоо жана контракт түзүү
16. Сатып алуучу уюм сатып алуу боюнча документтерде камтылган маалыматтын купуялуулугун камсыздайт.
17. Комиссия сунуштарды баалоонун жүрүшүндө берүүчүдөн анын сунушу боюнча түшүндүрмө талап кылышы мүмкүн. Түшүндүрүү жөнүндө бардык суроо-талаптар жана жооптор веб-портал аркылуу берилүүгө тийиш. Берүүчүнүн сунушунун маңызын өзгөртүү максатындагы эч кандай суроо-талаптарга, сүйлөшүүлөргө же уруксаттарга жол берилбейт.
18. Сатып алуу боюнча комиссия сатып алуу жөнүндө документтерге карата критерийлерди бекитет, Мыйзамда жана сатып алуу жөнүндө документтерде каралган жол-жоболорду жана критерийлерди колдонуу менен сунуштарды баалоону жүргүзөт, жеңүүчүнү аныктайт, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамдын 28-беренесинде каралган учурларда сатып алууну өткөн жок деп тааныйт, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамдын 44-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 45-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык даттануу негиздүү деп аныкталган учурда берүүчүнүн сунуштарын кайра баалоону жүзөгө ашырат.
19. Берүүчү үч жумуш күндүн ичинде сатып алуулардын веб-порталы аркылуу жооп жиберүү менен контракт бекитүү жөнүндө билдирүүнү ырастоого тийиш.
20. Сатып алуучу уюм жүргүзүлгөн тандоо жөнүндө веб-порталга маалымат жарыялаган күндөн тартып "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамдын 29-беренесинде каралган мөөнөттө берүүчү менен контрактка кол коёт.
21. Келишимдик милдеттенмелерди аткарууда мамлекеттик маанидеги жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоо үчүн субподрядчыларды жана субберүүчүлөрдү тартууга жол берилбейт.
22. Эгерде берүүчү контракт түзүүдөн баш тартса же контракт боюнча өзүнүн милдеттенмелерин сапатсыз аткарса, ага карата Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган чаралар көрүлөт.