Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-августу № 473
Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атанын мамлекеттик бланктарды даярдоого байланышкан сатып алууларды жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-майындагы № 261, 2023-жылдын 29-майындагы № 282 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 565 "Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоонун маселелери жөнүндө" Жарлыгын көңүлгө алып, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын алдындагы "Типография" мамлекеттик ишканасына жана "Учкун" ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын тизмесин бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында колдонулуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын тизмесине ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик маанидеги документтерин жана атайын мамлекеттик бланктарын даярдоого ыйгарым укук берилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 282 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоого байланышкан сатып алууларды жүргүзүү тартиби ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын наркын "Учкун" ачык акционердик коому менен белгиленген тартипте макулдашсын.
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-майындагы № 261 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 162 "Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоонун жана (же) персонификациялоонун айрым маселелери жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |