Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 2-сентябры № 481
"Санарип аймак" автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 , 2025-жылдын 9-декабрындагы № 793 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине маалыматтык автоматташтыруу системасын киргизүү максатында, "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы № 1 "2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Санарип аймак" автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары - "Санарип аймак" АМС) жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси "Санарип аймак" АМСти техникалык эксплуатациялоону, тейлөөнү жана өнүктүрүүнү жүзөгө ашыруу үчүн оператор болуп аныкталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Санарип аймак" АМСти жыл сайын коштоого финансылык каражаттарды республикалык бюджеттин жана башка каржылоо булактарынын каражаттарынан карасын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик жыл сайын, 30-апрелден кечиктирбестен, бюджетти болжолдоо жана аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга "Санарип аймак" АМСтин операторунун алдын ала эсептөөлөрүнө ылайык системаны коштоого финансылык чыгымдардын суммасы жөнүндө маалыматты берип турсун.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси ушул токтомго ылайык бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышын камсыз кылсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Мамлекеттик органдардын жетекчилери өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында "Санарип аймак" АМСте маалыматтарды актуалдаштырууну камсыз кылсын, ошондой эле жогоруда аталган Жобонун талаптарына ылайык ишти жүзөгө ашырсын.
7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына “Санарип аймак” АМС аркылуу маалыматтарды топтоо, сактоо, иштеп чыгуу, издөө, пайдалануу, берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу, туруктуу негизде маалыматтарды жана отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын электрондук паспорту” модулун актуалдаштырууну камсыз кылуу сунушталсын.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-декабрындагы № 793 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |