Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы № 445 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Баңгизаттарга каршы программасы
1. Кыргыз Республикасындагы учурдагы баңги кырдаалына жалпы баа берүү
1.1. Эл аралык кызматташтык жана милдеттенмелер
1994-жылы Кыргыз Республикасы 1961-жылдагы Баңги каражаттары жөнүндө бирдиктүү конвенцияга, 1971-жылдагы Психотроптук заттар жөнүндө конвенцияга жана 1988-жылдагы Баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун (мындан ары - БУУ) конвенциясына кошулган. БУУнун толук укуктуу мүчөсү болуу менен, Кыргыз Республикасы БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан жарыяланган саясий принциптерди жүзөгө ашырып, ошондой эле Баңги каражаттары боюнча комиссиянын (мындан ары - БКК) чечимдерин, Баңгизаттарды контролдоо боюнча эл аралык комитеттин (мындан ары - БКЭК) жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (мындан ары - ДСУ) жетектөөчү принциптерин колдонот.
Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары Эл аралык "Интерпол" кылмыш-жаза полициясы уюму менен кызматташат, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин (мындан ары - КМШ), Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (мындан ары - ЖККУ), Шанхай кызматташтык уюмунун (мындан ары - ШКУ), Ташкент шаарында 1996-жылдын 4-майында кол коюлган Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз өндүрүүнү, жүгүртүүнү, кыянаттык менен пайдаланууну контролдоо жаатындагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу меморандумдун алкагында күч-аракеттерди координациялайт, Европа бирлиги, Баңгизаттарга каршы аракеттенүү боюнча эл аралык конференциялар (мындан ары - АЙДЕК), Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү боюнча Борбордук Азиядагы региондук маалыматтык координациялоо борбор (мындан ары - БАРМКБ) менен өз ара аракеттенет, ошондой эле эки тараптуу негизде кызматташууну өнүктүрөт.
1.2. Мыйзамдар жана ишти уюштуруу шарттары
Ушул Программанын укуктук негизи болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдары, кодекстери, мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары, анын ичинде жалпы таанылган принциптер жана эл аралык укуктук ченемдер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер эсептелет.
Кыргыз Республикасы эл аралык укуктун ченемдеринин жана БУУнун, КМШнын, ЖККУнун жана ШКУнун негизги профилдик институттарынын сунуштарынын негизинде баңгизаттарды жүгүртүүнү контролдоого байланышкан проблемаларды чечүүдө комплекстүү жана балансталган мамилелердин принциптерин ишке ашырат. Бул принциптерде мыйзамсыз баңгизаттарга сунуштарды, мыйзамсыз баңгизаттарга суроо-талапты, мыйзамсыз баңгизаттардан зыяндарды азайтуу, ошондой эле контролдонуучу заттардын болушун жана аларды медициналык жана илимий максаттарда гана пайдаланууну камсыздоо сыяктуу тармактарда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясаты калыптанган.
"Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду иштеп чыгууга, өндүрүүгө, кайра иштетүүгө, ташып чыгарууга, транзиттөөгө, ташууга, берип жиберүүгө, сатып алууга, сактоого, бөлүштүрүүгө, сатууга, жок кылууга, медициналык, илимий жана окутуу максаттарында пайдаланууга, эксперттик ишке, криминалистикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө катуу контроль жүргүзүү жол-жоболору аныкталган.
1.3. Актуалдуу баңги кырдаалы
1.3.1. Кыргыз Республикасындагы баңги кырдаалына таасирин тийгизүүчү факторлор
Кыргыз Республикасында учурдагы баңги кырдаалынын өнүгүү тенденциясынын калыптануусун шарттоочу негизги факторлор болуп төмөнкүлөр саналат:
- баңгизаттардын мыйзамсыз транзитине туруктуу суроо-талапты калыптандыруучу жана аны колдоочу терс социалдык процесстер;
- өлкөнүн аймагы аркылуу баңгизаттардын эл аралык транзити;
- баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоо үчүн өздүк сырьелук базанын болушу.
Кыргыз Республикасында баңги кырдаалы ички жана тышкы факторлордун таасиринин алдында түзүлөт.
Тышкы факторлор болуп төмөнкүлөр саналат:
- региондогу баңгизаттарды өндүрүүнүн негизги булагы сыяктуу болгон Афганистан Ислам Республикасына географиялык жакындыгы;
- Борбордук Азиядагы эл аралык кылмыштуулуктун иши, мамлекеттик чек аралардын өткөргүчтүгү;
- мыйзамсыз рыноктордо баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды активдүү алмаштыруучу жаңы психоактивдүү заттардын жана синтетикаттык баңгизаттардын пайда болуусу;
- медициналык жана илимий максаттар, анын ичинен ооруну жана кыйналууну жеңилдетүү үчүн контролдонуучу психоактивдүү каражаттар менен камсыздоонун деңгээлин төмөн бойдон калышы.
Ички факторлорго жакырчылыкты, жумушсуздукту, калктын миграциясын, коррупцияны, баңгизаттарды даярдоо үчүн өздүк сырьелук базанын болушун, мамлекеттик чек аралардын өткөргүчтүгүн, баңгизатка каршы мамлекеттик түзүмдөрдү каржылоонун жана материалдык-техникалык жабдуунун жетишсиздигин киргизүүгө болот.
Баңгизаттарды колдонуунун медициналык кесепеттери баңгизаттарга көз каранды ооруларды, стерилденбеген инструмент менен ийне саюуда жугуучу кооптуу инфекциялардын жайылышын жана өлүмгө учуроолорду камтыйт (тикелей, ошондой эле кыйыр себептерден).
Социалдык кесепеттерге өлүмгө учуроолорду (тикелей, ошондой эле кыйыр себептерден), "Эмгекке жарамсыздык боюнча коррекцияланган жашоо жылдары" эл аралык индексине ылайык киргизилген дени сак жашоонун жоготулган жылдарынын санын, саламаттыкты сактоого чыгымдарды, коомдун экономикалык жана эмгектик жоготууларын, үй-бүлө үчүн терс кесепеттерди ж.б. киргизүүгө болот.
1.3.2. Мыйзамсыз баңгизаттарга сунуштарды азайтуу жаатындагы кырдаал
Дүйнө жүзүндөгү бардык мыйзамсыз опиаттардын негизги көлөмү өндүрүлгөн Афганистан Ислам Республикасына түздөн-түз жакын жайгашкандыктан Кыргыз Республикасы өзүнүн аймагы аркылуу өтүүчү алардын транзитинин кесепеттерин сезүүдө.
Кыргыз Республикасынын аймагына баңгизаттар Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай райондорунун; Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунун багытында жеткирилет. Бирок маршруттар бөлүнүп татаалданат. Бул маршруттар бутакталып жана татаалданып кетет. "Түндүк-Түштүк" альтернативдик жолунун курулушуна байланыштуу, аны да Тажикстан Республикасынын чек арасынан Казакстан Республикасынын чек арасына чейин баңгизаттарды мыйзамсыз транзиттөө үчүн колдонулушу күтүлөт.
Афганистанда өндүрүлгөн баңгизаттарды сатуунун активдүүлүгү сакталган фондо жаңы психоактивдүү заттарды жана синтетикалык баңгизаттарды сунуштоо жана сатуу, анын ичинде интернет аркылуу электрондук төлөм системасы же криптавалюта менен контактсыз төлөө ыкмасы аркылуу сатуу учурлары өсүүдө.
Кыргыз Республикасында жапайы кара куурайдын (каннабис) жана эфедранын бадалдары өсөт, бул марихуана, гашиш жана эфедрон (меткатинон) сыяктуу баңги каражаттарын даярдоого мүмкүнчүлүк түзөт. Сырьелук базанын өлчөмү жана анын баңги кырдаалына таасири улуттук деңгээлде изилденүүгө муктаж.
Кыргыз Республикасындагы баңгилик кылмыштуулук бара-бара кыскаруу тенденциясына ээ. Алсак, 2019-жылы бир миңден азыраак кылмыш катталган, ал эми 2000-жылы активдүү учурда баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор предмети болгон 3,5 миңден ашуун кылмыш катталган.
Кыргыз Республикасында жыл сайын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (мындан ары - ИИМ) координациялоочу ролунун алдында "МАК" операциясынын алкагында баңгизатка каршы алдын алуу иш-чараларынын комплекси өткөрүлүп турат.
Кыргыз Республикасында аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун жана илимий түзүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсү баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун камтыган өсүмдүктөрдү өндүрүү, даярдоо, ташуу, берип жиберүү, сактоо жана сатуу, айдоо жана өстүрүү ж.б.), ошондой эле баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгуусун болтурбоого багытталган.
1.3.3. Мыйзамсыз баңгизаттарга суроо-талапты азайтуу тармагындагы кырдаал
2014-жылдан баштап колдонуучу заттардын негизги түрлөрү боюнча баңгизатка көз каранды адамдардын, айрыкча наркологиялык жардамга биринчи жолу кайрылгандардын санынын кыскаруу тенденциясы байкалды. 2020-жылы Кыргыз Республикасындагы баңгизатка көз каранды адамдардын жалпы санынын 62,3%ы опиаттарды (негизинен героинди) колдонушкан.
Акыркы жылдарда баңги каражаттарын, психотроптук заттарды камтыган, рецеби жок сатылуучу дарыканалык дары каражаттарды кыянаттык менен колдонуунун өнүгүү тренди байкалды. Алар айрыкча мектеп окуучулары жана жаштар арасында популярдуу. Мындай көрүнүш өзгөчө көңүл бурууну жана изилдөөнү талап кылат.
1.3.4. Мыйзамсыз баңгизаттардан зыянды азайтуу жаатындагы кырдаал
Кыргыз Республикасында көрүлүп жаткан чаралардын натыйжасында инъекция аркылуу адамдын иммундук жетишсиздиги вирусунун (АИВ) жугушу боюнча учурлардын саны азаюуда. Мындаалдын алуу программаларынын кардарларына, же болбосо шприцтерди алмаштыруу пункттарына жана опиоиддик алмаштыруу терапиясына (мындан ары - ОАТ) карата жогорулатылган укук коргоо активдүүлүгү наркологиялык дарылоо үчүн тоскоолдук жаратуучу фактор бойдон калууда.
Баңгизаттарды колдонуудан өлүмгө учуроонун негизги түздөн-түз себептери болуп ашыкча доза, инфекциялык оорулардын жана алардын күчөшүнүн кесепетинен аутоиммундук оорулар; негизги кыйыр себептери болуп баңгизатка көз каранды адамдардын кооптуу жүрүм-турумуна байланышкан кырсыктар (өзүнө-өзү кол салуулар, жаракат алуулар, үшүк алып кетүү ж.б.) саналат.
Налоксонду акысыз таратуу боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжасында опиаттардын жана опиоиддердин ашыкча дозасынан өлүмдөрдү олуттуу түрдө кыскартууга мүмкүн болгон.
1.3.5. Контролдонуучу заттардын болушун жана аларды медициналык жана илимий максаттарда гана пайдаланууну камсыздоо
Кыргыз Республикасында контролдонуучу заттардын болушун жана аларды медициналык жана илимий максаттарда гана пайдаланууну камсыздоодо кыйынчылыктар бар.
БКЭКтин маалыматтары боюнча Кыргыз Республикасында медициналык максатта морфинди колдонуу "кызыл сызыктан" төмөн (кыйла жетишсиз), ал 100 статистикалык шарттуу суткалык дозадан деп аныкталган жана Кыргыз Республикасында 40 статистикалык шарттуу суткалык дозадан кемди түзөт.
БКЭКтин пикири боюнча мындай көрүнүштүн себептери болуп медициналык персоналдын жана бейтаптардын даярдыгынын (маалымдуулугунун) жетишсиздиги, көз карандылыктын пайда болушунан кооптонуу, ресурстардын чектелүүлүгү, жеткирүүчүлөрдү тандоодогу проблемалар, маданий (социалдык) шарттамалар, чыгып кетүүсүн алдын алуу максатындагы чектөөлөр, эл аралык сооданын алкагындагы контролдоо чаралары, кылмыш куугунтуктоосунан (жазалоодон) кооптонуу, чектөөчү укуктук база ж.б. саналат.
Ушуга байланыштуу белгиленген проблемаларды системалык түрдө жеңүү боюнча чараларды көрүү зарыл.
2. Жетишкендиктер жана проблемалар
2.1. Мыйзамсыз баңгизаттарды сунуштоону азайтуу чөйрөсүндөгү жетишкендиктер жана проблемалар
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жалпысынан эл аралык-укуктук милдеттенмелерге ылайык келет, бирок жаңы чакырыктардын жана коркунучтардын пайда болуусунун кесепетинен жаңы психоактивдүү жана жаңы синтетикалык баңгизаттардын жайылышына каршы аракеттенүү системасы андан ары өнүктүрүүнү талап кылат.
Кыргыз Республикасында баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү укук коргоо органдары, саламаттык сактоо органдары, социалдык мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду контролдоо боюнча мамлекеттик координациялоо комитетинин (мындан ары - БКМК) алкагында өз ара аракеттенет. Муну менен бирге БКМК системасын өркүндөтүү аркылуу бул координациялоо механизимин андан ары да өнүктүрүү талап кылынат.
Кыргыз Республикасындагы баңги кырдаалы системалуу түрдө изилденип турат, бирок методологиясы өркүндөтүүгө, өзгөчө объективдүү баалоо сегментинде өркүндөтүүгө муктаж.
Кыргыз Республикасында жаңы психоактивдүү заттарды аныктоо боюнча активдүү иш жүргүзүлүп жатат. Мында алардын пайда болушу жөнүндө эрте кабарлоо системасы түзүлө элек. Эл аралык донорлордун күчтөрүн жана каражаттарын тартуу менен бул системаны колдонуу концепциясын жана механизимин түзүү, анын ичинен аны эрте кабарлоонун эл аралык жана региондук окшош системаларына интеграциялоо мүмкүнчүлүгүн кароо зарыл.
Кыргыз Республикасында ички иштер органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан баңгизаттарды даярдоонун жана өндүрүүнүн сырьелук базасы менен активдүү күрөш жүргүзүлүүдө. Мында ченемдик укуктук база, ошондой эле мониторинг жана баалоо жүргүзүү, жалпыланган пландоо жана статистика системасы "Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясын, ошондой эле андан келип чыгуучу мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу аркылуу андан ары жакшыртууга муктаж.
Компетенттүү укук коргоо органдары тарабынан баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык активдүү ишке ашырылууда. Биргелешкен операциялар жана баңгизаттарды эл аралык контролдоп жеткирүүлөр жүргүзүлүүдө. Мында координациялоочу механизмдери жакшыртууга муктаж.
Кыргыз Республикасынын чек ара жана бажы пункттары баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду табуу үчүн айрым техникалык каражаттар менен жабдылган. Муну менен бирге методология жана шаймандар, ошондой эле өздүк курамды окутуу баңгизаттар контрабандасынын кооптуу деңгээлине шайкеш эмес.
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча иштен алынган кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) менен күрөшүү тийиштүү деңгээлде эмес. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү проблемаларынын жалпы, системалуу түшүнүгү жок, натыйжада бул багыттагы укук коргоочулук иштин тажрыйбасы айрым операциялар менен чектелген.
2.2. Мыйзамсыз баңгизаттарга суроо-талаптарды азайтуу чөйрөсүндөгү жетишкендиктер жана проблемалар
Ушул программанын жоболорун ишке ашыруу менен байланышкан бир катар позитивдүү өзгөрүүлөргө карабастан, алгачкы баңгиликти алдын алуудагы иштин абалы баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүдөн келип чыгуучу заманбап чакырыктардын жана коркунучтардын кооптуу мүнөзүнө жана деңгээлине жооп бербейт.
Илимий иш жакшыртуу талап кылат, баңги кырдаалына оң аспектте, ал эми тиешелүү иш жүргүзүлбөгөн учурда терс аспекттерде таасирин тийгизүүчү негизги фактор болгон үй-бүлө маселелерине тиешелүү көңүл бөлүнбөй жатат.
Мектептерде, жумушчу орундарда, ошондой эле жергиликтүү коомдоштуктун деңгээлинде баңгиликти алдын алуу активдүү жүргүзүлбөйт жана учурдагы илимий көз карашка ылайык келбейт.
Баңгизаттарга суроо-талапты азайтуу боюнча аракеттер, эреже катары жакырчылык жана социалдык маргинализация сыяктуу аялуу факторлор менен байланышпайт.
Жалпыга маалымдоо каражаттары менен иш талаптагыдай уюштурулган эмес, натыйжада алар баңгиликти алдын алуу чөйрөсүндөгү программалык, теориялык жана ченемдик укуктук актылар менен байланышы жок иштейт.
Баңги каражаттарга, психотроптук заттарга көз карандылыкты дарылоодо жана реабилитациялоодо жетишилген талашсыз ийгиликтерге карабастан, бул жаатта чечилбеген көп проблемалар калууда. Булар, эң биринчиден өркүндөтүлбөгөн ченемдик укуктук база жана талаптагыдай эмес каржылоого байланыштуу.
Эл аралык донорлордун (мисалы, Европа бирлиги тарабынан каржылануучу "Атлантис" жана "Таза зона" программалары) жардамына карабастан, пенитенциардык системада баңгизаттарга көз карандылыкты алдын алуу маселеси кечиктирбестен чечүүнү талап кылат.
2.3. Мыйзамсыз баңгизаттардан зыянды төмөндөтүү чөйрөсүндөгү жетишкендиктер жана проблемалар
Зыянды төмөндөтүү чөйрөсүндө белгилүү бир тынчсыздандырууну жараткан бир катар тенденциялар байкалат. Алсак, баңгизаттарды мыйзамсыз колдонуунун деңгээли АИВи алдын алуу алкагына чейин бара-бара азаюуда, мында жыныстык жол менен жугуучу инфекцияларды (мындан ары - ЖЖЖИ) вирустук гепатитти, ошондой эле кургак учукту алдын алууга аз көңүл бурулууда.
Түрмөдөгү адамдардын арасында зыянды төмөндөтүүдөгү ийгиликтерге карабастан, зыянды төмөндөтүү программаларына тартылбаган пенитенциардык мекемелер бар. Ошондой эле зыянды төмөндөтүү программалары менен укук коргоо органдарынын опиоддик алмаштыруучу терапия жана антиретровирустук терапия (АРТ) сыяктуу маанилүү кызматтарды көрсөтүү системасы иштелип чыкпаган убактылуу кармоочу изоляторлор камтылган эмес.
Өлүмдөрдү кыскартуу жаатындагы иштердин жыйынтыгын деталдык кароодо анын негизинен опиаттардын жана опиодиддердин ашыкча дозасынан өлүмдөрдү кыскартууга багытталгандыгы көрүнөт.
Муну менен бирге баңги каражаттарынын башка түрлөрүнөн жана психотроптук заттардан, прекурсорлордон, ошондой эле жаңы психоактивдүү заттардан өлүмдөрдү азайтуу маселеси аз изилденген.
"Кыйыр" себептерден (алкоголдук же баңгизаттарга мас абалында автотранспортторду башкаруудан, бийиктиктен кулоодон, өндүрүштүк жаракаттардан ж.б.) өлүмдөрдү азайтуу маселесинде системалуу чечимдердин жана мамилелердин жоктугу фактысын белгилөөгө болот.
2.4. Контролдогу заттардын болуусун жана аларга медициналык жана илимий максаттарда гана жетүүнү камсыз кылуу чөйрөсүндөгү жетишкендиктер жана проблемалар
БКЭК рейтингине ылайык, Кыргыз Республикасында контролдогу заттардын болуусун камсыздоо жана медициналык жана илимий максаттар үчүн гана аларга жетүү талаптагыдай деңгээлде эмес.
Калкты керек болгон медикаменттер менен тийиштүү деңгээлде камсыздоого мүмкүнчүлүк бербеген бир катар тоскоолдуктар бар. Алар негизинен төмөнкүлөр:
1) маалымдуулуктун жетишсиздиги;
2) баңгизаттардан көз карандылыктын өрчүп кетүү коркунучу;
3) чектелген ресурстар;
4) жеткирүүчүлөрдү тандоодогу проблемалар;
5) маданий жана социалдык шарттамалар;
6) мыйзамсыз чыгып кетишин алдын алуу максатындагы чектөөлөр;
7) эл аралык сооданын алкагында контролдоо чаралары;
8) кылмыш куугунтуктоосуна кооптонуу;
9) түйшүктүү ченемдик укуктук база.
3. Программанын максаттары
Ушул Программанын негизги максаты Кыргыз Республикасындагы баңгиликке байланыштуу кырдаалды оңдоо болуп саналат.
4. Программанын артыкчылыктуу багыттары
Бул Программанын негизги артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мыйзамсыз баңгизаттардын сунушталышын азайтуу;
2) мыйзамсыз баңгизаттарга суроо-талапты азайтуу;
3) мыйзамсыз баңгизаттардын зыяндуулугун азайтуу;
4) контролдогу заттардын болуусун жана медициналык жана илимий максаттарда гана аларга жетүүнү камсыздоо.
5. Милдеттер жана чаралар (аракеттер)
Баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу багыттарды ийгиликтүү ишке ашыруу төмөнкүдөй стратегиялык милдеттердин комплексин чечүүнү талап кылат.
5.1. 1-артыкчылыктуу багыт. Мыйзамсыз баңгизаттарды сунуштоонун азайышы
Мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча милдеттер
1) баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча укук коргоо органдарынын ишинин ченемдик укуктук базасын өнүктүрүү;
2) баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жаатындагы иштен түшкөн кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик органдардын ишинин ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү.
Координациялоо боюнча милдеттер:
Талдоо иши, атайын ыкчам-алдын алуу операцияларын, эл аралык контролдогу жеткирүүлөрдү уюштуруу жана жүзөгө ашыруу ж.б. сыяктуу жалпыдан спецификалуу деңгээлдерге координациялоону жайылтуу.
Баңгизатка байланыштуу кырдаалды иликтөө боюнча милдеттер:
Комплекстүү мүнөздө болгон, маалыматтын объективдүү булактары пайдаланылган иликтөөлөрдү уюштуруу жана өткөрүү.
Жаңы психикалык активдүү заттарды таратууга каршы аракеттенүү боюнча милдеттер:
1) жаңы психоактивдүү заттардын пайда болушу тууралуу эрте кабарлоо системасын түзүү;
2) жаңы психоактивдүү заттардын пайда болушу жөнүндө эрте кабарлоонун тийиштүү эл аралык тармактарына кошулуу мүмкүнчүлүгү тууралуу маселени чечүү.
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүнүн сырьелук базасын кыскартуу боюнча милдеттер:
1) адистештирилген бригадалар тарабынан жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу маселесин регламенттөөчү тийиштүү ченемдик укуктук актыларды даярдоо;
2) бюджеттик каражаттарды адистештирилген бригадалардын ишине төлөө үчүн максаттуу бөлүп берүү.
Эл аралык кызматташтыктын милдеттери:
1) эл аралык координациялоонун инструменттерин жана механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү;
2) биргелешкен эл аралык баңги заттарга каршы операцияларды өткөрүүнүн жана баңгизаттарды контролдоп жеткирүүнүн туруктуу системасын жөнгө салуу.
Чек арадагы жана бажылык контролдоону бекемдөө боюнча милдеттер:
1) чек ара жана бажы пункттарын баңгизаттарды табуу боюнча заманбап техникалык каражаттар менен жабдуу;
2) баңгизаттардын контрабандасын айкындоодо теориялык билимди жана практикалык көндүмдөрдү бекемдөө үчүн өздүк курамды окутуу.
Баңгилик бизнестен алынган кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) менен күрөшүү боюнча милдеттер:
1) ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү;
2) бул чөйрөдөгү программалык документтерди иштеп чыгуу жана кабыл алуу.
5.2. 2-артыкчылыктуу багыт. Мыйзамсыз баңгизаттарга суроо-талапты кыскартуу
Баңгиликтин алдын алуу системасын өнүктүрүү максатында "Баңгиликтин алдын алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун кийин даярдоо менен иштеп чыгуу зарыл.
5.3. 3-артыкчылыктуу багыт. Мыйзамсыз баңгизаттардын зыянын төмөндөтүү
Зыянды төмөндөтүү чөйрөсүндөгү милдеттер:
1) зыянды азайтуу программаларын кеңейтүү, мекемелердин иш системасын өркүндөтүү, анын ичинде электрондук рецепторлорду ж.б. колдонуу аркылуу;
2) бардык пенитенциарных мекемелерде, анын ичинде убактылуу кармоочу изоляторлордо, тергөө изоляторлорунда жана түзөтүү мекемелеринде баңгизаттарды колдонуучулар үчүн зыянды төмөндөтүү сервистерине, анын ичинде консультациялоого, стерилдүү ийнелерди жана шприцтерди таратууга жетүүсүн, алмаштыруучу терапия программаларына жетүүнү камсыздоо.
Өлүмдөрдү азайтуу боюнча милдеттер:
1) Баңги каражаттарын, психотроптук заттардын жана жаңы психоактивдүү заттардын бардык спектринен илимий негизде өлүмдөрдү азайтуу маселелерин билүү, анын ичинде "кыйыр" деп аталуучу себептерден улам өлүмдөрдү азайтуу маселелери;
2) тез жардам бригадаларынын кесиптик даярдыгын жогорулатууну улантуу;
3) баңги каражаттарын керектөөчүлөр жана анын чөйрөсү ашыкча доза алуу, аларды алдын алуу жана дарылоо тууралуу маалымдоо ишин активдештирүү;
4) "налоксон" препаратын таратуу программасын улантуу.
5.4. 4-артыкчылыктуу багыт. Медициналык жана илимий максаттарда гана контролдогу заттардын болуусун жана ага жетүүнү камсыздоо
Медициналык жана илимий максаттарда гана контролдогу заттардын болуусун жана ага жетүүнү камсыздоо боюнча милдеттер:
Төмөнкүдөй тоскоолдуктарды жеңүү боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгуу:
1) маалымдуулуктун жетишсиздиги жана баңгиликке көз карандылыктын өрчүп кетүү кооптонуулары;
3) чектелген ресурстар;
4) жеткирүүчүлөрдү тандоодогу проблемалар;
5) маданий жана социалдык шарттамалар;
6) мыйзамсыз чыгып кетишин алдын алуу максатындагы чектөөлөр;
7) эл аралык сооданын алкагында контролдоо чаралары;
8) кылмыш куугунтуктоосуна кооптонуу;
9) түйшүктүү ченемдик укуктук база.
6. Күтүлгөн натыйжалар
6.1. Мыйзамсыз баңгизаттарга сунуштарды кыскартуу:
Аткарылган иштердин натыйжасында төмөнкүлөр ишке ашырылат:
- баңгизат кырдаалына сереп, талдоо жана баалоо методикасын өркүндөтүү;
- баңгизаттар предмети болгон Кыргыз Республикасынын кодекстеринин ченемдерин башка ченемдик укуктук актыларга киргизүү жана эриш-аркак келтирүү;
- баңгизаттардын тизмегин, ошондой эле жосундарды квалификациялоо үчүн маанилүү болгон алардын өлчөмдөрүн өркүндөтүү боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууну координациялоону жөнгө салуу;
- баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү чөйрөсүндө жана соттук-эксперттик иште ыйгарым укуктуу органдардын жана укук коргоо органдарынын кинологиялык борборлорунун муктаждыктарына баа берүү;
- криминалистикалык каражаттарды жана баңгизаттарды изилдөө методдорун жакшыртуу;
- баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү үчүн кадрларды даярдоо системасын жакшыртуу;
- жапайы өсүүчү кара куурайды жок кылуу боюнча чаралар күчөтүлүп, аны айыл чарбанын башка өсүмдүктөрү менен алмаштыруу боюнча альтернативдик чараларды иштеп чыгуу жана киргизүү, эфедраны чогултууга контролдоону жогорулатуу;
- баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча бөлүмдөрдүн иши баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүнүн топтук жана уюшкан формалары менен күрөшүүгө гана кайрадан багыттоо, анын натыйжалуулугунун жаңы критерийлерин иштеп чыгуу;
- ички ведомстволук жана ведомстволор аралык координациялоону камсыздоо;
- "Түндүк-түштүк" альтернативдик курулуп жаткан жолдун тийиштүү участокторун ("Нарын жеңи" баңгилик трафикти) контролдоо үчүн укук коргоо системасын түзүү;
- баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү үчүн компьютерлерди, компьютердик системаларды жана заманбап тармактык технологияларды колдонуунун жаңы ыкмалары менен күрөшүү чараларын күчөтүү;
- баңгизаттарды мыйзамдуу жүгүртүүнү контролдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу;
- "Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясынын долбоорун иштеп чыгуу;
- ар түрдүү мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашырылуучу баңгизаттарды мыйзамдуу жүгүртүүнү контролдоону координациялоо боюнча ишти күчөтүү;
- бардык деңгээлдерде кадрларды даярдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу;
- Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана аларга окшошторду жана прекурсорлорду, ошондой эле Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду камтуучу өсүмдүктөрдүн атласын даярдоо;
- БУУнун, Евразия экономикалык бирлигинин, ЖККУнун ж.б. алкагында контролдогу заттардын тизмеси алардын эл аралык милдеттерге ылайык келүү предметине талдоону жүргүзүү;
- Баңги каражаттарын, психотроптук заттардын окшошторунун тизмесинин долбоорун иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасында эл аралык долбоорлордун жана баңгизаттарды контролдоо системасын ишке ашыруунун натыйжалуулугуна баа берүү;
- жаңы психикалык активдүү заттардын пайда болуусу жөнүндө эрте кабарлоо системасын түзүү.
6.2. Мыйзамсыз баңгизаттарга суроо-талапты кыскартуу
Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында төмөнкүлөр аткарылат:
- жыл сайын баңгиликтин алдын алууга талдоо жүргүзүлөт жана абалы бааланат;
- тийиштүү мыйзамдын долбоорун жана мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды даярдоо боюнча иш уюштурулат;
- БКМКнын баңгиликти алдын алуу процессине координациялык таасири кеңейтилет;
- баңгиликти алдын алуунун материалдык-техникалык базасы жаңыртылат;
- кесиптик жогорку билим берүүнүн негизинде кадрларды даярдоо күчөтүлөт, илимий базанын деңгээли жогорулатылат, маалымдамалар, глоссарийлер жана башка тиешелүү документтер иштелип чыгат;
- баңгиликти алдын алуунун эл аралык стандарттары зарыл учурларда киргизилет;
- Баңги каражаттарын кыянаттык менен колдонуунун жана аларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө арналган иш-чаралар, ошондой эле "Дени сак жашоо модасы" социалдык долбоор уюштурулат жана өткөрүлөт;
- эл аралык сунуштамалар менен баңгиликти алдын алуу чөйрөсүндөгү улуттук мамилелер эриш-аркак келтирилет;
- үй-бүлөдө, мектептерде, коомдук жайларда, жумуш орундарында жана жергиликтүү коомдоштуктарда алдын алуучу таасири күчөтүлөт;
- илимий маалыматтардын жана улуттук мыйзамдардын негизинде жалпыга маалымдоо каражаттары менен иш жөнгө салынат;
- баңгиликти экинчи жана үчүнчү алдын алуунун жаңы улуттук көз карашы жана ченемдик укуктук базасы иштелип чыгат;
- дарылоонун жана баңгиликти алдын алуунун материалдык-техникалык базасы бекемделет;
- наркологиялык кызматтардын персоналынын квалификациясы жогорулатылат;
- баңгизаттарга көз каранды адамдардан жана алардын жакын чөйрөсү өзүнө жардам берүү топторун түзүүгө жана алардын иштерине колдоо көрсөтүлөт;
- көз карандылыкты дарылоонун колдонуудагы улуттук стандарттарды тактоо жана жаңыларын иштеп чыгуу уюштурулат;
- үзгүлтүксүз уюштурулуп жаткан спорттук жана маданий иш-чараларга балдардын жана жаштардын жетүүсүн камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлөт.
6.3. Мыйзамсыз баңгизаттардан болгон зыянды кыскартуу
Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында төмөнкүлөр аткарылат:
- стерилдүү ийнелерди, шприцтерди жана презервативдерди берүү программалары улантылат, ал эми зыянын азайтуу программаларынын катышуучулары АИВ-инфекциялары жана вирустук гепатиттер, коопсуз жүрүм-турум тууралуу (инъекцияда, жыныстык жана тиричилик байланыштарда) маалымат менен камсыздалат;
- социалдык мекемелердин тармактарын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүлөт (социалдык жатаканалар, "дроп-ин-борборлор", "жарым жолдогу үйлөр", "комьюнити борборлор" ж.б.);
- зыянын кыскартуу боюнча кызмат көрсөтүү жерлеринде өтө укук коргоочулук активдүүлүктү кыскартуу боюнча чаралар көрүлөт;
- пенитенциардык системадагы баңгизаттарды медициналык эмес керектөөнү алдын алуу абалы жакшыртылат, анын ичинде АИВ-инфекциясынын аялуу топторуна, инъекциялык баңгизаттарды колдонгон адамдарга, АИВ менен жашаган адамдарга (мындан ары - АЖА), ошондой эле кургак учук жана башка өнөкөт оорулары бар бейтаптарга карата басым жасоо менен бошотулган соттолгондорду социалдык коштоп жүрүү программалары улантылат;
- алдын алуу программаларынын катышуучуларына тийиштүү маалымат алуу, АИВге өз ыктыяры менен консультация алууга жана тесттен өтүүгө, жеке алдын алуу каражаттарына (таза шприцтерге, дезинфекциялоочу каражаттарга, презервативдерге), медициналык кызматкерлердин контролдоосу менен опиоиддик алмаштыруучу терапияга ээ болуу мүмкүнчүлүгү камсыздалат;
- пенитенциардык системада жеткиликтүү медициналык сервис уюштурулат (ЖЖЖИни, баңгизаттарга көз карандылыкты дарылоо, АЖАларга антиретровирустук терапия берүү жана байланыштан кийин алдын алуу);
- "налоксон" препаратын таратуу жолу менен опиаттардын ашыкча доза алуусун алдын алуу улантылат жана күчөтүлөт;
- мыйзамсыз баңгизаттарды колдонуучу адамдардын, ошондой эле алардын жакын чөйрөсү ашыкча доза алууну алдын алуу, аларды купирлөө методдору жана каражаттары тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу боюнча иш улантылат;
- тез медициналык жардам бригадаларынын кесиптик деңгээли жогорулатылат.
6.4. Медициналык жана илимий максаттарда гана контролдогу заттардын болуусун жана ага жетүүнү камсыздоодогу тоскоолдуктарды жеңүү жолдору
Тоскоолдуктарды жеңүү максатында төмөнкүлөр ишке ашырылат:
- түйшүктүү ченемдерди аныктоо жана аларды жеңүү максатында ченемдик укуктук базаны жана практиканы билүү;
- талаптагыдай маданий жана социалдык шарттамаларды калыптандыруу боюнча калк менен иштөө;
- бейтаптарды жана медициналык персоналдын мыйзамдуу Баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды медициналык максатта колдонуу жөнүндө, анын ичинен көз карандылыктын өрчүп кетүү маселелери боюнча маалымдуулугун жогорулатуу;
- тийиштүү ченемдик укуктук актыларды даярдоо жана кабыл алуу;
- тийиштүү препараттарды сатып алуу жана бөлүштүрүү.
7. Ылайыктуу өбөлгөлөр жана тобокелдиктер
7.1. Ылайыктуу өбөлгөлөр
Кыргыз Республикасы эгемендүүлүктү алгандан бери баңгизаттарды жүгүртүүгө байланыштуу проблемалар чечүүдө комплекстүү жана балансталган мамилени карманат, саламаттыкты, коопсуздукту жана бейпилдикти камсыздоого жана коргоого көмөктөшүү, саясатта жана программаларда гендердик жана курактык аспекттерди эсепке алуу максатында, өзүнчө адамдарга, үй-бүлөлөргө, жамааттарга жана жалпысынан коомго талаптагыдай көңүл буруу принцибин жетекчиликке алат. 1993-жылдан тартып баңгизаттарды жүгүртүүнү контролдоо чөйрөсүндө стратегиялык пландоо документтери системалуу негизде кабыл алынып келатат.
Алардын таасиринин натыйжасында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу кылмыштардын саны 2019-жылы 2000-жылга салыштырмалуу 3,5 эсе азайган. 2011-жылдан кийинки мезгилде баңгизаттарды колдонуучу катары наркологиялык каттоодо турган адамдардын саны 20 пайыздан ашуун кыскарган.
7.2. Тобокелдиктер
Кыргыз Республикасы өнөкөт, жаңы жана алмашып туруучу чакырыктардын болуусун тааныйт, аларга баңгизаттарды контролдоо боюнча үч эл аралык конвенцияларга ылайык жооп берүү керек болот, транзиттик мамлекет катары мурдагыдай эле көптөгөн чакырыктар менен кездешүүдө.
Чакырыктарга ийгиликтүү жооп берүү үчүн мамлекеттик органдардын бардык деңгээлдеринин ортосунда, айрыкча саламаттык сактоо, билим берүү, сот адилеттиги жана укуктук тартипти коргоо секторлорунда тыгыз кызматташуу жана координациялоо талап кылынат. Жарандык коом, ошондой эле илимий коомдоштук жана академиялык чөйрө баңгизат проблемаларын чечүүдө жана аны менен күрөшүүдө маанилүү ролду ойнойт. Ушул проблемага туш болгон калктын тобунда жана жарандык коомдун түзүмдөрүнүн өкүлдөрүндө талаптагыдай учурларда баңгизаттарды контролдоо саясатын жана программасын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу мүмкүнчүлүгү болушу керек.
2021-жылдын 1-декабрынан тартып Кыргыз Республикасынын бир катар кодекстеринде белгиленген алкакта Кыргыз Республикасынын ар кандай укук коргоо түзүмдөрүнүн иштеринин механизмин калыптандыруу азыркы учурдун кыйынчылыгы болуп саналат. Тактап айтканда, ыкчам маалыматтарды каттоо маселесин, изин суутпай издөө иш-чараларына жана атайын тергөө аракеттерине катышуучу жактардын зарыл жашыруундуулугун сактоону жана алардын коопсуздугун камсыздоону козгогон кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарынын, "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин шайкеш келтирүү маселесин чечүү зарыл болду.
Укук коргоо органдарынын ишине жеке колдонуу үчүн баңгизаттарды сактаган адамдарды кандайдыр бир деңгээлде жоопкерчиликке тартуу да кирет. Бирок, белгилей кетчү нерсе, бул багыттагы көрсөткүчтөр жакшырууда. Алсак, эгерде 2012-жылда аныкталган баңгилик кылмыштардын түзүмүндө баңгизаттарды сатуу максатын көздөбөстөн сактоо жалпы сандын үчтөн экисин түзсө, 2019-жылы алардын салыштырмалуу салмагы 53%ды түзгөн.
Коррупциянын орун алгандыгынын факторлорун жана критерийлерин, криминалдык баңгилик бизнестен алынган кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) аныктоо методологиясын иштеп чыгуу боюнча чаралар көрүлүп жатат. Бул багыттагы иш жалпы программалык максаттын алкагында укук коргоо түзүмдөрүн макулдашылган ишин талап кылат.
Мамлекеттик чек араны коргоо системасы, мамлекеттин чек аралык жана бажылык инфратүзүм баңгизаттарды контрабандалык жеткирүүлөргө бөгөт коюп, натыйжалуу контролдоону камсыздоого талаптагыдай чара көрүүгө мүмкүнчүлүк бербегендиктен, Кыргыз Республикасын дүйнөлүк баңгилик рыноктордогу процесстерден көз каранды кылууда. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жалпы криминогендик жагдайга терс таасирин тийгизип жатат, өз пайдасын ойлогон зомбулук жана ушуга байланыштуу башка кылмыштардын көрүнүштөрүнө түрткү берилүүдө.
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча кылмыштуу иштен түшкөн кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана баңгилик коррупция менен күрөшүүнүн бир катар маселелери чечиле элек.
Колдонгон кыскартуулардын тизмеси:
АЙДЕК | - | Баңгизаттарга каршы аракеттенүү боюнча эл аралык конференция |
АИВ | - | адамдын иммундук жетишсиздик вирусу |
ДСУ | - | Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму |
СЭК | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызмат |
ЕАЭБ | - | Евразия экономикалык бирлиги |
ЖЖЖИ | - | Жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар |
АЖА | - | АИВ менен жашаган адамдар |
ИБКА | - | инъекциялык баңгизаттарды колдонуучу адамдар |
БКЭК | - | Баңгизаттарды контролдоо боюнча эл аралык комитет |
ЖККУ | - | Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму |
БУУ | - | Бириккен Улуттар Уюму |
БУУ БКБ | - | БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы |
БАРМКБ | - | Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча Борбордук Азиядагы региондук маалыматтык координациялоо борбору |
ШКУ | - | Шанхай кызматташтык уюму |
КМШ | - | Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги |
БКМК | - | Баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду контролдоо боюнча Мамлекеттик координациялык комитет |