Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 18-июлу № 389
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-ноябрындагы № 630 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Адам укуктары боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин курамын актуалдаштыруу жана ишин тартипке салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-ноябрындагы № 630 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Адам укуктары боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) преамбуласындагы "10, 17 жана 40", "Өкмөтү жөнүндө" жана "Өкмөтү" деген цифралар жана сөздөр тиешелүү түрдө "13, 17 жана 36", "Министрлер Кабинети жөнүндө" жана "Министрлер Кабинети" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 1-пунктундагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.";
5) жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Координациялык кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары, Координациялык кеңештин төрагасынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун директору, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлү, Координациялык кеңештин катчысы.
Координациялык кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн эксперти;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун директорунун орун басары (макулдашуу боюнча).".