Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-ноябры № 630
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Адам укуктары боюнча координациялык кеңеш жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 104, 2016-жылдын 23-августундагы № 453, 2017-жылдын 17-январындагы № 30, 2017-жылдын 24-июлундагы № 448, 2018-жылдын 13-апрелиндеги № 207, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-августундагы № 103, 2022-жылдын 18-июлундагы № 389, 2023-жылдын 15-июнундагы № 302, 2024-жылдын 25-декабрындагы № 793, 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 616 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин камсыздоо жана коргоо механизмдерин өркүндөтүү, адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерди ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 жана 36-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-июлундагы № 389 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдында Адам укуктары боюнча координациялык кеңеш (мындан ары - Координациялык кеңеш) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-июлундагы № 389 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Координациялык кеңештин негизги милдеттери төмөнкүлөр экендиги белгиленсин:
- Бириккен Улуттар Уюмунун келишимдик органдарына улуттук мезгилдүү докладдарды даярдоо боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоо;
- адам укуктары чөйрөсүндө Бириккен Улуттар Уюмунун сунуштамаларын аткаруу боюнча мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүү.
3. Координациялык кеңештин жумушчу органы болуп Координациялык кеңештин катчылыгы (мындан ары - Катчылык) аныкталсын. Катчылыктын функциялары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 453, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-августундагы № 103 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Катчылык эки айлык мөөнөттө Координациялык кеңештин жана анын Катчылыгынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-июлундагы № 389 токтомунун редакциясына ылайык)
"Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 26-ноябрында N 94 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ж.Оторбаев |
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы
Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин
курамы
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 616 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Координациялык кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары, Координациялык кеңештин төрагасынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлү, Координациялык кеңештин катчысы.
Координациялык кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын коргоо, укук тартиби жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн эксперти;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары.