Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 10-июну № 307
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик мүлктү башкаруу маселелерин жөнгө салуучу айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 61 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 297 "Улуу Көчмөндөр Мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктунун алтынчы абзацындагы "1000000000,0 (бир миллиард) сомго чейин" деген сөздөр "8000000000,0 (сегиз миллиард) сомго чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
"21. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун "Улуу Көчмөндөр Мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ААКка карата айрым функциялары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан ишке ашырыла тургандыгы белгиленсин, тактап айтканда:
- уюштуруучунун, акционердин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу;
- башкаруу органдарынын мүчөлөрүн тандоону, сунуштоону жана шайлоону уюштуруу;
- корпоративдик башкаруу боюнча чараларды ишке ашыруу;
- финансылык-чарбалык ишке мониторинг жүргүзүү жана талдоо;
- уставдык капиталдагы мамлекеттин үлүшүнө тиешелүү болгон дивиденддердин эсебин жүргүзүү, алардын республикалык бюджетке өз убагында төлөнүшүн контролдоо жана аны камсыз кылуу боюнча чараларды жүзөгө ашыруу.".
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 61 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жободо:
12-пунктунун 5-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар чарбалык коомдордун башкаруу органдары үчүн кадрлар резервин түзүү;".
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 61 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 10-июну № 307
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик мүлктү башкаруу маселелерин жөнгө салуучу айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 61, 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 467 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 467 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

А.У.Жапаров |