Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-июну № 345
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-июлундагы № 435 "Кыргыз Республикасында соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" Жарлыгына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-июлундагы № 435 "Кыргыз Республикасында соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча кеңеш жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча кеңеш жөнүндө жободо:
5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Кеңештин курамына төмөнкүлөрдүн өкүлдөрү кирет:
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Сапариптик өнүктүрүү министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасынын;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун;
- иши тышкы экономикалык ишти жүргүзүү жана/же коштоочу кызматтарды көрсөтүү менен байланышкан, аталган чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар бизнес-коомчулуктун.
Бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн саны Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын мүчө өкүлдөрүнүн санынан ашпоого тийиш.";
- 7, 8, 9, 23, 26-пункттарындагы "Экономика жана финансы" деген сөздөр "Экономика жана коммерция" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 13-пунктундагы "Өкмөтүнө" деген сез "Министрлер Кабинетине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 24-пунктунун экинчи абзацындагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 24, 25-пункттарындагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Өкмөтүнүн Аппараты" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Президентинин Администрациясы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |