Загрузка документа…
| 2-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 440 токтомуна ылайык) |
Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишин лицензиялоо жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-январындагы № 36, 2024-жылдын 22-августундагы № 491, 2025-жылдын 3-сентябрындагы № 556 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишин лицензиялоо жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишине лицензияларды берүүнүн, кайра жол-жоболоштурууну, токтото туруунун, кайра жаңылоо жана жокко чыгаруунун тартибин регламенттейт.
2. Оюн-зоок ишин жүргүзүүнү каалаган, жоопкерчилиги чектелген коомдун же жабык акционердик коомдун уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жактар тиешелүү лицензияны алууга милдеттүү.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (мындан ары - Финкөзөмөл) иштин төмөнкүдөй түрлөрү үчүн лицензияларды берүүчү оюн-зоок иши жаатында лицензиар болуп саналат:
1) казино;
2) тотализатор;
3) букмекердик кеңсе;
4) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 491 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5) онлайн-казино;
6) электрондук (виртуалдык) казино.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-январындагы № 36, 2024-жылдын 22-августундагы № 491 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Онлайн казино жана электрондук (виртуалдык) казино чөйрөсүндөгү лицензиялар эки түргө бөлүнөт:
1) виртуалдык казинону башкарууга лицензия;
2) виртуалдык казинону операторлукка лицензия.
5. Оюн-зоок ишине лицензия аны алган учурдан тартып он жылдык мөөнөткө берилет жана ажыратылгыс болуп саналат.
6. Лицензиянын дубликатын берүүгө лицензияны берүү, кайра жол-жоболоштуруу "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
2. Лицензиялоо принциптери
7. Лицензиялоонун принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) лицензиялоо жол-жоболорунун айкындыгы, ачыктыгы;
2) оюн-зоок ишинин бардык субъекттери үчүн лицензия берүүнүн бирдей негиздери жана шарттары;
3) лицензиарга "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык лицензияланууга тийиш болгон ишке байланыштуу кошумча лицензияларды берүүгө тыюу салуу;
4) эгерде документтер менен башкача далилденбесе жана негизделбесе, лицензиаттын ак ниеттүүлүгүн таануу;
5) лицензиялоодо рыноктогу монополизмдин күчөшүн же ишкердик иштин эркиндигин чектөөнү жок кылуу;
6) лицензиялык контролду республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен гана жүргүзүү. Лицензиарлардын лицензиялык контролду (мониторингди) лицензиаттын каражаттарынын жана мүлкүнүн эсебинен жүргүзүүсүнө тыюу салуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-январындагы № 36 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Лицензиялоо жол-жобосу "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган принциптерде жүзөгө ашырылат.
3. Лицензиянын мазмуну
9. Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишине лицензия ушул Жобонун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн форма боюнча берилет.
Лицензияда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- лицензиялоочу органдын аталышы;
- юридикалык жактын толук жана кыскартылган фирмалык аталыштары, уюштуруу-укуктук формасы, юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн номери;
- лицензиялануучу иштин түрү;
- лицензиялардын жарактуулук мөөнөтү;
- ишти жүргүзүү аймагы;
- лицензиянын берилген күнү жана каттоо номери.
10. Лицензия кагаз жүзүндө жана "Электрондук колтамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык жол-жоболоштурулган жана кагаз жүзүндөгү лицензияга барабар, маалыматтык технологияларды колдонуу менен берилген электрондук документ түрүндө болушу мүмкүн.
4. Лицензия берүү
11. Лицензиар лицензия берүү жөнүндө чечимди "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мөөнөттөрдө кабыл алат. Чечим Лицензиардын буйругу түрүндө кабыл алынат.
12. Лицензиар тарабынан берилүүчү лицензияны берүүдө жана кайра жол-жоболоштурууда, лицензиянын дубликатын берүүдө Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык мамлекеттик алым алынат.
5. Лицензия алуу үчүн зарыл болгон документтер
13. Иштин тиешелүү түрүнө лицензия алуу үчүн арыз берүүчү лицензиарга төмөнкү документтерди тапшырат:
1) казино үчүн:
- ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык арызды;
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
- уюштуруу келишиминин же жалгыз уюштуруучунун чечиминин, юридикалык жактын уставынын, уюштуруучулардын (катышуучулардын, акционерлердин) уставды кабыл алуу, кызмат адамдарын жана башкы бухгалтерди бекитүү жөнүндө чогулушунун протоколунун юридикалык жак тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн;
- ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча оюн-зоок жайынын кызмат адамдары жана башкы бухгалтери (бухгалтери) жөнүндө маалыматтарды;
- оюн-зоок жайын күтүү боюнча иш жүргүзүлө турган жайга (имаратка) менчик же ижара укугун ырастоочу документтердин юридикалык жак тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн;
- оюн-зоок залдарындагы адамдарды аралыктан фиксациялоого мүмкүндүк берүүчү күзөт жана сигнализация каражаттарынын (оюн-зоок жайын коргоо жөнүндө келишим), видеобайкоо жана фотосүрөткө тартуу системаларынын орнотулгандыгын ырастоочу документтерди;
- оюн-зоок мекемеси бекиткен кумар оюндарын уюштуруунун жана өткөрүүнүн эрежелерин;
- минималдуу милдеттүү резервдик фондду түзүүнү ырастоочу документти;
- арызды кароо жана лицензия берүү үчүн мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсүн;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынын болушуна кардарлардын инсандыгын идентификациялоо боюнча системанын бар экендигин ырастоону;
- белгиленген стандарттарга ылайык келүүсүн күбөлөндүрүүчү жана Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан ырасталган оюн жабдууларынын, адистештирилген программалык продукттардын сертификациялоо жол-жобосунан өткөндүгү жөнүндө документтерди;
- оюн-зоок жайынын кардарларын идентификациялоо максатында Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун реестрин жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен оюн-зоок ишинин субъектинин суроо-талаптарын тейлөө жөнүндө келишимдин көчүрмөсүн;
2) оюн автоматтары залдары, тотализаторлор жана букмекердик кеңселер үчүн:
- ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык арызды;
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
- уюштуруу келишиминин же жалгыз уюштуруучунун чечиминин, юридикалык жактын уставынын, уставды кабыл алуу, кызмат адамдарын жана башкы бухгалтерди бекитүү жөнүндө уюштуруучулардын (катышуучулардын, акционерлердин) чогулушунун протоколунун юридикалык жак тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн;
- ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча оюн-зоок жайынын кызмат адамдары жана башкы бухгалтери (бухгалтери) жөнүндө маалыматтарды;
- оюн-зоок жайын күтүү боюнча иш жүргүзүлө турган жайдын (имараттын) менчик укугун же ижарасын ырастоочу документтердин юридикалык жак тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн;
- оюн-зоок ойноочу залдардагы адамдарды аралыктан фиксациялоого мүмкүндүк берүүчү күзөт жана сигнализация системаларынын (оюн-зоок жайын коргоо жөнүндө келишим), видеобайкоо жана фотосүрөткө тартуу системаларынын орнотулгандыгын ырастоочу документтерди;
- белгиленген стандарттарга ылайык келүүсүн күбөлөндүрүүчү жана Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан ырасталган оюн жабдууларынын, адистештирилген программалык продукттардын сертификациялоо жол-жобосунан өткөндүгү жөнүндө документтерди;
- кумар оюндарын уюштуруунун жана өткөрүүнүн оюн-зоок жайлары тарабынан бекитилген эрежелерин;
- минималдуу милдеттүү резервдик фондду түзүүнү ырастоочу документти;
- салык карыздарынын жоктугу жөнүндө салык органдарынын маалымкатын;
- арызды кароо жана лицензия берүү үчүн мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсүн;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынын болушуна кардарлардын инсандыгын идентификациялоо боюнча системанын бар экендигин ырастоону;
- оюн-зоок жайынын кардарларын идентификациялоо максатында Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун реестрин жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен оюн-зоок ишинин субъектинин суроо-талаптарын тейлөө жөнүндө келишимдин көчүрмөсүн;
3) онлайн-казино, электрондук (виртуалдык) казино үчүн:
- ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык арызды;
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
- уюштуруу келишиминин же жалгыз уюштуруучунун чечиминин, юридикалык жактын уставынын, уставды кабыл алуу, кызмат адамдарын жана башкы бухгалтерди бекитүү жөнүндө уюштуруучулардын (катышуучулардын, акционерлердин) чогулушунун протоколунун юридикалык жак тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн;
- ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча оюн-зоок жайынын кызмат адамдары жана башкы бухгалтери (бухгалтери) жөнүндө маалыматтарды;
- кумар оюндарын түзүү, уюштуруу жана өткөрүү жүзөгө ашырылуучу программалык камсыздоого ээлик кылууну же ижарага алууну ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн;
- кумар оюндарын уюштуруунун жана өткөрүүнүн оюн-зоок жайлары тарабынан бекитилген эрежелерин;
- минималдуу милдеттүү резервдик фондду түзүүнү ырастоочу документти;
- арызды кароо жана лицензия берүү үчүн мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсүн;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынын болушуна кардарлардын инсандыгын идентификациялоо боюнча системанын бар экендигинин ырастоону;
- оюн-зоок жайынын кардарларын идентификациялоо максатында Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун реестрин жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен оюн-зоок ишинин субъектинин суроо-талаптарын тейлөө жөнүндө келишимдин көчүрмөсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 491, 2025-жылдын 3-сентябрындагы № 556 токтомдорунун редакциясына ылайык)
14. Ушул Жобонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн документтер арыз ээси тарабынан "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок ити жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик же расмий тилдерде кагаз түрүндө берилет, ал эми кагаз түрүндө берилген учурда - документтер көктөлүүгө жана номерленүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 491 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Лицензия берүүдөн баш тартуу
15. Лицензия берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында көрсөтүлгөн негиздер саналат. "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралбаган негиздер боюнча лицензия берүүдөн баш тартууга тыюу салынат.
16. Лицензиар лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди ушул Жобонун 12-пунктунда каралган документтер менен арыз берилген күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен кабыл алат. Лицензиар арыз ээсине кабыл алынган чечим жөнүндө баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.
17. Лицензиардын лицензия берүүдөн баш тартуусуна арыз ээси "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.
18. Баш тартуунун негиздери жоюлган учурда арыз кайрадан каралууга тийиш. Мында арызды кароо жана лицензия берүү мөөнөтү арыз кайра кароого берилген күндөн тартып эсептеле баштайт.
19. Лицензия берүүдөн негизсиз баш тартуудан же лицензиаттын укуктарын бузуудан келип чыккан чыгымдардын ордун толтуруу жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
7. Лицензияны кайра жол-жоболоштуруу
20. Лицензия төмөнкү учурларда кайра жол-жоболоштурулат:
1) юридикалык жак кайра уюштурулганда;
2) юридикалык жактын аталышы өзгөргөндө;
3) юридикалык дареги өзгөртүлгөндө;
4) оюн-зоок жайынын аталышы өзгөргөндө;
5) оюн-зоок жайы жайгашкан жер өзгөртүлгөндө;
6) оюн-зоок жабдууларынын саны өзгөргөндө.
Лицензияны кайра жол-жоболоштуруу үчүн лицензиат кайра жол-жоболоштуруу үчүн негиз болгон документтердин көчүрмөлөрүн берет.
21. Лицензиянын бланкы жоголгон же жараксыз болуп калган учурда лицензиат үч күндүк мөөнөттө бул жөнүндө лицензиарга билдирүүгө жана лицензиянын дубликатын алууга он күндүн ичинде арыз берүүгө милдеттүү. Арызда жоголгон/жараксыз болгон бланктын бардык реквизиттери жана бланктын жоголушунун/жараксыз болуп калгандыгынын себептери көрсөтүлүүгө тийиш. Лицензиянын дубликаты көрсөтүлгөн документтердин негизинде берилет жана "Дубликат" деген белги болууга тийиш.
22. Лицензияны кайра жол-жоболоштуруу лицензиар тиешелүү арызды алган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт. Лицензияны кайра жол-жоболоштурууда лицензиар Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишин жүргүзүү укугуна лицензиялардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине тиешелүү маалыматтарды киргизет.
8. Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишин жүргүзүү укугуна лицензиялардын реестрлери
23. Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишин жүргүзүү укугуна лицензиялардын реестрлери (мындан ары - реестрлер) берилген лицензиялардын бар экендигин, ошондой эле алардын укуктук статусун ырастаган жалгыз расмий булак болуп саналат.
24. Финкөзөмөл лицензиялоону кагаз жүзүндө жана электрондук форматта жүзөгө ашырган иштин түрлөрү боюнча реестрди жүргүзөт. Реестр лицензиардын расмий сайтында милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жетүү чектелген маалыматтарды кошпогондо, анда камтылган маалыматтар менен кызыкдар адамдарды тааныштыруу үчүн ачык жана жеткиликтүү болуп саналат. Реестрде төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт:
1) юридикалык жактын фирмалык толук жана кыскартылган аталыштары жана уюштуруу-укуктук формасы, юридикалык дареги;
2) иштин лицензиялануучу түрү;
3) иш жүргүзүүчү аймак;
4) лицензиянын берилген датасы жана каттоо номери;
5) лицензияны колдонууну токтото туруунун, кайра жаңылоонун негизи жана мөөнөтү;
6) лицензияны токтотуунун негизи жана датасы.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-январындагы № 36 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Лицензиардын ыйгарым укуктары
(Аталышы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-январындагы № 36 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Лицензиар төмөнкүдөй ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат:
- лицензияларды берүү;
- лицензиялардын дубликаттарын берүү;
- лицензияларды кайра тариздөө;
- лицензиаттар тарабынан лицензиялык талаптардын сакталышын лицензиялык контролдоо;
- лицензиялардын колдонулушун токтото туруу;
- лицензиялардын колдонулушун кайра жаңыртуу;
- лицензиялардын колдонулушун токтотуу;
- лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө маселени кароо үчүн сот органдарына доо арызын берүү;
- лицензия берүүдөн баш тартуу;
- реестрлерди түзүү жана жүргүзүү.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-январындагы № 36 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Лицензиаттын лицензиялык талаптарды сактоосун контролдоо лицензиар тарабынан өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде жүзөгө ашырылат. Лицензиар өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- лицензиат жүргүзгөн иштин лицензиялык талаптарга ылайык келүүсүнө лицензиялык контролдоо формасында лицензиаттын ишин текшерүүгө. Текшерүүлөр ушул Жобого ылайык жүргүзүлөт;
- лицензиялык контроль жүргүзүүдө келип чыккан маселелер боюнча лицензиаттан зарыл түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
- текшерүүлөрдүн жыйынтыгынын негизинде конкреттүү бузууларды көрсөтүү менен лицензиялык контролдоо актысын түзүүгө;
- лицензиатты аныкталган укук бузууларды жоюуга милдеттендирген чечимдерди чыгарууга, мындай бузууларды жоюу мөөнөтүн белгилөөгө;
- лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө маселени кароо үчүн лицензия алуучуга эскертүү, айып салуу, лицензиянын колдонулушун токтото туруу, сот органдарына доо арызын берүү түрүндө таасир этүү чараларын колдонууга.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-январындагы № 36 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Оюн-зоок ишинин субъекттерине карата лицензиялык талаптар
27. Юридикалык жактарга лицензиялык талаптар:
1) финансылык көрсөткүчтөрдүн резервдик фонддун жетиштүүлүгүнө карата коюлуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келиши;
2) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө", "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө", "Жарнама жөнүндө", "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча милдеттенмелер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин оюн-зоок ишин жөнгө салуу жана оюн-зоок ишинин субъекттеринин отчетун берүү жөнүндө башка чечимдери.
28. Оюн-зоок ишинин субъекттеринин кызмат адамдарына карата талаптар:
1) жогорку кесиптик билиминин болушу (бакалавр, магистр, адис);
2) соттуулугунун жоктугу же белгиленген тартипте жоюлган соттуулугу;
3) эмгек ишинин жалпы стажынын 5 жылдан кем эмес болушу.
29. Башкы бухгалтерге (штатта башкы бухгалтердин кызмат орду жок болгон учурда бухгалтерге):
1) уюмдарда бухгалтердик эсеп маселелери боюнча атайын даярдыктын болушу;
2) соттуулугунун жоктугу же белгиленген тартипте жоюлган соттуулугу;
3) бухгалтер кызмат ордунда эки жылдан кем эмес иш стажынын болушу.
30. Оюн-зоок ишинин субъектинин кызмат адамдары болуп башкаруу жана контролдоо органдарынын мүчөлөрү саналат.
31. Лицензиат лицензия алуу үчүн берилген маалыматтардын жана документтердин аныктыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
11. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу
32. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу лицензиат тарабынан жол берилген укук бузуулар четтетилгенге чейин оюн-зоок ишин жүргүзүүгө тыюу салууну билдирет жана төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:
1) "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок. иши жөнүндө", "Жарнама жөнүндө", "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө", "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин оюн-зоок ишин жөнгө салуу жана оюн-зоок ишинин субъекттери тарабынан отчет берүү жөнүндө ченемдик укуктук актыларында белгиленген лицензиялык талаптардын бир жыл ичинде үч же андан көп жолу бузулушуна жол берилсе жана (же) аткарылбаса;
2) лицензиардын жазуу жүзүндөгү жазма буйругунда көрсөтүлгөн лицензиялык талаптарды бузуулар белгиленген мөөнөттөрдө лицензиат тарабынан четтетилбесе;
3) лицензиат тарабынан туура эмес маалыматтар менен документтерди берүү фактылары аныкталса.
33. Лицензиар лицензиянын колдонулушун үч айга чейинки мөөнөткө токтото турууга укуктуу. Лицензиар чечим кабыл алынган учурдан тартып үч жумуш күндүн ичинде лицензиатка бул тууралуу лицензиянын колдонулушу токтотула турган мөөнөттү көрсөтүү менен жазуу жүзүндө маалымдайт.
34. Лицензиат лицензияны токтото турууга алып келген укук бузууну жоюуга милдеттүү.
35. Лицензияны колдонууну кайра жаңылоо лицензиянын колдонулушун токтото турууга алып келген себептердин мөөнөтүндө жоюлгандыгын лицензиат документтик түрдө ырастаган учурда лицензиар тарабынан жүзөгө ашырылат.
12. Лицензияны колдонууну кайра жаңылоо
36. Лицензияны колдонуу лицензиат тарабынан лицензиялык талаптарды бузуулар четтетилген шартта, лицензиянын колдонулушу токтотулган мөөнөт аяктаган күндөн кийинки күндөн тартып же лицензиат тарабынан лицензиялык талаптарды бузуулар мөөнөтүнөн мурда четтетилген учурда, лицензиянын колдонулушу токтотулган белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин кайра жаңыланат.
37. Аныкталган лицензиялык талаптарды бузуулар мөөнөтүнөн мурда четтетилген учурда, лицензиат лицензиарга бул жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлайт жана лицензиялык текшерүүнү демилгелейт.
38. Лицензиар аныкталган укук бузуулардын четтетилгендигине лицензиялык текшерүүнү отуз күндүк мөөнөттө же укук бузууларды мөөнөтүнөн мурда четтетүү жөнүндө лицензиаттын кабарламасын алган күндөн тартып беш жумуш күндөн кечиктирбестен жүргүзөт жана текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча лицензиатка лицензияны колдонууну кайра жаңылоо жөнүндө же аны кайра жаңылоодон баш тартуу жөнүндө чечимди тиешелүү негиздемеси менен жазуу жүзүндө жиберет жана реестрлерге тиешелүү маалыматтарды киргизет.
39. Лицензиялар бул тууралуу маалыматтар реестрлерге киргизилген датадан тартып аларды колдонуу кайра жаңыланды деп эсептелет.
40. Лицензиат "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык лицензияны колдонууну кайра жаңылоодон баш тартуу жөнүндө лицензиардын чечимине даттанууга укуктуу.
13. Оюн-зоок ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензияны чакыртып алуу жана колдонулушун токтотуу тартиби
41. Төмөнкүлөргө кумар оюндарына катышууга уруксат берилген учурда лицензия чакыртылып алынат:
1) Кыргыз Республикасынын жаранына;
2) 21 жашка чыга элек чет өлкөлүк жаранга;
3) аракетке жөндөмсүз чет өлкөлүк жаранга.
42. Төмөнкү учурларда лицензиар тарабынан лицензия чакыртылып алынышы мүмкүн:
1) ушул Жободо белгиленген талаптар бузулганда;
2) укук бузуулар белгиленген мөөнөттө четтетилбесе, анын ичинде ага байланыштуу лицензиар лицензиянын колдонулушун токтотуп турган тиешелүү салыктарды төлөбөө же өз убагында төлөбөө менен байланышкан укук бузуулар;
3) лицензиатка лицензияга ээ болгон иштин түрүн жүргүзүүгө сот тарабынан тыюу салынса;
4) оюн жабдууларынын саны өзгөргөндүгү жөнүндө өз убагында кабарлама берилбесе;
5) оюн-зоок иши үч айдан ашык жүргүзүлбөсө.
43. Лицензиянын колдонулушу токтотулганда лицензиар лицензиянын колдонулушун токтотуу жөнүндө маалыматтарды реестрге киргизет. Лицензия Реестрге маалыматтар киргизилген датадан тартып колдонулушу токтотулду деп таанылат.
Лицензиатта турган кагаз алып жүрүүчүдөгү лицензия лицензиянын колдонулушун токтотуу жөнүндө маалыматтар Реестрге киргизилген датадан тартып жараксыз деп эсептелет.
44. Лицензиянын колдонулушун токтотуу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) лицензиаттын ишин токтотуу;
2) лицензиянын колдонуу мөөнөтүнүн бүтүшү;
3) лицензияны чакыртып алуу.
45. Лицензияны чакыртып алуу жана лицензиянын колдонулушун токтотуу оюн-зоок ишин жүргүзүүгө тыюу салууну билдирет.
46. Лицензиар лицензиянын колдонулушун токтотуу чечими жөнүндө лицензиатка үч жумуш күндүн ичинде жазуу жүзүндө маалымдайт.
|
| Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишин лицензиялоо жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Форма
Лицензия алууга АРЫЗ
________________________________________________________________________
________________________________________________________________________
(иштин түрүнүн (түрлөрүнүн) так жана толук аталышы)
лицензия берүүңүздү суранам.
Жайгашкан жери _________________________________________________________
________________________________________________________________________
________________________________________________________________________
(юридикалык жактын толук жана (эгерде болсо) кыскартылган аталышы,
анын ичинде фирмалык аталышы жана уюштуруу-укуктук формасы)
Мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн сериясы ___________________________,
№ ______________________, _______________________________________________
________________________________________________________________________
________________________________________________________________________
(качан, ким тарабынан берилген)
Юридикалык дареги: ______________________________________________________
________________________________________________________________________
ИЖН: ___________________________________________________________________
Байланыш маалыматтары: телефон номери, e-mail, факс, расмий сайты:
________________________________________________________________________
________________________________________________________________________
________________________________________________________________________
Арызга лицензия алуу үчүн керектүү документтер, барактардын тизмеси жана саны тиркелет
М.О.
________________________________________________________________________
________________________________________________________________________
________________________________________________________________________
(колу) (датасы)
|
| Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишин лицензиялоо жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Форма
________________________________________________________________________
(лицензиялоочу органдын-лицензиардын толук аталышы)
ЛИЦЕНЗИЯ
________________________________________________________________________
(толук жана (эгерде бар болсо) кыскартылган аталышы, анын ичинде
фирмалык аталышы, юридикалык жактын уюштуруу-укуктук формасы же
жеке ишкердин, лицензиаттын ФАА)
Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк
________________________________________________________________________
________________________________________________________________________
(номер жана дата)
Жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө жазуунун каттоо номери
________________________________________________________________________
________________________________________________________________________
________________________________________________________________________
(номер жана дата)
Лицензиялануучу иштин түрү ______________________________________________
________________________________________________________________________
Лицензиянын колдонуу мөөнөтү: ___________________________________________
________________________________________________________________________
Жайгашкан жери:

Берилген күнү: "___" __________ 20____-жыл
Лицензиянын каттоо номери: _______________________________________________
________________________________________________________________________
________________________________________________________________________
(номери көрсөтүлсүн)
Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери: _______________________________
________________________________________________________________________
________________________________________________________________________
Лицензия ажыратылгыс болуп саналат ______________________________________
________________________________________________________________________
(лицензия берген адамдын кызмат орду, колу)
М.О. № ________________________ (лицензия бланкынын сериясы)
|
| Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишин лицензиялоо жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Форма
АНКЕТА |
| |
|
| (Фото) |
|
|
|
________________________________________________________________________
(кызматы)
________________________________________________________________________
________________________________________________________________________
(оюн-зоок жайынын аталышы жана оюн-зоок ишинин түрү)
________________________________________________________________________
1. Аты-жөнү ______________________________________________________________
_________________________________________________________________________
(туулган күнү жана жери)
Паспорт сериясы _______________________ номери ______________ ким тарабынан
берилген ________________________________________________________________
берилген күнү ____________________________________________________________
Жарандыгы ______________________________________________________________
Каттоо боюнча үйүнүн дареги, телефон № ____________________________________
________________________________________________________________________
Иш жүзүндө жашаган жериндеги үйүнүн дареги ________________________________
_________________________________________________________________________
2. Үй-бүлөлүк абалы _______________________________________________________
3. Билими жогорку ________________________________________________________
(бакалавр, магистр, адис)
_________________________________________________________________________
диплом № ________________________________________________________________
берилген датасы __________________________________________________________
ким тарабынан берилген ____________________________________________________
_________________________________________________________________________
Окуу жайдын аталышы жана анын жайгашкан жери | Факультет же бөлүм | Тапшырган жылы | Аяктаган жылы | Алган дипломуна ылайык адистиги |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Курстарда окуу
Семинардын темасы | Семинарды уюштуруучу | Өткөрүлгүн жери | Өткөрүлгөн датасы | Сертификат |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
4. Эмгек иши башталгандан тартып аткарылуучу иш:
Жалпы эмгек стажы: _______________________________________________________
анын ичинде финансылык же экономикалык чөйрөдө.
Жумушка кирген күнү | Кеткен күнү | Ээлеген кызматы | Мекеменин аталышы, жайгашкан жери | Кетүү себеби |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
5. Сиз кызматкери же мүчөсү болгон башка уюмдарды, ассоциацияларды, юридикалык жактардын мекемелерин көрсөтүңүз.
Уюмдун аталышы | Уюмдун жайгашкан жери | Ээлеген кызматы |
|
|
|
|
|
|
6. Оюн-зоок жайынын кызматкерлери менен болгон туугандык байланыштарды, оюн-зоок ишин контролдогон адамдар же компаниялар менен болгон байланышты, бардык өз ара милдеттенмелерди жана келишимдерди ж.б. көрсөтүңүз.
________________________________________________________________________
________________________________________________________________________
1. Сизде иштин бул түрүн жүргүзүүгө тыюу салган соттун чечими барбы
________________________________________________________________________
(бар же жок)
2. Банкроттук процессинде турган же банкроттукка байланыштуу өз ишин токтоткон банкка же башка финансы-кредиттик мекемеге Сиздин тиешеңиз барбы
________________________________________________________________________
________________________________________________________________________
(эгер бар болсо, анда сиз кызмат ордун ээлеген банктын же финансы-кредиттик
мекеменин аталышын көрсөтүңүз)
________________________________________________________________________
Мен ___________________________________________________________________,
(фамилиясы, аты, атасынын аты)
жогоруда берилген маалымат анык жана толук экендигин ырастайм жана мындан ары оюн-зоок ишин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга анда болгон бардык өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтарды берүүгө милдеттенем. Мен тараптан бурмалоолорго жана каталарга жол берилген учурда, бул оюн-зоок ишин жүзөгө ашырууга лицензия алуудан баш тартуу үчүн негиз болушу мүмкүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мага жана оюн-зоок жайына карата санкцияларды андан ары колдонууга алып келиши мүмкүн экендигин моюнума алам.
______________________ "____" ________________-ж.
(колу)