Загрузка документа…
| 3-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 440 токтомуна ылайык) |
Оюн-зоок ишинин субъекттери тарабынан отчет берүүнүн жана маалыматты ачыкка чыгаруунун тартиби жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-январындагы № 36, 2024-жылдын 22-августундагы № 491 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Оюн-зоок ишинин субъекттери тарабынан отчет берүүнүн жана маалыматты ачыкка чыгаруунун тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишин көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - Финкөзөмөл) оюн-зоок ишинин субъекттери тарабынан отчетторду берүү жана маалыматтарды ачыкка чыгаруу тартибин аныктайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-январындагы № 36 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Оюн-зоок иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарда жалпыга жеткиликтүү деп таанылган маалыматтар ачыкка чыгарылууга тийиш.
3. Отчетторду жана маалыматты түзүү, анын аныктыгы жана берүү үчүн жоопкерчиликти оюн-зоок ишинин субъекти жана/же оюн-зоок ишинин субъектинин кызмат адамдары тартат. Оюн-зоок ишинин субъектинин кызмат адамдары болуп башкаруу жана контролдоо органдарынын мүчөлөрү саналат.
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган оюн-зоок ишинин субъекттери берген жана Кыргыз Республикасынын оюн-зоок ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жалпыга жеткиликтүү болгон маалыматтарды үчүнчү жактарга ачып берүүгө укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-январындагы № 36 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, алардын региондук бөлүмдөрү жана өкүлчүлүктөрү оюн-зоок ишинин субъектинен оюн-зоок иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кошумча маалыматты жана документтерди суроого жана алууга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-январындагы № 36 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кагаз түрүндө берилген отчетко жана/же маалыматка оюн-зоок ишинин субъектинин жетекчиси кол коет, мөөр менен күбөлөндүрүлөт, барактары номерленет жана көктөлөт (берилген отчеттун жана/же маалыматтын эки же андан көп бети болгондо). Отчеттун жана кагаз түрүндө берилген маалыматтын мазмуну электрондук алып жүрүүчүдө берилген отчеттун мазмунуна ылайык келүүгө тийиш.
7. Электрондук отчет оюн-зоок ишинин субъектинин кызмат адамынын электрондук санариптик колтамгасы менен ырасталып, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга электрондук түрдө берилет. Электрондук отчет ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген форматта берилет. Берилген документтердин юридикалык күчү оюн-зоок ишинин субъектинин жетекчисинин электрондук санариптик колтамгасы менен ырасталууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-январындагы № 36 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Оюн-зоок ишинин субъекттери Финкөзөмөлгө террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалыматты берүүгө милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-январындагы № 36 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Оюн-зоок иштери жөнүндө отчетторду берүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү:
- ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 25нен кечиктирбестен, ушул Жобонун 1 жана 2-тиркемесине ылайык формалар боюнча;
- квартал сайын отчеттук кварталдан кийинки айдын 25инен кечиктирбестен, ушул Жобонун 1-3-тиркемесине ылайык формалар боюнча;
- отчеттук жыл аяктагандан кийин 95 күндүн ичинде жылдык отчет ушул Жобонун 1-3-тиркемесине ылайык формалар боюнча.
Жылдык отчетко төмөнкүлөр тиркелет:
- бухгалтердик баланс, түшкөн пайда жана чыгымдар жөнүндө отчет, акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет, оюн-зоок ишинин субъекттеринин финансы-чарбалык ишинин бухгалтердик эсепке алуунун эсептеринин планынын бардык саптарын камтыган капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет;
- жылдык отчетко түшүндүрмө кат;
- оюн-зоок ишинин субъектинин жылдык финансылык отчетторуна аудитордук корутунду.
10. Эгерде оюн-зоок жайында оюн-зоок жабдууларынын жалпы саны өзгөрсө, оюн-зоок ишинин субъекти беш жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө билдирүүгө, ошондой эле тиешелүү документтерди берүүгө милдеттүү.
11. Уюштуруучулардын, ошондой эле кызмат адамдарынын курамы өзгөргөн учурда оюн-зоок ишинин субъекттери бул тууралуу беш жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө билдирүүгө, ошондой эле тиешелүү документтерди берүүгө милдеттүү.
12. Бир юридикалык жак оюн-зоок ишин ар кайсы жерлерде жүргүзсө жана оюн-зоок ишинин бир нече түрүн алып барса, ушул Жобонун 1, 2-тиркемелерине ылайык отчет берилет жана ушул Жободо белгиленген маалыматтар оюн-зоок ишинин субъекти тарабынан ар бир оюн-зоок жайы (жайгашкан жерине жараша) жана иштин түрү боюнча ачыкка чыгарылат.
|
| Оюн-зоок ишинин субъекттери тарабынан отчет берүүнүн жана маалыматты ачыкка чыгаруунун тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Оюн-зоок жайы жөнүндө МААЛЫМАТ
Аталышы | Маалымат |
Аталышы жана уюштуруу-укуктук формасы |
|
Юридикалык жактын дареги |
|
Оюн-зоок ишинин түрү |
|
Оюн-зоок жайынын аянты (кв.м) |
|
Ресторанда отуруу орундардын саны |
|
Мейманканадагы орундардын саны |
|
Оюн-зоок жабдууларынын саны |
|
Оюн столдору, бардыгы |
|
алардын ичинен төмөнкү оюндар үчүн: |
|
карта |
|
рулетка |
|
кости (крепс) |
|
Оюн столдорундагы орундуктардын саны, бардыгы |
|
Оюн-зоок жабдууларынын түрү |
|
Жабдуунун техникалык мүнөздөмөсү |
|
Оюн-зоок жабдуусунун сериялык номери |
|
Даярдаган өлкө жана завод |
|
Отчеттук мезгил үчүн жетондорду, фишкаларды жана башкаларды сатуу боюнча жүгүртүү |
|
Видео жазуу системасынын аталышы жана техникалык абалы жөнүндө маалымат |
|
Оюн автоматтарына технологиялык салынган утуштардын белгиленген пайызы (оюн автоматтарынын залы үчүн) |
|
|
| Оюн-зоок ишинин субъекттери тарабынан отчет берүүнүн жана маалыматты ачыкка чыгаруунун тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Оюн-зоок жайынын иши жөнүндө ОТЧЕТ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 491 токтомунун редакциясына ылайык)
Аталышы | Маалымат |
Төлөмдөрдүн суммасы |
|
Төлөмдөрдүн саны |
|
Инвестициялардын суммасы |
|
Отчеттук мезгилдин аягына карата уюм тарабынан ишке ашырылган инвестициялар |
|
Жетондордун жүгүртүлүшү (кардарлардан кабыл алынган акча каражаттарынын көлөмү) |
|
Резервдик фонддун суммасы |
|
Отчеттук мезгилдин акырына карата негизги каражаттардын наркы |
|
Жумушчулардын тизмеси боюнча орточо саны (тышкы айкалыштыруучулар жана тизмеде эмес курамдын кызматкерлери жок): |
|
анын ичинде аялдар |
|
Уюмдар жүргүзгөн чыгымдар, бардыгы, анын ичинде: |
|
материалдык чыгымдар |
|
эмгек акыга чыгымдар |
|
социалдык муктаждыктарга чегерүүлөр |
|
салыктык отчеттор |
|
башкалар |
|
|
| Оюн-зоок ишинин субъекттери тарабынан отчет берүүнүн жана маалыматты ачыкка чыгаруунун тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Финансылык жыйынтыктар жана көрсөткүчтөр жөнүндө ОТЧЕТ
Финансылык жыйынтыктар жана көрсөткүчтөр жөнүндө отчет төмөнкүлөрдөн турат:
- бухгалтердик баланстан;
- түшкөн пайда жана чыгымдар жөнүндө отчеттон;
- капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчеттон;
- түшүндүрмө каттан;
- оюн-зоок ишинин субъектинин финансылык отчетторуна текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыктары жөнүндө күбөлөндүрүлгөн аудитордук корутундудан.