Загрузка документа…
1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 352 токтому менен бекитилген |
2022–2026-жылдарга Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу боюнча программа
1. Программанын негизги максаттары жана артыкчылыктары
2022–2026-жылдарга Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу боюнча программа (мындан ары – Программа) 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Программа 2026-жылга чейин инвестициялык саясаттын максаттарын жана багыттарын аныктоочу жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар жактардын тышкы жана ички инвестицияларды тартуу жаатындагы иш-аракеттерин координациялоочу негизги документ болуп саналат.
Программа 2022-жылга карата дүйнөдөгү негизги глобалдык инвестициялык тенденцияларды, дүйнөлүк жана улуттук экономиканын өнүгүү болжолун, Борбордук Азиянын эл аралык инвестициялык агымдардагы ордун жана Кыргыз Республикасындагы экономикалык кырдаалды эске алуу менен түзүлгөн.
Программанын жакынкы 5 жылга карата максаты төмөнкүлөр болуп саналат: экономикалык өсүү темпин жыл сайын орточо эсеп менен 5,0 % деңгээлинде камсыз кылуу, калктын адам башына ИДПны 1 500 АКШ долл. чейин көбөйтүү, ИДПга карата 13 % кем эмес тике чет өлкөлүк инвестициялардын жылдык деңгээлине жана 2026-жылга карата ИДПга карата 25 % кем эмес негизги капиталга инвестициялардын жылдык деңгээлине жеткирүү.
Программа өлкө глобалдык жана региондук деңгээлде инвестициялоо үчүн салыштырмалуу артыкчылыкка ээ болгон Кыргыз Республикасынын күчтүү жактарын эске алуу менен түзүлдү. Бул артыкчылыктарды эске алуу менен инвестицияларды тартуу үчүн артыкчылыктуу тармактар аныкталган.
Программаны ишке ашыруу үчүн жооптуу негизги мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик аныкталды.
2. Учурдагы кырдаалды жалпы баалоо
2022-жылдын башына карата Кыргыз Республикасынын экономикасы Covid-19 пандемиясынын кесепеттери менен байланышкан кризистен, ошондой эле ички саясий туруксуздуктан чыга баштады, бирок калыбына келүү темпи жогору болгон жок. Алсак, 2021-жыл үчүн Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыгы боюнча ИДПнын деңгээли 2020-жылдын ушул эле мезгилине карата 103,6 % өлчөмүндө түзүлгөн. 2021-жылы тике чет өлкөлүк инвестициялардын (мындан ары – ТЧИ) деңгээли 2020-жылга салыштырмалуу 1006,1 млн АКШ долл. же 187,2 % түзүү менен калыбына келе баштаган, бирок негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 2020-жылга салыштырмалуу 5,9 % төмөндөө менен дагы эле калыбына келген жок.
2022-жылга экономикалык өсүш 6,5 % өлчөмүндө пландалган. Бирок Россия менен Украинанын ортосунда башталган чыр-чатакка жана андан кийинки Кыргыз Республикасынын негизги экономикалык өнөктөшү болуп саналган Россия Федерациясына карата бир катар эл аралык санкцияларга байланыштуу бул жагымдуу тенденциялар жана божомолдор бир кыйла нивелирленет.
Бул шарттарда Программа тышкы эмгек миграциясын алмаштыруу жана жаңы экспорттук рынокторду издөө үчүн жумуш орундарын түзүү зарылдыгын эске алуу менен экономиканы түзүмдүк кайра курууга багытталууга тийиш.
Өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун баалаган эл аралык индекстер боюнча Кыргыз Республикасынын позициялары акыркы жылдары оң динамикага ээ болгон жок. Алсак, Экономикалык эркиндик индекси – 2022 көрсөткүчү боюнча Кыргыз Республикасы 116-орунду ээлеп, өз көрсөткүчүн 7,9 баллга төмөндөткөн жана «орточо эркин» өлкөлөр категориясынан «негизинен эркин эмес» категориясына өткөн. Дүйнөлүк экономикалык форумдун Глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүк индекси – 2020 боюнча Кыргыз Республикасы 96-орунду ээлейт.
Инвестицияларды тартуудагы негизги тенденциялар
Эгерде акыркы 10 жылдагы ИДПга карата негизги капиталга инвестициялардын көлөмүнүн динамикасын карап көрсөк (1.1-сүрөт), анда Кыргыз Республикасында акыркы эки кризистик жылды кошпогондо, ал орточо 25–30 % деңгээлинде сакталганын көрүүгө болот.
1.1-сүрөт. Кыргыз Республикасындагы негизги капиталга инвестициялар (млрд сом)
Булагы: Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети
Бул эл аралык стандарттар боюнча жетишерлик жогорку көрсөткүч. Бирок топтоолордун мындай жогорку ченеми ушул мезгилде орто эсеп менен 4 %дан азды түзгөн экономикалык өсүш темптеринде чагылдырылбайт. Мунун негизги себеби болуп Кыргыз Республикасында инвестициялардын олуттуу бөлүгү жер казынасын пайдалануу менен турак жай куруу секторуна жумшалгандыгы саналат. Алсак, 2020-жылы пайдалуу кендерди казып алуу боюнча объекттерди курууга өздөштүрүлгөн инвестициялардын үлүшү инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 24,4 %, ал эми турак жай курулушуна 37,2 %1 түзгөн. Ошентип, азыркы мезгилде Кыргыз Республикасында экономикалык өсүш көбүнчө кошумча наркы төмөн продукцияны өндүрүүгө негизделген. Мындан тышкары, жер казынасын пайдалануу секторунда анын жогорку капиталдык сыйымдуулугуна байланыштуу жумуш орундарынын саны аз жана экономиканын башка секторлору менен байланышы начар болууда.
Компаниялар тарабынан киргизилип жаткан инновациялардын үлүшүнүн аздыгы сапатсыз экономикалык өсүштүн кошумча далили болуп саналат. Алсак, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин (мындан ары – Улуттук статистика комитети) маалыматтары боюнча 2019-жылы республиканын өнөр жайында технологиялык маркетингдик жана уюштуруу инновацияларын иштеп чыгууну жана киргизүүнү текшерилип жаткан компаниялардын ичинен 5,6 % гана жүзөгө ашырган.
______________
1 2016–2020-жылдары Кыргыз Республикасындагы инвестициялар. Улуттук статистика комитети
Өлкөнүн аймагы боюнча негизги капиталга инвестициялардын географиясы алардын бирдей эмес бөлүштүрүлгөндүгүн көрсөтөт (1.2-сүрөт).
1.2-сүрөт. Негизги капиталга инвестициялардын аймак боюнча бөлүштүрүлүшү (млн сом)
Булагы: Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети
Жалпы көлөмдөгү эң чоң салыштырма салмак Бишкек шаарына, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Чүй облустарына туура келет, ал эми башка облустардын жана Ош шаарынын үлүшү жалпысынан алганда болжол менен 20 % түзөт. Инвестициялардын мындай бирдей эмес бөлүштүрүлүшү ар кайсы региондордун экономикалык өнүгүү деңгээлинде олуттуу диспропорцияларды жаратат, ички миграцияга жана социалдык проблемаларга алып келет.
ТЧИнин түшүүсү да туруктуу тенденцияга ээ эмес (1.3-сүрөт). Акыркы он жылдыкта 1,5 млрд АКШ долл. өлчөмүндөгү абсолюттук рекорд 2015-жылы коюлган. Бирок ал кийин ошондой эле көрсөткүчтөр менен бекемделген жок, бул кокусунан болгон көтөрүлүү экендигин айтып турат. 2017-жылдан 2019-жылга чейинки акыркы 3 жыл ТЧИден түшүүлөрдүн орточо өсүшү менен белгиленди. Бирок 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча ТЧИнин жалпы көлөмү 537,6 млн АКШ долл. түздү, бул 2019-жылга салыштырмалуу 50 %га аз.
1.3-сүрөт. ТЧИнин Кыргыз Республикасына түшүүсү (млн долл.)
Булагы: Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети
2021-жылдын жыйынтыгы боюнча ТЧИ түзүмүндө кайра инвестицияланган пайда болжол менен 49 % түзөт. Болжол менен 36 % түзгөн башка ири булак резидент эместерден алынган кредиттер болуп саналат. Өздүк капиталдын үлүшү 6,7 % гана түзөт. Тике чет өлкөлүк инвестициялардын мындай түзүмү анын көпчүлүк бөлүгү өлкөдө иштеп жаткан инвесторлор тарабынан жүзөгө ашырылып жаткандыгын, ал эми тартылган жаңы инвесторлордун үлүшү аз экендигин көрсөтүп турат, бул болсо чет өлкөлүк инвесторлор үчүн Кыргыз Республикасынын жагымдуулугунун төмөндөгөндүгүнөн кабар берет. ТЧИнин кичине гана үлүшү өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган, бул өлкө кошумча наркты түзүүнүн региондук/глобалдык чынжырчаларын толугу менен пайдалана албагандыгын көрсөтүп турат.
Ошондой эле өлкөдөгү экономикалык агенттер бизнеске инвестицияларды тартуунун ачык жарыяланбаган түрүн артык көрүшөт. Алсак, Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча 2011–2020-жылдар аралыгында портфелдик инвестициялардын үлүшү тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүндө 1,42 % түзгөн. Бул Кыргыз Республикасындагы финансылык ортомчулуктун деңгээлинин төмөндүгүн жана фонддук рыноктун жагымдуу эместигин көрсөтүп турат.
ТЧИнин негизги агымы келген өлкөлөрдүн географиялык ордун карай турган болсок, анда саналуу гана өлкөлөр үстөмдүк кылган абалды ээлегендигин көрө алабыз (1.4-сүрөт).
1.4-сүрөт. Өлкөлөр боюнча Кыргыз Республикасына ТЧИнин түшүүсү млн долл. менен (2011–2020-жылдар)
Булагы: Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети
Кытай Кыргыз Республикасына ТЧИни салууну акырындап көбөйтүп, Канаданы басып өтүп, өлкөдөгү № 1 инвестор болуп калды. Акыркы 10 жылда Кыргыз Республикасына келип түшкөн ТЧИнин жалпы көлөмүнүн 33,4 % же 2,9 млрд АКШ долл. Кытайдын үлүшүнө туура келет.
Канада Кыргыз Республикасынын экономикасына эң ири инвесторлордун бири бойдон калууда. 2011-жылдан 2020-жылга чейинки мезгилде салынган инвестициялардын жалпы көлөмү 1,6 млрд АКШ долл. түздү, анын басымдуу бөлүгү “Кумтөр Голд Компани” ЖАК ири алтын кенин иштетүү менен байланышкан.
Россиядан ТЧИ негизинен 2015 жана 2016-жылдары болгон. Бул мезгилдерде инвестициялардын көлөмү 800 млн АКШ долл. жеткен. Калган 7–8 жылдын негизги тенденциясы инвестициялардын көлөмү жылына 100 млн АКШ долл. ашпаганын көрсөтүп турат. Алсак, 2011–2020-жылдары Россиянын резиденттери тарабынан 1,3 млрд АКШ долл. инвестицияланган.
Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу негизинен тоо-кен секторун инвестициялоого катышат. Инвестициялоо динамикасы 2015-жылга чейин жыл сайын орточо эсеп менен 70 млн АКШ долл. инвестициялангандыгын, 2015-жылы 189,5 млн АКШ долл. өлчөмүндө каражаттар салынгандыгын көрсөтүп турат. Бул мезгилден кийин инвестициялык салымдар бир кыйла азайган. Каралып жаткан мезгилде салынган каражаттардын жалпы көлөмү 603 млн АКШ долл. түзгөн.
Казакстандан ТЧИ үзгүлтүксүз түшкөн, жылдык түшүүлөрдүн орточо суммасы 33 млн АКШ долларын түзөт.
Жалпысынан бул 5 өлкөгө 2011-жылдан 2020-жылга чейинки мезгилде келип түшкөн ТЧИнин жалпы көлөмүнүн 78 % туура келет. Аз сандагы өлкөлөрдөн ТЧИнин көпчүлүк бөлүгүн тартуу алуучу өлкөнү ошол өлкөлөрдө экономикалык төмөндөө тобокелдигине, ошондой эле эки тараптуу саясий мамилелердин начарлашына алып келет.
Глобалдык инвестициялык тенденциялар
Эл аралык экономикада 2021-жыл эл аралык ТЧИнин деңгээлинин акырындык менен калыбына келүүсү менен мүнөздөлөт, ал 2020-жылы 35 %га кескин төмөндөп, 1 триллион АКШ долл. деңгээлине чейин жеткен. ЮНКТАД болжолу боюнча 2022-жылы глобалдык ТЧИ агымдары 1,4 триллион АКШ долл. чейин акырындык менен калыбына келет, ошондой болсо да кризиске чейинки 2019-жылдан дагы эле төмөн болот. Бирок ТЧИни калыбына келтирүү региондор боюнча бирдей эмес бөлүштүрүлөт, негизги өсүш өнүккөн экономикаларда жана Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндө болот. 2020-жылы ТЧИнин азайышы 58 % түзгөн өткөөл экономикасы бар өлкөлөр үчүн 2022-жылы болжол менен 10 % гана түзгөн олуттуу калыбына келтирүү болжолдонгон эмес.
Гринфилд инвестицияларынын саны кыскарууну улантат, анткени мындай инвестициялар боюнча жарыяланган бүтүмдөрдүн саны 42 % кыскарган. Эл аралык инфратүзүмдүк долбоорлорду кошо алганда, инфратүзүмдүк инвестициялар деп аталгандардын саны көбөйөт.
ТЧИнин жалпы төмөндөшүнө карабастан дүйнө жүзү боюнча стартаптарды каржылоонун көлөмү бир кыйла өстү. Альтернативдүү стартаптарга инвестициялоо барган сайын активдердин кеңири таралган классы болуп калууда. Ал эми эң ийгиликтүү институттук инвесторлордо венчурдук инвестициялар портфелдин классикалык 5–10 % ашып кетти.
Туруктуу инвестициялардын ролу көбөйүүдө. Экологиялык башкаруу чечимдерди кабыл алууга көбүрөөк таасирин тийгизүүдө, айрыкча кыймылсыз мүлк фонддорунун, пенсиялык фонддордун жана инвестициялык башкаруучулардын арасында. Бүгүнкү күндө бул жеке инвесторлордун портфелдерин башкаруучу көп сандагы оюнчулар үчүн компаниялардын баалуу кагаздарын инвестициялык портфелге киргизүү үчүн маанилүү критерийлердин бири. Бул инвестициялык тенденция багытталган негизги тармактар көмүртексиз электр энергиясын өндүрүү, транспорт, мунайгаз секторундагы «энергиялык бурулуштун» пионерлери, ошондой эле айыл чарба/тамак-аш өндүрүшү болуп саналат.
Саламаттык сактоо секторуна инвестициялардын олуттуу глобалдык көбөйүүсү жүрүүдө. Бул вакцина өндүрүүчүлөргө гана эмес, башка тармактарга да, анын ичинде экономиканын жакын секторлорун кошо алганда, мисалы муздаткыч медициналык жабдууларды өндүрүүчүлөргө да тиешелүү. Калктын өсүп жаткан жашоо узактыгынын көбөйүшү көп жылдар бою бизнес жана инвестициялоо үчүн мүмкүнчүлүктөргө түрткү берүүнү улантат. Атап айтканда, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө калктын орто курагынын көбөйүшү азырынча көпчүлүк баамдай элек ылдамдык менен жүрөт.
Туризм секторуна инвестициялардын көбөйүшү болжолдонууда. Саякатка карата кармалып турган суроо-талап авиакомпаниялардын, мейманканалардын жана круиздик линиялардын да өсүшүнө түрткү берет.
Болжолдор боюнча эң жакшы өсүштү көрсөткөн технологиялык акциялардын өсүүсү басаңдаса да, туруктуу технологиялык инновациялар, ошондой эле коронавирустук кризистен улам аныкталган проблемалар технологияны инвесторлор үчүн жагымдуу секторго айландырууну улантууда. Бул инвестициялык теманын драйверлери – суроо-талап тарабынан алганда да жана технологиялык прогресс жагынан алганда да күчтүү бойдон калууда жана бул багытта иштеген фирмалар жакынкы жылдарда пайда көрүүгө тийиш.
Кийинки он жылдыкка глобалдык инвестициялоонун узак мөөнөттүү тенденцияларынын арасында төмөнкүдөй багыттарды бөлүп көрсөтүүгө болот:
1) мурда өндүрүштүк чыгымдары кыйла аз болгон өлкөлөргө өткөрүлүп берилген өндүрүштү өнүккөн өлкөлөргө кайтарып берүү процесси (решоринг);
2) робототехниканы пайдалануу менен автоматташтыруу;
3) санариптештирүүнү кеңейтүү;
4) 3D басып чыгаруу технологиялары;
5) региондоштуруу жана жеткирүү чынжырчаларынын узундугун кыскартуу.
Бул факторлордун бардыгы эл аралык компаниялар өндүрүштү өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө өткөрүп берүү процессине киришкен арзан жумушчу күчтү олуттуу түрдө кыскартат же маанисин дээрлик нивелирлейт. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн бул деиндустриалдаштырууну билдирет. Глобалдык чынжырчаларга кошумча наркты кошуу жана аларда жогорку кошумча нарк бар өндүрүштү өздөштүрүү барган сайын татаал маселеге айланууда. Кошумча нарктын географиялык концентрациясы азаят. Ал глобалдык инвестициялардан региондук инвестицияларга өтүүнү билдирет.
Ошентип, кийинки он жылда дүйнөлүк инвестициялык агымдар үчүн күрөштө атаандаштыкка жөндөмдүү болууну каалаган өлкөлөр инфратүзүмдү жана кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө көңүл буруп, инвестицияларды тартуу стратегиясын өзгөртүшү керек. Өндүрүш факторлорун, ресурстарды жана арзан жумушчу күчтү пайдаланууга багытталган инвестициялар дагы деле маанилүү, бирок мындай инвестицияларды тартуу мүмкүндүктөрү азайып, келечекте бул тенденция сакталып калат. COVID-19 пандемиясынан улам келип чыккан кризис эл аралык өндүрүш системасындагы жаңы өнөр жай революциясынын, экономикалык улутчулдуктун күчөшүнүн жана туруктуулуктун императивинин натыйжасында пайда болгон проблемаларды күчөттү. 2030-жылга чейинки он жылдык эл аралык өндүрүштү трансформациялоонун жана эл аралык инвестициялык агымдардын багыттарын олуттуу өзгөртүүнүн он жылдыгы болот.
3. Инвестицияларды артыкчылыктуу тармактарга жана долбоорлорго тартуу
Инвестицияларды тартууга багытталышы мүмкүн болгон мамлекеттин чектелген финансылык, адам жана башка ресурстарынын шарттарында аларды Кыргыз Республикасы артыкчылыктарга ээ болгон артыкчылыктуу багыттарга багыттоо зарыл. Мында экономиканын башка секторлоруна инвесторлор мамлекет тарабынан коргоого бирдей укуктарга ээ, аларга басмырлоонун болбошу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө бирдей жеткиликтүүлүк кепилденет.
Артыкчылыктуу тармактарды жана инвестициялык долбоорлорду тандоо региондук жана эл аралык деңгээлдерде Кыргыз Республикасынын салыштырмалуу артыкчылыктарын жана дүйнөлүк экономиканын жана эл аралык инвестициялык агымдардын өнүгүү тенденцияларын эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын негизги күчтүү жактары болуп төмөнкүлөр саналат:
– Кытай, Европа, Түштүк Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн ортосундагы логистикалык каттамдардын жолунда жайгашуусу;
– туристтик ишти жүзөгө ашыруу үчүн рекреациялык ресурстардын болушу;
– жылдык агымы 50 куб километр болгон жогорку сапаттагы суу ресурстары менен көптөгөн көлдөрдүн жана көлмөлөрдүн камсыздалышы;
– жылына 140 млрд кВт.с өлчөмүндөгү гидроэнергетикалык потенциал;
– алтын жана жаратылыш ресурстарынын айрым түрлөрү боюнча минералдык-сырьелук базанын болушу;
– жогорку сапаттагы эт-сүт продукциясын алуу жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айрым түрлөрүн өстүрүү үчүн жагымдуу табигый-климаттык шарттар;
– кийим тигүү өнөр жайында тарыхый калыптанган квалификацияланган кадрлардын жана инфратүзүмдүн болушу.
Мындан улам Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуунун негизги артыкчылыктуу багыттары болуп логистикалык инфратүзүм, айыл чарбасынын айрым тармактары жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, гидроэнергетика, туризм, кен тармагы, жеңил өнөр жай саналат.
3.1. Транспорттук-логистикалык долбоорлорду жүзөгө ашыруу
Инвестицияларды тартуу үчүн эң маанилүү артыкчылыктардын бири транспорттук-логистикалык интеграция жана өлкөнүн транспорттук обочолонуу проблемасын чечүү болуп саналат.
Биринчи кезекте алдыдагы беш жылдык мезгилде «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу» стратегиялык долбоорунун курулушун баштоо маселесин чечүү керек.
Транспорттук автомагистралдарды жана эл аралык коридорлорду колдоо дагы эле мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болот.
Мамлекет тарабынан аба, темир жол жана автомобиль транспортун бириктирген заманбап жабдылган мультимодалдык жүк хабын түзүү үчүн шарттар (анын ичинде жер участокторун бөлүп берүү) түзүлөт.
Жүргүнчүлөрдү ташуу жагынан да, жүк ташуу жагынан да өлкөнү эл аралык аба каттамдарынын катарына максималдуу киргизүү максатында аба транспорту чөйрөсүндө либералдаштыруу улантылат. Эл аралык логистикалык кызматтарды көрсөтүү үчүн «Манас» эл аралык аэропортунун базасында карго-борборду түзүү жана өнүктүрүү үчүн таанылган эл аралык инвесторду табуу зарыл. «Ош» эл аралык аэропортунун базасында Фергана өрөөнүнүн жүргүнчүлөрдү ташуу борбору түзүлөт. «Тамчы» аэропортунун базасында эл аралык почта жана соода агымдарына интеграцияланган почта логистикалык борбору түзүлөт. Транспорттук-логистикалык инфратүзүмдү өнүктүрүү чөйрөсүндө үзгүлтүксүз транзиттик коридорлорду камсыздаган заманбап санариптик технологиялар киргизилет.
Жол тармагынын бюджетинин чет мамлекеттердин жана эл аралык финансы институттарынын тышкы жардамына көз карандылыгынын жогорку тобокелдиктерин жеңүү үчүн автожол инфратүзүмүнө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмин колдонуу менен акы төлөнүүчү автомобиль жолдорун жана жол объекттерин түзүү менен кошо жеке инвестициялар тартылат.
Артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлор:
1) Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу;
2) Борбордук Азия – Кытай газ түтүгүнүн 4-жипчесин куруу;
3) карго-терминалдарды куруу менен Бишкек жана Ош шаарларында эл аралык аэропортторду реконструкциялоо;
4) «Нарын» ЭЭАда соода-логистикалык комплексти куруу;
5) Чүй жана Ош облустарында мультимодалдык транспорттук-логистикалык терминалды, анын ичинде эл аралык деңгээлдеги кампа комплекстерин куруу.
3.2. Туризмди жана туристтик инфратүзүмдү өнүктүрүү
Туристтик секторду өнүктүрүү кластердик мамилеге негизделет. Мамлекет Каракол шаарынын базасында тоо лыжа адистештирүү, Ош шаарынын базасында тарыхый-маданий, Жалал-Абад шаарынын базасында рекреациялык адистештирүү менен бир нече ири туристтик кластерлерди ишке киргизүү үчүн шарттарды түзөт. Ошондой эле өлкөнүн жаратылыш-климаттык өзгөчөлүктөрүнө жана тиешелүү инфратүзүмдү түзүүгө негизделген реабилитациялык кызматтарды көрсөтүүгө багытталган «медициналык туризм» кластерин ишке киргизүү зарыл. Туристтик инфратүзүмдүн базалык компоненттерин модернизациялоо жана аларды эл аралык экологиялык стандарттарга ылайык келтирүү жүргүзүлөт.
Артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлор:
1) Караколдо тоо лыжа кластерин ишке ашыруу;
2) эл аралык бренддерди тартуу;
3) «медициналык туризм» кластерин ишке киргизүү.
3.3. Энергетикалык комплекс
Энергетика секторун өнүктүрүү экономикага инвестицияларды тартууга гана мүмкүндүк бербестен, экономиканын бардык башка тармактарын өнүктүрүү үчүн да зарыл шарт болуп саналат. Өлкөнүн көмүр суутектүү энергия булактарына көз карандылык деңгээлин акырындык менен азайтуу жана гидроэнергетиканы жана энергиянын башка альтернативдүү булактарын масштабдуу өнүктүрүү жүргүзүлөт. Энергетика секторунун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу жана жылдын жылытуу жана жылуу мезгилдеринде керектөөнүн ортосундагы олуттуу айырмачылыкты жоюу үчүн Түштүк Азиянын жаңы рынокторуна энергияны экспорттоо, ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин электр энергиясынын бирдиктүү рыногун түзүү үчүн шарттар түзүлөт. Ошондой эле өз ара жагымдуу тарифтер жана мөөнөттөр боюнча электр энергиясын кепилденген мамлекеттик сатып алуу менен чакан ГЭСтерди жана энергиянын башка кайра жаралуучу булактарын ишке киргизүү жүзөгө ашырылат. Сектордун туруктуулугу үчүн тарифтерди жеке инвесторлор жана мамлекеттик энергетикалык компаниялар тарабынан салынган инвестициялардын кайтарылышын жана пайда алууну камсыз кылган деңгээлге чейин жогорулатуу жүргүзүлөт.
Артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлор:
1) Жалал-Абад облусунда белгиленген кубаттуулугу 1860 МВт жана орточо жылдык өндүрүшү 5640 млн кВт.с болгон Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу;
2) белгиленген кубаттуулугу 1305 МВт жана орточо жылдык өндүрүшү 3317 млн кВт.с болгон Суусамыр – Көкөмерен ГЭСинин каскадын куруу;
3) белгиленген кубаттуулугу 1160 МВт жана орточо жылдык өндүрүшү 4661,6 млн кВт.с болгон Казарман ГЭСинин каскадын куруу;
4) белгиленген кубаттуулугу 1100 МВт жана орточо жылдык өндүрүшү 4764 млн кВт.с болгон Сары-Жаз ГЭСинин каскадын куруу;
5) белгиленген кубаттуулугу 1800 МВт жана орточо жылдык өндүрүшү 2650 млн кВт.с болгон Чаткал ГЭСинин каскадын куруу;
6) белгиленген кубаттуулугу 414 МВт жана орточо жылдык өндүрүшү 1711 млн кВт.с болгон Ала-Бука ГЭСинин каскадын куруу;
7) белгиленген кубаттуулугу 439 МВт жана орточо жылдык өндүрүшү 2667,8 млн кВт.с болгон Куланак ГЭСинин каскадын куруу;
8) Кара-Кече кенинде кен байытуучу, көмүрдү кайра иштетүү боюнча комбинатты куруу.
3.4. Агроөнөр жай комплекси
Агроөнөр жай комплексинде продукцияны тышкы рынокторго экспорттоо үчүн орто жана ири кайра иштетүүчү комплекстерди, логистикалык борборлорду өнүктүрүүгө түрткү берилет. Мамлекет айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү жаатында кластерлерди өнүктүрүү үчүн региондорду төмөнкүдөй адистештирүү менен шарттарды түзөт:
Баткен облусу: мөмө-жемиш продукциясы;
Жалал-Абад облусу: жемиш-жашылча жана жемиш продукциясы, эт сүт өндүрүшү (анын ичинде канаттуулардын этин өндүрүү), жумуртка өндүрүү;
Ысык-Көл облусу: картошка жана мөмө-жемиш өсүмдүктөрү;
Ош облусу: жемиш-жашылча жана жемиш продукциясы, эт-сүт өндүрүшү (анын ичинде канаттуулардын этин өндүрүү), жумуртка өндүрүү;
Талас облусу: төө буурчак, картошка, кант кызылчасы, тамеки;
Чүй облусу: картошка жана жашылча продукциясы, эт-сүт өндүрүү (анын ичинде канаттуулардын этин өндүрүү), жумуртка өндүрүү;
Нарын облусу: бодо малдын жана майда жандыктардын этин жана жүнүн өндүрүү.
Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн стратегиялык артыкчылыгы экологиялык жактан сакталышы жана органикалык өндүрүшкө багыт алуу болот. Мамлекеттик деңгээлде адал продукциянын рыногу активдүү колдоого алынат.
Инвестицияларды тартуу атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жана экспорттук потенциалды далилдеген төмөнкүдөй багыттарда жүзөгө ашырылат: төө буурчак өндүрүү, аквакультура, эт-сүт өндүрүшү, жемиш-жашылча өсүмдүктөрү жана башкалар.
Айыл чарбасына инвестицияларды тартуу үчүн чет өлкөлүк инвесторлор үчүн айыл чарба жерлерин узак мөөнөттүү ижарага берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн системасы киргизилет.
Артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлор:
1) форель балыгын өндүрүүгө жана кайра иштетүүгө инвестицияларды тартуу;
2) Чүй жана Ош облустарында айыл чарба продукциясын сорттоо, сактоо жана кайра иштетүү үчүн соода-логистикалык борборлорду куруу;
3) Талас облусунда төө буурчакты кайра иштетүү боюнча завод куруу;
4) эт адал-паркын түзүү;
5) кант кызылчасын кайра иштетүү боюнча завод куруу;
6) өсүмдүк майын өндүрүү боюнча фабрика куруу;
7) меринос жүнүн өндүрүү жана кайра иштетүү;
8) Баткен облусунда өрүк боюнча кластерди ишке ашыруу;
9) минералдык жер семирткичтерди өндүрүү боюнча завод куруу;
10) органикалык өндүрүштү өнүктүрүү боюнча программаны ишке ашыруу.
3.5. Кен өнөр жайы
Кенин казып алууну өнүктүрүү айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдардын талаптарын сактоо жана заманбап кен казып алуу технологияларын киргизүү шартында кен чыккан жерлерди натыйжалуу өздөштүрүүгө багытталат.
Колдонуудагы мыйзамдар эл аралык стандарттарга максималдуу шайкеш келтирилет.
Жалпы мамлекеттик маанидеги кен чыккан жерлер мамлекеттик (улуттук) кен компаниясы тарабынан дүйнөлүк мыкты практикаларды эске алуу менен жана зарыл учурда инвесторлорду тартуу менен өздөштүрүлөт.
Мамлекеттин кен казып алуу долбоорлоруна катышуусу калкка жана инвесторлорго ийгиликтүү өнүгүүгө кепилдик берет жана саясий тобокелдиктерди азайтат. Региондорду өнүктүрүү фонддорун кошо алганда, бардык деңгээлдеги бюджеттерге финансылык каражаттарды бөлүштүрүүнүн айкындуулугу камсыз кылынат.
Артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлор:
1) Сары-Жаз кенинде байытуучу фабриканы, «Трудовое» жана «Үч-Кошкон» участокторун пайдаланууга берүү;
2) Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Чаарат алтын кенинде алтын ылгоочу фабриканы пайдаланууга берүү;
3) Нарын облусунун Солтон-Сары алтын кениндеги Бучук участогунда алтын ылгоочу фабриканы пайдаланууга берүү;
4) Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында цемент заводун куруу;
5) «Кыргызмунайгаз» ААКка инвестицияларды тартуу;
6) иштеп жаткан Терек, Тереккан, Перевальное алтын кендерин өздөштүрүү;
7) Андаш, Талды-Булак алтын кендерин пайдаланууга берүү.
3.6. Жеңил өнөр жайы
Келечекте эл аралык рынокторго чыгуу менен туруктуу суроо-талапты калыптандыруу, Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай продукцияларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү жана жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү жеңил өнөр жайды өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болушу керек.
Мамлекеттик колдоо менен ири кластердик өндүрүштөр башталат. Өзүнүн өндүрүшүн Кыргыз Республикасынын аймагына жайгаштыруу үчүн белгилүү бренддердин ичинен эл аралык инвесторду тартуу артыкчылыктуу болот, бул келечекте өзүнүн «кыргыз брендин» түзүү менен алдынкы технологиялардын негизинде жеңил өнөр жай товарларын өндүрүүнүн өздүк маданиятын калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Ири тигүү өндүрүштөрүн түзүү үчүн мотивациялык шарттар түзүлөт, алар жогорку өндүрүмдүүлүктү, продукциянын кеңири ассортиментин жана буюмдарды электрондук маркалоону киргизүүнү кошо алганда, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин соода тармактары талап кылган көлөмдөрдү камсыз кылат.
Жеңилдетилген шарттарда өнөр жай жабдууларынын лизингин киргизүү жүргүзүлөт, ошондой эле уруксат берүүчү документтердин пакети менен инвестициялык лотторду берүү аркылуу региондук деңгээлде жеңил өнөр жайды өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлөт.
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде жеңил өнөр жай продукциясынын сапатын баалоо лабораторияларын куруу жана ишке киргизүү үчүн инвестициялар тартылат.
Мамлекет кесиптик техникалык билим берүү системасы аркылуу жеңил өнөр жайда, айрыкча тигүү өндүрүшүндө бренд коллекцияларынан жок дегенде экинчи линиядагы продукция чыгарууга жөндөмдүү жогорку класстагы адистердин катарын түзүүгө түрткү берет.
Артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлор:
1) Чүй облусунда текстиль жана тигүү өндүрүшү үчүн «Технополис» долбоорун ишке киргизүү;
2) Ош шаарында өнөр жай паркын ишке киргизүү;
3) жеңил өнөр жай продукциясынын сапатын баалоо лабораториясын куруу жана ишке киргизүү;
4)өзүнүн өндүрүшүн Кыргыз Республикасынын аймагына жайгаштыруу үчүн белгилүү бренддердин ичинен эл аралык инвесторду тартуу;
6) булгаары бут кийим жана булгаары буюмдарды өндүрүү;
7) Кыргыз Республикасында жүндү өндүрүү, даярдоо, алгачкы иштетүү жана сатуу системасын түзүү;
8) текстиль өнөр жайындагы ар кандай фурнитуралар үчүн чийки затты өндүрүү боюнча фабриканы куруу.
4. 2022–2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын инвестициялык саясатынын негизги багыттары
Инвестициялык климатты жакшыртуу, ички жана тышкы инвестицияларды тартуу жана кармап туруу, ошондой эле Программанын максаттарына жетүү максатында инвестициялык саясаттын төмөнкү багыттары ишке ашырылат.
4.1. Инвестициялык мыйзамдарды өркүндөтүү
Инвестициялар жөнүндө мыйзамга ылайык ар кандай ченемдик укуктук актыларда чет өлкөлүк инвестордун аныктамасы бирдейлештирилет жана чет элдик компаниялардын ийгиликтүү эл аралык тажрыйбага ылайык келбеген иш-аракеттерине чектөөлөр алып салынат.
Жалпы мыйзамдардын ченемдик актыларында биринчи кезекте кодексте инвесторлор үчүн жеңилдиктерди жана кепилдиктерди берүү каралган инвестициялар жөнүндө атайын мыйзамдарга шилтемелер берилет.
Инвестициялар жөнүндө мыйзамда инвестициялык макулдашууларды түзүү тартиби, ошондой эле инвестициялык макулдашуулар менен инвестордун ишинин өзгөчө режимин жана мыйзамдардагы жагымсыз өзгөрүүлөрдөн кепилдиктерди берүү мүмкүнчүлүгү аныкталат.
Мыкты эл аралык тажрыйбаларга ылайык келген концессиялар жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясы иштелип чыгат.
Инвесторлордун жерге жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн реформалар улантылат, анын ичинде жерди пайдаланууга байланышкан бардык ченемдик актылардагы аныктамаларды шайкеш келтирүү, ошондой эле мыкты эл аралык тажрыйбага ылайык келбеген менчик же ижара укуктары үчүн учурдагы чектөөлөрдү жоюу. Айыл чарбасында чет өлкөлүк инвесторлор үчүн жерди пайдалануу мүмкүндүгү жөнүндө жоболор такталды жана ижара мөөнөтүнүн узактыгы көрсөтүлгөн.
Улуттук деңгээлдеги объекттерге масштабдуу инвестициялар үчүн колдоо чаралары жана коопсуздук кепилдиктери жогору болгон «стратегиялык инвестордун» өзгөчө режими түзүлөт.
4.2 Инвестициялык талаш-тартыштарды чечүү механизмин жакшыртуу жана инвесторлордун укуктарын коргоо деңгээлин жогорулатуу
«Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына инвесторлордун даттанууларын кароо тартибин караган, инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу органдын ролун эске алуучу өзгөртүүлөр киргизилет.
Ошондой эле ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча анын функцияларын бекемдөө жана мамлекеттик органдар үчүн бизнес-акыйкатчынын сунуштарын аткарууга милдеттендирүү менен «Бизнес-акыйкатчы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынат.
Соттук-укуктук реформа аяктаганга чейин ишкерлер менен мамлекеттик органдардын ортосундагы талаш-тартыштарды бейтарап сотто чечүү камсыз кылынат.
4.3. Эркин экономикалык зоналарды өнүктүрүү
Кыргыз Республикасында эркин экономикалык зоналарды (мындан ары – ЭЭЗ) кайра уюштуруу, айрыкча өзүн дүйнөлүк деңгээлде көрсөткөн коммерциялык башкаруучу компанияларды тартуу жолу менен жүргүзүлөт. Бул компаниялар ЭЭЗге инвесторлорду тартуу, экспортко багытталган ишканаларды өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле ЭЭЗ субъекттеринин продукциясын сатуу рынокторун кеңейтүү боюнча бардык зарыл болгон ыйгарым укуктарды алышат. Мындан тышкары, көрсөтүлгөн максаттарда региондордогу транспорттук-логистикалык борборлордун тармагы кеңейтилет.
ЭЭЗдин башкы дирекцияларынын уюштуруу-укуктук формасын өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн берүү чаралардын бири болуп калат. ЭЭЗде кыйла ыңгайлуу жана натыйжалуу башкаруу формасын: мекемени, мамлекеттик ишкананы же акционердик коомду аныктоо мүмкүнчүлүгү пайда болот.
Башкы дирекциянын ролу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүдө жана зарыл уруксаттарды алууда ЭЭЗ субъекттерине көмөк көрсөтүү милдети менен административдиктен башкаруучуга алмаштырылат.
ЭЭЗ жөнүндө мыйзамды өзгөртүүдөн тышкары, салыктык жеңилдиктерге эмес, инфратүзүмдүн сапатына жана инвестицияларга көмөктөшүүгө таянуу менен ЭЭЗди көп максаттуу индустриалдык аймактарга акырындык менен трансформациялоону ишке ашыруу зарыл.
ЭЭЗди өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн жана келечегин кеңейтүү үчүн «Эркин экономикалык зоналар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына порттук жана логистикалык ЭЭЗ киргизилет.
Ошондой эле «эркин бажы зонасы» жол-жобосу колдонула турган участоктордон тышкары, ЭЭЗдин аймагын тосмолоого жана жабдууга байланбастан бүткүл аймакка атайын салыктык жана укуктук режимди жайылтуу каралат.
4.4. Инфратүзүмгө инвесторлордун жетүүсү
Инфратүзүмгө (электр тармактары, суу, канализация) туташуунун так графиги жана талап кылынган акы менен бирдиктүү регламенти иштелип чыгат, бул уруксат берүүчү документтерди берүү жол-жоболорун тартипке келтирүүгө жана коррупциялык көрүнүштөрдү азайтууга мүмкүндүк берет.
Бул үчүн башка органдар менен бардык керектүү макулдашууларды алуу процесси сыяктуу эле коммуналдык тармактарга туташуу коммуналдык компаниялар тарабынан жүргүзүлүшү керек, бул эң мыкты эл аралык тажрыйбага ылайык келет.
Бөлүштүрүүчү компанияларга, анын ичинде жеке компанияларга коңшу өлкөлөрдөгү дүң рыноктордон электр энергиясын сатып алууга мүмкүндүк берүүчү ченемдер киргизилет.
4.5. Фонддук рынок, инвестициялык фонддор жана башка механизмдер аркылуу инвестицияларды тартуу
Инвестициялык саясаттын негизги багыттарынын бири жарандардын, анын ичинде эмгек мигранттарынын аманаттарын инвестицияга трансформациялоого түрткү берүү болот. Инвестициялардын минималдуу суммасын камсыздандыруу механизми аркылуу ата мекендик компаниялардын баалуу кагаздарына инвестицияларды коргоо жана жеткиликтүү финансылык инструменттер түзүлөт.
Баалуу кагаздар рыногуна чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу фонддук рыноктордун алдынкы дүйнөлүк катышуучулары менен корреспонденттик мамилелерди түзүү аркылуу өбөлгөлөнөт. Ошондой эле фонддук рынокту өнүктүрүү максатында бардык мамлекеттик акционердик коомдордун акцияларынын кеминде 30 %ы сатылат.
Каржылоого жеткиликтүүлүктү жакшыртуу үчүн финтех-компаниялары тарабынан финансылык кызматтарды көрсөтүү киргизилет.
Мамлекет өлкөдө камсыздандыруу ишин өнүктүрүүнүн жана камсыздандыруу кызматтары менен камтууну кеңейтүүнүн ырааттуу саясатын жүргүзөт. Жакынкы жылдары жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу, мүлктү камсыздандыруу сыяктуу продукттар киргизилет. Калкты камсыздандыруу кызматтары менен кеңири камтууну камсыз кылуу үчүн электрондук камсыздандырууну киргизүүнү караштырган тиешелүү ченемдик база кабыл алынат. Жарандарды пенсия менен камсыз кылуу жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасына камсыздандыруу уюмдарынын катышуусу үчүн шарттар түзүлөт.
Жарандык, салыктык, корпоративдик, банктык мыйзамдарды жана инвестициялык фонддор жөнүндө мыйзамдарды өзгөртүү жолу менен Кыргыз Республикасында венчурдук каржылоону өнүктүрүү, ошондой эле венчурдук иш үчүн салыктык өбөлгөлөрдү жана жеңилдиктерди киргизүү жүргүзүлөт.
Ошондой эле өлкөдөгү микроинвесторлорго ата мекендик стартаптарга кыйла коопсуз инвестиция салууга жана Кыргыз Республикасынын улуттук резидент-ишканаларынын кошо ээси болууга мүмкүнчүлүк алуу үчүн краудфандинг платформаларында микроинвестицияларды топтоо мүмкүнчүлүгү берилет.
Кыргыз Республикасы үчүн салттуу эмес экономика секторлоруна инвестициялардын агымын диверсификациялоо жана инвестициялар боюнча рыноктун потенциалын максималдуу пайдалануу үчүн инфратүзүмдүк инвестициялык фонддорду түзүү маселеси каралат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан «Айыл Банк» ААКты, «РСК Банк» ААКты кошумча капиталдаштыруу, ошондой эле улуттук маанилүү экономикалык долбоорлорду каржылоо максатында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондун тартуу жана андан ары капиталдаштыруу боюнча иштер жүргүзүлөт. Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жана Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун иши башталат.
4.6. Эмгек мыйзамдары
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин пайдаланылбаган же начар пайдаланылган, бирок мында өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун төмөндөтүүчү ченемдери кайра каралат же эмгек мыйзамдарынан алып салынат, атап айтканда ишке орноштуруу бюросуна бош орун жөнүндө милдеттүү кабарлоо жана жумушка кабыл алуудан негиздүү баш тартуу талаптары. Эмгек акыны өндүрүп алуунун эскирүү мөөнөтү белгиленген. Кызматкерлердин бардык категориялары үчүн мөөнөттүү эмгек келишими боюнча иштөө, анын ичинде аралыктан иштөө жана толук эмес иш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү берилген. Эмгек мыйзамдарын жөнөкөйлөтүү формалдуу эмес иш менен камсыз кылууну жана көмүскө экономиканы кыскартууга өбөлгө түзөт.
Технологиялык модернизациялоонун жана экономиканы өнүктүрүүнүн милдеттерин эске алуу менен чет мамлекеттердин жарандары болгон компетенттүү жана талап кылынган адистер жана инвесторлор үчүн келүүгө уруксат берүүчү документтерди алуу жол-жоболорун андан ары жөнөкөйлөтүү жана өркүндөтүү боюнча чаралар көрүлөт. Квоталардын иштеп жаткан системасы сейрек кездешүүчү жана талап кылынган адистиктердин тизмесин түзүү менен алмаштырылат, ал компанияларга ата мекендик адистердин квалификациясын аларга өз тажрыйбасын берүү аркылуу жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү жогорку квалификациялуу адистер катары чет өлкөлүк кызматкерлерди тартуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат. Ошондой эле өтүнмөнү карап чыгуу жана квотаны бөлүштүрүү процессинин ачыктыгы жогорулайт.
Чет өлкөлүк адистердин корпоративдик ички которууларына карата оорчулук келтирүүчү талаптар жокко чыгарылат, факт боюнча өзүнүн кесиптик чөйрөсүндө жетиштүү иш тажрыйбасы бар техникалык адистер үчүн квалификациялык талаптар (дипломдорду, сертификаттарды көрсөтүү ж.б.) жеңилдетилет жана бул факт ушул адисти тарткан ишкананын расмий каты менен ырасталышы мүмкүн.
4.7. Региондорго инвестицияларды тартуу
Ар бир регион боюнча атаандаштык артыкчылыгынын негизинде 2-3 артыкчылыктуу тармактар идентификацияланат жана инвестициялык долбоорлор даярдалат, аларды ишке ашыруу министрликтер жана ведомстволор үчүн да, жергиликтүү башкаруу органдарынын жетекчилери үчүн да биринчи кезектеги милдет болот. Артыкчылыктуу тармактарда инвестициялык долбоорлорду даярдоо жана баалоо, анын ичинде бизнес-пландарды иштеп чыгуу боюнча ишкерлердин потенциалын жогорулатуу боюнча адистештирилген институттар түзүлөт.
Инвестицияларды тартууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыгы финансылык борбордон ажыратууну кеңейтүү жолу менен күчөтүлөт. Мамлекеттик бюджетте жергиликтүү бюджеттердин үлүшү көбөйдү, айрыкча бул кен казуу секторундагы долбоорлорго тиешелүү, мында инвесторлор жергиликтүү калк менен өз ара аракеттенүүдө эң көп кыйынчылыктарга туш болушат.
4.8. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү
Жеке инвесторлор үчүн тобокелдикти азайтуу зарылдыгына байланыштуу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары – МЖӨ) механизми активдүү пайдаланылат. МЖӨ долбоорлорун даярдоону каржылоо фондунун каражаттарынан коомдук саламаттык сактоо, коомдук транспорт, муниципалдык жана коммуналдык кызматтарды жакшыртуу, жол инфратүзүмүн өнүктүрүү, энергетика, коомдук билим берүү, спорт жана туризм сыяктуу тармактарда 20дан кем эмес долбоор даярдалат жана ишке ашыруу башталат. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жаатында ченемдик база жакшырат. Муну менен бирге МЖӨ долбоорлору боюнча тике жана шарттуу тобокелдиктерди жабуу үчүн кепилдик механизмдерин түзүү жолу менен МЖӨнүн финансылык инфратүзүмүн жакшыртуу керек.
Ошондой эле артыкчылыктуу чөйрөлөрдө МЖӨ долбоорлору, анын ичинде мектепке чейинки мекемелерди уюштуруу жана эскирген мамлекеттик имараттарды МЖӨ жолу менен реновациялоо үчүн типтүү документтер иштелип чыгат.
Башкарууну санариптештирүү жана МЖӨнүн санарип инфратүзүмүн өнүктүрүү иштелип чыгат. МЖӨ долбоорлорун демилгелөө, илгерилетүү жана даярдоо боюнча функцияларды кыйла натыйжалуу аткаруу үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча бирдиктүү порталды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү жүзөгө ашырылат. Бул портал МЖӨ долбоорлорун иликтөөнүн, скринингдин жана демилгелөөнүн баскычтарында убакыттын кыскарышына жетишүүгө мүмкүндүк берет, анын ичинде мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө да, бизнес чөйрөнүн өкүлдөрүнө да МЖӨ механизмдерине тиешелүү маселелерде аралыктан инструкция берүүгө мүмкүндүк түзүп, талаш маселелерди чечүү боюнча кеңештерди берип жана МЖӨ методологиясын баяндоо менен МЖӨ долбоорлорун илгерилетүүнүн ар кандай баскычтарында мындан аркы кадамдарды түшүндүрөт. Мындан тышкары, бул портал Кыргыз Республикасында МЖӨ механизмдерин жайылтуу менен мамлекеттик кызматкерлерди жана бизнес өкүлдөрүн МЖӨ принциптерине жана негиздерине онлайн окутуу үчүн пайдаланылат.
4.9. Туруктуу инвестицияларды тартуу
Туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашыруунун алкагында тартылган туруктуу инвестициялар кеңири пайдаланылат, климаттык каржылоого байланышкан долбоорлорго өзгөчө басым жасалат, аларга Париж Макулдашуусун ишке ашырууга кабыл алынган милдеттенмелердин алкагында эл аралык өнөктөштөрдүн олуттуу ресурстары бөлүнөт. Бул үчүн климаттык инвестициялык программанын алкагында Жашыл климаттык фонддон жана башка эл аралык эки тараптуу донорлордон жана өнөктөштөрдөн каржылоо үчүн талаптарга жооп берген инвестициялык сунуштардын пакети даярдалат жана ишке ашырылат, анын ичинде:
1) климаттык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу;
2) суу чарбасында, жерди пайдаланууда жана айыл чарбасында практиканы өркүндөтүү аркылуу айыл чарбасынын эсебинен азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуу;
3) энергия менен камсыздоо инфратүзүмүнүн климаттык туруктуулугун камсыз кылуу;
4) транспорттук инфратүзүмдүн климаттык туруктуулугун камсыз кылуу;
5) муниципалдык суу менен камсыздоонун климаттык туруктуулугун камсыз кылуу;
6) имараттардын климаттык туруктуулугун камсыз кылуу;
7) саламаттык сактоодо климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоону күчөтүү;
8) жер казынасын пайдаланууда климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоону күчөтүү;
9) жеке сектордун климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоого катышуусун кеңейтүү;
10) токой чарбасында жана биологиялык түрдүүлүктө климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоону күчөтүү;
11) өзгөчө кырдаалдар секторунда адаптациялоону күчөтүү.
5. Инвесторлор менен иштөө боюнча институттук механизмдерди өркүндөтүү
Инвестицияларды тартуу жана инвесторлор менен иштөө үчүн жооптуу негизги орган инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу орган болот, ал инвесторлор менен иштөө үчүн кеңири инструменттерди, анын ичинде инвесторлорго салыктык жеңилдиктерди берүү, мамлекеттик резервдик фонддордон субсидияларды жана кошо каржылоону жана инвесторлорду колдоонун жана дем берүүнүн башка формаларын алат.
Инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу орган стратегиялык инвесторлорго «бирдиктүү терезе» принциби боюнча реалдуу кызматтарды көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ал инвестициялык визаларды берүү, инвестициялык макулдашууларды даярдоо жана ишке ашыруу, инвесторлорго инвестициялык лотторду берүү, бир катар учурларда лицензияларды, уруксаттарды берүү, инвестициялык талаш-тартыштарды чечүүгө катышуу, инвесторлор менен иштөө үчүн жооптуу башка мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин координациялоо маселелерин кошкондо, «Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында кенен жазылат.
«Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда ыйгарым укуктуу органдын координациялоочу ролун күчөтүү максатында мамлекеттик органдардын функцияларына ревизия жүргүзүлөт.
Инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу органда долбоордук кеңсе түзүлөт, анын функциясы стратегиялык инвестициялык долбоорлор үчүн алдын ала техникалык-экономикалык негиздемелерди жана техникалык-экономикалык негиздемелерди иштеп чыгууну, Борбордук Азия регионунда иштөөгө мандаты бар инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү, инвестициялык долбоорлорду илгерилетүүнү жана коштоону кошо алганда, инвестициялык сунуштарды иштеп чыгуу болот. Ошондой эле инвесторлор менен өз ара аракеттенүүнүн электрондук системасы ишке киргизилет.
Бардык инвестициялык долбоорлор үч топко бөлүнөт:
1. Улуттук. Көлөмү 100 млн АКШ долларынан жогору. «Бирдиктүү терезе» принцибинде инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан толук коштоо. Техникалык-экономикалык негиздемелерди даярдоо. Салык жана башка жеңилдиктерди берүү менен инвестициялык макулдашууларды түзүү. Кошо каржылоо жана кепилдиктерди берүү;
2. Стратегиялык/региондук. Көлөмү 10 млн АКШ долларынан 100 млн АКШ долларына чейин. Башка мамлекеттик органдар менен байланышууда инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан коштоо. Инвестициялык долбоорду же техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу. Инвестициялык макулдашууларды түзүү.
3. Кадимки. Инвестициянын көлөмү 10 млн АКШ долларынан төмөн. Инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу органдын ролу консультацияларды берүү болуп саналат, инвесторлор менен негизги иш алардын жеке өнөктөштөрү тарабынан жүргүзүлөт.
Инвестициялык долбоорлордун картасы иштелип чыгат, ал эки топко бөлүнөт: келечектүү инвестициялык долбоорлор жана ишке ашырылып жаткан долбоорлор. Карта инвестициялык долбоорлордун сапаттык жана сандык көрсөткүчтөрүн камтыйт жана заманбап маалыматтык технологияларды пайдалануу, келип чыккан проблемалар жөнүндө сигнал берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу менен долбоорлор боюнча маалыматтарды чогултуунун жана иштеп чыгуунун интерактивдүү процессин камсыздайт.
Мамлекет тарабынан инвестициялык долбоорлорду кошо каржылоо механизми түзүлөт. Жаңы инвесторлор жана өлкөдө узак мөөнөткө болууга ниеттенген инвесторлор үчүн жагымдуулукту жогорулатуу үчүн жергиликтүү жеткирүүчүлөрдүн сапаттуу, дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келген бирдиктүү базасы түзүлөт.
Кыргыз Республикасына инвестицияларды ишке ашыруу боюнча учурдагы мүмкүнчүлүктөр жөнүндө инвесторлорду мыкты маалымдоо үчүн инвестициялар жаатындагы бардык негизги ченемдик актыларды англис тилине которуу ишке ашырылат.
Потенциалдуу инвесторлор менен активдүү иштөөгө өтүү жүргүзүлөт. Ар бир артыкчылыктуу тармак жана артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлор үчүн сүйлөшүүлөр жүргүзүлө турган компаниялар тандалып алынат. Мындай потенциалдуу инвесторлордун жана байланыш адамдарынын 500дөн кем эмес сандагы жалпы маалымат базасы инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу органда түзүлөт жана жаңыртылат. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан 100дөн кем эмес компания үчүн Кыргыз Республикасына жумушчу визиттер уюштурулат.
Ошондой эле инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу орган эл аралык инвестициялык кеңешчилер менен Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтарды алардын өлкөлүк жана региондук баяндамаларына киргизүү боюнча иштерди туруктуу негизде жүргүзөт.
Инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу органдын сайты дайыма жаңыланып турат жана англис тилине котормосун кошо алганда, инвесторлор үчүн бардык зарыл маалыматтарды камтыйт.
Институттук эс тутумду сактоо жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруудагы прогресске мыкты мониторинг жүргүзүү үчүн инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу органда Кардарлардын кыймылын башкаруу программасы киргизилет. Ал потенциалдуу жана иштеп жаткан инвесторлор, сүйлөшүүлөрдүн статусу, пландалган жана ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор жөнүндө толук маалыматты сактоого, ошондой эле кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Эл аралык компаниялар жана алардын иш-аракеттери жөнүндө акыркы маалыматка жетүү үчүн инвестиция боюнча ыйгарым укуктуу орган компаниялардын эң ири эл аралык маалымат базасына жетүү мүмкүндүгүнө ээ болот.
Потенциалдуу инвесторлорду кызыктырган эмгек акы, коммуналдык чыгымдар ж.б. ушул сыяктуу категориялардагы башка өлкөлөр боюнча маалыматтардын болушу да маанилүү. Ошондуктан инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасын башка өлкөлөр менен салыштырууга жана бул маалыматты инвесторлор үчүн сунуштарды тактоо жана адаптациялоо үчүн колдонууга мүмкүндүк берген сыяктуу маалымат базаларына мүмкүнчүлүк алат.
6. Программанын күтүлүүчү натыйжалары
Бул программанын иш-чараларын этап менен ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын экономикасына тартылган инвестицияларды көбөйтүүгө, экономикалык өсүш темпин тездетүүгө, бюджеттин кирешелерин көбөйтүүгө жана социалдык-экономикалык өнүгүү максаттарын аткарууга өбөлгө түзөт.
Ушул Программада коюлган милдеттерди жана чараларды ишке ашыруу төмөнкүлөрдү аткарууга мүмкүндүк берет:
1) негизги капиталга инвестициялардын деңгээлин ИДПнын көлөмүнө карата 25 %дан кем эмес кармоого;
2) ИДПга карата 13 %дан кем эмес деңгээлде чет өлкөлүк тике инвестицияларды тартуу көрсөткүчүнө жетишүүгө;
3) экономикалык өсүш темпин жылына 5 %дан кем эмес деңгээлде камсыз кылууга;
4) калктын жан башына ИДПны кеминде 1500 АКШ долларына жеткирүүгө;
5) Дүйнөлүк экономикалык форумдун Heritage Foundation экономикалык эркиндик индексиндеги жана Глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүк индексиндеги Кыргыз Республикасынын абалын жакшыртууга;
6) жыл сайын 100 миңден кем эмес жумуш орундарын түзүүгө;
7) Кыргыз Республикасынын региондоруна инвестицияларды бирдей тартууну камсыз кылууга;
8) жогорку кошумча нарк секторлоруна жана инновациялык тармактарга инвестицияларды тартууга.
7. Программаны аткаруунун жагымдуу өбөлгөлөрү жана тобокелдиктери
Төмөнкүлөр Программаны иштеп чыгуу жана кабыл алуу үчүн өбөлгөлөр болуп калат:
– Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасы:
– инвестициялык климатты жакшыртуу маселелери боюнча бийлик менен бизнес-коомчулуктун ортосундагы мамлекеттик-жеке диалог;
– мамлекет менен инвесторлордун ортосундагы инвестициялык талаш-тартыштарды чечүүдө көмөк көрсөтүү;
– экономиканын көмүскө секторун азайтууга багытталган чаралар.
Программаны ишке ашырууга таасир этиши мүмкүн болгон тобокелдиктерге төмөнкүлөр кирет:
– аймактагы геосаясий туруксуздук;
– Россия Федерациясына экономикалык санкциялардын тийгизген таасири;
– инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун жүрүшүндө мамлекеттик бийлик органдарынын, инвесторлордун жана жергиликтүү калктын ортосундагы байланыштын жана координациянын жетишсиздиги;
– функцияларды бир ыйгарым укуктуу органдан инвестициялык саясатты ишке ашыруу жана инвестицияларды тартуу үчүн жооптуу башка ыйгарым укуктуу органга тез-тез өткөрүп берүү;
– Кыргыз Республикасындагы коомдук-саясий туруксуздук;
– инвесторлор менен иш жүргүзгөн мамлекеттик органдардын адам потенциалы.
8. Программаны финансылык камсыздоо
Программада каралган чараларды ишке ашыруу ведомстволордун ченем жаратуу ишин камсыз кылуу үчүн каралган республикалык бюджеттен кошумча каржылоо булагын талап кылбайт.
Программаны ишке ашырууну каржылоону камсыз кылуу үчүн донордук уюмдар менен жетишилген макулдашуулардын негизинде бюджеттен тышкаркы булактар жана жеке инвесторлордун каражаттары пайдаланылууга тийиш.
9. Программага мониторинг жүргүзүү жана баалоо
Мамлекеттик саясаттын милдеттүү компоненти катары мониторинг маалыматты системалуу чогултуунун, талдоонун жана программалык-пландык иш-чаралардын аткарылышын баалоонун, ошондой эле оңдоолорду киргизүүнүн куралы болуп саналат.
Мониторинг жыл сайын Программанын кабыл алынган индикаторлору боюнча жүргүзүлөт.
Чогултулган маалыматтардын негизинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик тарабынан жетишилген прогресс деталдуу талданат, иш-чараларды жана долбоорлорду аткаруунун жүрүшүндө алсыз жерлер жана кемчиликтер аныкталат.
Расмий статистиканын, мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтары мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн маалымат булактары болуп саналат.
Программанын ар бир этабы аяктагандан кийин Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу боюнча зарыл түзөтүү чараларын жана сунуштарды иштеп чыгуу максатында жетишилген натыйжаларга баа берилет.