Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-июну № 352
2022–2026-жылдарга Кыргыз Республикасына
инвестицияларды тартуу боюнча программаны бекитүү
жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-ноябрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 91-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
– 2022–2026-жылдарга Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу боюнча программа (мындан ары – Программа) 1-тиркемеге ылайык;
– Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык;
– Программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы 3-тиркемеге ылайык.
– Программанын бюджети 4-тиркемеге ылайык.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-ноябрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) аны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке квартал сайын берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган отчетту ар бир жылдын жыйынтыгы боюнча 1-февралдан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” газетасынын 2022-жылдын 16-сентябрында № 83 (3418) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
| 3-тиркеме |
2022–2026-жылдарга Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу боюнча программаны ишке ашырууга мониторинг
жүргүзүүнүн жана баалоонун индикаторлорунун матрицасы
№ | Милдеттер | Индикатордун аталышы | Өлчөө бирдиги | Базалык жыл | Аралык индикаторлору (жылдык) | Максаттуу көрсөткүчтөр | Жооптуу аткаруучулар | ||||
2022 | 2023 | 2024 | 2025 | 2026 | |||||||
1 | Кыргыз Республикасына инвестициялардын көлөмүн көбөйтүү | ИДПга карата негизги капиталга инвестициялардын деңгээли | % | 2022 | 22 | 23 | 24 | 24.5 | 25 | 25% | ПИУА, ЭКМ, УСК (макулдашуу боюнча) |
2 | Кыргыз Республикасына тике чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу | ИДПга карата ТЧИ деңгээли | % | 2022 | 11 | 11.5 | 12 | 12.5 | 13 | 13% | ПИУА, ЭКМ, УСК (макулдашуу боюнча) |
3 | Туруктуу экономикалык өсүшкө жетишүү | ИДПнын өсүшү | % | 2022 | 3 | 5 | 6 | 7 | 7 | 7 | ЭКМ, УСК (макулдашуу боюнча) |
4 | Жарандардын жашоо абалын жогорулатуу | Калктын жан башына ИДП | АКШ доллары | 2022 | 1200 | 1300 | 1400 | 1500 | 1600 | 1600 | ЭКМ, УСК (макулдашуу боюнча) |
5 | Региондорду бирдей өнүктүрүү | Кыргыз Республикасындагы инвестициялардын жалпы көлөмүнө карата негизги капиталга инвестициялардагы Ош, Нарын, Баткен облустарынын жана Ош шаарынын үлүшү | % | 2022 | 22 | 25 | 28 | 31 | 35 | 35 | ЭКМ, УСК (макулдашуу боюнча) |
6 | Атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жакшыртуу | Дүйнөлүк экономикалык форумдун версиясы боюнча глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн индекси | Упайлар | 2022 | 56 | 58 | 60 | 62 | 64 | 64 | ЭКМ |
7 | Экономикалык эркиндикти жакшыртуу | Экономикалык эркиндиктин индекси | Баллдар | 2022 | 58 | 60 | 63 | 66 | 70 | 70 | ЭКМ |
Кыскартуулардын тизмеси
ИДП – ички дүң продукт
ЭКМ – Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги
ПИУА – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик
УСК – Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети
ТЧИ – тике чет элдик инвестициялар