Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу
Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-февралындагы № 135 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Мамлекеттик агенттиктин ишинин максаттары
3. Мамлекеттик агенттиктин милдеттери
4. Мамлекеттик агенттиктин функциялары
5. Мамлекеттик агенттиктин укуктары
6. Мамлекеттик агенттиктин мүлкү жана каражаттары
7. Мамлекеттик агенттиктин ишин уюштуруу
8. Мамлекеттик агенттикти кайра уюштуруу жана жоюу
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги (мындан ары – Мамлекеттик агенттик) учуулардын коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясы жаатында мамлекеттик саясатты түзүүчү жана жүзөгө ашыруучу, жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү ишке ашыруучу, Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктардын чегинде жарандык авиация чөйрөсүндө координациялоону, контролдоону жана стратегиялык өнүктүрүүнү, ошондой эле аба транспорту чөйрөсүндө башкарууну жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-февралындагы № 135 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Мамлекеттик агенттик ведомстволук бөлүмдөрдүн жана анын карамагындагы мамлекеттик ишканалардын ишин координациялайт, башкарат жана контролдойт.
3. Мамлекеттик агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, башка ченемдик укуктук актыларды, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Мамлекеттик агенттик өз ишин башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар, ишканалар, мекемелер менен өз ара аракеттенүү аркылуу жүргүзөт.
5. Мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирүүчү эл аралык келишимдерден келип чыгуучу милдеттенмелерди ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын авиация бийликтеринин администрациясы катары чыгат.
6. Мамлекеттик агенттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлүүчү юридикалык жак статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары жана белгиленген үлгүдөгү бланктары, ошондой эле Казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери бар.
7. Мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жарандык авиация департаментинин укук улантуучусу болуп саналат.
8. Мамлекеттик агенттиктин борбордук аппаратын, ведомстволук бөлүмдөрүн күтүүгө кеткен чыгымдар республикалык бюджеттин, атайын каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
9. Мамлекеттик агенттиктин толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги";
- расмий тилде: "Государственное агентство гражданской авиации при Кабинете Министров Кыргызской Республики";
- англис тилинде: "State Civil Aviation Agency under the Cabinet of Ministers of the Kyrgyz Republic".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги";
- расмий тилде: "Государственное агентство гражданской авиации";
- англис тилинде: "State Civil Aviation Agency".
10. Мамлекеттик агенттиктин юридикалык дареги: 720044, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ажыбек-Баатыр көчөсү, 1.
2. Мамлекеттик агенттиктин ишинин максаттары
11. Мамлекеттик агенттиктин ишинин негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- аба транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча транспорттук кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
- аба ташууларын коопсуз жана үзгүлтүксүз аткаруу, авиациялык иштерди жана авиациялык атайын иштерди жүргүзүү максатында мамлекеттик саясатты ишке ашырууну, жарандык авиация уюмдарынын ишин мамлекеттик жөнгө салууну, көзөмөлдөөнү жана контролдоону камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясында учуулардын коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-февралындагы № 135 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Мамлекеттик агенттиктин милдеттери
12. Мамлекеттик агенттиктин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жарандык авиация жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке ашыруу, жарандык авиацияны координациялоо жана стратегиялык өнүктүрүү;
2) жарандык авиация уюмдарынын ишин мамлекеттик көзөмөлдөө, жөнгө салуу жана жарандык авиация чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын талаптарынын сакталышын контролдоо;
3) жүргүнчүлөрдү, багажды, жүктөрдү жана почтаны абада ташууга экономиканын жана калктын керектөөлөрүн канааттандырууга жөндөм түзүү, жарандык авиация чөйрөсүндөгү авиациялык атайын жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрүн камсыз кылуу;
4) коопсуз, үзгүлтүксүз (үзгүлтүктүү) аба ташууларын жана авиациялык атайын иштерди камсыз кылуу, жарандык авиациянын кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү;
5) Кыргыз Республикасынын жарандык авиация чөйрөсүнө Эл аралык жарандык авиация уюмунун (мындан ары - ИКАО) стандарттарын жана сунушталган практикасын киргизүү;
6) ИКАО жана жарандык авиация жаатындагы башка эл аралык уюмдар менен мамилелерде Кыргыз Республикасынын атынан чыгуу, ошондой эле жарандык авиациянын ишинин маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, эл аралык келишимдерге жана документтерге кол коюу;
7) жарандык авиациянын аба каттамдарынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринен келип чыккан милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөчө кырдаалдарда жарандык авиацияны пайдаланууну камсыз кылуу жана коргонуу мүнөзүндөгү атайын программаларды ишке ашыруу;
9) издөө-куткаруу иштерин уюштурууга катышуу;
10) жарандык авиация чөйрөсүндө экономикалык, илимий-техникалык жана инновациялык саясатты ишке ашыруу;
11) Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин коопсуз пайдаланууну камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү;
12) аба ташуу чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүү рыногун жана жарандык авиациядагы атаандаштыкты өнүктүрүү, ошондой эле жарандык авиациянын субъекттери көрсөткөн кызматтарды пайдалануучулардын кызыкчылыктарын коргоо;
13) жарандык авиация чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын жоболорун ишке ашыруу;
14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган аба ташуулары чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү эл аралык жана ички аба менен ташууну жөнгө салуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-февралындагы № 135 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Мамлекеттик агенттиктин функциялары
13. Мамлекеттик агенттик коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
1) тармактык саясат функциялары:
- жарандык авиация жана аба ташуулары чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты түзүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте иштеп чыгат жана киргизет, ошондой эле аны ишке ашыруу боюнча чараларды көрөт;
- жарандык авиациянын ишин жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук актылардын, тармактык стандарттардын, программалардын, техникалык шарттардын, авиациялык эрежелердин, нускамалардын, сертификаттык талаптардын, башка укуктук жана техникалык актылардын долбоорлорун иштеп чыгат жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде аларды бекитет;
- жарандык авиация жаатындагы мамлекеттик стратегиялык документтердин долбоорлорун, башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат жана аларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет;
- компетенциясынын чегинде эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгат, аларга берилген ыйгарым укуктарга ылайык белгиленген тартипте кол коет жана алардын ишке ашырылышын камсыз кылат;
- чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен мамилелерде өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргойт;
- иштин негизги багыттары боюнча маалыматтык базаларды түзөт;
- аба транспортунда жана жарандык авиация объекттеринде коопсуздукту камсыз кылуу боюнча сунуштарды/иш-чараларды иштеп чыгат жана киргизет;
- Кыргыз Республикасында жарандык авиация чөйрөсүн өнүктүрүүгө чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт;
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы авиациялык кырсыктарды, инциденттерди жана олуттуу инциденттерди иликтөөгө катышат;
- башка мамлекеттердин аймагында Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестрине киргизилген аба кемелери менен болгон авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди иликтөөгө катышат;
- Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын персоналына квалификациялык талаптарды иштеп чыгат;
- Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын чарбакер субъекттеринин тарифтик саясатын түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- Кыргыз Республикасынын аэронавигациялык маалымат жыйнагын иштеп чыгат жана басып чыгарат, Кыргыз Республикасынын аба жолдорунун жана аба линияларынын тизмелерин иштеп чыгат жана бекитет;
- Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануунун тартибин/эрежелерин иштеп чыгат жана ишке киргизет;
- авиация тармагында мамлекеттик кадр саясатын ишке ашырууну камсыз кылат;
- авиациялык технологиялар, аба кемелерин эксплуатациялоо, Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын аэродромдору жана авиациялык персоналы жөнүндө статистикалык маалыматтарды, отчетторду, документтерди жана башка маалыматтарды чогултат, талдайт жана таркатат;
- аба транспортунун зыяндуу таасиринен айлана-чөйрөнү коргоо жана сактоо жаатындагы мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтөт;
- өз компетенциясынын чегинде Мамлекеттик агенттиктин максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу үчүн зарыл болгон тармактык эрежелерди, нускамаларды, регламенттерди жана башка документтерди иштеп чыгат жана бекитет;
- Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдарында белгиленген реестрлерди жүргүзөт;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте учкучсуз авиациялык системалар менен байланышкан иштерди жүргүзөт;
- окуу жайына учуунун шарттарын имитациялоочу машыктыргычтарды колдонууга уруксат берет;
- Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын авиация персоналынын күбөлүктөрүн берүүнү эсепке алуунун мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- аба кемелеринин эксплуатанттарын, май куюучу уюмдарды, аэронавигациялык тейлөөнү көрсөтүүчүлөрдү, аба кемелерин техникалык тейлөөчү уюмдарды, жер үстүндө тейлөө боюнча кызматтарды көрсөтүүчүлөрдү, авиациялык окуу жайларын жана борборлорун, иши Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин учууларынын коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту камсыз кылууга байланышкан башка жарандык авиация уюмдарын сертификациялоону жана каттоону жүзөгө ашырат;
- жарандык авиацияны мыйзамсыз кийлигишүү актыларынан коргоо боюнча чараларды иштеп чыгат;
- Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын өнүктүрүү жаатына чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт;
- Кыргыз Республикасынын аба транспортунда коопсуздукту камсыз кылуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана киргизет;
- авиациялык коопсуздук жаатында Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенциянын 17-тиркемесинин жоболоруна ылайык келген саясатты жана талаптарды иштеп чыгат;
- учуулардын коопсуздугуна, авиациялык коопсуздукка же улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген учурларда учкучсуз учуучу аппараттарды эксплуатациялоону токтотуп турат же тыюу салат;
2) жөнгө салуу функциялары:
- Кыргыз Республикасындагы жарандык авиация уюмдарынын ишин жөнгө салат;
- башка мамлекеттердин авиаташуучуларына жана аба кемелерине Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде учууларына уруксаттарды берет жана аталган авиаташуучулардын жана аба кемелеринин Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде учуу эрежелерин сакташын контролдойт, ошондой эле аба кемелеринин документтерин жана ушул аба кемелеринин экипаж мүчөлөрүнүн кызматтык документтерин текшерүү максатында башка мамлекеттердин жарандык аба кемелерин карап чыгат;
- радиосигнал ыйгаруу менен жарандык аба кемелеринин борттук радиостанцияларын пайдаланууга уруксаттарды берет;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде эл аралык жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү абада ташууну координациялайт жана контролдойт;
- эл аралык аба линияларында жүргүнчүлөрдү, багажды, жүктөрдү жана почтаны эл аралык аба линияларында ташууда учуу жыштыктарын бөлүштүрөт жана чакыртып алат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уруксаттарды, сертификаттарды, күбөлүктөрдү берет, ошондой эле берилген уруксат документтеринин шарттарын жана талаптарын сактоого контролду, көзөмөлдү жүзөгө ашырат;
- литердик жана контролдук рейстерди уюштурууну жана аткарууну контролдойт;
- издөө-куткаруу иштерин уюштурууга катышат;
- Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары менен макулдашуу боюнча аба мейкиндигин пайдаланууну жана Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде аба кыймылын тейлөөнү уюштурат;
- жарандык авиация тармагындагы инвестициялык процессти мамлекеттик жөнгө салууга жана инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүүгө катышат, бул маселелер боюнча эл аралык финансылык жана башка уюмдар менен белгиленген тартипте өз ара аракеттенет;
- жүргүнчүлөрдү жана багажды эл аралык жана ички абада ташууну жөнгө салат, бул ташуулардын маршруттары боюнча кыймылдын ырааттамаларын макулдашат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык жүктөрдү ташууну жөнгө салат;
- Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын учууларын метеорологиялык камсыз кылууну уюштурат, учууларды метеорологиялык камсыз кылуу жаатындагы ишти жөнгө салат жана контролдойт;
- аба мейкиндигин пайдаланууга уруксаттарды берүү жана тыюу салууларды жана чектөөлөрдү белгилөө тартибин жөнгө салат;
- Кыргыз Республикасынын жарандык аэродромдорунун жана вертодромдорунун реестрин жүргүзөт;
- сертификаттарды, уруксаттарды, күбөлүктөрдү, квалификациялык белгилерди берет, тааныйт, узартат, өзгөртүүлөрдү киргизет, колдонулушун токтотуп турат, жокко чыгарат, ошондой эле тийиштүү арыздарды карайт жана корутундуларды берет;
- авиациялык персоналга уруксаттарды, күбөлүктөрдү жана квалификациялык белгилерди берет, арыздарды карайт жана тиешелүү корутундуларды берет;
- Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын персоналын даярдоонун окуу программаларына макулдук берет;
- бардык түрдөгү коммерциялык ташууларды жана кызматтарды көрсөтүүгө уруксаттарды берет жана учуулардын коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн зарыл болгон мындай ташууларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырууга карата талаптарды түзөт;
- эксплуатанттын техникалык, финансылык жана башка мүмкүнчүлүктөрүн аныктайт;
- Кыргыз Республикасына (Кыргыз Республикасынан) үзгүлтүксүз жүргүнчүлөр рейстерин аткарууну пландап жаткан чет өлкөлүк ташуучуларга жана авиа ишканаларга аккредитация берет;
- жарандык авиация уюмдарына Авиациялык эрежелердин талаптарын аткаруудан бошотуу берет;
- коопсуздуктун кечиктирилгис чараларын киргизүү жөнүндө талапты камтыган тескемелерди, буйруктарды, директиваларды, нускамаларды жана башка документтерди чыгарат;
3) колдоо функциялары:
- улуттук стандарттар менен ИКАОнун стандарттарынын жана сунушталган практикасынын ортосундагы айырмачылыктар жөнүндө ИКАОго билдирет;
- жарандык авиация чөйрөсүндө ИКАОдо жана башка эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргойт;
- жарандык авиация тармагын өнүктүрүүнүн ведомстволор аралык финансылык, уюштуруу-техникалык планын түзүүгө катышат;
- учуу коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу, жарандык авиациянын персоналын даярдоо маселелери жана жарандык авиация чөйрөсүндөгү башка аспектилер боюнча чет мамлекеттердин авиациялык бийлик органдары менен өз ара аракеттенет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык авиацияны өзгөчө кырдаалдарда жана Кыргыз Республикасын коргоо үчүн аскердик максаттарда пайдаланууну камсыз кылат;
- мамлекеттик башкаруу органдары, аткаруучу жана тескөөчү органдар, башка уюмдар менен өз ара аракеттенет;
- Кыргыз Республикасындагы монополияга каршы ишти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү тиешелүү мамлекеттик орган менен бирдикте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасында аэронавигациялык жана аэропорттук тейлөө үчүн алынуучу тарифтерди жана жыйымдарды макулдашат;
- Кыргыз Республикасы тараптардын бири болуп саналган жарандык авиация жаатындагы эл аралык келишимдерден жана башка документтерден келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылат;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде жана ал үчүн берилген ыйгарым укуктарга ылайык Кыргыз Республикасынын атынан чыгат жана/же Кыргыз Республикасы менен башка мамлекеттердин/эл аралык уюмдардын ортосунда жарандык авиация жаатындагы эл аралык келишимдерге кол коюуга катышат;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын атынан ИКАО, ошондой эле башка эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенет;
- Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген жарандык авиациянын объекттерин иштетүү, куруу, оңдоо, реконструкциялоо жана күтүү маселелери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенет;
- Кыргыз Республикасынын тиешелүү авиациялык эрежелеринин талаптарынын сакталышын камсыз кылуу максатында аэродромдорду куруу жана реконструкциялоо, аэродромдордун жумуш аянтында жана аэродромдордун аймагында жайгашкан имараттарды жана курулмаларды жайгаштыруу долбоорлорун макулдашат;
- тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте жарандык жана мамлекеттик аба ташууларын жүзөгө ашырууну координациялайт;
- айлана-чөйрөнү коргоо жана аба транспортунун зыяндуу таасиринен коргоо жаатындагы мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтөт;
4) көзөмөлдөө жана контролдоо функциялары:
төмөнкүлөрдү жүргүзөт:
- Кыргыз Республикасынын аба транспорту жана жарандык авиация чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөлдөөнү жана контролдоону;
- чарба жүргүзүүчү субъекттердин Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдарынын талаптарын сактоосуна белгиленген тартипте көзөмөлдөөнү жана контролдоону;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин талаптарынын сакталышын контролдоону;
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди, Кыргыз Республикасынын Жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестрине киргизилген аба кемелери менен башка мамлекеттердин аймагында болгон авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди иликтөөлөрдүн жүргүзүлүшүн координациялоону жана контролдоону;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган, ошондой эле Мамлекеттик агенттиктин максаттары менен милдеттеринен келип чыгуучу башка функцияларды.
- бардык эксплуатанттардын, жарандык авиация уюмдарынын жана ишканаларынын ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ага ылайык кабыл алынган стандарттарга жана жоболорго, ошондой эле башка мамлекеттер менен эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык келишине карата үзгүлтүксүз көзөмөлдөөнү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында учууларды жүзөгө ашырган башка мамлекеттердин аба кемелерин жана экипаж мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдарынын жана эл аралык стандарттардын талаптарынын сакталышына карата инспекциялоону;
- аба мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүүнү;
- эгерде учуулардын коопсуздугуна жана авиациялык коопсуздукка коркунуч келтирсе, жарандык авиация органы тарабынан белгиленген жол-жоболорго ылайык учууларды жүргүзүүнүн жана жарандык авиациянын ишинин кандай болбосун түрлөрүнө тыюу салууну, жокко чыгарууну, убактылуу токтотууну же өзгөртүүнү;
- Учуулардын коопсуздугу боюнча өкмөттүк программанын жана Кыргыз Республикасынын жарандык авиация жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын жоболорунун сакталышын көзөмөлдөөнү;
- эксплуатанттын сунушталган аба ташууларын жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон техникалык, финансылык жана башка мүмкүнчүлүктөрүн аныктоону;
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-февралындагы № 135 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Мамлекеттик агенттиктин укуктары
14. Мамлекеттик агенттик өзүнө жүктөлгөн функцияларды жана милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген маселелерди кароо жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- өз компетенциясынын чегинде аткаруу үчүн милдеттүү болгон эрежелерди, жоболорду, регламенттерди, методикаларды, тартиптерди, колдонмолорду, стандарттарды, нускамаларды, жол-жоболорду, буйруктарды, тескемелерди, реестрлердин формаларын жана директиваларды, ошондой эле жарандык авиация чөйрөсүндө иш жүргүзгөн уюмдарга, жеке жана юридикалык жактарга карата колдонулуучу административдик чечимдерди иштеп чыгууга, бекитүүгө жана кабыл алууга;
- тармактык программалардын, өнүктүрүү концепцияларынын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыгууга жана киргизүүгө;
- чет мамлекеттердин мамлекеттик бийлик органдары, эл аралык уюмдар жана башка мекемелер менен белгиленген тартипте өз ара аракеттенүүгө;
- Мамлекеттик агенттикти өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоого жана ишке ашырууга;
- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана башка юридикалык жана жеке жактардан Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтарды жана документтерди белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- транспорт каражаттарын эксплуатациялоодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте укук бузуунун кошумча укуктук кесепеттеринин чараларын колдонууга;
- мамлекеттик органдарга, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарга жана жеке жактарга Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аныкталган бузууларды четтетүү тууралуу милдеттүү түрдө аткарылуучу жазма буйрукту (билдирүүнү, көрсөтмөнү) берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын жарандык авиация чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылары бузулгандыгы аныкталган учурларда жазма буйрук берүү, чектөө, жарандык авиация уюмунун, окуу борборунун, аба кемесинин же конкреттүү бир жактын сертификациялык документинин колдонулушун токтотуп туруу же жокко чыгаруу, объекттин же жактын сертификациялык документинин колдонулушун жокко чыгаруу, сертификациялык документте камтылган шарттарды өзгөртүү сыяктуу таасир этүү чараларын көрүүгө, ошондой эле укук бузууларды жасаган күнөөлүү адамдарды Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уруксаттарды, сертификаттарды, күбөлүктөрдү берүүгө, ошондой эле берилген документтердин шарттарынын жана талаптарынын сакталышына контролдоо, көзөмөлдөө жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын авиациялык персоналынын медициналык китепчесинин үлгүсүн бекитүүгө;
- мамлекеттик органдардан, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана башка уюмдардан жарандык авиацияга тиешелүү маселелер боюнча маалыматтарды суроого;
- берилген ыйгарым укуктардын чегинде жана укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого, юридикалык жактарга айып пулдарды жана администрациялык жазалардын башка түрлөрүн салууга;
- мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилеринен жана башка кызмат адамдарынан, юридикалык жана жеке жактардан көзөмөлдөө жана контролдоо функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон документтерди, түшүндүрмөлөрдү, маалыматтарды суроого жана акысыз алууга;
- Мамлекеттик агенттикке жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн аба ташууларын, авиациялык атайын иштерди жана аба кемелерин пайдаланууга байланышкан иштин башка түрлөрүн жүзөгө ашыруучу субъекттерден зарыл документтерди, маалыматтарды, ошондой эле башка маалыматтарды суроого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык компетенциясынын алкагында менчигинин түрүнө жана уюштуруу-укуктук формасына карабастан бардык уюмдарга текшерүүлөрдү жүргүзүүгө;
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, юридикалык жана жеке жактардын Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча кайрылууларын мыйзамда белгиленген тартипте кароого;
- Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген маселелерди иштеп чыгуу үчүн илимий жана башка уюмдарды, окумуштууларды жана адистерди белгиленген тартипте тартууга;
- келишимдик негизде жогорку квалификациялуу адистерди (анын ичинде чет өлкөлүк адистерди да) мыйзамдарда белгиленген тартипте ишке тартууга;
- Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча юридикалык жана жеке жактарга түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
- ташуу ишин жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактардын ишин белгиленген тартипте текшерүүгө;
- белгиленген иш чөйрөсүндө кеңеш берүүчү жана эксперттик органдарды (кеңештерди, комиссияларды, топторду, коллегияларды) түзүүгө;
- юридикалык жана жеке жактар менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү белгиленген тартипте түзүүгө;
- учуулардын жана аба кыймылынын коопсуздугуна тиешелүү маселелерди чечүүгө;
- учуулардын коопсуздугуна жана авиациялык коопсуздукка коркунуч туудурган учурларда, аба транспортун эксплуатациялоону токтото турууга же тыюу салууга;
- авиаташуучуларга жана жарандык авиациянын башка чарба жүргүзүүчү субъекттерине учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу жана аба транспортун эксплуатациялоо маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын аткарылышы боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Мамлекеттик агенттиктин функцияларынан жана милдеттеринен келип чыгуучу башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-февралындагы № 135 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Мамлекеттик агенттиктин мүлкү жана каражаттары
15. Мамлекеттик агенттиктин мүлкүн негизги жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилген, наркы баланста чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
16. Мамлекеттик агенттик өзүнө бекитип берилген мүлктү менчик ээсинин макулдугу менен гана ээликтен ажыратууга же башка ыкма менен тескөөгө укуктуу.
17. Мамлекеттик агенттик мүлктү эксплуатациялоо ченемдерин жана эрежелерин сактоо менен анын сакталышын жана натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылат.
18. Мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту, ошондой эле статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт.
19. Мамлекеттик агенттикти каржылоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мамлекеттик бюджеттин, атайын каражаттардын жана жарандык авиациянын чарба жүргүзүүчү субъекттеринин тиешелүү төлөмдөрүнүн эсебинен жүргүзүлөт.
7. Мамлекеттик агенттиктин ишин уюштуруу
20. Мамлекеттик агенттикти Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор башкарат, Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына түздөн-түз баш иет жана ага жүктөлгөн милдеттердин чегинде Мамлекеттик агенттиктин ишин уюштурат.
21. Мамлекеттик агенттикте директордун орун басарларынын кызмат орундары каралган, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык директордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
22. Директордун орун басарлары түздөн-түз директорго баш иет, бөлүнгөн милдеттерине ылайык Мамлекеттик агенттиктин ишин уюштурат. Директор жок болгон учурда анын милдеттерин расмий документтерге кол коюу укугу менен директор тарабынан аныкталган директордун орун басарларынын бири аткарат.
23. Мамлекеттик агенттиктин директору:
- Мамлекеттик агенттиктин ишин жетектейт жана Мамлекеттик агенттикке жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- учуу коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту камсыз кылууну көзөмөлдөө максатында өз компетенциясынын чегинде буйруктарды, жол-жоболорду жана нускамаларды чыгарат;
- укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө укук берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган учурларда жаза чараларын колдонот жана мыйзамдарда каралган учурларда бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларды түзөт;
- Мамлекеттик агенттиктин системасында милдеттүү аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык аба кемелерин жана жарандык авиация ишканаларын сертификаттоо жана инспекциялоо боюнча нускамаларды, жол-жоболорду, аба кемелерин жана анын агрегаттарын тейлөө боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү, ИКАО стандарттарын жана сунушталган практикасын киргизүү бөлүгүндө маалымдамаларды жана башка ведомстволук актыларды чыгарат;
- Мамлекеттик агенттиктин түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобону жана Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте Мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басарларын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын номенклатурасына кирген ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилерин, алардын орун басарларын жана ишканалардын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
- Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт (анын ичинде контракттык негизде) жана кызмат ордунан бошотот, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте көрсөтүлгөн кызматкерлерге карата сыйлоо чараларын, ошондой эле тартиптик жаза чараларын колдонот;
- Мамлекеттик агенттиктин өзгөчөлүктөрүн жана штаттык санын эске алуу менен белгиленген тартипте Мамлекеттик агенттиктин кадрлар резервин түзөт;
- ИКАОнун авиациялык стандарттары жана сунушталган практикасы менен Кыргыз Республикасынын авиациялык стандарттарынын ортосундагы айырмачылыктарды аныктоо, ИКАОго өз убагында кабарлоо жана Кыргыз Республикасынын Аэронавигациялык маалымат жыйнагында (AIP) жарыялоо боюнча иштерди уюштурат жана жетектейт;
- Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте кароого киргизет;
- Мамлекеттик агенттиктин карамагындагы мамлекеттик ишканалардын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
- мамлекеттик ишканалардын жетекчисинин сунушу боюнча мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин орун басарларын кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- Кыргыз авиация институтунун жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Мамлекеттик агенттиктин мүлкүн, финансылык каражаттарын башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алат, ишеним каттарды берет жана финансылык жана эмгек тартибин сактоону камсыз кылат;
- белгилүү бир жумуштарды аткаруу жөнүндө эмгек келишимдерин түзөт;
- республиканын кызыкчылыктарын сактоо, жарандык авиациянын ишинин коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын бардык субъекттери үчүн милдеттүү болгон жазма буйруктарды чыгарат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын аткарылышын контролдоону камсыз кылат;
- эл аралык аба линияларына жыштыктарды бөлүштүрүү жана/же артка кайтарып алуу жөнүндө буйруктарды чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бул үчүн өткөрүп берилген ыйгарым укуктарга ылайык үзгүлтүксүз эл аралык аба каттамдарын түзүүгө жана жарандык авиациянын ишинин башка аспекттерине карата сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашууларга кол коёт жана алардын талаптагыдай аткарылышын камсыз кылат;
- Мамлекеттик агенттиктин, ведомстволук бөлүмдөрдүн, мамлекеттик ишканалардын өзгөчө айырмаланган кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды ыйгаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине белгиленген тартипте сунуш киргизет;
- директор менен директордун орун басарларынын ортосунда функциялык милдеттерди бөлүштүрөт, аларга өзүнүн ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүн аткарууну тапшырат;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлерин которот же жылдырат;
- Мамлекеттик агенттиктин иш регламентин жана Мамлекеттик агенттиктин башка локалдык актыларын бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик жарандык кызматчыларына класстык чендерди ыйгарат;
- Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коёт;
- Агенттиктин мамлекеттик кызматчыларынын чектик саны жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуш киргизет;
- Мамлекеттик агенттиктин борбордук аппаратынын, ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана мамлекеттик ишканаларынын штаттык санын жана штаттык ырааттамасын бекитет;
- Мамлекеттик агенттиктин борбордук аппаратынын, ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана мамлекеттик ишканаларынын түзүмүн бекитет. Мында директорду дайындоо Мамлекеттик агенттиктин түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;
- Мамлекеттик агенттиктин ведомстволук бөлүмдөрүнө, мамлекеттик ишканаларына тапшырмаларды берет жана алардын аткарылышын контролдойт;
- борбордук аппараттын кызматкерлерине, ведомстволук бөлүмдөрдүн, мамлекеттик ишканалардын жетекчилерине жана алардын орун басарларына карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот;
- Мамлекеттик агенттиктин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана мамлекеттик ишканаларынын жетекчилерине өзүнүн ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүгө укуктуу;
- Мамлекеттик агенттиктин милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн белгиленген тартипте берилген башка ыйгарым укуктарга ээ;
- коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү, баш ийген кызматкерлер тарабынан мыйзамдардын талаптарынын жана кызматтык тартиптин сакталышын үзгүлтүксүз контролдоону камсыз кылуу аркылуу баш ийген кызматкерлердин аракети (аракетсиздиги) үчүн, ошондой эле аракетсиздиктин же зарыл чараларды көрбөгөндүктүн натыйжасында мүмкүн болгон башка коррупциялык көрүнүштөр үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-февралындагы № 135 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын бардык авиациялык чарба жүргүзүүчү субъекттери тарабынан авиабилетти жүргүнчүгө саткан учурдан тартып, анын Кыргыз Республикасынын аэропортторуна келгенде аэровокзалдан чыгуусуна чейинки тейлөөнүн бардык этаптарында (аба кемелеринин жүргүнчүлөр салондорунун абалы, бортту коштоочунун тейлөө деңгээли, тамак-аштын сапаты, аэропорттук транспорт, ташуу кызматынын ишин уюштуруу, аэропорттордун кызматтык жайларынын санитардык абалы ж.б.) жүргүнчүлөрдү авиаташууларды камсыз кылууну уюштуруу боюнча жол-жоболордун аткарылышынын сапатын текшерүү үчүн Мамлекеттик агенттиктин директорунун чечими менен Мамлекеттик агенттиктин жердеги жана учуу курамынын инспекторлорунун компетенттүү адистеринин ичинен тиешелүү көрсөтмө менен дайындалышы мүмкүн.
25. Авиациялык окуяларды иликтөө боюнча комиссия Мамлекеттик агенттиктин директору тарабынан дайындалат жана функциялык жактан көз карандысыз болуп саналат.
26. Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлерин укуктук жана социалдык жактан коргоо Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
27. Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлерин кабыл алуунун, алардын кызмат өтөөсүнүн жана бошотуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
8. Мамлекеттик агенттикти кайра уюштуруу жана жоюу
28. Мамлекеттик агенттикти кайра уюштуруу же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
29. Жоюлгандан кийин калган мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланылат.
30. Мамлекеттик агенттиктин иши токтотулгандан кийин анын ишинин жүрүшүндө келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.