Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-сентябры № 513
2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук стратегиясы жана Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетүү боюнча 2022-2024-жылдарга улуттук иш-аракеттер планы жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине жана "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетүү боюнча мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук стратегиясы (мындан ары - Улуттук стратегия) 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетүү боюнча 2022-2024-жылдарга улуттук иш-аракеттер планы (мындан ары - Улуттук иш-аракеттер планы) 2-тиркемеге ылайык.
2. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча):
- Улуттук стратегиянын жана Улуттук иш-аракеттер планынын иш-чараларын тиешелүү жылга бекитилген бюджеттердин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын алкагында ишке ашырсын;
- жарандык коомдун, өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда Улуттук стратегияны жана Улуттук иш-аракеттер планын аткаруу боюнча чараларды көрсүн;
- ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине Улуттук стратегияны жана Улуттук иш-аракеттер планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты ушул министрлик тарабынан бекитилген форма боюнча берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги:
- ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Улуттук стратегияны жана Улуттук иш-аракеттер планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган отчетту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине берип турсун;
- Улуттук стратегияны жана Улуттук иш-аракеттер планын ишке ашырууга ар жылдык мониторингдин жыйынтыгы боюнча зарылдыгына жараша Улуттук стратегияга жана Улуттук иш-аракеттер планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизип турсун;
- ар жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйналышында кароо үчүн Улуттук стратегияны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө бириктирилген отчетту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине белгиленген тартипте берип турсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |