Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
2022-жылдын 22-сентябры № 516
Автотранспорт каражаттарын айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимин каттоочу контролдук түзүлүш (тахограф) менен жабдуу боюнча чаралар жөнүндө
"1970-жылдын 1-июлундагы, Женева шаары, Эл аралык автомобилдик ташууларды ишке ашыруучу транспорт каражаттарынын экипаждарынын (ЕСТР) ишине тийиштүү Европа макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Автотранспорт каражаттарын айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимин каттоочу контролдук түзүлүштөр (тахографтар) менен жабдуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-декабрындагы № 724 "Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын сакталышын мамлекеттик контролдоону ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын сакталышын мамлекеттик контролдоону ишке ашыруу боюнча нускамада:
- 6-пункту "диагностикалык борборлордун кызматтары" деген сөздөрдөн кийин ", электрондук (санариптик) тахографтарды орнотуу, тейлөө жана оңдоо, электрондук карточкаларын даярдоо жана берүү боюнча ишти жүргүзүүдө сервистик борборлордун (устаканалардын) кызматтары)." деген сөздөр менен толукталсын;
- 14-пунктунун 11-пунктчасы "электрондук (санарип) тахографтарды орнотуу боюнча" деген сөздөр "электрондук (санариптик) тахографтарды орнотуу, тейлөө жана оңдоо, электрондук карточкаларын даярдоо жана берүү боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 21-пунктунда:
1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бузуулар жөнүндө актыларды, укук бузуулар тууралуу протоколдорду түзүүгө, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү ишке ашырууга жана мындай бузуулардын алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө;";
төмөнкүдөй мазмундагы 7-14-пунктчалар менен толукталсын:
"7) транспорт каражатынын айдоочусунан учурдагы жуманын жана мурдагы жуманын бардык күндөрү үчүн аналогдук тахографтын таходискин (тахошайбасын) кароо үчүн көрсөтүүнү талап кылууга;
8) транспорт каражатынын айдоочусунан электрондук (санариптик) тахографтардан басып чыгарылган кагаздарды көрсөтүүнү талап кылууга;
9) тахографтарга көрүнөө кароо жүргүзүүгө;
10) контролердун жеке картасын колдонуу менен электрондук (санариптик) тахографтан кагаздарды өз алдынча басып чыгарууга;
11) электрондук (санариптик) тахографтын дисплейинен маалыматтарды карап чыгууга;
12) транспорт каражатынын айдоочусунан электрондук (санариптик) тахограф үчүн айдоочунун картасын көрсөтүүнү талап кылууга;
13) электрондук (санариптик) тахограф үчүн айдоочунун картасынан маалыматтарды окууга;
14) электрондук (санариптик) тахографтын эске тутумунан маалыматтарды окууга.";
- 7-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 37-1 - 37-10-пункттар менен толукталсын:
"37-1. Транспорттук контролдоо органы айдоочулардын эмгек жана эс алуу режиминин сакталышына текшерүүлөрдү төмөнкүдөй уюштурат:
- ар бир календардык жылдын ичинде айдоочулар иштеген күндөрдүн жок дегенде 3%ын;
- текшерилген жумуш күндөрүнүн жалпы санынын жок дегенде 30%ы жолдордо жана жок дегенде 50%ы транспорт ишканаларынын жана ташуучулардын жайларында текшерилүүгө тийиш;
37-2. Жол боюндагы текшерүүлөрдүн элементтери төмөнкүлөрдү камтыйт:
- контролдон өткөндүгү жөнүндө белгилерди коюу менен тахографтын болушун, анын оң абалда иштешин, тахограммаларды толтурууну же белгиленген учурларда айдоочу тарабынан эмгек жана эс алуу режимин каттоо баракчаларынын жүргүзүлүшүн, алар тарабынан эмгек жана эс алуу режимдеринин сакталышын;
- белгиленген учурларда каттоо баракчаларында учурдагы күн жана айдоочу транспорт каражатын башкарган мурдагы 28 календардык күн үчүн айдоочулардын эмгек жана эс алуу режими жөнүндө жазуулардын болушун жана жүргүзүлүшүн;
- 1970-жылдын 1-июлундагы, Женева шаары, Эл аралык автомобилдик ташууларды ишке ашыруучу транспорт каражаттарынын экипаждарынын (ЕСТР) ишине тийиштүү Европа макулдашуусуна (мындан ары - ЕСТР макулдашуусу) ылайык башкаруунун ар күндүк жана ар жумалык узактыгын жана тыныгуунун жана эс алуунун ар күндүк жана ар жумалык узактыгын.
Жол боюндагы текшерүүлөр транспорт каражаттарын, ишканаларды жана айдоочуларды резиденттер жана резидент эместер деп бөлбөстөн жана рейстин чыккан же бара турган жерине же тахографтын түрүнө карабастан жүргүзүлөт.
37-3. Жолдогу текшерилүүчү элементтерден сырткары, транспорт ишканаларынын жана ташуучулардын жайларында текшерүү элементтери төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- ар жумалык эс алуу мезгилдеринин жана бул эс алуу мезгилдеринин ортосунда айдоочулардын транспорт каражаттарын башкаруу мезгилдеринин узактыгын;
- эки жума транспорт каражаттарын башкаруунун узактыгына чектөөлөрдүн сакталышын;
- ЕСТР макулдашуусунун 8-беренесинин 6-пунктунун негизинде ар жумалык эс алуу мезгилдеринин узактыгын кыскартуу үчүн компенсацияларды берүүнү;
- транспорт каражаттарынын айдоочулары тарабынан каттоо баракчаларынын жана/же айдоочунун транспорт каражатынын карточкасынан маалыматтардын жана айдоочулардын жумуш убактысын уюштуруу баракчаларынын жана/же басып чыгарылган кагаздардын колдонулушун.
37-4. Электрондук (санариптик) тахограф үчүн айдоочунун карточкасы айдоочунун менчиги болуп саналат, аны тартып алууга эч кимдин укугу жок.
37-5. Айдоочунун талабы боюнча кызмат адамы таходискке (тахошайбага) же электрондук (санарип) тахографтан басып чыгарылган кагазга текшерүү жүргүзгөндүгү жөнүндө белгини коюуга милдеттүү. Белгини таходисктин (тахошайбанын) жана электрондук (санариптик) тахографтын арткы бетине же таходисктин (тахошайбанын) жана электрондук (санариптик) тахографтын ылдый жагындагы тиешелүү талаага коюуга болот. Кызмат адамынын: "Контроль. Датасын. Убактысын. Кызмат ордун. Аты-жөнүн. Колу" жазуусу жетиштүү. Мында эч кандай мөөр коюлбайт.
37-6. Бузуулар аныкталган учурда кызмат адамы электрондук (санариптик) тахографтан басып чыгарылган тийиштүү кагазды айдоочунун колун койдуруу менен иштин материалдарына тиркейт.
37-7. Электрондук (санариптик) тахографтардан басылып чыгарылган кагаздар бузуунун далилдүү базасы болуп саналат. Электрондук (санариптик) тахографтан басылып чыгарылган кагаз бузууну расмий ырастоо жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүүгө негиз болуп саналат.
37-8. Аналогдук тахографтардын таходисктеринде (тахошайбаларында) бузуулар аныкталган учурда, алардын көчүрмөсүн чыгаруу жана айдоочунун колу менен күбөлөндүрүү зарыл.
37-9. Аныкталган бузулуулар менен санариптик тахографтардан басып чыгарылган кагаздарга же таходисктердин (тахошайбалардын) көчүрмөлөрүнө айдоочу кол коюудан баш тарткан учурда, кызмат адамы күбөлөрдү тартат жана алардын жардамы менен айдоочунун катышуусуз эле бардык тийиштүү документтерди күбөлөндүрөт.
37-10. Контролердун - кызмат адамынын картасынын жардамы менен санариптик тахографтан басып чыгарылган кагазды алган учурда контролдоо убактысы тахографтын эске тутумунда автоматтык түрдө катталат жана кийинки контролдоо жол-жобосуна чейин бардык басып чыгарылган кагаздарда чагылдырылат.";
- 44-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"44. Бузууларды жасоо үчүн жоопкерчилик каралган милдеттүү талаптардын бузулганы аныкталган учурда, транспорттук контролдоо органынын кызмат адамы Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык транспорттук контролдоо субъекттин жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды көрөт.";
- 48-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"48. Транспорттук контролдоо органынын кызмат адамдарынын чечимдерине жана аракеттерине (аракетсиздигине) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде аныкталган тартипте даттанылышы мүмкүн.";
- 49-пунктунун үчүнчү абзацындагы "администрациялык" деген сөз алып салынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө тахографтарды орнотуу, тейлөө жана оңдоо, электрондук (санариптик) тахографтарга электрондук карталарды даярдоо жана берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу сервистик борборлорду (устаканаларды) уюштуруу үчүн инвесторлорду тартуу боюнча ишти жүргүзсүн.
4. Ушул токтом "1970-жылдын 1-июлундагы, Женева шаары, Эл аралык автомобилдик ташууларды ишке ашыруучу транспорт каражаттарынын экипаждарынын (ЕСТР) ишине тийиштүү Европа макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген эки жылдык өткөөл мезгил аяктагандан кийин күчүнө кирүүчү айдоочулардын эмгек жана эс алуу режиминин сакталышын контролдоо боюнча талаптарды камтыган ушул токтомдун 2-пунктунун жоболорунан тышкары, расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |