Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 9-сентябры № 508
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-мартындагы № 186 "Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды кылмыш же жорук жасагандыгы үчүн жазасын өтөп бүткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарып жиберүү боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-мартындагы № 186 "Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды кылмыш же жорук жасагандыгы үчүн жазасын өтөп бүткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарып жиберүү боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышында, преамбуласында жана 1-пунктунда "же жорук" деген сөздөр алып салынсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды кылмыш же жорук жасагандыгы үчүн жазасын өтөп бүткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарып жиберүү боюнча нускамада:
- аталышында, 1-пунктунда "же жорук" деген сөздөр алып салынсын;
- 2-пунктунун экинчи абзацында "экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү,", пробация", "же жорук" деген сөздөр алып салынсын;
- 3-пунктунун үчүнчү абзацында "экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү,", ", пробация" деген сөздөр алып салынсын;
- 5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Соттор чет өлкөлүк жаранды же жарандыгы жок адамды чыгарып жиберүү жөнүндө сот актысын чыгаргандан кийин аны аткаруу үчүн миграция, ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарына соттун чечими менен бирге кабарлама жөнөтөт.";
- 7, 8, 11-13, 18, 27-пункттарында ", пробация" деген сөз алып салынсын;
- 9-пунктунда:
биринчи сүйлөмүндө ", пробация" деген сөз алып салынсын;
үчүнчү сүйлөмү алып салынсын;
- 20-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20. Чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү жана болуу укугунан ажыратуу мөөнөттөрү "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-1-статьясына ылайык белгиленет.";
- 4-главасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 5-главасынын аталышында "же жорук" деген сөздөр алып салынсын;
- 29-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"29. Чыгарылуучу адамдын эсебинде акча каражаты жок болгон жана аны Кыргыз Республикасына чакырган жеке же юридикалык жактын маалыматтарын белгилөөгө мүмкүн болбогон учурда чыгарып жиберүү аны жүзөгө ашыруучу ички иштер же улуттук коопсуздук органдарына республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.";
- 1, 2-тиркемелеринин жогорку оң бурчундагы "же жорук" деген сөздөр алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |