Загрузка документа…
Тиркеме | ||
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 469 токтомуна) |
2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын КОНЦЕПЦИЯСЫ
Киришүү
2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы (мындан ары - Концепция) укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттин ишинин мазмунуна, принциптерине жана негизги багыттарына карата көз караштардын системасын билдирет, анын компоненттерин жана 2022-2028-жылдарга карата Кыргыз Республикасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча иштин багытын аныктайт.
Укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жана башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер түзөт.
2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы укук коргоо органдарынын ишиндеги артыкчылыктардын бири катары укук бузуулардын алдын алууну аныктаган. Бүгүнкү күндө укук коргоо органдары жасалган кылмыштардын жана укук бузуулардын кесепеттерине каршы күрөш жүргүзүп келет.
Алдын алуу ишинин багыттарынын биринин алкагында маалыматтык-агартуу ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, жарандардын мамлекетке жана анын институттарына болгон ишенимин бекемдөө, адам менен жарандын мыйзамдуу жүрүм-турумун пропагандалоо сыяктуу милдеттер сунушталган.
"Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы укук бузуулардын алдын алуу боюнча ишке укук бузуулардын алдын алуунун ар түрдүү субъекттеринин катышуу ченемдерин камтыйт.
Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (мындан ары - ЖӨБО), жарандык коомдун жана калктын ортосунда кылмыштарды жана укук бузуулардын алдын алуу, өз убагында чара көрүү жана инсан, бүтүндөй коом жана мамлекет үчүн кыйла олуттуу кесепеттерди болтурбоо маселелери боюнча системалык социалдык өнөктөштүк үчүн шарттарды түзүү зарылдыгы бар.
Жергиликтүү деңгээлде коомдоштуктардын, жарандык коомдун жана мамлекеттик органдардын мындай өз ара аракеттенүүсү көбүнчө фрагменттик мүнөзгө ээ. Натыйжалуу өз ара аракеттенүү методдорунун ичинен укук бузуулардын алдын алуу боюнча чараларды биргелешип пландоону жана аларды ишке ашырууну бөлүп көрсөтүүгө болот.
Ошол эле убакта улуттук жана региондук деңгээлдерде туруктуу өз ара аракеттенүүнүн жетишсиздигинин себеби болуп улуттук стратегиянын (концепциянын), укук бузуулардын алдын алуу боюнча пландардын жана программалардын, ошондой эле укук бузуулардын алдын алуунун ар түрдүү субъекттеринин иш-аракеттерин координациялоо боюнча улуттук аянтчанын жоктугу эсептелет.
Концепцияны кабыл алуу "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талабы болуп саналат. Аны бекитүү укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын натыйжалуу системасын түзүү жана алдын алуунун ар түрдүү субъекттерин улуттук да, жергиликтүү да деңгээлде макулдашылган ишке тартуу үчүн шарттарды түзүү жолундагы негизги кадамдардын бири болуп эсептелет.
1. Укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү учурдагы кырдаалын баалоо
Расмий статистикага ылайык акыркы жылдары Кыргыз Республикасында жылына 70000 ашуун жосундар белгиленет. Кылмыштар көбүнчө Бишкекте жана Чүй облусунда (болжол менен 58%) жасалат.
1-таблица. Түрлөрү боюнча катталган кылмыштардын саны. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын статистикасы
Аталышы | 2019-ж. | 2020-ж. | 2021-ж. |
Катталган кылмыштар, бардыгы | 78405 | 72233 | 82925 |
анын ичинде: |
|
|
|
адам өлтүрүү жана адам өлтүрүүгө аракет кылуу | 169 | 171 | 171 |
ден соолукка оор зыян келтирүү | 197 | 173 | 201 |
зордуктоо жана зордуктоого аракет кылуу | 279 | 219 | 230 |
каракчылык | 202 | 163 | 137 |
тоноо | 1818 | 960 | 1262 |
уурулук | 15128 | 10398 | 14468 |
алдамчылык | 7007 | 6736 | 8787 |
опузалоо | 109 | 88 | 136 |
баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкандар | 917 | 729 | 933 |
бейбаштык | 3349 | 2478 | 2258 |
жол кыймылынын коопсуздугу жана транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу | 562 | 459 | 424 |
Кылмыштардын катталган учурларынын өсүшү 2019-жылга чейинки мезгилге салыштырмалуу көбүнчө 2019-жылдын 1-январынан тартып "Кылмыштардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасын (мындан ары - КБР) киргизүү менен байланыштуу экендигин белгилей кетүү керек.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин 2019-жылы жарыяланган виктимологиялык изилдөөсүнүн жыйынтыгына ылайык сурамжыланган аялдардын жарымынан азы гана (47 пайызы) сутканын караңгы убагында өз районунда жалгыз жүргөндө өздөрүн коопсуз сезе тургандыгын билдиришкен. Ошол эле убакта ар бир төртүнчү аял (25 пайыз) бул убакта өзүн коопсуз сезбей тургандыгын белгилеген, эми сурамжылоого катышкандардын болжол менен үчтөн бир бөлүгү (30 пайыз) сутканын караңгы убагында эч качан жалгыз жүрбөйм деп жооп берген.
Эл аралык рейтингдерге ылайык Кыргызстан кылмыштуулуктун жогорку көрсөткүчтөрү бар өлкөлөрдүн катарына кирет (кылмыштуулук индекси 60 балл). Global Finance порталы тарабынан жыл сайын жүргүзүлүүчү коопсуз мамлекеттердин глобалдык рейтингине ылайык республика Мадагаскар менен Бениндин ортосунда туруу менен 11,43 баллдык коопсуздук индекси менен 89-орунду ээлейт.
Кылмыштуулук өлкөнүн экономикалык коопсуздугуна реалдуу коркунуч келтирет. Экономикалык кылмыштардан гана материалдык зыян 2018-жылы - 18,6 млрд. сомду, 2019-жылы - 1,3 млрд. сомду түзгөн.
Кыргызстанда мамлекет менен коомдун кылмыштардын кесепеттери менен иштөөгө жумшаган чыгымдарын баалоо боюнча изилдөөлөр азырынча жүргүзүлө элек Кылмыштардын айрым категориялары боюнча гана изилдөөлөр жүргүзүлгөн. 2012-жылы үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө иштер боюнча жүргүзүлгөн "Үй-бүлөдөгү зомбулук канча турат?" аттуу изилдөөнүн маалыматтарына ылайык адам өлтүрүүнү тергөө менен байланышкан мамлекеттин чыгымдары орточо эсеп менен 1,6 млн. сомду, ал эми сексуалдык зомбулуктун бир учуру - 232000 сомду түзгөн. Анын үстүнө кылмыштын курмандыгынын чыгымдары эсепке алынбастан, мамлекеттин чыгымдары гана эсептелген.
Адам өлтүрүү фактыларын тергөө боюнча чыгымдарды эсепке алуу боюнча бул методология колдонулган учурда, инфляцияны эсепке албаганда, 2018-жылы адам өлтүрүүлөрдүн кесепеттерине каршы күрөшүүгө мамлекеттин чыгымдары болжол менен 320 млн. сомду түзгөн.
Демек, бардык айтылган проблемалар мамлекеттен чечкиндүү иш-аракеттерди талап кылат. Кайра карап чыгуу биринчи кезекте мамлекеттин алдын алуу ишине басым жасоо менен укуктук тартипти камсыздоо чөйрөсүндөгү мамилесине тиешелүү болушу керек.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети 2019-жылдын 25-июнунда "Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын комплекстүү баалоонун жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алган жана документ бир катар позициялар боюнча декларативдүү болуу менен начар ишке ашырылып жатат деген тыянакка келген.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аталган Комитети тарабынан жүргүзүлгөн баалоо төмөнкү проблемалардын бар экендигин аныктады:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун жана жергиликтүү коомдоштуктардын алдын алуу процессине системалык негизде начар тартылышы;
- көпчүлүк учурларда формалдуу түрдө гана бар болгон коомдук-алдын алуу борборлорунун дараметинин төмөндүгү;
- укук коргоо oргандарынын координациялык кеңешмелери укук коргоо милдеттерин гана чечүү менен чектелип, бардык тараптардын өз ара аракеттенүүсүн колдоо функциясын аткарбай келет;
- улуттук деңгээлде укук бузуулардын алдын алуу жаатындагы күч-аракеттерди туруктуу координациялоо колго алынган эмес;
- ички иштер органдарынан (мындан ары - ИИО) тышкары башка мамлекеттик органдар жарандардын кылмыштуу жүрүм-турум алдында аялуулугун азайтуудагы жана жалпы эле укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү активдүү иште өз ролун билишпейт;
- калктын социалдык абалынын төмөндүгү (жакырчылык) жана жумушсуздук криминалдашуунун эң негизги факторлорунун бири катары калууда;
- миграциялык процесстер балдарды тарбиялоого терс таасирин тийгизет, алардын укук бузууларды жасоо менен курмандык алдында аялуулугун күчөтөт.
ИИОнун уюштуруу жана практикалык ишинде айрым проблемалуу маселелер аныкталган. Милиция жасалган кылмыштардын кесепеттери менен күрөшүүгө басым жасайт, анын алдын алуучулук чараларды жүзөгө ашыруудагы жана калк жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүүнү түзүүдөгү ишке ашырылбаган дарамети сакталып келет.
Баалоонун артыкчылыгы катары жарандардын ишеними болушу керек болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-февралындагы № 81 токтому менен бекитилген ИИОнун ишин комплекстүү баалоонун негиздери жөнүндө жобого карабастан, баалоо критерийлери практикада мурдагыдай бойдон калууда.
2. Концепциянын максаттары, милдеттери жана принциптери
Укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын максаты болуп жарандардын корголуу деңгээлин жогорулатууга, кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө, укук бузууларды жасоого түрткү болгон себептер менен шарттарды аныктоого, жок кылууга багытталган улуттук жана жергиликтүү деңгээлдеги укук бузуулардын алдын алуунун натыйжалуу жана жөнгө салынган системасын түзүү эсептелинет.
Укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- жарандардын укуктук аң-сезиминин жана укуктук маданиятынын деңгээлин жана кызмат адамдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу, мыйзамдуулукту чыңдоо, ошондой эле укук бузууларга жана мыйзам бузууларга чыдагыс мамилени калыптандыруу;
- мамлекеттик органдардын практикалык ишин кылмыштардын кесепеттери менен күрөшүүдөн укук бузуулардын алдын алууга кайра багыттоо;
- укук бузууларды жасоонун себептерин жана укук бузууларды жасоого түрткү болгон шарттарды изилдөө жана аныктоо, аларды жок кылуу боюнча чараларды көрүү;
- укук бузуулардан жабыр тарткандарга зарыл болгон жардамды көрсөтүү жана социалдык реабилитациялоо;
- укук бузууларды жасоого шыктуу адамдарды, ошондой эле укук бузган адамдарды социалдык реабилитациялоо жана социалдык адаптациялоо,
- укук бузуулардын алдын алуу объекттеринин жүрүм-турумун оңдоо;
- мамлекеттик жана коомдук институттардын (коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын), ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укук бузуулардын алдын алууда, социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүүдө жогорку деңгээлдеги өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо;
- кемчиликтерди табуу жана кыйла өркүндөтүлгөн мамилелерди издөө үчүн алдын алуу чараларын талдоону жүзөгө ашыруу.
Укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат төмөнкү принциптердин негизинде жүзөгө ашырылат:
1) адамдын укуктарынын жана эркиндиктеринин артыкчылыгы, укук бузуулардын алдын алуу субъекттеринин адам укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу үчүн жоопкерчилиги;
2) мыйзамдуулук;
3) укук бузуулардын алдын алууну жүзөгө ашырууда мамилелердин системалуулугун жана бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу;
4) укук бузуулардын алдын алуу боюнча көрүлүүчү чаралардын ачыктыгы, үзгүлтүксүздүгү, ырааттуулугу, өз убагындалыгы, калыстыгы, жетиштүүлүгү жана илимий негиздүүлүгү;
5) укук бузуулардын алдын алууну жүзөгө ашырууда компетенттүүлүк жана комплекстүүлүк;
6) укук бузуулардын алдын алуу субъекттеринин ортосундагы кызматташтык жана өз ара аракеттенүү.
3. Укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жолдору
Укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат, ал ошондой эле Концепцияны бекитүүгө жана ишке ашырууга да жооптуу.
Укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат төмөнкүдөй жолдор менен жүзөгө ашырылат:
- укуктук жөнгө салуу, укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү концепцияларды, программаларды жана пландарды кабыл алуу, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык эмес уюмдардын, юридикалык жана жеке жактардын, жарандык коомдун жана жарандардын укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү күч-аракеттерин координациялоо аркылуу укук бузуулардын алдын алуу системасын өнүктүрүү,
- укук бузууларды эсепке алуу, талдоо жана болжолдоо системасын өнүктүрүү,
- укук бузуулардын алдын алуу, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү заманбап маалыматтык системаларды жана технологияларды жайылтуу;
- мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ишенимди жогорулатуу максатында алдын алуу субъекттеринин калк менен өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү;
- укук бузуулардын алдын алууга коомчулуктун көңүлүн буруу жана жарандарды тартуу.
Укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууда алдын алуу субъекттери укук бузуулардын алдын алуунун компоненттерин жана артыкчылыктуу багыттарын белгилейт.
4. Укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын компоненттери
4.1. Укук бузуулардын алдын алуунун ченемдик укуктук негизин өркүндөтүү
Негиздеме. 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети тарабынан жүргүзүлгөн баалоо профилдик мыйзамдарда алдын алуунун ар түрдүү субъекттеринин дараметин тийиштүү деңгээлде ачып берүүгө жана алардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү колдоого мүмкүндүк бербей жаткан бир катар олуттуу кемчиликтерди аныктаган. "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын жаңы Мыйзамын кабыл алуу менен бардык алдын алуу системасын кайра өзгөртүп түзүү үчүн шарттар түзүлдү.
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коомдук тартипти сактоого көмөк көрсөтүү маселеси ачык бойдон калууда. Алдын алуу иш-чараларын ишке ашырууда өз ара аракеттенүү механизминин жоктугу жарандардын укуктарынын бузулушуна алып келиши мүмкүн.
Кыргызстанда мыйзам ченемдеринин аткарылышын жана алардын укуктук мамилелердин тиешелүү чөйрөсүнө тийгизген таасирин системалуу көзөмөлдөө практикасы азырынча тийиштүү түрдө жайылтыла элек
Укук бузуулардын алдын алуу системасынын иштеши жана алдын алуу субъекттеринин бул чөйрөдө өз ара аракеттенүүсү үчүн принципиалдуу жаңы өз ара байланышкан ченемдик укуктук базаны түзүү төмөнкүдөй милдеттерди чечүүнү болжолдойт.
1-милдет. Укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү жана кызмат адамдарын жаңы киргизүүлөр боюнча окутууну уюштуруу.
Бул милдет ченемдик укуктук жана ведомстволук актыларга биринчи кезекте "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Концепциянын жоболорунан келип чыгуучу укук бузуулардын алдын алууда заманбап мамилелерди чагылдырууга багытталган өзгөртүүлөрдү киргизүүнү болжолдойт.
Ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүүдө укук бузуулардын алдын алууну жана белгилүү бир тармактардагы: коррупцияга каршы күрөшүү, үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү, экстремизмге жана терроризмге, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, адамдарды сатууга ж.б. каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдар жаатында кылмыштуулукту болтурбоону жөнгө салган актыларга көңүл буруу керек.
Ошондой эле ички иштер органдары, билим берүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу ж.б. жөнүндө мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иштерди жүргүзүү зарыл.
Ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүнүн эң негизги идеяларынын бири укук бузуулардын алдын алуу маселелеринде социалдык өнөктөштүктү кеңейтүү болушу керек.
Бул милдет тармактык мыйзамдарды мыйзам алдындагы ченемдик укуктук жана ведомстволук актыларда аткаруунун толук механизмдерин ачып берүүнү болжолдойт. Бул актылардын мыйзамдардын ченемдерине карама-каршы келүү тобокелдигин алып салуу зарыл.
Мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана ЖӨБОнун кызмат адамдарынын тармактык мыйзамдарды бир түрдүү түшүнүүсүн калыптандыруу үчүн аларды маалымдоо жана окутуу боюнча иштер күчөтүлүшү керек.
2-милдет. Укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышына системалык түрдө баалоо жана мониторинг жүргүзүү.
Бул милдет профилдик мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын жайылтууну болжолдойт, мында мониторинг жүргүзүү - бул ченемдердин аткарылышына үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүү, ал эми баалоо - бул ченемдерди ишке ашыруунун таасирин талдоо.
Мониторинг жүргүзүү ченем жаратуучу жана укук колдонуучу органдар тарабынан жүзөгө ашырылат жана укук колдонуу проблемалары бар тигил же бул ченемдерди ишке ашыруунун толуктугуна байкоо жүргүзүүгө багытталат. Маалымат практикалык ишти өркүндөтүү үчүн негиз болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалыматтар катары өткөрүп берилет.
Баалоо жыл сайын ченем жаратуучу органдар тарабынан зарыл болгон учурда, эксперттик коомдоштуктун өкүлдөрүн тартуу менен жүргүзүлөт.
Баалоо предметтеринин арасында криминогендик кырдаалга таасир этүү, алдын алуу мамилелеринин натыйжалуулугу, жарандарга жана калктын ар кандай аялуу топторуна таасир этүү, мыйзам алдындагы ченемдик укуктук жана ведомстволук актылардын профилдик мыйзамдардын жана Концепциянын ченемдерине ылайык келиши маселелери коюлууга тийиш.
Баалоонун натыйжалары ачык болушу зарыл жана алдын алуу субъекттеринин практикалык ишине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана зарыл болгон учурда, ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн негиз боло алат.
Күтүлүүчү натыйжа. Укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндө бирдиктүү жана шайкеш ченемдик укуктук система түзүлгөн, ал алдын алуу субъекттеринин компетенциясына жараша милдеттерди чечүүдө укук бузуулардын алдын алуу субъекттеринин жогорку деңгээлде катышуусун камсыз кылат. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун туруктуу иштөөчү системасы практикалык иштеги кемчиликтерди оңдоого жана укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын кенемтелерин жана карама-каршылыктарын жоюуга мүмкүндүк берет.
4.2. Укук коргоо органдарынын жана башка алдын алуу субъекттеринин ишин кайра багыттоо
Heгиздеме. Укук бузуулардын алдын алуу бир гана укук коргоо органдарынын күчү менен ишке ашырылышы мүмкүн эмес. Ошондой болсо да прокуратура органдарына, ИИОго жана башка укук коргоо органдарына салттуу түрдөгү маанилүү роль берилет.
ИИО системасында укук бузуулардын алдын алуу менен дээрлик бардык ИИОнун бөлүктөрү, бирок көбүнчө коомдук коопсуздук кызматы, милициянын участкалык ыйгарым укуктуулары, балдар иштери боюнча инспекторлор, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы сыяктуу кызматтар алектенет. Ошол эле учурда, өнөкөт болуп калган кемчиликтерди талдоо, ошондой эле укук бузуулардын алдын алууга жаңы мамилелерди киргизүү боюнча иштер дайыма эле талаптагыдай деңгээлде жүргүзүлө бербейт.
Практика жүзүндө баалоо системасынын алкагында ИИОнун кызматкерлерин алдын алуу иштеринин толуктугу жана натыйжалуулугу боюнча баалоо критерийи кылмыштардын жана укук бузуулардын бетин ачуу маселелерине салыштырмалуу экинчи орунда болуп келүүдө. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-февралындагы № 81 токтому менен белгиленген ИИОнун ишин сырттан баалоо механизмдери толук ишке ашырылбай жатат.
Ошондой эле криминогендик жагдай жөнүндө маалыматты топтоо жана талдоо боюнча иште да кемчиликтер байкалууда. Иш жүзүндө бул иш кылмыш-жаза-укуктук статистиканын маалыматтарын белгилеп коюу менен гана чектелип калууда, ошол эле учурда талдоонун, болжолдоонун жана укук бузуулардын алдын алуу субъекттеринин практикалык ишинде колдонуунун компоненттери андан ары өнүктүрүүнү талап кылууда.
Ачык булактарда кылмыш-жаза-укуктук статистиканын толук маалыматтары жок, бул алдын алуу субъекттеринин өз ишин статистикалык маалыматтарга жараша жүргүзүүдө кыйындатат.
Механизмдин максаты. Укук коргоо органдарынын ишин укук бузуулардын алдын алууга кайра багыттоо боюнча мамлекеттик артыкчылыкты практика жүзүндө ишке ашыруу.
Көрсөтүлгөн максатка жетүү үчүн төмөнкүдөй милдеттер белгиленген:
1-милдет. ИИОнун практикалык ишинде жана ишин баалоодо укук бузуулардын алдын алууну жүзөгө ашыруу жана калк менен өз ара аракеттенүүсүн колдоо компоненттерин күчөтүү.
Бул милдеттин алкагында жагдайды системалык талдоо жана жаңы мамилелерди киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (мындан ары - ИИМ) жана башка укук коргоо органдарынын окуу жайларынын базасында укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча илимий-изилдөө ишинин функциясын күчөтүү зарыл. Министрликте болгон жалпы штаттык санга жараша алдын алуу чараларын иштеп чыгуу жана аларды ИИОнун бардык бөлүмдөрүнө киргизүү боюнча адистештирилген түзүмдүк бөлүмдү түзүү мүмкүнчүлүгүн кароо керек. Бул бөлүм алдын алуу субъекттерине методикалык колдоо көрсөтүүгө жана тематикалык окутууну жүзөгө ашырууга, ИИОнун бардык бөлүмдөрүнүн жана башка укук бузуулардын алдын алуу субъекттеринин алдын алуу ишине талдоо жана мониторинг жүргүзүүгө, бул чөйрөдө жаңы чечимдерди иштеп чыгууга жана алардын натыйжалуулугун баалоого тийиш.
ИИОнун жана анын айрым бөлүмдөрүнүн ишин баалоо системасын өркүндөтүү укук коргоо органдарынын ишин кайра багыттоо боюнча натыйжалуу чаралардын бири болуп калууга тийиш, ал сырттан баалоонун элементтерин (калктын ишеним деңгээли жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана башка тараптардын линиясы боюнча баалоо) жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча индикаторлорду камтыйт. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-февралындагы № 81 токтому менен бекитилген ИИОнун ишин комплекстүү баалоонун негиздери жөнүндө жобо жана тийиштүү ведомстволук буйруктар кайра каралып чыгууга тийиш.
ИИОнун ЖӨБО, жарандык коомдун уюмдары жана коомдоштуктар менен укук бузуулардын алдын алуу жана коомдук коопсуздукту колдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү зарыл.
Кесиптик алсыздануунун алдын алуу жана жарандар менен анын ичинде балдар жана ар кандай түрдөгү кылмыштардан жабыр тарткандар менен өз ара аракеттенүү көндүмдөрүн жакшыртуу үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлерин психологиялык жактан колдоо системасын өнүктүрүү артыкчылыктуу багыттардын бири болуп калууга тийиш.
2-милдет. Кылмыш-жаза-укуктук статистиканын маалыматтарын топтоону жана талдоону өркүндөтүү жана маалыматтын альтернативдүү булактарынын маалыматтарын пайдалануу.
Бул милдет Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жана кылмыш-жаза-укуктук статистиканын башка алып жүрүүчүлөрдүн багыты боюнча кылмыш-жаза-укуктук статистиканын маалыматтарын топтоо жана талдоонун методикасын жана практикасын өркүндөтүүнү болжолдойт.
Укук бузуулардын алдын алуунун ар түрдүү субъекттери менен биргеликте криминогендик жагдайды талдоо жана болжолдоо жүргүзүлө турган маселелердин тизмегин бир топ кеңейтүү керек.
Укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү комплекстүү чечимдерди иштеп чыгуу зарылдыгы салттуу кылмыш-жаза-укуктук статистиканы топтоодон жана талдоодон тышкары альтернативдүү изилдөөлөрдү өнүктүрүүнү талап кылат. Виктимологиялык изилдөөлөрдү, кылмыштарды жасоонун мотивдерин жана кылмышкерлердин өздүгүн изилдөөнү, коомдук коопсуздук маселелери боюнча репрезентативдик социологиялык изилдөөлөрдү ж.б. системалык түрдө жүргүзүүнү өнүктүрүү зарыл.
Укук бузуулардын алдын алуу субъекттери кылмыш-жаза-укуктук статистиканын жана альтернативдүү изилдөөлөрдүн маалыматтарын дайыма талкуулоо жана өз ишинде пайдалануу механизмдерин жайылтуу керек.
3-милдет. Укук бузуулардын алдын алуу жана калк менен өз ара аракеттенүү маселелери боюнча кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо системасын өнүктүрүү.
ИИМдин окуу жайларында алдын алуу субъекттеринин катышуусу менен укук бузуулардын алдын алуу жана калк менен өз ара аракеттенүү боюнча тийиштүү билим берүү модулдары жана окутуу программалары иштелип чыгат.
Кызматкерлерди окутуу программалары жана натыйжалары талданып жана жалпыланып, укук коргоо органдарынын өздүк курамын окутуу боюнча билим берүү модулдарын өркүндөтүү үчүн пайдаланылууга тийиш.
Укук бузуулардын алдын алууга тартылган кызматтардын беделин жогорулатуу максатында милициянын участкалык ыйгарым укуктуулары жана балдар иштери боюнча инспекторлор сыяктуу кызматкерлердин мындай категориялары үчүн дем берүүнүн ар кандай формаларын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу зарыл.
Күтүлүүчү натыйжа. Укук коргоо системасы алдын алуу маселелерин чечүүгө багытталган жана укук бузуулардын алдын алуунун башка субъекттери менен өз ара аракеттенүүгө ачык. Алдын алуу субъекттеринин ыйгарым укуктуу кызмат адамдары компетенциянын зарыл деңгээлине ээ. ИИО ишинде социалдык өнөктөштүк күчөтүлдү, укук бузуулардын алдын алуунун ачыктыгына жана натыйжалуулугуна өбөлгө түзгөн тышкы баалоо системасы киргизилди. Милициянын жана балдардын иштери боюнча инспекторлордун участкалык ыйгарым укуктуулары өздөрүнүн администрациялык участокторундагы иштин абалы жөнүндө маалымдалат. Маалыматтардын кеңейтилген тизмеги жана альтернативдик изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча кылмыш-жаза-укуктук статистиканы чогултуу жана талдоо компоненти алдын алуунун кыйла натыйжалуу чараларын иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.
4.3. Алдын алуудагы кеңири өнөктөштүк жана күч-аракеттерди координациялоо
Негиздеме. Акыркы убакта жергиликтүү жана облустук деңгээлдеги алдын алуу субъекттеринин негизги координациялоочу аянтчасы катарында укук коргоо органдарынын координациялык кеңешмелери болуп калды. Бирок иш жүзүндө алар көбүрөөк укук коргоо органдарын жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды бириктирет. Бул аталыштын өзү алдын алуунун мамлекеттик эмес субъекттеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусун чектейт.
Укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча гана талкуулап жана чечимдерди иштеп чыгууга багытталган улуттук деңгээлдеги координациялык аянтча жок. Бул алдын алуунун мамлекеттик субъекттеринин ортосундагы жетишсиз координацияга жана башка тараптардын катышуусунун чектелишине алып келет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-апрелиндеги № 131 токтому менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча кеңеш улуттук коопсуздукту камсыз кылууга байланышкан маселелерди чечүүгө ыйгарым укуктуу жана өзүнүн функцияларында укук бузуулардын алдын алуу боюнча маселелер камтылган эмес.
"Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын жаңы Мыйзамында ар кандай деңгээлдеги координациялык аянтчаларды - Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык кеңешти (мындан ары - Координациялык кеңеш), жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары, облустук маанидеги шаарлар тарабынан түзүлүүчү укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссияларды жана шаарларда жана айылдарда түзүлүүчү коомдук алдын алуу борборлорун түзүү каралган.
Бүгүнкү күндө иш жүзүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык коом ж.б. сыяктуу алдын алуу субъекттеринин катышуусу начар иштелип чыккан. Бул ар кандай тараптардын иш-аракеттеринин чаржайыт болушуна алып келүүдө, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруучу органдарынын коомдук тартипти сактоого көмөк көрсөтүү жаатындагы өз милдеттерин түшүнүүсүнө жолтоо болууда. Жер-жерлерде коомдук алдын алуу борборлорунун ишинин айрым оң мисалдарына карабастан, бул институттун укук бузуулардын алдын алуу маселелериндеги орду жана ролу толук аныктала элек.
Укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча координациялоо механизмдеринин жетишсиз мүнөзүн эске алуу менен ар кандай деңгээлдеги аянтчалардын ортосундагы өз ара аракеттенүү каналдары талаптагыдай жайылтылбай келүүдө. Жагдай тууралуу маалыматты төмөндөп жогору жана жогорудан төмөн өткөрүп берүү мамлекеттик аппарат аркылуу ишке ашырылат. Коомдоштуктар үчүн ушул сыяктуу туруктуу иштеген альтернативдүү механизмдер жок. Натыйжада маалыматтын бурмаланышы жана коомдоштуктардын тургундарынын укук бузуулардын алдын алуу жаатында кабыл алынган мамлекеттик чечимдерди толук түшүнбөй калышы байкалышы мүмкүн.
Механизмдин максаты. Укук бузуулардын алдын алуу субъекттеринин ортосунда ушул чөйрөдөгү чараларды талкуулоо, пландоо жана ишке ашыруу боюнча көп деңгээлдүү координациялык механизмди түзүү.
Бул максатка жетүү үчүн төмөнкүдөй милдеттер белгиленген:
1-милдет. Жергиликтүү деңгээлде укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык механизмдерди түзүү.
"Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын жаңы Мыйзамынын ченемдерине ылайык облустук жана республикалык маанидеги райондордун, шаарлардын деңгээлинде укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиялар түзүлөт. Кыргыз Республикасынын аймагында бирдей колдонуу жана мамлекеттик бийлик органдарынын ролун бекемдөө үчүн координациялык комиссиялар жөнүндө тиешелүү типтүү жобону кабыл алуу талап кылынат. Координациялык комиссиялардын курамына мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, укук бузуулардын алдын алуу маселелерине адистештирилген коомдук уюмдардын жетекчилерин жана башка кызыкдар тараптарды киргизүү зарыл.
Бул документ алдын алуунун ар кандай субъекттеринин катышуусу менен иштелип чыгышы керек. Бардык тараптардын - мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик эмес сектордун укук бузууларын алдын алуу боюнча комиссиялардын ишине бирдей катышуусу, иштин системалуулугу жана коомдоштуктардын алдында ачык-айкындуулук жана отчеттуулук механизмдери камсыз кылынууга тийиш.
Максаттарды коюунун жана пландаштыруунун негизги документтери ушул Концепциянын жана Концепцияны ишке ашыруу боюнча Иш-аракеттердин улуттук планы жана жергиликтүү деңгээлде иштелип чыккан укук бузуулардын алдын алуу боюнча биргелешкен пландар болушу керек.
Укук бузуулардын алдын алууда жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу олуттуу күчөтүлүшү керек. Бул үчүн коомдук алдын алуу борборлорунун, алардын ишине тоскоолдук кылган факторлордун иштешине ар тараптуу талдоо жүргүзүү талап кылынат, мындай талдоо укук бузуулардын алдын алуу маселелеринде аталган институттун ордун жана ролун бекемдөөгө багытталган чараларды иштеп чыгуу үчүн негиз болуп берет.
2-милдет. Улуттук деңгээлдеги координациялык механизмди түзүү.
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык укук бузуулардын алдын алуу системасында координациялоочу роль укук коргоо органдарынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине өткөрүп берилүүгө тийиш. Прокуратура органдарынын (мыйзамдуулукту көзөмөлдөө жана кылмыштуулуктун динамикасын талдоо чөйрөсүндө - эсепке алуу жана каттоо), сот органдарынын (сот контролу), ички иштер органдарынын, пробация органдарынын, улуттук коопсуздук органдарынын, юстиция органдарынын (укуктук пропаганда жана укуктук маданият), маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты чөйрөсүндөгү органдардын, экономика жана финансы чөйрөсүндөгү органдардын (мамлекеттик органдарга укук бузуулардын алдын алуу чараларын ишке ашыруу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын ИИО карамагына кирген маселелер боюнча маалыматтык-консультациялык көмөк көрсөтүүнү камсыз кылат) ж.б. өз ара аракеттенүүсү боюнча иш актуалдуу болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Координациялык кеңеши бул жааттагы чечимдерди, биргелешкен иш-аракеттерди талкуулоо, иштеп чыгуу үчүн укук бузуулардын алдын алуунун негизги субъекттеринин ишин бириктирүүчү координациялык механизм болуп калат.
Мындан тышкары, Координациялык кеңешке Концепциянын жана Укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш-аракеттердин улуттук планын ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоо функциясын берүү керек.
Бардык кызыкдар тараптардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн ишинин ачык-айкындыгын, отчеттуулугун, катышуусун камсыздоо зарыл.
Координациялык кеңештин курамы мамлекеттик органдардын - алдын алуу субъекттеринин жетекчилигинин, укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча адистешкен коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн, бул жааттагы көз карандысыз эксперттердин ичинен түзүлөт.
3-милдет. Координациялоочу механизмдердин ар кандай деңгээлдеринин ортосунда маалымат берүү каналдарын өркүндөтүү.
Бул милдет иштин абалы, коомдоштуктардын көз карашында болгон проблемалар жөнүндө маалыматты берүүнүн механизмдерин түзүүнү, көрүлгөн алдын алуу чараларынын натыйжалуулугун баалоону жана жергиликтүү коомдоштуктардын пикирин эске алуу менен укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү чечимдерди иштеп чыгууну камсыз кылуу үчүн коомдоштуктардан жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиялардан маалыматты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана Координациялык кеңешке жеткирүү механизмдерин түзүүнү болжолдойт.
Күтүлүүчү натыйжа. Чечимдерди кабыл алуунун улуттук да, жергиликтүү да деңгээлин камтыган, калктын суроо-талаптарын эске алган алдын алуунун негизги субъекттеринин ортосундагы күч-аракеттерди координациялоонун туруктуу иштеген системасы иштейт.
4.4. Укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик программалар жана биргелешкен пландоо
Негиздеме. Бүгүнкү күндө мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлдеринде укук бузуулардын алдын алуу чараларын системалуу негизде пландоо иши начар камсыздалууда. Мамлекеттик органдардын программалык документтери ведомстволук ички мүнөзгө ээ, буга ылайык ага укук бузуулардын алдын алуунун башка субъекттерин жана коомдоштуктарды тартуу мүмкүнчүлүгү чектелген. Укук бузуулардын алдын алуу боюнча улуттук деңгээлдеги иш-аракеттердин планы жана мамлекеттик программа жок.
Алдын алуу субъекттеринин ишин пландоодо жергиликтүү деңгээлде ар кандай мамилелер байкалууда. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын программалары жана пландары алдын алуу субъекттеринин кеңири чөйрөсүн иштеп чыгууга тийиштүү түрдө тартпастан, ошондой эле жергиликтүү коомдоштуктардын керектөөлөрүн тийиштүү талдоосуз жана эске албастан иштелип чыккан. Бул укук бузуулардын алдын алуунун башка субъекттеринин катышуусу чектелүү болуп калышына алып келет, толук финансы болуп берүүгө мүмкүндүк бербейт, ал эми айрым учурларда алдын алуу субъекттеринин иш-аракеттеринин макулдашпаган мүнөзгө ээ болушуна алып келиши мүмкүн.
Ушул убакка чейин мамлекеттик деңгээлде укук бузуулардын жалпы алдын алуу жаатындагы бирдиктүү программасы жана иш-аракеттер планы кабыл алынган эмес. Анын натыйжасында укук бузуулардын алдын алуу субъекттеринин ортосунда тыгыз кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү жөнгө салуу менен укук бузуулардын алдын алуу субъекттеринин бирдиктүү максаттары жана аракеттери аныкталган эмес. "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын жаңы Мыйзамынын жана Концепциянын кабыл алынышы менен бул жааттагы жалпы улуттук пландарды системалуу түрдө иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу үчүн укуктук негиз калыптанат.
Механизмдин максаты. Укук бузуулардын алдын алуу субъекттеринин ортосунда укук бузуулардын алдын алуунун максаттарын, милдеттерин жана чараларын бирдей түшүнүү, макулдашылган иш-аракеттер жана каржылоону өз убагында бөлүп берүү.
Аталган максатка жетүү үчүн төмөнкүдөй милдеттер белгиленген:
1-милдет. Укук бузуулардын алдын алуу боюнча биргелешкен пландарды жана аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программаларынын тийиштүү бөлүктөрүн кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу практикасын жергиликтүү деңгээлде киргизүү.
Бул милдет укук бузуулардын алдын алууга көмөк көрсөтүүнүн алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын ишке ашыруу зарылдыгын билдирет. "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары социалдык-экономикалык өнүгүү пландарында укук бузуулардын алдын алуу боюнча чараларды караштырышат.
Укук бузуулардын алдын алуу боюнча биргелешкен пландарда артыкчылыктуу багыттар, чаралар, жооптуу тараптар, каржылоо булактары, артыкчылыктуу багыттар боюнча күтүлгөн натыйжалар жана жетишкендик индикаторлору камтылууга тийиш. Алдын алуу чаралары криминогендик жагдайды талдоого (прокуратура органдарынын жана ИИО багыты боюнча), жарандар менен калктын аялуу топторунун изилденген муктаждыктарына негизделиши керек. Пландар Концепциянын механизмдери менен артыкчылыктарын дагы чагылдырууга тийиш.
Укук бузуулардын алдын алуу боюнча биргелешкен пландарды жана аймакты өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык планындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча бөлүмдөрдү ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиялар тарабынан жыл сайын жүзөгө ашырылып турат.
2-милдет. Үч жылдык мөөнөткө укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш-аракеттердин улуттук планын кабыл алуу жана аны ишке ашыруу.
Декларативдик мүнөзгө ээ болбош үчүн Укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш-аракеттердин улуттук планы конкреттүү иш-чараларды, каржылоонун көлөмүн жана булактарын көрсөтүү менен иштелип чыгат, ишке ашырууну Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Координациялык кеңеш баалашы керек.
3-максат. Тараптардын потенциалын өнүктүрүү.
Бул милдет Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен Алдын алуунун ар кандай субъекттери үчүн укук бузуулардын алдын алуу боюнча чараларды пландоо жана ишке ашыруу жөнүндө жобону кабыл алынышын түшүндүрөт. Мындай жобо өзүнө ар кандай этаптарды камтышы керек: чараларды актуалдаштыруу, иштеп чыгуу, ишке ашыруу, баалоо жана мониторинг жүргүзүү. Алдын алуу субъекттеринин кызмат адамдарын өз ыйгарым укуктарына жараша укук бузуулардын алдын алуу боюнча чараларды пландоо жана ишке ашыруу маселелерине окутуу үчүн шарттарды түзүү зарыл
Күтүлүүчү натыйжа. Укук бузуулардын алдын алуу боюнча чаралар толук көлөмдө үзгүлтүксүз негизде жүзөгө ашырылып келет жана финансылык ресурстар менен камсыздалууда.
4.5. Кылмыштын курмандыктары менен иштөө
Негиздеме. 2015-жылы Кыргызстанда жүргүзүлгөн виктимологиялык изилдөө боюнча ("Коомдук коопсуздукту эл аралык изилдөө", Бишкек ш., 2015-ж.) кылмыштардын курмандыктарынын 62% укук коргоо органдарына кайрылбай тургандыгын көрсөткөн, анткени алар системага ишенишпейт же өз иштерин кылмышкерди реалдуу жазалоо жагынан келечектүү эмес деп эсептешет. Кылмыштуулук менен иштин реалдуу абалы жөнүндө маалыматтардын жоктугу алдын алуу чараларынын учурдагы абалына ылайык келбешине алып келет. Укук коргоо органдарынын иш стратегиясы расмий статистиканын маалыматтарына негизделет, ал жарыяланбаган укук бузууларды камтыбайт.
Натыйжада кылмыштуулуктун түзүмүнүн 50%дан ашыгын ээлеген мүлктүк кылмыштар сыяктуулардын алдын алуу үчүн артыкчылыктуу болгон проблемаларга тиешелүү көңүл бурулбай калууда. Мындан тышкары, бул кыйыр түрдө айрым жарандардын кылмыш маселелерин өз алдынча же үчүнчү жактардын катышуусу менен чечүү аракеттерине алып келиши мүмкүн.
Кылмыштын курмандыктарынын укук коргоо органдарына аз кайрылгандыгынан улам кылмышкерлер жазасыз калып, бул болсо криминогендик жагдайга терс таасирин тийгизүүдө, анын үстүнө алдын алуу иш-чараларынын жоктугунан улам кайрадан виктимизацияга дуушар болгон учурлар бар. Кылмыштын курмандыктарын реабилитациялоо жана аларга жардам көрсөтүү практикасы начар өнүккөн, анын ичинде материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуруу маселелери жакшы өнүккөн эмес.
Жыныстык кылмыштардын курмандыктары укук коргоо органдары, адвокаттар жана башка мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү менен өз ара иштешүүнүн жүрүшүндө жабырлануучуга кыйыр түрдө келтирилиши мүмкүн болгон экинчи ирет виктимизацияга дуушар болуудан коркушат. Экинчи виктимизация бул стереотиптик, орой жана терс мамиле кылуу, ар-намысын жана кадыр-баркын кемсинтүү ж.б. түрүндө болушу мүмкүн.
Механизмдин максаты. Ар кандай түрдөгү укук бузуулардын жабыр тарткандарга сапаттуу жардам көрсөтүү үчүн шарттарды түзүү, алдын алуу чараларынын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кылмыштуулуктун иш жүзүндөгү абалына системалуу түрдө талдоо жүргүзүү.
Аталган максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттер белгиленген:
1-милдет. Кылмыштуулуктун себептерине виктимологиялык изилдөөлөрдү жана талдоолорду үзгүлтүксүз жүргүзүү.
Кылмыштуулуктун деңгээли менен иштин реалдуу абалын аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жана көз карандысыз социологиялык компаниялар тарабынан кылмыштуулуктун себептери жана алардын курмандыктарынын маселелери (виктимологиялык) боюнча үзгүлтүксүз изилдөөлөрдү жүргүзүү зарыл.
Мындай изилдөөлөрдүн натыйжалары жер-жерлерде укук бузуулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик программаларды жана биргелешкен пландарды, республикалык жана жергиликтүү деңгээлдеги укук коргоо органдарынын ишинин стратегияларын иштеп чыгуу үчүн негиз болот.
2-милдет. ИИО жана башка ыйгарым укуктуу органдар үчүн курмандыктарды азайтууга, кайрылууну жогорулатууга жана жабыр тарткандар менен натыйжалуу иштөөгө өбөлгө түзгөн кылмыштардын курмандыктары менен иштөө боюнча нускамаларды жана методикаларды иштеп чыгуу.
Ар кандай кылмыштардын курмандыктары менен иштөө боюнча жаңы стандарттарды жана нускамаларды бекитүү зарыл. Укук коргоо жана башка ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлери курмандыктардын ар кандай категориялары менен иштөө боюнча методикалык материалдар менен камсыздалышы, системалуу түрдө окуудан өтүп турушу зарыл.
Жабыр тарткандар менен иштөөнү өркүндөтүү ИИОнун психологдор, социалдык кызматкерлер жана курмандыктарга жардам бериши керек болгон башка субъекттер менен байланышын түзүү жолу аркылуу жүргүзүлүшү керек.
Мамлекет кылмыштуулуктан жапа чеккендер үчүн баш калкалоочу жайларды, кризистик борборлорду, реабилитациялык борборлорду ишке киргизүүгө жана түзүүгө, анын ичинде мамлекеттик социалдык заказ программасы аркылуу колдоо көрсөтөт.
Күтүлүүчү натыйжа. Кылмыштын курмандыктарына сапаттуу жана өз убагында жардам көрсөтүүнү камсыз кылуучу жана аларды экинчи виктимизациялоону азайтуучу натыйжалуу алдын алуу системасы түзүлдү.
4.6. Алдын алуу ишине санариптик технологияларды киргизүү
Негиздеме. Мамлекеттик органдардын кызмат көрсөтүүлөрүн санариптештирүү боюнча иш "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 8-январындагы № 1 "2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгынын, "Кыргыз Республикасын санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 14-декабрындагы № 2 чечими менен жактырылган "Санариптик Кыргызстан 2019-2023" санариптик трансформация концепциясынын негизинде ишке ашырылууда.
Практика көрсөткөндөй, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплекстерди ишке киргизүү камералар орнотулган жерлердеги жол кырсыктарынын 60-70% кыскарышына алып келди. Борбор шаардын видео тартып алуучу камералар орнотулган коомдук жайларында кылмыштуулуктун саны эки эсеге кыскарды. Санариптештирилген командалык борборду (102 кызматы), Бишкек шаарында Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгын жана Ош шаарында милициянын кайгуул кызматынын бөлүмүн түзүү милиция наряды окуя болгон, кылмыш жасалган жерге баруу убактысын бир топ кыскартты: бүгүнкү күндө милиция нарядынын келүү убактысы 7-10 мүнөттү түзөт.
"Кылмыштардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системаны (мындан ары - КБР) жана "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системаны (мындан ары - УББР) ишке киргизүү алдыга карай олуттуу кадам болуп калды. Ошол эле учурда бул реестрлердин аналитикалык жана статистикалык маалыматтарын укук бузуулардын алдын алуу максатында пайдалануу жана алдын алуунун ар кандай субъекттери үчүн жеке белгилери көрсөтүлбөгөн маалыматтардын автоматташтырылган түрдө жеткиликтүү болушун камсыздоо маселелери толук иштелип чыга элек.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары маалыматтык системаны колдонууда жеке маалыматтарды коргоого өзгөчө көңүл бурат. Акыркы жылдары Бишкек шаарында пилоттук режимде адамдын өңүн таануу функциясы бар видеокөзөмөл киргизилди, бул кылмышка шектүүлөрдү жана дайынсыз жоголгон адамдарды издөө боюнча укук коргоо органдарынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейте алат. Бирок бүгүнкү күнгө чейин мындай системаларды пайдалануу ченемдик укуктук жөнгө салынган эмес, бул болсо коомчулуктун өкүлдөрүнүн тынчсыздануусуна алып келет.
Механизмдин максаты. Жеке маалыматтарды коргоонун жогорку деңгээлин камсыз кылуу учурунда укук бузуулардын алдын алууда санариптик технологияларды жана аларды колдонуу жол-жоболорун өркүндөтүү.
Аталган максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттер белгиленген:
1-милдет. Укук бузуулардын алдын алуу милдеттерин чечүү үчүн санариптик технологияларды өнүктүрүү.
Бул милдет алдын алуу субъекттерине кылмыштар жана укук бузуулар, коомдук жайлардагы жана жолдордогу учурдагы абал, ошондой эле криминогендик тенденциялар жөнүндө маалыматтарга талдоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү технологиялык чечимдерди пайдаланууну камтыйт. Буга окуялардын картасын түзүү жана аларды талдоо, КБР, УББР, "Коопсуз шаар" системаларындагы аналитикалык модулду өнүктүрүү, криминогендик жана проблемалуу райондорду белгилөө үчүн "жылуулук карталарын" түзүү кирет.
Алынган маалыматтар алдын алуу субъекттери тарабынан өз ыйгарым укуктарынын негизинде ишин пландоодо (коомдук жайлардагы кайгуул ишин күчөтүү, укук коргоо органдарынын күчтөрүн жана каражаттарын кайра багыттоо, укук бузуулардын алдын алуу боюнча биргелешкен пландарды иштеп чыгуу, инфратүзүмдү өнүктүрүү, көчөлөрдү жарыктандыруу, видеокамераларды орнотуу ж.б.) пайдаланылууга тийиш.
Ар кандай маалыматтык системалардан маалымат топтоп, алдын алуу субъекттерине аларды пландоо жана болжолдоо ишинде пайдаланууга мүмкүндүк берген маалымат массивдери болгон Open Data ("Ачык маалыматтар") жана Big Data ("Чоң маалыматтар") ыкмалары өнүктүрүлүшү керек. Мында маалыматтардын ачыктыгы маалыматта жеке белгилердин көрсөтүлбөшүнүн эсебинен камсыздалууга тийиш.
Башка чечимдер менен катар эле тургундардын ортосунда кайтарым байланышты жакшыртууга, пайда болгон проблемалар боюнча маалымат чогултууга, криминогендик жагдайды болжолдоого жана баалоого, ошондой эле укук бузуулардын алдын алуу субъекттеринин ишин баалоого мүмкүндүк берген мобилдик тиркемелерди жигердүү пайдалануу зарыл.
Жасалма интеллекттин элементтерин "Коопсуз шаар" системасына интеграциялоо зарыл, бул коомдук жайларда адамдарга кол салуу, мушташуу жана башка бейбаштык иш-аракеттер орун алган учурларды, ошондой эле алсыз абалда болгон адамды жана башка күтүүсүз жагдайларды ыкчам аныктап, маалыматты ИИО бөлүктөрүнө же башка кызматтарга тез арада чара көрүү үчүн берип турууга шарт түзөт.
2-милдет. Жеке маалыматтарды коргоо механизмдерин жана маалыматтык системалардын жеке белгилери көрсөтүлбөгөн статистикалык маалыматтарынын ачык болушун өнүктүрүү.
Маалыматтарды мыйзамсыз максаттарда пайдаланууга жана "Коопсуз шаар", КБР, УББР ж.б. сыяктуу маалыматтык системалардан жеке маалыматтардын ачыкталып кетишин болтурбоо үчүн алардын иштешин жөнгө салуучу ченемдик укуктук жана ведомстволук актыларга дайыма талдоо жүргүзүү зарыл.
Кылмыштуулуктун абалы жөнүндө жеке белгилери көрсөтүлбөгөн жалпы маалыматтар жеке маалыматтарсыз ачык-айкын болууга тийиш, бул алдын алуу субъекттерине аларды алдын алуучу чараларды иштеп чыгууда пайдаланууга мүмкүндүк берет.
Күтүлүүчү натыйжа. Санариптик технологияларды пайдалануу менен алдын алуу ишинин натыйжалуулугу жогорулады.
4.7. Маалыматтык-агартуу иштери
Азыркы учурда укук бузуулардын алдын алуу маселелерин маалыматтык камсыздоо жана тургундардын өзүн жана жакындарын ар кандай коркунучтардан коопсуз кылуу боюнча маалымдуулугун арттыруу иштери чаржайыт мүнөздө жүргүзүлүүдө. Коом укук бузуулардын алдын алуу ишине толук катышпайт, ал алдын алуу субъекттеринин ишинин айрым аспекттерин кабылдабай келүүдө.
Маалыматтык иштин начар жүргүзүлүшүнүн себептери: журналисттердин арасында тематиканы жетишсиз түшүнүү жана аталган маселелерди чагылдырууга тартылгандык, алдын алуу субъекттеринин жалпыга маалымдоо каражаттары, социалдык тармактардын колдонуучулары менен алака түзүүдөгү дараметинин жетишсиздиги, калк менен диалог жүргүзүүгө формалдуу гана мамиле кылуу ж.б.
Механизмдин максаты. Калкка алдын алуу субъекттеринин иши жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу жана укук бузуулардын алдын алууга жарандардын активдүү катышуусу үчүн жагымдуу маалыматтык фон түзүү.
Көрсөтүлгөн максаттарга жетүү үчүн төмөнкү милдеттер белгиленген:
1-милдет. Калк менен маалыматтык-агартуу иштерин жүргүзүү боюнча алдын алуу субъекттеринин потенциалын жогорулатуу.
Бул багыт мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтарына басма сөз менен байланышты кармоо чөйрөсүндөгү адистердин келиши үчүн шарттарды жакшыртууну, басма сөз кызматынын кызматкерлерин жана журналисттерди окутуу иш-чараларын өткөрүүнү камтыйт.
Туруктуу негизде өткөрүлүп жаткан биргелешкен билим берүү иш-чараларынын сериясы журналисттердин коопсуздук, укук тартиби жана бузуулардын алдын алуу боюнча адистештирилишине өбөлгө түзөт. Интернетти, анын ичинде социалдык тармактарды маалымдоо жана укук бузуулардын алдын алуу маселелерине жарандарды тартуу үчүн активдүү пайдалануу керек. Пайдалануучулар менен бир тараптуу байланышты (маалымат берүү) гана эмес, эки тараптуу (пикир алмашуу, сунуштарды чогултуу жана сунуштарга жооп берүү) да жүргүзүү зарыл.
Ошондой эле укук бузуулардын алдын алуу жана криминалдык субмаданиятка каршы туруу маселелерин өспүрүмдөр менен жаштардын арасында кеңири жайылтуу максатында укук бузуулардын алдын алуу маселелерин маданий-массалык продукцияга интеграциялоо боюнча системалуу түрдө иш жүргүзүү зарыл. Бул көркөм жана тематикалык фильмдерди жана программаларды тартууну, спектаклдерди коюуну, популярдуу музыкалык чыгармаларды жаратууну жана жайылтууну ж.б. камтышы мүмкүн.
Билим берүү мекемелеринин базасында жашы жете элек өспүрүмдөр жана жаштар менен маалыматтык-агартуучулук ишти күчөтүү жана алдын алуу субъекттерин баалоонун тийиштүү критерийлерин ишке киргизүү талап кылынат.
Укук бузуулардын алдын алуунун мамлекеттик жана башка субъекттери тарабынан методикалык жана маалыматтык колдоодо диний ишмерлерди чоң адамдар менен бирге кылмыштуулукка каршы агартуучулук иштерге тартуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу зарыл.
2-милдет. Түзүлгөн жагдайды жана өнөктөштүктү талкуулоо үчүн тургундар, алдын алуунун ар кандай субъекттери менен милициянын ыйгарым укуктуу участкалык кызматкерлери, балдар иштери боюнча инспекторлор, ЖӨБО жана башка алдын алуу субъекттери менен отчеттук жолугушууларды өткөрүү аркылуу толук диалог түзүү.
Отчеттук жолугушуулардын сапаты жана камтуусу аймактык ИИО жетекчилигин, милициянын участкалык ыйгарым укуктуу кызматкерлерин, балдар иштери боюнча инспекторлорду баалоонун критерийлерине киргизилиши керек. Укук бузуулардын алдын алуунун башка субъекттери тургундар менен өз ара аракеттенүүнүн ушундай эле механизмдерин ишке киргизиши керек, алар ИИО менен биргеликте да, өз алдынча да жүргүзүлүшү мүмкүн. Коомдук алдын алуу борборлорунун тургундар менен диалог куруудагы ролу жогорулоого тийиш.
Күтүлүүчү натыйжа. Калктын укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча маалымдуулугунун жана коомчулук өкүлдөрүнүн укук бузуулардын алдын алууга жардам көрсөтүүгө даяр болушунун деңгээли жогорулады.
5. Укук бузуулардын алдын алуунун тематикалык артыкчылыктуу багыттары
5.1. Коомдук жайлардагы коопсуздукту камсыз кылуу
Негиздеме. Мамлекеттин артыкчылыктуу багыты болууга тийиш болгон негизги маселелердин бири - коомдук жайларда коопсуздукту камсыздоо маселеси болуп саналат.
Коомдук жайларда кылмыштардын жогору деңгээли жарандардын коомдук жайларда, өзгөчө түнкүсүн өздөрүн коопсуз сезе албай жаткандыгына алып келүүдө. Натыйжада социалдык чыңалуу жана жарандардын бийликке ишенбөөчүлүк деңгээли өсүүдө. Андан тышкары, участоктор боюнча криминогендик жагдайды (тездиги, түрлөрү, убактысы ж.б.) системалуу түрдө талдоо жүргүзүлбөйт, бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана ИИО күч-аракетин даректүү жана кыйла натыйжалуу багыттоого мүмкүндүк бермек. Ошондой эле бул маселе боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен милициянын алсыз жана системалуу эмес өз ара аракеттенүүсү байкалууда.
Коомдук жайларды инфратүзүмдүк жактан өнүктүрүү маселелерине жетиштүү көңүл бурулбайт. Укук колдонуу практикасы коомдук мейкиндиктин абаттуулугу менен кылмыштуулуктун деңгээлинин өз ара түз байланышын көрсөтүп турат, бул жарандардын арасында коопсуздукту сезүүгө да таасирин тийгизет.
Коомдук жайларды видео байкоо камералары менен камсыздоо жетишсиз экендиги байкалат. "Коопсуз шаар" долбоору жол коопсуздугунан тышкары коомдук коопсуздук аспекттерин да камтышы керек эле, ал бул функцияны аткарбай келүүдө.
Бишкек жана Ош шаарларында Кайгуул милициясын түзүү коомдук коопсуздукка байланышкан кырдаалдын кыйла жакшырышына алып келди. Ошол эле учурда бул кызматтын ишинде артыкчылыктуу көңүл бөлүнө турган коомдук коопсуздукту камсыз кылуу маселеси экинчи планга өтүп, көбүнчө жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга басым жасалып жатканы байкалууда.
Артыкчылыктын максаты. Алдын алуу субъекттеринин коомдук жайлардагы коопсуздукту камсыздоо жана сактоо боюнча ишинин натыйжалуулугун күчөтүү.
Бул максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттер белгиленген:
1-милдет. Айрым участоктор боюнча криминогендик кырдаалды талдоонун шаймандарын ишке киргизүү.
Алдын алуу чараларын натыйжалуу аныктоо үчүн кылмыштуулуктун статистикалык көрсөткүчтөрүн кылдат изилдөө жана талдап чыгуу зарыл. Кылмыш жасоо жана коомдук тартипти бузуу учурлары тез-тез кайталанып турган жерлерге көз салуу, анын ичинде кайсы мезгилде көбүрөөк орун алып жаткандыгын эске алуу менен укукка каршы аракеттерди жасоого өбөлгө түзгөн себептерди аныктоого жана аларды четтетүүгө мүмкүндүк берет. Мындай талдоо аймакта кайгуул жүргүзүү учурунда ички иштер органдарынын ресурстарын натыйжалуу бөлүштүрүүгө өбөлгө түзөт, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкарууга инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча муктаждыктарды аныктоого мүмкүнчүлүк берет.
2-милдет. Криминалдык статистиканын маалыматтарын эске алуу менен инфратүзүмдү өнүктүрүү маселелерин комплекстүү пландоо механизмдерин өнүктүрүү.
Укук бузууларды алдын алуу боюнча биргелешкен пландардын алкагында "Сынган терезелер" теориясынын ыкмаларын ишке ашыруу зарыл - жагымсыз фон жараткан, көп кайталануучу майда укук бузуулар менен күрөшүүнүн эсебинен коомдук жайлардагы жаппы криминогендүүлүктүн деңгээлин төмөндөтүү. Алардын катарына: вандализм, спирт ичимдиктерин ичүү, айрым адамдардын агрессивдүү жүрүм-туруму жана башкалар кирет. Конкреттүү көйгөйлөр жана жооп кайтаруу чаралары укук бузууларды алдын алуунун биргелешкен пландарын даярдоодогу адистештирилген изилдөөлөрдүн алкагында аныкталууга тийиш.
3-милдет. Маалыматтык чечимдерди мындан ары ишке киргизүүнү, анын ичинде "Коопсуз шаар" долбоорун өнүктүрүү, "Сырткы видеобайкоо жүргүзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана тургундардын видео байкоо камераларын орнотуу боюнча демилгелерин толук кандуу жүзөгө ашыруу.
"Коопсуз шаардын" милдеттерин кеңейтүү жана мыйзамсыз иш-аракеттерди, адамдарга кол салууну, мушташууну, коомдук жайлардагы башка бейбаштык иш-аракеттерди, коркунучта же жардамсыз калган адамды ыкчам, анын ичинде онлайн режимде да аныктап, мындай учурларга жооп кайтарууга мүмкүнчүлүк берген чечимдерди ишке киргизүү зарыл.
"Сырткы видео байкоо жүргүзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруунун алкагында ишкердик субъекттер менен маалыматтык-түшүндүрүү кампанияларын күчөтүү, калктуу конуштарды видеобайкоо системалары менен аймактык ички иштер органдарына түздөн-түз жеткиликтүү болгудай кылып жабдуу практикасын жайылтуу талап кылынат.
4-милдет. Коомдук коопсуздукту камсыздоодо алдыңкы иш тажрыйбаны жайылтуу жана калктын ишенимине негизделген ишти баалоонун жаңы системасын бекемдөө.
Көрсөтүлгөн жардамдын натыйжалуулук критерийлерин, калктын ишеним деңгээлин жана коомдук жайларда өзүн коопсуз сезүү даражасын камтыган жаңы баалоо системасын бекемдөө милициянын кайгуул кызматын коомдук тартип жана коопсуздук маселелерине кайра багыттоонун зарыл шарты болуп саналат.
Өзгөчө натыйжалар. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен ички иштер органдарынын макулдашылган жана натыйжалуу алдын алуучу интервенциялардын эсебинен кылмыштуулуктун жана жарандардын коомдук жайлардагы укукка каршы жосундардын курмандыгы болуп калуу тобокелдигинин деңгээли төмөндөдү, жарандардын коомдук жайларда каалаган мезгилде өздөрүн коопсуз сезүү деңгээли жогорулады.
5.2. Жарандардын менчигине каршы кылмыштардын деңгээлин төмөндөтүү
Негиздеме. 2020-жылы 10398 уурулук, 960 тоноо, 163 каракчылык, 7007 алдамчылык фактысы катталган. Бул төрт түрдөгү мүлктүк кылмыштар биригип, көрсөтүлгөн мезгил ичинде катталган кылмыштардын жалпы көлөмүнүн 25,65%ын түздү.
Белгилей кетчү нерсе, батирден уурдоо жана жеке мүлктү уурдатуунун башка түрлөрүнөн жабыркагандардын бир бөлүгү бул кылмыштар тууралуу милицияга кайрылышпайт. Демек мүлктүк кылмыштар боюнча виктимизациянын реалдуу деңгээли расмий кылмыш-жаза-укуктук статистиканын маалыматтарында көрсөтүлгөндөн эки-үч эсеге жогору болушу мүмкүн.
Алдамчылыктын ар кандай түрлөрүнүн бийик деңгээли да тынчсыздандырбай койбойт. Алдамчылык "бизнес пирамидаларын" түзүп алуу түрүндө ишке ашырылат, өзгөчө алдамчылык миграция каналдарында, жерди, кыймылсыз мүлктү, товарларды байланыш каражаттарын пайдалануу менен сатууда өтө көп кездешет. Кибер алдамчылык учурларынын өсүп бараткан тенденциясы байкалууда.
Бул сыяктуу кылмыштардын кеңири таралышынын негизин түзгөн өзгөчөлүктүү себептердин арасында тургундардын өз мүлкүн сактоону камсыз кылуу ыкмалары тууралуу маалыматы аз болушу өзгөчө орунда турат. Айрым жарандар мурда да ушундай эле кылмыштардын курмандыгы болушса да виктимдик жүрүм-турумун өзгөртпөй келишет. Жарандардын айрым топтору объективдүү себептерден улам аялуу болуп саналат, мисалы, жалгыз бой пенсионерлер, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар, балдар ж.б.
Участкалык ыйгарым укуктуу милиция кызматкерлери тарабынан алдын алуучу иштер жүргүзүлүп жатат, бирок алдын алуу иштерине коомчулуктун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн тартуу практикасы жок.
Ошол эле мезгилде курулуш менен аймакты көрктөндүрүүнүн уурулукту болтурбоого байланышкан коопсуздук маселелерин эске алган стандарттар жок. Шаарларда видеокамералар ишке киргизиле баштаганына карабастан, азырынча бул иш менен камтуу жетиштүү эмес, жарандардын эсебинен орнотулган видеокамералар ички иштер органдарына автоматташтырылган түрдө жеткиликтүү болушун камсыздоо маселеси али чечиле элек.
Жеке мүлктү уурдоонун жайылып кетишинин дагы бир фактору - бул уурулар үчүн уурдалган буюмдарды сатуу каналдары салыштырмалуу жеткиликтүү болушу. Мындан тышкары, айрым тургундар тигил же бул мүлктүн уурдалган мүлк экенин билип туруп эле сатып алышат. Уюлдук телефондорду жана башка колдонулган буюмдарды сатып алуучулар бул буюмдардын каяктан келгендигине кызыгып да коюшпайт.
Артыкчылыктын максаты. Алдын алуу субъекттеринин ишинин натыйжалуулугун күчөтүү жана мүлктүк кылмыштарды болтурбоодо калк менен кызматташуу.
Аталган максатка жетүү үчүн төмөнкүдөй милдеттер белгиленген:
1-милдет. Уурулукту болтурбоо үчүн тургундарды жана коомдуктарды мобилизациялоо.
Бул иш жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБО) жана ички иштер органдарынын күчү менен жеке менчикти жана турак-жайды коргоо каражаттары боюнча системалуу түрдө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү болжолдойт. Тургундардын аялуу топторуна өзгөчө көңүл буруу зарыл, анын ичинде кары-картаңдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, балдар, ошондой эли кылмыштуу кол салуулардын бул түрүнүн курмандыгы болгондор жана алардын кошуналары кирет.
ЖӨБО "коңшулаш күзөттүн" механизмин өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшү керек, алсак болуу жана шектүү адамдарга тургундардын жооп кайтаруусун өнүктүрүүнү болжолдойт.
Бул милдеттин компоненттеринин бири өз ара колдоону жана сак болууну өнүктүрүү үчүн шарт катары жакшы коңшулук мамилелерди өнүктүрүүгө көмөктөшүү болушу керек. ЖӨБО жана аймактык ички иштер органдары Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын бөлүмдөрүн тартуу менен жергиликтүү деңгээлде коопсуздук маселелерин пландаштырууда жана чечүүдө тургундардын бирикмелеринин бардык формаларынын потенциалын күчөтүү, биримдикти жогорулатуу боюнча окутуу программаларын киргизүү зарыл.
Тургундардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана милициянын ортосундагы тыгыз байланышты калыптандыруу үчүн административдик участоктогу участкалык ыйгарым укуктуу милиция кызматкерлерин үч жылдан кем эмес мөөнөткө иш жүзүндө бекитүүнүн уюштуруу-укуктук жана финансылык маселелерин чечүү, бул категориянын коомдуктардын алдында отчет берүүсүн күчөтүү зарыл. Участкалык ыйгарым укуктуу милиция кызматкерлеринин ишине сырттан баа берүүнү тургундар менен маалыматтык иш алып баруунун сапатын камсыз кылуу зарыл.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана ички иштер органдары медиа продукция, жалпыга маалымдоо каражаттары менен тыгыз иш алып баруу жана интернеттеги социалдык тармактарды колдонуу аркылуу жарандардын маалымдуулугун күчөтүү зарыл. Мамлекеттик жана коомдук жалпыга маалымдоо каражаттарында маалыматтык материалдарды жайгаштыруу акысыз камсыз кылынат.
Ички иштер органдары мамлекеттик жана жеке күзөт кызматтарын тартуу менен тургундарга күзөт кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу түшүндүрүү иштерин системалык мүнөздө жүргүзмөкчү. Кызмат көрсөтүүнүн бул түрүнө болгон бааны төмөндөтүүгө көмөктөшүү зарыл.
2-милдет. Кылмыш жасоо ыктымалдыгын азайтуучу санариптик технологияларды жана инфратүзүмдүк чечимдерди ишке киргизүү.
Санариптештирүү инструменттерин (видео камераларды) ишке киргизүү мүлктүк кылмыштардын бардык түрлөрүн болтурбоонун маанилүү элементи болуп калууга тийиш. Бул үчүн ЖӨБО, бизнес-коомдоштуктун жана коомчулуктун катышуусу менен өлкөбүздүн бардык аймагында, биринчи кезекте көп кабаттуу үйлөрдүн короолоруна жана подъезддерине, ошондой эле коомдук транспортко видеобайкоо камераларын этап-этабы менен орнотууну камсыз кылуу зарыл.
Ички иштер органдары "айлана-чөйрөнүн дизайнын" өнүктүрүү үчүн муниципалдык түзүмдөргө жана куруучу компанияларга методикалык сунуштамаларды иштеп чыгуу керек, алар турак-жайларды курууда жана аймактарды, сейил бактарды ж.б. көрктөндүрүүдө сунуштамаларды камтыйт жана алардын аткарылышын камсыздоого тийиш.
Бардык жерлерди видеокамералар менен жабдуу кылмыштардын уурулук сыяктуу түрүн алдын алууга таасирин тийгизет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен аймактык коомдук кеңештер зарыл болгон учурларда Кыргыз Республикасынын ИИМ Күзөт кызматын жана жеке күзөт ишканаларын ишке тартуу менен "Коопсуз подъезд", "Коопсуз үй", "Коопсуз короо", "Коопсуз көчө", "Коопсуз кичи район" сыяктуу долбоорлорду ишке ашыруусу зарыл.
"Коопсуз шаар" долбоорун өнүктүрүү келечекте мүлктүк кылмыштардын бетин ачууга жана алдын алууга байланышкан компоненттерди да камтууга тийиш.
Андан тышкары, чөнтөк уурулук жасоо ыктымалдыгы жогору болгон коомдук транспорт менен эл көп чогулган жерлерди видеобайкоо камералары менен жабдуу маселесин иштеп чыгуу да маанилүү багыт болуп калууга тийиш.
3-милдет. Уурдалган мүлктү сатуу каналдарына бөгөт коюу.
Кылмыш жолу менен табылган мүлктү сатып алууга же сатууга жол бербөө жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү кампанияларды өткөрүү кылмыштын бул түрүн алдын алуунун маанилүү элементи болуп калууга тийиш. Ошондой эле, уурдалган нерсени сатуу рыногун кыскартуу боюнча чет өлкөлүк тажрыйбаны, мисалы, документтери жок колдонулган продукцияны сатып жаткан адамдын ким экенин күбөлөндүргөн документтердин көчүрмөсүн алуу, телефон аппараттарын IMEI код боюнча каттоо ж.б. милдеттерди ченемдик жактан бекитүү аркылуу изилдеп көрүү болжолдонууда.
4-милдет. Финансылык пирамидаларын жана алдамчылыктын ар кандай формаларынын, анын ичинде телефон аркылуу алдоонун жана кибер алдамчылыкка тартылуу тобокелдигин азайтуу үчүн калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу.
Жалпыга маалымдоо каражаттарында, Интернет тармагында, социалдык тармактарда алдамчылык аракеттердин түрлөрүн, алдамчылыктын кеңири таралган ыкмаларын жана методдорун ачып берүүчү маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча комплекстүү иштерди жөнгө салуу зарыл.
Жарандарды сынчыл ой жүгүртүүгө жана алдамчылык аракеттерден коргонуу ыкмаларына үйрөтүү зарыл. Маалыматы жок адамдар негизинен алдамчылардын курмандыгы болуп калышат, ошондуктан калктын финансылык сабаттуулугу менен маалымдуулугун жогорулатуу кылмыштуулуктун алдын алууга таасирин тийгизет. Финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана балдардын сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү боюнча иш мектептик билим берүүнүн алкагында стратегиялык маанилүү компонент болуп калууга тийиш. Бул тематика мектептеги окутуу программасына интеграцияланышы керек.
Өзгөчө күтүлүүчү натыйжа. Жарандардын менчикке каршы кылмыштар боюнча виктимизациясынын деңгээли төмөндөдү.
5.3. Жолдордогу коопсуздук
Негиздеме. Жол-транспорт кырсыктарынын көп болушу, жолдордо өлүмгө учуроонун жана жаракат алуунун деңгээли тынчсызданууну жаратууда. Кыргыз Республикасынын ИИМ маалыматына ылайык 2018-2020-жылдар аралыгында жол кырсыгынан каза болгондордун саны 2230 адамды түзгөн, 28701 адам жаракат алган, 271 бала каза болуп, 5085 бала жаракат алган. Белгиленген мезгил ичинде орто эсеп менен жылына 743 адам каза тапса, алардын ичинен 90 - балдар.
Жол кырсыктарынын көп болушунун негизинде кыйла көп айдоочулардын машина айдоо маданиятынын төмөндүгү жатат. Айдоо укугуна ээ болуу үчүн окутуунун сапатына жана экзаменден өтүүнүн объективдүүлүгүнө, ошондой эле айдоочулук күбөлүк берүү жол-жоболорундагы коррупциялык тобокелдиктерге байланышкан маселелер өтө курч коюлууда.
Башка тематикалык артыкчылыктар менен катар жол коопсуздугунун чөйрөсүндө алдын алуу боюнча чараларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга коомчулукту тартуунун жетишсиздиги байкалууда. Мамлекеттик эмес алдын алуу субъекттеринин интеллектуалдык жана ресурстук потенциалы талаптагыдай пайдаланылбай жатат.
Коомдо жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызматтын эски моделинин натыйжалуу эмес иши жөнүндө маселе көтөрүлүүдө. Буга альтернатива катары өлкөнүн жетекчилиги 2019-2020-жылдары Бишкек жана Ош шаарларында апробацияланган милициянын кайгуул кызматынын моделин этап-этабы менен ишке киргизүү боюнча принципиалдуу чечим кабыл алды.
Жол-транспорт кырсыктарынын статистикасы жана аларды эсепке алуу иши кырсыктардын бардык аспекттерин, аларга көмөктөшүүчү факторлор менен кесепеттерди камтыбайт. Демек, алдын алуу субъекттери натыйжалуу алдын алуу иштерин аткаруу үчүн бул маалыматтарды талаптагыдай пайдалана албайт. Жол-транспорттук кырсыктардын себептерин аныктоо, жолдордун авариялык кооптуу участокторун аныктоо жана кырдаалды болжолдоо үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биргелешкен аналитикалык ишти жүргүзүү маселеси боюнча өз ара аракеттенүүнүн начардыгын айтып кетүү керек.
Артыкчылыктын максаты. Жол-транспорт кырсыктарынын натыйжасында өлүмгө учуроонун жана жаракат алуунун деңгээлин төмөндөтүү, алдын алуу субъекттерин узак мөөнөттө өлүмгө учуроонун нөлдүк деңгээлине жетүүгө багыттоо.
Бул максатка жетүү үчүн төмөнкүдөй милдеттер белгиленген:
1-милдет. Кызыкдар топтордун кагышуусу менен жол-транспорт кырсыктарынан өлүмгө учуроону жана жаракат алууну азайтуу боюнча чараларды пландоо.
Бул милдет жол коопсуздугу боюнча мурда кабыл алынган жана жүзөгө ашырылган жалпы улуттук пландардын толуктугуна жана натыйжалуулугуна көз карандысыз баа берүүнү камтыйт. Алынган маалыматтардын негизинде, кеңири коомдук талкуулардын жыйынтыгы боюнча өзүнчө Жол коопсуздугу боюнча укук бузуулардын алдын алуу боюнча улуттук иш-аракеттер планын иштеп чыгуу зарыл, ал "Нөл концепциясы" дем аталмакчы (башкача айтканда өлүмгө учуроону нөлгө чейин төмөндөтүүгө багыттоо максатында).
Башкалар менен катар бул чараларда калктуу конуштарда жана эң кооптуу участоктордо ылдамдыкты чектөө, ар кандай инфратүзүмдүк жана санариптик чечимдерди колдонуу ж.б. камтылууга тийиш.
Жол кыймылынын эрежелерин бузуучуларга карата "сабырдуу болбоо" принцибин кармануу зарыл, ал "Коопсуз шаар" долбоорлорун ишке киргизүүнүн жана жүзөгө ашыруунун, жол кыймылынын эрежелерин көп бузгандыгы үчүн жоопкерчилик чараларын күчөтүүнүн, ошондой эле жөө жүргөндөрдүн жана жол кыймылынын башка катышуучуларынын (велосипедчендер, мал айдап бараткандар ж.б.) жоопкерчилигин жогорулатуу механизмдерин киргизүүнүн жардамы менен ишке ашырылууга тийиш.
Жол коопсуздугун өнүктүрүү боюнча пландарды жана иш-чараларды даярдоого жана ишке ашырууга кызыкдар тараптарды (автомобилдик коомдуктар, коммерциялык эмес уюмдар ж.б.) тартууну камсыздоо зарыл.
Коопсуздук талаптарына жооп берген жол инфратүзүмүн (жарык берүү, жол тилкеси, белгилер ж.б.) түзүү керек.
2-милдет. Балдар арасында жол-транспорт кырсыктарынан өлүмгө учуроонун жана жаракат алгандардын деңгээлин төмөндөтүү.
Ошондой эле техникалык регламенттерге тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу жарык чагылдыруучу элементтери бар менен рюкзактарын, портфелдерди жана мектеп формасын даярдоо жана ташып келүү үчүн коопсуздук стандарттарын ишке киргизүү маанилүү болуп саналат.
Өлкөбүздүн жалпы билим берүү мекемелеринде жол кыймылынын эрежелерине окуучуларды окутуу боюнча иштерди күчөтүү зарыл. Бул иш билим берүү уюмдарынын жакшы тажрыйбасын эске алуу менен жаңыланган методикалардын негизинде жүргүзүлүшү керек. Мектептерде жол кыймылынын эрежелерине окутуу боюнча милдеттүү класстык сааттарды киргизүү каралууда.
Мектептерде жол кыймылынын эрежелери боюнча окуу материалдарын иштеп чыгуу жана кабыл алуу талап кылынат. Окуучулар менен системалуу негизде иш алып баруу үчүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча сабактарды уюштура турган мектеп кызматкерин бекитүү жөнүндө маселени чечүү зарыл.
Калктуу конуштарда, мектептердин жана балдар билим берүү мекемелеринин жанында ылдамдык режимин азайтуунун мыйзамдык жана башка чаралар балдардын коопсуздугун камсыз кылуунун маанилүү элементи болуп калууга тийиш. Ошондой эле билим берүү мекемелеринин бардык аймактарын керектүү болгон инфратүзүм: бийиктетилген жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөр, жөө жүргүнчүлөр үчүн жол чырактар, жарыктандыруу ж.б. менен камсыздоо талап кылынат.
3-милдет. Кыргыз Республикасындагы милициянын кайгуул кызматынын долбоорунун натыйжалуулугун талдоо жана аны андан ары өнүктүрүү.
Бишкек жана Ош шаарларында мүмкүн болуучу көйгөйлөрдү болтурбоо жана өркүндөтүү үчүн пилоттук долбоордун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо зарыл.
Ошондой эле милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлерин мотивациялоо жана баалоо системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү керек, ал ишин чогулткан айыптардын (укук бузуулар жөнүндө жазып берген протоколдордун) көлөмү боюнча баалабастан, тургундардын ишенимин жогорулатуу, кайгуул жүргүзүлгөн участоктордо кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүү, жол-транспорт кырсыктарында өлүмгө учуроо жана жаракат алууну азайтуу сыяктуу иштин критерийлери боюнча баалоо керек.
4-милдет. Айдоочулук маданиятты жогорулатуу.
Окутуунун сапатына жана айдоочулук күбөлүктөрдүн берилишин контролдоону күчөтүү керек. Андан тышкары, Жол кыймылынын эрежелерин сактоонун, жол кыймылынын катышуучуларынын бири-бирине сый мамиле жасашынын маанилүү экендиги тууралуу маалымдоо жана агартуучулук программаларды ишке киргизүү зарыл.
Автомектептерде окутуунун сапатын, анын ичинде бүтүрүүчүлөрүнүн жол кыймылынын эрежелерин бузуунун жана жол-транспорт кырсыктарын жасоонун жыштыгын талдоо жол-жоболорун иштеп чыгуу зарыл. Бул максаттар үчүн автомектеп бүтүрүүчүлөрүнүн маалымат базасы түзүлүшү керек.
Жол кыймылынын эрежелерин көп бузгандыгы үчүн айдоого укук алуу боюнча экзамендерди кайра тапшыртуунун ченемдери менен практикасын ишке киргизүү мүмкүндүгүн карап чыгуу зарыл.
Мобилдик тиркемени киргизүү маселеси актуалдуу болуп саналат, анын жардамы менен жарандар жол кыймылынын башка катышуучулары тарабынан жол кыймылынын эрежелерин бузуу жөнүндө аларды ырастаган фото же видео материалдарды тиркөө менен билдире алышат, ошондой эле көйгөйлүү жол участоктору жөнүндө маалымдай алышат.
Алдын алуу максатында жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн бир жылдын ичинде үч жолудан ашык айып салынган адамдар жол кыймылынын эрежелерин сактоонун маанилүүлүгү жөнүндө маалыматтык каттарды күнөөлүү адамга, жабырлануучуларга жана коомго карата бузуулардын мүмкүн болгон кесепеттерин түшүндүрүү менен алууга тийиш.
Жол кыймылын тейлөө кызматынын бардык инспекторлорун сертификацияланган алкотестерлер менен жабдуу маселесин чечүү зарыл.
Инфратүзүмдү өнүктүрүү менен катар эле велосипед сыяктуу альтернативдүү транспорт каражаттарын активдүү пайдаланууну илгерилетүү, ошондой эле коомдук транспорт тармагын кеңейтүү жана өнүктүрүү чараларын иштеп чыгуу зарыл.
5-милдет. Жол кыймылынын эрежелерин бузууларды жана жол-транспорт кырсыктарын эсепке алуу жана статистика системасын өнүктүрүү.
Жол коопсуздугунун кырдаалы боюнча маалыматтарды эсепке алуу жана топтоо системасы өркүндөтүлүп, жол коопсуздугу чөйрөсүндөгү иштердин абалы жөнүндө кенен маалыматты камтышы керек. Жол коопсуздугу санариптик технологияларды ишке киргизүү механизмин, анын ичинде Open Data жана Big Data ыкмаларын пайдалануу аркылуу жүзөгө ашыруу мисалдарынын бири болуп калууга тийиш. Статистика деп соолукка келтирилген зыяндын деңгээлине жараша жабыр тарткандар боюнча маалымат менен толукталууга тийиш. Эл аралык практикага ылайык жол-транспорт кырсыгынан кийин бир айдын ичинде жабыр тарткан адамдарды эсептөө ченемин киргизүү зарыл.
Талдоо үчүн суроолордун тизмегин кеңейтүү керек, алдын алуучу чечимдерди (инфратүзүмдүк чечимдерди, белгилерди, туруктуу нөөмөттү ж.б.) иштеп чыгууда маалыматтарды пайдалануу зарыл. Бул милдет ошондой эле авариялык жогорку кооптуулугуна жол участокторун талдоону да камтыйт.
Электрондук маалымат базасы жеткиликтүү болгон планшеттерди пайдаланып, жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн протоколдорду толтурууну автоматташтыруунун эсебинен протоколдорду толтуруу убактысын азайтууга жетишсе болот.
Күтүлүүчү натыйжа. Кыргыз Республикасынын жолдорунда өлүмгө учуроо жана травматизм деңгээли төмөндөдү.
5.4. Балдар арасындагы укук бузуулардын жана суициддердин алдын алуу
Негиздеме. Акыркы үч жылда жашы жете электер тарабынан жасалган кылмыштардын расмий статистикасы төмөнкүдөй болгон: 2018-жылы жашы жете электер - 1716, 2019-жылы - 393, 2020-жылы - 492 кылмыш жасаган. Туугандарынын колунда калган мигранттардын балдары мында аялуу топ болуп саналат. Суицид жана мектеп рэкети сыяктуу терс көрүнүштөр да актуалдуу бойдон калууда.
Бул көрүнүштөрдүн өспүрүмдөрдүн айрым топторунун арасында популярдуу болгон криминалдуу субмаданият менен байланышы бар. Өспүрүмдөр менен жаштардын арасындагы укук бузуулардын жогорку деңгээли жана криминалдык субмаданияттын популярдуулугу, эгерде аларга тийиштүү чара көрүлбөсө жана узак мөөнөттүү алдын алуу иштери аткарылбаса, коомдогу кылмыштуулук деңгээлинин өсүшүнө алып келиши мүмкүн.
Криминалдык субмаданияттын элементтеринин жана күчкө таянып иш кылуунун жайылышынын себептеринин бири болуп баалуулуктар багытын өнүктүрүү боюнча системалуу мүнөздөгү иштин жоктугу, балдар менен жаштардын эс алуусун туура уюштуруу боюнча иштин начардыгы саналат. Өспүрүмдөр чөйрөсүндө өзүн көрсөтүүнүн башка ыкмалары жок болгондуктан, теңтуштарына күч жана басым көрсөтүү кадимки көрүнүшкө айланууда.
Балдар арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча түзүлүп калган система көйгөйдүн кесепеттери менен күрөшүүгө багытталган, алдын алуу механизмдери системалуу мүнөздө колдонулбайт. Балдар арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча негизги милдет ички иштер органдарына жана мектептерге жүктөлөт, башка субъекттер бул ишке анда-санда гана катышат. Иш жүрүм-турумду өзгөртүүнү максат кылбастан, жазалоого жана көзөмөл кылууга көбүрөөк басым жасоо менен аткарылат, бул болсо балдардын андан ары да криминалдашуусуна өбөлгө түзүшү мүмкүн. Өз кезегинде, айрым окуу жайларынын администрациялары коомчулукка маалымат ачыкталып кетишинен чочулап жана ыйгарым укуктуу түзүмдөрдүн терс баасына кабылбоо максатында, мисалы, зомбулук жана рэкет көрүнүштөрүнө байланышкан жагдайды жашырып коюшу ыктымал.
Алдын алуу субъекттеринин институционалдык чектөөлөрү жана жетишсиз потенциалы байкалууда. Балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлеринин, окуу жайларында социалдык педагогдордун жана психологдордун жетишсиздигине байланышкан маселелер чечилбеген бойдон калууда, бул категориялардын адаттан тышкары милдеттери өтө көп экендиги жана алардын алдын алуу иштериндеги потенциалы жетишсиз экендиги белгиленүүдө. Мисалы, социалдык педагогдор көп учурда өз милдеттерин сабак берүү менен айкалыштырат, бул болсо балдарды тарбиялоо иштерине убактысы жетишсиз болуп калышына алып келет.
Социалдык педагогдордун жана класс жетекчилеринин арасында тематикалык билиминин жетишсиздиги, алдын алуу ишинин механизмдери методикалык жактан начар иштелип чыккандыгы белгиленүүдө.
Эмгек мигранттарынын балдары өзгөчө аялуу категорияга кирет. Жакындарынын көңүл бурбоосунан, ата-эненин өспүрүм курактын кризисти жөнгө сала албагандыгынан, ата-энелер менен балдардын ортосунда түшүнбөстүк болушунан, кол көтөрүп жазалоо ыкмаларын колдонуудан улам тобокелдик топторуна кирип калууда.
Жашы жете электердин арасындагы суицид маселеси да тынчсызданууну жаратууда. Жашы жете электер арасында 2018-жылы - 88, 2019-жылы - 62, 2020-жылы - 98 суицид орун алган. Он жылдык мөөнөттү (2011-2020-ж.) эсепке ала турган болсок, ушул курактык категориядагы өз жанын кыйгандардын жалпы саны 896 учурду түзгөн.
Суициддин эң кеңири тараган себептеринин катарында ата-энеси менен урушуп кетүү, психологиялык көйгөйлөр, теңтуштары менен болгон мамиле, мектептеги көйгөйлөр, материалдык кыйынчылыктар жана башка себептер бар. Бирок суициддин негизги себептерин аныктоо натыйжалуу алдын алуу чараларын иштеп чыгуу үчүн терең талдоо жүргүзүүнү талап кылат.
Балдарга карата кылмыштуу кол салуулардын жайылып кеткендигине жана ар бир баланын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган ыкмаларды иштеп чыгуу зарылдыгына байланышкан курч көйгөй бар. Бардыгы болуп балдарга карата 2018-жылы - 1473, 2019-жылы - 1756, 2020-жылы - 341 кылмыш катталган.
Өзгөчө тынчсыздандырган көйгөйлөрдүн арасында балдарга карата жасалган үй-бүлөлүк зомбулук, сексуалдык зомбулук (педофилия) жана мүлктүк кылмыштар бар.
Артыкчылыктын максаты. Бардык кызыкдар тараптарды тартуу жана алдын алуунун алдыңкы жана эң натыйжалуу методдорун колдонуу менен балдар арасында алдын алуунун комплекстүү системасын калыптандыруу.
Аталган максатка жетүү үчүн төмөнкүдөй милдеттер белгиленген:
1-милдет. Бардык кызыкдар тараптарды тартуу менен балдар жана жаштардын арасындагы укук бузуулар менен коомго жат жүрүм-турумдун алдын алуунун бирдиктүү комплекстүү системасын өнүктүрүү.
Бул милдет турмуштук оор кырдаалда болгон балдар жана жалпы эле балдар менен иштөөгө адистешкен коммерциялык эмес уюмдарды тартуу менен балдардын арасындагы укук бузуулардын абалын жана себептерин изилдөөнү жана балдар арасындагы укук бузуулардын алдын алууда колдонулуп жаткан ыкмалардын натыйжалуулугун талдоону камтыйт.
Көбүрөөк натыйжалуу болгон чаралар нускама катары ченемдик жактан бекитилип, жер-жерлердеги укук бузуулардын алдын алуу боюнча биргелешкен пландарга киргизилүүгө тийиш.
Социалдык жардам көрсөтүүгө жана оор турмуштук кырдаалдан чыгуу үчүн шарттарды түзүүгө, балдарды социалдык адаптациялоого жана кайра социалдаштырууга басым жасап, укук бузуулардын алдын алуу боюнча иштердин формалары менен ыкмаларын кайра карап чыгуу талап кылынат.
Башка чаралар менен катар эле балдарды каттоого алуунун колдонулуп жаткан практикасы кайрадан карап чыгууну талап кылат. Балдардын жүрүм-турумун оңдоого жана жардам берүүгө басым жасаган иштин жаңы методикаларын иштеп чыгуу зарыл. Балдарды стигматизациялоо тобокелдигин жоюу үчүн салттуу "каттоого алуу" дегендин ордуна башка терминологияны колдонуу сунушталууда. Балдарды толук кандуу реабилитациялоо жана аны кризистик жагдайдан чыгаруу жүрүм-турумду түзөтүүнү токтотуу үчүн негиз болуп бере алат.
Балдар менен иштеген кызматкерлердин бардык категориялары үчүн ар кандай кырдаалдарда иштөөнүн эң натыйжалуу ыкмаларын камтыган тыкыр нускамаларды жана методикалык сунуштамаларды иштеп чыгуу зарыл. Бул документтер колдонуу процессинде такай жаңыртылып жана өркүндөтүлүп турууга тийиш, алдын алуу субъекттеринин өкүлдөрүнүн арасында аларды ишке ашыруу маселесин талкуулап туруу процесси камсыздалышы зарыл.
Балдар менен иштөөгө комплекстүү мамилени камсыз кылуу жана алардын мектептен сырткары жерде болушуп эске алуу менен алдын алуу иш-чараларына ата-энелер менен камкорчуларды тартууга өзгөчө көңүл буруу керек. Ушундай методдордун ичинде ата-энелерди жана камкорчуларды билим берүү процессине активдүү тартуу, эс алуу иш-чараларын уюштуруу, биргелешкен маданий өнүктүрүү программалары укуктук агартуу болушу мүмкүн. Ар кандай коммуникациялык каналдар аркылуу ата-эне болуунун позитивдүү образын калыптандыруу, айтып жүрүү жана илгерилетүү зарыл.
2-милдет. Балдарды зомбулуктан коргоо боюнча ыкмаларды өркүндөтүү.
Бул милдет эң кеңири тараган көрүнүштөрдү аныктоо үчүн балдарга карата зомбулуктун себептерин жана факторлорун талдоону болжолдойт. Ошондой эле балдардын коопсуздугу маселесине тиешеси бар мыйзамдардын аткарылышына да баа берилиши керек.
Мындай баалоонун жыйынтыгына негизденүү менен ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү керек.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары, анын ичинде окуу жайлары зомбулукка байланышкан жагдайга, жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан мыйзам ченемдеринин аткарылышына такай мониторинг жүргүзүп турууга тийиш.
Социалдык кызматтар аркылуу кызыкдар мамлекеттик органдар, ЖӨБ жана коомдук уюмдар менен бирдикте балдар үчүн ишеним телефонунун ишин күчөтүү зарыл.
Ар бир аймактык ички иштер бөлүмдөрүндө балдар менен иштөө үчүн эл аралык стандарттарга ылайык жабдылган атайын бөлмөлөр ачылууга тийиш.
3-милдет. Алдын алуу субъекттеринин ыйгарым укуктуу кызматкерлеринин потенциалын жана шыктануусун жогорулатуу.
Биринчи этапта балдар арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча ишке тартылган мамлекеттик органдардын бөлүмдөрүнө жана кызматкерлерине функциялык талдоо жүргүзүү зарыл. Балдардын иштери боюнча инспекторлор, билим берүү мекемелеринин социалдык педагогдору менен психологдору үчүн тыкыр иштелип чыккан эмгек стандарттарын, кызматтык нускамаларды жана методикалык сунуштамаларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, ошондой эле бул кызматтарда иштөөнүн барктуулугун жогорулатуу аркылуу алардын ишке болгон шыктануусун күчөтүү зарыл. Өздөрүнүн негизги милдеттерин сапаттуу аткарууга басым жасоо үчүн аларды мүнөздүү болбогон функциялардан бошотуу керек. Кызматкерлердин бул категориясы үчүн квалификациясын такай жогорулатып турууга мүмкүндүк берүүчү система түзүлүүгө тийиш.
Билим берүү мекемелеринде балдар менен иштеген алдын алуу субъекттеринин бардык категориядагы кызматкерлери үчүн алдын алуу иштеринин натыйжалуулугуна жараша баалоо критерийлери иштелип чыгууга тийиш. Баалоо критерийлерин иштеп чыгууда кызмат адамдарын зомбулук, рэкетчилик ж.б. фактыларды жашырууга түрткү берген индикаторлорду киргизүүдөн алыс болуу зарыл.
Балдар менен иштөөгө тийиштүү окуудан өткөн жана зарыл болгон педагогикалык жана психологиялык билими бар адамдарга уруксат берилиши керек. Балдар арасында алдын алуу иштерин аткаруу, ошондой эле ата-энелер жана камкорчулар менен иштөө үчүн социалдык педагогдорду жана класс жетекчилерди системалык түрдө окутуп-үйрөтүп туруу зарыл. Жалпы түшүнүктү жана ыкмаларды өнүктүрүү максатында мындай окутуп-үйрөтүүлөрдө алдын алуунун ар кандай субъекттеринин өкүлдөрүн катыштырууга артыкчылык берилиши керек.
Билим берүү жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты чөйрөсүндөгү органдар, ошондой эле башка алдын алуу субъекттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ЖМК (телекөрсөтүүлөр, кинофильмдер, сюжеттер, социалдык роликтер ж.б.) аркылуу укук бузуулардын алдын алуунун методдорун колдонуу керек.
4-милдет. Балдар жана жаштардын арасында социалдык жактан пайдалуу жана спорт жаатындагы активдүүлүктүн формаларын өнүктүрүү.
Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган алдын алуунун башка субъекттери менен биргеликте мектептердин жана башка окуу жайлардын деңгээлинде руханий баалуулуктарды калыптандыруу, спортко жана социалдык жактан пайдалуу ишке катыштыруу боюнча комплекстүү программаны иштеп чыгат. Балдар менен жаштарды өлкөдөгү жана жергиликтүү жамааттардагы коомдук көйгөйлөрдү талкуулоого жана чечүүгө системалык түрдө аралаштыруу зарыл. Буга жетүүнүн жолдорунун бири мектептеги өз алдынча башкарууну өнүктүрүү жана чыңдоо болуп саналат.
Билим берүү процессине толеранттуулукту, эмоционалдык интеллектти, медиацияны жана жаңжалдарды зомбулуксуз чечүү ыкмаларын өнүктүрүүгө багытталган программаларды киргизүү зарыл. Алдын алуу иштерине аралашкан субъекттердин алдында социалдык жактан жол берилген активдүүлүктүн формаларын жайылтууга жетишүү милдети турат. Балдардын эс алуусун жана жаштарды жумуш менен камсыз кылууну өнүктүрүүгө багытталган стратегиялар жана мамлекеттик программалар иштелип чыгууга тийиш.
Турмуштук көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча спорттук багыттагы курс абпробацияланган пилоттук мектептердин оң тажрыйбасын эске алуу менен "Жашоого кошул!" аттуу бул тажрыйбаны бардык жалпы билим берүүчү окуу жайларга жайылтуу зарыл.
5-милдет. Балдардын суициддик жүрүм-турумун өз убагында аныктоо үчүн чараларды киргизүү, ата-энелер үчүн окутуу программаларын өнүктүрүү.
Балдардын жана жаштардын арасындагы өз жанын кыюунун алдын алуу үчүн ар бир фактыны кылдат талдоо зарыл. Дүйнөлүк практиканы эске алуу менен суициддик жүрүм-турумга ыктуулугун жана аялуу болушун баалоо системасы иштелип чыгат, ал билим берүү мекемелеринде колдонулат (баланы стигмага дуушар кылбоо үчүн купуялуулукту камсыз кылуу менен). Аялуулукту баалоо системасы рэкеттин, ырайымсыз мамиленин жана зомбулуктун, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарын өз убагында жардам көрсөтүү үчүн аныктоого жардам берет.
Мындай аныктоонун жыйынтыгы боюнча балдар жана алардын ата-энелери үчүн түзөтүү программалары колдонулушу керек. Мугалимдер байкабай айрым балдарды стигмага дуушар кылып койбошу үчүн мындай көрүнүштөрдү болтурбоо максатында мугалимдер менен түшүндүрүү жана билим берүү иштерин жүргүзүү зарыл.
Ата-энелер жана камкорчулар үчүн балдар менен болгон мамилени жакшыртууга жана өспүрүм курактын психологиялык өзгөчөлүктөрүн жеңүүгө шарт түзгөн өзүнчө программаларды ишке киргизүү керек.
Өзгөчө күтүлүүчү натыйжа. Балдар арасында укук бузуулардын, антисоциалдык жүрүм-турумдун жана суициддин, балдарга карата зомбулуктун алдын алуунун бирдиктүү, комплекстүү жана натыйжалуу системасы түзүлдү, ал алдын алуунун ар кандай субъекттеринин күч-аракетин бириктирип, балдардын муктаждыктары менен керектөөлөрүнө багытталган. Алдын алуунун иштиктүү методдору ченемдик бекитилген жана практикада колдонууну эске алуу менен дайыма өркүндөтүлүп турат.
5.5. Аялдарга карата зомбулукту жок кылуу
Негиздеме. Аялдарга карата зомбулук (гендердик зомбулук), анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйүнө байланышкан маселе кызмат адамдары, коомчулуктун өкүлдөрү жана жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан көп көтөрүлүүдө. Мамлекет мыйзамдарды өркүндөтүү, убактылуу коргоо ордерлери жана үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдардын зомбулуктуу жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча түзөтүү программалары сыяктуу механизмдерди ишке киргизүү, гендердик зомбулуктун курмандыктары менен иштеген кызмат адамдарынын кесиптик даярдыгынын деңгээлин жогорулатуу аркылуу жагдайды контролдоо боюнча чараларды көрүүдө.
Ошол эле учурда коомдук резонанс жараткан фактылар жыл сайын көп катталып жатат. Алардын ичинен эң көп таралганы үй-бүлөлүк зомбулук болуп саналат. ИИМдин маалыматына ылайык 2020-жылы КЖБРде 9025 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган.
Кыздарды никеге тургузуу максатында ала качуу, ошондой эле эрте куракта никелешүү көйгөйлөрү сыяктуу терс көрүнүштөр да актуалдуу бойдон калууда. Укук коргоо органдары аялдарга карата зомбулук жасоого каршы күрөшүү боюнча ишке көбүрөөк тартылган, ал эми потенциалы, каржылоосу жана штаттык бирдиги жетишсиз болгон башка мамлекеттик органдар жана ЖӨБО бул ишке анча аралашпайт.
Үй-бүлөлүк зомбулуктун себептерин талдоо, убактылуу коргоо ордерлеринин шарттарынын аткарылышын көзөмөлдөө жана күнөөлүү адамдарды түзөтүү программаларынан өткөрүү практикасына тийиштүү көңүл бурулбай келүүдө. Алдын алуу иш-аракеттеринин натыйжалуулугун баалоо жүргүзүлбөгөн жана аныкталган көйгөйлөр четтетилбеген шарттарда алдын алуучу иш-чаралар максатына жетпей калышы мүмкүн.
Артыкчылыктуу максат. Аялдардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган зомбулуктун алдын алуунун жана ага жооп кайтаруунун натыйжалуу системасын түзүү. Коомдо гендердик зомбулукка чыдамсыздык маданиятын калыптандыруу.
Бул максаттарга жетүү үчүн төмөнкүдөй милдеттер белгиленген:
1-милдет. Мыйзамдардын аткарылышын баалоо, ченемдер менен практиканы андан ары өркүндөтүү максатында үй-бүлөлүк зомбулуктун себептерин, убактылуу коргоо ордерлеринин жана түзөтүү программаларынын натыйжалуулугун талдоо системасын ишке киргизүү.
Үй-бүлөлүк зомбулуктун себептерин, анын ичинде социалдык-экономикалык, психологиялык, материалдык жана башка факторлорду тыкыр изилдөөгө багытталган туруктуу системаны түзүү зарыл. Бул алдын алуу иштеринин натыйжалуу стратегиясын түзүүгө жана алдын алуу субъекттеринин ыкмаларын өз убагында өркүндөтүүгө жардам берет.
Убактылуу коргоо ордерлерин берүү жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө, күнөөлүү адамдарды түзөтүү программаларынан өткөрүү практикасын такай талдап туруу талап кылынат. Талдоонун натыйжалары ушул механизмдерди тынымсыз өркүндөтүү үчүн колдонулууга тийиш.
Мамлекеттин үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-аракеттери орун алган фактыларга жооп кайтаруу менен гана чектелбеши керек. Үй-бүлөлүк зомбулуктун себептерин талдоонун натыйжалары аялуу үй-бүлөлөрдү кризистик кырдаалдан чыгаруу, үй-бүлөлүк зомбулуктун жасалышын жана кайталанышын болтурбоо үчүн өз убагында психологиялык жана башка жардам көрсөтүү боюнча чараларды иштеп чыгуу үчүн негиз болушу керек.
"Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин колдонуу алардын натыйжалуулугун, көйгөйдү чечүүгө тийгизген таасирин талдоону талап кылат. Ченемдердин өзү да, укук колдонуу практикасы да бааланууга тийиш.
Аныкталган көйгөйлөр ченемдик укуктук жана ведомстволук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү, мамлекеттик түзүмдөрдүн жана ЖӨБОнун кызматкерлерин кошумча окутуу аркылуу четтетилүүгө тийиш.
2-милдет. Гендердик зомбулуктун бардык түрлөрү боюнча алдын алуучу субъекттердин потенциалын күчөтүү жана алдын алуу субъекттерин методикалык жактан камсыздоо.
Аялдарга карата зордук-зомбулуктун ар кандай түрлөрүн алдын алууга бардык тараптардын бирдей катышуусу үчүн шарттарды камсыз кылуу, ЖӨБОнун ролун күчөтүү, зарыл болгон учурда мамлекеттик түзүмдөрдүн жана ЖӨБОнун кызматкерлеринин санын көбөйтүү керек.
Бул маселелер боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгуунун алкагында алдын алуу субъекттеринин функцияларын жана ролдорун так аныктоо, тийиштүү адистердин квалификациясын жогорулатуу механизмдерин белгилөө зарыл.
Алдын алуу иш-чараларын сапаттуу жүргүзүү максатында жооптуу органдардын кызматкерлери үчүн үй-бүлөлүк зомбулук, жашы жете электерге ырайымсыз мамиле кылуу, эрте никеге тургузуу, ошондой эле зомбулуктун башка түрлөрүнө байланыштуу иш алып баруу боюнча методикалык сунуштамаларды иштеп чыгуу зарыл.
Күтүлүүчү натыйжа. Аялдарга карата гендердик зомбулуктун бардык түрлөрүнүн алдын алуу системасы түзүлдү, ал өзүнө ар кандай тараптардын ролун камтыйт жана алардын кызыкчылыктарын коргоого багытталган. Коомдо гендердик зомбулуктун көрүнүштөрүнө чыдабастык маданияты калыптанган.
5.6. Кызматтык кылмыштардын алдын алуу
Негиздеме. Мыйзамдарда жана практикада укук коргоо органдарынын, ошондой эле башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын арасында кылмыштардын жана укук бузуулардын алдын алууга дээрлик көңүл бурулбайт. Мамлекет коррупциянын алдын алуу маселелерине гана көңүл буруп келүүдө.
Кызмат адамдары тарабынан жасалган кылмыштар өзгөчө тынчсызданууну жана коомдук резонансты жаратат, анткени мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын кадимкидей иштешине тоскоол болуп, жарандардын укук коргоо, сот, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына болгон ишенимин төмөндөтөт.
Кызматтык кылмыштардын алдын алуу көйгөйү укук коргоо, сот, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин даярдоо, квалификациясын жогорулатуу жана кадрдык потенциалын чыңдоо маселелерине байланышкан чечимдерге тикелей көз каранды болуп саналат.
Заманбап реалдуулуктун шарттарында кызмат адамдарынын стресске туруштук берүү жөндөмүнүн төмөндүгү жана кесиптик деформацияга дуушар болушу өзгөчө тынчсызданууну жаратууда. Укук коргоо, сот, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдымча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин өздөрүнүн укуктарынын корголбогондугу жана аялуу болушу көп учурда аларды абийирсиз адамдар (анын ичинде жетекчилер) кызматтык кылмыштарды жасоого мажбурлоосуна өбөлгө болушу мүмкүн.
Укук коргоо, сот органдарынын жана мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасынын жетишсиз каржыланышы да кызмат адамдарынын кылмыш жасоосуна себеп болушу мүмкүн.
Артыкчылыктуу максат. Коррупциялык жана кызматтык кылмыштардын алдын алуунун натыйжалуу системасын калыптандыруу.
Бул максатка жетүү үчүн төмөнкүдөй милдеттер белгиленген:
1-милдет. Кызмат адамдарынын арасындагы кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуунун натыйжалуу механизмин түзүү.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн бирдиктүү терезе принцибинин сакталышы уруксат берүүчү жол-жоболордун санын азайтып, коррупциялык көрүнүштөрдүн тобокелдиктерин төмөндөтүүгө көмөктөшүүсү керек.
Кызматтык кылмыштарды жасоого көмөктөшкөн система менен эмгек шарттарын кайра карап чыгуу үчүн кызмат адамдары тарабынан жасалган укук бузууларды эсепке алууну жана илимий жактан негизделген (криминологиялык) талдоону өркүндөтүү зарыл.
Алдыңкы эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен ар кандай укук коргоо органдарында иштеп жаткан өздүк коопсуздук түзүмдөрүн алдын алуу чараларына басым жасап иш алпарган өз алдынча ички иликтөө кызматы кылып өзгөртүү зарыл.
Жарандардын укук коргоо, сот органдарына жана мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ишеним артуу рейтингинин индекси, электрондук порталда аныкталып турууга тийиш. Ушул органдардын ишин баалоонун критерийлерине алардын кызматкерлери тарабынан адам укуктары менен эркиндиктерин урматталышы жана сакталышынын көрсөткүчтөрү киргизилиши керек.
2-милдет. Укук коргоо, сот, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин даярдоо, квалификациясын жогорулатуу жана кадрдык потенциалын чыңдоо.
Регионализм, трайбализм факторлорун жана негизсиз протекционизмдин башка учурларын болтурбоо менен кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо системасын, кызматкерлерди жогору турган кызмат орундарга көрсөтүү жана дайындоо жол-жоболорун кайра карап чыгуу зарыл. Квалификацияны жогорулатуу программаларынын алкагында адистештирилген окуудан өтүү кызматкердин квалификациясын жогорулатуу жөнүндө чечим кабыл алууда критерийлердин бири болушу керек.
3-милдет. Укук коргоо, сот, мамлекеттик органдарындагы өзүнчө психологиялык кызматтарды түзүү жана чыңдоо.
Кесиптик деформация менен иштөө жана укук коргоо, сот, мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин стресске туруштук берүү жөндөмдөрүн өнүктүрүү боюнча түзөтүү курстарынын комплекстүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу зарыл.
Ресурстар менен чыгымдарды оптималдаштыруу максатында жогоруда аталган органдар тарабынан психологиялык жана медициналык кызматтарды көрсөтүү функцияларын башка адистештирилген уюмдарга, анын ичинде жеке менчик формасындагы уюмдарга өткөрүп берүү жолу менен аутсорсинг методун колдонуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо зарыл.
4-милдет. Укук коргоо, сот, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин укуктарын коргоону камсыз кылуу механизмдерин ишке киргизүү.
Бул милдетти ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдар ишеним телефондорун, даттануулар жана кайрылуулар үчүн ящиктерди, анын ичинде аларды электрондук форматта берүү мүмкүнчүлүгүн актуалдаштырышы керек.
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин контролдоочу жана көзөмөлдөөчү органдар тарабынан ушул органдардын кызматкерлеринин укуктарынын сакталышына пландуу жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзүү практикасын ишке киргизүү зарыл. Кызматкерлердин кесиптик бирлиги укук коргоо, сот, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин укуктарын камсыз кылуунун иштиктүү механизмдеринин бири болушу мүмкүн.
5-милдет. Укук коргоо, сот, башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо.
Коомдук контролдоо институту бар бардык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасы үчүн жетиштүү каржылоо камсыздалууга тийиш, бул үчүн жергиликтүү бюджеттер боюнча отчетторду угууну уюштуруу жана мамлекеттик органдардын бюджеттери, мамлекеттик сатып алуулар жана мамлекеттик сатып алуулар порталындагы иш жүзүндөгү чыгымдар боюнча маалымат болушу зарыл.
Күтүлүүчү натыйжа. Контролду күчөтүү жана жол-жоболордун ачык-айкындуулугун күчөтүү аркылуу кызматтык укук бузуулардын алдын алуунун натыйжалуу механизми түзүлдү, ошондой эле укук коргоо, сот, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин укуктук коргоого алуу күчөтүлдү.
6. Ишке ашыруу жана каржылоо
"Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Концепциянын компоненттери жана багыттары улуттук деңгээлде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан үч жылдык мөөнөткө кабыл алына турган Иш-аракеттердин улуттук планында, ал эми жергиликтүү деңгээлде - укук бузуулардын алдын алуу боюнча биргелешкен пландарда, ошондой эле регионду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программаларында ачылууга тийиш.
Иш-аракеттердин улуттук планы чаралар комплексин, ишке ашыруу мөөнөттөрүн, мамлекеттик органдар менен ЖӨБОнун жана башка алдын алуу субъекттеринин жоопкерчилигин так бөлүштүрүүнү, орто аралык натыйжаларды, натыйжага жетишүүнүн индикаторлорун, каржылоонун өлчөмдөрү менен булактарын жана башка стандарттык параметрлерди камтыйт. Иш-аракеттердин улуттук планын иштеп чыгуу Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык кеңештин жетекчилиги алдында жарандык коомдун уюмдарын жана эксперттерди тартуу менен тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашырылат.
Концепцияны, мамлекеттик программаларды жана биргелешкен пландарды ишке ашыруу үчүн алдын алуу субъекттерин координациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык кеңеши (мындан ары - Координациялык кеңеш), ал эми жергиликтүү деңгээлде - укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиялар түзүлөт.
Ушул Концепцияны ишке ашыруу боюнча Иш-аракеттердин улуттук планында каралган укук бузуулардын алдын алуу чараларын каржылоо республикалык бюджетте тийиштүү жылдарга каралган каражаттардын же мыйзамдар менен тыюу салынбаган каржылоонун башка булактарынын чегинде жүзөгө ашырылат.
Жергиликтүү деңгээлдеги иш-чаралар укук бузуулардын алдын алуу боюнча биргелешкен пландарда же тиешелүү регионду социалдык-экономикалык жактап өнүктүрүү программаларындагы укук бузуулардын алдын алуу бөлүгүндө баяндалган иш-чаралардын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттеринин каражаттарынын эсебинен каржыланат.
7. Баалоо, мониторинг жана жалпы жыйынтыктар
Концепцияга ылайык бекитилген максаттарга жана милдеттерге жетүү алдын алуу субъекттерине укук бузуулардын алдын алууда, өз ара аракеттенүүдө көмөк көрсөтүүчү юридикалык жана жеке жактардын ролун күчөтүүгө, ошондой эле жарандардын корголушунун тиешелүү деңгээлин түзүүгө, кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө, укук бузууларга өбөлгө болуучу себептерди жана шарттарды аныктоого, жоюуга мүмкүндүк берет.
Ушул Концепцияны жана андан келип чыккан укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш-аракеттердин улуттук планын ишке ашыруунун натыйжалуулугу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке жана коомдук уюмдар, ошондой эле коомчулук кабыл алган чараларды координациялоо жана өз ара аракеттенүү деңгээлинен аныкталат.
Бул Концепцияны ишке ашыруу үчүн аны ишке ашырууга туруктуу негизде мониторинг жүргүзүү жана баалоо маанилүү.
Мониторинг - бул мамлекеттик органдар тарабынан иш-чараларды толук жана өз убагында аткарууга, жаралган кыйынчылыктарга жана алдын алуу субъекттери тарабынан аларды четтетүү боюнча көрүлгөн чараларга көз салуу болуп саналат. Мониторинг пландарды аткаруунун жыйынтыгы менен жүргүзүлөт, мында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттик органдардан жана башка алдын алуу субъекттеринен маалымат топтоону ишке ашырат. Мониторинг жөнүндө отчет Координациялык кеңеште угулат, зарыл болгон учурда ишти өркүндөтүү боюнча башкаруучулук чечимдер кабыл алынат, маалымат ЖМКга жарыяланат.
Баалоо - Концепциянын жарыялаш ан жалпы жана өзгөчөлүктүү жыйынтыктарына таянуу менен Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча жагдайга карата иш-чаралардын таасирин талдоо болуп саналат. Укук бузуулардын алдын алуу боюнча натыйжалардын прогрессине байкоо жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети көз карандысыз эксперттик уюмдардын өкүлдөрүн жана жарандык коомду ишке тартуу менен Иш-аракеттердин улуттук планында аныкталган натыйжаларга жетишүү индикаторлорун жана баалоо инструменттерин колдонот.
Өзгөчө натыйжалардан тышкары, Концепциянын төмөнкүдөй жалпы натыйжаларына жетишүү күтүлүүдө:
1) Кыргыз Республикасынын жарандарынын өздөрүнүн жана жакындарынын коопсуздугу камсыздалганына болгон ишениминин жогорулоосу, бул статистикалык маалыматтар жана социологиялык сурамжылоолор менен ырасталат;
2) жергиликтүү жана улуттук деңгээлде укук бузуулардын алдын алуу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууга көмөктөшүү маселелерине жарандардык коомду жана коомдук уюмдарды тартуу деңгээлинин жогорулоосу, бул мамлекеттик жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтарын талдоо, жарандар менен коммерциялык эмес уюмдарды сурамжылоо менен ырасталат;
3) бардык алдын алуу субъекттеринин ортосумда милдеттерди жана функцияларды так бөлүштүрүү менен укук бузуулардын бирдиктүү жана макулдашылган алдын алуу системасын түзүү, бул тийиштүү ченемдик укуктук жана ведомстволук актылар, практикалык иш менен ырасталат;
4) координациялык механизмдер жергиликтүү жана улуттук деңгээлде алдын алуунун бардык субъекттеринин ортосундагы өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин камсыз кылууга, идеяларды алмашууга жана милдеттерди жана ушул деңгээлдердин ортосундагы көйгөйлөрдү чечүүгө, алдын алуу субъекттеринин ишин өнүктүрүүдө жамааттардын керектөөлөрүн чагылдырууга мүмкүндүк берет;
5) жергиликтүү деңгээлде укук бузуулардын алдын алуу бул чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууга, анын ичинде Концепциянын жоболоруна жана жамааттардын керектөөлөрүнө негизделет, бул укук бузуулардын алдын алуу боюнча биргелешкен пландарды талдоо жана калкты сурамжылоо менен ырасталат;
6) укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасында аялдардын санынын көбөйүшү;
7) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардагы жана ЖӨБдүн аткаруу органдарындагы укук бузуулардын алдын алуу чараларын жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу кызмат адамдары тийиштүү компетенциянын талап кылынган деңгээлине ээ болуусу, иштин бул багыты боюнча окутуу жана квалификацияны жогорулатуу системасы иштейт, бул кызматкерлерди сурамжылоо жана билим берүү программаларын талдоо менен ырасталат;
8) Иш-аракеттердин улуттук планын каржылоонун толугу менен камсыз кылынышы.
Өзгөчө жана жалпы натыйжалар Иш-аракеттердин улуттук планында тыкыр иштелген орто аралык натыйжалар түрүндө берилип, индикаторлорду, алардын базалык жана максаттуу көрсөткүчтөрүн жана көрсөткүчтөрдү тастыктоочу каражаттарды камтууга тийиш, алар тармактык министрликтердин жана ведомстволордун, тийиштүү артыкчылыктар боюнча көз карандысыз эксперттердин болжолдоолорунун жана эксперттик баалоолорунун негизинде иштелип чыгат.
8. Жагымдуу өбөлгөлөр, тобокелдиктер жана аларды жеңүү боюнча чаралар
Концепциянын ийгиликтүү ишке ашырылышына бир катар жагымдуу өбөлгөлөр үчүн жөндөм түзөт, алдын алуу субъекттери өз ишинде ушул өбөлгөлөргө таянат, мында мүмкүн болуучу тобокелдиктер эске алынат жана четтетилет.
Жагымдуу өбөлгөлөр:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы, өлкө жетекчилигинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Концепцияда камтылган башка чечимдери укук бузуулардын алдын алуунун туруктуу системасын калыптандырууга, укук коргоо ишин алдын алуу режимине жана бул багыттагы кеңири социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча саясий эркти билдирет. Соттук-укуктук реформанын алкагында жаңы мыйзамдардын кабыл алынышына байланыштуу укук бузуулардын алдын алуунун жаңы системасын калыптандыруу зарылдыгы көрүндү.
2. Концепцияны кабыл алуу зарылдыгы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин 2019-жылдын 29-октябрындагы чечиминде камтылгандыктан, мыйзам чыгаруу органы тарабынан Концепцияны жүзөгө ашырууга колдоо көрсөтүлүшү үчүн өбөлгөлөр бар.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 20-ноябрындагы № 3362-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик контролдоо иш-милдеттерин ишке ашыруунун алкагында баа берүү өбөлгөлөрүн колдонуу Концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомун кабыл алуу мыйзамдардын (анын ичинде "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын) аткарылышын баалоонун укуктук жана методологиялык алкактарын түзүүдө. Тиешелүү түрдө баалоонун жыйынтыктары боюнча аныкталган боштуктар жана кыйынчылыктар өз убагында байкалып, жоюлат.
4. Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана коомдук уюмдарынын укук бузуулардын алдын алуу иштерин жүргүзүүгө жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууга көмөктөшүүгө болгон кызыгуусунун уламдан-улам өсүп жаткандыгы алардын Концепцияны ишке ашырууга катышуусу үчүн жагымдуу өбөлгө болуп калат.
Тобокелдиктер жана аларды жеңүү боюнча чаралар
№ | Тобокелдиктер | Аларды жеңүү жана жумшартуу боюнча чаралар |
1 | Керектүү көлөмдө жана мөөнөттө каржылоонун жетишсиз болуу ыктымалдыгы | Иш-аракеттердин улуттук планын иштеп чыгуу этабында каржылоо маселелери бардык жооптуу мамлекеттик органдар тарабынан иштелип чыгат. Каржылоо булактары аныкталат. Бул этапта Кыргыз Республикасынын өнүгүү боюнча өнөктөштөрү менен зарыл болгон учурларда алардын ролун аныктоо максатында макулдашуу иштери аткарылат |
2 | Концепциядан келип чыккан айрым ченемдик укуктук жана ведомстволук актыларды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу | Бул маселелерди Координациялык кеңеште талкуулоо консенсуска жетишүүгө мүмкүндүк берет, тиешелүү процесстерди тездетет |
3 | Концепцияны жана Улуттук планды ишке ашырууну баалоо жана мониторинг жүргүзүү процессине жарандык жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү тартылбай калуу ыктымалдыгы | Бул тобокелдикти Концепцияны жүзөгө ашыруунун максаттары жөнүндө жарандык коомго тынымсыз маалымат берип туруунун эсебинен жеңсе болот. Жарандык коом институттарынын өкүлдөрүн Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык механизмдеринин (координациялык кеңештин жана жер-жерлердеги координациялык комиссиялардын) ишине тартуу менен алардын ролун жогорулатууга мүмкүндүк берет |
4 | Билдирилген өзгөчө жана жалпы натыйжаларга толук кандуу жетүүгө мүмкүндүк бербеген чараларды жаңылыш тандап алуу ыктымалдыгы | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, ал эми зарыл болгон учурда - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети (мыйзамдардын аткарылышын баалоонун алкагында) тарабынан таасирди баалоо иши жыл сайын тигил же бул чечимдердин кемчиликтери менен жаңылыштыгын аныктап турууга мүмкүндүк берет. Баалоонун жыйынтыктары Концепциянын жана Иш-аракеттердин улуттук планынын айрым чаралары туура эмес тандап алынгандыгын көрсөткөн учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Концепцияга жана Иш-аракеттердин улуттук планына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеп чыгышы мүмкүн |
5 | Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (мындан ары - ЖӨБО) айрым кызмат адамдары Концепцияны ишке ашыруунун маанилүүлүгүн жана бул иштеги өздөрүнүн ролун жакшы түшүнбөй калуу ыктымалдыгы | Алдын алуу субъекттеринин негизги функциялары "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралгандыктан, бардык мамлекеттик органдардын ролу белгиленген тартипте аткарылууга, контролго жана көзөмөлгө алынууга тийиш. Мониторинг жана баалоонун жүрүшүндө мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун кызмат адамдарынын түшүнүүсү, ошондой эле каршы болуу ыктымалдыгы кийин чечим кабыл алуу максатында талданат |