Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 19-июнундагы № 308
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 1-апрели № 131
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңеш жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 273 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча мамлекеттик органдардын координациялык ишин камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңеш (мындан ары - Кеңеш) түзүлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 273 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңеш жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары жер-жерлерде мыйзам менен сакталуучу жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, коомду жана мамлекетти кылмыштык кол салуулардан коргоо боюнча ички иштер, улуттук коопсуздук органдарынын, прокуратуранын жана башка укук коргоо органдарынын иштерине координация жүргүзөөрү белгиленсин. Бул максатта жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары мыйзамдуулукту сактоо маселелери боюнча кеңешмелерди ички иштер, улуттук коопсуздук органдарынын, прокуратуранын жана башка укук коргоо органдарынын жетекчилеринин катышуусу менен чакырат, жумушчу топторду уюштурат, статистикалык жана башка зарыл болгон маалыматтарды талап кылат, мыйзамдуулукту жана укуктук тартипти чыңдоо ишинде башка ыйгарым укуктарды жүргүзөт.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-июлундагы № 276 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын иштерин координациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
А.Атамбаев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңештин КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 273 токтомуна ылайык күчүн жоготту)