Сравнение редакций…
| |||
|
| 1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 436 токтомуна) | |
Бюджеттик программаларга мониторинг жүргүзүү жана бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетторду берүү ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 404 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү (тескөөчүлөрү) (мындан ары - БКБТ) тарабынан бюджеттик программалар жана чаралар боюнча натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетторду (мындан ары - натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчет) түзүү жана берүү процессин, ошондой эле бюджеттик программалардын/чаралардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана алардын натыйжалуулугун баалоо процессин регламенттейт.
2. Бул Тартипти колдонуунун максаты бюджеттик программаларды/чараларды пландоонун жана ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылуучу бюджеттик программаларга жана чараларга мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун макулдашылган жана бирдиктүү процессин камсыз кылуу болуп саналат.
3. Бюджеттик программалардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ишке ашырылуучу бюджеттик программалардын социалдык-экономикалык таасирин жогорулатуу жана мамлекеттик саясаттын пландалган максаттарына жетүү максатында натыйжалуулукка мониторинг жана баалоо жүргүзүүнү билдирет;
2) бирдиктүү форматтарды колдонууну кошо алганда, бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүүгө мониторинг жүргүзүүдө бирдиктүү ыкманы колдонууну билдирет;
3) жоопкерчилик мониторинг жүргүзүүгө тартылган бардык кызмат адамдары ушул Тартипте каралган талаптардын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартарын билдирет;
4) ачык-айкындуулук жана отчеттуулук бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун жыйынтыгы ачык маалымат экендигин, БКБТ веб-ресурстарына жайгаштырыла турганын билдирет. Жарандык коомдун, илимий жана эксперттик коомдоштуктун өкүлдөрү макулдашуу боюнча бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүгө жана баалоого катышат.
4. Ушул Тартипте колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана терминдер:
1) бюджеттик программанын администратору - бюджеттик программаны пландоо жана ишке ашыруу процессин координациялоо үчүн жоопкерчилик тартуучу БКБТнын кызмат адамы;
2) бюджеттик чара - бюджеттик программаны ишке ашырууга түздөн-түз көмөк көрсөтүүчү иштин түрлөрү (иш-чаралар комплекси, инвестициялык долбоорлор, туруктуу аткарылуучу функциялар, үзгүлтүксүз сатып алуулар) болгон бюджеттик программанын курамдык бөлүгү;
3) бюджеттик программа - Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринен каражаттар менен камсыз кылынуучу улуттук стратегиянын жана/же өнүктүрүүнүн стратегиялык/программалык документтеринин, жана/же мамлекеттик башкаруунун/жергиликтүү өз алдынча башкаруунун функцияларынын максаттарына байланыштуу натыйжаларга жетишүүгө багытталган өз ара байланышкан чаралардын комплекси. Бюджеттик программа сектордун милдеттеринин бирин аткарууга багытталган;
4) мониторинг жүргүзүү тобу - бюджеттик программалардын жана чаралардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү үчүн БКБТнын эки же андан көп адистеринен турган топ, ал БКБТнын буйругу менен аныкталат;
5) натыйжалуулук индикаторлору - пландалган натыйжаларга жетүү даражасын же сектордун/тармактын конкреттүү абалын мүнөздөөчү көрсөткүчтөр. Натыйжалуулук индикаторлору сектордун/тармактын максаттарына жетүү боюнча багыт катары же БКБТнын ишин баалоонун критерийлери катары пайдаланылат;
6) контролдук цифралар - бюджеттик каражаттардын чектүү көрсөткүчү, алардын негизинде бюджеттик мекемелердин чыгымдары түзүлөт;
7) бюджеттик программаны ишке ашыруунун логикалык матрицасы - бюджеттик программаны ишке ашыруу боюнча пландар жөнүндө маалыматты камтыган жана бюджеттик программанын натыйжалуулук индикаторлорунун орто аралык маанилери жана ага кирген бюджеттик чаралар, ошондой эле иш-чаралардын күтүлгөн натыйжалары жөнүндө маалыматты чагылдырган документ;
8) бюджеттик программалардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү - бюджеттик программаны ишке ашыруунун учурдагы абалын мезгил-мезгили менен аныктоо инструменти, натыйжалуулуктун пландалган индикаторлоруна жетишүү даражасын сандык жана сапаттык аныктоого, бюджеттик чаралардын натыйжалуулугун жана иш-чаралардын натыйжалуулугун аныктоого багытталган аналитикалык изилдөө;
9) бюджеттик программанын паспорту - бул программанын максатына жетүүгө багытталган каражаттардын суммасын кошо алганда, бюджеттик программанын максатын, жооптуу аткаруучулардын ишинин багыттарын, натыйжалуу көрсөткүчтөрүн жана башка мүнөздөмөлөрүн аныктоочу документ. Бюджеттик программанын паспорту бюджетти пландоо стадиясында түзүлөт, бирок тиешелүү бюджет бекитилгенден кийин бекитилет;
10) программалык түзүм - бюджеттик программалардын жана аларды түзүүчү бюджеттик чаралардын тизмеси;
11) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бюджеттик жана финансылык чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну, координациялык жөнгө салууну жана аткаруу функцияларын аткарууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин борбордук органы.
2-глава. Бюджеттик программаларды аткаруунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү
5. БКБТ жарым жылда бир жолудан кем эмес бюджеттик программаларды/чараларды ишке ашыруунун жүрүшүнө ведомстволук мониторинг жүргүзөт жана ушул Тартипте белгиленген мөөнөттө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мониторинг жүргүзүү жана натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетторду берет.
6. Мониторинг жүргүзүү объекти болуп бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулук индикаторлорунун мааниси (пландык жана иш жүзүндөгү), иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшү, бюджеттик программаны ишке ашырууну финансылык камсыздоо жөнүндө маалыматтар, тиешелүү отчеттордун маалыматтары саналат.
7. Бюджеттик программаларды/чараларды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү процесси өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) бюджеттик программанын иш жүзүндө аткарылышын жалпысынан жана ар бир бюджеттик чара боюнча өз-өзүнчө талдоо (мониторинг жүргүзүүнүн тиешелүү мезгили үчүн бюджеттик программаны ишке ашыруунун логикалык матрицасында аныкталган пландык маанилер менен натыйжалуулук индикаторлорунун иш жүзүндөгү маанилерин салыштырып талдоо);
2) бюджеттик программаны каржылоону жалпысынан жана ар бир бюджеттик чара боюнча өз-өзүнчө талдоо (каржылоонун пландык жана иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрүн салыштырып талдоо (чыгымдардын экономикалык классификациясынын беренелери боюнча). Ошондой эле мониторинг жүргүзүүдө программанын максатына жетүүгө багытталган каржылоонун бардык булактарын эске алуу зарыл;
3) бюджеттик программаны жалпысынан жана ар бир бюджеттик чара боюнча өз-өзүнчө сапаттуу жана өз убагында ишке ашырууга тоскоол болгон проблемаларды талдоо. Талдоо проблемалардын болушу жөнүндө ар кандай маалымат булактарын идентификациялоону жана колдонууну камтыйт (интервью, сурамжылоолор, документтерди талдоо, фокус-топтордо талкуулоо, тышкы булактар ж.б.);
4) бюджеттик программага жалпысынан жана ар бир бюджеттик чара боюнча өз-өзүнчө мурда жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча жана иштелип чыккан сунуштардын аткарылышын талдоо;
5) бюджеттик программаларды аткаруу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшүн талдоо.
8. Программанын алкагында бюджеттик чараларды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү ушул Тартипте каралган мөөнөттө мониторинг жүргүзүү тобу тарабынан жүзөгө ашырылат жана ушул Тартиптин 1-тиркемесинде келтирилген форма боюнча бюджеттик чараларга мониторинг жүргүзүү жөнүндө отчеттор жана ушул Тартиптин 2-тиркемесинде каралган талаптарга ылайык берилген бюджеттик программаларды аткаруу боюнча иш-чаралар планын аткарылышы жөнүндө маалымат түрүндө түзүлөт.
Бул документтер тиешелүү бюджеттик программанын администраторуна берилет. Мониторинг жүргүзүү боюнча топ тиешелүү бюджеттик программанын администратору менен бирдикте тиешелүү бюджеттик программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө аналитикалык отчетту түзөт.
9. Бюджеттик программанын администратору бюджеттик чараларга мониторинг жүргүзүү жөнүндө отчетторду карайт, 3-тиркемеге ылайык форма боюнча бюджеттик программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө аналитикалык отчетту, ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык форма боюнча бюджеттик программага мониторинг жүргүзүү жөнүндө отчетту, ошондой эле ушул Тартиптин 5-тиркемесине ылайык форма боюнча бюджеттик программанын алкагында иш-чаралардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү жөнүндө маалыматтарды толтурат жана аныкталган проблемаларды азайтуу же жоюу боюнча иш-аракеттерди жасайт. Эгерде мындай иш-аракеттер бюджеттик программанын администраторунун компетенциясынын чегинен чыкса, анда ал БКБТ жетекчилиги тарабынан коллегиялык талкуулоо үчүн сунуштарды даярдайт. Натыйжалуулук индикаторлорунун пландалган максаттуу маанилеринен олуттуу четтөөлөр же бюджеттик программаны ишке ашырууга терс таасирин тийгизүүчү тобокелдик факторлорунун таасири болгон учурда бюджеттик программанын администратору бюджеттик программаны андан ары ишке ашыруу жана алардын негиздемеси боюнча сунуштарды киргизет. Бюджетти пландоо стадиясында көрсөтүлгөн, ишке ашырылган тобокелдиктер болгон учурда бюджеттик программалардын/чаралардын натыйжалуулук индикаторлорунун максаттуу маанилерине жана иш-чаралардын натыйжаларына жетүүгө алардын таасирин азайтуу максатында тобокелдиктерди башкаруу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат көрсөтүлөт. Бюджеттик программанын администратору тобокелдик факторлоруна сапаттык жана сандык баа, натыйжалуулук индикаторлорунун максаттуу маанилерине жетүүгө конкреттүү тобокелдиктин таасир этүү даражасын берет. Тиешелүү бюджеттик программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчет, бюджеттик программага мониторинг жүргүзүү жөнүндө отчет, ошондой эле программанын алкагында иш-чаралардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү жөнүндө отчет аяктагандан кийин администратор аларды жыйынды отчетту түзүүгө жооптуу бөлүмгө өткөрүп берет.
10. Мониторинг жүргүзүү жана натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө жыйынды отчетту түзүүгө жооптуу БКБТнын бөлүмү бюджеттик программалардын администраторлору берген маалыматтарды жалпылайт, мониторинг жүргүзүү жана натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө жыйынды отчетту түзөт, БКБТнын жетекчисинин кароосуна жана бекитүүсүнө киргизет.
11. БКБТнын жетекчиси отчетту коллегиалуу кароонун датасы жөнүндө чечим кабыл алат, тиешелүү башкаруу чечимдерин кабыл алат, мониторинг жүргүзүү жана натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетту бекитет. Натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу органга берилгенге чейин төмөнкү мөөнөттөрдө коллегиялуу түрдө каралат:
1) учурдагы жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча, 20-августтан кечиктирбестен;
2) жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки жылдын 20-мартынан кечиктирбестен.
12. Отчетту кароонун жыйынтыгы БКБТнын төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алуусу болушу керек:
1) бюджеттик программаны ишке ашыруудагы проблемаларды четтетүү жөнүндө;
2) бюджеттик программанын көрсөткүчтөрүн тактоо/оңдоо, бюджеттин программалык түзүмүн өзгөртүү же бюджеттик программаны, бюджеттик чараларды жана программанын алкагында айрым иш-чараларды ишке ашыруу мөөнөттөрүн кыйла кийинки мөөнөткө жылдыруу жөнүндө;
3) бюджеттик программаны ишке ашыруунун финансылык көрсөткүчтөрүн оңдоо (мисалы, бюджеттик программалардын/чаралардын ортосунда каражаттарды кайра бөлүштүрүү, каражаттарды үнөмдөөнүн натыйжасында каржылоо көлөмүн азайтуу ж.б.);
4) БКБТ ыйгарым укуктарынын чегинен чыккан чечимдерди кабыл алуу үчүн маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга суроо-талап жөнөтүү жөнүндө.
13. Мониторинг жүргүзүү жана натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчет БКБТнын жетекчиси тарабынан бекитилгенден кийин, тийиштүү бөлүм аны кагаз жана электрондук түрдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Тартипте каралган талаптарга ылайык берет.
14. Мониторинг жүргүзүү жана натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчеттор төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
1) ар бир бюджеттик программага мониторинг жүргүзүү боюнча топ менен бирдикте бюджеттик программалардын администраторлору менен өз-өзүнчө түзүлүүчү БКБТ бюджеттик программаларын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө аналитикалык отчет;
2) бюджеттик чарага мониторинг жүргүзүү жөнүндө отчет;
3) Бюджеттик программалардын иш-чаралар планынын аткарылышы жана жетишилген натыйжалар жөнүндө маалымат;
4) бюджеттик программага мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы жөнүндө маалымат;
5) бюджеттик программалардын иш-чараларынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү.
15. Бюджеттик программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө аналитикалык отчет ушул Тартиптин 3-тиркемесинде каралган талаптарга ылайык жана форматта берилет. Бюджеттик программалардын администраторлору тиешелүү бюджеттик программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө аналитикалык отчетту ушул Тартиптин 3-тиркемесинде каралган талаптарга ылайык жыйынды отчетту түзүүгө жооптуу бөлүмгө беришет.
16. БКБТнын бюджеттик программаларды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө аналитикалык отчету төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
1) бюджеттик программаларды анын бардык финансылык камсыздоо булактарынын, анын ичинде бюджеттен тышкаркы булактардын эсебинен ишке ашырууга чыгымдар жөнүндө;
2) отчеттук мезгилдин ичинде бюджеттик программалардын/чаралардын натыйжалуулук индикаторлорунун максаттуу маанилерине жетишүү жөнүндө, четтөө себептери;
3) бюджеттик программаны ишке ашыруунун учурдагы абалы, отчеттук мезгилде жетишилген натыйжалар, бюджеттик программанын максаттарына жетүүдө жетишилген натыйжалардын салымынын мүнөздөмөсү, 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын, өнүктүрүүнүн стратегиялык/программалык документтеринин максаттарына жетүү жөнүндө маалыматтар. Прогресс жок болсо, себептери жана болгон проблемалар көрсөтүлөт;
4) бюджеттик программаларды ишке ашырууга чыгымдардын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө (ар бир программа боюнча өзүнчө берилет);
5) бюджеттик программага киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө маалымат. Натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчет отчеттук мезгилдин ичинде бюджеттик программага киргизилген өзгөртүүлөрдүн тизмесин, алардын негиздемесин жана тиешелүү чечимдердин көчүрмөлөрүн камтууга тийиш.
17. Бюджеттик чарага мониторинг жүргүзүү жөнүндө отчет ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча тиешелүү бюджеттик программанын администраторуна берилет.
18. Отчеттук мезгилде бюджеттик программаларды аткаруу жана натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү боюнча иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө маалымат бюджеттик программанын иш-чараларын ишке ашыруу жөнүндө жалпы түшүндүрмөлөрдү, ошондой эле аларды аткарууга таасир тийгизүүчү факторлорду камтыйт. Бюджеттик программаларды аткаруу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө маалымат ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча берилет.
19. Бюджеттик программага мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы жөнүндө маалымат ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык форма боюнча берилет.
20. Бюджеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү ушул Тартиптин 5-тиркемесине ылайык форма боюнча берилет.
21. Бюджеттик программаларды ишке ашыруунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү жана натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчеттор ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Тартипте каралган мөөнөттөрдө жана талаптарга ылайык мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө берилет.
22. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган БКБТнын натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетторун аларды алган күндөн тартып үч жуманын ичинде ушул Тартиптин талаптарына шайкештигине, бюджеттик программаларды ишке ашыруунун жүрүшүнө, натыйжалуулук индикаторлоруна жетиштүү даражасына карата карайт. Зарыл болгон учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган БКБТка натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчеттогу кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштарды жана бюджеттик программаларды ишке ашыруу боюнча сунуштарды жөнөтөт.
23. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунуштарын алган БКБТ натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчеттогу кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды көрөт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайра берет.
24. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бардык БКБТ боюнча бюджеттик программаларга мониторинг жүргүзүү жөнүндө жалпыланган аналитикалык маалыматты түзөт жана бюджеттик программаларды андан ары ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберет. Бардык БКБТ боюнча бюджеттик программаларга мониторинг жүргүзүү жөнүндө жалпыланган аналитикалык маалымат төмөнкү маселелерди чагылдырат, бирок алардын тизмеси менен чектелбейт:
1) бюджеттик программаларга мониторинг жүргүзүү жөнүндө жыйынды аналитикалык отчетту;
2) ар бир БКБТ боюнча өз-өзүнчө отчеттун толуктугу жана салаты;
3) БКБТнын бюджеттик программаларды ишке ашырууда келип чыккан системалаштырылган уюштуруу жана техникалык проблемалардын жалпы серебин;
4) БКБТнын бюджеттик программаларды ишке ашырууда келип чыккан бюджеттик каражаттарды каржылоо жана өздөштүрүү проблемаларынын жалпы серебин;
5) БКБТдан алынган сунуштарга ылайык кырдаалды жакшыртуу боюнча сунуштарды, бюджеттик программаны же конкреттүү бюджеттик чараны каржылоону кыскартуу боюнча сунуштарды;
6) зарыл болгон учурда кыйла ийгиликтүү бюджеттик программалардын тармактык көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүшүнө таасирин, тармактык тенденцияларды, бюджеттик инвестициялар чөйрөсүндө өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен иштөөнүн артыкчылыктарын талдоо.
25. Бюджеттик программаларды аткаруунун жана натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүүнүн натыйжалары зарыл болгон учурда жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында каралат.
26. Жыйналышка маалымат бюджеттик программаларга мониторинг жүргүзүү жана натыйжалуу индикаторлоруна жетишүү жөнүндө берилген отчеттун негизинде тиешелүү жооп БКБТ тарабынан даярдалат.
27. Бюджеттик программаларды/чараларды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жыйынтыктоочу корутунду учурдагы бюджеттик мезгилдин бюджетине белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү, кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге бюджеттин долбоору боюнча тиешелүү сунуштарды киргизүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат.
3-глава. Уюштуруу маселелери
28. БКБТнын жетекчиси жыл сайын 15-январдан кечиктирбестен ведомстволук буйрук менен төмөнкүлөрдү аныктайт:
1) БКБТнын мониторинг жүргүзүү жана натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө жыйынды отчетун берүү үчүн жооптуу бөлүмдү;
2) бюджеттик программалардын администраторлорун. Карамагына тиешелүү бюджеттик программада аныкталган иштин багыты кирген БКБТнын жетекчисинин орун басары же иши бюджеттик программанын максаттарына жетишүүгө көбүрөөк салым кошкон БКБТнын тармактык бөлүмүнүн жетекчиси бюджеттик программанын администратору болуп саналат;
3) тиешелүү бюджеттик программаны ишке ашыруу жана натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү үчүн жооптуу бөлүмдөрдүн өкүлдөрүнүн ичинен бюджеттик программалардын натыйжалуулугун индикаторлоруна жетишүүгө мониторинг жүргүзүү боюнча топторду. Мониторинг жүргүзүү боюнча топтор ар бир программа үчүн өз-өзүнчө бекитилет жана өзүнө бюджеттик программаны ишке ашырууга жооптуу болгон БКБТнын бардык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүн камтыйт;
4) бюджеттик программалардын аткарылышына мониторинг жүргүзүүнүн жана бюджеттик программалардын/чаралардын натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчет берүүнүн план-графигин;
5) бюджеттик программаны ишке ашыруунун логикалык матрицаларын (мындан ары - логикалык матрицалар) ушул Тартиптин 6-тиркемесине ылайык форма боюнча бекитет.
29. Ушул Тартиптин 28-пунктунда бекитүү каралган буйруктун көчүрмөсү БКБТ тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жыл сайын, жылдын 1-февралынан кечиктирбестен берилет.
30. БКБТнын жетекчилери төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) бюджеттик программаларды аткаруунун жүрүшүнө жана натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүүгө системалуу мониторинг жүргүзүү процессин уюштурууга;
2) бюджеттик программаларды ишке ашыруунун жүрүшүнө жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде БКБТнын компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга;
3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга БКБТнын натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө жыйынды отчетторду өз убагында, анык жана сапаттуу берүүгө;
4) бюджеттик программаларды ишке ашыруунун алкагында бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды көрүүгө.
31. Мониторинг жүргүзүү жана натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө жыйынды отчетту даярдоого жооптуу бөлүм:
1) ушул Тартипте каралган талаптарга ылайык жана мөөнөттөрдө натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө жыйынды отчетту аткаруу, мониторинг жүргүзүү жана берүү процессин уюштурат;
2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тиешелүү мезгил үчүн мониторинг жүргүзүү жана натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчет берет;
3) тиешелүү бюджеттик программалардын администраторлору тарабынан берилген маалыматтардын негизинде натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетторду жалпылайт жана жыйынды отчетту түзөт;
4) бюджеттик программалардын администраторлорунан зарыл болгон маалыматтарды сурайт;
5) БКБТнын жетекчилигине жыйынды отчетту коллегиялуу кароо жөнүндө сунуш киргизет.
32. Бюджеттик программалардын администраторлору бюджеттик программа жана ага кирген бюджеттик чаралар боюнча болжолдордун, пландардын жана отчеттордун сапаты жана аныктыгы, бюджеттик программаны ишке ашыруунун натыйжалуулугу, бюджеттик программанын натыйжалуулук индикаторлорунун максаттуу маанилерине жетишүү, чаралар жана иш-чаралар үчүн жооп берет. Бюджеттик программанын администратору:
1) тиешелүү бюджеттик программаны аткаруу боюнча иш-чаралар планында каралган натыйжалуулук индикаторлорунун максаттуу маанилерине жана түздөн-түз жыйынтыктарга жетишүү боюнча процессти уюштурат;
2) бюджеттик чараларды жана бюджеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чараларды аткаруу, анын ичинде тиешелүү бюджеттик программа боюнча натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетторду даярдоо боюнча БКБТнын жооптуу бөлүмдөрүнүн ишин координациялайт;
3) бюджеттик программаларды/чараларды жана натыйжалуулук индикаторлорун БКБТнын бюджеттик чыгымдарынын орто мөөнөттүү стратегиясын жана программалык негизде бюджетти даярдоо стадиясында эксперттик баалоону жүзөгө ашырат;
4) тиешелүү бюджеттик программанын логикалык матрицасын түзөт жана толтурат;
5) бюджеттик программаны жана бюджеттик программага кирген чараларды аткаруунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзөт жана бюджеттик программага мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы жөнүндө маалыматтарды түзөт;
6) бюджеттик программага мониторинг жүргүзүү боюнча топ менен бирдикте бюджеттик программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө аналитикалык отчетту түзөт. Бул документ натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө жыйынды отчетту даярдоо үчүн жооптуу бөлүмгө берилет;
7) бюджеттик программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө бюджеттик программаны кошо аткаруучулардын сунуштарын карайт жана бюджеттик программаны оңдоо жөнүндө БКБТнын жетекчисине сунуштарды киргизет;
8) Тиешелүү бюджеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында каралган натыйжалуулук индикаторлоруна жана түздөн-түз натыйжаларга жетишүүнү кошкондо, тиешелүү бюджеттик программаны аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматтын өз убагында берилишин, аныктыгын жана толуктугун камсыз кылат;
9) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча бюджеттик программанын/чаралардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды берет;
10) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талаптарына жоопторду даярдоо үчүн бюджеттик программанын кошо аткаруучулардан маалыматтарды сурайт;
11) бюджеттик программаны аткаруунун жүрүшү/жыйынтыгы жөнүндө маалыматты даярдайт жана жетекчиликке берет;
33. Бюджеттик программаларды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү боюнча топтун өкүлдөрү:
1) бюджеттик чаралардын жана тиешелүү бюджеттик программанын иш-чараларынын аткарылышын камсыз кылат;
2) бюджеттик чаранын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзөт жана бюджеттик чарага мониторинг жүргүзүү жөнүндө отчетту түзөт. Отчет бюджеттик программанын администраторуна ушул Тартипте каралган мөөнөттөрдө берилет;
3) бюджеттик программанын администратору менен бирдикте тиешелүү бюджеттик программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө аналитикалык отчетту түзөт;
4) өз компетенциясынын чегинде Бюджеттик программаны аткаруу боюнча иш-чаралар планына ылайык натыйжалуулук индикаторлорунун максаттуу маанилерине жана күтүлгөн натыйжаларга жетишүү, ошондой эле мамлекеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу үчүн жоопкерчилик тартат;
5) өз компетенциясына кирген маселелер боюнча отчеттук мезгил үчүн Тиешелүү бюджеттик программаны аткаруу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө маалыматтарды толтурат;
6) өз компетенциясына кирген маселелер боюнча бюджеттик программаны ишке ашыруунун логикалык матрицасын түзөт жана толтурат;
7) бюджеттик программанын администраторуна өз компетенциясына кирген маселелер боюнча бюджеттик программага өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды берет;
8) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талаптарына жоопторду даярдоо үчүн зарыл маалыматты белгиленген мөөнөттө берет;
9) бюджеттик программанын администраторуна натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетту даярдоо жана бюджеттик программанын натыйжалуулугун баалоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды берет;
10) бюджеттик программанын администраторуна тиешелүү бюджеттик чараны ишке ашыруунун алкагында иш-чаралардын аткарылышын ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн берет.
34. Бюджеттик программаларды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жана бюджеттик программалардын/чаралардын натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетторду берүүнүн план-графиги бардык БКБТ үчүн бирдей болуп саналат жана 1-таблицада келтирилген план-график боюнча ишке ашырылат.
|
| 1-таблица |
| Иш-чаранын аталышы | Жооптуу аткаруучулар | Мөөнөттөр |
1 | Бюджеттик программаларды ишке ашыруу боюнча бюджеттик программалардын жана логикалык матрицалардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү жөнүндө БКБТнын буйругун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүү | БКБТ | 1-февралга чейин |
2 | Бюджеттик программаларды ишке ашыруу боюнча берилген логикалык матрицаларды ушул Тартиптин талаптарына шайкештигине карата кароо жана сын пикирлерди жана сунуштарды тиешелүү БКБТга жөнөтүү | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | 15-февралга чейин |
3 | Бюджеттик чараларга мониторинг жүргүзүү жөнүндө отчетту жана натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетту бюджеттик программанын администраторуна берүү | Мониторинг жүргүзүү боюнча топ | - учурдагы жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча, 1-августтан кечиктирбестен; - жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки жылдын 15-февралынан кечиктирбестен |
4 | Маалыматты кароо, жалпылоо жана тиешелүү бюджеттик программа боюнча натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетту жыйынды отчетту даярдоого жооптуу бөлүмгө берүү | Бюджеттик программалардын администраторлору | - учурдагы жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча, 10-августтан кечиктирбестен; - жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-мартынан кечиктирбестен |
5 | БКБТнын натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө жыйынды отчетун даярдоо жана БКБТнын жетекчилигинин кароосуна берүү | Жыйынды отчетту даярдоого жооптуу бөлүм | - учурдагы жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча, 15-августтан кечиктирбестен; - жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки жылдын 10-мартынан кечиктирбестен |
6 | Мониторинг жүргүзүү жана натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетту коллегиалдуу кароо жана аны бекитүү | БКБТ жетекчиси | - учурдагы жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча, 20-августтан кечиктирбестен; - жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки жылдын 20-мартынан кечиктирбестен |
7 | БКБТнын натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө жыйынды отчетун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүү | Жыйынды отчетту даярдоого жооптуу бөлүм | - учурдагы жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча, 1-сентябрдан кечиктирбестен; - жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелинен кечиктирбестен |
8 | Натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетту кароо жана сунуштарды жана сын пикирлерди БКБТга жөнөтүү | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | 5 жумуш күндүн ичинде |
9 | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сын пикирлери жана сунуштары боюнча натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетту жеткире иштеп чыгуу жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайра берүү | БКБТ | 5 жумуш күндүн ичинде |
10 | Бардык БКБТ боюнча натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетторду жалпылоо жана отчеттук мезгил үчүн бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетко маалыматтарды киргизүү | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | - учурдагы жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча, 15-сентябрдан кечиктирбестен; - жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки жылдын 20-апрелинен кечиктирбестен |
11 | Бюджеттик программалардын аткарылышына мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча негизги маалыматтардын натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетторду БКБТнын расмий сайтына жайгаштыруу | БКБТ | - учурдагы жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча, 1-сентябрдан кечиктирбестен; - жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелинен кечиктирбестен |
35. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары:
1) логикалык матрицаларды кароо жана логикалык матрицалар сапатсыз түзүлгөн учурларда БКБТга сунуштамаларды жөнөтүү;
2) мониторинг жүргүзүү жана натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү боюнча берилген отчетторду талдоонун жыйынтыгы боюнча БКБТнын сунуштамаларын иштеп чыгуу;
3) бюджеттик программаны ишке ашырууга чыгымдар жөнүндө маалыматтарды текшерүү (пландалган, такталган, иш жүзүндөгү көрсөткүчтөр);
4) бардык БКБТ боюнча бюджеттик программаларга мониторинг жүргүзүү жөнүндө жыйынды маалыматты даярдоо;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине БКБТнын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирбеген маселелер боюнча чечим кабыл алуу үчүн маалыматтарды берүү.
4-глава. Натыйжалуулук индикаторлорунун максаттуу маанилерине жетишүү үчүн жоопкерчилик
36. Бюджеттик программалардын натыйжалуулук индикаторлоруна жетүү, системалуу мониторинг жүргүзүү, бюджеттик программалар боюнча натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү боюнча отчетторду өз убагында, анык жана сапаттуу берүү үчүн жоопкерчилик БКБТнын жетекчисине жүктөлөт.
37. БКБТ бюджеттик программалардын аткарылышына жүргүзүлгөн мониторингдин жана талдоонун жыйынтыгы боюнча натыйжалуулук индикаторлорунун максаттуу маанилерине жетишүү жана бюджеттик чыгымдардын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча өз убагында чараларды көрөт.
38. Натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчет берилбеген жана/же сапатсыз берилген учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджеттик мыйзамдарды бузгандыгы үчүн БКБТнын жетекчилерине тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизет.
|
| Бюджеттик программаларга мониторинг жүргүзүү жана бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетторду берүү тартибине 1-тиркеме |
Форма
Бюджеттик чарага мониторинг жүргүзүү жөнүндө ОТЧЕТ

1. Бюджеттик чаранын аталышы жана коду | Программалык бюджеттик классификация боюнча бюджеттик чаранын коду көрсөтүлөт | Бюджеттик чаранын аталышы ал БКБТ программалык бюджетинде берилген ошол эле түрүндө келтирилет | ||||||||||||||||
2. Отчеттук мезгил | Мисалы: 2021-жылдын II жарым жылдыгы | |||||||||||||||||
3. Бюджеттик чаранын кыскача сыпаттамасы: | Бюджеттик чаранын алкагында каралган иш-чаралардын (сатып алуулар, төлөмдөр, курулуш ж.б.) кыскача сыпаттамасы келтирилет. Бюджеттик чаранын коомдук пайдалуулугунун контекстинде бенефициарлар көрсөтүлөт (калктын топтору, экономиканын кичи тармактары ж.б.) (бенефициар катары БКБТ өзү же ага отчет берүүчү бюджеттик каражаттарды тескөөчүлөр көрсөтүлүшү мүмкүн эмес) | |||||||||||||||||
4. Отчеттук жарым жылдыктын аягына карата бюджеттик чараны ишке ашыруунун учурдагы абалы | Бюджеттик чараны ишке ашырууда учурдагы кырдаал жөнүндө кыскача (1-2 абзац) маалымат (мисалы, негизги жетишкендиктер, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын деңгээли, объекттердин физикалык/техникалык абалы жөнүндө ж.б.). Эгерде мурунку жарым жылдыкка мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча белгиленген бюджеттик чараны ишке ашырууда проблемалар болсо, аларды санап чыгуу зарыл | |||||||||||||||||
5. Финансылык индикаторлор: | ||||||||||||||||||
5.1. Бюджеттик чаранын каражаттарынын өз убагында жана толук өздөштүрүлүшүн талдоо (сом): Төмөнкү таблицада бюджеттик чара боюнча иш жүзүндөгү чыгымдарды пландык/такталган чыгымдар менен, отчеттук жарым жылдык (Q) боюнча салыштыруу. Ошондой эле өткөн жарым жыл үчүн чыгымдардын иш жүзүндөгү суммасы (Q-1) жана кийинки жарым жылга пландалган сумма (Q+1), ошондой эле чыгымдардын жалпы пландалган/такталган жылдык суммасы көрсөтүлөт | ||||||||||||||||||
Чыгымдардын негизги беренелери | Q-1 (иш жүз.) | Q | 2-жарым жылдыкка план (план./такт.) | Х жыл үчүн жалпы (бул графа жарым жылдык отчетто толтурулат) | ||||||||||||||
план/такт. | иш жүз. | четтөө | % четтөө | |||||||||||||||
Эмгек акы |
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||
СФга чегерүүлөр |
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||
Коммуналдык чыгымдар |
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||
Башка чыгымдар |
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||
Капиталдык чыгымдар |
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||
БАРДЫГЫ |
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||
5.2. Четтөөлөрдү талдоо | Четтөөлөрдүн себеби болгон финансылык проблемалар жана ишке ашырылган тобокелдиктер кыскача саналат. 5%дан ашпаган четтөөлөр үчүн талдоо жүргүзүлбөйт, эгерде мониторинг жүргүзүүнүн аткаруучусу бул үчүн өзгөчө себеп көрбөсө | |||||||||||||||||
6. Натыйжалуулуктун финансылык эмес индикаторлору: | ||||||||||||||||||
6.1. Натыйжалуулук индикаторлорунун маанилерине жетүүнү талдоо: Төмөнкү таблицада отчеттук мезгилдин аягына карата бюджеттик программа боюнча натыйжалуулук индикаторлорунун иш жүзүндөгү маанилерин (Q) бюджеттик программаны ишке ашыруунун логикалык матрицасында келтирилген ошол мезгил үчүн пландык маанилер менен салыштыруу. Ошондой эле өткөн мезгил үчүн индикаторлордун иш жүзүндөгү маанилери да көрсөтүлөт. Жарым жылдык отчетто кийинки жарым жылга пландалган маанилер, ошондой эле ар бир индикатордун жалпы пландык жылдык мааниси (X жылы) көрсөтүлөт. Жылдык отчетто индикатордун пландык жана иш жүзүндөгү жылдык маанилери гана көрсөтүлөт | ||||||||||||||||||
Бюджеттик чаранын натыйжалуулугунун индикаторлору | өлчөө бирдиги | Q-1 (такт.) | Q-1 (иш жүз.) | отчеттук мезгил (Q) | 2-жарым жылдыкка план (план./такт.) | Х жыл үчүн жалпы (бул графа жарым жылдык отчетто толтурулат) | ||||||||||||

| |||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||
6.2. Четтөөлөрдү талдоо | Терс четтөөлөрдүн себеби болгон уюштуруучулук, финансылык, техникалык жана башка проблемалар жана ишке ашырылган тобокелдиктер кыскача саналат. 5%дан ашпаган четтөөлөр үчүн талдоо жүргүзүлбөйт, эгерде мониторинг жүргүзүүнүн аткаруучусу бул үчүн өзгөчө себеп көрбөсө | |||||||||||||||||
6.3. Жетишкендиктерди талдоо | Бюджеттик программаны ишке ашырууда оң өзгөрүүлөр кыскача саналат | |||||||||||||||||
6.4. Проблемалар жана жетишкендиктер жөнүндө маалыматтын булактары | Натыйжалуулук индикаторлорунун максаттуу маанилеринен четтөөлөрдү пайда кылган проблемалар жана бюджеттик чараны ишке ашырууда жетишкендиктер жөнүндө маалыматтарды чогултуунун методдору жана булактары (интервьюлар, документтерди талдоо, фокус-топтор, тышкы булактар) көрсөтүлөт | |||||||||||||||||
7. Проблемаларды чечүүнүн сунушталган жолдорунун сыпаттамасы | Бюджеттик программанын администратору бюджеттик чараны ишке ашырууну кыйындаткан проблемаларды чечүү үчүн аткарууну сунуш кылган иш-аракеттер саналат | |||||||||||||||||
8. Мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча БКБТ жетекчилиги тарабынан кабыл алынган чечимдер | Мында бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүнүн жетекчилиги тарабынан мониторинг жүргүзүүнүн жүрүшүндө аныкталган бюджеттик чараны натыйжалуу ишке ашырууга тоскоолдук кылган проблемаларды азайтуу же жоюу үчүн кабыл алынган коллегиялык чечимдер саналат (мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча БКБТ жетекчилиги кабыл алган чечимдер жок болсо, сызыкча коюлат) | |||||||||||||||||
| Аты-жөнү, кызматы | Колу | ||||||||||||||||
Аткаруучу |
|
| ||||||||||||||||
Бекитилген |
|
| ||||||||||||||||
Дата |
|
| ||||||||||||||||
БКБТда байланыш адам |
|
| ||||||||||||||||
Телефон |
|
| ||||||||||||||||
Электрондук почта |
|
| ||||||||||||||||
|
| Бюджеттик программаларга мониторинг жүргүзүү жана бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетторду берүү тартибине 2-тиркеме |
Форма
Бюджеттик программалардын иш-чаралар планынын аткарылышы жана жетишилген натыйжалар жөнүндө МААЛЫМАТ
ПК коду | № | Бюджеттик программанын/чаранын/иш-чаранын аталышы | Индикатордун/жетишилген натыйжанын аталышы | Өлчөө бирдиги | Натыйжалуулуктун индикаторунун/жетишилген натыйжанын маанилери(*) | Четтөө, пайыз менен | Аткаруу статусу(*) | Маалымат булагы | Каржылоо, миң сом(**) | Каржылоо булагы(***) | ||||
|
|
|
|
| базалык мезгил | I жарым жылдык | II жарым жылдык |
|
|
|
|
| ||
иш жүз. | план | иш жүз. | план | иш жүз. | ||||||||||
| Көрсөтүлбөйт | Бюджеттик программанын аталышы |

| 1.1 | Иш-чаранын аталышы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| 1.2 | Иш-чаранын аталышы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
(*) Бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулук индикаторлорунун аталышы жана пландык маанилери, ошондой эле иш-чаралардын жетишилген натыйжаларынын көрсөткүчтөрү БКБТнын буйругу менен бекитилген бюджеттик программаларды ишке ашыруунун логикалык матрицасына ылайык так келтирилет. Натыйжалуулук индикаторлорунун/жетишилген натыйжанын иш жүзүндөгү маанилери отчеттук мезгилдин аягындагы абал боюнча көрсөтүлөт. Отчеттук датага карата жетишилген натыйжанын иш жүзүндөгү мааниси жок болгон учурда, анын баалоо мааниси эскертүү менен көрсөтүлөт. Эскертүүдө өлчөөнүн мезгилдүүлүгү жана натыйжалуулук индикаторунун/жетишилген натыйжанын иш жүзүндөгү маанилери жөнүндө маалыматпы алуу мөөнөттөрү тууралуу маалымат көрсөтүлөт.
(**) "Каржылоо, миң сом" графасында каржылоонун бардык болгон булактарынан алынган каражаттар көрсөтүлөт.
(***) "Каржылоо булактары" графасында булактар төмөнкүдөй редакцияда көрсөтүлөт: "Бюджеттик каражаттар", "мамлекеттик инвестициялар", "Атайын эсептердеги каражаттар", "Жеке каражаттар", "Бюджеттик системанын бюджеттеринин каражаттары", "Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн бюджетте эсепке алынбаган каражаттары". Эгерде каржылоо булактары бир нече болсо, "Каржылоо булактары" графасында конкреттүү булактан алынган каражаттардын суммасы көрсөтүлөт.
"Аткаруу статусу" графасында бюджеттик программаны/чараны же бюджеттик чаралардын алкагында иш-чараларды ишке ашыруу жөнүндө БКБТга баа берилет. Баалоо "аткарылды", "аткарылган жок" статусу менен берилет. Иш-чара төмөнкү жыйынтыктарга жеткенде толук көлөмдө аткарылды деп эсептелет:
- бир жолу ишке ашырылуучу иш-чара күтүлгөн натыйжанын пландык көрсөткүчүнө жеткенде толук көлөмдө аткарылды деп эсептелет;
- ишке ашыруунун жетишилген натыйжасы жыл сайын акыркы мааниге ээ болгон иш-чара, эгерде жетишилген натыйжанын мааниси пландык маанинин 100% жана андан ашык пайызына жеткен болсо, толук көлөмдө аткарылды деп эсептелет.
|
| Бюджеттик программаларга мониторинг жүргүзүү жана бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетторду берүү тартибине 3-тиркеме |
Форма
БКБТнын бюджеттик программаларын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө аналитикалык ОТЧЕТ
1. БКБТнын аталышы |
|
| |||||||||||||||
2. Отчет берилүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
| |||||||||||||||
3. Отчеттук мезгил | Мисалы: 2021-жылдын II жарым жылдыгы |
| |||||||||||||||
4. Жалпысынан сектор же БКБТ боюнча бюджеттик программаларды жана бюджеттик чараларды ишке ашыруудагы жалпы тенденциялар | Бюджеттик программаларды жана чараларды ишке ашыруудагы эң көрүнүктүү проблемалар же эң мыкты жетишкендиктер системалаштырылат жана сыпатталат. Корутундулар жана негизги тыянактар, сунуштамалар жана алынган сабактар көрсөтүлөт |
| |||||||||||||||
5.1. 1-бюджеттик программанын аталышы жана коду | Программалык бюджеттик классификация боюнча бюджеттик программанын коду көрсөтүлөт | Бюджеттик программанын аталышы БКБТнын программалык бюджетинде берилген редакцияда келтирилет | |||||||||||||||
5.2. Программанын максаты | Бул графада программанын максаты БКБТнын программалык бюджетинде берилген редакцияда көрсөтүлөт | ||||||||||||||||
5.3. Бюджеттик программанын кыскача сыпатталышы | Бюджеттик программа чече турган тармактык проблемалардын кыскача сыпатталышы келтирилет. Бюджеттик программанын бенефициарлары анын коомдук пайдалуулугунун контекстинде көрсөтүлөт (калктын топтору, экономиканын кичи тармактары ж.б.) (бенефициар катары бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүнүн өзү же ага отчет берүүчү бюджеттик каражаттарды тескөөчүлөр көрсөтүлүшү мүмкүн эмес). Мында ошондой эле стратегиялык максаттарга жетүү жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселелерин чечүү үчүн мамлекеттик программанын негизги натыйжаларынын салымынын мүнөздөмөсү келтирилет | ||||||||||||||||
6. Отчеттук мезгилдин аягына карата бюджеттик программаны ишке ашыруунун учурдагы абалы | Бюджеттик программаны ишке ашыруудагы учурдагы кырдаал жөнүндө кыскача (1-2 абзац) маалымат (мисалы, негизги жетишкендиктер, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын деңгээли, объекттердин физикалык/техникалык абалы жөнүндө ж.б.). Эгерде бюджеттик чараларга мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча белгиленген бюджеттик программаны ишке ашырууда проблемалар бар болсо, алардын негизгилерин көрсөтүү зарыл | ||||||||||||||||
7. Бюджеттик программа жетишүүгө багытталган туруктуу өнүктүрүүнүн максаттары жана милдеттери | Бул графада бюджеттик программа жетишүүгө багытталган туруктуу өнүктүрүүнүн максаттары жана милдеттери көрсөтүлөт (бар болсо). Бюджеттик программанын паспортунда берилген редакцияда көрсөтүлөт. Эгерде бюджеттик программа туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына жана милдеттерине жетүүгө багытталбаса, "Бюджеттик программа туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына жана милдеттерине жетишүүгө багытталган эмес" деп көрсөтүлөт | ||||||||||||||||
8. Бюджеттик программа жетишүүгө багытталган 2018-2040-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында аныкталган артыкчылыктар | Бул графада бюджеттик программа жетишүүгө багытталган 2018-2040-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында аныкталган артыкчылыктар көрсөтүлөт (бар болсо). Бюджеттик программанын паспортунда берилген редакцияда көрсөтүлөт. Эгерде бюджеттик программа 2018-2040-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында аныкталган артыкчылыктарды ишке ашырууга багытталбаса, "Бюджеттик программа 2018-2040-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында аныкталган артыкчылыктарга жетишүүгө багытталган эмес" деп көрсөтүлөт | ||||||||||||||||
Каржылоону талдоо | |||||||||||||||||
9. Бардык каржылоо булактарынын эсебинен бюджеттик программаны ишке ашырууга бардык чыгымдар (миң сом), анын ичинен: |
| ||||||||||||||||
9.1. Бюджеттик каражаттар, миң сом | Бул графада тийиштүү мезгилге бюджеттик программаны каржылоого чыгымдар жөнүндө пландык/такталган жана иш жүзүндөгү маанилер, б.а. аралык отчетто жарым жылдык маанилер, жылдык отчетто жылдык маанилер көрсөтүлөт | ||||||||||||||||
план./такт. | иш жүзүндө | ||||||||||||||||
|
| ||||||||||||||||
9.2. Атайын эсептердеги каражаттар, миң сом | Бул графада тийиштүү мезгилге бюджеттик программаны каржылоого чыгымдар жөнүндө пландык/такталган жана иш жүзүндөгү маанилер, б.а. аралык отчетто жарым жылдык маанилер, жылдык отчетто жылдык маанилер көрсөтүлөт | ||||||||||||||||

9.3. Мамлекеттик инвестициялар (мындан ары - МИ), миң сом | Бул графада тийиштүү мезгилге бюджеттик программаны каржылоого чыгымдар жөнүндө пландык/такталган жана иш жүзүндөгү маанилер, б.а. аралык отчетто жарым жылдык маанилер, жылдык отчетто жылдык маанилер көрсөтүлөт | ||||||||||||||||

9.4. Кошо аткаруучулардын каражаттары, миң сом | Бул графада тийиштүү мезгилге бюджеттик программанын максатына жетүүгө чыгымдар жөнүндө пландык/такталган жана иш жүзүндөгү маанилер, б.а. аралык отчетто жарым жылдык маанилер, жылдык отчетто жылдык маанилер көрсөтүлөт. Бул маалымат, маалымат чогултуу мүмкүнчүлүгү болгондо милдеттүү түрдө көрсөтүлөт. Мисалы, түрткү берүүчү (үлүштүк гранттар, капиталдык салымдар, биргелешкен долбоорлор, кошо аткаруучулардын негизги фонддору ж.б.) | ||||||||||||||||

9.5. Трансферттер, миң сом | Бул графада тийиштүү мезгилге бюджеттик программаны каржылоого багытталган трансферттердин бир бюджеттен башка бюджетке пландык/такталган жана иш жүзүндөгү маанилери (ММКФга, СФга трансферттер, теңдөөчү гранттар, максаттуу трансферттер), б.а. аралык отчетто жарым жылдык маанилер, жылдык отчетто жылдык маанилер көрсөтүлөт | ||||||||||||||||

9.6. Бюджеттен тышкаркы булактар, миң сом | Бул графада өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары (ведомствонун бюджетинде чагылдырылбаган), бюджеттик программанын максатына жетүүгө багытталган өнүктүрүү фонддорунун каражаттары көрсөтүлөт. Пландык маанилер (мындай маалымат болгон учурларда) жана тийиштүү мезгилге каржылоо жөнүндө иш жүзүндөгү маалыматтар, б.а. аралык отчетто жарым жылдык маанилер, жылдык отчетто жылдык маанилер көрсөтүлөт | ||||||||||||||||

9.7. Бюджеттик системанын башка бюджеттеринен каржылоо, миң сом | Бул графада республикалык бюджеттен каржылануучу БКБТ программалардын/чаралардын натыйжалуулугунун индикаторлорунун максаттуу маанилерине жетүүгө багытталган жергиликтүү бюджеттердин каражаттары көрсөтүлөт. Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу БКБТ индикаторлордун максаттуу маанилерине жетүүгө багытталган, бирок трансферттер катары чагылдырылбаган республикалык бюджеттин каражаттарын көрсөтөт (мисалы, мектептерди, бала бакчаларды каржылоодо, мында чыгымдардын бир бөлүгү республикалык бюджеттен каржыланат, ал эми муниципалдык имараттарды күтүүгө, тамактанууга чыгымдардын бир бөлүгү жергиликтүү бюджеттен каржыланат). Пландык/такталган маанилер (мындай маалымат болгон учурларда) жана каржылоо жөнүндө иш жүзүндөгү маалыматтар көрсөтүлөт | ||||||||||||||||

9.8. Жеке каражаттар, миң сом | Бул графада программалардын/чаралардын натыйжалуулугунун индикаторлорунун максаттуу маанилерине жетүүгө багытталган жеке сектор тарабынан жүзөгө ашырылуучу инвестициялар көрсөтүлөт (мисалы: жеке бала бакчалар, мектептер ж.б. Каржылоо жөнүндө иш жүзүндөгү маалыматтар көрсөтүлөт (мындай маалымат жана чогултуу мүмкүнчүлүгү бар болгон учурда) | ||||||||||||||||
10. Программанын алкагында бюджеттик чараларды каржылоо жөнүндө маалымат Төмөнкү таблицада отчеттук мезгил боюнча пландалган/такталган чыгымдар менен бюджеттик чаралар боюнча иш жүзүндөгү чыгымдардын салыштырмасы келтирилет. Жарым жылдык отчеттордо өткөн жарым жылдык үчүн чыгымдардын иш жүзүндөгү суммасы (Q-1) жана кийинки жарым жылдык үчүн пландалган сумма (Q+1), ошондой эле жалпы пландалган/такталган жылдык чыгымдар көрсөтүлөт. Жылдык отчетто мурунку, отчеттук жылдардагы жылдык суммалар көрсөтүлөт. X жылы жарым жылдык отчетто учурдагы жыл, жылдык отчетто отчеттук жыл деп кабыл алынат | |||||||||||||||||
Чыгымдардын негизги беренелери | өткөн мезгил (окшош (факт) | 1-жарым жылдык/жылдык | кийинки окшош мезгил | X жыл үчүн жалпы (бул графа жарым жылдык отчетто толтурулат) | |||||||||||||
пландалган/такталган | иш жүзүндө | четтөө | % четтөө | ||||||||||||||
1-бюджеттик чаранын коду жана аталышы |
|
|
|
|
|
|
| ||||||||||
2-бюджеттик чаранын коду жана аталышы |
|
|
|
|
|
|
| ||||||||||
3-бюджеттик чаранын коду жана аталышы |
|
|
|
|
|
|
| ||||||||||
4-бюджеттик чаранын коду жана аталышы |
|
|
|
|
|
|
| ||||||||||
5-бюджеттик чаранын коду жана аталышы |
|
|
|
|
|
|
| ||||||||||
Бардыгы |
|
|
|
|
|
|
| ||||||||||
11. Четтөөлөрдү талдоо | Жогоруда саналып өткөн бюджеттик чаралар боюнча четтөөлөрдүн себеби болгон негизги финансылык көйгөйлөр жана ишке ашырылган тобокелдиктер кыскача саналып өтөт. Эгерде мониторингдин аткаруучусу өзгөчө себеп көрбөсө, 5%дан ашпаган четтөөлөр үчүн талдоо жүргүзүлбөйт | ||||||||||||||||
12. Тийиштүү мезгилге бюджет жөнүндө чечимде көрсөтүлгөн БКБТ каражаттарын өздөштүрүү (бюджеттик каражаттарды, атайын эсептердеги каражаттарды (бар болсо), трансферттерди (бар болсо), мамлекеттик инвестицияларды (бар болсо) (миң сом) камтыйт.)): Төмөндөгү таблицада тийиштүү мезгил үчүн бюджеттик программаны ишке ашыруу үчүн пландалган/такталган жана иш жүзүндө жүргүзүлгөн чыгымдар (жарым жылдык же жылдык маанилер) көрсөтүлөт. Ошондой эле учурдагы жыл үчүн жалпы жылдык суммалар көрсөтүлөт (X жыл үчүн күтүлүүчү) | |||||||||||||||||
Чыгымдардын негизги беренелери | каржылоого чыгымдар, миң сом | ||||||||||||||||
I жарым жылдык | Жылдын жыйынтыгы | ||||||||||||||||
план./такт. | иш жүзүндө | план./такт. | иш жүзүндө | ||||||||||||||
Эмгек акы |
|
|
|
| |||||||||||||
СФга чегерүүлөр |
|
|
|
| |||||||||||||
Коммуналдык чыгымдар |
|
|
|
| |||||||||||||
Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жана пайдалануу |
|
|
|
| |||||||||||||
Башка чыгымдар |
|
|
|
| |||||||||||||
Капиталдык чыгымдар |
|
|
|
| |||||||||||||
БАРДЫГЫ |
|
|
|
| |||||||||||||
13. Каржылоодогу көйгөйлөр жана тобокелдиктер | Бюджеттик программаны ишке ашыруунун жүрүшүнө таасир этүүчү финансылык көйгөйлөр жана тобокелдиктер кыскача саналып өтөт, алар бюджеттик программаны пландоодо жана ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүдө эске алынууга тийиш | ||||||||||||||||
14.1. Натыйжалуулук индикаторлорунун маанилерине жетишүүнү талдоо: Төмөндөгү таблицада отчеттук мезгилдин акырына карата бюджеттик программа же бюджеттик чара боюнча натыйжалуулуктун индикаторлорунун иш жүзүндөгү маанилерин бюджеттик программаны ишке ашыруунун логикалык матрицасында келтирилген ушул мезгил үчүн пландалган/такталган маанилер менен салыштыруу зарыл. Ошондой эле өткөн мезгил үчүн индикаторлордун иш жүзүндөгү маанилери көрсөтүлөт. Жарым жылдык отчетто кийинки жарым жылга пландалган/такталган маанилер, ошондой эле ар бир индикатордун (X жыл) жалпы пландалган/такталган жылдык мааниси көрсөтүлөт. Жылдык отчетто индикатордун пландалган/такталган жана иш жүзүндөгү жылдык маанилери гана көрсөтүлөт. Натыйжалуулуктун индикаторлорунун аталыштары жана пландалган/такталган жылдык маанилер БКБТнын программалык бюджетине ылайык келүүгө тийиш. Жарым жылдык отчетторду берүүдө логикалык матрицада каралган натыйжалуулук индикаторлорунун орто аралык маанилери көрсөтүлөт | |||||||||||||||||
Бюджеттик программанын/чаранын натыйжалуулугунун индикаторунун аталышы | Өлчөө бирдиги | Q-1 (иш жүз жүзүндө) | Отчеттук мезгил (Q) | 2-жарым жылдыкка план (план./ иш жүзүндө) | X жыл үчүн жалпы (бул графа жарым жылдык отчетто толтурулат) | ||||||||||||
план./такт. | иш жүзүндө | четтөө | % четтөө | ||||||||||||||
Бюджеттик программанын аталышы |
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||
1-индикатор |
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||
2-индикатор |
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||
1-бюджеттик чаранын коду жана аталышы | |||||||||||||||||
1-индикатор |
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||
2-индикатор |
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||
2-бюджеттик чаранын коду жана аталышы | |||||||||||||||||
1-индикатор |
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||
2-индикатор |
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||
14.2. Индикаторлордун пландуу маанилеринен четтөөлөрдү талдоо | Терс четтөөлөрдүн себеби болгон уюштуруу, финансылык, техникалык жана башка көйгөйлөр жана ишке ашырылган тобокелдиктер кыскача саналып өтөт. 5%дан ашпаган четтөөлөр үчүн анализ жүргүзүлбөйт, эгерде мониторингдин аткаруучусу буга өзгөчө себеп көрбөсө | ||||||||||||||||
14.3. Жетишкендиктерди талдоо | Бюджеттик программаны ишке ашырууда оң өзгөрүүлөр кыскача саналып өтөт | ||||||||||||||||
15. Программаны ишке ашыруунун жүрүшүнө таасир берген факторлор | Программаны ишке ашыруунун жүрүшүнө жана натыйжалуулуктун индикаторлоруна жетишүүгө таасир берген көйгөйлөр, факторлор жөнүндө кыскача маалымат берилет | ||||||||||||||||
16. Көйгөйлөр жана жетишкендиктер жөнүндө маалымат булактары | Бюджеттик чараны ишке ашырууда натыйжалуулуктун индикаторлорунун максаттуу маанилеринен четтөөлөрдү пайда кылган көйгөйлөр жана жетишкендиктер жөнүндө маалыматтарды чогултуунун ыкмалары жана булактары (интервью, документтерди талдоо, фокус-топтор, тышкы булактар) көрсөтүлөт | ||||||||||||||||
17. Сунушталган көйгөйлөрдү чечүү жолдорунун сыпаттамасы | Бюджеттик программанын администратору бюджеттик чараны ишке ашырууну кыйындаткан көйгөйлөрдү (жана пландалган натыйжалардан четтөөлөрдүн себептерин) чечүү үчүн сунуш кылган иш-аракеттер саналып өтөт | ||||||||||||||||
18. Мониторингдин жыйынтыгы боюнча БКБТнын жетекчилиги тарабынан кабыл алынган чечимдер | Мында БКБТнын жетекчилиги тарабынан мониторингдин жүрүшүндө аныкталган бюджеттик чараларды натыйжалуу ишке ашырууга тоскоолдук кылган көйгөйлөрдү азайтуу же жоюу үчүн кабыл алынган коллегиялык чечимдер саналып өтөт | ||||||||||||||||
19. Бюджеттик программага киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө маалымат | Отчеттук мезгил ичинде бюджеттик программага киргизилген өзгөртүүлөрдүн тизмеси, алардын негиздемеси жана тийиштүү чечимдердин көчүрмөлөрү кыскача берилет | ||||||||||||||||
20. Бюджеттин программалык түзүмүн өзгөртүү боюнча БКБТнын сунуштары | Мында уюштуруу түзүмүн, БКБТнын штаттык санын башкы тескөөчүнүн максаттарына жана милдеттерине ылайык келтирүү, ички ведомстволук координацияны, маалыматтык агымдардын түзүмүн жана чечимдерди кабыл алуу механизмдерин жакшыртуу максатында жүзөгө ашырылуучу сунуштарды чагылдыруу зарыл. Мониторингдин продуктуларын талдоонун натыйжаларына байланыштуу айрым бюджеттик чыгымдардын үнөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иш-чараларды, анын ичинде ведомстволук мекемелерде белгиленген иш-чараларды да көрсөтүү зарыл: - энергияны жана ресурстарды үнөмдөө боюнча иш-чаралар; - стратегиялык пландоо механизмдерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралар; - маалыматтык технологияларды киргизүү жана пайдалануу боюнча иш-чаралар; - адам ресурстарын башкаруу механизмдерин өркүндөтүү боюнча иш-чаралар; - мамлекеттик финансыларды жана мамлекеттик сатып алууларды башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча сунуштар ж.б. Ушундай эле түрдөгү маалымат БКБТнын бардык бюджеттик программалары үчүн берилет | ||||||||||||||||
| Аты-жөнү, кызматы | Кол тамгасы | |||||||||||||||
Аткаруучу |
|
| |||||||||||||||
Бекитилген |
|
| |||||||||||||||
Дата |
|
| |||||||||||||||
БКБТда байланышчу адам |
|
| |||||||||||||||
Телефон |
|
| |||||||||||||||
Электрондук почта |
|
| |||||||||||||||
|
| Бюджеттик программаларга мониторинг жүргүзүү жана бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетторду берүү тартибине 4-тиркеме |
Форма
Бюджеттик программага мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары жөнүндө МААЛЫМАТ
Эскертүү: бюджеттик программанын администратору тарабынан толтурулат, БКБТтын бюджеттик программаларын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жөнүндө жыйынды отчетко киргизилет жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери тарабынан текшерилет.
№ | Бюджеттик программанын аталышы | Саны, бирдиги | Үлүшү, пайызы |
1 | 2 | 3 | 4 |
1 | пландык маанилери аткарылган индикаторлор, анын ичинде: |
| программанын алкагында бюджеттик программанын жана бюджеттик чаралардын натыйжалуулугунун индикаторлорунун жалпы санындагы үлүшү көрсөтүлөт |
1.1 | максаттуу маанилери ашыкча аткарылган индикаторлор |
| программанын алкагында бюджеттик программанын жана бюджеттик чаралардын натыйжалуулугунун жетишилген индикаторлорунун санындагы үлүш көрсөтүлөт |
2 | максаттуу маанилери аткарыла элек индикаторлор |
| программанын алкагында бюджеттик программанын жана бюджеттик чаралардын индикаторлорунун жалпы санындагы үлүш көрсөтүлөт |
3 | отчеттук мезгилдин жыйынтыгы боюнча маанисин аныктоого мүмкүн болбогон индикаторлор |

Эскертүү: 1, 2, 3-саптардагы суммалык маани 100%га барабар болушу керек. Натыйжалуулук индикаторлору алардын максаттуу маанилерине 100 пайыздык жетишүүдө аткарылды деп эсептелет.
|
| Бюджеттик программаларга мониторинг жүргүзүү жана бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетторду берүү тартибине 5-тиркеме |
Форма
Бюджеттик программалардын иш-чараларын аткаруунун МОНИТОРИНГИ
№ | Аталышы | Иш-чаралардын саны, бирдиктер | Бюджеттик программанын иш-чараларынын жалпы санындагы үлүш, пайыздар |
1 | 2 | 3 | 4 |
1 | Иш-чаралардын күтүлгөн натыйжаларынын толук көлөмдө аткарылган көрсөткүчтөрү (күтүлгөн натыйжалардын көрсөткүчүн 100 пайыз аткаруу же ашыкча аткаруу) |
|
|
2 | Иш-чаралардын күтүлүүчү натыйжаларынын толук көлөмдө аткарылбаган көрсөткүчтөрү (күтүлгөн натыйжалардын көрсөткүчүнүн 100 пайыздык натыйжасы жетишилген жок) |
|
|
|
| Бюджеттик программаларга мониторинг жүргүзүү жана бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетторду берүү тартибине 6-тиркеме |
Форма
БКБТнын бюджеттик программаларды ишке ашыруунун логикалык МАТРИЦАСЫ
ПК коду | № | Бюджеттик программанын/иш-чаранын аталышы | Индикатордун аталышы/күтүлгөн натыйжа | Өлчөө бирдиги | Натыйжалуулук индикаторунун/күтүлгөн натыйжанын мааниси(*) | Маалымат булагы | Каржылоонун бардык булактарынан алынган финансылык каражаттар, миң сом | Каржылоо булагы | ||
базалык жылы иш жүзүндө | 1-жарым жылдыктын планы | 2-жарым жылдыктын планы | ||||||||

| 1.1. | Иш-чаранын аталышы |
|
|
|
|
|
|
|
|
| 1.2. | Иш-чаранын аталышы |
|
|
|
|
|
|
|
|
| 1.3. | Иш-чаранын аталышы |

Логикалык матрицаны толтурууда натыйжалуулук индикаторлорунун же күтүлгөн натыйжалардын орто аралык маанилерин аныктоо үчүн бир нече мүмкүн болгон ыкмаларды колдонуу сунушталат, бирок алар менен чектелбеш керек:
- жарым жылдык орто аралык маанилер индикаторлордун маанилерине жетишүү каржылоого түздөн-түз көз каранды болгон бюджеттик программалар жана чаралар үчүн квартал боюнча финансылык планга жараша эсептелет (мисалы, үзгүлтүксүз сатып алуулар). Мындай индикаторлор үчүн жарым жылдык орто аралык маанилер топтоо динамикасына ээ болот (мисалы, бюджеттик каражаттардын эсебинен сатып алынуучу препараттар менен эмдөөдөн өткөн айыл чарба жаныбарларынын үлүшү, мында жылдын жыйынтыгы боюнча максаттуу мааниси - 85%. Каржылоо талдоосунан кийин жарым жылдык орто аралык көрсөткүчтөр: I - 50%га, II - 85%га барабар болушу мүмкүн);
- иши сезонго байланыштуу болгон бюджеттик чаралар үчүн (мисалы, жолдорду куруу же айыл чарба иштери) натыйжалуулук индикаторлорунун орто аралык мааниси жарым жыл боюнча бөлүштүрүлөт. Интенсивдүүлүккө жараша, максаттуу маанилер сызыгы кыйла жогору болушу мүмкүн (мурунку жылдары жасалган күч-аракеттин эсебинен) жана маанилердин көбөйүшү каржылоого эмес, жумуш процесстерин оптималдаштырууга байланыштуу. Бул учурда, жарым жылдык динамика тез өспөйт жана мониторинг жүргүзүүдө анын түшүп кетпешин байкап туруу керек (мисалы, социалдык кызмат көрсөтүүлөр менен калкты камтуу үлүшүнүн орто аралык индикаторлору жарым жылдык боюнча: I - 86%га, II - 90%га барабар болушу мүмкүн); ушул эле ыкма көпчүлүк сапаттык индикаторлор үчүн колдонулат, мында маанилер жогорулабашы мүмкүн, демек кызмат көрсөтүү сапатынын деңгээли каалаган жарым жылдыкта жогору болушу керек;
- натыйжалуулуктун индикаторлорунун максаттуу жана орто аралык маанилерин эсептөө үчүн кызмат көрсөтүүлөргө керектөөлөрдү алдын ала эсептөө өтө маанилүү. Жөнөкөй абсолюттук маанидеги сандык индикаторлор анча маалыматтуу эмес, анткени бюджеттик чаралардын алкагында жүзөгө ашырылуучу иш-чаралардын масштабы жөнүндө түшүнүк бербейт.
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-январындагы № 27 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
|
| |