Сравнение редакций…
|
| 2-тиркеме | |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 436 токтомуна) | |
Бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулугун баалоо ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 404 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 87-беренесине ылайык иштелип чыккан жана бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнүн (мындан ары - БКБТ) бюджеттик программалардын натыйжалуулугун баалоо процессин регламенттейт.
2. Бюджеттик программалардын натыйжалуулугун баалоо (мындан ары - программаларды баалоо) төмөнкүлөрдү талдоо жолу менен жүзөгө ашырылат:
1) бюджеттик программалардын Өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын/программалык документтердин артыкчылыктарына шайкеш келишин;
2) бюджеттик программалардын/чаралардын натыйжалуулугунун сапаттык жана сандык индикаторлорун, аларга БКБТ алар аткарылганда жетишет;
3) өткөн/отчеттук мезгилдеги бюджеттик программаларды/чараларды аткаруунун иш жүзүндөгү натыйжаларын.
3. Программаларды баалоонун максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
2) бюджеттик программалардын натыйжалуулугун аныктоо жана аларды жогорулатуу жолдорун аныктоо;
3) Өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын/программалык документтердин максаттарына жана милдеттерине жетүүнүн алкагында бюджеттик программалардын натыйжалуулугун аныктоо;
4) программалык негизде бюджетти пландаштыруу жана аткаруу сапатын жогорулатуу;
5) бюджеттик программаларды ишке ашыруунун ачыктыгын жана отчеттуулугун камсыздоо.
4. Программаны баалоонун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жетишилген натыйжалар менен бюджеттик каражаттардын колдонулган көлөмүнүн ортосундагы өз ара байланышты белгилөө;
2) пландапган максаттарга жетүү даражасын аныктоо, натыйжалуулуктун индикаторлоруна жетишүүнү талдоо жолу менен бюджеттик программалардын милдеттерин аткаруу;
3) пландалган натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүүгө тоскоол болгон факторлорду аныктоо, аларды жоюу жана таасирин азайтуу;
4) бюджеттик каражаттарды пайдалануунун майнаптуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгуу;
5) бюджеттик каражаттарды пайдалануунун майнаптуулугун жана натыйжалуулугун, бюджеттик программаларды пландоонун сапатын жогорулатууга багытталган башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу.
5. Программаларды баалоо бюджеттин долбоорун түзүү жана бюджетти аткаруу процессинде, ошондой эле тиешелүү мезгилде бюджетти аткаруунун жыйынтыктары боюнча жүргүзүлөт.
6. Программаларды баалоо төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт;
1) бюджеттик программаларды, анын ичинде бюджеттен тышкары булактардан каржылоонун чегинде бардык бюджеттик программалар боюнча бюджеттин долбоорун түзүүдө БКБТ тарабынан жүзөгө ашырылуучу программаларды ички (ведомстволук) баалоо;
2) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан жүзөгө ашырылуучу программаларга тышкы баа берүү. Программаларды тышкы баалоо бюджеттин долбоорун түзүүдө да, ошондой эле тиешелүү мезгилде бюджетти аткаруунун жыйынтыктары боюнча да жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
7. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган БКБТнын ишинин өзгөчөлүктөрүнө жараша бюджеттик программаларга тышкы баалоо жүзөгө ашырыла турган маалыматтын көлөмүн жана түзүмүн; маалымат алуу булактарын; алынган маалыматты иштеп чыгуу жана талдоо технологиясын аныктайт.
8. Программаларды баалоо үчүн маалымат булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) расмий мамлекеттик статистикалык, бюджеттик, финансылык жана башка отчеттуулук;
2) бухгалтердик, статистикалык жана башкаруучулук эсепке алуунун маалыматтары;
3) бюджетти пландоо жана аткаруу процессинде түзүлгөн жана пайдаланылган документтерде камтылган маалыматтар;
4) ички аудит бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн ички аудиттин жыйынтыктары жөнүндө маалымат;
5) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитинин жыйынтыктары жөнүндө маалымат;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте алынган башка маалымат.
2-глава. Бюджеттин долбоорун түзүүдө программаларды баалоо
9. Бюджеттин долбоорун түзүүдө программаларды баалоо программалык бюджеттин долбоорун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берген ар бир БКБТ тарабынан жүзөгө ашырылат.
10. Бюджеттин долбоорун түзүүдө программаларды баалоо программалык бюджеттин долбоору ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилгенге чейин үч жумуш күндүн ичинде төмөнкүлөрдү талдоо жолу менен жүзөгө ашырылат:
1) бюджеттик программанын Өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын/программалык документтердин артыкчылыктарына шайкеш келүүсүн;
2) бюджеттик программанын максаттарын жана натыйжалуулугунун индикаторлорун жана ага кирген бюджеттик чаралардын кезектеги бюджеттик жылда жана пландык мезгилде аларды аткаруунун артыкчылыгы, конкреттүүлүгү, ченемдүүлүгү, реалдуулугу жана максатка ылайыктуулугу, улуттук стратегиялык/программалык документтерде аныкталган тиешелүү сектордо/тармакта мамлекеттик саясаттын максаттарына жетүүгө багытталгандыгын;
3) бюджеттик программалардын натыйжалуулук индикаторлорунун каржылоо көлөмдөрүнүн жана белгиленген максаттуу маанилеринин шайкештигин;
4) мурунку бюджеттик мезгилдеги бюджеттик программаны/чараларды аткаруунун иш жүзүндөгү натыйжаларын;
5) бюджеттик программаны аткаруу боюнча иш-чаралардын планынын долбоору жана паспорту болушун. Ар бир бюджеттик чара боюнча пландалган иш-чаралардын комплекстүүлүгүнө жана жетиштүүлүгүнө баа берилет;
6) мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө пландалган салымын. Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун пландалган натыйжалуулугунун негизги критерийлери катары төмөнкүлөр колдонулат:
- бюджеттик программанын өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын баалоону, бюджеттик программалардын/чаралардын натыйжалуулук индикаторлорунун жана иш-чаралардын күтүлүүчү натыйжаларынын экономиканын ар кандай чөйрөлөрүнө таасирин баалоону эске алган экономикалык натыйжалуулуктун критерийлери;
- бюджеттик программаны ишке ашыруунун социалдык өнүгүүгө күтүлгөн салымын эске алган социалдык натыйжалуулуктун критерийлери;
7) бюджеттик чараларды ишке ашыруунун жүрүшүндө мүмкүн болгон тобокелдиктерди жана аларды азайтуу боюнча тиешелүү иш-чараларды баалоо.
11. Бюджеттин долбоорун түзүүдө программаларды баалоонун негизги милдети бюджеттик системанын төмөнкү принциптерин камсыздоо болуп саналат:
1) натыйжалуулук жана майнаптуулук, ага ылайык бюджеттерди аткаруу каражаттардын аз көлөмүн тартуу менен алдыдагы мезгилге каралган максаттарга жетүү же колдо болгон финансы ресурстарын пайдалануу менен максималдуу натыйжаларга жетишүү зарылдыгына жараша жүзөгө ашырылат;
2) артыкчылыктуулук, ага ылайык бюджет Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларында аныкталган багыттарга ылайык түзүлөт;
3) өз алдынчалык, ага ылайык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын негизинде каражаттарды пайдалануунун багыттарын өз алдынча аныктоого укуктуу;
4) ырааттуулук, ага ылайык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бирдиктүү фискалдык саясатты жүргүзөт жана бюджеттик укуктук мамилелер чөйрөсүндө мурда кабыл алынган чечимдерди сактайт.
3-глава. Бюджетти аткаруунун жыйынтыктары боюнча программаларды баалоо
12. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджетти аткаруунун жыйынтыгы боюнча программаларды баалоо максатында отчеттук жылдан кийинки жылдын 15-мартына чейинки мөөнөттө бааланууга тийиш болгон БКБТ жана алардын бюджеттик программаларынын тизмегин аныктайт, аны өзүнүн чечими менен бекитет жана БКБТга жөнөтөт.
13. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Тартипке ылайык отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-майына чейинки отчеттук мезгилде баа берилип жаткан БКБТнын программаларына тышкы баа берет.
14. Программаларга тышкы баа берүү төмөнкү маалыматтардын негизинде жүргүзүлөт:
1) бюджеттик программанын паспортунун;
2) бюджеттик программалардын жана БКБТ чараларынын натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчеттун;
3) программаларды ички баалоонун натыйжаларынын;
4) ушул Тартиптин 8-пунктуна ылайык башка маалыматтын.
15. Зарыл болгон учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кошумча маалыматтарды жана ырастоочу документтерди (ведомстволук акттарды, отчетторду, аткарылган иштердин жана көрсөтүлгөн кызматтардын актыларын, протоколдорду, каттарды) баалануучу БКБТдан сурайт.
16. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган көз карандысыз эксперттерди жана баалануучу БКБТнын программаларын тышкы баалоо үчүн тизмегине кирбеген БКБТнын өкүлдөрүн тартууга укуктуу.
4-глава. Программаларды баалоо үчүн отчеттук маалыматтын ишенимдүүлүгү, өз убагында жана толук берилгендиги үчүн жоопкерчилик
17. Программаларды тышкы баалоо үчүн баалануучу БКБТ толук жана ишенимдүү отчеттук маалыматты өз убагында берет (бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулугунун индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчет).
18. Баалануучу БКБТ ушул Тартиптин 15-пунктуна ылайык суроо-талапты алган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде суралып жаткан маалыматты берет.
19. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 404 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
20. Бюджеттик программаларга мониторинг жүргүзүү жана бюджеттик программалардын натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчет берүү тартибинде белгиленген отчеттун түзүмдүк элементтери (тиркемелер, бөлүмдөр) жок болгон толук эмес отчеттук маалыматты берүү "отчеттук маалыматты берген жок" деп таанылат.
21. Баалануучу БКБТ тарабынан отчеттук маалымат берилбеген учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган программаларды тышкы баалоону "отчеттук маалымат берилбегендигине байланыштуу ишке ашкан жок" деп тааныйт жана тиешелүү маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берет.
5-глава. Программаларды баалоо методикасы
22. Программаларды баалоо төмөнкү принциптерге негизделет:
1) бюджеттик программаларды ишке ашыруу максатында өз убагында каржылоону билдирген каржылоонун жетиштүүлүгү;
2) сарпталган финансылык ресурстар менен жетишилген натыйжалардын ортосундагы эң жакшы катышты билдирген майнаптуулук;
3) мурда пландалган натыйжаларга жетишүүнү билдирген натыйжалуулук;
4) белгилүү бюджеттик программалардын акыркы натыйжаларына жетишүүнү билдирген убакыт факторун эске алуу.
23. Программаларды баалоону кошпогондо, тышкы да, ички да программаларды баалоо үчүн бюджеттин долбоорун түзүүдө төмөнкүдөй критерийлер колдонулат:
1) натыйжалуулуктун сапаттык индикаторлоруна жетишүүнүн орточо индекси;
2) натыйжалуулуктун сандык идикаторлоруна жетишүүнүн орточо индекси (продуктунун жана натыйжалуулуктун көрсөткүчтөрү);
3) натыйжалуулуктун индикаторлорунун максаттуу маанилеринин динамикасы;
4) бюджеттик программаларды пландоонун сапаты.
24. Бюджеттин долбоорун түзүүдө программаларды баалоо үчүн төмөнкүдөй критерийлер колдонулат:
1) натыйжалуулук индикаторлорунун максаттуу маанилеринин динамикасы;
2) бюджеттик программаларды пландоонун сапаты.
25. "Натыйжалуулуктун сапаттык индикаторлоруна жетишүүнүн орточо индекси" жана "натыйжалуулуктун сандык индикаторлоруна жетишүүнүн орточо индекси" критерийлерин эсептөөдө натыйжалуулук индикаторлорун төмөнкүдөй типтерге бөлүү принциби колдонулат:
1) стимулятор индикаторлору, алардын ашыкча аткарылышы максатка ылайыктуу болуп саналат жана оң натыйжа берет (мисалы: кызмат алуучулардын саны, дарыланган учурлар, жолдордун узундугу, маданият мекемелерине баруу ж.б.);
2) дестимулятор индикаторлору ашыкча аткарылышы терс натыйжа берет (мисалы: энелердин өлүмү, балдардын өлүмү).
26. Натыйжалуулуктун сапаттык индикаторлорунун пландалган максаттуу маанилерине жетишүү даражасын аныктоочу "натыйжалуулуктун сапаттык индикаторлоруна жетишүүнүн орточо индекси" критерийи төмөнкүдөй эсептелет:
1) стимулятор индикаторлору үчүн төмөнкү формула колдонулат:
бул жерде: - бюджеттик программага киргизилген натыйжалуулуктун бардык сапаттык индикаторлорунун иш жүзүндөгү жана пландык/такталган маанилеринин катыштарынын суммасы;
N - бюджеттик программанын натыйжалуулугунун сапаттык индикаторлорунун саны;
2) дестимулятор индикаторлору үчүн тескери маанини колдонуу зарыл:
27. Натыйжалуулуктун сандык индикаторлорунун пландалган максаттуу маанилерине жетүү даражасын аныктоочу "натыйжалуулуктун сандык индикаторлоруна жетишүүнүн орточо индекси" критерийи төмөнкүдөй эсептелет:
1) стимулятор индикаторлору үчүн төмөнкүдөй формула колдонулат
бул жерде: - бюджеттик программага киргизилген натыйжалуулуктун бардык сандык индикаторлорунун иш жүзүндөгү жана пландалган/такталган маанилеринин катыштарынын суммасы;
N - бюджеттик программанын натыйжалуулугунун сандык көрсөткүчтөрүнүн саны;

28. Эгерде натыйжалуулук индикаторунун максаттуу маанилери боюнча пландык/такталган маанилерден иш жүзүндөгү маанилери 30%дан ашык аткарылгандыгы белгиленсе, анда мындай натыйжалуулук индикатору пландык/такталган маанини азайтуу фактысынын жоктугун негиздөө жана ага деталдуу талдоо жүргүзүү шартында эске алынат. Болбосо, мындай көрсөткүч эсептөөлөрдө эске алынбайт.
Эл аралык рейтингдердин индикаторлорунун иш жүзүндөгү маанилеринин 30%дан ашык аткарылышы программаны баалоонун эсептөөлөрүндө эске алынышы мүмкүн.
29. Эсептерди деталдаштыруу жана бюджеттик чаралардын бүтүндөй программанын натыйжасына тийгизген таасирин талдоо максатында төмөнкүлөрдү эсептөөгө болот:
1) ар бир бюджеттик чара үчүн "натыйжалуулуктун сапаттык индикаторлоруна жетишүүнүн орточо индексин";
2) ар бир бюджеттик чара үчүн "натыйжалуулуктун сандык индикаторлоруна жетишүүнүн орточо индексин".
30. Программаларды баалоодо жетишилген натыйжалар менен каржылоонун, анын ичинде бюджеттен тышкаркы булактардан, иш жүзүндөгү көлөмүнүн ортосундагы өз ара байланышты белгилөө жолу менен майнаптуулуктун жана натыйжалуулуктун деңгээлин аныктоо боюнча эсептешүүлөр жүргүзүлүшү мүмкүн.
31. "Натыйжалуулук индикаторлорунун максаттуу маанилеринин динамикасы" критерийи төмөнкү формулалар боюнча эсептелет:
мында:
ДИсап. - натыйжалуулуктун сапаттык индикаторлорунун максаттуу маанилеринин динамикасынын даражасы;
Индекс(сап.) отчет. - отчеттук мезгил ичинде натыйжалуулуктун сапаттык индикаторлоруна жетишүүнүн орточо индекси;
Индекс(сап.) баз. - өткөн мезгилдеги натыйжалуулуктун сапаттык индикаторлоруна жетишүүнүн орточо индекси.
мында:
ДИсап. - натыйжалуулуктун сандык индикаторлорунун максаттуу маанилеринин динамикасынын даражасы;
Индекс(сап.) отчет. - отчеттук мезгил ичинде натыйжалуулуктун сандык индикаторлоруна жетишүүнүн орточо индекси;
Индекс(сап.) баз. - өткөн мезгилдеги натыйжалуулуктун сандык индикаторлоруна жетишүүнүн орточо индекси.
32. Ушул Тартиптин 31-пунктунда берилген аталган критерий боюнча топтолгон баллдардын санын эсептөө үчүн төмөнкү шкала колдонулат:
1) натыйжалуулуктун сапаттык/сандык индикаторлорунун максаттуу маанилеринин динамикасынын даражасы 0,90-0 баллдан аз;
2) натыйжалуулуктун сапаттык/сандык индикаторлорунун максаттуу маанилеринин динамикасынын даражасы 0,90 жогору же тең, бирок 1,0-5 баллдан аз;
3) натыйжалуулуктун сапаттык/сандык индикаторлорунун максаттуу маанилеринин динамикасынын даражасы 1,0-10 баллдан жогору же тең.
33. "Бюджеттик программаларды пландоонун сапаты" (мындан ары - БППС) критерийи стратегиялык артыкчылыктар менен өз ара байланышты, ңатыйжалуулук индикаторлорунун, анын ичинде натыйжалуулуктун сапаттык индикаторлорунун болушун аныктоого багытталган төмөнкүлөрдү колдонуу менен эсептелет:
1) бюджеттик программанын улуттук деңгээлдеги өнүктүрүү стратегияларынын/программаларынын артыкчылыктарына жана/же сектордук стратегиялык/программалык документтерге шайкеш келиши төмөнкүдөй бааланат:
- туура келбейт - 0 балл;
- сектордук программалык документтерге шайкеш келет, бирок улуттук деңгээлдеги стратегияга/программага шайкеш келбейт - 15 балл;
- сектордук программалык документтерге жана улуттук деңгээлдеги стратегияга/программага шайкеш келет - 25 балл;
- бюджеттик программанын өзгөчөлүгүнө байланыштуу туура келбейт - жооп "колдонулбайт";
2) бюджеттик программалардын/чаралардын натыйжалуулугунун индикаторлорунун болушу төмөнкүдөй бааланат:
- бюджеттик программада жана бюджеттик программага кирген бюджеттик чараларда натыйжалуулуктун эки же андан ашык индикаторлору жок - 0 балл;
- бюджеттик программада натыйжалуулуктун индикатору жок, мында бюджеттик программага кирген бюджеттик чараларда натыйжалуулук индикаторлору бар - 15 балл;
- бюджеттик программада жана бюджеттик программага кирген бюджеттик чараларда натыйжалуулуктун индикаторлору бар - 25 балл;
3) өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын/программалык документтердин артыкчылыктарына шайкеш келген жана БКБТ бюджеттик программаларынын түзүмүнө кирген бюджеттик программалардын натыйжалуулугунун сапаттык индикаторлорунун болушу төмөнкүдөй бааланат:
- бюджеттик программада натыйжалуулуктун сапаттык индикаторлору жок - 0 балл;
- бюджеттик программа натыйжалуулуктун сапаттык индикаторлору бар - 25 балл.
Бул критерий боюнча балл ушул пунктта көрсөтүлгөн каралган түзүүчүлөрдүн санына бөлүнгөн баллдын жалпы суммасын эсептөөнүн натыйжасында аныкталган мааниге жараша эсептелет. Жалпы баллды эсептөөдө "колдонулбайт" деп бааланган критерийлер эске алынбайт.
34. Бюджеттин долбоорун түзүүдө программаларды баалоону кошпогондо, бюджеттик программанын жыйынтыктоочу баалоосу баалоонун ар бир критерийи боюнча топтолгон баллдардын жалпы суммасынан турат:
∑ = Индекс(сап.) + Индекс(сан.) + ДИсап. + ДИсан.+ БППС
мында:
Индекс(сап.) - отчеттук мезгил үчүн натыйжалуулуктун сапаттык индикаторлоруна жетишүүнүн орточо индекси;
Индекс(сан.) - отчеттук мезгил үчүн натыйжалуулуктун сандык индикаторлоруна жетишүүнүн орточо индекси;
ДИсап. - натыйжалуулуктун сапаттык индикаторлорунун максаттуу маанилеринин динамикасынын даражасы боюнча топтолгон баллдардын саны;
ДИсан. - натыйжалуулуктун сандык индикаторлорунун максаттуу маанилеринин динамикасынын даражасы боюнча топтолгон баллдардын саны;
БППС - "бюджеттик программаларды пландоонун сапаты" критерийи боюнча топтолгон баллдардын саны.
35. Бюджеттин долбоорун түзүүдө бюджеттик программанын жыйынтыктоочу баалоосу топтолгон баллдардын жалпы суммасынан турат, ал төмөнкүдөй эсептелет:
∑ = ДИсап. + ДИсан. + БППС
36. Бюджеттин долбоорун түзүүдө программаларды баалоону кошпогондо, бюджеттик программаны ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоо шкаласы төмөнкүдөй даражалардан турат:
1) 235 балл жана андан жогору баалоо көрсөткүчүнө туура келген жогорку даража;
2) 210дон 234 баллга чейин баалоо көрсөткүчүнө туура келген орточо даража;
3) 209 балл жана андан төмөн баалоо көрсөткүчүнө туура келген төмөн даража.
37. Бюджеттин долбоорун түзүүдө бюджеттик программанын натыйжалуулугун баалоо шкаласы төмөнкүдөй даражалардан турат:
1) 35 балл жана андан жогору баалоо көрсөткүчүнө туура келген жогорку даража;
2) 20дан 34 баллга чейинки баалоо көрсөткүчүнө туура келген орточо даража;
3) 19 балл жана андан төмөн баалоо көрсөткүчүнө туура келген төмөн даража.
38. Натыйжалуулукту баалоо "Башкаруу жана администрациялоо" стандарттык бюджеттик программасы үчүн колдонулбайт.
39. Өзүнүн өзгөчөлүгүнө байланыштуу натыйжалуулуктун сапаттык же сандык индикаторлорун камтыбаган бюджеттик программалар жана өзүнчө бюджеттик чаралар жана мурдагы бюджеттик мезгилдерге маалыматтары жок жаңы бюджеттик программалар үчүн бюджеттик программаны ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоо шкаласы түзөтүлүшү мүмкүн.
Программаларды баалоонун ар бир критерийин эсептөө үчүн маалыматтардын негиздүү жок болушу бюджеттик программаны ишке ашыруунун натыйжалуулугунун шкаласынын тиешелүү маанисин ушул Тартиптин 35-пунктуна ылайык 100 баллга (Индекс(сап.) же Индекс(сан.) үчүн), 10 баллга (ДИсап. же ДИсан.) жана 30 балл (БППС) төмөндөтөт.
6-глава. Программаларды баалоонун натыйжалары жөнүндө корутунду
40. Программаларды баалоонун натыйжалары ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча программаларды баалоонун натыйжалары жөнүндө корутундулар түрүндө таризделет.
41. Бюджеттин долбоорун түзүүдө программаларды баалоону кошпогондо, программаларды баалоонун натыйжалары жөнүндө корутунду төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) натыйжалуулуктун сапаттык жана сандык индикаторлорунун максаттуу маанилерине жетишүүнү талдоо;
2) натыйжалуулуктун сапаттык жана сандык индикаторлорунун максаттуу маанилеринин динамикасынын даражасын талдоо;
3) бюджеттик программаларды пландоонун сапатын талдоо;
4) БКБТнын программалык негизде бюджетти жакшыртуу боюнча тыянактар жана сунуштар.
42. Тыянактар жана сунуштар төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) уюштуруучулук, ченемдик укуктук жана финансылык мүнөздөгү кемчиликтер жана каталар жөнүндө, ошондой эле бюджеттик каражаттарды башкаруу функцияларын БКБТ тарабынан жетишсиз аткарууга байланышкан маалыматтар (тактап айтканда, программалык негиздеги бюджеттерди жана бюджеттик программалардын жана иш-чаралардын натыйжалуулугунун индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетторду өз убагында берилбегендиги, бюджеттик каражаттарды пайдалануу тартиби сакталбагандыгы, мамлекеттик сатып алууларды жетишсиз уюштуруу, бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүүчүлөр жана бюджеттик каражаттарды алуучулар менен иштөөнү жетишсиз уюштуруу);
2) бюджеттик программаны аткаруудагы кемчиликтерди четтетүү жана бюджеттик каражаттарды башкарууну жакшыртуу, программалык түзүмгө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарылчылыгы жөнүндө сунуштар, ошондой эле бюджеттик бөлүнө турган акча каражатын тийиштүү бюджеттик программага өзгөртүү, анын ичинде конкреттүү бюджеттик программаны ишке ашырууну токтотуу боюнча сунуштар.
43. Бюджеттин долбоорун түзүүдө программаларды баалоонун натыйжалары жөнүндө корутунду төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) натыйжалуулуктун сапаттык жана сандык индикаторлорунун максаттуу маанилеринин динамикасынын даражасын талдоо;
2) бюджеттик программаларды пландоонун сапатына талдоо жүргүзүү;
3) БКБТнын программалык негизде бюджетти жакшыртуу боюнча тыянактар жана сунуштар.
44. Программаларды баалоонун алынган жыйынтыгына ылайык баалануучу БКБТнын программалык негизде бюджетти ишке ашыруунун натыйжалуулугунун даражасы аныкталат.
БКБТнын программалык негизде бюджетти ишке ашыруунун натыйжалуулугунун даражасы ушул Тартиптин 34, 35-пункттарына ылайык ар бир бюджеттик программа боюнча жыйынтыктоочу баалоону кошуу жана бааланып жаткан бюджеттик программалардын санына бөлүү жолу менен аныкталат.
45. БКБТнын программалык негизде бюджетти ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоо шкаласы ушул Тартиптин 35, 36-пункттарында белгиленген даражалардан турат.
46. БКБТ программаларды ички баалоо аяктагандан кийин үч жумуш күндүн ичинде тиешелүү маалыматты ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт жана программаларды ички баалоонун натыйжалары жөнүндө корутундуну өзүнүн расмий сайтында жарыялайт.
47. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган программаларды тышкы баалоо аяктагандан кийин он беш жумуш күндүн ичинде программаларды тышкы баалоонун натыйжалары жөнүндө корутундуну түзөт жана аны баалануучу БКБТга жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберет.
48. Программаларды тышкы баалоонун натыйжалары боюнча корутунду баалануучу БКБТга жиберилгенден кийин беш жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жарыяланат.
7-глава. Программаларды баалоонун жыйынтыктары боюнча бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган башкаруу чечимдерин кабыл алуу
49. Өз ыйгарым укуктарынын чегинде БКБТнын бюджеттик программаларынын натыйжалуулугун баалоонун натыйжалары боюнча бюджеттик чыгымдардын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды көрөт.
50. Программаларды ички жана тышкы баалоонун натыйжалары боюнча корутунду төмөнкүлөргө негиз болуп саналат:
1) учурдагы бюджеттик мезгилдин бюджеттик дайындоолоруна белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу үчүн;
2) кезектеги бюджеттик жылга жана пландалган мезгилге бюджеттин долбооруна тиешелүү сунуштарга, анын ичинде тиешелүү бюджеттик программаларды ишке ашырууну токтотууга;
3) натыйжалуулуктун сапаттык жана сандык индикаторлорунун пландалган максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүү үчүн кызмат адамдарына дем берүүгө;
4) натыйжалуулуктун сапаттык жана сандык индикаторлоруна жетпегендиги үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароого;
5) бюджеттик программалардын контролдук цифраларына БКБТ бюджетинин алкагында көбөйтүү жана азайтуу жагына белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу үчүн;
6) каржылоонун кошумча булактары аныкталган учурда белгиленген тартипте БКБТ контролдук цифраларына көбөйтүү жагына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу үчүн;
7) БКБТ контролдук цифраларына азайтуу жагына белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу үчүн.
|
| Бюджеттик программалардын натыйжалуулугун баалоо тартибине 1-тиркеме |
Форма
Бюджеттик программалардын натыйжалуулугун баалоонун натыйжалары жөнүндө КОРУТУНДУ
БКБТнын аталышы: ________________________________________________
_________________________________________________________________
Отчеттук мезгил: __________________________________________________
№ | Баалоо критерийлери | Мааниси | Балл |
1 | Натыйжалуулуктун сапаттык индикаторлоруна жетишүүнүн орточо индекси |
|
|
2 | Натыйжалуулуктун сандык индикаторлоруна жетишүүнүн орточо индекси |
|
|
3 | Натыйжалуулуктун сапаттык индикаторлорунун максаттуу маанилеринин динамикасынын даражасы |
|
|
4 | Натыйжалуулуктун сандык индикаторлорунун максаттуу маанилеринин динамикасынын даражасы |
|
|
5 | Бюджеттик программаларды пландаштыруунун сапаты |
|
|
| Жалпы баа: |
|
|
Натыйжалуулуктун сапаттык жана сандык индикаторлорунун максаттуу маанисине
жетишүүнү талдоо: ___________________________________________________________
____________________________________________________________________________
Бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулугунун сапаттык
жана сандык индикаторлорунун максаттуу маанилеринин динамикасынын даражасы:

Бюджеттик программаларды пландаштыруунун сапаты: __________________________

БКБТ ишин жакшыртуу боюнча тыянактар жана сунуштар: ________________________

Баалануучу БКБТнын жетекчиси (программаларга ички баа берүүдө): |
| __________________________________ |
|
| (колу) (кол тамгасын чечмелөө) |
|
|
|
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары (программаларды тышкы баалоодо): |
| __________________________________ |
|
| (колу) (кол тамгасын чечмелөө) |
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-январындагы № 27 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ