Загрузка документа…
|
| КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 495 токтому менен бекитилген
|
2006-жылдын 4-июлундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ПРОТОКОЛ
Бишкек шаары, 2022-жылдын 26-майы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Казакстан Республикасынын Өкмөтү, мындан ары "Тараптар" деп аталат, 2006-жылдын 4-июлундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) 7-статьясын жетекчиликке алып,
Макулдашууга төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө макулдашты:
Макулдашуунун аталышында жана андан ары бүткүл тексти боюнча "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
1-берене.
Макулдашуунун 3-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Казакстандык тарап кыргыз тарапка Казакстан Республикасынын жогорку жана (же) ЖОЖдон кийинки билим берүү уюмдарында жыл сайын окуу үчүн төмөнкүдөй принцип менен 50 орунга чейин берет:
- Кыргыз Республикасынын жарандарына төмөнкү билим берүү багыттары боюнча окуу үчүн: "маалыматтык-коммуникациялык технологиялар", "инженердик, иштетүүчү жана курулуш тармактары", "айыл чарбасы жана биоресурстар" - 15 адам (бакалавриат - 10, магистратура - 5), "саламаттык сактоо жана социалдык камсыздоо (медицина)" - 5 адам, "үзгүлтүксүз интеграцияланган медициналык билим берүү программасы (6 жылдык окуу) жана резидентура (5 жылга чейин окуу)", "педагогикалык илимдер", "искусство жана гуманитардык илимдер", "социалдык илимдер, журналистика жана маалымат", "бизнес, башкаруу жана укук" - 10 адам (бакалавриат - 5, магистратура - 5);
- Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелген казак улутундагы адамдарга Казакстан Республикасынын жогорку жана (же) ЖОЖдон кийинки билим берүү уюмдарында бакалавриат жана магистратура программалары боюнча төмөнкү билим берүү багыттары боюнча 20га чейин окуу орундары (бакалавриат - 10, магистратура - 10); "маалыматтык-коммуникациялык технологиялар", "инженердик, иштетүүчү жана курулуш тармактары", "айыл чарбасы жана биоресурстар", "педагогикалык илимдер", "искусство жана гуманитардык илимдер", "социалдык илимдер, журналистика жана маалымат", "бизнес, башкаруу жана укук".
2. Казакстандык тарапка кыргыз тарап техникалык адистиктер боюнча 4 адамды (бакалавриат - 2, магистратура - 2), медициналык адистиктер боюнча 3 адамды (адистик/ординатура - 3), гуманитардык-экономикалык адистиктер боюнча 3 адамды (бакалавриат - 2, магистратура - 1) окутууну сунуш кылат.
3. Казакстандык тарап жыл сайын 30-мартка чейин кыргыз тарапка жогорку жана (же) ЖОЖдон кийинки билим берүү уюмдарынын аталыштарын берет.
4. Казакстандык тарапка кыргыз тарап жыл сайын 30-мартка чейин жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын аталыштарын берет.
5. Жөнөтүүчү Тарап жыл сайын 30-майдан кечиктирбестен кабыл алуучу Тарапка окууга талапкерлердин зарыл болгон документтерин берет.
6. Казакстандык тарап жыл сайын 1-июлга чейин кыргыз тарапка жогорку жапа (же) ЖОЖдон кийинки билим берүү уюмдарына талапкерлерди кабыл алуу жөнүндө ырастаманы жөнөтөт.
7. Казакстандык тарапка кыргыз тарап жыл сайын 1-июлга чейин жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына талапкерлерди кабыл алуу жөнүндө ырастаманы жөнөтөт.
8. Бакалавриат, магистратура, резидентура, адистик/ординатура программалары боюнча окуу мөөнөтү кабыл алуучу Тараптын мыйзамдарына ылайык аныкталат.".
2-берене.
Бул Протокол Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана Макулдашуунун 10-беренесинде белгиленген тартипте күчүнө кирет жана Макулдашууну колдонууну токтотуу менен бир убакта аны колдонуу токтотулат.
2022-жылдын 26-майында Бишкек шаарында эки нускада, ар бири кыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей аутенттүү болуп саналат.
Бул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө же колдонууда Тараптардын ортосунда пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
| Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
___________________________________ |
| ___________________________________ |