Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 557 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы № 42, 2026-жылдын 28-майы № 375 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо мамлекет кепилдеген юридикалык жардам чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча процессти координациялоону жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын (мындан ары - Кызмат) ишинин тартибин аныктайт.
2. Кызмат Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин (мындан ары - Министрлик) мекеме уюштуруучулук-укуктук формасында иштеген ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
3. Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана Кыргыз. Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Министрликтин чечимдерин, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Кызмат юридикалык жактын укук жөндөмдүүлүгүнө ээ, өз алдынча баланска жана оперативдүү башкаруу укугунда ага бекитилип берилген мүлккө, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык алыш-бериш жана башка эсептерге ээ.
5. Кызматтын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн фирмалык аталышы жазылган мөөрү, мөөрлөрү, штампы, белгиленген үлгүдөгү бланктары болот.
6. Кызматтын борбордук аппаратынын жана аймактык бөлүмдөрүнүн түзүмү, башкаруу схемасы, штаттык расписаниеси белгиленген штаттык сандын чегинде Кыргыз Республикасынын юстиция министри тарабынан бекитилет.
7. Кызмат борбордук аппараттан жана аймактык бөлүмдөрдөн турат.
8. Кызматтын координаторлору жана кызматкерлери мамлекеттик жарандык кызматчылар болуп саналат.
9. Кызмат өзүнүн компетенциясына кирген функцияларды ишке ашырууда өз алдынча болот. Кызматтын ишин Министрлик контролдойт.
10. Кызматтын толук фирмалык аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы";
2) расмий тилде: "Служба юридической помощи при Министерстве юстиции Кыргызской Республики".
11. Кызматтын кыскартылган фирмалык аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "ЮЖК";
2) расмий тилде: "СЮП".
12. Кызматтын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Жибек Жолу проспекти, 381.
13. Кызмат Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун укук улантуучусу болуп эсептелет.
2. Кызматтын милдеттери
14. Кызматтын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жеке жактарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын камсыз кылуу;
2) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасын өркүндөтүү жана өнүктүрүү;
3) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекет кепилдеген юридикалык жардам маселелери боюнча ишин координациялоо;
4) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын субъекттеринин ортосунда укуктук жардам көрсөтүү маселелери боюнча өз ара аракеттенүү маселелерин координациялоо;
5) укуктук билим берүүгө, калктын укуктук маданиятын жана укуктук аң-сезимин жогорулатууга көмөк көрсөтүү.
3. Кызматтын функциялары
15. Жүктөлгөн милдеттерге ылайык Кызмат төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
1) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү боюнча процессти координациялайт;
2) "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык квалификациялуу юридикалык жардам алууга укугу бар жеке жактарга аны көрсөтүүгө көмөк көрсөтөт;
3) Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга жана качкындарга мамлекет кепилдеген юридикалык жардам чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте, анын ичинде маалыматтык технологияларды колдонуу менен консультациялык-укуктук жардам алууга көмөк көрсөтөт;
4) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын адвокаттары, Кызматтын координаторлору жана кызматкерлери үчүн квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү маселелери боюнча практикалык колдонмолорду (нускамаларды) иштеп чыгат жана бекитет;
5) Кызматтын координаторлору жана кызматкерлери үчүн консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү маселелери боюнча практикалык колдонмолорду (нускамаларды) иштеп чыгат жана бекитет;
6) Кызматтын 114 ишеним телефону жөнүндө жобону иштеп чыгат жана бекитет, анын иштөөсүн камсыз кылат;
7) Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү боюнча адвокаттардын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону иштеп чыгат жана бекитет;
8) Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам берүү боюнча адвокаттардын мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
9) адвокаттар менен Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы тарабынан иштелип чыккан келишимдин формасын, Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү боюнча адвокаттардын мамлекеттик реестрине адвокаттарды тандоонун критерийлерин, каттоону жүргүзүүнүн тартибин жана формасын, адвокаттык досьени жана маалыматтарды сактоо мөөнөттөрүн бекитет;
10) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасына катышкан адвокаттар менен мамлекет кепилдеген юридикалык жардам чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө келишимдерди түзөт;
11) адвокаттар тарабынан келишимдин шарттарынын жана квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү сапатынын стандарттарынын сакталышын контролдойт;
12) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын адвокаттары тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардам үчүн алардын эмгек акысын мыйзамда белгиленген тартипте төлөөнү камсыз кылат;
13) Кызматтын ишинин маселелери боюнча жарандардын жана юридикалык жактардын арыздарын, кайрылууларын карайт;
14) адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардам боюнча арыздарды жана даттанууларды өзүнүн компетенциясынын чегинде карайт;
15) адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамдын сапаты жана/же алар тарабынан Кесиптик этика кодексинин бузулгандыгы жөнүндө арыздарды жана даттанууларды Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын кароосуна сунуштарды киргизет;
16) Кызматтын иши жөнүндө кварталдык, жарым жылдык, жылдык аналитикалык отчетторду түзөт жана Министрликке жөнөтөт;
17) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам чөйрөсүндө квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөн адвокаттардын ыйгарым укуктарын тариздөө үчүн ордер тапшырмаларды тариздөө, берүү, эсепке алуу жана сактоо тартиби жөнүндө жобону иштеп чыгат жана бекитет;
18) отчеттуулуктун формаларын, бланктарды жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүүдө колдонулуучу башка керектүү документтерди иштеп чыгат жана бекитет;
19) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасына мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун методологиясын иштеп чыгат жана бекитет;
20) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасына мониторинг жүргүзөт, анын ичинде көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жана консультациялык-укуктук жардамдын сапатын баалайт;
21) укук колдонуу практикасына талдоо жүргүзөт, жалпылайт жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардам чөйрөсүндө сунуштамаларды иштеп чыгат;
22) мамлекеттин эсебинен юридикалык жардам көрсөтүү маселелери боюнча эл аралык тажрыйбаны изилдейт, алардын оң тажрыйбасын улуттук системага ылайыкташтырат жана киргизет;
23) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;
24) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыгат;
25) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү боюнча процессти автоматташтыруу үчүн маалыматтык технологияларды жана системаларды белгиленген тартипте иштеп чыгат жана киргизет;
26) Кызматтын өнүгүү стратегиясын жана пландарын иштеп чыгат жана бекитет;
27) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын адвокаттарынын, Кызматтын координаторлорунун, юстиция органдарынын системасынын кызматкерлеринин, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин мамлекет кепилдеген юридикалык жардам маселелери боюнча кесиптик көндүмдөрүн жогорулатууга багытталган иш-чараларды, анын ичинде маалыматтык технологияларды жана системаларды колдонуу менен уюштурат;
28) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын ведомстволук мекемелери тарабынан алардын компетенциясынын чегинде консультациялык-укуктук жардам көрсөтүүнүн бирдиктүү практикасын киргизет;
29) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын ведомстволук мекемелери үчүн консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү маселелери боюнча отчеттуулуктун бирдиктүү формаларын иштеп чыгат жана бекитет;
30) методикалык колдонмолорду иштеп чыгат жана бекитет, мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын ведомстволук мекемелерине консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү маселелери боюнча методикалык жардам көрсөтөт;
31) өзүнүн компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жактарга мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүүгө мониторинг жүргүзөт;
32) арыз ээсин компетенциясына коюлган маселенин чөйрөсү кирген мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын ведомстволук мекемелерине консультациялык-укуктук жардам алуу үчүн кайра жөнөтүү процессин координациялайт;
33) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү маселелери боюнча сот, укук коргоо органдары, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү жана кызматташууну жүзөгө ашырат;
34) Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы менен мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасына адвокаттарды тартуу, адвокаттардын потенциалын жогорулатуу, көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамдын сапатына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча өз ара аракеттенүүнү жана кызматташууну жүзөгө ашырат;
35) жарандык коомдун институттары, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, юридикалык клиникалар, параюристтер, эл аралык уюмдар жана башка адамдар менен мамлекет кепилдеген юридикалык жардам маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү жана кызматташууну жүзөгө ашырат;
36) жалпыга маалымдоо каражаттары менен мамлекет кепилдеген юридикалык жардам маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү жана кызматташууну жүзөгө ашырат;
37) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын субъекттерине маалыматтык жана методикалык колдоо көрсөтөт;
38) кызыкдар тараптар менен мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү маселелери боюнча координациялык жолугушууларды, семинарларды жана тренингдерди уюштурат;
39) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка уюмдар тарабынан Кызматтын ишине тиешелүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана колдонуу жаатындагы программаларды жана өткөрүлүүчү иш-чараларды белгиленген тартипте жүзөгө ашырууга катышат;
40) Кыргыз Республикасынын укуктук системасы, укук субъекттеринин укуктары жана милдеттери, укуктарды соттук жана соттон тышкаркы тартипте жүзөгө ашыруу жана колдонуу ыкмалары жөнүндө калк арасында, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу, ошондой эле электрондук технологияларды жана системаларды пайдалануу менен маалымат материалдарын жайылтуу жолу менен калкка маалымдайт;
41) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын субъекттерин тартуу менен калкка укуктук жардам көрсөтүү жана укуктук билим берүү боюнча республикалык акцияларды, декадаларды, социалдык өнөктүктөрдү өткөрөт;
42) адвокаттардын, Кызматтын координаторлорунун, кызматкерлеринин, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мобилдүү чыгууларын уюштуруу жолу менен республиканын алыскы региондорунда жашаган жарандарга, социалдык мекемелердеги, ошондой эле жабык типтеги мекемелердеги адамдарга укуктук жардамды камсыз кылат;
43) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү маселелери боюнча лекцияларды, диспуттарды, конференцияларды (анын ичинде эл аралык), симпозиумдарды, конгресстерди жана башка иш-чараларды өткөрөт;
44) бухгалтердик жана статистикалык эсеп жүргүзөт, жүргүзүлгөн финансылык жана чарбалык операциялардын максатка ылайыктуулугун, негиздүүлүгүн жана алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишин, бюджеттик каражаттардын үнөмдүү жана натыйжалуу сарпталышын контролдойт;
45) Кызматтын мүлкүн пайдаланууну, техникалык тейлөөнү жана коргоону, ошондой эле аны сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча зарыл чараларды көрүүнү контролдойт;
46) Кызматтын ишин каржылоого жана көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардам үчүн адвокатка эмгек акы төлөөгө тиешелүү бөлүгүндө республикалык бюджеттин долбоорун түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат.
16, Кызмат Кыргыз Республикасынын мамлекет кепилдеген юридикалык жардам чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык башка функцияларды да аткара алат.
4. Кызматтын укуктары
17. Кызмат өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, башка уюмдардан Кызматтын ишин жүзөгө ашырууга байланышкан маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
2) мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын ведомстволук мекемелерине консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча сунуштарды жана сын пикирлерди киргизүүгө;
3) мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын калкка укуктук билим берүү боюнча иш-чараларга, республикалык акцияларга, декадаларга, акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча социалдык өнөктүктөргө мамлекет кепилдеген юридикалык жардам чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте катышууга тартууга;
4) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасын жакшыртуу жана өркүндөтүү максатында Кызматка караштуу консультациялык, кеңеш берүүчү, эксперттик жана башка кеңештерди түзүүгө;
5) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, өкмөттүк эмес жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө макулдашууларды түзүүгө;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каржылоонун бюджеттен тышкаркы булактарын тартууга;
7) өздөрүнүн милдеттерин аткаруу максатында эл аралык, өкмөттүк эмес жана башка уюмдардан техникалык, гуманитардык жана финансылык жардамдарды алууга жана пайдаланууга;
8) белгиленген тартипте жана өзүнүн компетенциясынын чегинде бюджеттик каражаттарды тескөөгө;
9) өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды жана башка актыларды чыгарууга;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
5. Кызматтын ишин уюштуруу
18. Кызматты Кыргыз Республикасынын юстиция министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу төрага жетектейт.
19. Кызматтын төрагасынын бир орун басары болот. Төраганын орун басары мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Төраганын орун басары түздөн-түз төрагага баш иет жана Кызматтын ишин бөлүштүрүлгөн милдеттерге ылайык уюштурат.
20. Кызматтын жана анын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат;.
21. Кызматтын Төрагасы:
1) жеке башкаруунун негизинде Кызматтын ишине жалпы жетекчилик кылат жана Кызматка жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, ишканалары, мекемелери, уюмдары жана чет мамлекеттер менен мамилелерде Кызматтын атынан чыгат, өзүнүн ыйгарым укуктарынын жана компетенциясынын чегинде өз ара аракеттенүү жана кызматташуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт;
3) Кызматтын ички иш тартибин жана Кызматтын кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;
4) Кызматтын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жана аймактык бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
5) орун басардын ыйгарым укуктарын белгилейт, оперативдүү, уюштуруучулук, кадрлык, финансылык, өндүрүштүк-чарбалык жана Кызматтын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүн аткарууну ага өткөрүп берүүгө укуктуу;
6) Кызматын өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин, мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын адвокаттарын белгиленген тартипте ведомстволук жана мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого сунуштайт;
7) белгиленген тартипте Кызматтын ведомстволук сыйлыктарын уюштурат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган сыйлоонун түрлөрүн колдонот;
8) мыйзамда белгиленген тартипте Кызматтын кенже жана техникалык тейлөөчү персоналдарын жумушка кабыл алууну жана бошотууну жүзөгө ашырат, аларга карата тартиптик жазалардын түрлөрүн колдонот;
9) мыйзамдарда белгиленген тартипте кенже жана техникалык тейлөөчү персоналдар менен эмгек келишимин түзөт;
10) Кыргыз Республикасынын юстиция министри тарабынан берилген ыйгарым укуктардын чегинде Кызматтын кызматкерлерине карата ээлеген кызматынан бошотуу түрүндөгү тартиптик жазаны кошпогондо, тартиптик жазанын түрлөрүн белгиленген тартипте колдонот;
11) Кызматтын системасында аткаруу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды жана башка актыларды, анын ичинде башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен бирдикте же макулдашуу боюнча чыгарат, алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
12) Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүү боюнча адвокаттардын мамлекеттик реестрине адвокаттарды киргизүү жана чыгаруу жөнүндө буйруктарды чыгарат;
121) параюристтерди Кыргыз Республикасынын параюристтеринин реестрине киргизүү жана чыгаруу жөнүндө буйруктарды чыгарат;
13) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө келишимди токтото туруу, бузуу, адвокатка эскертүү берүү, адвокатты квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүдөн убактылуу четтетүү жөнүндө буйруктарды чыгарат;
14) Кызматтын кызматкерлерине жана персоналдарына өргүү берүү жөнүндө буйруктарды чыгарат;
15) Кызматтын төрагасы ушул Жобонун 21-пунктунун 8-пунктчасында көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды Кызматтын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине, ушул Жобонун 21-пунктунун 12, 13-пунктчаларында көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды төраганын орун басарына, Кызматтын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине өткөрүп берүүгө укуктуу;
151) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча милдеттердин аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;
16) Кызматтын алдына коюлган маселелерди чечүү үчүн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат;
17) Кызматтын финансылык каражаттарын тескөөчү болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы № 42, 2026-жылдын 28-майы № 375 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
22. Кызматтын төрагасы жок учурда аны төраганын орун басары алмаштырат.
23. Кызматтын мамлекеттик жарандык кызматчылары менен эмгек мамилелерин укуктук жөнгө салуу мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
24. Кызматтын кенже жана техникалык тейлөөчү персоналы менен эмгек мамилелерин укуктук жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине жана Кызматтын актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
25. Кызматтын кызматкерлери аларга жүктөлгөн эмгек милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган, укукка каршы аракеттерди (аракетсиздикти) жасаган учурда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат мыйзамдарына ылайык материалдык, тартиптик, кылмыш-жаза жана башка жоопкерчиликти тартат.
6. Корутунду жоболор
26. Кызматтын борбордук аппаратын, аймактык бөлүмдөрүн күтүүгө чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
27. Кызмат финансылык каражаттардын эсебин жана отчетун белгиленген тартипте жүргүзөт, статистикалык, бухгалтердик жана башка отчеттордун маалыматтарын даярдоону жана тиешелүү органдарга берүүнү камсыз кылат.
28. Кызматты кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
29. Кызматтын иши токтотулганда анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.