Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 7-октябры № 557
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мамлекет кепилдеген юридикалык жардам чөйрөсүндөгү мамлекеттин саясатын ишке ашыруучу ведомстволук бөлүмүнүн ишин жакшыртуу максатында, "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбор Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы болуп кайра аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын ведомстволук мекемелеринин компетенциясына ылайык мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү боюнча алардын ишин координациялоону жүзөгө ашырат деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
4 | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги | 662 | 258 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппараты | 94 | 27 |
| аймактык бөлүмдөрү | 124 | 189 |
| ведомстволук бөлүмдөрү | 444 | 42 |
1) 2022-жылдын 1-октябрынан тартып | |||
| Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги | 677 | 258 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппараты | 104 | 27 |
| аймактык бөлүмдөрү | 124 | 189 |
| ведомстволук бөлүмдөрү | 449 | 42 |
2) 2022-жылдын 1-декабрынан тартып | |||
| Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги | 687 | 258 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппараты | 104 | 27 |
| аймактык бөлүмдөрү | 124 | 189 |
| ведомстволук бөлүмдөрү | 459 | 42 |
3) 2023-жылдын 1-январынан тартып | |||
| Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги | 722 | 258 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппараты | 104 | 27 |
| аймактык бөлүмдөрү | 124 | 189 |
| ведомстволук бөлүмдөрү | 494 | 42 |
4) 2023-жылдын 1-июлунан тартып |
|
| |
| Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги | 735 | 261 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппараты | 104 | 27 |
| аймактык бөлүмдөрү | 124 | 189 |
| ведомстволук бөлүмдөрү | 507 | 45 |
".
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 314 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборду түзүү жөнүндө" токтомунун 2, 5-7-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
1) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ