Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 7-октябры № 553
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлерин буюм-тайым менен камсыз кылуунун ченемдери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлерин буюм-тайым менен камсыз кылуунун ченемдери жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар республикалык бюджетте тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга каралган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- ички иштер органдарын буюм-тайым менен камсыз кылууну ушул токтомго ылайык жүзөгө ашырсын;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 606 "Милициянын жана ички кызматтын атайын наамы бар Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жетекчи жана катардагы курамындагы адамдардын кийиминин формасы жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |