Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы N 553 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 19-сентябры №606
Милициянын жана ички кызматтын атайын наамы бар Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жетекчи жана катардагы курамындагы адамдардын кийиминин формасы жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Милициянын жана ички кызматтын атайын наамы бар ички иштер органдарынын жетекчи жана катардагы курамындагы адамдардын форма кийимдеринин предметтеринин, бут кийиминин жана жабдыктарынын баяндамасы;
- Милициянын жана ички кызматтын атайын наамы бар ички иштер органдарынын жетекчи жана катардагы курамындагы адамдардын атайын форма кийиминин предметтеринин, бут кийиминин жана жабдыктарынын баяндамасы;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин атайын арналыштагы отряддарынын кызматкерлеринин форма кийиминин предметтеринин баяндамасы;
- Милициянын жана ички кызматтын атайын наамы бар ички иштер органдарынын жетекчи жана катардагы курамындагы адамдардын форма кийиминин кокардаларынын, эмблемалуу кокардаларынын, эмблемаларынын, төш белгилеринин, жең белгилеринин жана нашивкаларынын баяндамасы;
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жетекчи жана катардагы курамынын милициянын жана ички кызматтын атайын наамы боюнча айырмалоо белгилери;
- Милициянын жана ички кызматтын атайын наамы бар ички иштер органдарынын жетекчи жана катардагы курамындагы адамдардын мундирлерин жасоо үчүн колдонулчу кездемелердин ассортименти;
- Милициянын жана ички кызматтын атайын наамы бар ички иштер органдарынын жетекчи жана катардагы курамындагы адамдардын мундир кийимдин предметтерин, бут кийимди жана жабдыктарды, атайын кийимди камсыздоонун жаңы нормалары боюнча кийип жүрүүсүнүн эрежеси;
- милициянын жана ички кызматтын атайын наамы бар ички иштер органдарынын жетекчи жана катардагы курамындагы адамдардын кийимдин жаңы формасын кийүүгө этап менен өтүүсүнүн графиги.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- милициянын же ички кызматтын атайын наамы бар ички иштер органдарынын кызматкерлерин форма кийим менен жабдуунун тартибин жана кезектүүлүгүн жабдуунун мурда колдонулуп келген нормалары боюнча берилчү үлгүлөрүндөгү мундирлик предметтердин запастары толук сарпталышын эске алуу менен жаңы нормалар боюнча жана бул максатка ассигнованиелер бөлүнүшүнө жараша белгилесин;
- милициянын же ички кызматтын атайын наамы бар ички иштер органдарынын өздүк курамын камсыздоо үчүн буюм мүлктүн өтмө запасынын нормативин жылдык чыгымдоонун 50% өлчөмүндө белгилесин;
- өздүк курамды форма кийимдин жаңы предметтери менен толук камсыздаганга чейин кийимдин мурдагы формаларын жаңы конструкциядагы кийимдин предметтери менен бирге, ошондой эле жаңы үлгүдөгү кокарда, эмблемалуу кокарда, жеңге жана төшкө тагылуучу белгилер менен кийип жүрүүгө уруксат берсин;
- милициянын атайын наамы бар жетекчи жана катардагы курамына белгиленбеген үлгүдөгү кийимдин формаларын кийүүгө, айырмалоочу белгилерди, жеңдеги жана төштөгү белгилерди тагынууга, ошондой эле формалык кийимди жарандык, аскердик, же атайын маскировкалоочу кийимдер менен аралаш кийүүгө тыюу салсын. Аскердик үлгүдөгү талаа формасындагы кийимди кийгенде ага милициянын жана ички кызматтын айырмалоочу белгилерин жана форма кийимдин башка элементтерин тагынууга болбойт;
- буюм мүлктү жабдуунун жаңы нормалары боюнча берүүнү уюштурсун, мында өздүк курамды антропометриялык ченөөнүн милдеттүү эрежелерин катуу сактасын, ошондой эле мундир кийимдин чактап туураланышын камсыз кылсын;
- саптык кароо жүргүзүүдө жана кызматка киришүүдө өздүк курам кийимдин белгиленген формасын кийүү эрежесин сактоосун, форма кийимдин предметтеринин жана бут кийимдин абалын текшерсин жана аныкталган кемчиликтер жоюлушуна жетишсин;
- колдо болгон ресурстардын эсебинен формалык кийимди жекече тигүүнү жана өздүк курамга форма кийимдин айрым предметтерин, бут кийимди жана фурнитураны сатууну уюштуруу боюнча чара көрсүн;
- милициянын жетекчи жана катардагы курамынын форма кийиминин жаңы киргизилген предметтерин бул максатка бөлүнчү ассигнованиенин чегинде жана мурунку конструкциядагы буюм мүлктүн тийиштүү предметтеринин запасы толук сарпталып бүткөндөн кийин берсин;
- финансылык каражаттын бөлүнгөнүнө жараша форма кийимдин предметтерин каралжын боз түстөн кочкул көк түскө которууну караштырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине төмөнкүдөй укуктар берилсин:
- лагердик жана атайын чатырлар, чарбалык-тиричилик буюмдар, спорттук шаймандар, материалдар, буюм мүлктү оңдоо үчүн жабдуулар жана аспаптар менен камсыздоонун нормаларын бекитүүгө;
- атайын оперативдик бөлүктөрдүн кызматкерлерине буюмдук мүлк менен жабдуу нормалары боюнча берүү үчүн каралган жарандык үлгүдөгү кийимдерди жана бут кийимдерди зарылчылыгына жараша, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сатып алууга.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 23-мартындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жетекчилик жана катардагы курамындагы милициянын жана ички кызматтын атайын наамдары бар кызматчыларынын форма кийимдери жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министри | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 606 токтому менен бекитилген |
Милициянын жана ички кызматтын атайын наамы бар ички иштер органдарынын жетекчи жана катардагы курамындагы адамдардын форма кийимдеринин предметтеринин, бут кийиминин жана жабдыктарынын БАЯНДАМАСЫ
1. Жетекчи жана катардагы курам үчүн (эркектер)
1.1. Кулакчындуу тумак (жогорку жетекчи курам үчүн)
Кырбуудан, калпактан жана төбөдөн турат. Кырбуу (маңдайча, кулакчындуу желке жапкыч) бозомук-көгүш накта каракүл менен тышталат.
Калпак төрт танаптуу, маңдайча жана кулакчындуу желке жапкыч бозомук-көгүш нооту менен тышталат.
Төбөсү танаптардан жана кебез салып шырылган ичтемелүү тегеректен турат. Алдыңкы маңдайчанын ортосуна эмблемалуу кокарда бекитилет.
1.2. Кулакчындуу тумак (калган жетекчи жана катардагы курам үчүн)
Кырбуудан, калпактан жана төбөдөн турат.
Кырбуу (маңдайча, кулакчындуу желке жапкыч) бозомтук-көгүш накта же жасалма каракүл менен (полковниктер үчүн) тышталат; калган жетекчи жана катардагы курам үчүн койдун терисинен, же бозомук-көгүш жасалма мехтен жасалат.
Калпак төрт танаптуу, маңдайча жана кулакчындуу желке жапкыч бозомук-көгүш нооту менен тышталат.
Төбөсү танаптардан жана кебез салып шырылган ичтемелүү тегеректен турат.
Алдыңкы маңдайчанын ортосуна эмблемалуу кокарда бекитилет.
1.3. Жүн кездемеден тигилген фуражка (жогорку жетекчи курам үчүн)
Сүйрүсүнөн келген түптөмөдөн жана каралжын-бозомук төрт капталдан, кызыл (милиция үчүн) жана мала кызыл түстөгү кырбуудан (ички кызматтагылар үчүн), маңдайчадан турат. Түптөмөнүн четтери жана кырбуунун жогорку четинин кыюусу кызыл (милиция үчүн) жана мала кызыл (ички кызматтагылар үчүн) түстө.
Фуражканын алдыңкы кырбуусунда каптал жактарында лавр бутактары түрүндө алтындалып саймаланган кокарда бар.
Фуражканын маңдайына алтындалып саймаланган Мамлекеттик гербдин сүрөтү түшүрүлгөн эмблема бар. Маңдайчанын жогору жагы лакталган кара булгаары менен, ал эми төмөн жагы - кара замш, же жүн кездеме менен капталган.
Фуражканын үстүндөгү кырбууга эки формалык жалтырак топчуга алтын түстүү чыйратылган боо бүчүлөнгөн.
1.4. Жүн кездемеден токулган фуражка
1.4.1. Сүйрүсүнөн келген түптөмөдөн жана бозомук-каралжын төрт капталдан, кызыл (милиция үчүн) жана мала кызыл түстөгү кырбуудан (ички кызматтагылар үчүн), маңдайчадан турат. Түптөмөнүн четтери жана кырбуунун жогорку четинин кыюусу кызыл (милиция үчүн) жана мала кызыл (ички кызматтагылар үчүн) түстө.
Фуражканын кырбуусунун алдында калган жетекчи жана катардагы курам үчүн - эмблемалуу кокарда, кара лакталган маңдайчасы бар.
Фуражканын үстүндөгү кырбууга эки формалык жалтырак топчуга алтын түстүү чыйратылган боо бүчүлөнгөн.
1.4.2. Конструкциясы боюнча жүн кездемеден тигилген фуражкадай, бирок фуражканын тулкусуна кийгизилүүчү, ак түстүү ичтеме менен капталган, алып коймо ак тыштамалуу кебез кездемеден же синтетикалык материалдан тигилген жайкы фуражка.
Капталдарында блокчолор менен бекитилген желдетүүчү үчтөн тешиги бар. Кырбуусу кызыл, же темгил түстө. Түптөмөнүн жээги каптама кандай кездемеден болсо ошондой түстөгү кант, кырбуунун жогорку четинин канты кызыл же темгил түстө.
1.5. Жүндөн тигилген пилотка
Каралжын-боз түстүү кызыл (милиция үчүн) жана мала кызыл канттуу жана бортиктери темгил канттуу (мындан тышкары, жогорку жетекчи курам үчүн түптөмөнүн жээги да темгил түстө).
Узунунан кеткен түптөмөнүн эки бөлүгүнөн, эки капталдан жана эки бортиктен турат. Пилотканын каптал жактарында блоктор менен кармалган үч желдетүүчү тешик жайгашкан.
Маңдай жагында кокарда жайгашкан.
1.6. Кышкы пальто (жогорку жетекчи курам жана полковниктер үчүн)
Жүндөн токулган каралжын-боз кездемеден тигилген (милиция үчүн) жана кочкул-коргоочу түстөгү (ички кызмат үчүн) кышкы пальто.
Эки борттуу, алып коймо мех жакалуу. Кыналма көрүнүштөгү, 3 формалык топчуга бүчүлөнүүчү, далыны жылуулачу кабымасы жана этегине чейин ичи бар.
Жакасы кайырма, жогорку жетекчи курамдын жакасынын четинде кызыл петлица (милиция үчүн) жана алтын түстүү канттар менен кочкул-көгүш түстүү (ички кызмат үчүн) петлица. Жогорку жетекчи курам жана полковниктер үчүн алып койма боз каракүл жака (боз түстүү жасалма каракүлгө жол берилет).
Кесилген каптал бөлүктөрү бар, алды жагы бүйрүлгөн жана тилик капкалдырыктуу чөнтөктөрү бар өңүр.
Ортосунда тигиши бар арткы өңүр, бел туштан чыккан каршы бүктөмө жана тилиги бар, бел курчоонун деңгээлинде эки кайылган мамыча жана эки формалуу топчуга бүчүлөнгөн курча.
Жеңдери эки тигиштүү кайып тигилген.
Пальтонун этеги кайрылбаган.
Сол жак өңүрүнүн ичтемесинде төш чөнтөк.
Погондор тигилме, каралжын-боз (милиция үчүн) жана зайтун (ички кызмат үчүн) түстө.
1.7. Кышкы пальто (калган жетекчи жана катардагы курам үчүн)
Жүндөн (жарымы жүндөн) токулган каралжын-боз (милиция үчүн) жана жана коргоочу түстөгү (ички кызмат үчүн) кездемеден тигилген кышкы пальто. Бир жагына топчуланма, жылуулатылган, ачык кайырма жакалуу жана лацканы бар. Түз бычылган алтын түстүү төрт формалык топчуга боорунан бүчүлөнмө.
Жогору жагынан этегине чейин саржа менен ичтелген, кебез кабылып, жылуулатылган. Өңүрүнүн сол жак ичтемесинде топчуга бүчүлөнмө чөнтөгү бар.
Өңүрлөрү дублерин менен бышыкталган капталындагы тилик бөлүктөрү менен,тышкы тилик каптал чөнтөктөрү бар.
Учасындагы тик кеткен тигиш тилик менен аяктайт.
Жакасы кайырма кой терисинен, же жасалма териден, боз түстө.
Погондору тигилген каралжын-боз (милиция үчүн) жана зайтун түстө (ички кызмат үчүн).
1.8. Жайкы пальто
Жүндөн (жарымы жүндөн) токулган каралжын-боз (милиция үчүн) жана зайтун (ички кызмат үчүн) түстөгү кездемеден тигилген, түз көрүнүштөгү, боору көрүнбөгөн төрт топчуга бүчүлөнгөн, куру бар жайкы пальто.
Жакасы кайырма, жогорку жетекчи курамдын жакасынын четинде (алтын түстөгү тигилме), полковниктердин петлицалары кызыл (милициялар үчүн) жана зайтун (ички кызмат үчүн) түстө алтын түстүү кыюулар менен, калган жетекчи жана катардагы курам үчүн - эмблемалар.
Өңүрлөрү кокеткалар менен, капталдарында тилик чөнтөктөрү бар.
Учасы кокеткалуу, арткы этеги тилик.
Жеңдери кайылган, үч тигиштүү, учунда ортоңку тигишке капшыра тигилген хлятиктер, бош учу топчуланма.
Пальтонун этеги бүгүлгөн. Этегине чейин ичтелүү.
Сол жак өңүрдө төш чөнтөк. Погондор тигилген, каралжын-боз (милиция үчүн) жана зайтун (ички кызмат үчүн) түстө.
1.8.1. Жаз-күз кийилүүчү плащ
Жаз-күз кийилүүчү плащ, суу өткөрбөс каралжын-боз (милиция үчүн) жана зайтун (ички кызмат үчүн) түстө, көрүнүшү түз, ортоңку өңүрдөн төрт формалык топчуга бүчүлөнөт, жылуу ичтемеси алып коймо жана этегине чейинки ичтемеде, курчалма.
Жакасы кайырма.
Өңүрлөрү кокеткалар менен, капталдарында тилик чөнтөктөрү бар.
Учасы кокеткалуу, арткы этеги тилик.
Жеңдери кайылган, үч тигиштүү.
Сол жак өңүрдө төш чөнтөк.
Погондор алып коймо, каралжын-боз (милиция үчүн) жана зайтун (ички кызмат үчүн) түстө.
1.9. Сый эки борттуу китель (жогорку жетекчи курам үчүн)
Жүндөн токулган агыш-көк түстөгү кездемеден тигилген, ачык, жакасы кайырма жана лацкандуу, үч формалуу топчуга бүчүлөнгөн китель. Жаканын уч жагында алтынданган тигилме. Өңүрлөрү кесилген капталдары менен, алдыңкы кайылган, жогорку кесилген чөнтөктүү, капталдарында жапкактуу чөнтөктөрү менен. Лацкандардын жогору жагында бирден тиликсиз бүчү. Учанын ортосунда тигиш. Жеңдери эки тигиш менен обшлагдуу. Өңүрдүн ичтемесинде топчуга бүчүлөнүүчү чүпүрөк бүчүлүү тилик чөнтөк.
Жакасында жана обшлагдарында алтын түстүү тигилмелер. Жаканын жана обшлагдардын чети кызыл (милиция үчүн) жана зайтун түстөгү (ички кызмат үчүн) ноотудан кыюуланган.
Погондору тигилген, каралжын-боз, алтын жана агыш-көк түстө (милиция үчүн) жана зайтун жана алтынданган түстө (ички кызмат үчүн).
1.10. Сый жана күн сайын кийилүүчү бир борттуу китель (жогорку жетекчи курам үчүн)
Жүндөн токулган агыш-көк, каралжын-боз жана коргоочу түстөгү кездемеден тигилген китель.
Бир борттуу, кыналынкы көрүнүштөгү, төрт формалык топчуга боорунан топчуланма, ачык, этегине чейин ичтелген.
Жакасы кайырма, алтын түстүү тигилмеси бар.
Өңүрлөрү кесилген каптал бөлүктөр менен, алдыңкы каюуу, жогорку планкалар жана капталдагы тилик чөнтөктөр фигуралуу жапкактар менен.
Учасы ортодон тигиштүү, этеги тилик.
Жеңдери кайылган, эки тигиштүү.
Ичтеменин өңүрүндө төш чөнтөктөрү бар.
Погондору тигилген каралжын-боз, алтын жана агыш-көк түстө (милиция үчүн) жана зайтун жана алтын түстөрдө (ички кызматтар үчүн).
1.11. Сый китель
Жүндөн токулган кездемеден тигилген каралжын-боз (милиция үчүн) жана зайтун түстөгү (ички кызмат үчүн) китель.
Бир борттуу, кенен жаткан, төрт формалык топчуга ортосунан
бүчүлөнмө, ачык, этегине чейин ичтемелүү.
Жакасы кайырма, учунда эмблемалар.
Өңүрлөрү кесилген каптал бөлүктөр менен, алдыңкы каюуу, жогорку планкалар жана капталдагы тилик чөнтөктөр фигуралуу жапкактар менен.
Учасы ортодон тигиштүү, этеги тилик.
Жеңдери кайылган, эки тигиштүү.
Ичтеменин өңүрүндө төш чөнтөктөрү бар.
Погондору тигилген каралжын-боз, алтын жана агыш-көк түстө (милиция үчүн) жана зайтун жана алтын түстөрдө (ички кызматтар үчүн).
1.12. Күнүмдүк китель
Жүндөн токулган кездемеден тигилген каралжын-боз (милиция үчүн) жана зайтун түстөгү (ички кызмат үчүн) китель.
Бир борттуу, кенен жаткан, төрт формалык топчуга ортосунан бүчүлөнмө, ачык, этегине чейин ичтелген.
Жакасы кайырма, учунда эмблемалар.
Өңүрлөрү кесилген каптал бөлүктөр менен, алдыңкы каюу, жогорку планкалар жана капталдагы тилик чөнтөктөр фигуралуу жапкактар менен.
Учасы ортодон тигиштүү, этеги тилик.
Жеңдери кайылган, эки тигиштүү.
Ичтеменин өңүрүндө төш чөнтөктөрү бар.
Погондору тигилген, каралжын-боз (милиция үчүн) жана зайтун түстөрдө (ички кызматтар үчүн).
1.13. Күрмө
Жүндөн (жарымы жүндөн) токулган кездемеден тигилген каралжын-боз (милиция үчүн) жана зайтун түстөгү (ички кызмат үчүн) күрмө. Көрүнүшү түз, бир борттуу, кенен жаткан, тасма-сыдырмага ортосунан бүчүлөнмө, кайылган куру бар, этегине чейин ичтелген.
Жакасы кайырма.
Өңүрү кокеткалуу, жогорку бастырылган чөнтөктөрү планкалуу жана жапкактуу, капталында тасма-сыдырмалуу тилик чөнтөктөр.
Учасы кокеткалуу.
Жеңдери бир тигиштүү, кайылма, манжеттүү.
Күрмөнүн этеги капталындагы тигиштерден тартып чоюлгуч тасма менен тартылган.
Чөнтөктөрдүн капкалдырыктары жана манжеттер формалык пластмасса топчулар менен бүчүлөнөт.
Погондор алып коймо, каралжын-боз (милиция үчүн) жана зайтун түстө (ички кызмат үчүн).
1.14. Жайкы атайын күрмө
Каралжын-боз (милиция үчүн) жана зайтун түстөгү (ички кызмат үчүн) жарым синтетикалык кездемеден тигилген күрмө, көрүнүшү түз, бир борттуу, кенен жаткан, тасма-сыдырмага ортосунан бүчүлөнмө, кайылган куру бар, этегине чейин ичтелген күрмө.
Жакасы кайырма.
Өңүрлөрү кокеткалуу, жогорку бастырылган чөнтөктөрү планкалуу жана жапкактуу, капталында тасма-сыдырмалуу тилик чөнтөктөр.
Учасы кокеткалуу.
Жеңдери кайылма бир тигиштүү, манжеттүү.
Күрмөнүн этеги капталындагы тигиштерден тартып чоюлгуч тасма менен тартылган.
Чөнтөктөрдүн капкалдырыктары жана манжеттер формалык пластмасса топчулар менен бүчүлөнөт.
Погондор алып коймо, каралжын-боз (милиция үчүн) жана зайтун түстө (ички кызмат үчүн).
1.15. Суу өтпөгөн кездемеден тигилген кышкы күрмө
Каралжын-боз (милиция үчүн) жана зайтун (ички кызмат үчүн) түстөгү, алып коймо тери жакалуу (табигый жана жасалма) жана алып коймо чүмкөмөлүү күрмө.
Көрүнүшү түз, боору тасма-сыдырма менен бүчүлөнмө, шамалдан коргоочу жапкактуу, бир катар кеткен тырс этмелери бар, синтепон жана кебез кабылып жылуулантылган, этегине чейин ичтелген, погондору тигилген.
Өңүрү учага уланып кеткен кокеткалары менен, төш жагында капкалдырыктуу бастырлган чөнтөктөрү бар жана жан жагында эки тилик чөнтөктүү.
Учасында маңдайлаш бүгүшү бар.
Жеңдери үч тигиштүү манжеттери менен.
Погондору тигилген, тырс этмелерге же топчуларга бүчүлөнмө.
1.16. Жаз-күз кийилүүчү атайын күрмө
Суу өткөрбөс каралжын-боз (милиция үчүн) жана зайтун (ички кызмат үчүн) түстөрдөгү кездемеден тигилген күрмө, көрүнүшү түз, боору тасма-сыдырмага бүчүлөнөт, куру тигилме жана этегине чейин ичтемелүү, бир (эки) катмарлуу синтепон менен.
Алып коймо тери жакалуу жана чүмкөмөлүү.
Өңүрлөрү кокеткалуу, жогору жагында бастырылган сыйымдуу чөнтөктөрү бар, жеңдери планкалуу жана жапкактуу, тасма-сыдырмага бүчүлөнмө капталдарында тилик чөнтөктөрү бар.
Учасы кокеткалуу.
Жеңдери үч тигиштүү манжеттери менен.
Күрмөнүн этеги каптал тигиштен чоюлма тасмалар менен тартылган.
Манжеттер жана чөнтөктөр формалык топчуларга же тырс этмелер менен бүчүлөнөт.
Погондору алып коймо, каралжын-боз (милиция үчүн) жана зайтун (ички кызмат үчүн) түстө.
1.17. Тери ичтелген кышкы күрмө (жогорку жетекчи курам үчүн)
Каралжын-боз (милиция үчүн) жана зайтун (ички кызмат үчүн) түстөгү, ортосунан өңүрдүн ичинен топчуланма кышкы күрмө.
Өңүрдөн, учадан, жакадан, жеңден жана алып коймо тери жылууламадан турат. Өңүрү тасма-сыдырмалуу бүчүлөмө жана тырс этмеге бекиме жапкактуу, тырс этмеге жабылма жогорку бастырылма чөнтөктөр жапкактуу, ошондой эле капталдарында тилинген чөнтөктөрү менен. Учасы кокеткалуу. Жакасы кайырма. Жеңдери кайылган, чыканактары калыңдатылыган. Жеңдердин тыш жагында бүчүлүү майда чөнтөктөр. Ийиндериндеги тигиштер жагында погондорду бекитүү үчүн тигилген өткөргүчтөр. Күрмөнүн этек жагы боо менен тартылат. Күрмө каралжын-боз түстөгү жылуулатылыган ичтемеде, алып коймо жылуулагычы бар. Алып коймо жылуулагычтын бардык бөлүктөрү - бозомук түстөгү койдун терисинен, же жасалма териден. Алып коймо жылуулагыч күрмөгө топчулар же сыдырма менен бекийт.
1.18. Суу өткөрбөгөн камуфляж түстөгү кездемеден жасалган кышкы костюм (кийимдин талаа формасы катары бардык өздүк курам үчүн)
1.18.1. Камуфляж түстөгү кездемеден тигилген кепа сүйрү түптөмөдөн, кырбуудан, бүркөмөдөн жана кулакчындан турат. Кепанын каптал жактарында металл блокчолор менен кыюланган үч желдеткич тешик жайгашкан.
Кепанын кулакчыны - териден.
Кулакчындын каптал жагындагы жогору жагы тырс этме менен бекийт.
Кепанын алдыңкы кырында кокарда бекитилген.
1.18.2. Жылуулатылган суу өткөрбөс кездемеден жасалган камуфляждык түстөгү, этегине чейин ичтелген, алып коймо тери жакалуу жана чүмкөмөлүү, түз көрүнүштөгү бир ачык топчусу бар боору жабык бүчүлөнмө куртка.
Белден айланта кеткен ички бүктөмдүү, өңүрүндө жогорку жана төмөнкү бастырылган жапкактуу чөнтөктөрү бар.
Жакасы кайырма кой терисинен.
Учасы туташ бычылган, белди айланта ички бүктөмдөрү бар. Жеңдери кайылган бир тигиштүү. Жеңдин учу бүйүрмө тигиштүү жабык тилиги бар.
Тигилген погондору топчуланма.
1.18.3. Камуфляж түстүү багалегине чейин жылуу ичтемеси бар шлевкалуу топчуланма кайылган куру бар шым.
Шымдын капталдарында капкалдырыктуу чөнтөктөрү бар.
Шымдын багалеги жабык тиликтүү жана чоюлма тасма менен тартылган бүйүрмө тигиштүү.
Ири тигиштин боюнда - бастырыктар, алардын бош учу эки топчуга бүчүлөнөт.
1.19. Камуфляж түстөгү кездемеден тигилген жайкы костюм (талаа кийим формасы катары бүткүл өздүк курам үчүн)
1.19.1. Камфляж түстөгү кездемеден тигилген кепа сүйрү түптөмөдөн, кырбуудан, бүркөмөдөн жана кулакчындан турат. Кепанын каптал жактарында металл блокчолор менен кыюланган үч желдеткич тешик жайгашкан.
Кулакчындын каптал жагындагы жогору жагы тырс этме менен бекийт.
Кепанын алдыңкы кырында кокарда бекитилген.
1.19.2. Камуфляж түстөгү кездемеден жасалган түз көрүнүштөгү бир ачык топчусу бар боору жабык бүчүлөнмө күрмө.
Белден айланта кеткен ички бүктөмдүү, өңүрүндө жогорку жана төмөнкү бастырылган жапкактуу чөнтөктөрү бар.
Жакасы кайырма.
Учасы туташ бычылган белди айланта ички бүктөмдөрү бар.
Жеңдери кайылган бир тигиштүү манжеттүү.
Тигилген погондору топчуланма.
1.19.3. Камуфляж түстүү шлевкалуу топчуланма кайылган куру бар шым.
Шымдын капталдарында капкалдырыктуу жан чөнтөктөрү бар.
Ири тигиштин боюнда - бастырыктар, алардын учу эки топчуга бүчүлөнөт.
1.20. Жүндөн токулган кездемеден тигилген шым (жогорку жетекчи курам үчүн)
Жүндөн токулган кездемеден тигилген, каралжын-боз, кочкул-көгүш түстүү топчуланма кайылган курлуу шым. Кашаты кур өткөргүчтүү.
Шымдын алды жагында тилик капталдуу чөнтөктөрү бар. Шымдын сол жагында саат салуучу чөнтөк.
Шымдын арткы оң жагында капкалдырыктуу чөнтөк.
Каптал тигиштеринде кызыл ноотудан (милиция үчүн) жана зайтун түстөгү ноотудан (ички кызмат үчүн) лампастар.
Шымдын тизе жагы ичтелген.
1.21. Багелеги түшүрүлүүчү шым
Жүндөн, жарымы жүндөн жана синтетикадан токулган каралжын-боз (милиция үчүн) жана зайтун (ички кызмат үчүн) түстөгү кездемеден жасалган, кашаты кайылган, металл илгичке жана топчуларга бүчүлөнмө, багелеги түшүрүлүүчү шым.
Кашаты кууш кур карматуучу өткөргүчтөрү менен.
Шымдын сол жагында саат салуучу чөнтөк.
Шымдын арткы оң жагында капкалдырыктуу чөнтөк.
Жан жагындагы тигиштерде чөнтөктөр жана кант. Кант кызыл
(милиция үчүн) жана зайтун (ички кызмат үчүн) түстөгү ноотудан.
Шымдын тизе жагы ичтелген.
1.22. Багелеги өтүккө киргизилүүчү шым
Жүндөн, жарымы жүндөн жана синтетикадан токулган каралжын-боз (милиция үчүн) жана зайтун (ички кызмат үчүн) түстөгү кездемеден жасалган, кашаты кайылган, металл илгичке жана топчуларга бүчүлөнмө, багелеги өтүккө киргизилүүчү шым.
Кашаты эндүү арчындама үчүн топчулары менен же кашаты кууш кур карматуучу өткөргүчтөрү менен.
Шымдын сол жагында саат салуучу чөнтөк.
Шымдын арткы оң жагында жапкактуу чөнтөк.
Жан жагындагы тигиштерде чөнтөктөр жана кант.
Шымдын төмөн жагы тилик, эки топчуга бекийт. Ири тигиштин боюнча бастырыктар, алардын бош учу эки топчуга бүчүлөнөт.
Шымдын тизе жагы ичтелген.
1.23. Суу өткөрбөгөн кездемеден тигилген кышкы шым
Атайын суу өткөрбөс каралжын-боз (милиция үчүн) жана зайтун (ички кызмат үчүн) түстөгү кездемеден тигилген жылуу ичтемелүү шым.
Бир катмарлуу синтепон, же кебез менен жылууланган.
Тырс этмеге же топчуларга бүчүлөнмө кашаты тигилген.
Эндүү курга ылайыкталган өткөргүчү бар кашаттуу.
Шымдын алды жагында тилик чөнтөктөр жана капталында бастырылган жапкактуу чөнтөктөрү бар.
Шымдын арт жагында жапкактуу ич чөнтөктөр.
Капкактуу бастырылган жана ич чөнтөктөр тырс этмеге же топчуларга бүчүлөнөт.
Шымдын багелеги тилик, ири тигиштин боюнча - бастырыктар, алардын учу эки топчуга бүчүлөнөт.
1.24. Свитер
Жүндөн, же жарымы жүндөн токулган накладкалуу каралжын-боз (милиция үчүн) жана зайтун (ички кызмат үчүн) түстөгү кездемеден тигилген свитер.
Жакасы классикалык, алкымга чейин.
Ийиндеринде жана чыканактарында бышыкталган накладкалар, төш чөнтөктөрү менен. Ийининде жогорку жагы үч бурчтук погондор тигилген, алар топчуларга бүчүлөнөт (алып коймо погондор үчүн өткөргүчтөргө жол берилет).
1.25. Жемпер
Жүндөн, же жарымы жүндөн токулган каралжын-боз (милиция үчүн) жана зайтун (ички кызмат үчүн) түстөгү галстукка ылайыкталган V түспөлдүү оюгу бар, ийиндеринде жана чыканактарында бышыкталган накладкалар, төш чөнтөктөрү бар жемпер. Ийининде жогорку жагы үч бурчтук погондор тигилген, алар топчуларга бүчүлөнөт (алып коймо погондор үчүн өткөргүчтөргө жол берилет).
1.26. Жүндөн токулган берет
Каралжын-боз (кара) түстө, түптөмөлүү, алдыңкы капталдан жана бир, же эки арткы капталдан турат.
Береттин алдыңкы ич жагында эмблемалуу кокарданын бекитмесин жашыруу үчүн жасалма булгаарыдан жапкак жайгашкан. Береттин ичи боо өткөрүлүүчү жасалма булгаары тилке менен кыюуланган. Каптал тигиштеринде блокчолор жайгашкан. Алды жагында эмблемалуу кокарда бекитилген.
Сол жагында, кокарданын ортосунан 80 мм аралыкта жана 25 мм береттин төмөн жагында, КРнын ИИМинин эмблемасы жайгашкан.
1.27. Көйнөктөр
1.27.1. Жеңдери узун, куру бар, ак, көгүш, коргоочу түстөгү кездемеден тигилген формалык көйнөктөр.
Жакасы кайырма.
Өңүрлөрү жогорку планкалуу бастырылган чөнтөктөрү менен, байталык бүгүштөрдү имитациялайт, жапкактуу.
Учасы кокеткалуу.
Жеңдери узун, манжеттүү.
Погондору алып коймо, каралжын-боз, ак, коргоочу түстө.
1.27.2. Жеңдери узун, куру бар, ак, көгүш, коргоочу түстөгү кездемеден тигилген формалык көйнөктөр.
Жакасы кайырма.
Өңүрлөрү жогорку планкалуу бастырылган чөнтөктөрү менен, байталык бүгүштөрдү имитациялайт, жапкактуу.
Учасы кокеткалуу.
Жеңдери кыска, манжеттүү.
Погондору алып коймо, каралжын-боз, ак, коргоочу түстө.
1.28. Майка
Трикотаж майка, классикалык модель, түз бычылган, жеңдери кыска, ак, бозомук-көгүш, кара, камуфляж түстүү.
1.29. Футболка
Трикотаж футболка классикалык модель, түз бычылган, жеңдери узун, же кыска, ак, бозомук-көгүш, кара, камуфляж түстүү.
1.30. "Поло" көйнөгү
"Поло" көйнөгү, трикотаж, классикалык модель, узун жана кыска жеңдүү, бир түстүү, же комбинацияланган.
1.31. Тельняшка
Тельняшка жайкы жана кышкы (түктүү). Классикалык модель. Материалы кебез трикотаж жана түктүү трикотаж.
1.32. Галстук
Каралжын-боз, агыш-көк (милиция үчүн) жана коргоочу (ички кызмат үчүн) түстө.
Чоюлган трапеция түрүндөгү негизги бөлүктөн турат, алкымы түйүлгөн, көйнөктүн жакасынын алдында галстук үчүн бүчүлөмөсү бар.
1.33. Топчулар
Металл, аноддолгон, алтын түстүү; чөйчөкчөдөн, түптөмөдөн, илмектен, же клямерден турат.
Тышкы бети томток, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин рельефтүү сүрөтү бар.
1.34. Галстук бекиткич
Алтын түстөгү металл бекиткич Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин эмблемасы бар ийилген пластинка.
Ич жагы галстук көйнөккө кыналгандай ийилген.
1.35. Жабдыктар
Жабдык белдеги жана ийинден арчындама кара (күрөң) түстөгү курлардан турат.
Эни 50 мм бел кур, жумшак ийленген кайыштан, жибек жип менен тигиш салынган. Курга беш кырдуу эки тилдүү тогоо жана кайыш жапкак тигилген. Курдун бош учунда тогоонун тилдери үчүн тешиктер бар. Курда өткөргүч жана үч муфта, анын экөөнө гортиктердин жана жарым өткөргүчтүн жардамы менен кобуранын тырс этмелерине арчындама кур бекитилген, ал эки бөлүктөн турат: бош учунда тешиктери бар узун жана кыска - беш кырдуу тилдүү пряжкалуу жана өткөргүч менен. Алдыңкы жана ортоңку муфталар кур менен бириккен.
Тогоо, жарым өткөргүч жана кобуралык тырс этмелер алтын түстөгү латундан.
1.36. Параддык кур
Параддык кур токулган, жибектен, алтын (сары) түстө.
Кур кебез кездемесинин тасмасы менен иштелген.
Тогоо сүйрү формадагы латундан.
Курдун жазылыгы 45-50 мм. Курду узартуу-кыскартуу анын ич жагына бекитилген илгичтердин жана бүчүлөрдүн жардамы менен болот.
1.37. Алтын түстөгү аксельбант
Материалы алтын түстүү (сары) капрон жиптен. Учу латундан.
1.38. Шымдын куру
Кара (күрөң) түстөгү кайыш, же жасалма кайыштан, негизги курдан, кыймылдуу жана кыймылысыз шлевкалардан турат. Курга төрт капталдуу, бир тилдүү тогоо тигилген. Курдун бош учунда тил жана тогоо үчүн тешиктер бар. Курдун жазылыгы - 35 мм.
1.39. Кашне
Трикотаж, же кездеме кашне: ак түстүүсү - милициянын сый формасына, көгүш түстөгүсү - күнүгө кийүүчү формасына, коргоочу түстөгүсү ички кызматтын күн сайын кийүүчү формасына.
1.40. Кышкы жана жаз-күз кийилүүчү кыска кончтуу өтүк
Кара түстөгү хром кыска кончтуу өтүк кийилчү бөлүктөн, кончтон, тик апкыттан, штаферкадан жана таш тамандан жана такадан турат. Кончтун ич жагында - тасма-сыдырмалуу бүчүлөмө. Өтүктүн тумшугу катуу.
Кончу кыска өтүктүн ичи байка менен ичтелген (табигый, же жасалма териден). Таш таманды бекитүү методу - желимдеме.
1.41. Бийик берецтүү ботинка
Кара түстөгү хром ботинкалар союзкалардан, берцтен, жарымы жабык жапкактан, жумшак бышыкталган курлардан, жумшак манжеттен жана арткы курлардан, таш тамандан жана такалардан турат. Берецтин алды жагында боолор үчүн блокчолор. Ботинканын тумшугу жана апкыты катуу. Байкадан ичтеме (табигый, жасалма териден) же ичтемесиз. Негизги батектери табигый кайыштан. Ботинканын таманы резина, желимделип тигилген.
1.42. Кончу кыска хром ботинка (ботинкалар)
Кара түстөгү хром кончу кыска ботинкалар союзкалардан, берцтен, таш тамандан жана такалардан турат. Берцтин каптал жагы кара түстөгү резинкадан. Ботинканын тумшугу катуу. Негизги батектери табигый кайыштан. Ботинканын таманы резина, желимделип бекитилген.
Кара түстүү хром ботинкалар союзкалардан, берцтен, апкыттан, тилчелерден жана таш таман менен такалардан турат. Берецтин алды жагында боолор үчүн блокчолор. Берецтин жогорку чети - жумшак бортик. Тумшугу катуу. Ботинканын ичи - ичтемеси кездемеден, ал эми согончок жагы - кайыш. Төмөн жагы рантожелимдүү (таш таманы - резина).
1.43. Хром өтүк
Кара түстөгү хром өтүк, кончтон, алдыңкы бөлүктөн жана төмөнкү бөлүктөн турат.
Кончу жумшак, жарым жумшак футор, же полувалдан чыйрак лампастан, ал эми алды - поднаряддан. Поднаряддар жана жумшак футордун төмөн жагы ичтемелик булгаарыдан. Тумшуктары катуу.
Кончтун арткы тигиши шырыма, ал эми алардын жогорку жагында кендир тасмадан илмектер бар.
Таш тамандары, батектери, апкыттары жана тумшуктары таш тамандык кайыштан. Такалары кайыш, резина же териден набойкалары бар.
Таманы ранта менен бекитилген.
1.44. Юфта өтүк
Кара түстөгү юфта өтүк, кончтон, алдыңкы бөлүктөн жана төмөнкү бөлүктөн турат.
Кончу подшивкалуу же өтмө футор, алды поднаряд менен. Футору же подшивкасы ичтеме шабыра. Поднаряддары уйдун, жылкынын терисинен. Башы катуу. Кончтун арткы тигишинен прошва өтөт, а алардын жогору жагына кендир, же жарым кендир тасмадан илмек тигилген.
Таш таманы, батектери, апкыты, ички, же тышкы подметкалары катуу териден.
Такалары кайыштан, формага салынган набойкалуу. Тумшугу кайыштан, же гранитолдон.
Таманы мык-желим менен бекитилген.
Таш таман резинадан, же башка жасалма жана синтетикалык материалдардан болушу мүмкүн.
1.45. Булгаары мээлей
Кара (күрөң) түстө, беш салаа, мээлейлик булгаарыдан, ичтелген же ансыз. Манжет жагы иээле тырс этмелер менен бекитилет, же чоюлма тасма менен тартылып турат.
1.46. Жарымы жүндөн, жүндөн тигилген мээлей
Түсү кара (күрөң), беш салаа, түйүлгөн, билек боолору тик бурчтуу.
1.47. Жамынма-плащ
Жамынма-плащ каралжын-боз (милиция үчүн) жана зайтун (ички кызмат үчүн) түстө, боору жабык беш топчуга бүчүлөнмө, жакасы кайырма, топчууланма чүмкөмөлүү резина кошулган кездемеден тигилген.
Өңүрү колду чыгаруу үчүн тилик, кыюу түрүндө жасалган, эки топчуга бүчүлөнмө, кыюулардын ич жагында кармоочтору бар.
1.48. Жамынма-плащты алып жүрүү үчүн кур
Кара түстөгү кайыштан, же жасалма кайыштан, узун жана кыска ийин бөлүктөн жана бириктиргич бөлүктөн турат. Курдун узун жана кыска ийин бөлүктөрүнөн түрүлгөн түрдөгү жамынма-плащты байлоо үчүн илгич болот. Курдун узун бөлүгүндө тогоонун тили үчүн тешик, кыска жагында - тогоо жана эки өткөргүч бар.
1.49. Күзөтчүнүн сумкасы
Күзөтчүнүн сумкасы жасалма кайыштан, кайыш капкак-жапкактуу күрөң (кара) түстө. Ички капталында целлулоид пластинка. Ийин кур эки бөлүктөн турат. Сумка горт менен бекилет.
Фурнитурасы цинк менен жабылган болоттон.
1.50. Планшет-сумка
Сумка жасалма булгаарыдан, кайыш капкак-жапкактуу күрөң (кара) түстө. Жапкактуу капкак кулпуланат. Сумканын ичинде эки чөнтөк бар, ички серпилме жапкак, анда целлулоид, өчүргүч, карандаштар үчүн уялар. Ийиндин куру эки бөлүктөн турат. Фурнитурасы никелденген болоттон.
1.51. Жайкы кепа
Каралжын-боз түстөгү кездемеден тигилген кепа формасы сүйрү түптөмөдөн, кырбуудан, бүркөмөдөн жана кулакчындан турат. Кепанын каптал жактарында металл блоктор менен кыюуланган блокчолор менен иштелген үч желдеткич тешик жайгашкан.
Кепанын алдыңкы кырбуусунда кокарда бекитилген.
1.52. Кышкы кепа
Каралжын-боз түстөгү кездемеден тигилген кепа формасы сүйрү түптөмөдөн, кырбуудан, бүркөмөдөн жана кулакчындан турат. Кепанын каптал жактарында металл блоктор менен кыюуланган блокчолор менен иштелген үч желдеткич тешик жайгашкан.
Шамалдан сактоо үчүн кайрылма кулакчындары бар, алар тырс этмелер менен эптелет. Кулакчындар табигый, же жасалма териден даярдалган.
Кепанын алдындагы кырбууда кокарда бекитилген.
Жетекчи жана катардагы курам үчүн (аялдар)
1.53. Кулакчындуу тумак
Кырбуудан, калпактан жана төбөдөн турат.
Кырбуу (маңдайча, кулакчындуу кайырма) боз түстөгү табигый каракүлдөн (жогорку жетекчи курам үчүн) жасалат. Калган жетекчи жана катардагы курам үчүн боз түстүү кой терисинен, же жасалма териден жасалат.
Калпак төрт өңүрдүү, маңдайча жана кулакчындуу кайырма боз түстөгү ноотудан жасалат.
Төбөсү, өңүрлөр жана кырбуулары ичтелген кебезден шырылган.
Алдыңкы маңдайчанын ортосунда эмблемалуу кокарда бекитилген.
1.54. Жүн кездемеден пилотка
Бортиктин чети боюнча каралжын-боз түстөгү кызыл кыюулуу (милиция үчүн) жана зайтун түстүү (ички кызмат үчүн). Пилотка узунунан кеткен түптөмөнүн эки бөлүктөн, эки капталдан жана эки бортиктен турат.
Каптал жактарында блокчолор менен иштетилген үч желдеткич тешиги бар.
Маңдай жагынын ортосунда эмблемалуу кокарда жайгашкан.
1.55. Фуражка
Алдыңкы жана каптал кырбуудан, маңдайчадан жана курчадан турат.
Алдыңкы ортодогу кырбууда эмблемалуу кокарда жайгашкан.
Маңдайчанын үстүндө эки формалык топчуга алтын, же сары түстүү тасма бүчүлөнөт. Капталдарында блокчолор менен бекитилген үчтөн желдеткич тешиктер жайгашкан. Жайкы фуражка каралжын-боз түстүү (милиция үчүн) жана зайтун түстүү (ички кызмат үчүн) синтетикалык кездемеден тигилет.
Жаз-күз кийилүүчү - каралжын-боз түстүү (милиция үчүн) жана зайтун түстүү (ички кызмат үчүн) жүндөн (жарымы жүн) токулган кездемеден.
1.56. Кышкы пальто
Кышкы пальто каралжын-боз түстөгү (милиция үчүн) жана зайтун түстөгү (ички кызмат үчүн) жүндөн (жарымы жүндөн) токулган кездемеден тигилет.
Алып коймо тери жакалуу, көрүнүшү түз, өңүрү үч формалык топчуга бүчүлөнмө, этегине чейин ичтелген жана пахта кабылган.
Жакасы кайырма, жогорку жетекчи курамдын жакасынын учунда алтын түстүү кыюусу бар кызыл түстөгү (милиция үчүн) , же зайтун түстөгү (ички кызмат үчүн) петлица жайгашкан, калган жетекчи жана катардагы курам үчүн - эмблема.
Жогорку жетекчи курам үчүн алып коймо жака боз түстүү табигый каракүлдөн, башка жетекчи жана катардагы курам үчүн боз түстүү кой терисинен, же жасалма териден.
Колтуктан этекке чейинки өңүрдө кыюулуу рельефтер бар, кыюунун алдыңкы чети рельефке кирет.
Учасы колтуктан чөнтөккө чейин эки рельефтүү, этек жагында рельефтер, тилиги бар. Белде формалык эки топчуга бүчүлөнмө курча.
Жеңдери тилик, эки тигиштүү, тиликтерде экиден формалык топчу.
Оң жак өңүрүнүн ичтемесинде төш чөнтөк.
Погондору тигилген каралжын-боз түстө (милиция үчүн) жана зайтун түстө (ички кызмат үчүн).
1.57. Жаз-күз кийилүүчү пальто
Кышкы пальто каралжын-боз түстөгү (милиция үчүн) жана зайтун түстөгү (ички кызмат үчүн) жүндөн (жарымы жүндөн) токулган кездемеден тигилет.
Бир борттуу, кең кыналган, куру бар, бүчүлөнмөсү ичинде.
Жакасы кайырма, жогорку жетекчи курамдын жакасынын учунда алтын түстүү кыюусу бар кызыл түстөгү (милиция үчүн) же зайтун түстөгү (ички кызмат үчүн) петлица жайгашкан, калган жетекчи жана катардагы курам үчүн - эмблема.
Өңүрүндө колтуктан этекке чейин рельефтери, кыюулуу каптал чөнтөктөрү бар.
Учасынын ортосунан тигиш өткөн, этеги тилик.
Жеңдери эки тигиштүү, алдыңкы тигишке тигилген тили бар, анын учу формалык топчу менен бекитилген.
Пальтонун этеги бүгүлгөн. Этегине чейин ичтелген. Оң жаккы өңүрдүн ичтемесинде төш чөнтөк.
Погондору тигилген каралжын-боз түстө (милиция үчүн) жана зайтун түстө (ички кызмат үчүн).
1.58. Жаз-күз кийилүүчү плащ
Каралжын-боз түстөгү (милиция үчүн) жана зайтун түстөгү (ички кызмат үчүн) суу өткөрбөс кездемеден тигилет.
Бир борттуу, этек жагы жайык, ортосунан бүчүлөнмө. Этегине чейин ичтелген, алып коймо жылууламасы бар.
Жакасы кайырма, жогорку жетекчи курамдын жакасынын учунда алтын түстүү кыюусу бар кызыл түстөгү (милиция үчүн) , же зайтун түстөгү (ички кызмат үчүн) петлица жайгашкан, калган курам үчүн - эмблема.
Өңүрү ийининен баштап этегине чейин рельефтүү, капталында кыюулуу чөнтөктөрү бар.
Учасынын ортосунун тигиш жүргүзүлүп, этеги тилик.
Жеңдери бир тигиштүү, манжеттери бар.
Пальтонун этеги бүгүлгөн. Этегине чейин ичтелген.
Оң жаккы өңүрдүн ичтемесинде төш чөнтөк.
Погондору тигилген, каралжын-боз түстө (милиция үчүн) жана зайтун түстө (ички кызмат үчүн).
1.59. Жайкы плащ
Каралжын-боз түстөгү (милиция үчүн) жана зайтун түстөгү (ички кызмат үчүн) суу өткөрбөс кездемеден тигилет.
Бир борттуу, этек жагы жайык, ортосунан бүчүлөнмө. Этегине чейин ичтелген, алып коймо жылууламасы бар. Тогоолуу куру бар.
Жакасы кайырма.
Өңүрүндө тигилген планкалары, кокеткалары жана кыюулуу жан чөнтөктөрү бар.
Учасында кокеткасы бар, ортосунан тигиш жүргүзүлүп, Этеги тилик. Жеңдери үч тигиштүү.
Погондору тигилген, каралжын-боз түстө (милиция үчүн) жана зайтун түстө (ички кызмат үчүн).
1.60. Сый жана күн сайын кийүүчү жакет (жогорку жетекчи курам үчүн)
Каралжын-боз, же агыш-көгүлтүр түстөгү (милиция үчүн) жана зайтун түстөгү (ички кызмат үчүн) жүндөн токулган кездемеден тигилген жакет.
Үч формалык топчуга ортосунан бүчүлөнмө, кенен көрүнүштө.
Жакасы кайырма, учунда алтынданган сайма.
Өңүрлөрү капталдан бүгүлмө, капталдарында жапкактуу тилик чөнтөктөрү бар.
Учанын ортосунан тигиш өтөт.
Жеңдери эки тигиштүү, тилиги бар, аларда үчтөн формалык топчу.
Оң жак өңүрдүн ичтемесинде төш чөнтөк.
Погондору тигилген, каралжын-боз, же агыш-көгүлтүр, алтын жана зайтун түстө.
1.61. Сый жана күн сайын кийүүчү жакет
Каралжын-боз, же агыш-көгүлтүр түстөгү (милиция үчүн) жана зайтун түстөгү (ички кызмат үчүн) жүндөн, же жарымы жүндөн токулган кездемеден тигилген жакет.
Үч формалык топчуга ортосунан бүчүлөнмө, кенен көрүнүштө.
Жакасы кайырма, учунда эмблема.
Өңүрү капталдан бүгүлмө, капталдарында жапкактуу тилик чөнтөктөрү бар.
Учанын ортосунан тигиш өтөт.
Жеңдери эки тигиштүү, тиликтери бар, аларда үчтөн формалык топчу.
Оң жак өңүрдүн ичтемесинде төш чөнтөк.
Погондору тигилген, каралжын-боз (милиция үчүн) жана зайтун (ички кызмат үчүн) түстө.
1.62. Юбка
Каралжын-боз түстөгү (милиция үчүн) жана зайтун түстөгү (ички кызмат үчүн) жүндөн, же жарымы жүндөн токулган кездемеден тигилген юбка.
Ичтелген, кашаты кайылган түз формада, топчуланма жана тасма-сыдырмалуу.
Алдыңкы полотносу рельефтүү, этеги тилик.
Арты эки бүгүштүү жана ортосунда тилиги бар.
1.63. Шым
Каралжын-боз түстөгү (милиция үчүн) жана зайтун түстөгү (ички кызмат үчүн) жүндөн, же жарымы жүндөн токулган кездемеден тигилген шым, ичтелген, кашаты кайылган, топчуланма жана тасма-сыдырмалуу, жан жагындагы тигиштерге кызыл (милиция үчүн) жана зайтун түстөгү (ички кызмат үчүн) кыюу салынган (жогорку жетекчи курам үчүн кыюусуз).
Кашатында кур өткөргүчтөрү бар.
Шымдын алдыңкы жарымында чөнтөктөр.
1.64. Жүндөн токулган кездемеден тигилген көйнөк
Каралжын-боз түстөгү (милиция үчүн) жана зайтун түстөгү (ички кызмат үчүн) жүндөн, же жарымы жүндөн токулган кездемеден тигилген көйнөк, бели бүгүлгөн, куру бар, жакасы кайырма, жапкактуу төш чөнтөктөрү бар. Алдында - планка, беш формалык топчуга топчуланат. Өңүрү жана учасы кокеткалуу.
Жеңи кайылган манжеттүү.
Манжеттер жана жапкактар формалык топчулар менен топчуланат.
Юбка төрт тигиштүү, этеги жайык. Алды жагы үч бөлүк. Каптал жагында чөнтөктөрү бар. Сол капталындагы тигиштен бүчүлөнмө.
Погондору тигилген, каралжын-боз (милиция үчүн) жана зайтун (ички кызмат үчүн) түстө.
1.65. Жайкы көйнөк
Көгүш-бозомук түстөгү (милиция үчүн) жана зайтун түстөгү (ички кызмат үчүн) жука кездемеден тигилген көйнөк, бели бүгүлгөн, куру бар, жакасы кайырма, жапкактуу төш чөнтөктөрү бар, Көйнөктүн алды жана чөнтөктөрдүн жапкактары топчуланма.
Жеңи кыска.
Юбка эки тигиштүү, бүгүштөрү бар.
Погондору алып коймо, каралжын-боз (милиция үчүн) жана зайтун (ички кызмат үчүн) түстө.
1.66. Жүндөн токулган кездемеден тигилген күрмө
Каралжын-боз түстөгү (милиция үчүн) жана зайтун түстөгү (ички кызмат үчүн) жүндөн (жарымы жүндөн) токулган кездемеден тигилген күрмө. Көрүнүшү түз, боорунан тасма-сыдырма менен топчуланма, куру тигилген жана этегине чейин ичтелген.
Жакасы кайырма, учунда эмблема.
Өңүрү кокеткалар менен, тик рельефтүү, эки чөнтөгү бар.
Учасы кокеткалуу.
Жеңдери тигилген эки тигиштүү, манжеттери кайылган. Күрмөнүн этеги каптал тигиштен чоюлма тасма менен тартылган. Жеңдин манжеттери формалык топчулар менен топчуланат. Погондору алып коймо, каралжын-боз (милиция үчүн) жана зайтун (ички кызмат үчүн) түстө.
1.67. Жайкы атайын күрмө
Каралжын-боз түстөгү (милиция үчүн) жана зайтун түстөгү (ички кызмат үчүн) жарымы синтетикалык кездемеден тигилген күрмө.
Көрүнүшү түз, боорунан тасма-сыдырма менен топчуланма, куру тигилген жана этегине чейин ичтелген.
Жакасы кайырма.
Өңүрү кокеткалар менен, планкалуу бастырылган жапкактуу төш чөнтөктөрү, тасма-сыдырмага бекиген жан чөнтөктөрү бар.
Учасы кокеткалуу.
Жеңдери тигилген эки тигиштүү, манжеттери кайылган.
Күрмөнүн этеги каптал тигиштен чоюлма тасма менен тартылган. Жеңдин манжеттери формалык топчулар же тырс этмелер менен топчуланат.
Погондору алып коймо, каралжын-боз (милиция үчүн) жана зайтун (ички кызмат үчүн) түстө.
1.68. Жаз-күз кийилүүчү атайын күрмө
Каралжын-боз түстөгү (милиция үчүн) жана зайтун түстөгү (ички кызмат үчүн) суу өткөрбөс кездемеден тигилген күрмө. Көрүнүшү түз, боорунан тасма-сыдырма менен топчуланма, куру тигилген жана этегине чейин ичтелген бир (эки) катмар синтепону бар күрмө.
Жакасы алып коймо тери жана чүмкөмө менен.
Өңүрү кокеткалар менен, планкалуу бастырылган жапкактуу төш чөнтөктөрү, тасма-сыдырмага бекиген жан чөнтөктөрү бар.
Учасы кокеткалуу.
Жеңдери тигилген үч тигиштүү, манжеттери кайылган.
Күрмөнүн этеги каптал тигиштен чоюлма тасма менен тартылган. Жеңдин манжеттери же чөнтөктөрү формалык пластмасса топчулар же тырс этмелер менен топчуланат.
Погондору алып коймо, каралжын-боз (милиция үчүн) жана зайтун (ички кызмат үчүн) түстө.
1.69. Суу өткөрбөс кездемеден тигилген кышкы күрмө
Каралжын-боз түстөгү (милиция үчүн) жана зайтун түстөгү (ички кызмат үчүн) суу өткөрбөс кездемеден тигилген күрмө. Жакасы (табигый же жасалма) алып коймо тери жана чүмкөмөлүү. Көрүнүшү түз, боорунан тасма-сыдырма менен топчуланма, бир катар тырс этмелери бар, этегине чейин ичтелген, синтепон же кебез менен жылуулатылган күрмө.
Өңүрлөрү учасына өткөн кокеткалары менен, жапкактуу төш чөнтөктөрү, кыюулуу жан чөнтөктөрү бар.
Учасыда маңдайлашкан бүгүшү бар.
Жеңдери тигилген үч тигиштүү, манжеттүү.
Погондору тигилген, тырс этмелерге же топчуларга бүчүлөнмө.
1.70. Тыш көйнөк (блузка)
1.70.1. Ортосунан жабык топчуланма, жеңдери узун, курсуз (юбкага киргизип кийүү үчүн), ак, көгүш-бозомук, коргоочу түстөгү кездемеден тигилген формалык блузка.
Жакасы тик, кайырма.
Өңүрлөрү кокеткалуу, кокетка кайылган тигиштен өңүрдүн этегине кеткен үч бүгүшү бар. Байталык бүгүштөрүнө окшош планкалуу жана жапкактуу бастырылган чөнтөгү бар.
Учасы кокеткалуу.
Жеңдери узун манжеттүү.
Погондору алып коймо, каралжын-боз (милиция үчүн) жана зайтун (ички кызмат үчүн) түстө.
1.70.2. Ортосунан жабык топчуланма, жеңдери кыска, курсуз (юбкага киргизип кийүү үчүн), ак, көгүш-бозомук, коргоочу түстөгү кездемеден тигилген формалык блузка.
Жакасы тик, кайырма.
Өңүрлөрү кокеткалуу, кокетка кайылган тигиштен өңүрдүн этегине кеткен үч бүгүшү бар. Байталык бүгүштөрүнө окшош планкалуу жана жапкактуу бастырылган чөнтөгү бар.
Учасы кокеткалуу.
Жеңдери узун манжеттүү.
Погондору алып коймо, каралжын-боз (милиция үчүн) жана зайтун (ички кызмат үчүн) түстө.
1.71. Майка
Трикотаж майка, классикалык модель, түз бычылган, жеңи чолок, ак, бозомук-көгүш, кара, камуфляж түстө.
1.72. Футболка
Трикотаж футболка, классикалык модель, түз бычылган, жеңи кыска жана узун, ак, бозомук-көгүш, кара, камуфляж түстө.
1.73. "Поло" көйнөк
Трикотаж көйнөк, классикалык модель, түз бычылган, жеңи кыска жана узун, бир тондуу, же комбинацияланган.
1.74. Тельняшка
Тельняшка жайкы жана кышкы (түктүү). Классикалык модель. Материалы кебез трикотаж жана түктүү трикотаж.
1.75. Галстук-бант
Галстук-бант каралжын-боз түстө, бири-бирине кабатталган тасма сыяктуу 45 градус бурч менен төмөн түшөт. Жаканын алдынан бүчүлөмөсү бар.
1.76. Кур
Кара кайыштан же жасалма кайыштан. Негизги курдан, жылып жана жылбаган шлевкадан турат. Курга тогоо тигилген. Курдун бош учунда тогонун тили үчүн тешиктер бар.
1.77. Өтүк
Кара түстөгү хром өтүк.
Кончу сыдырма менен. Ичи тери, кийиз, нооту. Таманы көпшөк резинага синтетикалык же жасалма материалдарды чаптоо жолу менен ултарылат.
1.78. Туфли
Таш таманы кайыш, такалуу, апкыттуу, желимдөө жолу менен ултарылган кара түстөгү хром туфли.
1.79. Свитер
Жүндөн, же жарымы жүндөн токулган накладкалуу каралжын-боз (милиция үчүн) жана зайтун (ички кызмат үчүн) түстөгү кездемеден тигилген свитер.
Жакасы классикалык, алкымга чейин.
Ийиндеринде жана чыканактарында бышыкталган накладкалар, төш чөнтөктөрү менен. Ийининде жогорку жагы үч бурчтук погондор тигилген, алар топчуларга бүчүлөнөт (алып коймо погондор үчүн өткөргүчтөргө жол берилет).
1.80. Жемпер
Жүндөн, же жарымы жүндөн токулган каралжын-боз (милиция үчүн) жана зайтун (ички кызмат үчүн) түстөгү галстукка ылайыкталган V түспөлдүү оюгу бар, ийиндеринде жана чыканактарында бышыкталган накладкалар, төш чөнтөктөрү менен. Ийининде жогорку жагы үч бурчтук погондор тигилген, алар топчуларга бүчүлөнөт (алып коймо погондор үчүн өткөргүчтөргө жол берилет).
1.81. Жүндөн токулган берет
Каралжын-боз (кара) түстө, түптөмөлүү, алдыңкы капталдан жана бир, же эки арткы капталдан турат.
Береттин алдыңкы ич жагында эмблемалуу кокарданын бекитмесин жашыруу үчүн жасалма булгаарыдан жапкак жайгашкан. Береттин ичи боо өткөрүлүүчү жасалма булгаары тилке менен кыюуланган. Каптал тигиштеринде блокчолор жайгашкан. Алды жагында эмблемалуу кокарда бекитилген. Сол жагында, кокарданын ортосунан 80 мм аралыкта жана 25 мм береттин төмөн жагында, КРнын ИИМинин эмблемасы жайгашкан.
1.82. Галстук-бант
Галстук-бант каралжын-боз түстө, бири-бирине кабатталган тасма сыяктуу 45 градус бурч менен төмөн түшөт. Жаканын алдынан бүчүлөмөсү бар.
Эскертүү. Суу өткөрбөгөн кездемеден тигилген камуфляж түстүү кышкы костюм, камуфляж түстүү кездемеден тигилген жайкы костюм (кийимдин талаа формасы), галстук, мээлей, кашне, шаймандар, күзөтчүнүн сумкасы, планшет-сумка, погондор, петлицалар, эмблемалар, топчулар, кокардалар, галстук бекиткич, өтүк, жамынчу плащ жана жамынчу плащты алып жүрүүчү кур - бардыгы жетекчи жана катардагы курам үчүн (эркектер) белгиленгендей.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 606 токтому менен бекитилген |
Милициянын жана ички кызматтын атайын наамы бар ички иштер органдарынын жетекчи жана катардагы курамындагы адамдардын форма кийимдеринин предметтеринин, бут кийиминин жана жабдыктарынын БАЯНДАМАСЫ
1. Кара жана камуфляж түстөгү суу өтпөс кездемеден тигилген кышкы костюм
1.1. Камуфляж түстөгү кездемеден тигилген кепа сүйрү кептен, кырбуудан, бүркөмөдөн жана кулакчындан турат. Кепанын каптал жактарында металл блокчолор менен кыюуланган үч желдеткич тешиги бар.
Кепанын кулакчыны - мехтен.
Кулакчындын өйдө жагы капталындагы тырс этме менен бекийт.
Кепанын алдыңкы кырында кокарда бекитилет.
1.2. Жылуулатылган суу өткөрбөс кездемеден жасалган, этегине чейин ичтелген, алып коймо тери жакалуу жана чүмкөмөлүү, түз, бир ачык топчусу бар боору жабык бүчүлөнмө күрмө.
Өңүрү - белден айланта кеткен ички бүктөмдүү, жогорку жана төмөнкү жапкактуу жан чөнтөктөрү бар.
Жакасы кой терисинен, кайырма мех.
Учасы бир туташ бычылган белди айланта ички бүктөмдөрү бар.
Жеңдери кайылган бир тигиштүү. Жеңдин учу бүйүрмө тигиштүү жабык тилиги бар.
Тигилген погондору топчуланма.
1.3. Шым багалегине чейин жылуу ичтелген кайылган белдүү, топчуланма, илмектүү.
Шымдын капталдарында жапкактуу чөнтөктөрү бар.
Шымдын багалеги жабык тиликтүү жана чоюлма тасма менен тартылган бүйүрмө тигиштүү.
Тепчиме тигиштин боюнда - баскактар бар, алардын бош учу эки топчуга бүчүлөнөт.
2. Кара жана камуфляж түстөгү кездемеден тигилген жайкы костюм
2.1. Камуфляж түстөгү кездемеден тигилген кепа сүйрү кептен, кырбуудан, бүркөмөдөн жана кулакчындан турат. Кепанын каптал жактарында металл блокчолор менен кыюуланган үч желдеткич тешиги бар.
Кулакчындын өйдө жагы капталындагы тырс этме менен бекийт.
Кепанын алдыңкы кырына кокарда бекитилет.
2.2. Түз көрүнүштөгү бир ачык топчусу бар боору жабык бүчүлөнмө күрмө.
Өңүрү - белден айланта кеткен ички бүктөмдүү, жогорку жана төмөнкү жапкактуу жан чөнтөктөрү бар.
Жакасы кайырма.
Учасы туташ бычылган белди айланта ички бүктөмдөрү бар.
Жеңдери кайылган бир тигиштүү манжеттүү. Тигилген погондору топчуланма.
2.3. Шым орнотмо белдүү, топчуланма, илмектүү.
Шымдын капталдарында жапкактуу чөнтөктөрү бар.
Тепчиме тигиштин боюнда - бастырыктар, алардын бош учу эки топчуга бүчүлөнөт.
3. Свитер
Свитер жүндөн же жарымы жүндөн токулган, накладкалуу, кара, каралжын-боз жана камуфляж түстө.
Жакасы классикалык, алкымга чейин.
Ийиндеринде жана чыканактарында бышыкталган накладкалар, төш чөнтөктүү. Ийининде жогорку жагы үч бурчтуу погондор тигилген, алар топчуларга бүчүлөнөт (алып коймо погондор үчүн өткөргүчтөргө жол берилет).
4. Жемпер
Жемпер жүндөн, же жарымы жүндөн токулган, галстук үчүн V түспөлдүү оюгу бар, кара, каралжын боз жана камуфляж түстө ийиндеринде жана чыканактарында бышыкталган накладкалар, төш чөнтөктүү. Ийининде жогорку жагы үч бурчтуу погондор тигилген, алар топчуларга бүчүлөнөт (алып коймо погондор үчүн өткөргүчтөргө жол берилет).
5. Жүндөн токулган берет
Камуфляж, каралжын боз, кара жана башка түстөрдө. Түптөмөлүү, алдыңкы калталдан жана бир, же эки арткы капталдан турат.
Береттин алдыңкы ич жагында эмблемалуу кокарданын бекитмесин жашыруу үчүн жасалма булгаарыдан жапкак жайгашкан. Береттин ичи боо өткөрүлүүчү жасалма булгаары тилке менен кыюуланган. Каптал тигиштеринде блокчолор жайгашкан. Алды жагында эмблемалуу кокарда бекитилет. Сол жагында, кокарданын ортосунан 80 мм аралыкта жана береттин төмөн жагынан 25 мм аралыкта Кыргыз Республикасынын ИИМинин эмблемасы жайгашкан.
6. Панама
Каралжын боз түстө, калпак жана кош кырлуу, ичтүү. Алдында эмблемалуу кокардасы, капталдарында - эки топчу, аларга кара түстөгү лакталган арчындама тагылат.
7. Кездеме маска
Кездемеден жасалган (трикотаж) маска өңү кара, өйдө жагы тигилген, алдында - көз, мурун жана ооз үчүн тешиктери бар.
8. Кышкы топу
Кара түстөгү жарым трикотаж топу, өйдө жагы тигилген.
9. Күрмө (сыртта кызмат өтөөчү адамдар үчүн)
Каралжын боз (милиция үчүн) плащтык кездемеден тигилген, түз, тасма-сыдырмага ортосунан бүчүлөнмө, кайылган куру бар, жылуу шырымалдуу жана этегине чейин ичтелген.
Жакасы кайырма.
Өңүрлөрү кокеткалуу, капталдарында сыдырма тасмалуу тилик чөнтөктөрү бар.
Учасы кокеткалуу.
Жеңдери эки тигиштүү кайыма манжеттүү, формалык пластмасса топчулар менен бүчүлөнөт. Сол жеңинде жең белги бар.
Күрмөнүн этеги каптал тигиштеринин тушунда чоймо менен тартылган.
Погондор алып коймо кочкул-бозомук түстө.
10. Шым (сыртта кызмат өтөөчү адамдар үчүн)
Кочкул-бозомук түстөгү жүн кездемеден, кашаты кайылган (50 мм), шаймандар үчүн илмектүү, топчуларга бүчүлөнмө шым.
Шымдын алдын жагында - тилик чөнтөктөр.
Шымдын сол жагында - саат салуучу чөнтөк.
Шымдын арткы оң жагында жапкактуу чөнтөк.
Каптал тигиштеринде - кыюу.
11. Өтүк үчүн шым (сыртта кызмат өтөөчү адамдар үчүн)
Кочкул-бозомук түстөгү жүн кездемеден жасалган, багалеги өтүккө киргизилчү шым, металл илгичке жана топчуларга бүчүлөнмө шым, кур карматуучу өткөргүчтөрү менен.
Шымдын алдын жагында - каптал чөнтөктөр, сол жагында - саат салуучу чөнтөк.
Шымдын арткы оң жагында - жапкактуу чөнтөк, багалегинин арткы бөлүгү тилик.
Каптал тигиштеринде - (милиция үчүн) кызыл жана (ички кызмат үчүн) кара күрөң ноотудан кыюу салынган.
Шымдын багалеги тилик болуп, эки топчу менен топчуланат.
Тепчиме тигишинин сызыгында баскактар бар, алардын бош учтары эки топчуга топчуланат.
12. Шымдалуучу көйнөк (сыртта кызмат өтөөчү адамдар үчүн)
Жеңи узун, каралжын боз түстөгү жүн кездемеден тигилген, белсиз көйнөк (шымга шымданып кийүү үчүн).
Жакасы кесик бөлүкчө тигилген кайырма.
Өңүрлөрүндө бөйрөмчө, байттуу бүктөмөлөр жана фигуралуу капкалдырык салынган каптама төш чөнтөктүү.
Учасы кокеткалуу.
Жеңи узун, кайып тигилген манжеталуу, топчуга топчуланат.
Погондору чыгарылма, каралжын боз түстө.
13. Кепа (сыртта кызмат өтөөчү адамдар үчүн)
Каралжын боз түстөгү жүн кездемеден жасалган кепа, кебинин кыры жана төбөсүнүн кыры кызыл түстө кыюланган. Кепанын каптал жактарында металл блок менен бекемделген үч желдеткич тешик бар.
Кайырмасынын өйдө жагы капталдарына тырс этме менен бекитилет.
Кепанын маңдайына кокарда бекитилет. Кырбусу каралжын боз түстө.
Кырбунун үстүнө эки формалык топчуга алтын түстүү өрүлгөн боо бекитилет.
14. Жайкы синтетика күрмө
Каралжын боз күрмө, түз, боорунан алты топчу менен топчуланма, өңүрүндөгү жогорку бүчүсү жана белиндеги ылдыйкысы - көзөнөктүү, туташкан линиясы боюнча тигилген погондуу.
Жакасы кайырма, жаканын учтарында эмблемалар бар.
Өңүрү кайыма белдүү, жапкактуу жан чөнтөктөрү бар.
Арты белдүү, туташ бычылган.
Жеңдери орнотулма, бир тигиштүү, манжеттүү, каптама чөнтөктүү, чыканак тушунда бышыктама каптамалуу. Сол жеңинде - кошумча каптама чөнтөк бар.
Күрмөнүн этеги каптал тигиштен чоюлма тасма менен тартылган.
Тигилген погондору жана жеңинин манжеттери топчуга топчуланат, ички жана жең чөнтөктөрүнүн жапкактары - текстиль бүчүлүү.
15. Жайкы синтетика шым
Каралжын боз түстөгү синтетика кездемеден тигилген шым, тырс этмеге жана сыдырмага бекитилчү кашаттуу.
Белинде кур үчүн илмектери бар.
Шымдын алды жагында - капталы тиликтүү чөнтөктөр жана капталдарында жапкактуу каптама чөнтөктөр бар.
Шымдын артында - жапкактуу эки тилик чөнтөк бар.
Каптама жана тилик чөнтөктөр тырс этме менен бекитилет.
Багалеги баскактуу, баскагынын бош учу топчуга топчуланат.
16. Жарыкты чагылдырчу сигналдык жабдыктар (жарыкты чагылдыргыч материалдардан жасалган сигналдык жилет)
Флуоресцент сары түстөгү, мойну V сыяктуу ачык, боору сыдырмалуу жана клапандуу, туташ бычылган жана текстиль бүчүгө бекитилет. Өңүрлөрүндө вертикаль жана горизонталь тилкелер тигилген, артында - горизонталь тилке, алдыңкы көкүрөк тушунда - күмүш түстүү жарык чагылдыргыч материал тилкелерден "ДПС" деген жазуу бар. Капталдарында текстиль бүчүгө бекитилчү тасма, сол өңүрүндө төш белгини такчу илмек бар. Жилеттин мойну, колтугу, капталындагы жана этегиндеги жээктери кыюуланган.
17. Жарыкты чагылдырчу жабдыктар (жарыкты чагылдыргыч материалдардан жасалган сигналдык жилет)
Каралжын боз, кара түстөгү, мойну V сыяктуу ачык, боору сыдырмалуу жана клапандуу, туташ бычылган жана текстиль бүчүгө бекитилет. Өңүрлөрүндө вертикаль жана горизонталь тилкелер тигилген, артында - горизонталь тилке, алдыңкы көкүрөк тушунда - күмүш түстүү жарык чагылдыргыч материал тилкелерден "МИЛИЦИЯ" деген жазуу бар. Капталдарында текстиль бүчүгө бекитилчү тасма, сол өңүрүндө төш белгини такчу илмек бар. Жилеттин мойну, колтугу, капталындагы жана этегиндеги жээктери кыюуланган.
18. Кызматтык иттерди үйрөтүүчүлөр үчүн кебез костюм
Коргоочу түстөгү брезент күрмө, чүмкөмөлүү, түз, төрт топчуга бүчүлөнөт, кебез салып шырылган. Жакасы кайырма. Жеңи эки тигиштүү. Учасы, жеңдин карууларында жана билек туштарында - брезент капталган кебез сеңирлүү. Шымы коргоочу түстөгү брезенттен жана кебез кездемеден айкалыштырылган, шырымал, орнотмо кашаттуу, арчындамасы бар. Белинде кур үчүн илмектери бар.
19. Кызматтык иттерди үйрөтүүчүлөр үчүн жең
Коргоочу түстөгү брезент жең, "реглан" формасына ээ, жең түрүндө узартылып жана учу туюк жасалган. Эки бөлүктөн турат: кебез менен ичтелген тулкудан жана ийин бөлүктөн.
20. Жабдык
Ак түстөгү жасалма булгаарыдан жана кара түстөгү синтетикалык материалдан жасалган. Эни 50 мм болгон бел курдан турат, ага: радиостанцияны тагынуу үчүн салуучу кабы, чехолу жана милициянын өздүк курамын жабдуунун түрдүү буюмдарын тагынуу үчүн башка конструктивдүү элементтер кийгизилет.
21. Сумша-планшетка
Сумша-планшетка булгаары жапкычы-капкалдырыгы бар кара түстөгү жасалма булгаарыдан жасалат. Жапкыч-капкалдырык бекиткич жана тырс этмеси бар ботан менен бекитилет, сумканын ичинде - эки чөнтөк, ички ачылма капкалдырык бар, анда - целлулоид, өчүргүч, карандаш үчүн уяча бар.
Ийин боосу - эки бөлүктөн турат.
Фурнитурасы болоттон, никелденген.
22. Резина өтүк
Өтүк резина тулкудан, ички текстилдик төшөмөдөн жана такалуу бодуракай резина тамандан турат. Өтүктүн ичинде - салып коймо батек бар.
23. Диэлектрдик резина галош
Галош резина тулкудан, бодуракай резина тамандан, текстилдик төшөмөдөн жана ички бекемдөөчү бөлүктөрдөн турат.
24. Галош
Лакталган резина галош ички резина текстилдик каркастан, жалтылдатуучу резиналык бөлүктөрдөн жана бодуракай резина тамандан турат.
25. Таманы куюлуп, жүндөн басылган өтүк
Жүндөн басылган өтүк кара түстөгү кылчык жүндөн басылып жасалган тулкудан, тумшук бөлүгүндө анча чоң эмес кетиги жана такасы бар куюлган бодуракай резина тамандан турат.
26. Жүндөн басылган өтүк
Жүндөн басылган өтүк кара түстөгү кылчык жүндөн басылып жасалат.
27. Брезент плащ
Чүмкөмөлүү, төрт топчулуктуу эки жакка кымтыланма плащ. Жакасы кайырма. Өңүрлөрү жана учасы каптама, этегине чейин жеткен туташ бычылган кокеткалуу. Жан чөнтөктөрү каптама, капкалдырыктуу. Учасынын тигиши дал ортосунан өтөт. Учасынын этеги тилик.
28. Кой терисинен тышталбаган пальто
Пальто жарым кынама, эки жакка кымтыланма, өңүрлөрүндө жана учасында түз кокеткалары бар, белинен тигилген, төрт форма топчулуу жана тордолгон топчулуктуу. Кайырма мех жакалуу. Өңүрлөрүндө кыюу салынган тилик жан чөнтөктөрү бар. Учасы туташ кокеткалуу, кокеткадан ылдый дал ортодон тигиш өтөт, этеги тилик, белинде тарткычы бар. Жеңи эки тигиштүү.
Погондору чыгарылма, каралжын боз түстө.
29. Кой терисинен тышталбаган аялдар пальтосу
Пальто жарым кынама, бир жакка кымтыланма, белинен тигилген, беш форма топчулуу жана тордолгон топчулуктуу. Кайырма мех жакалуу. Өңүрлөрү жана учасы тууралжын рельефтүү. Өңүрлөрүнүн рельефтеринде кыюу салынган жан чөнтөктөрү бар. Жеңи эки тигиштүү. Погондору чыгарылма, каралжын боз түстө.
30. Кой терисинен тышталбаган күрмө
Күрмө түз тигилген, капталында тарткычы жана сыдырмасы бар. Өңүрлөрү кокеткалуу, кыюу салынган тилик чөнтөктөрү бар. Сол өңүрүндө ички каптама чөнтөк, оң жагында - жылууланган капкалдырык. Кайырма мех жакалуу. Учасы туташ кокеткалуу, кокеткадан ылдый дал ортодон тигиш өтөт. Жеңинде манжетасы жана билек боосу бар эки тигиштүү. Погондору чыгарылма, каралжын боз түстө.
31. Синтетикалык кышкы күрмө
Күңүрт-боз түстөгү жарым синтетика кездемеден чыгарылма мех жакалуу күрмө, көрүнүшү түз, бооруна сыдырма салынып, сууктан коргоочу капкалдырыгы бар, жылуулоочу ичилигинде тырс этмелер бир катарга жайгашкан, жылуу ичилиги этегине чейин, чыгарылма, жең сызыгына погон тигилген.
Жакасы кайырма, жакасынын учтарында - эмблема бар. Жакасы чыгарылма, боз түстөгү кой терисинен же жасалма мехтен.
Өңүрлөрү кокеткалуу болуп, учасына өтөт, капкалдырыгы бар эки төш чөнтөктүү жана капкалдырыгы бар эки тилик жан чөнтөктүү.
Учасы ортосунан маңдайлаш бүктөмөлүү.
Жеңи манжетасы бар үч тигиштүү.
Тигилген погондору, чөнтөктөрүнүн жана жакасынын паталары, жеңинин манжеталары тырс этме менен топчуланат.
32. Синтетикалык кышкы шым
Жылуулоочу ичилиги бар күңүрт-боз түстөгү жарым синтетика кездемеден тигилген шым, кашат салынган, тырс этме менен топчуланат.
Кашатына кур өткөрүү үчүн илгичтер салынган.
Шымдын алдыңкы жарымдарынын капталдарына тилик чөнтөк салынган.
Шымдын багалеги тилик, тепчиме тигиш сызыгы боюнча бастырыктар бар, анын бош учтары топчуга топчуланат.
33. Суу өткөрбөөчү кездемеден тигилген атайын кышкы күрмө
Тик жакалуу жана чыгарма чүмкөмөлүү күңүрт-боз түстөгү жарым синтетика кездемеден тигилген күрмө, көрүнүшү түз, бооруна сыдырма салынып, сууктан коргоочу капкалдырыгы бар, тырс этмелер бир катарга жайгашкан, жылуу ичилиги синтепондон же ватинден этегине чейин, жең сызыгына погон тигилген.
Өңүрлөрү кокеткалуу болуп, учасына өтөт, капкалдырыгы бар эки төш чөнтөктүү жана кыюусу бар эки тилик жан чөнтөктүү.
Учасы ортосунан маңдайлаш бүктөмөлүү.
Жеңи манжетасы бар үч тигиштүү.
Тигилген погондору, чөнтөктөрүнүн паталары, жеңинин манжеталары тырс этме менен топчуланат.
34. Суу өткөрбөөчү кездемеден тигилген атайын кышкы шым
Жылуулоочу ичилиги бар күңүрт-боз түстөгү жарым синтетика кездемеден тигилген шым, кашат салынган, тырс этме менен топчуланат.
Кашатына кур өткөрүү үчүн илгичтер салынган.
Шымдын алдыңкы жарымдарынын капталдарына тилик чөнтөк салынган.
Шымдын багалеги тилик, тепчиме тигиш сызыгы боюнча бастырыктар бар, анын бош учтары топчуга топчуланат.
35. Кой терисинен тышталбаган шым
Эки топчуга топчулануучу кашат салынган шым жана бретел кайып тигилген. Сыдырмалуу банты бар. Шымдын багалегинде каптал тигиштеринде эки топчуга топчулануучу тилик манжеталары жана үч тилик топчулуктуу бастырыктары бар.
36. Суу өткөрбөөчү кездемеден тигилген атайын кышкы шым
Жылуулоочу ичилиги бар күңүрт-боз түстөгү кездемеден тигилген шым-жарым комбинезон, кашат салынган, тырс этме менен топчуланат.
Кашатына кур өткөрүү үчүн илгичтер салынган.
Шымдын алдыңкы жарымдарынын капталдарына тилик чөнтөк салынган.
Шымдын багалеги тилик, тепчиме тигиш сызыгы боюнча бастырыктар бар, анын бош учтары топчуга топчуланат.
37. Синтетикалык кышкы шым
Жылуулоочу ичилиги бар күңүрт-боз түстөгү кездемеден тигилген шым-жарым комбинезон, кашат салынган, тырс этме менен топчуланат.
Кашатына кур өткөрүү үчүн илгичтер салынган.
Шымдын алдыңкы жарымдарынын капталдарына тилик чөнтөк салынган.
Шымдын багалеги тилик, тепчиме тигиш сызыгы боюнча бастырыктар бар, анын бош учтары топчуга топчуланат.
38. Ич кийим
Агартылган бөздөн тигилген кальсон жана көйнөк.
39. Жылуу ич кийим
Агартылган эки жагы тең түктүү кебез кездемеден даярдалат.
40. Кебез кездемеден тигилген жаздык кап
Агартылган бөздөн 60x50 см өлчөмүндө даярдалат, туюк, узуну боюнча туташ тигилген же капкалдырыктуу кайып тигилген. Капкалдырыктын туура тигиштери жана капкалдырыктар туюк кесиктүү бүктөмө тигиштер менен кайып тигилген.
Жаздык каптын капталдары кош тигиш менен кайып тигилген. Капкалдырыгы 20 см дан кем эмес ичине кирип, ич жагында болушу керек.
41. Кебез кездемеден тигилген шейшеп
Агартылган бөздөн 214x120 см өлчөмүндө даярдалат, туташ, чети тигилбей да калышына жол берилет.
42. Мээлей
Түктүү кездемеден жең каптуу болуп, булгаарыдан тигилет - беш салаалуу, кара түстөгү мээлейлик булгаарыдан, түктүү кебез кездемеден ичилик салынат. Сырт жагында - үч рельефтүү, радиусу боюнча ажырап кеткен тигиш салынган. Алакан жагынын манжеталык бөлүгү чоймо боо менен тартылган. Жең каптары ак түстөгү жасалма булгаарыдан кошо тигилген;
жең капсыз кирза мээлей - кара түстөгү кирзадан эки салаалуу, түктүү кебез кездемеден ичилик салынган, бармак ичилиги орнотуп тигилген. Алакан жагынын манжеталык бөлүгү чоймо боо менен тартылган;
жең каптуу кирза мээлей - кара түстөгү кирзадан эки салаалуу, түктүү кебез кездемеден ичилик салынган, бармак ичилиги орнотуп тигилген. Алакан жагынын манжеталык бөлүгү чоймо боо менен тартылган. Жең кап кирзадан кошо тигилген;
кебез кездемеден кышкы мээлей - күрөң түстөгү кебез кездемеден эки салаалуу, айкалыштырылып тигилген, түктүү ноотудан ичилик салынган, бармак ичилиги орнотуп тигилген. Алакан жагынын манжеталык бөлүгү чоймо боо менен тартылган.
43. Кол кап
Жең кап салынган мех кол кап - кара түстөгү мээлейлик булгаарыдан, бир салаалуу, бармагынын мех ичилиги орнотуп тигилген. Сырт жагында үч рельефтүү, радиусу боюнча ажырап кеткен тигиш салынган. Алакан жагынын манжеталык бөлүгү чоймо боо менен тартылган. Жең каптары кара түстөгү кирзадан же ак түстөгү жасалма булгаарыдан кошо тигилген, түктүү кебез кездемеден ичилик салынган.
Брезент кол кап - бармактын ордуна жайгашкан бармак кабы бар бир салаалуу.
Айкалыштырылган брезент кол кап - бармактын ордуна жайгашкан бармак кабы бар бир салаалуу, алакан жагына брезент кошо тигилген.
44. Кебез кездемеден тигилген халат
Топчуга топчулануучу бир жагына кымтыланма же эки жагына кымтыланма, кайырма жакалуу, эки жан жана бир каптама төш чөнтөктүү, жеңи манжеталуу, топчуга топчуланат. Учасынын ортосунан тигиш өтөт жана белинде тарткычы бар.
Аялдар халаты конструкциясы боюнча дал ушундай эле, бирок каптама төш чөнтөгү жок, өңүрлөрүндө рельефи бар жана туташ бычылган учалуу.
Халат артынан топчуланат, жакасы жок, эки жан жана бир каптама төш чөнтөктүү, куру бар, жеңи манжеталуу, топчуга топчуланат; аялдар халаты конструкциясы боюнча дал ушундай эле, бирок каптама төш чөнтөгү жок.
45. Рюкзак (буюм мүшөгү)
Мүшөк тик бурчтуу формада, суу өткөрбөөчү зат сиңирилген коргоочу түстөгү камуфляждык бышык кездемеден тигилген. Алдыңкы бөлүгүнүн ортосуна капкалдырыктуу чөнтөк тигилип, топчуга топчуланат. Мүшөктүн каптал жактарына экиден кур буюм мүшөгүнүн төмөнкү бөлүгүнө бекитүү үчүн кайып тигилген.
Мүшөктүн төмөнкү бурчтарына тарткычтар кайып тигилген. Мүшөктүн оозуна боо өткөрүлүп, бүктөлүп туюк тигилген.
46. Жылуулукту сактоочу килемче
Жылуулукту сактоочу килемче пенополиэтиленден, бир катмары жылууланып, уктоо мүшөгүнүн алдына төшөө үчүн даярдалат. Коргоочу, камуфляждык же кара түстө.
Өлчөмү 2,0 х 0,8 м, калыңдыгы 1 см дан кем эмес. Оролгон түрдө эки жагынан синтетикалык кездемеден жасалган кур менен топчуланат.
47. Жаз-күз кийилүүчү атайын күрмө
Каралжын боз, кара, камуфляж түстөрдөгү суу өткөрбөөчү кездемеден түз көрүнүштө тигилген күрмө, бооруна сыдырма салынган, белине кур салынып, этегине чейин ичтелген, бир (эки) катмар синтепон салынган.
Чыгарылма мех жакалуу жана чүмкөмөлүү.
Өңүрлөрү кокеткалуу, чоң каптама төш чөнтөктүү же сыдырма салынган тилик чөнтөктүү, жеңинде чоң чөнтөктөрү бар, бөйрөмчөлүү жана капкалдырыктуу, сыдырма салынган тилик жан чөнтөктүү.
Учасы кокеткалуу.
Жеңи орнотулма үч тигиштүү, кайып тигилген манжеталуу. Күрмөнүн этеги каптал тигиштеринде чоюлгуч тасма менен тартылган.
Чөнтөктөрүнүн капкалдырыктары жана манжеталары формалуу пластмасса топчуларга же тырс этмелер менен топчуланат.
Погондору чыгарылма, каралжын боз түстө (милиция үчүн) жана саргыч жашыл түстө (ички кызмат үчүн).
48. Бейсболка
Бир түстөгү же камуфляждык кездемеден тигилген. Беш кыйыктуу же алты кыйыктуу формада даярдалат. Өлчөмү боюнча жөнгө салынат.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 606 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин атайын арналыштагы отряддарынын кызматкерлеринин форма кийиминин предметтеринин БАЯНДАМАСЫ
1. Атайын арналыштагы отряд үчүн штурмалык костюм
Күрмө, шым жана кепалар.
Резина чүпүрөк тасма менен жөндөлгөн жазы куру бар кыска күрмө; төшүндө жашыруун топчуларга топчуланган капкалдыруктуу эки тилик чөнтөгү, жеңдеринде эки чөнтөгү жана документтер үчүн нымдан сактоочу бир чөнтөгү бар.
Күрмө жакасы кайырма, "тик турма" кылып топчулоо мүмкүнчүлүгү бар. Жеңдеринин чыканактары калыңдатылган, билек жагы үч топчуга бекилет.
Шымы кенен, тизелер калыңдатылган.
Чөнтөктөрү:
Артында - эки чөнтөк: сол жактагысы бастырылган, оң жактагысы тилинген; алдында - эки чөнтөк; оң капталда бычак алып жүрүү үчүн атайын чөнтөк, алар эки тырс этмеге бекилет жана бычакты бекемдөөчү боолор менен кармалат.
Бардык чөнтөктөр жашырын топчусу бар капкалдырык менен.
Шымдын багалек жагында ичине фартук-чаңдоочтор тигилген.
2. Суу өтпөгөн кездемеден тигилген кышкы кара түстүү костюм
2.1. Кепа сүйрү формадагы төбөдөн, алкактан, кырбуудан жана кайырмадан турат. Кепанын каптал жагында металл менен иштетилген көзөнөкчө, үч желдеткич тешик бар.
Кепанын кайырмасы - териден.
Каптал жагындагы кайырманын жогору жагы тырс этмеге бекийт.
Кепанын алкагынын алды жагында кокарда бекитилген.
2.2 Суу өткөрбөгөн кездемеден тигилген жылууланган күрмө, этегине чейин ичтелген, алып коймо тери жакалуу жана чөмкөмөсү бар, түз көрүнүштө, ортосунда ичинен бүчүлөмөлүү бир топчусу бар.
Белинде ички тарткычы бар өңүр жогорку жана төмөнкү бастырылган капкалдырыктуу чөнтөктөрү менен.
Жакасы кайырма кой терисинен.
Учасы туташ бычылган белинде ички тарткычы менен. Жеңдери орнотулма бир тигиштүү. Жеңдердин учу жабык кесиги бар бүктөлгөн тигиш менен иштетилген.
Тигилген погондору топчуларга топчуланат.
2.3. Шым багелегине чейин жылууланта ичтелген, кашаты кайылган топчуланма, өткөргүчтөрү менен.
Шымдын эки жагы - бастырылган капкалдырыктуу чөнтөктөр.
Шымдын багалеги жабык кесиги бар бүктөлгөн тигиш менен иштетилген жана чоюлма тасма өткөрүлгөн.
Багалегинде - илгич бар, анын бош учтары эки топчуга топчуланат.
3. Кара кездемеден тигилген жайкы костюм
3.1. Кепа сүйрү формадагы төбөдөн, алкактан, кырбуудан жана кайырмадан турат. Кепанын каптал жагында металл менен иштетилген көзөнөкчө, үч желдеткич тешик бар.
Кепанын кайырмасы - териден.
Каптал жагындагы кайырманын жогору жагы тырс этмеге бекийт. Кепанын алкагынын алды жагында кокарда бекитилген.
3.2. Бир ачык топчусу бар ортосунда ичинен борттук бүчүлөмө менен көрүнүшү түз күрмө.
Өңүр белиндеги ички тарткычы менен жогору жана төмөн жагында капкалдырыктуу чөнтөктөрү менен.
Жакасы кайырма.
Учасы белинен ички тарткычы менен туташ бычылган. Жеңдери кайылган бир тигиштүү манжеттери бар. Тигилген погондору топчуга топчуланат.
3.3. Шымга кашат салынган, топчуланма, кур өткөргүчтүү. Шымдын эки капталында - бастырылган капкалдырыктуу чөнтөктөр. Багелегинде - илгичтер бар, бош учу эки топчуга топчуланат.
4. Свитер
Жүн же жарымы жүн свитер кара, камуфляждык түстө.
Жакасы классикалык алкымга чейин.
Ийиндеринде жана чыканактарында кабаттамалар, төшүндө (төш) чөнтөктөрү бар. Жогорку чети үч бурчтук погондор тигилүү, бүчү менен топчуланат (алып коймо погондордун алдында өткөргүчтөрү бар).
5. Жемпер
Жемпер жүндөн жана жарымы жүн кездемеден V түрүндө оюгу, кара, камуфляждык түстөгү жагоого ылайыкталган, ийиндеринде жана чыканактарында кабаттамалар, төшүндө (төш) чөнтөктөрү бар. Жогорку чети үч бурчтук погондор тигилүү, бүчү менен топчуланат (алып коймо погондордун алдында өткөргүчтөрү бар).
6. Жүндөн жасалган берет
Камуфляждык, кочкул-көгүш, кара жана башка түстө.
Түптөмөдөн, алдыңкы бөлүктөн жана арткы бир же эки бөлүктөн турат.
Береттин алдыңкы бөлүгүндө, ич жагында эмблемалуу кокарданы бекитүү үчүн жасалма булгаарыдан капкалдырык жайгашкан. Бөлүктөрдүн төмөн жагы жасалма булгаарыдан кыюу тасма менен иштелип, ага шоона өткөрүлөт. Капталдардын тигиши кайылган жерде көзөнөкчөлөр бар. Береттин алдыңкы бөлүгүндө эмблемалуу кокарда бекитилген.
Сол тарабынан ортосунан 80 мм аралыкта жана береттин төмөн жагынан 25 мм аралыкта Кыргыз Республикасынын ИИМнин эмблемасы жайгаштырылган.
7. Чүпүрөк маска
Кара түстөгү чүпүрөктөн маска (трикотаж) өйдө жагында кайып тигилген каптан, алды жагында көз, мурун жана ооз үчүн тешиктен турат.
8. Кышкы шапочка
Кара түстүү жарымы жүн трикотаждан жасалган шапочка, өйдө жагында кайып тигилген каптан турат.
9. Кара түстөгү погондору бар жарымы синтетика кездемеден жайкы күрмө
Кара түстүү синтетикалык кездемеден тигилген, көрүнүшү түз, ортосу жабык алты топчуга бүчүлөнмө, жогорку илмеги өңүрдө жана төмөнкү белдегиси - шыр өтмө, погондору тигилген күрмө.
Жакасы кайырма, жаканын учунда - эмблемалар.
Өңүр кайылган кур менен, жогорку бастырылган капкалдырыктуу чөнтөктөрү менен.
Учасы туташ бычылган, кур менен.
Жеңдери орнотулма, манжеттүү бир тигиш менен, бастырылган чөнтөктүү, чыканак жагы калыңдатылган. Оң жеңинде - кошумча бастырылган чөнтөк.
Күрмөнүн этеги аркасынан чоюлма тасма менен тартылган.
Тигилген погондору жана жеңдердин манжеттери топчуланма, өңүрдүн жана жеңдеринин чөнтөктөрүнүн капкалдырыктары - чүпүрөк менен бүчүлөнмө.
10. Жарым синтетикалык жайкы шым
Кара түстөгү жарым синтетикалык кездемеден тигилген, кашаты кайылган, тырс этмеге жана сыдырма-тасмага бүчүлөнмө шым.
Кашатында кур өткөрүлүүчү өткөргүчтөрү бар.
Шымдын алды жагында капталы тилик чөнтөктөрү жана капталында капкалдырыктуу бастырылган чөнтөктөрү бар.
Шымдын арты жагында - эки тилик капкалдырыктуу чөнтөктөр бар.
Бастырылган капкалдырыктуу жана тилик чөнтөктөр тырс этме менен бекилет.
Шымдын багелеги бастырыктуу, бош учтары топчуланма.
11. Жарыкты чагылдыруучу шаймандар (жарыкты кайтаруучу материалдардын элементтери бар сигналдык жилет)
Алкым жагында V түрүндө оюгу бар, кара, каралжын-боз түстөгү жилет, боору тасма-сыдырма жана капкалдырык менен бүчүлөнгөн. Өңүрдө тик жана туура кеткен тилкелери бар, учасында - туура тилке, учанын орто жеринде - бөлүмчөсүнө ылайык күмүш түстүү жарык кайтаруучу материалдын тилкесинен аббревиатура бар. Каптал жактарында чүпүрөк бүчүлүү камтымалары бар, сол өңүрдө - төш белги бекитилүүчү өткөргүчтүү эки блокчо бар. Жилеттин алкымы, оюктары, каптал жана төмөнкү тиликтери кыюланган.
12. Жаз-күз кийилүүчү атайын күрмө
Көрүнүшү түз, боору тасма-сыдырма менен бүчүлөнмө, кайылган куру бар жана этегине чейин ичтелген, синтепондун бир (эки) катмары бар, каралжын-боз, кара, камуфлядык түстөгү суу өткөрбөс кездемеден тигилген күрмө.
Алып коймо тери жакалуу жана чүмкөгүч бар.
Өңүрү кокеткалуу, жогору жагында сыйымдуу бастырылган чөнтөктөрү жана жеңдеринде планкалуу жана капкалдырыктуу сыйымдуу чөнтөктөрү, эки капталында тасма-сыдырмага жабылган тилик чөнтөктүү.
Учасы кокеткалуу.
Жеңдери кайылган манжеттүү үч тигиштүү кайылган.
Күрмөнүн этеги каптал тигиштери жагынан чоюлма тасма менен тартылган.
Чөнтөктөрдүн капкалдырыктары жана манжеттери формалык пластмассалык топчуларга, же тырс этмеге бекитилет.
Погондору алып коймо, каралжын-боз түстө (милиция үчүн) жана зайтун түстө (ички кызмат үчүн).
13. Суу өткөрбөгөн кездемеден жасалган кышкы атайын шым
Жылуу кабаттамалуу, тырс этмеге бекиген кайылган кашаттуу, кара, камуфляждык түстөгү жарым синтетикалык кездемеден жасалган шым-жарым комбинезон.
Кашаты кур өткөрүүчү өткөрмөлүү.
Шымдын алды жагында кыйгач тилинген чөнтөктөр. Шымдын багалеги тилик, багелегинде - илгичтер бар, бош учу эки топчуга бүчүлөнмө.
14. Жарым синтетикалык кышкы шым
Жылуу кабаттамалуу, тырс этмеге бекиген кайылган кашаттуу, кара түстөгү жарым синтетикалык кездемеден жасалган шым-жарым комбинезон.
Кашаты кур өткөрүүчү өткөрмөлүү.
Шымдын алды жагында кыйгач тилинген чөнтөктөр.
Шымдын багалеги тилик, багелегинде - илгичтер бар, бош учу эки топчуга бүчүлөнмө.
15. Жарымы жүндөн тигилген мээлей
Жарымы жүндөн, эки катмарлуу беш салаа мээлей.
Мээлейдин түсү - кара.
16. Атайын ылайыкташтырылган жилет
Ылайыкташтырылган жилет мундирдин сыртынан кийилет жана көтөрүп жүрүүчү курал-жарактардын жана ок-дарылардын санына жараша баштыкчаларды бекитүүчү орундардын вариациясы каралат.
Жилеттин алдында: радиостанцияга баштыкча, төрт универсал баштыкча, автоматтын магазиндерин салгыдай төрт негизги баштыкча бар.
Аба өтүшү үчүн трикотаж полотнолор коюлган учасы туура кеткен каркастуу курлар менен бекитилген. Учанын алкымындагы тиликте кайыш-кур бар.
Жилеттин бооруна сыдырма салынган. Жилетти өлчөмү боюнча ылайыктоо жилеттин каптал жактарында жайгашкан тез жылдырма элементтердин жардамы менен аткарылат, боюна жараша ылайыктоо кайыш-курларда, ошондой эле өңүрдүн курларында жана далыда тигилген бүчүлөмөлөрдө жайгашкан курдун жана ылайыктагычтардын жардамы менен аткарылат.
Аркасында тигилген - белги.
Кездеменин түсү - кара.
17. Ылайыкташтырылган жилет
Жилеттин учасы эки бөлүктөн турат: негизги кездемеден тигилген үстүнөн жана ичтемесинен. Учанын үстүндөгү бөлүктө үч бастырылган чоң капкалдырыктуу сыйымдуу чоң чөнтөк жайгашкан да, алар тырс этме менен бекитилет. Биринчи чөнтөк резинка менен жыйылган.
Алды төрт бөлүктөн турат: үстүңкү эки өңүр жана негизги кездемеден эки ичтеме. Үстүңкүнүн сол жак өңүрдө ар кандай өлчөмдөгү беш чөнтөк жайгашкан.
Жилеттин бооруна сыдырма салынган.
Жилеттин белинде тартма тигилген, андан кур өткөрүлөт. Учанын каптал жагындагы тиликтен оюктун деңгээлинде курчануу үчүн эки кур тигилген.
Капталдарындагы тиликтердин өңүрлөрүндө ылайыктагычтары бар төрт кур тигилген, алар жилеттин белин бекемдөө үчүн кызмат кылат.
Ийиндин тигиштеринде курларды кармоо үчүн чектегичтер жайгашкан.
Сол өңүрдүн ичтемесинде пистолет салуучу чөнтөк жайгашкан, ага сыдырма салынган.
Учасында тигилген - белги.
Жилеттин өңү - камуфляждык.
18. Жоолук (бандана)
Жоолук тең капталдуу үч бурчтук түрүндө, четтери машинка менен тордоп тигилген.
Жоолук кездемесинин түсү - кара, коргоо же камуфляждык.
19. Уктоо мүшөгү
Уктоо мүшөгү салынма жана кап кошо берилет.
Ал тик бурч формасында, чүмкөмөсү кошо тигилген. Ага кирүүчү оюкта эки асылма планка менен иштелген, сырткысы - киперлүү тасмадан алты илмектүү, алты топчуга топчуланат. Чүмкөмө үч бөлүктөн турат. Чүмкөмөнүн алдыңкы четинде боолуу тарткыч жайгашкан.
Жылуулагыч материал катары синтепон колдонулган, анын эки катмары мүшөктүн салынмасы туура кеткен саптар менен бириккен. Ичтеме тараптан салынманы бекемдеш үчүн тигиштердин бурчтарында төрт байлооч бар.
Салынманын формасы тик бурчтуу. Жылуулагычка салынманы бекитүү үчүн жогорку жана төмөнкү бурчтарына байлооч коюлган.
Чехолдун кабынын формасы цилиндр түрүндө, четтерин бүйүрүү үчүн байлагычтары бар. Кабында кайыш кармооч бекитилген.
Мүшөктүн кездемеси - зайтун түстө.
20. Рюкзак (буюм мүшөгү)
Мүшөк тик бурчтук формада, камуфляждык коргоо түстөгү суу өткөрбөс бышык кездемеден. Алды жагында, ортосунда топчуланма капкалдырыктуу чөнтөк тигилген. Мүшөктүн каптал жактарында буюм мүшөктүн төмөнкү жагына бекитүү үчүн экиден кур тигилген. Мүшөктүн төмөнкү бурчтарына байлоочтор тигилген. Мүшөктүн жогору жагына бүйүрмө тигиш салынган жана боо менен тартылат.
21. Жылуулук кармоочу килемче
Жылуулук кармоочу килемче пенополиэтиленден даярдалат, уктоо мүшөгүнүн алдына төшөө үчүн тыкыс катмарлуу. Коргоо, камуфляждык же кара түстүү.
Өлчөмү 2,0 х 0,8 м., калыңдыгы 1 см ден кем эмес. Тоголоктолгон түрдө эки жагынан синтетикалык кездемеден жасалган кур менен бекитилет.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 606 токтому менен бекитилген |
Милициянын жана ички кызматтын атайын наамдары бар ички иштер органдарынын жетекчи жана катардагы курамдагы адамдарынын формалык кийимдеринин предметтеринде жайгаштырылуучу кокардалардын, эмблемалуу кокардалардын, эмблемалардын, төш жана жең белгилеринин жана нашивкаларынын БАЯНДАМАСЫ
1. Кокардалардын, эмблемалуу кокардалардын, эмблемалардын, төш жана жең белгилеринин, жылдыздардын баяндамасы.
1.1. Кокарда
Кокарда сүйрү томпок розетка түрүндөгү, ортосунда ак, көк жана кызыл эмаль жаткырылган сүйрү томпокчолору бар. Сырткы томпоктун четинде алкак, алкактан четтерине чейин кокарданын сырты гофрленген жалтырак түрдө.
Кокарда жогорку жетекчи курамдын фуражкасынын кырбуусунун алдында, алтын түстөгү асемделген тикменин ортосунда жайгаштырылат.
1.2. Эмблемалуу кокарда
Эмблемалуу кокарда металл чулу штампталган, алтын түстө. Кокарда томпок сүйрү розетка түрүндө, ортосунда ак, көк жана кызыл эмаль жаткырылган томпочолор. Сырткы томпоктун четинде алкак, алкактан четтерине чейин кокарданын сырты гофрленген жалтырак түрдө.
Эмблемалуу кокарда тумакта, жүндөн, жарым жатылай жүндөн токулган кездемеден тигилген фуражкада (жогорку жетекчи курамдан башка), пилоткада, синтетикалык фуражкада, панамада, жүн береттин, баш кийимдин ортосунда жайгаштырылат.
1.3. Эмблема
Формалуу кийимдердин предметтериндеги эмблема (жогорку жетекчи курамдын күзгү-жазгы пальтосунан жана күрмөсүнүн жана жүндөн токулган кездемеден жасалган күрмөдөн башка).
1.4. Алтын түстүү жылдыз
Кырлары жылма жана кырлуу жылдыз, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин символикасы бар жылдыздарды даярдоо пландаштырылып жатат, анын ортосунда - калкан жана кылыч.
1.5. "Мамавтоинспекция" теш белгиси
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин сүрөтү жана белгинин номерлери түшүрүлгөн, күмүш (алтын) түстүү төш белги.
1.6. Жең белги
Милициянын жана ички кызматтын жетекчи жана катардагы курамы үчүн жең белги.
Түсү кара нооту негиздүү жең белги 80x65x90 өлчөмүндөгү калкан формасында, жогору жагында "Кыргыз Республикасы" деген жазуу болот.
Ортоңку бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби жана туусу. Төмөнкү бөлүгүндө "ИИМ" деген жазуу. Кыюусу, сүрөттөр жана жазуулар поливинилхлорид пленкадан, же жибек жиптен.
Жең белги кышкы жана күзгү-жазгы пальтого, күзгү-жазгы күрмөгө, жүн кездеме, жарым жартылай жүн кездемеден тигилген, синтетика күрмөгө, кочкул-бозомук түстөгү кителге (жакетке), синтетикалык жана суу өткөрбөөчү кышкы күрмөлөргө, сол жеңдин сыртына, жеңдин жогорку чегинен 80 мм аралыкта жайгаштырылат.
1.7. Төш нашивкасы
Тик бурчтук түрүндөгү төш нашивкасы.
Нашивканын ортосунда ак (сары) түстөгү ариптер, ал ички иштер органынын кызматынын (бөлүмчөлөрүнүн) кыскартылган аталышын билдирет.
Төш нашивкасы жүндөн, жарым жартылай жүндөн токулган кездемеден, синтетикадан тигилген жайкы жана кышкы күрмөлөрдө, төштүн сол жагындагы чөнтөктүн үстүнө жайгаштырылат.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 606 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жетекчи жана катардагы курамынын милициянын жана ички кызматтын атайын наамы боюнча айырмалоо БЕЛГИЛЕРИ
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жетекчи жана катардагы курамынын милициянын же ички кызматтын атайын наамдары боюнча айырмалоо белгилери болуп погондор эсептелет.
1. Жогорку жетекчи курамдын погондору
Бети каралжын-боз түстөгү кыюусу кызыл (милиция үчүн) жана кочкул-көгүш түстөгү кыюусу зайтун түстөгү (ички кызмат үчүн) галундан атайын айкалыштырылган жогору жагы трапеция түспөлдүү түз бурчтуу погондор.
Кыюуланбаган кийим предметтеринин кездемесинен жасалган жогору жагы үч бурчтуу түз бурчтук түрүндө.
Погондун жогору жагында алтын түстүү топчу жайгашкан.
Погондордо диаметри 22 мм алтын түстүү саймаланган жылдыздар жайгашкан.
Жылдыздардын саны атайын наамга шайкеш келет.
2. Улук, ортоңку, кенже жетекчи жана катардагы курамдын погондору
2.1. Тигилген:
Бети каралжын-боз түстөгү кыюусу кызыл (милиция үчүн) жана кочкул-көгүш түстөгү кыюусу зайтун түстөгү (ички кызмат үчүн) галундан атайын айкалыштырылган жогору жагы тегерек келген түз бурчтуу погондор.
2.2. Алып коймо:
Алдында көйнөккө бекитилүүчү ички тарткыч жана бастырмасы бар, ошондой эле жогору жагында топчулаганга жана жарым ички тарткыч тилиги бар бети каралжын-боз түстөгү кыюусу кызыл (милиция үчүн) жана кочкул-көгүш түстөгү кыюусу зайтун түстөгү (ички кызмат үчүн) галундан атайын айкалыштырылган жогору жагы трапеция түспөлдүү түз бурчтуу погондор.
Улук жетекчи курам үчүн - эки аралыктуу погондор, ортоңку жетекчи курам үчүн - каралжын-боз түстөгү кыюусу кызыл (милиция үчүн) жана кочкул-көгүш түстөгү кыюусу зайтун түстөгү (ички кызмат үчүн) бир аралыктуу.
Катардагы курам үчүн - аралыксыз.
Курсанттар үчүн - каптал жактары боюнча алтын түстүү узун кеткен тилкелүү.
Төмөнкүлөр погондордо жайгашкан:
- улук жетекчи курам үчүн - 20 мм диаметрлүү алтын түстүү жылдыздар;
- ортоңку жетекчи курам үчүн - 13 мм диаметрлүү алтын түстүү жылдыздар;
- старшиналар үчүн - ортосунан алтын түстүү узун кеткен тилке (пластинка);
- сержанттар үчүн - алтын түстүү тигилмелер (пластинкалар);
- курсанттар үчүн (старшиналар жана прапорщиктерден тышкары) погондорунда алтын түстүү "К" тамгасы жайгашкан.
Жылдыздардын, тигилмелердин (пластинкалардын) саны атайын наамга шайкеш келет.
3. Улук, ортоңку, кенже жетекчи курамдын кездеме полотносунан жасалган погондору
Погондор кездеме полотносунда термопрессте даярдалат. Погонго нымга туруктуулугун арттыруу үчүн полиэтилен пленкасынын катмары жаткырылат, андан соң полотно картондон жасалган негизге чапталат. Погондун экинчи жагында кебез кездемеден жасалган ак же кара кездеме чапталат.
Погондун экинчи жагында погонду бекитүү үчүн ар кандай өткөрмөлөр, тиликтер бар.
4. Жогорку жетекчи курам үчүн петлицалар
Петлицалар параллелограммдын формасында, кызыл ноотудан, үч жагынан алтынданган канител менен кыюуланган.
Петлицанын узуну 7,5 см, эни - 3,25 см. Петлицалардын бетинде алтын түстүү лавр бутагы түрүндөгү тигилме. Анын узундугу 4,5 см.
5. Улук, ортонку, кенже жетекчи курам үчүн петлицалар
Петлицалар параллелограмм формасында, кызыл ноотудан.
Алтын түстүү кыюусу бар параддык-сый мундирдин петлицалары; форманын башка предметтеринде - кыюусуз.
Петлицалардын узундугу: мундирге - 5,7 см, кителге - 2,2 см, пальтого - 2,7 см.
Петлицалар кайрылган жаканын кырына кыры дал келгендей кылып параллел жайгаштырылат.
6. Металл эмблемалар
Металл эмблемалар жайкы жана кышкы кителдердин, жакеттердин, күрмөлөрдүн (тери жакасыз) жакасынын бурчтарына бекитилет да, жакага биссектриса боюнча, 30 мм аралыкта жайгаштырылат, кышкы пальтого жана жаз-күз кийилүүчү күрмөгө (генералдардан башка) - жаканын бурчунан эмблеманын ортосуна чейин, мында эмблеманын симметриясынын тик огу жаканын кайырмасына параллел болууга тийиш.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 606 токтому менен бекитилген |
Милициянын жана ички кызматтын атайын наамы бар ички иштер органдарынын жетекчи жана катардагы курамындагы адамдардын мундирлерин жасоо үчүн колдонулчу кездемелердин АССОРТИМЕНТИ
Мундирлерди даярдоо үчүн кездемелердин аталышы | Мундирлердин предметтеринин жана өздүк курамдын категорияларынын аталышы |
Жалаң жүндөн токулган нооту | Генералдар үчүн кышкы пальто |
Жалаң жүндөн жана жарым жартылай жүндөн токулган (жакшыртылган сапаттагы) нооту | Полковниктер үчүн кышкы пальто |
Жарым жартылай жүндөн токулган нооту | Улук (полковниктерден башка) жана орто жетекчи курам үчүн кышкы пальто |
Жалаң жүндөн токулган габардин | Генералдар жана жетекчи улук курам үчүн жаз-күз кийилүүчү күрмө, китель, жакет, шым, юбка, күрмө жана фуражка (генералдар үчүн), аялдардын жаз-күз кийилүүчү пальтосу (полковниктер үчүн) |
Костюмдук, жарымы жүн, синтетикалык, плащтык кездеме | Аялдын жаз-күз кийилүүчү пальтосу (полковниктерден тышкары), улук, кенже жетекчи жана катардагы курам үчүн жаз-күз кийилүүчү күрмө, китель, жакет, шым, юбка |
Жеңил, жарымы жүн костюмдук кездеме | Күрмө (генералдыкынан тышкары), жеңил шым, көйнөк |
Жарымы жүн, синтетикалык кездеме | Фуражка (генералдыкынан тышкары), пилотка |
Көйнөк үчүн жарымы жүн кездеме | Генералдар үчүн көйнөк |
Көйнөк үчүн полиэфир-вискоздук кездеме | Көйнөктөр, блузкалар, галстуктар, көйнөктөр |
Плащтык полиэфир-вискоздук кездеме | Жаз-күз кийилүүчү плащ |
"Болонья" тибиндеги плащтык кездеме | Жайкы плащ |
Кошулмасы бар полиэфир-вискоздук кездеме | Кыдырып-күзөтүүчү кызмат үчүн жайкы фуражка, жайкы жана кышкы костюм |
Лампас нооту | Жетекчи жана катардагы курамдын кийимдеринин предметтерине береттер, кыюулар (генералдардан тышкары), кырбуулар |
Суу өткөрбөгөн атайын кездеме | Кышкы күрмөлөр (бардык типтеги) |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 606 токтому менен бекитилген |
Милициянын жана ички кызматтын атайын наамы бар ички иштер органдарынын жетекчи жана катардагы курамындагы адамдардын кийимдин жаңы формасын кийүүгө этап менен өтүүсүнүн ГРАФИГИ
Өздук курамдын категориясы | Өтүү мөөнөттөрү |
Жогорку жетекчи курам | 2009-жылдын III - IV кварталы |
Улук, орто, кенже жетекчи жана катардагы курам: |
|
Ички иштер министрлиги, борбордук аппарат | 2009-жылдын III - IV кварталы, 2010-жылдын I жарымы |
Бишкек шаарынын Башкы ички иштер башкармасы | 2009-жылдын III - IV кварталы, 2010-жылдын I жарымы |
Чүй облусунун ички иштер башкармасы | 2009-жылдын III - IV кварталы, 2010-жылдын I жарымы |
Ош шаарынын ички иштер башкармасы | 2009-жылдын IV кварталы, 2010-жылдын I жарымы |
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын ички иштер башкармалары | 2010-жылдын I жарымы |
Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарынын ички иштер башкармалары | 2010-жылдын I - II жарымы |