Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 18-октябры № 573
Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча окуудан өтүү тартибин бекитүү жөнүндө
"Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча окуудан өтүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |