Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 573 токтомуна) |
Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча окуудан өтүү ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Бул Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча окуудан өтүү тартиби (мындан ары - Тартип) Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим алуу программасы боюнча окуудан өтүүгө жана окуудан өтүү жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө карата талаптарды аныктайт.
2. Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча (мындан ары - Программа) окутуунун максаты кесиптик аудиторлордун аудит чөйрөсүндө сапаттуу кызматтарды көрсөтүү үчүн зарыл болгон кесиптик компетенттүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатуу жана колдоо жана Программа боюнча кесиптик билим берүүнү улантуу болуп саналат.
3. Аудитордун квалификациялык сертификатына ээ ар бир аудитор үч жылдан ашпаган мөөнөткө ырастоочу документтери менен бала багуу боюнча өргүүдө, окууда, узак ооруда жана/же узак реабилитацияда болгон мезгилде иши токтотулуп турган мезгилден тышкары, аудитордун квалификациялык сертификатын алган жылдан кийинки жылдан баштап, ар бир календардык жылдын ичинде Программа боюнча окуудан өтүүгө милдеттүү.
2. Программа боюнча окуудан өтүүнүн тартиби жана шарттары
4. Аудиторлорду окутуу окуу программаларын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аккредитациялаган Кесиптик аудитордук бирикме тарабынан жүргүзүлөт. Программа боюнча окутуу Интернет маалыматтык-коммуникациялык тармагы, ал эми мындай окутуу мүмкүн болбогон учурда - башка үнөмдүү ыкма аркылуу өткөрүлөт.
5. Окутууну өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча Кесиптик аудитордук бирикме тарабынан Программа боюнча окуудан өтүүнү ырастоочу сертификат берилет.
3. Программага карата минималдуу талаптар
6. Программа боюнча окутуунун минималдуу узактыгы катар келген эки календардык жыл үчүн 80 (сексен) сааттан аз болбойт, мында биринчи жылы окутуунун узактыгы 20 (жыйырма) сааттан аз эмести түзүүгө тийиш.
7. Курстун темаларынын кеңири мазмунун жана аларга ылайык келген окутуунун натыйжаларын камтыган программа келерки жылга карата Кесиптик аудитордук бирикме тарабынан иштелип чыгат, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кесиптик аудитордук бирикменин Аудиторлор кеңеши тарабынан бекитилет жана Кесиптик аудитордук бирикменин интернет-сайтында келерки жылдын 1-январына чейин жарыяланат.
8. Мурдагы иш тажрыйбасына карабастан бардык аудиторлор ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кесиптик аудитордук бирикменин Аудиторлор кеңеши тарабынан учурдагы жылга бекитилген бирдиктүү Программа боюнча окутулат.
Программанын бирдиктүүлүгү төмөнкүлөр менен камсыздалат:
1) Билим берүүнүн эл аралык стандарттары боюнча кеңеш тарабынан чыгарылуучу Билим берүүнүн эл аралык стандарттарынын талаптарына шайкештиги;
2) аудиторлордун окутуудан өтүү убагында бирдей (ошол эле) тапшырмаларды аткаруусу;
3) варианттык курамдарынын жоктугу (башкача айтканда ар бир аудитор тандоо боюнча эмес, бардык тапшырмаларды аткарат);
4) предметтик модулдарды бирдиктүү стандарттар боюнча даярдоо;
5) аудиторлорду окутуунун натыйжасын баалоонун бирдиктүү критерийлери.
9. Аудиторлордун билимдерин, билгичтиктерин жана көндүмдөрүн баалоонун критерийлери окутуунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен Кесиптик аудитордук бирикменин Комитети тарабынан иштелип чыгат жана Кесиптик аудитордук бирикменин Аудиторлор кеңеши тарабынан бекитилет.
10. Программанын мазмуну Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына киргизилген өзгөртүүлөрдү, ошондой эле Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына, Аудиттин эл аралык стандарттарына жана Билим берүүнүн эл аралык стандарттары боюнча кеңеш тарабынан чыгарылуучу Билим берүүнүн эл аралык стандарттарына киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен ар жыл сайын кайра каралып турат.
4. Окуудан өтүү жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүү
11. Кесиптик аудитордук бирикме окутуу аяктагандан кийин 15 жумуш күндөн кечиктирбестен ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык аудитордун аты-жөнүн, документтин номерин, Программа боюнча уккан сааттардын санын көрсөтүү менен Программа боюнча окуудан өтүү жөнүндө аудиторлорго берилген сертификаттар жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
12. Кесиптик аудитордук бирикме тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген документтердин негизинде Мамлекеттик бирдиктүү реестрге аудитор тарабынан Программа боюнча жыл сайын окуудан өтүү жөнүндө талаптын сакталгандыгы жөнүндө белги коюлат.
5. Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим алуусуна мониторинг жүргүзүү
13. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сурамжылоо методу (анкеталоо, оозеки сурамжылоо, окутуу курстарына баруу) менен аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим алуусуна мониторинг жүргүзөт жана Программа боюнча окутууну жүргүзүүнүн сапатын баалайт.
Окутууну жүргүзүүдө кемчиликтер болгон учурда окутуунун сапатын жакшыртуу боюнча сунуштамалар аларды жүзөгө ашыруу мөөнөттөрүн көрсөтүү менен берилет.
Сунуштамалар белгиленген мөөнөттө аткарылбаган учурда окуткан жактын аталышына көрсөтүү менен окутууну жүргүзүүдөгү болгон кемчиликтер жөнүндө маалымат сунуштамаларды аткаруу мөөнөтү өткөндөн кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтына жайгаштырылат.
14. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Программа боюнча окуудан өтүү жөнүндө маалыматтардын анык эместиги аныкталган учурда Кесиптик аудитордук бирикменин Программа боюнча окуудан өтүүнү ырастаган документти берүү жөнүндө чечимин жокко чыгарууга укуктуу.
15. Ушул Тартиптин 3-пунктуна ылайык ишти токтотуп туруу мезгилинен тышкары, Программа боюнча ар жылдык окуудан өтпөгөн учурда аудиторлор ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлүүчү Мамлекеттик бирдиктүү реестрден чыгарылат.
16. Программа боюнча окуудан 3 (үч) жылдын ичинде өтпөгөн учурда аудитор квалификациялык сертификатынан ажыратылат (чакыртып алуу).
6. Сертификаттарды таануу жана Программа боюнча окуудан өтүүнүн эсебине сааттарды эсепке алуу
17. Кесиптик аудитордук бирикме Билим берүүнүн эл аралык стандарттары боюнча кеңеш тарабынан чыгарылуучу Билим берүүнүн эл аралык стандарттарынын талаптарына ылайык келген Программа боюнча окуудан жыл сайын өтүү жөнүндө эл аралык квалификациялык сертификаттарды тааныйт; ошондой эле Билим берүүнүн эл аралык стандарттары боюнча кеңеш тарабынан чыгарылуучу Билим берүүнүн эл аралык стандарттарынын талаптарына ылайык келген семинарлардан жана тренингдерден өтүү жөнүндө документтер менен ырасталган өтүлгөн сааттарды жана темаларды эсепке алат. Программа боюнча темаларга ылайык келген темаларды окууга бөлүнгөн сааттарды эсепке алуу, эгерде ырастоочу документ эсепке алуу датасынан 1 жылдан эрте эмес берилсе ишке ашырылат.
Сертификаттарды таануу, сааттарды жана семинарлар менен тренингдердин темаларын эсепке алуу критерийлери ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Кесиптик аудитордук окуунун окутуучулары тарабынан аныкталат.
18. Ушул Тартиптин 11-пунктунда аныкталган мөөнөттөрдө Кесиптик аудитордук бирикмелер ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык формада Программа боюнча окуудан өтүү жөнүндө эл аралык квалификациялык сертификаттардын болушу жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
19. Ушул Тартиптин 17-пунктунда аныкталган маалыматка кыргыз/орус тилине расмий котормосу менен нотариалдык күбөлөндүрүлгөн, котормо агенттигинин колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн Программа боюнча окуудан өтүү жөнүндө эл аралык квалификациялык сертификаттардын көчүрмөлөрү тиркелет.
20. Кесиптик аудитордук бирикме тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген документтердин негизинде Мамлекеттик бирдиктүү реестрге аудитор тарабынан Программа боюнча окуудан жыл сайын өтүү жөнүндө талаптын сакталгандыгы жөнүндө белги коюлат.
|
| Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча окуудан өтүү тартибинин 1-тиркемеси |
Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча окуудан өтүү жөнүндө МААЛЫМАТ
№ | Аудитордун аты-жөнү | Квалификацияны жогорулатуу (отчеттук мезгилдин ичинде) | ||||
Окутуу жүргүзгөн уюмдун аталышы | Окуудан өтүү мезгили | Окуу курсунун аталышы | Сааттардын саны | Сертификаттын № | ||
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жетекчи: _________________________ | Колу: ________________________________________ |
|
(кызмат орду, аты-жөнү) |
|
|
|
| Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча окуудан өтүү тартибинин 2-тиркемеси |
Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча окуудан өтүү жөнүндө эл аралык квалификациялык сертификаттардын болушу жөнүндө МААЛЫМАТ
№ | Аудитордун аты-жөнү | Эл аралык квалификациялык сертификаттардын аталышы | ||||
АССА (Association of Chartered Certified Accountant) | ICAEW (Institute of Chartered Accountants in England and Wales) | CPA (Certified Public Accountant) | CFA (Chartered Financial Analys) | Башкалар | ||
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жетекчи: _________________________ | Колу: ________________________________________ |
|
(кызмат орду, аты-жөнү) |
|
|