Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 7-октябры № 552
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 334 "Кыргыз Республикасында билим берүү ишин лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында билим берүү ишин лицензиялоону тартипке келтирүү максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесине, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 56-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 334 "Кыргыз Республикасында билим берүү ишин лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-пунктундагы "Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө" деген сөздөр "Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 6-пунктундагы "2022" деген цифралар "2024" деген цифралар менен алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында билим берүү ишин лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 1-ноябрындагы № 96 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |