Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-июлу № 334
Кыргыз Республикасында билим берүү ишин лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-декабрындагы № 639, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 552 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасында билим берүү ишин лицензиялоону жөнгө салуу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесине, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 56-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында билим берүү ишин лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" токтому менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобонун 25-главасы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2019-жылга жана кийинки жылдарга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин түзүүдө билим берүү ишин лицензиялоону каржылоо үчүн 19661,0 (он тогуз миллион алты жүз алтымыш бир миң) сом өлчөмүндө акча каражатын карасын.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги алты айлык мөөнөттө:
1) өз чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтирсин;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 552 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2024-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-декабрындагы № 639, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 552 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |