Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 570 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында товарларды маркалоо жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасында товарларды маркалоо боюнча жалпы талаптарды аныктайт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй терминдер, түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
импорттоочу - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) укугуна ылайык Маркалануучу товарлардын тизмегине киргизилген товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоону/ташып кирүүнү жүзөгө ашырган экономикалык иш субъекти;
товарды маркалоо - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана/же ЕАЭБдин укугунун талаптарына ылайык товарга жана/же анын таңгагына ылайык идентификациялоо каражаттарын түшүрүү/бекитүү.
маркаланган товарлар - белгиленген талаптарды сактоо менен идентификациялоо каражаттары түшүрүлгөн товарлар, алар жөнүндө анык маалыматтар (анын ичинде аларга түшүрүлгөн идентификациялоо каражаттары жана/же идентификациялоо каражаттарын камтыган материалдык алып жүрүүчүлөр жөнүндө маалыматтар) Товарларды маркалоонун мамлекеттик автоматташтырылган маалымат системасында (мындан ары - "Товарларды маркалоо" МАМС) камтылат;
товарларды жүгүртүү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маркалоого тийиш болгон товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоо/ташып кирүү, Кыргыз Республикасынын аймагында аны ташуу, сатып алуу жана сатуу, ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге экспорттоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маркалоого тийиш болгон товарларды өндүрүү, Кыргыз Республикасынын аймагында аны сактоо, ташуу, сатып алуу жана сатуу, ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге экспорттоо;
дүң соода - ишкердик иште пайдалануу үчүн (анын ичинен кайра сатуу үчүн) же жеке пайдалануу менен байланышпаган башка максаттарда товарларды сатып алуу жана сатуу менен байланышкан соода ишинин түрү;
маркалоого тийиш болгон товарлардын калдыктары - аларга карата маркалоону киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган жана маркалоону киргизүү датасына карата мындай товарларды жүгүртүүчү юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин ээлигинде жана/же карамагында турган товарлар;
өндүрүүчү - Кыргыз Республикасынын аймагында идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркалоого тийиш болгон товарларды өндүргөн экономикалык иш субъекти;
товарды сатуу - товарга болгон менчик укугун акы төлөнүүчү же акысыз негизде берүү, анын ичинде товарды алмашуу;
чекене соода - жеке пайдалануу үчүн жана ишкердик ишти жүргүзүү менен байланышпаган башка максаттарда товарларды сатып алуу жана сатуу менен байланышкан соода ишинин түрү;
идентификациялоо каражаты - штрих же башка код түрүндө берилген же радиожыштык белгисине жазылган же автоматтык түрдө идентификациялоонун башка каражаттарын же технологияларын пайдалануу менен берилген машина менен окулуучу формадагы маркалоо коду;
товарларды жүгүртүүнүн катышуучусу - маркаланган товарды кийин сатуу/сатып өткөрүү менен байланышпаган максаттарда пайдалануу үчүн сатып алуучу субъекттерден тышкары, товарларды жүгүртүүчү чарбалык субъект;
товар - материалдык-буюм формасына ээ ар кандай мүлк;
идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркалоого тийиш болгон товарлар - Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу/ташып келинүүчү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана/же ЕАЭБдин укугуна ылайык аныкталуучу, Маркалоого тийиш болгон товарлардын тизмегине киргизилген товарлар.
Бул Жободо колдонулуучу башка түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдарында жана ЕАЭБдин укугунда аныкталган мааниде пайдаланылат.
3. "Товарларды маркалоо" МАМС маалыматтарды чогултууну, иштеп чыгууну, сактоону, ошондой эле өндүрүүчүдөн/импорттоочудан баштап акыркы керектөөчүгө чейин жеткирүү чынжырында маркаланган товар менен экономикалык иштин субъекти тарабынан жүргүзүлүп жаткан окуяларды контролдоо жана мониторингдөө максатында андан ары пайдалануу үчүн идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркалоого тийиш болгон Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү, импорттолуучу/ташып келинүүчү товарлар жөнүндө маалыматтарды берүүнү камсыз кылуучу борборлоштурулган маалыматтык ресурс болуп саналат.
4. "Товарларды маркалоо" МАМС төмөнкүдөй принциптердин негизинде түзүлөт:
- берилген маалыматтын жана маалыматтардын аныктыгын жана маалымат алмашуунун катышуучуларынын жоопкерчилигин, анын ичинде берилген маалыматтардын аныктыгын камсыз кылуу;
- мамлекеттик, банктык, салыктык, бажылык жашыруун сырларды жана коммерциялык сырды түзгөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголуучу башка маалыматтарды кошпогондо, ачык маалыматтардын айкындыгы жана жеткиликтүүлүгү;
- маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү колдонуучуларга берилүүчү маалыматтын ыкчамдыгы, ишенимдүүлүгү;
- Кыргыз Республикасынын башка маалыматтык ресурстары жана системалары менен маалыматтык өз ара аракеттенүү.
5. "Товарларды маркалоо" МАМСты түзүүнүн жана иштетүүнүн максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- товарларды жеткирүү чынжырынын бардык катышуучуларына, анын ичинде акыркы керектөөчүлөр менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга өз компетенцияларынын чегинде товарлар жөнүндө зарыл болгон маалыматтарды алууга мүмкүндүк берүүчү маалыматтар базасын түзүү, анын ичинде товардын коопсуздугу жана сапатынын шайкештиги жөнүндө документтердин болушун ырастоо;
- ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттердин аймактарында маркалоого тийиш болгон товарларды экспорттоо үчүн шарттарды түзүү;
- идентификациялоо каражаты менен маркаланган товардын өндүрүүчү/импорттоочудан баштап керектөөчүгө чейинки кыймылынын жашоо циклин көзөмөлдөөнү камсыз кылуу.
6. Ыйгарым укуктуу салык органы "Товарларды маркалоо" МАМСтын ээси жана аны ишке киргизүү жана жүргүзүү үчүн жооптуу болуп саналат.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу Маркалоонун жана маркаланган товарларды көзөмөлдөөнүн улуттук системасынын оператору (мындан ары - оператор) "Товарларды маркалоо" МАМСты техникалык жактан коштоону жүзөгө ашырат жана иштешин камсыз кылат.
8. "Товарларды маркалоо" МАМС төмөнкүлөр менен интеграцияланат:
- ыйгарым укуктуу салык органынын башка маалыматтык системалары менен;
- товардын коопсуздугун, сапатын жана келип чыгуусун ырастоого берилген документтер жөнүндө маалымат алуу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу тышкы соода чөйрөсүндө "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасынын маалыматтык системасы менен;
- үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолуучу маркаланган товарлардын идентификациялоо каражаттары жөнүндө маалыматтарды алмашуу бөлүгүндө, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын маалыматтык системасы менен;
- жүргүзүлгөн төлөм операциялары боюнча маалыматтарды алмашуу бөлүгүндө төлөм системаларынын маалыматтык системалары менен;
- башка мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын маалыматтык системалары менен, маркаланган товарлар жана товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашырган экономикалык иштин субъекттери жөнүндө маалыматтарды түзүү үчүн зарыл болгон маалымат менен алмашуу бөлүгүндө товарларды жүгүртүүнүн катышуучулары менен.
9. Реалдуу убакыт режиминде маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн мамлекеттик органдар жана товарларды жүгүртүүнүн катышуучулары Интернет тармагы аркылуу "Товарларды маркалоо" МАМСка кошулат.
10. "Товарларды маркалоо" МАМСта камтылган маалымат өз ичине төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) идентификациялоо каражаттары менен маркалоого тийиш болгон товарларды жүгүртүүнүн катышуучулары жөнүндө маалыматтарды;
2) товарларды идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркалоого тийиш болгон товарлар жөнүндө маалыматтарды;
3) товарларды жүгүртүүнүн катышуучуларынын өтүнмөлөрү боюнча генерацияланган маркалоо коддору жөнүндө маалыматтарды;
4) ушул товарлардын керектөөчүлөрү тарабынан аныкталган идентификациялоо каражаттары менен товарларды милдеттүү маркалоо тууралуу талаптардын бузулушу жөнүндө маалыматтарды;
5) документтерде жана заказдын интерфейстери жана маркалоо коддорун алуу аркылуу товарларды жүгүртүүнүн катышуучулары тарабынан берилүүчү идентификациялоо каражаттары менен маркаланган товарлардын жүгүртүлүшү тууралуу маалыматтарды;
6) заказдын интерфейстери жана маркалоо коддорун алуу аркылуу товарларды жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан берилүүчү маалыматтарды;
7) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталган, салыктык сырды бузбаган башка маалыматтарды.
11. "Товарларды маркалоо" МАМСтын алкагында маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын укуктары жана милдеттери төмөнкүлөр аркылуу жөнгө салынат:
- ЕАЭБдин укугу;
- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары;
- ушул Жобо;
- товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо маселелери боюнча башка ченемдик укуктук актылар.
2-глава. Кыргыз Республикасында товарларды маркалоо
12. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана/же Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу/ташып келинүүчү, аларга карата Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жана ЕАЭБдин укуктары менен маркалоо жөнүндө чечими кабыл алынган товарлар идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркаланууга тийиш.
Идентификациялоо каражаттары менен ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймактарына экспорттолуучу товарлар да маркалоого тийиш, аларга карата ушул ЕАЭБдин мүчө мамлекеттери тарабынан ЕАЭБдин укугуна жана ЕАЭБдин ушул мүчө мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайын идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө чечими кабыл алынган.
13. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аны маркалоо чечими кабыл алынган товарларды маркалоо, ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталган тартипке ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында салык салуу максатында Идентификациялоо каражаттары менен маркалоого тийиш болгон товарлардын тизмегинде көрсөтүлгөн ЕАЭБ ТЭИ ТН товарлардын аталышы жана коду боюнча товардын белгилүү бир товардык категорияга таандык экенине жараша жүзөгө ашырылат.
14. Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден импорттолуучу, маркалоого тийиш болгон товарларга карата ЕАЭБ ТЭИ ТН коддорун аныктоо бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
15. Маркаланбаган товарларды сатууга тыюу салуу киргизилген дата жана ага карата салык салуу максатында Маркалоого тийиш болгон товарлардын тизмегине киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими кабыл алынган ар бир товардык категориядагы товарлардын калдыктарын маркалоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
16. Маркалануучу товарларга карата идентификациялоо каражаттарынын болушу алар үчүн милдеттүү болуп саналат:
- Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында керектөөчүлөргө сатуу;
- технологиялык процесске ылайык товарларды маркалоого чейин өндүрүүчү тарабынан сактоону же ЕАЭБдин бажы аймагынан тышкары Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгаруу үчүн сактоону кошпогондо, сактоо.
17. Ички керектөө же реимпорт үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосу үчүн жайга ЕАЭБдин бажы аймагына маркалануучу товарларды ташып кирүүнү жүзөгө ашырган товарларды жүгүртүүнүн катышуучусу бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү реестрге киргизилген убактылуу сактоо кампаларына мындай товарларды ички керектөө же реимпорттоо үчүн чыгаруунун бажы жол-жоболоруна жайгаштырганга чейин товарларды маркалоону жүзөгө ашырат.
18. Эгерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте башкача каралбаса, идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркалоого тийиш болгон товарларды ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден импорттоону жүзөгө ашыруучу экономикалык иштин субъекти мындай товарларды маркалоону Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргенге чейин камсыз кылат.
19. Ушул Жободо белгиленген талаптар 2018-жылдын 2-февралындагы Евразия экономикалык бирлигинде идентификациялоо каражаттары менен товарларды маркалоо жөнүндө макулдашуунун 8-беренесинде көрсөтүлгөн товарларга жайылтылбайт.
20. Идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркалоого тийиш болгон товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашырган товарларды жүгүртүүнүн катышуучулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген маркалоо тартибин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
3-глава. Товарларды маркалоону контролдоо
21. Салык кызматынын органдары төмөнкүлөрдү контролдоону жүзөгө ашырат:
- Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүүдө жана чекене жана дүң соодада турган Маркалоого тийиш болгон товарлардын тизмегине киргизилген товарларда идентификациялоо каражаттарынын болушун жана легалдуулугун;
- ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден импорттолуучу Маркалоого тийиш болгон товарлардын тизмегине киргизилген товарларда идентификациялоо каражаттарынын болушун жана легалдуулугун.
22. Бажы кызматынын органдары ЕАЭБге мүчө болуп саналбаган мамлекеттерден импорттолуучу, Маркалоого тийиш болгон товарлардын тизмегине киргизилген товарларда идентификациялоо каражаттарын колдонуу үчүн контролду жүзөгө ашырат.