Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-октябрындагы № 588 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери кызматтык ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу мертинген, майып болгон же каза болгон (курман болгон) учурда бир жолку жөлөкпулдарды жана компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине ылайык төмөнкүдөй учурларда бир жолку жөлөкпулдарды жана компенсацияларды дайындоо жана төлөө тартибин жөнгө салат:
- улуттук коопсуздук органдарынын кызматкери (мындан ары - кызматкер) кызмат өтөө мезгилинде оор же жеңил жаракат алганда;
- кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу кызматкер мертингенде же майып болгондо;
- кызматтык ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу кызматкер каза болгондо;
- кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу алган жаракаттын, контузиянын же оорунун кесепетинен кызматынан бошотулгандан кийин кызматкер курман болгондо.
2. Жөлөкпулдар кызматкерге же анын мыйзамдуу өкүлүнө, кызматкер каза болгон (курман болгон) учурда - каза болгон (курман болгон) адамдын үй-бүлөсүнө жана анын багуусунда турган адамдарга (мындан ары - алуучулар) төлөнүп берилет.
3. Бир жолку жөлөкпулдарды жана компенсацияларды төлөө Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (мындан ары - УКМК) жана анын жергиликтүү органдары тарабынан иши УКМКнын жетекчисинин акты менен аныкталган бир жолку жөлөкпулдарды жана компенсацияларды төлөө менен байланышкан маселелерди кароо боюнча ведомстволук комиссиянын чечиминин негизинде республикалык бюджеттен бул максаттарга бөлүнүп берилүүчү каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
4. 1-пунктта көрсөтүлгөн окуялар (мындан ары - окуялар) болгон учурда, жөлөкпулдарды төлөө кызматкердин кызмат өтөгөн жери боюнча банк эсебине акча каражатын которуу жолу менен же алуучунун тандоосу боюнча накталай акча менен жүргүзүлөт. Жашы жете элек алуучуга жөлөкпул жубайлардын биринин, камкорчунун же көзөмөлчүнүн банк эсебине которуу жолу менен гана төлөнөт.
5. Жөлөкпулду төлөө ведомстволук комиссия чечим кабыл алган күндөн тартып он төрт жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт. Жөлөкпулду төлөөдөн баш тартылган учурда он жумуш күндүн ичинде баш тартуунун себебин көрсөтүү менен бул жөнүндө алуучуга жазуу жүзүндө билдирилет.
6. Жөлөкпулду төлөп берүү тууралуу арызды алуучу 1-пунктта көрсөтүлгөн окуялар болгон күндөн тартып үч жыл өткөнгө чейин берүүгө тийиш.
7. Жөлөкпул жана компенсация төлөнбөйт, эгерде окуя:
1) кызматкердин атайылап кылмышты, башка укукка каршы жосунду жасоосунун же атайылап зыян келтирүүсүнүн натыйжасында болсо, бул кызматтык териштирүүнүн, алгачкы текшерүүнүн жана тергөөнүн, медициналык корутундулардын жыйынтыгы менен аныкталса;
2) эгерде кызматтык (аскердик) милдетин аткаруу менен башкача каралбаса, кызматтык милдеттерин түздөн-түз аткаруу менен байланышпаган учурларда окуя болсо, бул кызматтык териштирүүнүн, алгачкы текшерүүнүн жана тергөөнүн, медициналык корутундулардын жыйынтыгы менен аныкталса;
3) кызматкердин алкоголдук, баңгизаттык же ууланып мас абалда болуусу менен тике себептик байланышта болсо;
4) кызматкердин өз ден соолугуна атайылап зыян келтирүүсү же өзүн-өзү өлтүрүүсүнүн натыйжасы болуп саналса.
2. Жөлөкпулдардын өлчөмдөрү
8. Кызматкер кызмат өтөө мезгилинде жеңил жаракат алган учурда ага алты ай үчүн, оор жаракат алган учурда - бир жыл үчүн акчалай камсыздоо өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнүп берилет.
9. Кызматкердин кызмат өтөөсүнө байланышкан майыптыгы аныкталган учурда, ага төмөнкүдөй өлчөмдөгү бир жолку жөлөкпул төлөнүп берилет:
- I топтогу майыпка - беш жылдык акчалай камсыздоо;
- II топтогу майыпка - төрт жылдык акчалай камсыздоо;
- III топтогу майыпка - үч жылдык акчалай камсыздоо.
10. Кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу мертинүү болгон учурда, кызматкерге беш жылдык акчалай камсыздоо өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнүп берилет.
11. Кызматтык ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу кызматкер каза болгон же кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу алган жаракаттын, контузиянын же оорунун кесепетинен кызматтан бошотулгандан кийин курман болгон учурда, каза болгонду (курман болгонду) он жылдык акчалай камсыздоо өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнүп берилет.
3. Жөлөкпулду төлөөгө документтерди тариздөө
12. Жөлөкпул алуу үчүн алуучу төмөнкү документтерди берет:
а) каза болгон (курман болгон) учурда:
- арыз;
- нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн курман болгондугу тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
- мурас укугу жөнүндө күбөлүк;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын (алуучунун) паспортунун (ID-картасынын) көчүрмөсү.
Кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу алган жаракаттын, контузиянын же оорунун кесепетинен кызматынан бошотулгандан кийин курман болгон кызматкерге карата мындан тышкары, бул фактыны ырастаган УКМКнын аскердик-медициналык кызматынын корутундусу берилет;
б) майыптыкты аныктоодо же оор, же жеңил жаракат алганда:
- рапорт;
- жаракаттын деңгээлинин оордугу жөнүндө УКМКнын аскердик-медициналык кызматынын маалымкаты же майыптыкты аныктоо жөнүндө медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкатынын көчүрмөсү;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун (ID-картасынын) көчүрмөсү.
13. Алуучу тарабынан берилген документтерге кызматкердин мертинген же каза болгон (курман болгон) фактысы боюнча кызматтык териштирүүнүн материалдары жана акыркы иштеген кызматы боюнча жабыр тартканды акчалай камсыздоо тууралуу маалымкат тиркелет.
4. Компенсацияларды төлөп берүү
14. Кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу мертинген же майып болгон учурда, кызматкерге дайындалган пенсиясы менен акыркы иштеген кызматы боюнча акчалай камсыздоо маянасынын ортосундагы айырма түрүндө ар айлык компенсация төлөнөт.
15. Компенсацияны дайындоо үчүн алуучу төмөнкүлөрдү берет:
- рапорт;
- дайындалган пенсиясынын өлчөмү жөнүндө маалымкат.
Акыркы иштеген кызматы боюнча акчалай камсыздоо тууралуу маалымкатты УКМКга же анын аймактык бөлүмүнө берет.
5. Жарандарга жөлөкпулдарды жана компенсацияларды төлөө
16. Улуттук коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чараларга жарандар, анын ичинде улуттук коопсуздук органдарынын жумушчулары жана кызматчылары тартылган учурда, аларга ушул Жобо менен улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери үчүн белгиленген бир жолку жөлөкпулдарды, ошондой эле компенсацияларды төлөп берүүнүн шарттары жана тартиби жайылтылат.
17. Жарандарды акчалай камсыздоо акыркы иштеген жери боюнча төлөнүп берилүүчү үстөктөрдү жана кошумча төлөмдөрдү эске алуу менен орточо айлык эмгек акы катары аныкталат.
6. Кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
18. Жөлөкпулдарды алууда кыянаттык кылууга, жөлөкпулдарды төлөөнү мыйзамсыз кечиктирүүгө, жөлөкпулдарды төлөөгө каражаттарды мыйзамсыз чыгымдоого күнөөлүү кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
19. Бир жолку жөлөкпулду төлөө менен байланышкан талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын жарандык-укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.