Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 9-сентябры № 507
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 "Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин регламенттөөчү маселелер жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасынын объекттерин "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коомуна акысыз убактылуу пайдаланууга өткөрүп берүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 148, 2023-жылдын 4-апрелиндеги № 181 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Өнөр жайды модернизациялоо жана мамлекеттик активдерди натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу максатында, жалпы республикалык маанидеги мамлекеттик программаларды жана милдеттерди ишке ашыруу, социалдык маанилүү долбоорлорго жана демилгелерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 222-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 "Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин регламенттөөчү маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактыпуу пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 11-пункттун биринчи абзацы, 1, 2-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Мамлекеттик мүлк, анын ичинде кыймылсыз мүлк жана мүлктүк комплекстер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча коммерциялык эмес жана эл аралык уюмдарга, мамлекеттик ишканаларга, акцияларынын (үлүштөрүнүн) контролдук мамлекеттик пакети бар чарбалык коомдорго, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана муниципалдык ишканаларга төмөнкү учурларда акысыз убактылуу пайдаланууга берилиши мүмкүн:
1) жалпы республикалык маанидеги мамлекеттик программаларды жана милдеттерди ишке ашыруу, социалдык маанилүү долбоорлорго жана демилгелерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында - мурдагы келишимди аткаруу шартында андан ары узартуу мүмкүнчүлүгү менен 15 жылга чейинки мөөнөткө;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин шарттарын аткаруу максатында - эгерде көрсөтүлгөн келишимдерде башкача каралбаса андан ары узартуу мүмкүнчүлүгү менен 3 жылга чейинки мөөнөткө.";
- 12, 13-пункттардагы түрдүү жөндөмө формаларындагы "имарат (жай)" деген сөздөр тиешелүү жөндөмө формаларындагы "мүлк" деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд "Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасы менен бирдикте "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коомуна андан ары узартуу укугу менен 15 жылдык мөөнөткө акысыз убактылуу пайдаланууга тиркемеге ылайык тизме боюнча мамлекеттик менчик объектилерин төмөнкүдөй келишимди түзүү шарты менен белгиленген тартипте өткөрүп берсин:
- түзүлгөн келишимге ылайык бардык коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө, күтүү боюнча эксплуатациялык чыгымдарга жана салыктардын бардык түрлөрүнө акы төлөө жөнүндө;
- "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коомунун каражаттарынын эсебинен буюмдарды чыгаруу боюнча өндүрүштүк аянттарды куруу, технологиялык парк уюштуруу, өндүрүштүк жайларды толук же жарым-жартылай реконструкциялоо, анын ичинде жаңы имарат жана жайларды куруу үчүн эскилерин бузуу, аймакта жайгашкан имараттарды жана башка объекттерди капиталдык жана учурдагы оңдоо, жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүү боюнча иштерди жүргүзүү жөнүндө;
- Кыргызиндустрия" ачык акционердик коому тарабынан өткөрүп берилүүчү жана жаңы түзүлүүчү объекттерди максаттуу пайдалануу боюнча милдеттенмелер аткарылбаган учурда келишимди мөөнөтүнө чейин бузуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө.
3. "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коомуна мамлекеттик менчик объекттерин эксплуатациялоодо стратегиялык объекттерди иштетүү жана эксплуатациялоо режимине, жарандык коргонуунун коргоочу курулмаларын күтүү жана пайдалануу тартибине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо сунушталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
"Кыргызиндустрия" ачык акционердик коомуна акысыз убактылуу пайдаланууга өткөрүп берилүүчү "Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишкананын объекттеринин ТИЗМЕСИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 148, 2023-жылдын 4-апрелиндеги № 181 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№ | Имараттардын жана курулмалардын аталышы | Башкы план боюнча № |
1 | "Ветерок" кафеси (4-цех) | 17 |
2 | БЗЛ 2-кабаттуу имараты | 29 |
3 | № 10 трансформатордук подстанция | 32 |
4 | Цехтин № 4, 16 имараттары (ТП 19 жана ТП 18) | 33 |
5 | Китеп күркөсү | 35 |
6 | Шайман сактоочу кампа 2, 31 (БШЛ) | 36 |
7 | № 5 жарандык коргонуу жайы | 39 |
8 | № 9 жарандык коргонуу жайы | 41 |
9 | Ашкана кампасы (эки жайдан турат) | 44 |
10 | АӨБ өрт өчүрүүчү депосу (сактоочу кампа) | 45 |
11 | АӨБ кампасы | 46 |
12 | № 1 подстанция | 142 |
13 | № 11 подстанция | 144 |
14 | Наабайкана (8-цех) | 19 |
15 | "Блинная" кафеси (8-цех) | 20 |
16 | Цехтин № 8 (90) имараты, ширетүүчү цех | 22 |
17 | Цехтин № 8, 9 имараттары (ИЖМ) | 23 |
18 | АТС имараты жана касса | 24 |
19 | Металл кампа | 42 |
20 | АТК имаратынан жана участоктун чыгыш бөлүгүнөн тышкары аянты 1514,3 кв.м, таңгактоочу участоктун батыш бөлүгү | 59 |
21 | № 14 трансформатордук подстанция | 78 |
22 | № 7 артезиан скважинасы | 131 |
23 | № 4 артезиан скважинасы | 132 |
24 | Цехтин № 8 бастырмасы | 138 |
25 | № 9 подстанция | 143 |
26 | Көтөрүүчү шаймандар участогу | 114 |
27 | № 50 ТП | Номери жок |
28 | № 52 ТП | Номери жок |
29 | № 135 ТП | Номери жок |
30 | № 6 ТП | Номери жок |
31 | № 13 подстанция | 145 |
32 | № 5/1 подстанция | Номери жок |
33 | № 5/2 подстанция | Номери жок |
34 | Металл кампасы | 38 |
35 | (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги № 181 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |
36 | (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги № 181 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |
37 | (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги № 181 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |