Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 510 токтомуна ылайык) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 56, 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 169 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары - Агенттик) ишинин укуктук жана уюштуруу негиздерин аныктайт.
2. Агенттик этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү жаатында тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин укук улантуучусу болуп саналат.
Агенттик этил спиртин жана алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны импорттоону, өндүрүүнү жана/же жүгүртүүнү, мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын укук улантуучусу болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 169 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Агенттик этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылууга жана этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө, ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 169 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Агенттик өз ишин ушул Жободо белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде өз алдынча уюштурат жана жүзөгө ашырат.
6. Агенттик юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы жана ага бекитип берилген мүлкү, Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык казыналык өздүк эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү жана башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары бар.
Уюштуруу-укуктук формасы - оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме.
Агенттик борбордук аппараттан, аймактык бөлүмдөрдөн, "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынан турат.
Агенттиктин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 228.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 169 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Агенттикти жана анын ведомстволук уюмдарын күтүүгө чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана атайын казыналык эсептерде топтолгон каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
8. Агенттиктин фирмалык аталышы:
1) толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик";
- расмий тилде: "Государственное агентство по контролю за производством и оборотом этилового спирта, алкогольной продукции при Кабинете Министров Кыргызской Республики";
2) кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Мамалкоагенттик";
- расмий тилде: "Госалкоагентство".
2. Агенттиктин максаты
9. Агенттиктин максаты этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү, ошондой эле тамеки буюмдарын жүгүртүү чөйрөсүн туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу болуп саналат.
3. Агенттиктин милдеттери
10. Агенттиктин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатууга мамлекеттик монополияны жүзөгө ашыруу;
2) этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
3) этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо.
4. Агенттиктин функциялары
11. Агенттик төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) тармактык саясат функциялары:
- этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны, өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү, ошондой эле биоэтанолду өндүрүүнү жана жүгүртүүнү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны, өндүрүү, жүгүртүү, импорттоо жана экспорттоо жаатында мамлекеттик эсепке алууну жана отчеттуулукту уюштурат жана ишке ашырат;
- алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүүчү чарбакер субъекттердин экономикалык абалына дайыма талдоо жүргүзүп турат жана анын негизинде алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү чөйрөсүн өнүктүрүүнүн стратегиялык багытын аныктайт;
- этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү тармактарын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктайт, ички жана тышкы инвестицияларды тартат;
- этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү боюнча келечектүү, кыска мөөнөттүү экономикалык болжолдуу көрсөткүчтөрдү иштеп чыгат;
2) жөнгө салуу функциялары:
- этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүүгө, жүгүртүүгө, импорттоого жана экспорттоого лицензия берет;
- этил спиртин жана алкоголдук продукцияны импорттоого квота киргизет;
- этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү, сактоо, ташуу жана сатуу чөйрөсүндө керектөөчүлөрдүн жана ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуучу чаралар комплексин ишке ашырат;
3) координациялоо жана контролдоо функциялары:
- этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүүгө, жүгүртүүгө, алардын сапатына мамлекеттик контролду уюштурат жана ишке ашырат;
- биоэталонду өндүрүүгө, жүгүртүүгө, сапатына жана коопсуздугуна мамлекеттик контролду уюштурат жана ишке ашырат;
- этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны импорттоо, сактоо жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана лицензиялык талаптарда каралган шарттардын сакталышын контролдойт;
- лицензиялоо функциясынын алкагында мамлекеттик алымдарды жана башка салыктык эмес төлөмдөрдү төлөөдө алынган акча каражаттарынын толук жана туура алынышын контролдойт жана текшерет;
- алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны, өндүрүүчү жана/же жүгүртүүчү чарбакер субъекттерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте текшерүү жүргүзөт;
- алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү жаатында инвестициялык программалардын ишин координациялайт, колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды көрүү үчүн алардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзөт;
- этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү, жаңы индустрияларды түзүү жана өнүктүрүү жаатында мамлекеттик саясаттын ишке ашырылышын координациялайт;
- этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны, өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү чөйрөсүн жакшыртуучу чараларды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну координациялайт;
- этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү чөйрөсүн өнүктүрүүгө келип түшүүчү техникалык жана гранттык жардамды координациялайт;
- этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн жана белгиленген максаттуу көрсөткүчтөрдүн аткарылышын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү аркылуу белгиленген тартипте контролдойт;
- алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүүчү жаңы ишканаларды түзүү, иштеп жаткандарын модернизациялоо жана техникалык жактан кайра жабдуу, Евразия экономикалык бирлигинин, Дүйнөлүк соода уюмунун жана Евробирликтин өлкөлөрүнүн техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык өндүрүлүүчү продукциянын сапатын жакшыртуу үчүн тышкы жана ички инвестицияларды тартууга көмөк көрсөтөт;
- алкоголдук жана спирт камтыган продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү жаатында Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин жөнгө салуу обьекттерин пайдалануу, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияларды өндүрүү, жүгүртүү маселелери боюнча алкоголдук жана спирт камтыган продукциянын ата мекендик өндүрүүчүлөрү менен макулдашылган Кыргыз Республикасынын жыйынды позициясын даярдоо жана сунуштоо боюнча иштерди координациялайт;
- этил спиртин техникалык жана башка максаттарда колдонуучу атайын керектөөчүлөрдүн жана субъекттердин жыйынды тизмесин даярдайт;
- этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү көлөмү жөнүндө контролдоо постторуна бекитилген кызматкерлер тарабынан отчет берүү тартибин белгилейт;
- сырьёнун келишин, калдыктар жана даяр продукциянын өндүрүлүшү жөнүндө маалыматтарды, чыгаша эсептегичтердин көрсөткүчтөрүн, даяр продукцияны түшүрүүнү эсепке алууну жана отчеттуулукту контролдойт;
- акциз маркаларын арналышы боюнча колдонуу предметине, даяр маркалануучу продукцияга акциз маркаларын колдонуу процессине байкоо жүргүзөт;
- колдонулган акциз маркаларын эсептен чыгарууну контролдойт;
- акциз маркаларынын калдыктары, даяр продукция, колдонулган акциз маркалары, сатылган продукциянын көлөмдөрү жөнүндө маалымат тууралуу спирт жана алкоголдук ишканаларда орнотулган контролдоо постторунда (анын ичинде салык постторунда) эсепке алууну жана отчеттуулукту уюштурат жана ишке ашырат;
- ишкананын өндүрүш жайларына кирүүдө/чыгууда орнотулган видео байкоо аркылуу алкоголдук тармактагы ишканалардын ишине контролду уюштурат жана ишке ашырат;
- этил спиртин сатып алууга каттоо баракчаларын жана спирт камтыган продукцияларды сатып алууга уруксат берүүчү документтерди берет;
- зарыл болгон учурларда, укук коргоо органдарына жана компетенцияларына жараша маселелер боюнча башка органдарга материалдарды берет, ошондой эле сотко доо менен кайрылат;
4) кызмат көрсөтүү функциялары:
- биоэталон өндүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик реестрин жүргүзүүнү камсыз кылат;
- Агенттиктин карамагына кирген маселелер боюнча жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын, арыздарын, даттанууларын белгиленген тартипте карайт;
- Агенттиктин карамагына кирген маселелер боюнча жеке жана юридикалык жактарга маалыматтык-консультациялык көмөк көрсөтүүнү камсыз кылат;
- алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү жаатында Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарынын сакталышы боюнча консультацияларды берет жана түшүндүрүү иштерин жүргүзөт;
5) колдоо функциялары:
- мамлекеттик органдар менен биргеликте техникалык жана гранттык жардамды, инвестицияларды тартуу жана этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияларды өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү уюштурат;
- этил спиртин, алкоголдук жана спиртти камтыган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат;
- этил спиртин, алкоголдуу жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерден келип чыккан Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткарууга багытталган иш-чараларды уюштурат;
- иштин маалыматтык чагылдырылышын уюштурат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 169 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Агенттиктин укуктары
12. Агенттик функцияларды ишке ашыруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
1) этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү, маселелери боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине белгиленген тартипте киргизүүгө;
2) этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү жаатында эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштарды мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизүүгө, өз компетенциясынын чегинде тиешелүү эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, көрсөтүлгөн келишимдерди түзүүгө жана кол коюуга;
3) чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен долбоорлорду иштеп чыгууга жана белгиленген тартипте эл аралык келишимдерге, макулдашууларга жана башка документтерге кол коюуга катышууга;
4) көргөзмөлөрдү, конкурстарды жана башка иш-чараларды, анын ичинде эл аралык мүнөздөгү иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу, мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизүүгө;
6) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ишканалардан, уюмдардан жана мекемелерден этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү маселелери менен байланышкан зарыл маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте суроого жана алууга;
7) этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана жүгүртүүгө байланыштуу маселелерди чечүү үчүн келишимдик негизде ата мекендик жана чет өлкөлүк адистерди жана/же юридикалык жактарды тартууга;
8) кеңешүүчү жана башка жумушчу органдарды түзүүгө;
9) Агенттиктин кызматкерлерин мыйзамдарда белгиленген тартипте кесиптик даярдоону, аларды кайра даярдоону, квалификациясын жогорулатууну жана стажировкалоону камсыз кылууга;
10) этил спиртин, алкоголдук продукцияны мыйзамсыз өндүрүүгө жана жүгүртүүгө бөгөт коюу боюнча рейддик иш-чараларды жүргүзүү, ошондой эле каалагандай түрдөгү транспорт каражатын кароону, башкача айтканда транспорт каражатын анын конструкциялык бүтүндүгүн бузбастан жүргүзүлүүчү текшерүүнү жүзөгө ашыруу контрабандалык же болбосо мыйзамсыз жүгүртүүдөгү алкоголдук, спирт камтыган продукцияны аныктоо максатында жүзөгө ашырылат;
11) алкоголдук продукциянын түрлөрү жана ишканалар боюнча этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнүн экономикалык болжолдорунун долбоорлорун иштеп чыгууга;
12) этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү жаатында ченемдик-техникалык документтерди иштеп чыгууга, кайра карап чыгууга жана макулдашууга;
13) Агенттиктин демилгеси боюнча фискалдык жана укук коргоо органдары, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешкен иш-чараларды жүргүзүүгө;
14) этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү боюнча технологиялык тартиптин камсыз кылынышын контролдоого;
15) этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү боюнча технологиялык нускаманын сакталышын көзөмөлдөөгө;
16) мыйзамдын талаптарына, технологиялык ченемдерге жана эрежелерге өндүрүштүк базанын шайкештигине ишканаларга изилдөө жүргүзүүгө;
17) спирт жана алкоголдук тармактагы ишканалардын өндүрүштүк ишине талдоо жана мониторинг жүргүзүүгө;
18) этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүүчү жана/же жүгүртүүчү чарбакер субъекттерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте текшерүү жүргүзүүгө;
19) укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө, укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча токтомдорду чыгарууга, материалдарды Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган тартипте мажбурдук түрдө аткарууга жөнөтүүгө;
20) өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык мүлктү алып коюу түрүндө кошумча укуктук кесепеттерди колдонууга;
21) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда имаратты, жабдууну, документтерди жана башка предметтерди мөөр жана пломба коюп бекитүүгө;
22) соттордо, укук коргоо органдарында, мамлекеттик бийлик органдарында жана башка уюмдарда өз кызыкчылыктарын коргоого, анын ичинде Агенттиктин функцияларын аткаруунун алкагында юридикалык жана жеке жактарга карата сотко доо коюуга;
23) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана жумуштарды сатып алууга, конкурстарды өткөрүүгө;
24) так отчёттуулук бланктарынын заказчысы катары чыгууга;
25) мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян келтирүүнүн алдын алуу, ошондой эле адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында салык салуу чөйрөсүндөгү укук бузуулар боюнча маалыматтарды чогултууга жана талдоого;
26) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын чыгарууга;
27) салык салуу предметине тиешелүү документтердин көчүрмөлөрүн алууга, ошондой эле чыгарууга;
28) чарбакер субъект тарабынан берилген документтерге иш жүзүндөгү маалыматтардын шайкештигин аныктоо үчүн аймактарды, жайларды жана объекттерди изилдөө максатында ишкердик ишти жүргүзүү үчүн пайдаланылуучу аймакка же жайга кирүүгө;
29) административдик укук бузуунун куралы же түздөн-түз объектиси болгон предметтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алып коюуну жүзөгө ашырууга;
30) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 169 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Агенттиктин ишин уюштуруу
13. Агенттик жана анын аймактык бөлүмдөрү этил спиртин, алкоголдук продукцияларды, өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча органдын бирдиктүү системасын түзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 169 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Агенттикти директор жетектейт, аны Кыргыз Республикасынын Президенти кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
15. Агенттикте директордун биринчи орун басарынын жана директордун орун басарынын кызмат орундары каралат, алар Агенттиктин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат.
Директордун орун басарлары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын демилгеси же директордун сунушу боюнча ээлеген кызматынан бошотулушу мүмкүн.
Директордун орун басарлары Агенттиктин директоруна түздөн-түз баш иет жана өздөрүнүн ишин аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде жүзөгө ашырат.
16. Агенттиктин директору:
- Агенттиктин, анын борбордук аппаратынын жана ведомстволук уюмдарынын ишине жеке башкаруунун негизинде жалпы жетекчилик кылат жана Агенттикке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Агенттиктин иши жөнүндө маалымат берет;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйындарына жана сессияларына, анын компетенциясына кирген маселелер боюнча комитеттердин жана фракциялардын жыйындарына катышат;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйналыштарына, ошондой эле Агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча башка кеңешмелерге, тегерек столдорго катышат;
- эл аралык уюмдар, Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин мамлекеттик бийлик органдары, Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин ишканалары, мекемелери жана уюмдары менен мамилелерде Агенттиктин атынан чыгат, өз ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык келишимдерге кол коёт;
- директордун орун басарынын милдеттерин аныктайт, Агенттиктин компетенциясына кирген оперативдүү, уюштуруу, кадрдык, финансылык, өндүрүштүк-чарбалык жана башка маселелерди чечүү боюнча Агенттиктин башка кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын белгилейт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Агенттиктин ведомстволук уюмдарынын жетекчилерин кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ведомстволук уюмдардын жетекчилеринин орун басарларын кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Агенттиктин кызматкерлерин жана жумушчуларын, Агенттиктин аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин жана кызматкерлерин кызматка дайындайт, ротациялоо жүргүзөт, кызматтан бошотот, сыйлайт жана тартиптик жаза чараларын көрөт;
- Агенттиктин кызматкерлерине белгиленген тартипте класстык чендерди ыйгарат;
- Агенттиктин борбордук аппаратынын жана анын ведомстволук уюмдарынын түзүмүн жана штаттык расписаниесин, аларды күтүүгө чыгымдардын сметасын бекитет, Агенттиктин бюджеттик жана атайын каражаттарын тескейт, ошондой эле алардын аткарылышын контролдойт;
- Агенттиктин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жана аймактык бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- Агенттиктин коллегиясы жана башка жумушчу жана кеңешүүчү органдары жөнүндө жоболорду бекитет;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Агенттиктин системасында аткаруу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды, жоболорду, нускамаларды, эрежелерди жана башка ведомстволук актыларды чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Агенттиктин ички иш тартибин жана Агенттиктин кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аныктайт;
- Агенттиктин өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин белгиленген тартипте сыйлайт, ошондой эле Агенттик системасынын өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого жана ардак наамдарды ыйгарууга белгиленген тартипте көрсөтөт;
- Агенттиктин кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот;
- бөлүнгөн материалдык ресурстарды, бюджеттик жана атайын каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылат;
- Агенттиктин кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коёт;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, ошондой эле жамааттык келишимге ылайык Агенттиктин жана ведомстволук уюмдардын кызматкерлеринин эмгегине дем берүү жөнүндө чечим кабыл алат;
- Агенттиктин алдына коюлган милдеттерди аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
17. Агенттиктин директору жок учурда, анын функцияларын аткаруу, эгерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан башка чечим кабыл алынбаса, директордун орун басарларынын ортосунда бөлүштүрүлгөн милдеттерге жараша орун басарларынын бирине жүктөлөт.
18. Агенттикте 5 адамдан турган коллегия түзүлөт. Коллегиянын курамына кызмат орду боюнча Агенттиктин директору (коллегиянын төрагасы), директордун биринчи орун басары, директордун орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлү кирет. Коллегия мүчөлөрүнүн жеке курамын Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын профилдик түзүмдүк бөлүмү менен макулдашуу боюнча Агенттиктин директору бекитет. Коллегиянын чечимдери чечим түрүндө кабыл алынат жана директордун буйруктары менен ишке ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 56 токтомунун редакциясына ылайык)
19. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 169 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
20. Агенттикте мамлекеттик жарандык кызматчылардын этикасы боюнча комиссия иштейт.
21. Агенттик белгиленген тартипте финансылык каражаттардын эсебин жүргүзөт, статистикалык, бухгалтердик жана башка отчёттордун маалыматтарын даярдоону жана тиешелүү органдарга берүүнү камсыз кылат.
22. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Агенттик ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон тиешелүү мүлк анын оперативдүү башкаруу укугуна берилет.
23. Агенттиктин жана анын бөлүмдөрүнүн ишин каржылоо республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каржылоо булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.
24. Агенттик республикалык бюджеттен жана тыюу салынбаган башка каржылоо булактарынан келип түшкөн финансылык каражаттардын эсебин жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык статистикалык, финансылык жана башка отчётторду берип турат.
7. Корутунду жоболор
25. Агенттикти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
26. Агенттиктин иши токтотулганда анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.