Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 15-сентябры № 510
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 516, 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678, 2025-жылдын 27-мартындагы № 157 токтомдорунун редакцияларына ылайыкк)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 222 "Этил спиртин өндүрүүгө, сактоого жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополияны киргизүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте эки күндүк мөөнөттө бюджеттик каржылоону жана материалдык-техникалык жабдууларды белгиленген тартипте кабыл алуу-өткөрүп берүү үчүн ведомстволор аралык комиссияларды түзсүн.
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жөнүндө жободо:
- 1-пункту "тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын," деген сөздөрдөн мурда "этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылуудан тышкары," деген сөздөр менен толукталсын;
- 8-пунктунун экинчи абзацы "тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы," деген сөздөрдөн мурда "этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылуудан тышкары," деген сөздөр менен толукталсын;
- 9-пунктунун 1-пунктчасынын үчүнчү абзацы "тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы," деген сөздөрдөн мурда "этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылуудан тышкары," деген сөздөр менен толукталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
3-пунктундагы "4913", "965", "4130" жана "772" деген цифралар тиешелүү түрдө "4867", "961", "4084" жана "768" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 191-пункт менен толукталсын:
"
191 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик | 46 | 4 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппарат | 38 | 4 |
| аймактык бөлүмдөр | 8 | - |
";
- жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 191-пункт менен толукталсын:
"
191 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик | 2 |
".
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө жободо:
- 3-пунктундагы ", ошондой эле этил спиртин, алкоголдук жана спирттүү продукцияларды импорттоону, өндүрүүнү жана/же жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салууну жана контролдоону" деген сөздөр алып салынсын;
- 12-пунктундагы "жана этил спиртинин жана алкоголдук продукциялардын өндүрүлүшүн жана жүгүртүлүшүн мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо" деген сөздөр алып салынсын;
- 13-пунктунун 6-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 14-пунктунда:
1-пунктчасында:
төртүнчү абзацындагы "этил спиртин, алкоголдук жана спирттүү продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү тарифтик, фискалдык жана лицензиялык саясатты" деген сөздөр "тарифтик, фискалдык саясатты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
он жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2-пунктчасынын үчүнчү жана төртүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
3-пунктчасынын онунчу жана он биринчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 19-пунктундагы ", спирт, алкоголдук жана спирттүү продукцияларды өндүрүүчүлөрдүн, сатуучулардын жана керектөөчүлөрдүн" деген сөздөр алып салынсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башкаруу схемасы ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
7. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 516 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик алты айлык мөөнөттө:
- этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларга инвентаризация жүргүзсүн жана тиешелүү чечимдердин долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 222 "Этил спиртин өндүрүүгө, сактоого жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополияны киргизүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгынын 7-пунктунун үчүнчү абзацын ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн;
- бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
|
2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу СХЕМАСЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 157 токтомунун редакциясына ылайык)
|
|
3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башкаруу СХЕМАСЫ