Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 4-ноябры № 610
2022-жылдын 14-17-сентябрындагы Баткен жана Ош облустарында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогундагы окуялардын кесепетинен жабыр тарткан салык төлөөчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу, 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен жана Ош облустарында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогундагы окуялардын кесепетинен жабыр тарткан салык төлөөчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 34-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы Баткен жана Ош облустарында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогунда болгон окуялар "ал жеткис күчтүн жагдайлары" аныктамасына туура келген өзгөчө жагдайлар деп таанылсын.
2. 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып 2024-жылдын 1-январына чейинки мезгилде 2022-жылдын 14-17-сентябрында жабыр тарткан, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан түзүлгөн ведомстволор аралык топтор тарабынан аныкталган жана ырасталган, өз ишин Баткен жана Ош облустарында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогунда жайгашкан чек арага жакын калктуу конуштарда жүзөгө ашырган Ишкерлердин тизмесине киргизилген (күйүүчү-майлоочу материалдарды сатууну, тоо-кен ишин жана резидент эместерди кошпогондо) ишкердик субъекттери үчүн салыктардын ставкалары (КНСти кошпогондо) төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленсин:
- киреше салыгы - 0%;
- пайдага салык - 0%;
- сатуудан салык - 0%;
- патенттин негизинде салык - 0 сом;
- бирдиктүү салык - 0%.
3. 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып 2024-жылдын 1-январына чейинки мөөнөткө жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан түзүлгөн ведомстволор аралык топтор тарабынан аныкталган жана ырасталган, өз ишин Баткен жана Ош облустарында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогунда жайгашкан чек арага жакын калктуу конуштарда жүзөгө ашырган Ишкерлердин тизмесине киргизилген (күйүүчү-майлоочу материалдарды сатууну, тоо-кен ишин жана резидент эместерди кошпогондо) жеке ишкерлер камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулсун.
4. Ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөр 2022-жылдын 1-октябрынан тартып 2023-жылдын 1-мартына чейинки мезгилде банктык кепилдикти көрсөтпөстөн салык карызынын суммасы боюнча жана камсыздандыруу төгүмдөрү, туумдар жана айыптар боюнча карыздарды кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө жөнүндө арызын бере алат деп белгиленсин.
5. Ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөр 2023-жылдын 1-мартына чейин жазуу жүзүндөгү арызсыз төмөнкүлөрдү берүүгө укуктуу деп белгиленсин:
1) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймактарынан товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо кыйыр салыктар боюнча салыктык отчёттуулукту кошпогондо, 2022-жылдын 1-сентябрынан 2023-жылдын 1-мартына чейинки мезгил үчүн түзүлүүчү салыктык отчёттуулукту;
2) 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып 2023-жылдын 1-мартына чейинки мезгил үчүн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчёттуулукту.
6. Ушул токтомдун 2-5-пункттарынын ченемдери ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн, 2022-жылдын 1-сентябрына чейин салык кызматы жана социалдык камсыздандыруу органдарында катталган субъекттерге жайылтылат жана 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы Баткен жана Ош облустарында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогундагы окуялардын кесепетинен жабыр тарткан калктуу конуштардын аймактарынан тышкары жайгашкан алардын филиалдарына жана башка түзүмдүк бөлүмдөрүнө жайылтылбайт деп белгиленсин.
7. Жергиликтүү кеңештерге жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан түзүлгөн ведомстволор аралык топтор тарабынан аныкталган жана ырасталган, 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы Баткен жана Ош облустарында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогундагы окуялардын кесепетинен жабыр тарткан Ишкерлердин тизмесине киргизилген салык төлөөчүлөрдү жер салыгын жана мүлк салыгын төлөөдөн бошотуу сунушталсын.
8. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кирешелеринин жоготууларынын ордун толтуруу үчүн зарыл болгон каражатты карасын.
9. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |