Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 17-сентябры УП № 313
Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө
(КР Президентинин 2024-жылдын 26-февралындагы ПЖ № 37 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү, ошондой эле Баткен жана Ош облустарында болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен жабыр тарткан жарандардын жашоо-турмушу жана уюмдар үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Баткен жана Ош облустарында болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен бузулган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия (мындан ары - Комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Комиссия:
1) Баткен жана Ош облустарында болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана юридикалык жактарынын, анын ичинде ишкердик субъекттердин менчигине келтирилген зыянды баалоо жана аларга компенсацияларды төлөп берүү боюнча тартиптин долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бекитүүсүнө киргизсин;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин катышуусу менен кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында болгон кагылышуу убагында жабыр тарткан жарандардын, курман болгондордун, дайынсыз жоголгондордун, дене-боюна жаракат алгандардын, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлкүнөн айрылгандардын, укукту күбөлөндүргөн жана укукту белгилеген документтерин жоготкондордун тизмесин түзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан жарандарга бир жолку материалдык жардам берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени карап чыксын;
2) жабыр тарткан жарандарга кийин жаңы турак үйлөрдү курууну камсыз кылуу менен убактылуу турак жай берсин, ошондой эле өзүнүн турак жайын калыбына келтирүүгө тартылган адамдарга аткарган иштерине акы төлөсүн;
3) биринчи зарылчылыктагы азык-түлүктөрдү, кийим-кечелерди, дары каражаттарын, мунай продуктуларын үзгүлтүксүз жеткирүүнү, суу жана энергия менен жабдууну камсыз кылсын;
4) талкаланган чек ара тозотторун жана пункттарын, күч түзүмдөрүнүн объекттерин жана социалдык объекттерди ыкчам калыбына келтирүү боюнча чараларды көрсүн;
5) Комиссиянын чечимине ылайык зыяндын ордун толтуруу жана жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн каражаттарды тапсын;
6) зарыл болгон каражаттарды ыкчам тартипте карасын жана зыяндын ордун толтуруу жана жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды каржыласын;
7) "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;
8) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Баткен жана Ош облустарындагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогунда жайгашкан чек арага жакын калктуу конуштарда өз ишин жүргүзгөн жабыр тарткан ишкердик субъекттер үчүн (күйүүчү-майлоочу материалдарды сатуучулардан, кен казуу ишинен жана резидент эместерден тышкары) 2024-жылдын 1-январына чейинки мөөнөткө салыктарды (КНСтен тышкары) төлөөнүн нөл (0) пайыз өлчөмүндөгү ставкасын белгилесин;
9) Баткен жана Ош облустарындагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогунда жайгашкан чек арага жакын калктуу конуштарда өз ишин жүргүзгөн жеке ишкерлерди 2024-жылдын 1-январына чейинки мөөнөткө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотсун;
10) Баткен жана Ош облустарындагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогунда жайгашкан чек арага жакын калктуу конуштарда өз ишин жүргүзгөн юридикалык жактарды 2024-жылдын 1-январына чейинки мөөнөткө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотуу жана экономикалык иштин субъекттеринин пайыздар, финансылык санкциялар боюнча салык карыздарын жоюу жөнүндө мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;
11) Баткен жана Ош облустарындагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогунда жайгашкан чек арага жакын калктуу конуштарда өз ишин жүргүзгөн экономикалык иштин субъекттерине төлөө боюнча милдеттерди аткарууну камсыз кылбастан (банктык кепилдикти, күрөөнү жана кепилдик берүүчүнү талап кылбастан) жана мөөнөтүн узарткандыгы жана/же мөөнөтүн жылдыргандыгы үчүн пайыздарды албастан салык карыздарынын жана бажы төлөмдөрүн, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча карыздардын суммаларына карата мөөнөтүн узартуу жана/же мөөнөтүн жылдыруу, ошондой эле салыктар жана социалдык төгүмдөр боюнча отчетторду берүүнү 6 айга чейинки мөөнөткө узартуу берүүнүн мүмкүндүгү жөнүндө маселени карап чыксын;
12) кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуунун кесепетинен жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана юридикалык жактарынын, анын ичинде ишкердик субъекттеринин менчигине келтирилген зыянды баалоо боюнча чараларды көрсүн;
13) кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуунун кесепетинен жабыр тарткан ишкердик субъекттерге зыяндын ордун толтуруу мүмкүндүгүн карап чыксын.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткан жарандарга жергиликтүү бюджеттин жана тартылган каражаттардын эсебинен кошумча материалдык жардам берүүнүн мүмкүндүгү жөнүндө маселени карап чыгуу сунушталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, "Айыл Банк" жана "РСК Банк" ачык акционердик коомдору (макулдашуу боюнча) менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 302-т тескемеси менен бекитилген "Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо" долбоору боюнча каржылоонун көлөмүн көбөйтүү мүмкүндүгүн карап чыксын.
6. Мамлекеттик органдар жабыр тарткан жарандарга төмөнкүлөрдү акысыз берсин:
1) социалдык төлөмдөрдү (пенсияларды, жөлөкпулдарды, акчалай компенсацияларды) дайындоо үчүн зарыл маалымкаттарды;
2) объекттерди долбоорлоо, калыбына келтирүү жана куруу маселелерин ыкчам чечүү үчүн маалыматтык материалдарды, схемаларды, карталарды, пландарды, инженердик-геологиялык маалыматтарды;
3) архитектуралык-пландаштыруу шарттары, техникалык көзөмөл, долбоордук-сметалык документтерди экспертизалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү.
7. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
1) жабыр тарткан жарандарды Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында медициналык жактан тейлесин жана жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздасын;
2) саламаттык сактоонун стационардык уюмдарында баштапкы жана кайталап дарыланууга жатканда жабыр тарткан жарандарды бир жылдын ичинде кошо төлөөдөн бошотсун;
3) жабыр тарткан аймактардагы саламаттык сактоо уюмдарын биринчи кезекте каржылоону камсыз кылсын;
4) жабыр тарткан жарандарга консультациялык-психологиялык жардам көрсөтсүн;
5) инфекциялардын чыгып кетүүсүн болтурбоо үчүн жабыр тарткан аймактарда жугуштуу ооруларга эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүү боюнча чараларды күчөтсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги:
1) жабыр тарткан жарандарга социалдык төлөмдөрдү (жөлөкпулдарды, пенсияларды, компенсацияларды) өз убагында төлөөнү камсыз кылсын;
2) жабыр тарткан жарандардын балдарын балдар лагерлерине жана пансионаттарга жиберүү жолу менен реабилитациялоону уюштурсун;
3) жабыр тарткан жарандардын ичинен улгайган жарандарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды, жетим балдарды жана турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарды зарылдыгына жараша балдар мекемелерине жана социалдык стационардык мекемелерге жолдосун;
4) жабыр тарткан жарандарды майыптуулукту аныктоо үчүн күбөлөндүрүүнү зарылдыгына жараша жүргүзсүн, ошондой эле жабыр тарткан жарандарды социалдык-медициналык реабилитациялоону уюштурсун;
5) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте объекттерди калыбына келтирүү жана куруу үчүн жумушсуз жарандарды ишке тартуу менен акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштурсун.
9. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
10. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Баткен жана Ош облустарында болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен бузулган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын КУРАМЫ
(КР Президентинин 2024-жылдын 26-февралындагы ПЖ № 37 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, Мамлекеттик комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги, Мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун директору;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын кырдаалдык борборунун директору;
(Абзац КР Президентинин 2024-жылдын 26-февралындагы ПЖ № 37 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Чек ара кызматынын директору;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы;
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы;
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы;
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чоң-Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы.