Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 603 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетин түзүү жана аткаруу жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө", "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана бюджеттик укуктук мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун (мындан ары - Социалдык фонд) бюджети - мамлекеттик социалдык жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө милдеттерди финансылык камсыз кылуу жана мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн арналган акча каражаттарын түзүү жана чыгымдоо формасы.
3. Социалдык фонддун бюджетинин каражаттарын бөлүштүрүүчү болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду саналат.
4. Социалдык фонддун бюджети жыл сайын Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен бекитилет.
5. Социалдык фонддун бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет жыл сайын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан каралат жана чечими менен кабыл алынат.
2. Бюджеттик процесстин негиздери
6. Социалдык фонддун кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге бюджетинин жана анын аткарылышынын жылдык отчетунун долбоорлору Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин талаптарына, бюджеттик укуктук мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга жана ушул Жобого ылайык түзүлөт.
7. Социалдык фонддун бюджетин түзүү жана аткаруу Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясына ылайык кирешелердин жана чыгашалардын экономикалык классификациясынын тиешелүү беренелери жана элементтери боюнча жүзөгө ашырылат.
8. Социалдык фонддун бюджетинин долбоорун түзүү төмөнкүлөрдүн негизинде жүзөгө ашырылат:
1) орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттары;
2) Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу;
3) мурунку мезгилдеги бюджеттердин аткарылышын талдоо;
4) статистикалык маалыматтар.
9. Социалдык фонддун бюджетин түзүү, бекитүү жана аткаруу теңдештүүлүк принцибинин негизинде жүзөгө ашырылат.
10. Социалдык фонддун бюджетинин аткарылышы тууралуу жылдык отчеттун долбоорун түзүү төмөнкүлөрдүн негизинде жүзөгө ашырылат:
1) экономикалык классификациянын кирешелер боюнча көрсөткүчтөрүн аткаруу;
2) экономикалык классификациянын чыгашалар боюнча бюджеттин көрсөткүчтөрүн аткаруу;
3) кирешелер жана чыгашалар боюнча Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун бюджетин аткаруу;
4) кассалык нак акчаны жүгүртүү боюнча көрсөткүчтөр.
11. Социалдык фонддун бюджети жөнүндө мыйзамдардын жана анын аткарылышы тууралуу отчеттордун долбоорлору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары жана Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш менен макулдашуу боюнча түзүлөт.
3. Бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоорунун мазмуну
12. Социалдык фонддун кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге бюджети жөнүндө мыйзамдын долбоорунда бюджеттин төмөнкүдөй негизги параметрлери камтылат:
1) республикалык бюджеттен алынган трансферттердин жалпы көлөмүн кошкондо, кирешелердин жалпы көлөмү;
2) чыгашалардын жалпы көлөмү;
3) кассалык нак акчаны жүгүртүүнүн өлчөмү.
13. Социалдык фонддун кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонгон мезгилге бюджети жөнүндө мыйзамдын долбоору төмөнкүдөй тиркемелерди камтыйт:
1) мыйзамдын долбооруна түшүндүрмө кат;
2) 1-тиркеме - "Социалдык фонддун кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге бюджети";
3) 2-тиркеме - "Социалдык фонддун кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге бюджетинин кирешелери";
4) 3-тиркеме - "Социалдык фонддун кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге бюджетинин чыгашалары";
5) 4-тиркеме - "Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге бюджети".
14. Социалдык фонддун бюджети жөнүндө мыйзамдын долбооруна түшүндүрмө катта бюджеттин бардык кирешелер жана чыгашалар беренелеринин экономикалык негиздемеси тууралуу маалымат камтылат.
4. Социалдык фонддун бюджетинин кирешелерин түзүү
15. Социалдык фонддун бюджетинин кирешелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) камсыздандырылуучулардын жана камсыздандырылган адамдардын милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүн;
2) юридикалык жана жеке жактардын (анын ичинде чет өлкөлүк) ыктыярдуу камсыздандыруу төгүмдөрүн;
3) топтомо пенсиялык фонддордон пенсиялык топтоо каражаттарын;
4) камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында эмес жана толук эмес которгондугу үчүн туумдарды жана айыптарды;
5) регресстик талаптарды коюунун натыйжасында иш берүүчүлөрдөн жана жарандардан өндүрүлгөн каражаттарды;
6) эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсия төлөөгө иш берүүчүлөр тарабынан которулуучу каражаттарды;
7) жоюлган ишканалардын кызматкерлерине пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөө үчүн капиталдаштырылган суммаларды;
8) Социалдык фондго таандык ишканалардын акцияларынан дивиденддерди;
9) Социалдык фонддун бош каражаттарын коммерциялык банктарга депозит түрүндө жана мамлекеттик баалуу кагаздарга жайгаштыруудан алынган кирешелерди;
10) республикалык бюджеттен ассигнованиелерди;
11) пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоодон түшкөн кирешелерди;
12) эл аралык уюмдардан алынган гранттарды;
13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка кирешелерди.
16. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн келип түшүүлөрүнүн көлөмү "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн белгиленген тарифтеринин негизинде аныкталат.
17. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмүн эсептөө үчүн баштапкы маалыматтар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) камсыздандыруу төгүмдөрүнүн келип түшүүлөрүнүн отчеттук маалыматтары;
2) өткөн жыл үчүн иш жүзүндө түзүлгөн эмгек акы төлөө фонду;
3) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети тарабынан болжолдонгон орточо бир айлык эмгек акы;
4) орточо бир айлык эмгек акынын болжолдуу өсүшү;
5) фермердик, дыйкан чарбалардын карамагындагы жерлердин саны.
18. Республикалык бюджеттен ассигнованиелер максаттуу багыты боюнча пайдаланылат, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде каралган учурларда берилет;
19. Республикалык бюджеттен ассигнованиелер төмөнкү учурларда берилет:
1) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын кабыл алуунун натыйжасында түзүлгөн Социалдык фонддун бюджетинин кошумча чыгашаларынын жана кирешелеринин жоготууларын компенсациялоо;
2) мыйзамдын же келишимдин негизинде мамлекеттик социалдык төлөмдөр боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укуктарды берүүдө чыгашаларды каржылоону камсыз кылуу.
20. Республикалык бюджеттен ассигнованиелер төмөнкүлөрдү каржылоо үчүн каралат:
1) пенсиянын базалык бөлүгүн;
2) пенсионерлерге электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөрдү;
3) "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча дайындалган пенсияларды;
4) аскер кызматчыларын камсыздандыруу учуру боюнча бир жолку жөлөкпулдарды;
5) көп балалуу энелердин жана бала кезинен майып болгондордун энелеринин, бийик тоолуу шарттарда, алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарда жашаган жана иштеген адамдардын пенсияларын;
6) "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген пенсияларга үстөктөрдү;
7) Чернобыль атомдук электр станциясындагы аварияда жана башка жарандык же аскердик багыттагы башка атомдук объекттердеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандарга компенсацияларды, эмгектик мертинүү же кесиптик оорулар боюнча "PESAC" программасына кирген ишканаларда иштеген багуучусунан ажыраган же иш берүүчүнүн кайра уюштуруусуна же жоюусуна байланыштуу зыяндын ордун толтуруу боюнча төлөмдөрдү;
8) "Кыргызстан аба жолдору" улуттук авиаташуучу" ачык акционердик коомунун учуучу жана учуу-сыноо курамынын кызматкерлерине пенсияларды;
9) № 2 тизмеси боюнча жана "PESAC" программасына кирген ишканалардын текстиль өндүрүшүндө иштеген адамдарга пенсияларды.
5. Бюджеттин чыгашаларын түзүү
21. Социалдык фонддун бюджетинин чыгашалары Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясына ылайык түзүлөт.
22. Социалдык фонддун бюджетинин чыгашаларын түзүү чыгашалардын төмөнкүдөй багыттары боюнча жүзөгө ашырылат:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсияларды жана пенсиялык топтоолорду төлөө;
2) каада-салттык жөлөкпулдарды төлөө (сөөк коюуга);
3) аскер кызматчыларына пенсияларды жана аскер кызматчыларын камсыздандыруу учуру боюнча бир жолку жөлөкпулдарды төлөө;
4) камсыздандырылган адамдардын пайдасына киреше алуу максатында инвестициялоо;
5) башкаруучу компаниянын кызматтарына жана депозитарийге төлөө;
6) пенсиялык топтоо каражаттарын топтомо пенсиялык фонддорго жана башкаруучу компанияларга өткөрүп берүү;
7) Социалдык фонддун эсептерин тейлөө үчүн коммерциялык банктардын кызматтарын төлөө;
8) почта кызматы уюмдары тарабынан пенсияларды жана жөлөкпулдарды жеткирүү жана төлөм боюнча кызматтарды төлөө;
9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун учурдагы ишин финансылык жана материалдык-техникалык камсыз кылуу;
10) резервдик фондду жана өнүктүрүү фондун каржылоо;
11) Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун жана Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондун каржылоо;
12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка чыгашалар.
23. Пенсияларды төлөөгө (компенсацияларды жана үстөктөрдү эске алганда) акча каражаттарын керектөө пенсия алуучулардын санынын динамикасынын, пенсионерлердин табигый көбөйүшүнүн жана азайышынын отчеттук маалыматтары боюнча пенсиялардын орточо өлчөмдөрүнүн (94-СОЦ формасы боюнча) негизинде эсептелет.
24. Сөөк коюуга пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөөнү каржылоо мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөөгө бюджетте каралган суммалардын чегинде каржыланат. Сөөк коюуга жөлөкпул төлөөгө каражаттардын көлөмү "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген жөлөкпулдардын өлчөмүнүн жана пенсия курагындагы адамдардын өлүмү жөнүндө болжолдуу статистикалык маалыматтардын негизинде белгиленет.
25. Аскер кызматчыларына пенсияларды жана аскер кызматчыларына камсыздандыруу учуру боюнча бир жолку жөлөкпулдарды төлөөгө каражаттардын көлөмү "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күч министрликтери жана ведомстволору тарабынан берилген керектөөлөргө ылайык белгиленет.
26. Коммерциялык банктардын Социалдык фонддун эсептерин тейлөө үчүн кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөө боюнча чыгашаларды каржылоо "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун коммерциялык банктар менен түзүлгөн келишимдерине ылайык белгиленет.
27. Почта байланыш уюмдары тарабынан пенсияларды жана жөлөкпулдарды жеткирүү жана төлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн чыгашаларды каржылоого каражаттардын көлөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун коммерциялык банктар менен түзгөн келишимдерине ылайык белгиленген чыгашаларынын ченемдерине ылайык аныкталат.
28. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун учурдагы ишинин чыгашаларын каржылоого каражаттардын көлөмү Социалдык фонддун бюджетинде камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы келип түшүүлөрүнүн 3 пайызынан ашпаган өлчөмдө белгиленет.
29. Резервдик фондду жана Өнүктүрүү фондун каржылоого каражаттардын көлөмү Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш тарабынан бекитилген жоболорго ылайык белгиленет.
30. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун жана Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондун каржылоого каражаттардын көлөмү ушул Жобонун 28-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун учурдагы ишин каржылоого каражаттарды алып салуу менен көрсөтүлгөн камсыздандыруу фонддоруна камсыздандыруу төгүмдөрүнүн келип түшүүлөрүнүн алкагында аныкталат.
31. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду бюджеттик каражаттардын максаттуу чыгымдалышын камсыз кылат, бюджеттин аткарылышын контролдойт жана талдайт.
32. Накталай кассалык жүгүртүүнүн параметрлери пенсияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөөгө бюджетте каралган бир айлык керектөөнүн 10 пайыздын чегинде белгиленет.
6. Бюджеттин долбоорун берүү, кароо жана бекитүү тартиби
33. Социалдык фонддун кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге бюджетинин долбоору Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин талаптарына ылайык түзүлөт жана кароо жана бекитүү үчүн берилет.
34. Социалдык фонддун кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге бюджетинин долбоору кезектеги бюджеттик жылдан мурунку жылдын 15-сентябрынан кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине берилет.
35. Социалдык фонддун кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге бюджетинин долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинде каралгандан кийин кезектеги бюджеттик жылдан мурунку жылдын 1-октябрынан кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берилет.
7. Бюджет жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү
36. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде белгиленген учурларда Социалдык фонддун бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жол-жобосун демилгелейт.
8. Бюджетти аткаруунун негиздери. Бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту түзүү
37. Социалдык фонддун бюджети бекитилген бюджеттин чегинде аткарылат.
38. Социалдык фонддун бюджетинин аткарылышы жөнүндө жылдык отчетто төмөнкүлөр камтылат:
1) бюджеттик көрсөткүчтөрдүн аткарылышы: кирешелер, чыгашалар, дефицит/профицит жана башкалар;
2) резервдик фондду пайдалануу;
3) өнүктүрүү фондун түзүү жана пайдалануу жөнүндө отчет;
4) кредитордук жана дебитордук карыздардын абалы жөнүндө отчет;
5) пландалган максаттар боюнча жыйынтыктоочу көрсөткүчтөргө жетишүү жөнүндө маалымат;
6) жылдык бюджеттин аткарылышы боюнча объективдүү жана субъективдүү четтөөлөр жөнүндө маалымат.
39. Отчеттук жыл үчүн Социалдык фонддун бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет коомдук талкуудан кийин отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-майынан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине берилет.
40. Отчеттук жыл үчүн Социалдык фонддун бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинде каралгандан кийин мыйзамдын долбоору отчеттук жылдан кийинки жылдын 15-майынан кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлөт.
41. Отчеттук жыл үчүн Социалдык фонддун бюджетинин аткарылышына Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан жыл сайын аудит өткөрүлүүгө тийиш, анын жыйынтыгы боюнча отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берилүүчү отчеттук жылга Социалдык фонддун бюджетинин аткарылышына аудитинин натыйжалары жөнүндө отчет түзүлөт.
9. Бюджеттин дефицити/профицити
42. Бюджеттин жыйынды кирешелеринин жыйынды чыгашаларынан ашуусу бюджеттин профицитин түзөт, ал эми бюджеттин жыйынды чыгашаларынын жыйынды кирешелеринен ашуусу бюджеттин дефицитин түзөт.
43. Социалдык фонддун бюджетинин профицити бош акча каражаттарынын калдыгы болуп эсептелет.
44. Бош акча каражаттары Социалдык фонддун финансылык туруктуулугун камсыз кылат жана чыгашаларды каржылоо булагы болуп саналат.
10. Бюджет жөнүндө маалыматка жетүүнү камсыз кылуу
45. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду расмий сайтына төмөнкү маалыматтарды жайгаштырат:
1) Социалдык фонддун бюджетинин долбоорун;
2) Социалдык фонддун бюджети жөнүндө мыйзамды;
3) отчеттук жыл үчүн Социалдык фонддун бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту;
4) пенсияларды жана жөлөкпулдарды каржылоо жөнүндө маалыматтарды.
11. Финансылык тартипти бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
46. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, анын аймактык башкармалыктарынын жетекчилери жана кызмат адамдары Социалдык фонддун бюджетин аткаруу процессинде бюджеттик мыйзамдардын, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө мыйзамдардын жана ушул Жобонун талаптарынын сакталышын камсыз кылат.
47. Бюджеттик мыйзамдардын жана ушул Жобонун бюджетти түзүү, кароо, түзөтүү жана аткаруу бөлүгүндөгү талаптарды аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы боюнча финансылык тартип бузуулар аныкталган учурда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана аймактык башкармалыктарынын жетекчилери жана кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.