Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 3-октябры № 543
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол жана Кызыл-Октябрь айыл аймактарында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Логистикалык борборду куруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 01-39/1325 корутундусун жана Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 22-сентябрындагы № 01-13/51 жана № 01-18/2040 токтомдорун эске алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кароол айыл аймагында № 430 (1,60 га) жана № 813 (1,0 га) контурларында жайгашкан 2,60 га сугат айдоо жерлери жана Кызыл-Октябрь айыл аймагында № 391 (3,7 га), № 392 (3,3 га) контурларында жайгашкан 7,0 га сугат айдоо жерлери логистикалык борбор куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген ченемдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу наркынын суммасын төлөөнү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |