Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 27-сентябры № 533
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 20 "Шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу формасында продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Улуттук мыйзамдарды Евразия экономикалык комиссиясынын ченемдик укуктук базасына шайкеш келтирүү боюнча мындан ары чараларды көрүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 20 "Шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу формасында продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктунун экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 639 "Продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө" токтому менен" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 267 "Шайкештикти баалоо чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтому менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген" деген сөздөр алып салынсын;
- 4-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген компетенциясынын чегинде" деген сөздөр "компетенциясынын чегинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) 1-тиркемеге ылайык;
- Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө бирдиктүү формадагы декларацияны кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) 2-тиркемеге ылайык.";
- 7-пунктунун 3-пунктчасы "Экономика" деген сөздөн кийин "жана коммерция" деген сөздөр менен толукталсын;
- 8-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө бирдиктүү формадагы декларацияларды каттоону ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырышсын;";
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуунун тартиби жөнүндө жободо:
- оң жагынын үстүңкү бурчундагы "Тиркеме" деген сөз "1-тиркеме" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборуна" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо боюнча кызматтар ыйгарым укуктуу орган тарабынан мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жаатындагы мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт.
Продукцияны сертификаттоо боюнча аккредиттелген органдарга акы төлөө жумуштарга жана шайкештикти тастыктоо боюнча кызматтарга баалардын прейскуранты боюнча жүргүзүлөт.";
- 12-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 20-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 21, 23-пункттарындагы "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 2-тиркеме менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
|
|
|
|
Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө бирдиктүү формадагы декларацияны кабыл алуунун тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Ушул Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө бирдиктүү формадагы декларацияны кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин (Бажы бирлигинин техникалык регламенттеринин) талаптарына продукциянын шайкештиги жөнүндө декларацияны (мындан ары - шайкештик жөнүндө декларация) каттоонун, колдонулушун токтото туруунун, кайра жандандыруунун жана токтотуунун эрежелерин аныктайт.
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2012-жылдын 25-декабрындагы № 293 "Бажы бирлигинин техникалык регламенттерине шайкештик жөнүндө декларациянын жана шайкештик сертификатынын бирдиктүү формалары жана аларды тариздөө эрежелери тууралуу" чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) (мындан ары - Бирлик) техникалык регламентинин талаптарына шайкештик жөнүндө декларациянын бирдиктүү формасына жана аны тариздөө эрежелерине ылайык таризделген шайкештик жөнүндө декларация Евразия экономикалык бирлигинин берилген шайкештик жөнүндө сертификаттардын жана катталган шайкештик жөнүндө декларациялардын бирдиктүү реестринде (мындан ары - Бирдиктүү реестр) катталууга тийиш.
Шайкештик жөнүндө декларация ага Бирдиктүү реестрде каттоо номери берилген учурдан тартып юридикалык күчкө ээ.
2. Шайкештик жөнүндө декларацияны каттоо үчүн арыз берүүчү ыйгарым укуктуу органга же сертификаттоо боюнча аккредиттелген органга шайкештик жөнүндө декларацияны жана ага кошо тиркелген, ушул Жобонун 3-пунктунда каралган документтерди жана маалыматтарды жеке өзү, салуу тизими жана тапшырылгандыгы жөнүндө кабарлоо менен заказдык почта аркылуу жөнөтүү менен кагаз жүзүндөгү документтер түрүндө же Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармагын пайдалануу менен электрондук документтер түрүндө берет.
3. Шайкештик жөнүндө декларацияга төмөнкүдөй документтер жана маалыматтар тиркелет:
а) арыз берүүчү кол койгон жана төмөнкү маалыматтарды камтыган, ушул Жобонун тиркемесинде белгиленген форма боюнча шайкештик жөнүндө декларацияны каттоо тууралуу арыз:
- арыз берүүчүнүн толук аталышы, анын турган жери (юридикалык жактын дареги) жана ишин жүргүзгөн жердин дареги (даректери) (эгерде даректери айырмаланып турса) - юридикалык жактар үчүн же фамилиясы, аты жана атасынын аты (бар болсо), жашаган жери жана ишин жүргүзгөн жердин дареги (даректери) (эгерде даректери айырмаланып турса) - жеке ишкер катары катталган жеке жактар үчүн, ошондой эле юридикалык жакты же жеке ишкер катары жеке жакты мамлекеттик каттоодо берилген арыз берүүчүнүн катталган же эсептик (жеке, идентификациялык) номери, телефон номери жана электрондук почтасынын дареги;
- продукцияны даярдоочунун толук аталышы, анын турган жери (юридикалык жактын дареги) жана продукцияны даярдоо боюнча ишти жүргүзгөн жердин дареги (даректери) (эгерде даректери айырмаланып турса) - юридикалык жактар жана продукцияны даярдап жаткан анын филиалдары үчүн же фамилиясы, аты жана атасынын аты (бар болсо), жашаган жери жана продукцияны даярдоо боюнча ишти жүргүзгөн жердин дареги (даректери) (эгерде даректери айырмаланып турса) - жеке ишкер катары катталган жеке жактар үчүн;
- продукциянын аталышы жана белгилениши (техникалык регламентте каралган учурларда) жана (же) продукциянын даярдоочусу тарабынан берилген башка шарттуу белгилениши;
- продукциянын аталышы (техникалык регламентте каралган учурларда) (бар болсо);
- аны идентификациялоону камсыз кылган продукция жөнүндө башка маалыматтар (бар болсо);
- ага ылайык продукция даярдалган документтин (документтердин) белгилениши жана аталышы (стандарт, уюмдун стандарты, техникалык шарттар же башка документ) (бар болсо);
- Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасына (мындан ары - ЕАЭБ ТЭИ ТН) ылайык продукциянын коду (коддору);
- декларациялоо объектинин аталышы (сериялык чыгарылышы, партия же жалгыз буюм). Сериялык чыгарылыштагы продукция үчүн "сериялык чыгарылыш" деген жазуу түшүрүлөт. Продукциянын партиясы үчүн партиянын өлчөмү, жалгыз буюм үчүн буюмдун заводдук номери көрсөтүлөт. Продукциянын партиясы жана жалгыз буюм үчүн продукциянын партиясын (анын ичинде анын өлчөмүн) же жалгыз буюмду идентификациялаган товарды коштоочу документтердин реквизиттери көрсөтүлөт;
- продукция талаптарына жооп берген техникалык регламенттин (техникалык регламенттердин) аталышы;
б) мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык юридикалык жакты же жеке ишкер катары жеке жакты мамлекеттик каттоону тастыктаган маалыматтар;
в) Бирликтин бажы аймагына алып келинүүчү продукциянын техникалык регламенттин (техникалык регламенттердин) талаптарына шайкештигин камсыз кылууну караган даярдоочу (анын ичинде чет элдик даярдоочу) менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн (эгерде мүчө мамлекеттин мыйзамдарында башкача белгиленбесе) жана арыз берүүчүнүн колу коюлган, көрсөтүлгөн талаптарга мындай продукциянын шайкеш келбегендиги үчүн (даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген адам үчүн) жоопкерчилик;
г) мөөр менен күбөлөндүрүлгөн жана арыз берүүчүнүн колу коюлган, шайкештик жөнүндө декларацияны каттоо үчүн аларды берүү техникалык регламентте (техникалык регламенттерде) каралган далилдөөчү материалдардын көчүрмөлөрү, анын ичинде анын колдонулушу ага жайылтылган (эгерде техникалык регламент менен декларациялануучу продукцияга изилдөөлөрдү (сыноолорду) жана өлчөөлөрдү жүргүзүү каралса) техникалык регламенттин (техникалык регламенттердин) талаптары сакталгандыгы тастыкталган продукцияны изилдөөлөрдүн (сыноолордун) жана өлчөөлөрдүн натыйжалары.
4. Ыйгарым укуктуу орган же сертификаттоо боюнча аккредиттелген орган арыз берүүчү тарабынан берилген документтерди жана маалыматтарды төмөнкүлөр боюнча карайт:
а) Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2012-жылдын 25-декабрындагы № 293 "Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө декларациянын жана шайкештик сертификатынын бирдиктүү формалары жана аларды тариздөө эрежелери тууралуу" чечими менен белгиленген шайкештик жөнүндө декларацияны тариздөөгө коюлган талаптардын сакталышы;
б) ушул Жобонун 3-пунктунда каралган бардык документтердин жана маалыматтардын берилиши;
в) продукциянын белгилүү бир түрүнүн техникалык регламенттин талаптарына шайкештиги шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу формасында тастыкталарын белгилеген техникалык регламентте талаптардын болушу;
г) шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алган арыз берүүчүнүн шайкештикти декларациялоонун белгилүү бир объекти үчүн арыз берүүчүлөрдүн чөйрөсүн белгилеген техникалык регламенттин талаптарына шайкештиги (сериялык чыгаруу, партия же жалгыз буюм).
5. Ушул Жобонун 4-пунктуна ылайык арыз берүүчү тарабынан берилген документтерди жана маалыматтарды кароонун жыйынтыктары боюнча ыйгарым укуктуу орган же сертификаттоо боюнча аккредиттелген орган ага каттоо номерин берүү аркылуу шайкештик жөнүндө декларацияны каттайт же шайкештик жөнүндө декларацияны алган күндөн тартып 5 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө аны каттоодон баш тартуу тууралуу (баш тартуунун себебин көрсөтүү менен) арыз берүүчүгө кабарлайт.
6. Бирдиктүү реестрдин улуттук бөлүгүнө белгиленген талаптарга ылайык шайкештик жөнүндө декларация тууралуу маалыматтар, ошондой эле ушул Жобонун 3-пунктунун "в" жана "г" пунктчаларында көрсөтүлгөн документтер жөнүндө маалыматтар киргизилет.
7. Шайкештик жөнүндө декларацияны каттоодон баш тартуу тууралуу кабарлама арыз берүүчүгө тапшыруу жөнүндө кабарлоо менен заказдык почта аркылуу кагаз жүзүндөгү документ түрүндө жиберилет же арыз берүүчүгө тапшырылат.
8. Шайкештик жөнүндө декларацияны каттоодон баш тартуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
а) арыз берүүчү тарабынан Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2012-жылдын 25-декабрындагы № 293 "Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө декларациянын жана шайкештик сертификатынын бирдиктүү формалары жана аларды тариздөө эрежелери тууралуу" чечими менен белгиленген шайкештик жөнүндө декларацияны тариздөөгө коюлган талаптардын сакталбагандыгы;
б) ушул Жобонун 3-пунктунда каралган документтердин жана маалыматтардын толук эмес көлөмдө берилиши;
в) продукциянын белгилүү бир түрүнүн техникалык регламенттин талаптарына шайкештиги шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу формасында ырастала тургандыгын белгилеген талаптын техникалык регламентте жоктугу;
г) шайкештикти декларациялоонун белгилүү бир объекти (сериялык чыгаруу, партия же жалгыз буюм) үчүн арыз берүүчүлөрдүн чөйрөсүн белгилеген техникалык регламенттин талаптарына шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алган арыз берүүчүнүн шайкеш эместиги.
9. Шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо боюнча кызматтар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жаатындагы мыйзамдарга ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.
Продукцияны сертификаттоо боюнча аккредиттелген органдарга акы төлөө жумуштарга жана шайкештикти ырастоо боюнча кызматтарга бааларынын прейскуранты боюнча жүргүзүлөт.
10. Шайкештик жөнүндө катталган декларацияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт. Өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы болгон учурда, арыз берүүчү шайкештик жөнүндө жаңы декларацияны кабыл алат жана ушул Жобого ылайык аны каттоону жүзөгө ашырат.
11. Арыз берүүчү төмөнкүдөй учурларда шайкештик жөнүндө жаңы декларацияны кабыл алат жана ушул Жобонун 3-пунктунун "б"-"г" пунктчаларында каралган документтерди жана маалыматтарды бербестен аны каттоодон өткөрөт:
- шайкештик жөнүндө декларацияда жана анын тиркемелеринде каталар (мүчүлүштүктөр) аныкталса;
- уюштуруу-укуктук формасы, жайгашкан жери (юридикалык жактын дареги), ишин жүзөгө ашырган жердин дареги (эгерде дареги айырмаланып турса), арыз берүүчүнүн телефон номери жана (же) электрондук почтасы өзгөрүлсө;
- продукцияны даярдоочунун уюштуруу-укуктук формасы, жайгашкан жери (юридикалык жактын дареги) өзгөрүлсө;
- ЕАЭБ ТЭИ ТН коду (коддору) өзгөрүлсө;
- продукцияны даярдоо боюнча иш жүзөгө ашырылган жерлердин даректеринин саны кыскарса.
Арыз берүүчүнүн телефон номери жана (же) электрондук почтасынын дареги, ошондой эле ЕАЭБ ТЭИ ТН коду (коддору) өзгөрүлгөн учурда шайкештик жөнүндө декларацияны жана (же) анын тиркемелерин алмаштыруу талап кылынбайт жана арыз берүүчүнүн ыктыяры боюнча жүзөгө ашырылат.
12. Ушул Жобонун 3-пунктунун "а" пунктчасында көрсөтүлгөн арыз жана ушул Жобонун 3-пунктунун "б"-"г" пунктчаларында көрсөтүлгөн документтери жана маалыматтары кошо тиркелген шайкештик жөнүндө катталган декларациянын көчүрмөсү кагаз жана (же) электрондук алып жүрүүчүлөрдө ыйгарым укуктуу органда же сертификаттоо боюнча аккредиттелген органда шайкештик жөнүндө декларацияны колдонуу мөөнөтү бүткөндөн кийин 5 жылдан кем эмес мезгилге, ал эми шайкештик жөнүндө декларацияны колдонуу мөөнөтү чектелбесе - ал катталган датадан тартып 10 жылдан кем эмес мезгилге сакталат.
Техникалык регламентте (техникалык регламенттерде) каралган тиркелген документтери бар кагаз жана (же) электрондук алып жүрүүчүлөрдө шайкештик жөнүндө декларациянын арыз берүүчүдө сакталышына карата талаптар техникалык регламент (техникалык регламенттер) менен белгиленет.
Эгерде тиркелген документтери бар шайкештик жөнүндө декларациянын арыз берүүчүдө сакталуу мөөнөтү техникалык регламент (техникалык регламенттер) менен белгиленбесе, сактоо мөөнөтү ал катталган датадан тартып 10 жылды түзөт.
Эгерде продукцияга тиркелген документтери бар шайкештик жөнүндө декларацияны арыз берүүчүдө сактоонун ар түрдүү мөөнөттөрүн белгилеген бир нече техникалык регламенттердин колдонулушу жайылтылса, белгиленген сактоо мөөнөттөрүнүн ичинен эң узагы колдонулат.
13. Шайкештик жөнүндө катталган декларациянын көчүрмөсү, ушул Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн документтер жана маалыматтар техникалык регламенттин талаптарынын сакталышына мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдарга алардын талабы боюнча берилет.
14. Продукциянын техникалык регламенттердин милдеттүү талаптарына шайкеш эместиги аныкталган учурда, техникалык регламенттин талаптарынын сакталышына мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз берүүчүгө шайкештик жөнүндө декларациянын колдонулушун токтотуу жөнүндө жазма буйрук берет.
15. Арыз берүүчү бир күндүк мөөнөттө декларацияны каттаган ыйгарым укуктуу органга же сертификаттоо боюнча аккредиттелген органга аны колдонуу токтотулгандыгы (убактылуу токтотулгандыгы) жөнүндө расмий түрдө билдирүүгө милдеттүү.
16. Декларацияны каттаган ыйгарым укуктуу орган же сертификаттоо боюнча аккредиттелген орган алынган расмий билдирүүнүн негизинде бир күндүк мөөнөттө Бирдиктүү реестрге шайкештик жөнүндө декларацияны колдонуу убактылуу токтотулгандыгы жөнүндө жазууну киргизет.
17. Шайкештик жөнүндө декларацияны колдонууну кайра жандандыруу аныкталган шайкеш эместиктер жоюлгандан кийин жана декларацияны каттаган ыйгарым укуктуу органга же сертификаттоо боюнча аккредиттелген органга далилдөөчү материалдар берилгенден кийин мүмкүн.
18. Шайкештик жөнүндө декларацияны колдонууну токтотуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
- арыз берүүчү тарабынан шайкештик жөнүндө декларацияны колдонууну токтотуу тууралуу чечим кабыл алынса;
- тиешелүү мүчө мамлекеттин Бирдиктүү реестринин улуттук бөлүгүндө катталган шайкештик жөнүндө декларацияны колдонуу токтотулгандыгы тууралуу жазма буйрук (аталган органдын чечим кабыл алуусу) мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) органы тарабынан арыз берүүчүгө берилсе;
- тиешелүү мүчө мамлекеттин улуттук бөлүгүндө катталган шайкештик жөнүндө декларацияны жараксыз деп таануу тууралуу мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) органы тарабынан чечим кабыл алынса.
Аталган чечимдерди кабыл алуу (аталган жазма буйрукту берүү), ошондой эле шайкештик жөнүндө декларациянын колдонулушун токтотуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
19. Арыз берүүчү тарабынан шайкештик жөнүндө декларацияны колдонууну токтотуу тууралуу чечим кабыл алынган учурда, арыз берүүчү ыйгарым укуктуу органга же сертификаттоо боюнча аккредиттелген органга арыз берүүчүнүн чечими боюнча шайкештик жөнүндө декларациянын колдонулушу токтотулгандыгы тууралуу кабарламаны берет.
Аталган кабарлама мөөр жана арыз берүүчүнүн колу менен күбөлөндүрүлүүгө жана каттоо номери, шайкештик жөнүндө декларациянын катталган датасы жана шайкештик жөнүндө декларацияны колдонууну токтотуунун себеби жөнүндө маалыматтарды камтууга тийиш.
20. Мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) органы тарабынан шайкештик жөнүндө декларациянын колдонулушун токтото туруу, токтотуу тууралуу, ошол органдын жазма буйругу боюнча колдонулушу токтотулган шайкештик жөнүндө декларацияны колдонууну токтотуу (кайра жандандыруу) тууралуу чечимди же болбосо шайкештик жөнүндө декларацияны жараксыз деп таануу тууралуу чечимди кабыл алуу жөнүндө жазма буйруктун арыз берүүчүгө берилгендиги тууралуу маалымат Бирдиктүү реестрдин улуттук бөлүгүн түзүүгө жана жүргүзүүгө жооптуу болгон техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга жиберилет.
21. Бирдиктүү реестрдин улуттук бөлүгүн түзүүгө жана жүргүзүүгө жооптуу болгон техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган ушул Жобонун 20-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматты алган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде жазма буйруктун (чечимдин) датасы жана каттоо номери жөнүндө маалыматтарды Бирдиктүү реестрге киргизүүнү жүзөгө ашырат.
22. Шайкештик жөнүндө декларациянын колдонулушу тийиштүү маалыматтар Бирдиктүү реестрге киргизилген датадан тартып убактылуу токтотулган, кайра жандандырылган же токтотулган деп эсептелинет.
|
|
Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө бирдиктүү формадагы декларацияны кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобого тиркеме |
Форма
_____________________________________________________________________ (шайкештик жөнүндө декларацияны каттаган органдын аталышы жана _____________________________________________________________________ анын дареги)
Продукциянын шайкештиги жөнүндө декларацияны кабыл алуу тууралуу БИЛДИРҮҮ
1. ____________________________________________________________________________
(даярдоочу уюмдун/дилердин, импорттоочунун аталышы)
______________________________________________________________________________
(ОКПО коду жана (же) жеке ишкердин СИНи же каттоо документинин
______________________________________________________________________________
(патенттин) номери, анын инициалдары, фамилиясы, юридикалык же
______________________________________________________________________________
үй дареги)
Телефон______________________________________ Факс ___________________________
________________________________________________________________________ атынан
(жетекчинин, жеке ишкердин аты-жөнү)
2. Төмөнкүлөр тууралуу билдирет: _______________________________________________
__________________________________________________________________ чыгарылуучу,
(даярдоочунун, чыгарылган өлкөнүн аталышы)
______________________________________________________________________________
(продукциянын аталышы, тиби, түрү, маркасы)
______________________________________________________________________________
(сериялуу же партия менен чыгарылуучу ЕАЭБ ТЭИ ТН коду (номерин көрсөтүү)
декларациялоо схемасы боюнча _________________________________________________
(декларациялоо схемасынын номери)
______________________________________________________________________________
(ББ/ЕАЭБ ТР, ченемдик укуктук актыларды же стандарттарды белгилөө)
____________________________________________ талаптарга жооп берет жана шайкештик
жөнүндө тиркелген декларацияны каттоону өтүнөт.
3. Декларациялануучу продукциянын коопсуздук талаптарына шайкеш келишине
жоопкерчилик тартат.
М.О. Декларант ________________________________________________________________
(колу, инициалдары, фамилиясы, кызмат орду)
20___-жылдын "_____" ____________________________.".