Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-сентябры № 541
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 120 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Электрондук документ жүгүртүү процессинде мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын ортосунда ыкчам санариптик өз ара аракеттенүүнү камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 120 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жободо:
- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"e-Kyzmat" АМСте башка юридикалык жактардын кызматчылары (мындан ары - кызматчылар) жөнүндө маалыматтарды чогултуу, сактоо, жаңыртуу жана талдоо жүргүзүлүшү мүмкүн.";
- 3-пункттун экинчи абзацы "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөрдөн кийин "жана башка юридикалык жактардын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 4, 5-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. "e-Kyzmat" АМСтин оператору - бул "e-Kyzmat" АМС серверлерин башкаруучу жана техникалык тейлөөчү, ошондой эле ушул Жобонун тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасынын катышуучуларынын өз ара аракеттенүү регламентинде каралган башка функцияларды жүзөгө ашыруучу электрондук башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасы.
5. Белгилүү мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же башка юридикалык жактын кызматчыларынын жеке маалыматтар массивдерин кармоочусу болуп тийиштүү мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же башка юридикалык жак саналат. Жеке маалыматтар массивиндеги маалыматтын актуалдуулугун, аныктыгын жана толуктугун сактоо, ошондой эле алардын жеке маалыматтарын иштеп чыгууга кызматчылардын макулдугун алуу тийиштүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана башка юридикалык жактарга жүктөлөт";
- 7-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"e-Kyzmat" АМСти техникалык коштоо тиешелүү мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же башка юридикалык жактын бюджетинин каражаттарынан өзүнчө мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же юридикалык жактын бөлүгүндө каржыланат.";
- 9-пункттун сегизинчи абзацында жана 11-пунктта "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөр ", жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка юридикалык жактардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 14-пунктта "же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын" деген сөздөр ", жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же башка юридикалык жактын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 15-пункттун экинчи абзацында "же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында" деген сөздөр ", жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында же башка юридикалык жакта" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 18-пунктта:
биринчи сүйлөмү "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөрдөн кийин ", башка юридикалык жактардын" деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи сүйлөмү "бөлүм" деген сөздөн кийин "/башка юридикалык жак" деген сөздөр менен толукталсын;
- 19-пункт "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөрдөн кийин "жана башка юридикалык жактардын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 23-пункттун үчүнчү абзацы "e-Kyzmat" АМСти пайдалануучулар үчүн" деген сөздөрдөн кийин "(башка юридикалык жактарды кошпогондо)" деген сөздөр менен толукталсын;
- 25-пункт төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу-он биринчи абзацтар менен толукталсын:
"- юридикалык жактарда "e-Kyzmat" АМСти киргизүү процессин координациялоону жана мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу;
- "e-Kyzmat" АМСтин маалыматтарына юридикалык жактар үчүн ролдорду жана жетүү укуктарын ыйгаруу менен эсепке алуу жазууларын түзүүнү камсыз кылуу;
- "e-Kyzmat" АМСте маалыматтарды иштетүү жана топтоо үчүн жооптуу юридикалык жактардын кадрлар бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин окутууну уюштуруу;";
- 26-пункттун үчүнчү абзацы "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөрдөн кийин "башка юридикалык жактардын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 27-пунктта "орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы" деген сөздөр "орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жана башка юридикалык жак" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- аталган Жобонун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасынын катышуучуларынын өз ара аракеттенүү регламентинде:
1-пункттун экинчи абзацы "ошондой эле мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинен аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде" деген сөздөрдөн кийин "жана башка юридикалык жактарда" деген сөздөр менен толукталсын;
2-пунктта:
2-пунктчасы "мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу уюмдар" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле башка юридикалык жактар" деген сөздөр менен толукталсын;
5-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) жооптуу кызматкер - мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана башка юридикалык жактын жетекчиси тарабынан маалыматтарды "e-Kyzmat" АМСке киргизүү, актуалдуулугун жана аныктыгын колдоо үчүн жооптуу адамдын функциялары жүктөлгөн мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана башка юридикалык жактын кызматчысы.";
10-пункттун экинчи абзацы "же республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу уюмдун" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле башка юридикалык жактын" деген сөздөр менен толукталсын;
19-пункт "мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу уюмдун" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле башка юридикалык жактын" деген сөздөр менен толукталсын;
жогоруда аталган Регламенттин тиркемесинде:
4-главанын аталышы "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын" деген сөздөрдөн кийин "жана башка юридикалык жактын" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |