Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 120 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында
жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында
адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган
маалыматтык системасы жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 541 , 2023-жылдын 3-ноябрындагы № 588, 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181, 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 600 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасынын максаттарын, милдеттерин, жүргүзүү тартибин, ошондой эле пайдалануучуларынын, операторунун жана ээсинин укуктарын жана милдеттерин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары - "е-Kyzmat" АМС) мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлеген адамдар, мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеген кызматкерлер, жумуш ордунда убактылуу жок болгон аталган адамдардын милдеттерин аткарган кызматкерлер, мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлер (мындан ары - кызматчылар) жөнүндө маалыматтарды чогултуунун, сактоонун, жаңыртуунун жана талдоонун, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызмат өтөөнүн бардык этаптарында адам ресурстарын натыйжалуу башкарууну камсыз кылууга багытталган конкреттүү органдын штаттык түзүмү тууралуу маалымат берүүнүн маалыматтык системасын билдирет.
"e-Kyzmat" АМСте башка юридикалык жактардын кызматчылары (мындан ары - кызматчылар) жөнүндө маалыматтарды чогултуу, сактоо, жаңыртуу жана талдоо жүргүзүлүшү мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 541 токтомунун редакциясына ылайык)
3. "е-Kyzmat" АМСти киргизүү жана эксплуатациялоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо, ошондой эле "е-Kyzmat" АМСтин саясатын жүргүзүү, иштеп чыгуу жана модернизациялоо "е-Kyzmat" АМСке мүлктүк укуктары бар мамлекеттик орган (мындан ары - "е-Kyzmat" АМСтин ээси) жүргүзөт.
(Экинчи абзацы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 600 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 541, 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 600 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. "e-Kyzmat" АМСтин оператору - бул "e-Kyzmat" АМС серверлерин башкаруучу жана техникалык тейлөөчү, ошондой эле ушул Жобонун тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасынын катышуучуларынын өз ара аракеттенүү регламентинде каралган башка функцияларды жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 541, 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча мамлекеттик орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн:
– кадрдык башкаруу маселелери боюнча “e-Kyzmat” АМСти пайдаланган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялайт;
– мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу максатында ээсиздендирилген маалыматтарды жалпылайт жана талдайт;
– “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-статьясына ылайык жеке маалыматтардын субъектинин аны иштетүүгө макулдугун алууну камсыз кылат;
– “e-Kyzmat” АМСте иштелип чыгуучу жеке маалыматтар массивдерин кармоочу болуп саналат.
“e-Kyzmat” АМСти пайдалануучу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка юридикалык жактар:
– жеке маалыматтар массивдеринде камтылган маалыматтардын актуалдуулугун кармоону, аныктыгын жана толуктугун камсыз кылат;
– киргизилген маалыматтардын укук ченемдүүлүгү, тууралыгы жана өз убагында киргизилиши үчүн жоопкерчилик тартат.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынан, сот системасынын органдарынан, ички иштер, улуттук коопсуздук, коргоо органдарынан, аскер кызматчылары бөлүгүндө – жарандык коргонуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан тышкары, Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларынын жеке маалыматтарына жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Системада иштелип чыгууга тийиш болгон жеке маалыматтардын ичине мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине киргизилген талапкерлер жана конкурстук жол-жоболордун катышуучулары жөнүндө маалыматтар да кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын адам ресурстарын башкаруу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмү ички иштер, улуттук коопсуздук, коргоо органдарынан тышкары, Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларынын жеке маалыматтарына жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 600 токтомунун редакциясына ылайык)
6. "е-Kyzmat" АМС кызматчылар жөнүндө маалыматтын расмий булактарынын бири болуп саналат.
7. "е-Kyzmat" АМСти толуктап иштеп чыгуу/модификациялоо республикалык бюджеттин каражаттарынан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардан каржыланат.
"e-Kyzmat" АМСти техникалык коштоо тиешелүү мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же башка юридикалык жактын бюджетинин каражаттарынан өзүнчө мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же юридикалык жактын бөлүгүндө каржыланат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 541 токтомунун редакциясына ылайык)
2. "е-Kyzmat" АМСтин максаты жана милдеттери
8. "е-Kyzmat" АМСтин иштешинин максаты адам ресурстарын башкаруу процесстерин автоматташтыруу болуп саналат.
9. "е-Kyzmat" АМСтин иштешинин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- кызматчылар жөнүндө бирдиктүү маалыматтык база түзүү;
- мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызмат өтөөнүн бардык этаптарында кадрдык персоналды башкаруу боюнча бирдиктүү механизмди түзүү жана автоматташтыруу;
- кызматчылар жөнүндө ведомстволор аралык маалымат алмашууну ишке ашыруу;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрдык курамы боюнча отчеттук формаларды автоматташтыруу;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүү үчүн конкурска катышууга электрондук өтүнмөнү берүүнү автоматташтыруу;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өтөө процессин автоматташтыруу;
- "е-Kyzmat" АМСти башка мамлекеттик органдардын , жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка юридикалык жактардын кадрдык курамы жөнүндө локалдык маалыматтык системалары менен интеграциялоо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 541 токтомунун редакциясына ылайык)
3. "е-Kyzmat" АМСте иштелип чыгуучу жеке маалыматтар
10. "е-Kyzmat" АМСте кызматчылардын жеке маалыматтары камтылат, бул маалыматтар төмөнкү түзүмгө ээ:
1) жеке маалыматтар;
- идентификациялык жеке номери (ИЖН);
- аты-жөнү;
- жынысы;
- туулган датасы;
- туулган жери;
- санариптик фотосүрөтү;
- жарандыгы;
- улуту;
- үй-бүлөлүк абалы;
- жашаган жана/же турган жери;
2) паспорттук маалыматтар:
- паспорттун сериясы;
- паспорттун номери;
- паспорт берилген датасы;
- паспортту берген орган;
3) эмгек китепчесинин маалыматтары:
- эмгек китепчесинин номери;
- иш стажы боюнча маалыматтар, анын ичинде мыйзамдарга ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы;
- акыркы иштеген жери;
4) аскер билетинин (эгер бар болсо күбөлүгүнүн) маалыматтары:
- аскер билетинин номери;
- аскердик-эсепке алуу адистиги (АЭА);
- курамы;
- аскердик наамы;
- эсепте тургандыгы;
- аскер билетинин берилген датасы;
5) иши жөнүндө маалыматтар:
- дайындалган датасы;
- бошотулган датасы;
- уюмдун аталышы;
- бөлүмү (түзүмдүк, ведомстволук, аймактык);
- кызмат орду;
- кызматтын түрү;
- кызмат ордунун тобу/категориясы;
6) билими:
- билиминин деңгээли, окуу жайынын аталышы, адистиги, квалификациясы, окууга кирген жана аяктаган датасы;
- квалификацияны жогорулатуу: күбөлөндүргөн документтин номери, окуу мезгили, окуган жери;
- илимий эмгектери: тематикасы, даражасы, наамы жана наам ыйгарылган датасы;
- тилдерди билүү: тил, билүү деңгээли;
7) кошумча маалыматтар:
- сыйлыктары;
- класстык чендери (атайын, аскер наамы, дипломатиялык ранг);
- өргүү мезгилдери;
- убактылуу эмгекке жөндөмсүз мезгилдери;
- тартиптик жазалары;
- командировкалары (анын ичинде чет өлкөлүк);
- сыйлыктары.
4. "е-Kyzmat" АМСти жүргүзүү тартиби
11. "е-Kyzmat" АМС мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка юридикалык жактардынперсоналды башкаруу боюнча кызматтарынын кызматкерлери же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам (мындан ары - кадрдык бөлүмдөр) тарабынан электрондук түрдө жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 541 токтомунун редакциясына ылайык)
12. "е-Kyzmat" АМС жүргүзүүгө маалыматтарды баштапкы киргизүү, актуалдаштыруу, чыгарып салуу, маалыматтарды архивде сактоо кирет.
13. "е-Kyzmat" АМСке баштапкы маалыматтарды киргизүү төмөнкү документтердин негизинде жүзөгө ашырылат:
1) кызматчынын жеке баракчасы;
2) кызматчынын эмгек китепчеси;
3) паспорттун көчүрмөсү;
4) дипломдун көчүрмөсү;
5) резюме;
6) өмүр баяны;
7) аскер билетинин (эгер бар болсо) көчүрмөсү.
14. "е-Kyzmat" АМС маалыматтарын актуалдаштыруу кызматчы өзү берген жана мамлекеттик органдын , жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же башка юридикалык жактын кадрдык бөлүмдөрүнүн карамагындагы маалыматтардын негизинде кызматчынын маалыматтарына өз убагында өзгөртүүлөрдү (түзөтүүлөрдү, толуктоолорду) киргизүүнү билдирет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 541 токтомунун редакциясына ылайык)
15. "е-Kyzmat" АМСтен маалыматтарды чыгарып салуу жана аларды архивге которуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- мамлекеттик органда , жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында же башка юридикалык жакта кызматы токтогондо;
- кызматчы Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда же жарандыгын жоготкондо;
- кызматчы каза болгондо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 541 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Маалыматтарды архивде сактоо мөөнөтү Кыргыз Республикасынын архив иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык аныкталат.
5. "е-Kyzmat" АМСти пайдалануучулардын укуктары жана милдеттери
17. "е-Kyzmat" АМСти пайдалануучулар болуп кызматчылар эсептелет, аларга "е-Kyzmat" АМСте төмөнкү функциялык (пайдалануучулук) ролдор аныкталышы мүмкүн:
- жогорку деңгээлдеги пайдалануучулар;
- кадрдык бөлүмдүн кызматкерлери (персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам).
18. Жогорку деңгээлдеги пайдалануучу - бул мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка юридикалык жактардын жетекчилерин, алардын орун басарларын, аппарат жетекчилерин, жооптуу катчыларын камтыган "е-Kyzmat" АМСти пайдалануучулардын категориясы. Бул категорияга алар жетектеген мамлекеттик орган/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы/башкармалык/бөлүм/башка юридикалык жак тууралуу маалыматты кароо укугу берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 541 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Кадрдык бөлүмдүн кызматкерлери (персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам) - бул мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка юридикалык жактардын "е-Kyzmat" АМСти пайдалануучуларынын категориясы, аларга кызматчы жөнүндө тиешелүү маалыматты киргизүү, өзгөртүү, кароо, алуу жана күн сайын жаңыртып туруу укугу берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 541 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Жогорку деңгээлдеги пайдалануучулар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- "е-Kyzmat" АМСти туруктуу негизде эксплуатациялоону камсыз кылууга;
- "е-Kyzmat" АМСте камтылган маалыматты коопсуз ички пайдаланууну, "е-Kyzmat" АМСти эксплуатациялоонун коопсуз шарттарын жана эрежелерин сактоону камсыз кылууга;
- "е-Kyzmat" АМС маалыматтык базасынан алынган маалыматты кызматтык максаттарда гана пайдаланууга.
21. Кадрдык бөлүмдөрдүн кызматкерлери төмөнкүлөргө милдеттүү:
- "е-Kyzmat" АМС маалыматтык базасына тийиштүү маалыматтарды чогултууну, киргизүүнү жана иштеп чыгууну камсыз кылууга;
- чогултулган жана "е-Kyzmat" АМСке киргизилген маалыматтардын аныктыгын камсыз кылууга;
- "е-Kyzmat" АМСтеги маалыматтардын талаптагыдай актуалдуулугун камсыз кылууга;
- "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мыйзамсыз көчүрүүгө, таратууга же пайдаланууга жол бербөө үчүн "е-Kyzmat" АМС маалыматтык базасында камтылган маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга.
22. "е-Kyzmat" АМСти пайдалануучулар төмөнкүлөргө укуктуу:
- "е-Kyzmat" АМС менен иштөө үчүн колдонмо нускаманы алууга;
- "е-Kyzmat" АМСти пайдалануу боюнча өз убагында консультация алууга;
- системадагы программалык кемчиликтерди жоюу максатында "е-Kyzmat" АМСтин операторуна кайрылууга;
- эмгек өргүүдө же узак мөөнөттүү командировкалык сапарда болгон убакта системага кирүүнү токтотуу боюнча операторго кайрылууга.
221. “е-Kyzmat” АМСти пайдалануучулар санкцияланбаган жетүүнү, бөгөттөөнү, жайылтууну, берүүнү, ага тете аларды капысынан же санкцияланбаган жок кылууну, өзгөртүүнү же жоготууну болтурбоо үчүн жеке маалыматтарды коргоого жоопкерчилик тартат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 600 токтомунун редакциясына ылайык)
6. "е-Kyzmat" АМСтин ээсинин укуктары жана милдеттери
23. "е-Kyzmat" АМСтин ээсинин милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында "е-Kyzmat" АМСти киргизүү процессин координациялоону жана мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу;
- "е-Kyzmat" АМСти пайдалануучулар үчүн "(башка юридикалык жактарды кошпогондо) "е-Kyzmat" АМС маалыматтарын пайдалануу ролдорун жана укуктарын ыйгаруу менен эсепке алуу жазууларын түзүүнү камсыз кылуу;
- "е-Kyzmat" АМСтеги маалыматтарды кароого мониторинг жүргүзүү жана контролдоо, каралган маалыматтар жөнүндө бузууларды аныктоо жана отчетторду түзүү;
- маалыматтарды киргизүү, топтоо, сактоо, толуктоо, түзөтүү, системалаштыруу, пайдалануу жана чыгарып алуу, ошондой эле "е-Kyzmat" АМСти модернизациялоо жана анын иштеши боюнча методологиялык жана практикалык колдоо көрсөтүү;
- "е-Kyzmat" АМСтин иштешине жана ага маалыматтарды топтоого жооптуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрдык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин окутууну уюштуруу;
- "е-Kyzmat" АМСтин иштешинин техникалык шарттарынын өзгөрүшү жөнүндө "е-Kyzmat" АМСти пайдалануучуларын маалымдоо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 541 токтомунун редакциясына ылайык)
24. "е-Kyzmat" АМСтин ээси төмөнкүлөргө укуктуу:
- "е-Kyzmat" АМСтин жумуш абалы жөнүндө "е-Kyzmat" АМСтин операторунан маалымат суратууга;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрдык бөлүмдөрүнөн "е-Kyzmat" АМСти пайдалануучулар боюнча маалымат суратууга;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдарынын статистикалык маалыматтарын пайдаланууга;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, анын ичинде ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн түзүмүн жана башкаруу схемаларын пайдаланууга;
- "е-Kyzmat" АМС программалык функцияларына зарыл болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушу менен "е-Kyzmat" АМСтин операторуна кайрылууга.
7. "е-Kyzmat" АМСтин операторунун укуктары жана милдеттери
25. "е-Kyzmat" АМСтин операторунун милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- "е-Kyzmat" АМСти пайдалануучулар үчүн жумушчу орундарды жана "е-Kyzmat" АМСти пайдалануу үчүн зарыл болгон тиркемелерди кошууну камсыз кылуу;
- "е-Kyzmat" АМСте камтылган маалыматты коопсуз пайдаланууну, "е-Kyzmat" АМСти эксплуатациялоонун коопсуз шарттарын жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу;
- "е-Kyzmat" АМС серверлерин башкаруу жана техникалык тейлөө;
- "е-Kyzmat" АМСти пайдалануучулардын ишине колдонмо нускамаларды даярдоо;
- "е-Kyzmat" АМСтин программалык-техникалык каражаттарынын жана маалыматтык базанын резервдик көчүрмөсүнүн иштөө жөндөмүн камсыз кылуу;
- коопсуз маалыматтык мейкиндикте "е-Kyzmat" АМСтин үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу;
- "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалымат алмашууну камсыз кылуу;
- юридикалык жактарда "e-Kyzmat" АМСти киргизүү процессин координациялоону жана мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу;
- "e-Kyzmat" АМСтин маалыматтарына юридикалык жактар үчүн ролдорду жана жетүү укуктарын ыйгаруу менен эсепке алуу жазууларын түзүүнү камсыз кылуу;
- "e-Kyzmat" АМСте маалыматтарды иштетүү жана топтоо үчүн жооптуу юридикалык жактардын кадрлар бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин окутууну уюштуруу;
- маалыматтарды сактоо жана бүтүндүгүн камсыз кылуу максатында "е-Kyzmat" АМС маалыматтык базасына мыйзамсыз кирүүдөн жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн маалыматты коргоо талаптарын сактоо боюнча тийиштүү чараларды көрүү.
"е-Kyzmat" АМСте колдонулган маалыматты коргоонун методдору жана ыкмалары жеке мүнөздөгү маалымат жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "е-Kyzmat" АМСтин оператору тарабынан аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 541 токтомунун редакциясына ылайык)
26. "е-Kyzmat" АМСтин оператору төмөнкүлөргө укуктуу:
- зарыл болгон учурда жана "е-Kyzmat" АМСтин ээсинин кайрылуусунун негизинде "е-Kyzmat" АМСтин программалык функцияларына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка юридикалык жактардын кайрылууларынын негизинде алардын пайдалануучулары үчүн "е-Kyzmat" АМСти колдонууну токтотуп турууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 541 токтомунун редакциясына ылайык)
8. "е-Kyzmat" АМСте камтылган маалыматты пайдалануу, берүү жана коргоо
27. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же юридикалык жактын суроо-талабы боюнча "е-Kyzmat" АМСтин маалыматтары ушул суроо-талап менен кайрылган субъекттин компетенциясына ылайык берилиши керек жана бул маалыматтар мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жана башка юридикалык жак тарабынан жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын сактоо менен берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 541 токтомунун редакциясына ылайык)
28. "е-Kyzmat" АМСке маалыматтары киргизилген ар бир кызматчы өзүнүн катталган маалыматтары жөнүндө толук маалымат алууга жана аларга негиздүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
29. "е-Kyzmat" АМСте камтылган маалыматтар жеке мүнөздөгү маалымат жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголууга тийиш.
9. "е-Kyzmat" АМСтин иштеши үчүн жоопкерчилик
30. Жогорку деңгээлдеги пайдалануучулар жана кадрдык бөлүмдүн кызматкерлери "е-Kyzmat" АМС маалыматтык базасындагы маалыматты мыйзамсыз же уруксатсыз тараткандыгы, ачыкка чыгаргандыгы жана пайдалангандыгы үчүн жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартышат.
31. Жогорку деңгээлдеги пайдалануучулар "е-Kyzmat" АМСти түзүүгө, жүргүзүүгө, пайдаланууга, маалыматтарды коопсуз пайдалануу ченемдерин сактоого ички контролду жүргүзүшөт.
|
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жобого тиркеме |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасынын катышуучуларынын өз ара аракеттенүү РЕГЛАМЕНТИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 541 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Регламент Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасынын катышуучуларынын өз ара аракеттенүү тартибин аныктайт.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары - "е-Kyzmat" АМС) - мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өтөө, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүү үчүн конкурска катышууга өтүнмө берген адамдар, ошондой эле мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинен аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде жана башка юридикалык жактарда иштеген кызматкерлер жөнүндө маалыматты чогултуу, сактоо, иштеп чыгуу жана каттоо процесстерин автоматташтырууну камсыз кылуучу мамлекеттик маалыматтык система.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 541 токтомунун редакциясына ылайык)
2. "е-Kyzmat" АМСтин өз ара аракеттенүүсүнүн катышуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) "е-Kyzmat" АМСтин ээси - "е-Kyzmat" АМСти ишке киргизүү жана эксплуатациялоо, ошондой эле "е-Kyzmat" АМС саясатын жүргүзүү, иштеп чыгуу жана модернизациялоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоочу жана "е-Kyzmat" АМСга мүлктүк укуктары бар орган;
2) "е-Kyzmat" АМСти пайдалануучу - мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу уюмдар, ошондой эле башка юридикалык жактар;
3) "е-Kyzmat" АМС оператору - "е-Kyzmat" АМСтин серверлерин башкарууну жана техникалык тейлөөнү жүзөгө ашыруучу уюм.
"е-Kyzmat" АМСтин оператору төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
- АМСти пайдалануучулардын жумуш орундарын жана "е-Kyzmat" АМСти пайдалануу үчүн зарыл болгон тиркемелерди кошуу;
- "е-Kyzmat" АМСте камтылган маалыматты коопсуз пайдаланууну, "е-Kyzmat" АМСти эксплуатациялоонун коопсуз шарттарын жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу;
- "е-Kyzmat" АМСтин серверлерин башкаруу жана техникалык тейлөө;
- АМСти пайдалануучулардын иши үчүн колдонмо нускамаларды даярдоо;
- "е-Kyzmat" АМС каражаттарынын программалык-техникалык жабдууларынын иштөө жөндөмүн жана маалыматтар базасын резервдик көчүрүүнү камсыз кылуу;
- коопсуз маалыматтык мейкиндикте "е-Kyzmat" АМСтин үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу;
- маалыматтардын сакталышын жана бүтүндүгүн камсыз кылуу максатында маалыматтарды санкцияланбаган пайдалануудан жана "е-Kyzmat" АМС маалыматтар базасына өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн коргоо талаптарын сактоо боюнча тийиштүү чараларды белгилөө жана көрүү, "е-Kyzmat" АМСте колдонулуучу маалыматты коргоонун методдору жана ыкмалары "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ошондой эле "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык "е-Kyzmat" АМСтин оператору тарабынан аныкталат;
4) калкты, жарандык абалдын актыларын каттоо, туруктуу жашаган жерин жана паспорттук маалыматтарын каттоо чөйрөсүндөгү маалыматтардын массивин кармоочу - калкты, жарандык абалдын актыларын каттоо, туруктуу жашаган жерин жана паспорттук маалыматтарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
Маалыматтардын массивин кармоочу "е-Kyzmat" АМСтин маалыматтарын иштеп чыгуу борборунун ээси болуп саналат жана анын иштешин, тсхникалык колдоону жана өнүктүрүүнү камсыз кылат;
5) жооптуу кызматкер - мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана башка юридикалык жактын жетекчиси тарабынан маалыматтарды "e-Kyzmat" АМСке киргизүү, актуалдуулугун жана аныктыгын колдоо үчүн жооптуу адамдын функциялары жүктөлгөн мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана башка юридикалык жактын кызматчысы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 541 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Максаты жана милдети
3. Ушул Регламенттин максаты "е-Kyzmat" АМСтин катышуучуларынын ортосунда натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу болуп саналат.
4. Ушул Регламенттин милдети "е-Kyzmat" АМСтин алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын конкреттүү иш-аракеттерин аныктоо болуп саналат.
3. Өз ара аракеттенүү тартиби
5. "е-Kyzmat" АМСтин ээси "е-Kyzmat" АМСтин оператору менен маалыматтарды иштеп чыгууга, ишке киргизүүгө, коопсуздугун камсыз кылууга, маалыматтарды санкцияланбаган пайдалануудан коргоого жана системаны модернизациялоого, ошондой эле башка маалыматтык системалар менен интеграциялоого келишим түзөт.
Маалыматтарды иштеп чыгууну, ишке киргизүүнү, коопсуздугун камсыз кылууну, маалыматтарды санкцияланбаган пайдалануудан коргоону жана системаны модернизациялоону, ошондой эле башка маалыматтык системалар менен интеграциялоону ишке ашыруучу уюм "е-Kyzmat" АМСтин оператору болуп саналат.
6. "е-Kyzmat" АМСти пайдалануучу календардык жылдын биринчи айынын 5 жумуш күнүнө чейинки мөөнөттө ички буйругу менен "е-Kyzmat" АМСке маалыматтарды киргизүүгө, алардын актуалдуулугун жана аныктыгын камсыздоого жооптуу кызматкерлерди бекитет.
7. "е-Kyzmat" АМСти пайдалануучу жооптуу кызматкерлер бекитилгенден кийин 5 жумуш күндүн ичинде "е-Kyzmat" АМСтин оператору менен "е-Kyzmat" АМСти пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө макулдашуу түзөт.
"е-Kyzmat" АМСти пайдалануучу макулдашуу түзүлгөн күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде "е-Kyzmat" АМСтин операторуна төмөнкү документтерди берет:
- ушул Регламенттин тиркемесине ылайык толтурулган "е-Kyzmat" АМСти пайдалануунун бирдиктүү формасын;
- жооптуу кызматкердин паспортунун көчүрмөсүн;
- жооптуу кызматкерди кызматка дайындоо жөнүндө актынын көчүрмөсүн.
8. "е-Kyzmat" АМСтин оператору "е-Kyzmat" АМСти пайдалануучу тарабынан ушул Регламенттин 7-пунктунда аталган бардык документтер берилгенден кийин 10 жумуш күндүн ичинде "е-Kyzmat" АМСтин логини менен паролун түзөт жана "е-Kyzmat" АМСти пайдалануучуга жиберет.
9. "е-Kyzmat" АМСтин оператору "е-Kyzmat" АМСти пайдалануучуга логин менен пароль жиберилгенден кийин 5 жумуш күндүн ичинде "е-Kyzmat" АМСти пайдалануу сертификаттарын иштеп чыгат жана пайдалануу сертификаттарын "е-Kyzmat" АМСти пайдалануучуга орнотот.
10. "е-Kyzmat" АМСти пайдалануучу отчеттук жылдын биринчи кварталынын аягына чейинки мөөнөттө персонал жөнүндө маалыматтарды "е-Kyzmat" АМСке киргизүүгө тийиш.
"е-Kyzmat" АМСти пайдалануучу тийиштүү мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу уюмдун, ошондой эле башка юридикалык жактын персоналы жөнүндө маалыматтардын актуалдуулугун, толуктугун жана аныктыгын туруктуу негизде камсыз кылууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 541 токтомунун редакциясына ылайык)
11. "е-Kyzmat" АМСтин ээси зарыл болгон учурда "e-Kyzmat" АМСтин функцияларын модернизациялоо, жеткире иштеп чыгуу жөнүндө сунуш менен АМСтин операторуна кайрылат.
"е-Kyzmat" АМСтин оператору "е-Kyzmat" АМСтин ээси менен "е-Kyzmat" АМСтин операторунун ортосунда аныкталган мөөнөттүн ичинде функционалды жеткире иштеп чыгат жана модернизациялайт.
"e-Kyzmat" АМСтин оператору иштеп чыгуу мөөнөтү аяктагандан кийин 5 жумуш күндүн ичинде "е-Kyzmat" АМСтин сервериндеги "е-Kyzmat" АМСтин функционалын жаңыртат.
12. "е-Kyzmat" АМСтин ээси "е-Kyzmat" АМСтеги маалыматтардын толукталып турушуна, актуалдуулугун камсыздоого мониторинг жүргүзөт.
13. "е-Kyzmat" АМСти пайдалануучу жооптуу кызматкер ээлеген кызмат ордунан бошотулган учурда бошотулган датадан тартып 3 жумуш күндүн ичинде "е-Kyzmat" АМСтин операторун жазуу жүзүндө маалымдайт.
14. АМСтин оператору жазуу жүзүндөгү кабарлоону алгандан кийин 3 жумуш күндүн ичинде аталган кызматкерге пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жабат.
15. АМСти пайдалануучу жооптуу кызматкер бошотулгандан кийин 3 жумуш күндүн ичинде өзүнүн чечими (акты) менен башка жооптуу кызматкерди аныктоого тийиш.
4. Тараптардын жоопкерчилиги
16. "е-Kyzmat" АМСтин ар бир жеке пайдалануучусу берилген логинди жана паролду гана колдонуу менен иштөөгө милдеттүү.
17. "е-Kyzmat" АМСтин катышуучулары өз функцияларын аткарууда Кыргыз Республикасынын маалыматты коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык маалыматтын купуялуулугун, ачыкка чыгарбоону жана коргоону камсыз кылууга милдеттүү.
18. Ушул Регламенттин ченемдерин бузган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
19. Тийиштүү мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу уюмдун, ошондой эле башка юридикалык жактын "е-Kyzmat" АМСке берилүүчү маалыматтарынын аныктыгын камсыздоо милдети "е-Kyzmat" АМСтин тийиштүү пайдалануучусуна жүктөлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 541 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасынын катышуучуларынын өз ара аракеттенүү регламентине тиркеме |
"е-Kyzmat" АМСти пайдалануунун бирдиктүү ФОРМАСЫ
1. Кызматкердин жеке маалыматтары
Фамилиясы: |
|
Аты: |
|
Атасынын аты: |
|
ИЖН: |
|
Уюмдун аталышы: |
|
Бөлүмү: |
|
Кызмат орду: |
|
Жумушчу телефону: |
|
Уюлдук телефону: |
|
Электрондук дареги: |
|
Дата: |
|
Колу: |
|
2. "е-Kyzmat" АМСти пайдалануу деңгээли
№ | Пайдалануу деңгээли | Эскертүү |
| Маалыматтарды карап чыгуу/окуу o |
|
| Маалыматтарды редакциялоо o |
|
3. "е-Kyzmat" АМСтин операторунун жооптуу кызматкери тарабынан толтурулат
Логин | Пароль |
|
|
4. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана башка юридикалык жактын жооптуу кызматкери тарабынан толтурулат
Персоналды башкаруу боюнча кызматтын жетекчисинин аты-жөнү |
|
Дата: |
|
Колу: |
|
5. "е-Kyzmat" АМСтин операторунун жооптуу кызматкери тарабынан толтурулат
"е-Kyzmat" АМСтин операторунун жооптуу кызматкеринин аты-жөнү: |
|
Дата: |
|
Колу: |
|