Загрузка документа…
| 2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 618 токтомуна) |
Камсыздандыруу арбитри жөнүндө жобо
Камсыздандыруу арбитри жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) ылайык иштелип чыккан жана камсыздандыруу арбитринин ишин жөнгө салат, камсыздандыруу арбитрин шайлоо жана анын ишин токтотуу тартибин, пикир келишпестиктерди жөнгө салуу боюнча арыздарды кароо жана чечим кабыл алуу тартибин жана мөөнөттөрүн, камсыздандыруу арбитринин ишин каржылоо тартибин аныктайт, ошондой эле Кыргыз Республикасында камсыздандыруу арбитринин ишин жүзөгө ашыруу менен байланышкан башка шарттарды белгилейт.
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жободо пайдаланылуучу терминдер, аныктамалар жана кыскартуулар:
арыз берүүчү - камсыздандыруу арбитрине арыз менен кайрылган камсыздандырылуучу, камсыздандырылган, пайда табуучу, камсыздандыруу уюму;
арыз - камсыздандыруу келишиминен келип чыккан камсыздандыруу уюму менен пикир келишпестиктин маңызын камтыган жазуу жүзүндө берилген арыз берүүчүнүн арызы, кайрылуусу, даттануусу, өтүнүчү;
камсыздандыруу арбитри - камсыздандыруучу менен камсыздандырылуучунун ортосундагы талаш-тартыштарды соттон тышкаркы кароо боюнча ишти ушул Жобонун алкагында жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу жак;
камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңеши - камсыздандыруу арбитринин ишин башкарган жогорку коллегиялык орган;
ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы;
фонд - камсыздандыруу арбитринин ишин камсыз кылуу үчүн түзүлгөн жана коммерциялык эмес уюм болуп саналган "Камсыздандыруу арбитринин кеңсеси" жеке мекемеси.
2. Камсыздандыруу арбитри өзүнүн ишинде "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексин, "Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-майындагы № 257 токтому менен бекитилген Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу эрежелерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Камсыздандыруу арбитри өз ишинде төмөнкү принциптерди сактайт:
1) тараптардын тең укуктуулугу;
2) чечим кабыл алуудагы объективдүүлүк жана калыстык;
3) камсыздандыруу сырын жана мыйзам менен корголгон башка сырды;
4) тараптардын мыйзам менен корголгон укуктарын жана талаптарын сактоо;
5) чечим кабыл алуу жол-жобосунун ачыктыгы жана негиздүүлүгү.
4. Тараптардын тең укуктуулук принцибин аткаруу өз ара мамилелерди жөнгө салууда камсыздандыруу арбитри кайсы бир тарапка башка тарапка берилбеген кошумча укуктарды берүүгө укугу жок дегенди билдирет.
5. Объективдүүлүк жана калыстык принциптерин аткаруу өз ара мамилелерди жөнгө салууда камсыздандыруу арбитринин кандайдыр бир артыкчылык берүүдөн, жаман көрүүлөрдөн же мурунтан жаман ойдо болуудан алыстыгын жана тараптардын эч биринин өкүлүнүн ролунда чыга албай тургандыгын билдирет.
6. Камсыздандыруу сырын жана мыйзам менен корголгон башка сырды сактоо принцибин аткаруу камсыздандыруу арбитри жана Фонддун кызматкерлери өз ара мамилелерди жөнгө салуунун жүрүшүндө алынган маалыматтардын купуялуулугун сактоого милдеттүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактабастан үчүнчү жактарга аны билдирүүгө укугу жок дегенди билдирет.
7. Тараптардын укуктарын сактоо жана мыйзам менен корголгон талаптарын принцибин аткаруу камсыздандыруу арбитри Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тараптардын укуктарын бузбоого, мыйзам менен корголгон өздөрүнүн кызыкчылыктарын билдирүү үчүн тараптарга шарттарды түзүп берүүгө милдеттүү дегенди билдирет.
8. Чечим кабыл алуу жол-жобосунун ачыктыгы жана негиздүүлүгү принцибин аткаруу камсыздандыруу арбитри Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ушул Жободо, ошондой эле камсыздандыруу келишимдеринин шарттарында белгиленген жол-жоболорго ылайык чечимдердин кабыл алынышын камсыз кылууга тийиш экендигин билдирет.
9. Камсыздандыруу арбитри өз ишинде көз карандысыз. Камсыздандыруу арбитринин көз карандысыздыгы, Фонддун алкагындагы анын ишинен тышкары, камсыздандыруу арбитринин эч кимдин алдында отчет бербей тургандыгы менен камсыз кылынат.
10. Тараптардын ортосундагы пикир келишпестиктерди камсыздандыруу арбитри тарабынан жөнгө салуусу төмөнкүлөрдү камсыз кылууга багытталган:
1) тараптардын ортосунда келип чыккан пикир келишпестиктерди чечүүгө практикалык жардам берүүгө;
2) тараптардын ортосундагы пикир келишпестиктерди жөнгө салуучу жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө, тездетүүгө жана үнөмдөөгө;
3) пикир келишпестиктерди жөнгө салуунун катышуучуларынын ортосундагы ишкердик, өнөктөштүк мамилелерди сактоого жана андан ары бекемдөөгө.
2-глава. Камсыздандыруу арбитринин компетенциясы
11. Камсыздандыруу арбитринин компетенциясына төмөнкүдөй маселелер кирет:
1) камсыздандыруу келишиминен келип чыккан камсыздандырылуучу (камсыздандырылган, пайда табуучу) менен камсыздандыруу уюмдарынын ортосундагы пикир келишпестиктерди жөнгө салуу;
2) камсыздандырылуучунун, камсыздандырылгандын, пайда табуучунун, камсыздандыруу уюмдарынын арыздары боюнча камсыздандыруу келишимин аткаруу маселелери боюнча жолугушууларды жана консультацияларды өткөрүү;
3) камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин кезектеги жана кезексиз жыйналыштарын чакырууну уюштуруу;
4) Фонддун ишин уюштуруу;
5) камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңеши бекиткен бюджеттин чектеринде Фонддун ишин камсыз кылуу;
6) Фонддун ишин регламенттеген ички документтерди бекитүү;
7) Кыргыз Республикасында камсыздандыруу арбитри институтун өнүктүрүү жана жайылтуу.
12. Камсыздандыруу арбитри транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу маселелери боюнча автотранспорт каражаттарынын ээлери - жеке жактар жана (же) юридикалык жактар камсыздандырылуучу (камсыздандырылган, пайда табуучу) катары чыккан пикир келишпестиктерди жөнгө салат.
13. Ушул Жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн жактардын пикир келишпестиктери боюнча талаптардын суммасы он миң эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш.
14. Пикир келишпестиктерди жөнгө салуу камсыздандыруу арбитри тарабынан чечим чыгаруу жолу менен жүзөгө ашырылат.
15. Камсыздандыруу арбитри төмөнкүлөргө укуктуу:
1) арызды кароо үчүн керектүү маалыматтарды жана документтерди камсыздандыруу уюмдарынан сурап алууга;
2) ушул Жобонун 6-пунктунун талаптарын сактоо менен камсыздандыруу арбитринин иши жана калктын финансылык сабаттуулугу жөнүндө материалдарды жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого;
3) штатты (камсыздандыруу арбитринин кеңсесин) түзүүгө;
4) финансылык системалардын эл аралык элдештирүүчү уюмдарынын (арбитрлеринин) ишине катышууга.
16. Камсыздандыруу арбитри төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) өз ишинде ушул Жобонун 3-пунктунда каралган принциптерди сактоого;
2) талаштарды чечүүнүн жүрүшүндө алынган маалыматтардын купуялуулугун сактоого жана аларды үчүнчү жакка билдирбөөгө;
3) жыл сайын өзүнүн иши жөнүндө камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин алдында отчет берүүгө.
17. Камсыздандыруу арбитринин кароосунда турган арыз боюнча камсыздандыруу сыры Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 933-статьясына ылайык ага ачылып берилиши мүмкүн.
3-глава. Камсыздандыруу арбитрин шайлоо жана анын ыйгарым укуктарын токтотуу тартиби
18. Камсыздандыруу арбитрин шайлоо жана ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңеши тарабынан жүзөгө ашырылат.
19. Камсыздандыруу арбитри болуп мамлекеттик жана расмий тилдерди билген, 35 жаштан кичүү эмес жана 65 жаштан улуу эмес, тиешелүү кесиптик квалификациясы, кынтыксыз репутациясы, юриспруденция, экономика же финансы чөйрөсүндө жогорку билими, көрсөтүлгөн чөйрөлөрдө беш жылдан кем эмес иш стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны дайындалышы мүмкүн.
20. Камсыздандыруу арбитрине ишкердик же башка коммерциялык иштер менен алектенүүгө, кайсы бир партиянын мүчөсү болууга, мамлекеттик органдарда же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызмат орундарын ээлөөгө, илимий, педагогикалык жана чыгармачылык иштерден тышкары акы төлөнүүчү башка иштерди аткарууга тыюу салынат.
21. Камсыздандыруу арбитри ушул Жобонун 3-пунктунда каралган принциптерди сактоого тийиш.
22. Төмөнкүлөр камсыздандыруу арбитри боло албайт:
1) ишке жөндөмсүз же жарым-жартылай ишке жөндөмдүү деп сот тарабынан таанылган адам;
2) күчүнө кирген соттун өкүмү менен кылмыш жасоого күнөөлүү деп таанылган адам;
3) соттуулугу мыйзамдарда белгиленген тартипте алынбаган же жоюлбаган адам;
4) сот тарабынан юридикалык, финансылык, административдик чөйрөлөрдө кызмат орундарын ээлөө же иш жүргүзүү укугунан ажыратылган адам.
23. Камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен камсыздандыруу арбитри шайланат. Камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин ар бир мүчөсү добуш берүүдө бир добушка ээ. Добуштар тең чыккан учурда ыйгарым укуктуу органдын өкүлүнүн добушу чечүүчү болуп саналат.
24. Камсыздандыруу арбитри үч жылдык мөөнөткө шайланат. Бир эле адам эки жолу катары менен камсыздандыруу арбитри болуп шайлана албайт.
25. Жаңы шайланган камсыздандыруу арбитри камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңеши аны шайлоо жөнүндө чечимди кабыл алган күндөн тартып 30 календардык күн өткөндөн кийин кызматына киришет.
26. Камсыздандыруу арбитринин ыйгарым укуктары жаңы шайланган камсыздандыруу арбитри кызматка киришкен учурдан тартып токтотулат.
27. Ыйгарым укуктары токтотулган камсыздандыруу арбитри жаңы камсыздандыруу арбитри шайланган күндөн тартып 30 календарлык күндүн ичинде өзү кабыл алган арыздарды кароону аяктоого, ыйгарым укуктары токтотулган күнгө чейинки мезгилдеги өзүнүн иши жөнүндө отчетту даярдоого милдеттүү.
28. Жаңы шайланган камсыздандыруу арбитри ишке киришкенине байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулган камсыздандыруу арбитри өзүнүн иши жана Фонддун иши боюнча бардык документтерди өзүнүн ыйгарым укуктары токтотулган күнү өткөрүп берүү-кабыл алуу актысы боюнча жаңы шайланган камсыздандыруу арбитрине өткөрүп берет.
29. Камсыздандыруу арбитринин демилгеси боюнча анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин мүчөлөрүнө анын ыйгарым укуктары токтотулуучу күндөн бир ай мурун жазуу жүзүндө билдирүүнүн негизинде жүзөгө ашырылат.
30. Камсыздандыруу арбитринин ишин кароодо ушул Жобонун 3-пунктунун талаптарына камсыздандыруу арбитринин аракеттеринин ылайык келбестиги аныкталган учурда камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңеши камсыздандыруу арбитринин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууга укуктуу.
4-глава. Пикир келишпестиктерди жөнгө салуу боюнча арыздарды кароо тартиби жана мөөнөттөрү
31. Ар бир келип түшкөн арыз Фонд тарабынан милдеттүү кабыл алынууга, катталууга жана эсепке алынууга тийиш.
32. Арыз Фондго келип түшкөн күн арыз берилген күн деп эсептелет.
33. Арызда төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) арыз берүүчүнүн аты-жөнү, анын иш жүзүндө жашаган (паспорту боюнча) дареги, телефону жана/же электрондук почтасынын дареги. Эгерде арыз ишенилген адам тарабынан берилсе, анда ишенилген адамдын аты-жөнү, анын иш жүзүндө жашаган (паспорту боюнча) дареги, телефону жана/же электрондук почтасынын дареги кошумча көрсөтүлөт;
2) пикир келишпестиктери бар экинчи тараптын (тараптардын) аталышы;
3) тараптардын ортосундагы пикир келишпестиктерди жөнгө салуунун маңызы;
4) талаптардын мазмуну;
5) талаптарды ырастаган жагдайларды баяндоо жана ошол жагдайларды ырастаган далилдерге шилтемелер;
6) талаптардын баасы (эгерде талаш материалдык мүнөздө болсо);
7) милдеттүү документтердин тизмеси:
- камсыздандыруу полиси (анын жупнускасы);
- жол-транспорт кырсыгынын схемасынын белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- жол-транспорт кырсыгы жөнүндө маалымдаманын белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- алкоголдук, баңгизаттык жана токсикалык мас абалын текшерүүнү күбөлөндүргөн протоколдун белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- пайда табуучунун (жеке жак үчүн) паспортунун көчүрмөсү же юридикалык жактын өкүлүнө берилген ишеним каттын түп нускасы;
- автотранспорт каражатын башкарган адамдын айдоочу күбөлүгүнүн көчүрмөсү жана ушул автотранспорт каражатын башкарууга анын укугун ырастоочу документтин көчүрмөсү;
8) арыз берүүчүнүн колу жана мөөрү (бар болсо, эгерде бул юридикалык жак болсо);
9) пикир келишпестиктерди жөнгө салуу жөнүндө арыз берилген тарапка карата пикир келишпестиктер тууралуу доомат экинчи тарапка жиберилгендигин ырастоочу электрондук санариптик кол тамганы милдеттүү түрдө коюу менен электрондук почта жана/же почта аркылуу жөнөтүү үчүн квитанция түрүндөгү далил.
34. Жабырлануучунун өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилген учурларда, ушул Жобонун 33-пунктунун 7-пунктчасында саналып көрсөтүлгөн документтерге кошумча төмөнкүлөр берилет:
1) жабырлануучунун эмгек жөндөмүн убактылуу жоготуусунун мүнөзү жөнүндө мамлекеттик медициналык мекеменин маалымдамасы, жабырлануучуга майыптык белгиленгендиги жөнүндө адистештирилген мамлекеттик мекемелердин маалымдамасы же жардамдардын кошумча түрлөрүнө муктаждыгы жөнүндө медициналык корутунду;
2) стационардык дарылануу, дары-дармектерди сатып алуу, кошумча тамактануу, протез салуу үчүн акы төлөөгө жумшалган медициналык чыгымдарды ырастаган документтер (эсеп-фактуралар, төлөө эсептери, чектер (кассалык, товардык), накладнойлор жана башка документтер);
3) камсыздандыруу окуясынын келип чыгуусунун натыйжасында жабырлануучу эмгекке жарамдуулугун жоготкондон улам албай калган эмгек акысын (түшкөн акчасын) же эмгек акысынын (түшкөн акчасынын) бир бөлүгүн ырастаган документтер;
4) жабырлануучу каза болгондугу жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, ошондой эле жабырлануучу каза болгон учурда пайда алуучунун мураска укугу жөнүндө документтин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.
35. Жабырлануучулардын мүлкүнө зыян келтирилгенде мүлктү оңдоо (калыбына келтирүү) боюнча тарткан чыгымдарды ырастаган, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык таризделген документтер (эсеп-фактуралар, төлөөгө эсептер, чектер (кассалык, товардык), коштомо кагаздар жана башка документтер) берилет. Келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо боюнча кошумча документтер берилет.
36. Арыз ээси өзүнүн арызына ишке тиешелүү деп эсептеген бардык документтерди тиркөөгө же андан ары бере турган документтерге же башка далилдерге шилтеме жасоого укуктуу.
37. Камсыздандыруу арбитри төмөнкүдөй учурларда кароого кабыл алынган арызды карабайт жана ишти токтотот:
1) арыз ээси баяндалган пикир келишпестиктерди жөнгө салуу боюнча арыз менен сотко кайрылгандыгы жана сот тарабынан иш кароого кабыл алынгандыгы жана/же бул пикир келишпестиктер боюнча соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими бар экендиги аныкталганда;
2) тараптар жарашуу макулдашуусун, талашты (чыр-чатакты) медиация тартибинде жөнгө салуу жөнүндө макулдашууну, болгон пикир келишпестиктер боюнча талашты жөнгө салуу жөнүндө макулдашууну түзгөндө;
3) арыз ээси келип чыккан пикир келишпестиктерди жөнгө салуу максатында камсыздандыруу уюмуна кайрылуунун жазуу жүзүндөгү далилдерин бербесе;
4) пикир келишпестиктер боюнча кайталанган же жаңы жагдайлар болбогон учурда;
5) эгерде пикир келишпестиктер боюнча талаптардын суммасы он миң эсептик көрсөткүчтөн ашса.
38. Арызды кароого кабыл алуудан жүйөлүү жазуу жүзүндө баш тартуу арыз келип түшкөн күндөн тартып же ушул Жобонун 37-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар аныкталган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде арызда көрсөтүлгөн дарек боюнча жеке өзүнө тапшырылууга же арыз ээсине жазуу жүзүндө жиберилүүгө тийиш.
39. Эгерде арыз ушул Жободо каралган талаптарды сактабастан берилсе, камсыздандыруу арбитри арыз ээсине аталган сунушту алган учурдан тартып 10 календардык күндүн ичинде сын пикирлерди жана кемчиликтерди четтетүүнү жазуу жүзүндө сунуштоого милдеттүү. Эгерде арыз ээси көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу жөнүндө сунушка карабастан, аларды жойбосо жана ишти териштирүүнү талап кылса, камсыздандыруу арбитри иш боюнча териштирүүнү улантат же териштирүүнү токтотуу жөнүндө чечим кабыл алат, бул жөнүндө аныктама чыгарат.
40. Камсыздандыруу арбитрине териштирүү талашы боюнча пикир келишпестиктерге тиешелүү документтердин көчүрмөлөрү берилет.
41. Камсыздандыруу арбитри документтердин түп нускаларын же тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн жана мындай документтин көчүрмөсүн карап чыгуу үчүн талап кылууга жана алууга укуктуу.
42. Камсыздандыруу арбитри өз каалоосу боюнча же тараптардын биринин өтүнүчү боюнча берилген документтердин кыргыз же орус тилине котормосун экинчи тараптан суроого жана алууга же алардын эсебинен мындай котормону камсыз кылууну талап кылууга укуктуу.
43. Документтерди тараптарга жана камсыздандыруу арбитрине өткөрүп берүү Фонд аркылуу камсыздалат.
44. Териштирүү учурунда тараптардын даректери болуп жазуу жүзүндөгү арызда жана/же кайрылууда тараптар көрсөткөн даректер эсептелет.
45. Тараптар мурда көрсөтүлгөн даректердин өзгөргөндүгү жөнүндө токтоосуз кабарлоого милдеттүү.
46. Эгерде ар кандай жазуу жүзүндөгү билдирүү тараптын жеке өзүнө жеткирилсе, ал алынды деп эсептелет. Тараптардын туруктуу жайгашкан жери же почта дареги аныкталбаган учурда, тараптардын туруктуу жашаган жерине тапшырык кат менен же болбосо ушул билдирүүнүн жеткирилишин каттоону караган башка ыкма менен (телеграмм, телетайп билдирүү, телефонограмм, факсимилдик, электрондук же башка байланыш аркылуу) жөнөтүлсө, жазуу жүзүндөгү билдирүү алынды деп эсептелет. Билдирүү жеткирилген күнү алынды деп эсептелет.
47. Камсыздандыруу арбитринин кайрылуулары, арыздары, түшүндүрмөлөрү, билдирүүлөрү, аныктамалары, консультациялары, чечимдери тараптарга тапшырык кат менен жиберилет же тараптарга же алардын расмий өкүлдөрүнө кол койдуруу менен тапшырылат. Жогоруда аталган документтердин сканерленген көчүрмөлөрү тарап көрсөткөн электрондук почтага жөнөтүлөт. Бардык башка документтер жана билдирүүлөр кадимки кат менен, факс аркылуу, электрондук почтага жөнөтүлөт.
48. Талаптардын баасы ушул Жобонун 4-главасынын 33-пунктуна ылайык арызда аныкталат.
49. Бир нече талаптан турган арызда ар бир талаптын суммасы өзүнчө аныкталууга тийиш. Бул учурда арыздын баасы бардык талаптардын жалпы суммасы менен аныкталат.
50. Эгерде арыз ээси талаптардын баасын аныктабаса же туура эмес аныктаса, камсыздандыруу арбитри өз алдынча же пикир келишпестиктерди жөнгө салуу жөнүндө арыз жиберилген тараптын талабы боюнча алынган маалыматтардын негизинде талаптардын баасын аныктайт.
51. Арыз ээси камсыздандыруу арбитрине кайрылуунун алдында бул жөнүндө камсыздандыруу уюмуна жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү. Камсыздандыруу уюмуна кабарланган учурдан тартып үч жумуш күн өткөндөн кийин арыз ээси камсыздандыруу арбитрине пикир келишпестиктерди жөнгө салуу жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.
52. Ушул Жобонун 4-главасынын 33-пунктуна ылайык таризделген арызды алгандан жана аны кароого кабыл алгандан кийин камсыздандыруу арбитри бул тууралуу үч жумуш күндүн ичинде пикир келишпестиктерди жөнгө салуу жөнүндө арыз жиберилген тарапка кабарлайт.
53. Пикир келишпестиктерди жөнгө салуу жөнүндө арыз жиберилген тарап арызды кабыл алуу жана даярдык көрүү жөнүндө камсыздандыруу арбитринин чечимин алгандан кийин беш жумуш күндүн ичинде камсыздандыруу арбитрине арыз боюнча өз пикирин жиберүүгө жана ишке тиешелүү документтердин көчүрмөлөрүн берүүгө милдеттүү.
54. Пикир келишпестиктерди жөнгө салуу жөнүндө арыз жиберилген тараптын кайрылуусу боюнча чакыртып алуу жана документтердин тиешелүү көчүрмөлөрүн берүү мөөнөтү камсыздандыруу арбитринин чечими боюнча узартылат.
55. Эгерде тараптардын бири да арыз боюнча документтерди ушул Жободо аныкталган тартипте камсыздандыруу арбитрине кайрылуу ниети жөнүндө билдирилгенден тартып алты айдын ичинде камсыздандыруу арбитрине бербесе, анда арыздын эскирүү мөөнөтү аяктады деп эсептелет.
56. Камсыздандыруу арбитри ишти кароого даярдоону уюштурат жана ишти даярдоо боюнча кошумча чараларды, атап айтканда иштин тараптарынан жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү, далилдерди жана башка кошумча документтерди талап кылуу боюнча чараларды көрө алат. Эгерде ишти даярдоо боюнча кошумча чаралар көрүлсө, анда камсыздандыруу арбитри тарабынан бул кошумча чаралар жүзөгө ашырылууга тийиш болгон мөөнөттөр белгиленет.
57. Арызды кароо мөөнөтү арызды кароого кабыл алган учурдан тартып 30 календардык күндөн ашпоого тийиш.
58. Кароо мөөнөтү арыз ээсине: камсыздандыруу уюмунан, ички иштер органдарынан, прокуратурадан, соттордон, саламаттык сактоо органынан жана башка мамлекеттик органдардан жана уюмдардан маалыматтарды жана/же документтерди берүү жөнүндө суроо-талап жиберилген күндөн тартып токтотула турат.
59. Камсыздандыруу арбитринин суроо-талабына жооп алынган күндөн тартып кароо мөөнөтү калыбына келтирилет жана ал тараптардын биринин жүйөлүү арызынын негизинде камсыздандыруу арбитринин чечими менен узартылышы мүмкүн.
60. Иш боюнча угууларды өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө тараптарга жазуу жүзүндөгү кабарлоолор менен билдирилет, алар ар бир тарап бетме-бет угууга даярдануу жана келүү үчүн беш жумуш күндөн кем эмес мөөнөткө ээ болгондой эсептелип, жиберилүүгө тийиш. Тараптардын макулдашуусу боюнча бул мөөнөт кыскартылышы мүмкүн.
61. Тараптар териштирүүдө түздөн-түз же тараптардын өз каалоосу боюнча дайындалган ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аркылуу ишти жүргүзүүгө укуктуу.
62. Угуулардын убактысы жана орду жөнүндө тийиштүү түрдө кабарланган тараптын келбей калышы ишти териштирүүгө тоскоол болбойт, эгерде келбей калган тарап төмөнкү жүйөлүү себептер менен ишти кийинкиге калтыруу жөнүндө өтүнүч кат жазбаса:
1) арыз ээсинин же тараптардын биринин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн оорусу (травмасы), балдарды же эмгекке жарамсыз үй-бүлө мүчөлөрүн багуусу, маалыматтар саламаттык сактоо органдары тарабынан берилген эмгекке жарамсыздык баракчасы (оорукана баракчасы) менен ырасталат;
2) арыз ээсинин же тараптардын биринин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сот жыйналыштарына же ар кандай ыкчам-тергөө операцияларына күбө катары катышуусу, сот жана укук коргоо органдары тарабынан берилген чакыруу кагазы же башка документ менен ырасталат;
3) жакын туугандарын акыркы сапарга узатуу зыйнаты;
4) арыз ээсинин же тараптардын биринин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн түздөн-түз катышуусун талап кылган күтүлбөгөн жагдайлар (жол-транспорт кырсыгы, өрт, табигый кырсыктар жана аларды жоюу) мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардын документтери менен ырасталат.
63. Тарап өзү жокто ишти угуу жөнүндө суранууга укуктуу.
64. Ишти териштирүү оозеки жүргүзүлөт.
65. Видеоконференцбайланышын жүргүзүүгө техникалык мүмкүнчүлүк болгондо ишке катышкан тараптар, алардын өкүлдөрү, ошондой эле эксперттер, адистер, котормочулар өтүнүч кат бергенде же камсыздандыруу арбитринин демилгеси боюнча видеоконференцбайланыш системаларын пайдалануу жолу менен угууга катыша алат, мында тараптар өздөрүнүн талаптарында же каршы пикирлеринде айтылган жагдайларды негиздөөгө милдеттүү.
66. Камсыздандыруу арбитри:
- кандай тараптар болбосун иш боюнча кошумча далилдерди талап кылууга укуктуу, берүүнүн мөөнөттөрүн камсыздандыруу арбитри белгилейт;
- пикир келишпестиктерди кароодо жана жөнгө салууда каралып жаткан ишке тиешелүү берилген (алынган) далилдерди иликтөөгө милдеттүү;
- Мыйзамды, мыйзамдык ченемдик укуктук актыларды, камсыздандыруу келишиминин шарттарын жетекчиликке алып, далилдерди абийири жана кароого алынган далилдердин жыйындысына негизделген өзүнүн ички ынанымы боюнча баалайт;
- материалдарды жыйноого, далилдерди изилдөөгө жана баалоого, конкреттүү маселелер боюнча жазуу жүзүндөгү консультацияларды (түшүндүрмөлөрдү) алууга көмөк көрсөтүү максатында, тараптын өтүнүчү боюнча же өзүнүн демилгеси боюнча атайын билимге жана көндүмдөргө ээ болгон бир же бир нече адистерге кайрылууга укуктуу.
67. Катышкан тараптардын макулдугу менен гана териштирүүгө үчүнчү жактын кирүүсүнө жол берилет. Үчүнчү жакты териштирүүгө тартуу үчүн тараптардын макулдугунан тышкары, тартылган адамдын макулдугу да талап кылынат. Үчүнчү жакты тартуу жөнүндө арызга, өтүнүч катка камсыздандыруу арбитринин арызга жооп берүү мөөнөтү бүткөнгө чейин гана жол берилет. Үчүнчү жакты тартууга макулдук жазуу жүзүндө берилиши керек.
68. Териштирүүнүн жүрүшүндө тараптар өздөрүнүн билдирилген талаптарын же каршы пикирлерин өзгөртүүгө же толуктоого укуктуу.
69. Камсыздандыруу уюмдарынын ортосундагы пикир келишпестиктерди жөнгө салууда ушул Жобонун 58-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө пикир келишпестиктерди жөнгө салуу жөнүндө арыз жиберилген камсыздандыруу уюму ошол эле камсыздандыруу келишиминен келип чыгуучу каршы арыз берүүгө же ошол эле камсыздандыруу келишиминен келип чыгуучу талаптарды билдирүүгө укуктуу.
70. Эгерде пикир келишпестиктерди жөнгө салуу жөнүндө арыз жиберилген тарап ушул Жобого ылайык арыз боюнча кайра чакыртып албаса, анда камсыздандыруу арбитри ишти териштирүүнү улантууга укуктуу.
71. Эгерде тарап кошумча маалыматтарды белгиленген мөөнөттө жүйөсүз себеп менен бербесе, камсыздандыруу арбитри болгон далилдердин негизинде чечим чыгарууга укуктуу.
72. Камсыздандыруу арбитринин жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча тараптар адиске (адистерге) мүлктү карап чыгуу үчүн ушул Жобонун 66-пунктунда белгиленген маалыматтарды, документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн жана ишке тиешелүү башка материалдарды берүүгө милдеттүү.
73. Тараптардын биринин адисине каршы чыгуу анын калыстыгына карата шектенүүнү пайда кылган объективдүү жагдайлар болгондо жүргүзүлөт.
74. Тараптардын алдын ала макулдашуулары боюнча ишке тартылган адистердин кызмат көрсөтүүлөрү үчүн чектөө белгиленет. Адистин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө боюнча бардык чыгымдар утулган тарапка жүктөлөт.
75. Тараптардын ортосундагы пикир келишпестиктерди жөнгө салууга байланышкан жагдайлар аныкталгандан кийин ишти угуу аяктады деп эсептелет жана чечим кабыл алынат.
76. Чечим камсыздандыруу арбитри тарабынан жеке кабыл алынат.
77. Чечим кабыл алынгандан кийин камсыздандыруу арбитри тараптарга чечимдин резолюциялык бөлүгүн оозеки жарыялайт. Камсыздандыруу арбитри чечим оозеки жарыялангандан кийин беш жумуш күндүн ичинде пикир келишпестиктерди жөнгө салууга катышкан тараптарга билдирилүүчү жазуу жүзүндөгү жүйөлүү чечимди түзүүнү кийинкиге калтырууга укуктуу. Татаал иштер боюнча жазуу жүзүндө жүйөлүү чечимди түзүү жана аны тараптарга жиберүү чечим оозеки жарыялангандан кийин 10 жумуш күндүн ичинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
78. Чечим төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) камсыздандыруу арбитринин аты-жөнүн;
2) иштин номерин;
3) чечим кабыл алуунун ордун жана күнүн;
4) териштирүүгө катышкан тараптардын жана башка жактардын аталыштарын;
5) тараптардын ортосундагы пикир келишпестиктерди жөнгө салуунун предметин жана иштин жагдайын кыскача баяндоону;
6) чечим негизделген жүйөлөрдү (камсыздандыруу арбитри тарабынан белгиленген фактылар ырасталган жана четке кагылган);
7) билдирилген талаптарды канааттандыруу же четке кагуу жөнүндө тыянактарды;
8) иш боюнча утулган тарап төлөй турган чыгымдардын суммасын;
9) камсыздандыруу арбитринин колун жана мөөрүн.
79. Эгерде чечимде башка белгиленбесе, камсыздандыруу арбитринин чечими аны угузган учурдан тартып күчүнө кирет.
80. Камсыздандыруу уюмдарынын жана/же камсыздандыруучулардын ортосундагы пикир келишпестиктер боюнча камсыздандыруу арбитринин чечими милдеттүү болуп саналат.
81. Камсыздандыруу арбитринин чечимин тараптар чечимде белгиленген мөөнөттө аткарат.
82. Эгерде чечимде аткаруу мөөнөтү көрсөтүлбөсө, ал токтоосуз, бирок үч жумуш күндөн кечиктирилбестен аткарылууга тийиш.
83. Камсыздандыруу уюму камсыздандыруу арбитринин чечимин аткарбаган учурда, ал үч жумуш күндөн кечиктирбестен бул жөнүндө ыйгарым укуктуу органга Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузуу фактысын ырастаган документтерди тиркөө менен маалымдоого милдеттүү.
84. Эгерде камсыздандыруу уюму, пикир келишпестиктерди жөнгө салуунун катышуучусу камсыздандыруу арбитринин чечимин аткаруудан баш тартса же четке какса, анда камсыздандыруу арбитри жазуу жүзүндөгү билдирүүдөн кийин бул факты жөнүндө камсыздандыруу арбитринин расмий сайтында билдирүүгө укуктуу.
85. Камсыздандыруу арбитринин чечимин алган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде тараптардын кайсынысы болбосун башка тарапка кабарлап, эсептөөлөрдөгү каталарды, туура эмес жазууларды же ушул сыяктуу мүнөздөгү каталарды оңдоо талабы менен камсыздандыруу арбитрине кайрылууга укуктуу.
86. Чечимди алган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде кайсы тарап болбосун башка тарапка кабарлап, камсыздандыруу арбитринен чечимдин кайсы бир бөлүгүн чечмелөөнү алууга укуктуу.
87. Тараптардын кайсынысы болбосун бул жөнүндө экинчи тарапка кабарлап, чечимди алган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде териштирүүнүн жүрүшүндө коюлган, бирок чечимде чагылдырылбаган талаптарга карата кошумча чечим чыгаруу жөнүндө камсыздандыруу арбитрине кайрылууга укуктуу.
88. Камсыздандыруу арбитри 15 календардык күндөн кечиктирбестен зарыл болгон чечмелөөнү жазуу жүзүндө берүүгө жана аны тараптарга жеткирүүгө милдеттүү.
89. Эгерде камсыздандыруу арбитри кошумча чечим жөнүндө кайрылууну негиздүү деп эсептесе жана жаңы угууларды өткөрбөстөн жана жаңы далилдерди көрсөтпөстөн кемчиликтерди оңдоого болот деп тапса, анда мындай кайрылууну алгандан кийин 15 календардык күндүн ичинде камсыздандыруу арбитри өз чечимин толуктайт, бул жөнүндө тараптарга билдирет.
90. Эгерде териштирүүнүн жүрүшүндө тараптар өз ара келишпестиктерди жөнгө салса, анда териштирүү токтотулат. Бул учурда тараптардын жазуу жүзүндөгү кайрылууларынын негизинде камсыздандыруу арбитри териштирүүнүн тараптардын ортосунда жөнгө салынгандыгын көрсөтүү менен териштирүүнү токтотуу жөнүндө чечим чыгарат.
91. Камсыздандыруу арбитри төмөнкүдөй учурларда териштирүүлөрдү токтотуу жөнүндө чечим чыгарат:
1) арыз ээси өз талаптарынан баш тарткан учурда, эгерде пикир келишпестиктерди жөнгө салуу жөнүндө арыз жиберилген тарап билдирүүнү алгандан кийин 30 календардык күндөн кечиктирбестен териштирүүнү токтотууга каршы пикирин билдирбесе;
2) тараптар териштирүүлөрдү токтотуу жөнүндө келишимге жетишкен учурда;
3) эгерде арыз ээсинин аракетсиздигинин себеби боюнча иш алты айдан ашык каралбай калса;
4) өз ара мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө арызды кароого кабыл алгандан кийин тараптардын бири бул талашты кароо жөнүндө доо менен Кыргыз Республикасынын сотуна кайрылгандыгы белгиленсе.
92. Камсыздандыруу арбитринин атайын жана атайылап укук бузуунун кесепеттери үчүн жооптуу болгон учурларын кошпогондо, камсыздандыруу арбитри териштирүүгө байланыштуу кандайдыр бир иш-аракеттер же кемчиликтер үчүн тараптардын эч биринин алдында жоопкерчилик тартпайт.
93. Камсыздандыруу арбитри чечим кабыл алгандан кийин териштирүүгө байланыштуу арыздар каралбайт.
5-глава. Өкүлчүлүктүн кеңешин түзүү, анын ишин уюштуруу
94. Камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин курамы төмөнкүлөрдүн бир өкүлүнөн түзүлөт:
1) автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензиясы бар камсыздандыруу уюмдарынын.
Камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин мүчөсү болуп жогорку билими жана камсыздандыруу жана юриспруденция чөйрөсүндө иш тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын жараны, жеке жак гана дайындалат;
2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын.
95. Төмөнкүдөй адамдар камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин мүчөсү боло албайт:
1) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча кылмышы/жоругу үчүн соттолгон, соттуулугу бар, анын ичинде реабилитацияланбаган негиздер боюнча алып салынган же жоюлган соттуулугу бар адамдар;
2) ага карата жазык куугунтугу жүзөгө ашырылып жаткан же ал реабилитацияланбаган негиздер боюнча токтотулган адамдар;
3) саясий партиялардын кызматкери болуп саналган адамдар;
4) ага карата көзөмөл органынын таасир этүү чаралары колдонулган же таза эмес финансылык иштерге катышы бар деп таанылган, терс себептер боюнча финансы-кредиттик уюмдардан бошотулган же соттун чечиминин негизинде талаптагыдай эмес ишкердик аброюн күбөлөндүргөн фактылары бар адамдар.
96. Камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин жыйналышына катышуу биринчи жетекчи же ишеним каттын негизинде өкүлү тарабынан жүзөгө ашырылат.
97. Камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин компетенциясы:
1) камсыздандыруу арбитринин кызмат ордуна ушул Жобонун 19-пунктунда белгиленген талаптарга ылайык келген талапкерлердин арасынан шайлоо;
2) Фонддун түзүмүн жана штатын бекитүү;
3) камсыздандыруу арбитринин ишин каржылоо тартибин (бюджетин) аныктоо;
4) ушул Жобонун 19, 20, 21, 22-пункттарында каралган талаптарга камсыздандыруу арбитринин ылайык келбегени аныкталган учурда камсыздандыруу арбитринин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
5) Мыйзамга ылайык камсыздандыруу арбитринин ишин жүзөгө ашыруу менен байланышкан башка маселелерди чечүү.
98. Камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин жыйналышы катышкан камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин мүчөлөрү жалпы добуштардын санынын үчтүн экисинен кем эмесине ээ болсо жыйналыш ыйгарым укуктуу, ал эми кворумдун шарттары сакталды деп таанылат.
99. Күн тартибинин маселелери боюнча чечимдер камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин жыйналышына катышкан мүчөлөрдүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
100. Камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин ар бир мүчөсү добуш берүүдө бир добушка ээ.
101. Камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин чечимдери жыйналышка катышкан камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең чыккан учурда камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин жыйналышынын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат, ушул Жобонун 23-пунктунда белгиленген учурду кошпогондо.
102. Камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин жыйналышы кезектеги же кезексиз болушу мүмкүн.
103. Камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин кезектеги жыйналышы камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин чечими менен белгиленген мөөнөттө чакырылат, бирок жылына бир жолудан кем эмес.
104. Камсыздандыруу арбитринин ишин каржылоонун тартибин аныктоого жана келерки жылга Фонддун бюджетин жана өткөн жыл үчүн бюджетти аткаруу жөнүндө отчетту бекитүүгө арналган камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин жыйналышы отчеттук жыл бүткөндөн кийинки үч айдан кечиктирбестен өткөрүлөт.
105. Камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин ар бир мүчөсү камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин кезектеги жыйналышын өткөрүүгө чейин он жумуш күндөн кечиктирбей камсыздандыруу арбитрине кеңештин өкүлдөрүнүн келерки жыйналышынын күн тартибине маселелердин тизмегин киргизүү жөнүндө сунушту жөнөтүүгө укуктуу.
106. Камсыздандыруу арбитри камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин кезектеги жыйналышы ачылганга чейин беш жумуш күндөн кечиктирбей камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин ар бир мүчөсүнө жазуу жүзүндө билдирет. Билдирүүдө жыйналыш өткөрүлө турган жери жана убакыты, ошондой эле сунушталган күн тартиби көрсөтүлүүгө тийиш.
107. Күн тартиби, эгерде ушундай чечимге камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмес добушу берилсе, камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңеши тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн.
108. Камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин кезексиз жыйналышы ушул Жобонун 97-пунктунун 5-пунктчасында каралган учурларда, ошондой эле камсыздандыруу арбитринин же камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кызыкчылыктары мындай жыйналышты чакырууну талап кылган учурларда чакырылат. Камсыздандыруу арбитринин же болбосо добуштардын жалпы санынын үчтөн бирине ээ болгон камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин мүчөлөрүнүн демилгеси боюнча кезексиз жыйналыш чакырылат.
109. Камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин кезексиз жыйналышы чакырылган учурда, өкүлдөрдүн кеңешинин жыйналышынын демилгечилери күн тартибине киргизген маселелер боюнча жыйналыш өткөрүлөт. Мында камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин жыйналышы кезектеги жыйналышты чакыруунун себеби болуп саналган маселелер боюнча гана чечим кабыл алууга укуктуу.
110. Камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин төрагасы камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен шайланат.
111. Камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин катчысы камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн же Фонддун кызматкерлеринин жөнөкөй көпчүлүк добушу менен шайланат.
112. Кворум болбогон учурда өкүлдөрдүн кеңешинин жыйналышы биринчи чакырылышы өткөн күндөн тартып 30 жумуш күндөн кечиктирилбей кайра чакырылат.
113. Камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин жыйналышынын протоколу жыйналышты өткөргөндөн кийин үч күндөн кечиктирбестен таризделет.
114. Камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин жыйналышынын протоколу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) өткөрүлгөн жерин жана убакытты, күн тартибин, жыйналыштын кворумун;
2) камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин жыйналышында добуштарды берүүнүн тартибин;
3) жыйналыштын добуш берүүгө коюлган күн тартибинин ар бир маселеси боюнча камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин мүчөлөрүнүн добуштарынын жалпы санын;
4) камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин жыйналышынын төрагасынын жана катчысынын аты-жөнүн;
5) камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин жыйналышына катышкан адамдардын сүйлөгөн сөздөрүн;
6) добушка коюлган маселелерди, ал боюнча берилген добуштардын жыйынтыгын;
7) камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин жыйналышында кабыл алынган чечимдерди.
115. Протоколго камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин жыйналышынын төрагасы менен катчысы кол коёт жана ал камсыздандыруу арбитринин ишинде сакталат.
116. Камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин мүчөлөрүнүн жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча камсыздандыруу арбитри суралган протоколдун көчүрмөсүн берүүгө тийиш.
6-глава. Камсыздандыруу арбитринин фонду жана камсыздандыруу арбитринин ишин каржылоо
117. Камсыздандыруу арбитринин фонду Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык Фонд түрүндө түзүлгөн, өзүнүн ишин ушул Жобого ылайык жүргүзгөн, алыш-бериш жана башка эсептери, өзүнүн фирмалык аталышы жазылган мөөрү жана бланктары бар юридикалык жак болуп саналат.
118. Фонд Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык коммерциялык эмес уюм болуп саналат.
119. Фонддун ишинин максаты болуп киреше алуу эсептелбейт жана ал камсыздандыруу уюмдарынын төгүмдөрүнүн эсебинен тейленет.
120. Камсыздандыруу арбитринин ишин камсыз кылуу Фондду түзүүнүн максаты болуп саналат.
121. Фонддун ишинин предмети болуп төмөнкүлөр саналат:
1) камсыздандыруу арбитринин иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштуруу, акчалардын жана материалдык баалуулуктардын кыймылын эсепке алууну камсыздоо, ошондой эле камсыздандыруу арбитрине жана камсыздандыруу арбитринин аппаратына эмгек акы төлөө;
2) камсыздандыруу арбитри институтунун ишин өркүндөтүү боюнча ички ченемдик документтерди иштеп чыгуу;
3) камсыздандыруу келишиминен келип чыккан өз ара мамилелерди (талаштарды) сотко чейин жөнгө салуу боюнча документтерге техникалык, экономикалык жана укуктук талдоо жүргүзүү;
4) камсыздандыруу кызматын көрсөтүү чөйрөсүндөгү талаштарды сотко чейин жөнгө салуу жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча ишке катышуу;
5) калктын финансылык жана юридикалык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү, консалтингдик жана консультациялык иш;
6) камсыздандыруу арбитринин эл аралык, мамлекеттик жана коомдук уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүлөрдү камсыз кылуу.
122. Фондго ыкчам башкаруу укугунда обочолонгон мүлккө ээ болууга жол берилет.
123. Фонддун мүлкүн түзүүнүн жана акчалай жана башка формада каржылоонун булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) уюштуруучулардан (катышуучулардан, мүчөлөрдөн) түшүүлөр;
2) ыктыярдуу мүлктүк төгүмдөр жана кайрымдуулук каражаттары;
3) камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин мүчөлөрүнүн камсыздандыруу уюмдарынын ар айдагы төгүмдөрү;
4) салымдар (депозиттерден) боюнча алынган сыйлыктар;
5) мыйзамда тыюу салынбаган башка финансы каражаттарынын келип түшкөнү.
124. Камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин мүчөлөрү, камсыздандыруу уюмдары ар бир айдын 15-жумуш күнүнөн кечиктирбестен камсыздандыруу арбитринин ишин каржылоого багытталган, төлөмгө коюлган эсептердин негизинде Фонддун банктагы эсебине милдеттүү төгүмдөрдү төгөт.
125. Камсыздандыруу уюмдары үчүн милдеттүү ар айлык төгүмдөрдүн өлчөмү камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин чечими менен Фонддун бекитилген бюджетине жараша өкүлдөрдүн кеңешинин кезектеги же кезексиз жыйналышында белгиленет.
126. Камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин мүчөсү, камсыздандыруу уюму ушул Жобонун 125-пунктунда белгиленген милдеттүү ар айлык төгүмдү мөөнөтүндө төлөбөгөн учурда, камсыздандыруу арбитри мүчөлүк төгүм төлөнбөгөн учурдан тартып бир ай өткөндөн кийин 10 жумуш күндүн ичинде камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин мүчөлөрүнүн курамынан камсыздандыруу уюмун чыгаруу жөнүндө маселени камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңешинин кароосуна киргизет жана бул жөнүндө ыйгарым укуктуу органга маалымдайт.
127. Камсыздандыруу уюмдарынан ар айлык төгүмдөр катары келип түшкөн акча каражаттарынан жылдын жыйынтыгы боюнча калдыктар калган учурда, жыл ичинде төлөнгөн мүчөлүк төгүмдөргө жараша ошол калдыктарды камсыздандыруу уюмдарынын ортосунда бөлүштүрүү же ошол каражаттарды Фонддун башка максаттарына жумшоо жөнүндө камсыздандыруу арбитринин сунушун камсыздандыруу арбитринин өкүлдөрүнүн кеңеши карайт.
128. Камсыздандыруу арбитри Фонддун ишин уюштурууда Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат, ушул Жободо каралган функцияларды аткарат.
129. Фонддун кызматкерлеринин кызматтык нускамасын камсыздандыруу арбитри аныктайт жана бекитет.