Загрузка документа…
1-тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы№ 653 токтомуна) |
Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук платформасы жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук платформасынын (мындан ары - Улуттук платформа) максатын, милдеттерин, түзүү жана иштөө тартибин аныктайт.
2. Улуттук платформа Кыргыз Республикасындагы жашоонун бардык деңгээлдеринде жана чөйрөлөрүндө кырсыктардын тобокелдигин азайтуу, калкты коргоого өбөлгө түзүүгө багытталган көп тараптуу улуттук механизм болуп саналат. Табигый, антропогендик жана кырсыктардын тобокелдигинин климаттык факторлорунун кесепетинен келип чыккан өз ара байланышкан социалдык, экономикалык жана экологиялык маселелерди чечүү үчүн кырсыктардын тобокелдигин азайтуу чөйрөсүндө координациялоонун жана стратегиялык жетектөөнүн көп тараптуу улуттук механизми катары кызмат кылат.
3. Улуттук платформа Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси башкарган кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү улуттук кеңеш берүүчү жана консультациялык орган болуп саналат.
4. Улуттук платформа өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жетекчиликке алат.
2. Улуттук платформанын максаты жана милдеттери
5. Улуттук платформанын максаты Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жаатында стратегиялык жетекчилик жана координациялоо болуп саналат.
6. Улуттук платформанын милдеттери:
1) кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жаатындагы саясатты иштеп чыгуу жана координациялоо;
2) кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жаатында стратегиялык изилдөөлөрдү иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
3) кырсыктардын тобокелдигинин жана өзгөчө кырдаалдардын социалдык-экономикалык кесепеттерин болжолдоо жана баалоо;
4) улуттук, жергиликтүү жана эл аралык деңгээлдердеги алдынкы тажрыйбаны, жолдорду жана мүмкүнчүлүктөрдү алмашуу үчүн натыйжалуу механизмдерди иштеп чыгуу;
5) кырсыктардын тобокелдигин азайтууга багытталган программаларды, орто мөөнөттүү өнүгүү пландарын, жол карталарын кабыл алуу;
6) кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча иш-чараларга бардык кызыкдар тараптарды тартуу боюнча ишти уюштуруу.
3. Ишинин негизги багыттары
7. Улуттук платформанын ишинин негизги багыттары:
1) кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жаатындагы уюштуруучулук-укуктук актыларды өркүндөтүү;
2) кырсыктардын тобокелдигин системалык талдоо жана комплекстүү изилдөө, кырсыктардын коркунучтары жөнүндө калкты маалымдоо;
3) кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча иш-чараларды колдоо, Жарандык коргонуунун күчтөрүнүн жана каражаттарынын потенциалын өнүктүрүүгө инвестициялоо үчүн шарттарды түзүү;
4) кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жаатындагы стратегияларды, концепцияларды жана программаларды ишке ашыруунун натыйжалуулугу;
5) кырсыктардын тобокелдиги, алардын кесепеттерин алдын алуу, жоюу, аларга даярдыкты камсыз кылуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын калкынын маалымдуулугун жана билимин өркүндөтүү.
4. Улуттук платформанын ролу жана функциялары
8. Улуттук платформанын негизги ролу кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жаатындагы стратегияны жана саясатты аткаруу үчүн шарттарды түзүүдө жана катышуучулардын кеңири чөйрөсүн тартууда турат.
9. Улуттук платформанын функциялары:
1) тармактык, улуттук, жергиликтүү стратегиялар жана программалар аркылуу кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жаатындагы саясатты ишке ашырууга колдоо көрсөтүү;
2) кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жаатындагы стратегиялык изилдөөлөрдү иштеп чыгууга, аларды ишке ашыруу боюнча конкреттүү механизмдерди киргизүүгө колдоо көрсөтүү;
3) кырсыктардын тобокелдигинин социалдык-экономикалык кесепеттерин болжолдоо жана баалоо үчүн ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
4) кырсыктардын тобокелдигин азайтуу, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо, секторлор боюнча иш-чаралардын комплексин иштеп чыгуу, идентификациялоо, өзгөчө кырдаалдардан, кырсыктардан келтирилген зыянды жана жоготууларды баалоо маселелери боюнча улуттук консультацияларды уюштуруу жана өткөрүү;
5) кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча чараларды көрүү процессинде кеңири катышуу принцибин колдонууну камсыз кылуу;
6) кырсыктардын тобокелдигин азайтуу, туруктуу өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо маселелери боюнча эксперттик-аналитикалык топторду түзүү, ошондой эле стратегиялык документтерди, изилдөөлөрдү, биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн аларды тартуу боюнча иштерди уюштуруу;
7) улуттук жана жергиликтүү деңгээлдердеги алдынкы тажрыйбаны алмашуунун натыйжалуу механизмдерин киргизүү;
8) кырсыктардын тобокелдигине чара көрүү күчтөрүнүн техникалык потенциалын өнүктүрүүгө, калкты пропагандалоо жана маалымдоо боюнча маалыматтык сайттарды жана башка онлайн-платформаларды түзүүгө багытталган чараларды жана аракеттерди колдоо;
9) кырсыктардын тобокелдигин азайтуу, кырсыктардын тобокелдиги жөнүндө маалыматтар менен алмашуу жана башкаруу жаатындагы санариптик маалыматтар базаларын иштеп чыгууга, ишке киргизүүгө көмөк көрсөтүү;
10) кырсыктардын тобокелдигин азайтуунун орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү программаларын жана концепцияларын ишке ашырууга ырааттуу мамилелерди, кырсыктардын тобокелдигин баалоодо, анын ичинде климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу кызыкдар тараптардын ортосундагы макулдашууну жана өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу;
11) кырсыктардын тобокелдигин азайтуу, туруктуу өнүктүрүү максаттары, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жаатында Кыргыз Республикасы тарабынан ишке ашырылып жаткан БУУнун алкактык программаларына ылайык кырсыктардын тобокелдигин азайтуу механизмдерин ишке ашыруу, потенциалды чыңдоо, туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүү, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо чаралары үчүн донордук жардамды тартуу боюнча шарттарды түзүү.
5. Улуттук платформанын катышуучуларынын укуктары
10. Улуттук платформанын катышуучулары төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Улуттук платформанын эксперттик жана жумушчу топторунда туруктуу өкүлдөрдү аныктоого;
2) ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, жол карталар, концепциялар, стратегиялар жана кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча эл аралык долбоорлор боюнча сунуштарды берүүгө;
3) кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча, анын ичинде климаттык, Улуттук платформанын ишинин артыкчылыктуу багыттары боюнча программаларды жана эксперттик-аналитикалык топтордун сунуштамаларын ишке ашырууга;
4) кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жаатындагы орто мөөнөттүү программаларга жана концепцияларга сереп жана мониторинг жүргүзүүнү демилгелөөгө;
5) кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жаатындагы маселелерди талкуулоо үчүн менчигинин түрүнө карабастан кызыкдар уюмдардын өкүлдөрүн, эксперттик топторду Улуттук платформанын жыйналыштарына чакырууга;
6) кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жаатындагы келечектүү узак мөөнөттүү изилдөөлөрдүн тематикасын түзүүгө.
6. Улуттук платформанын ишин башкаруу жана координациялоо
11. Улуттук платформанын чечимдери протокол менен таризделет жана Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилет.
12. Улуттук платформанын жыйналыштары зарылчылыкка жараша, бирок жылына эки жолудан кем эмес өткөрүлөт. Биринчи жыйналыш Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен өткөрүлөт.
13. Улуттук платформанын жыйналыштарынын мөөнөттөрү жана мезгилдүүлүгү жыйналыштын катышуучуларынын жалпы санынын көпчүлүгү кабыл алган Улуттук платформанын иш планы менен аныкталат жана Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилет. Ар бир жыйналышта Улуттук платформанын иш планына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
14. Улуттук платформанын ишин уюштуруу-техникалык жактан камсыз кылуу Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт, ал жумушчу органдын курамын - Улуттук платформанын катчылыгын (мындан ары - Катчылык) аныктайт.
15. Катчылык Улуттук платформанын катышуучулары менен өз ара аракеттенип, төмөнкү милдеттерди аткарат:
1) Улуттук платформанын жыйналыштарын, анын катышуучулары тарабынан чакырылган кеңешмелерди жана башка иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
2) протоколдорду жүргүзүү жана Улуттук платформанын катышуучуларын жыйналыштарда жактырылган материалдар менен камсыздоо;
3) Улуттук платформанын эксперттик жана жумушчу топторун түзүү боюнча иштерди уюштуруу;
4) кырсыктардын тобокелдигин азайтуу, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр жана донорлор менен ар түрдүү программаларды, долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө маалыматтык-аналитикалык маалымкаттарды жана отчетторду даярдоо;
5) Улуттук платформанын эксперттик жана жумушчу топторунун ишин уюштуруу;
6) кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жаатындагы стратегиялар, программалар, региондук, улуттук жана эл аралык долбоорлор үчүн тармактык жана программалык-техникалык изилдөөлөрдү иштеп чыгуу.
16. Улуттук платформа Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жыйналыштарда каралуучу кыйла маанилүү маселелер боюнча маалымдайт.
17. Улуттук платформанын катышуучуларынын сандык курамы Улуттук платформанын кезектеги жыйналыштарында же Катчылык аркылуу Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча бекитилет.